Китеп
Китеп
Бактылуу жашоо үчүн пайдалуу себептер
Шейх Абдуррахман ибн Насир ас-Саадинин «Бактылуу жашоо үчүн пайдалуу себептер» аттуу китеби чыныгы бактылуулуктун себептерин терең ыйман көз карашы менен карап, окурмандын жүрөгүн ыйман, жакшы иштер, Аллах Тааланы эскерүү, канаат кылуу, Аллах Таала берген ниматтарга ой жүгүртүү, жакшылык кылуу, Аллах Таалага таянуу, сабырдуу болуу жана иштерди туура баалоо аркылуу бейпилдикке багыттайт. Жагымдуу, көркөм баяндоо менен жашоонун кыйынчылык, өзгөрүүлөрүнө карабастан тынч, тең салмактуу жана бактылуу өмүр сүрүүгө алып барчу жол чыйынын алдыңа коюп берет.
Үч негиз жана анын далилдери
Бул китеп мусулман адам үйрөнүүсү зарыл болгон негиздерди өз ичине камтыйт: 1. Аллахты таануу. 2. Ислам динин таануу. 3. Пайгамбар Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламды, таануу. Ошондой эле бул китеп, Куран жана хадис далилдерине таянып, бул негиздердин ыйманды жана салих амалдарды куруудагы маанилүүлүгүнө басым жасайт.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтүнө амал кылуунун важип экендиги жана аны четке каккандардын каапыр болуусу.
Автор: Абдулазиз бин Абдуллах бин Баз, Аллах аны ырайымына алсын. Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен. Кириш сөз Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун. Бейиш такыбалар үчүн. Аллахтын кулу жана элчиси, ааламдарга ырайым кылуу үчүн жиберилген пайгамбарыбыз Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламга, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына салават жана саламдар болсун. Ал сахабалар Куранды жана Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтүн өздөрүнөн кийинкилерге чынчылдык жана кемчиликсиздик менен, алардын маанилерин жана сөздөрүн толук сактоо менен жеткиришти. Аллах алардан ыраазы…
Ислам акыйдасы тууралуу кыскача түшүндүрмө
Бул китеп ыйман негиздерин, тагыраак айтканда Аллахка, Анын периштелерине, китептерине, элчилерине, Акырет күнүнө жана тагдырга ишенүүнү чечмелеп түшүндүрөт. Ошондой эле, китепте мусулман адам ишенүүсү жана ага ылайык амал кылуусу зарыл болгон негизги принциптер баяндалып, Ислам акыйдасын терең түшүнүү аркылуу Аллах менен болгон байланышты бекемдөөнүн маанилүүлүгүнө басым жасалат.
Туура акыйда жана ага каршы келген пикирлер.
Автор. Мээримдүү жана Ырайымдуу Алланын аты менен Кириш сөз Бардык алкыш-мактоолор жалгыз Аллахка айтылсын. Андан кийин пайгамбар келбей турган пайгамбарга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун.
Куран жана сүннөттүн негизинде Ислам дини жөнүндө кыскача баяндама.
Ислам Бул маанилүү китеп Исламдын кыскача аныктамасын камтыйт жана анын эки негизги булагы: Ыйык Куран жана пайгамбардын сүннөтүнөн алынган эң маанилүү негиздерин, таалимдерин жана артыкчылыктарын баяндайт. Бул китеп бардык акыл-эстүү жана жетилген мусулмандарга, ошондой эле мусулман эместерге, алар кайда жана качан жашабасын жана жашоо шарты кандай болбосун, алардын эне тилинде арналат. (Ыйык Курандан жана пайгамбардын сүннөтүнөн далилдерди камтыган нускасы) Ислам – бул, Аллахтын жалпы адамзатка түшүргөн дини, бул түбөлүктүү илахий дин. Ислам – бул, Аллахтын жалпы адамзатка түшүргөн дини.…
Куран жана сүннөттүн негизинде Ислам дини жөнүндө кыскача баяндама
Чексиз Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын). Ислам (Далилдерисиз нускасы) Бул китептин андагы бардык меселеге Куран жана сүннөттөн далилдери менен жазылган нускасы бар. Аны окуу үчүн бул шилтемеге кириңиз: https://islamhouse.com/ar/books/2830071 Бул маанилүү кабар Исламдын кыскача аныктамасын камтыйт жана анын эки негизги булагы Ыйык Куран жана пайгамбардын сүннөтүнөн алынган эң маанилүү негиздерин, таалимдерин жана артыкчылыктарын баяндайт. Бул китеп бардык акыл-эстүү жана жетилген мусулмандарга, ошондой эле мусулман эместерге, алар кайда жана качан жашабасын жана жашоо…
Мусулманга пайдалуу китепче
Бул китеп Ислам дининин негиздерин кыска жана жеткиликтүү түрдө баяндап, окурмандарга туура ибадат кылуунун негиздерин жана Аллахка, Анын периштелерине, китептерине, элчилерине, Акырет күнүнө жана тагдырга ыйман келтирүүнүн маанилерин түшүндүрөт. Китеп алгач Исламдын нээмат-жакшылыктарын жана Аллахты таанууну, Анын сыпаттарын жана көркөм ысымдарын билүүнүн маанилүүлүгүн баяндайт. Андан соң Исламдын беш түркүгүнө, ыймандын түркүктөрүнө токтолуп, ошондой эле Ихсан түшүнүгүн жана анын ыймандуу адамга тийгизген таасирин талкуулайт. Бул китеп Куран жана Сүннөттөгү далилдерге таянгандыгы менен…
Эртең менен жана кечинде айтылчу зикирлер
Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен. Аллах – Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал (түбөлүк) Тирүү, (бардыгын) башкарып Туруучу. Ал үргүлөбөйт жана уктабайт. Асмандар менен жердегинин баары Ага тандык. Эч ким Анын алдында, Анын уруксаты болмоюнча шапаат-колдоо көрсөтө албайт. Ал алардын келечегиндеги жана өтмүшүндөгү нерселерди билет. Ал эми, алар болсо, Анын илиминен Ал Өзү каалагандан башка эч нерсени билбейт. Анын Курсийи асмандар жана жерди камтып турат. Ал экөөнү (асмандар менен жерди) сактап туруу Ага эч тоскоолдук кылбайт. Ал Бийик жана Улуу Зат! Бакара, 255-аят, (Аят…
Азанчы, имам, хатиб жана мечиттердин өкүмдөрүнүн пайдалуу жана кыскача колдонмосу
Бул китепте азан, комат, намазга имам болуу, жума хутбасы жана мечиттин адеби боюнча өкүмдөр кеңири каралат. Ошондой эле китепте азанчылардын, имамдардын жана хатибдердин милдеттери талкууланып, бул милдеттерди туура аткаруу үчүн аларга тиешелүү шарият өкүмдөрүн үйрөнүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленет. Мындан тышкары, китепте Пайгамбардан ﷺ келген хадистер жана аларды туура колдонууну камсыз кылуу үчүн алардын түшүндүрмөлөрү да камтылган.
Мени ким жараткан? Эмне үчүн жараткан?
Ар бир нерсе Жаратуучунун бар экенине далил боло алат. Асмандар менен жерди жана алардагы курчап алгыс улуу макулуктарды ким жараткан? Асман жердеги так жана кемчиликсиз тартипти ким орноткон? Инсанды ким жаратты, ага угуу, көрүү касиеттерин, акылды ким берди? Аны илим алууга жана нерселердин маңызын түшүнүүгө жөндөмдүү кылып жараткан ким? Өз денеңдеги жана тирүү организмдердин денесиндеги бул кылдат жасалган системаны кандай түшүндүрөсүң? Аны эң биринчи ким жоктон бар кылган? Бул эбегейсиз аалам ушунча жылдар бою өзүнүн так, чебер мыйзамдарын кантип өзгөртпөй сактап келе жатат?
Ислам - Аллахтын бардык пайгамбарларынын дини.
Ислам бул - бүт жаратылышты жаратып, башкарып турган Аллахка өзүн багыштоо. Аны жакшы көрүү жана урматтоо менен баш ийүү. Исламдын негизи - Аллахка ыйман келтирүү. Ал бардык нерсенин Жаратуучусу, башкалардын баары жаратылгандар. Ал жалгыз Өзү, теңдеши жана шериги жок ибадатка татыктуу. Ибадатка татыктуу Анын Өзүнөн башка сыйыныла турган нерсе жок. Анын көркөм ысымдары жана бийик сыпаттары бар. Ал бардык жагынан толук, Анда кемчилик болбойт. Ал тууган да, туулган да эмес, ага теңдеш да, окшош да жок. Өзү жараткан нерселердин биринин да ичине кирбейт жана анын сүрөтүндө да болбойт. Ислам дини…
Ислам - бул, ааламдардын Раббисинин дини.
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен. Раббиң ким? Бул суроо тирүүлүктөгү эң маанилүү суроо. Бул, ар бир адам жообун так билүүгө милдеттүү болгон зарыл суроо. Раббибиз жети кат асманды жана жерди жараткан. Асмандан жамгыр жаадырып, жамгыр менен жер бетиндеги бизге жана айбанаттарга азык боло турган мөмө-жемиш, бак-дарактарды өстүргөн. Ал биздин да, ата-бабаларыбыздын да, дегеле бардык нерсенин Жаратуучусу. Күн менен түндү да Ал жараткан. Ал түндү уктап эс ала турган, ал эми күндүздү ырыскы издеп, тирилик кыла турган кылган. Ал бизге күн, ай, жылдыз, деңиздерден бери баш ийдирип койгон.…
إعداد خطيب ماهر
Чексиз Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Албетте бардык мактоолор Аллахка таандык. Биз Аны мактайбыз, Андан жардам сурайбыз жана Андан кечирим тилейбиз. Напсибиздин жамандыктарынан жана жаман амалдарыбыздан Аллахтан коргоо сурайбыз. Аллах кимди туура жолго баштаса, аны эч ким адаштыра албайт, ал эми кимди адаштырса, аны эч ким туура жолго баштай албайт. Мен Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Ал жалгыз жана Анын шериги жок экендигине жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк берем. Ага, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана аларга жакшылык менен…
Пайгамбардын ﷺ намазынын баяны
Ардактуу шейх Абдулазиз ибн Баз, Аллах аны ырайымына алсын, "Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, намазынын баяны" аттуу китебинде Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, намазынын сыпатын, мусулманга намаз окуусунда жол көрсөткүч болуусу үчүн, сахих далилдерге таянып, жеңил жана так ыкма менен кыскача баяндаган. Ал өз китебинде намазга даарат алуудан баштап салам берүүгө чейинки түркүктөрүн, сүннөттөрүн жана сыпаттарын баяндап, далил менен түшүндүрмөнү айкалыштырып, эң улуу ибадатта Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, толук ээрчүүгө чакырат.
Куран жана сүннөттүн негизинде ажылык, умра жана зыяраттарга тиешелүү көптөгөн маселелердин иликтөөсү жана түшүндүрмөсү.
Бул китепте Куран жана Сүннөткө ылайык ажылыктын, умранын жана зыяраттардын өкүмдөрү, ажы жана умранын милдеттери, ихрам учурундагы тыюулар, пайгамбардын мечитин зыярат кылуунун адептери баяндалып, бул ибадаттарды аткаруудагы бидаат амалдар эскертилген.
Сапардын адеби жана өкүмдөру
Ааламдардын Раббисине алкыш-мактоолор айтылсын. Пайгамбарыбыз Мухаммадга жана сахабаларына Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун. Андан кийинки сөзүбүз: Бул кыска кайрылуу сапардын адеби жана өкүмдөрү жөнүндө. Мында жолоочуга зарыл болгон маселелерге токтолгонго аракет кылдык. Кылган ишибиз калыс Аллах үчүн болуусун жана жалпы мусулмандарга пайдалуу болуусун Аллахтан суранабыз. Биринчи: Сапардын дептери
Умранын жана анын өкүмдөрүнүн кыскача баяндамасы
Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун. Пайгамбарыбыз Мухаммадга жана анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун. Андан кийин: Бул умра ибадатынын аткарылуу сыпаты, өкүмдөрү, жана адептерин камтыган кыскача китепче. Мында көбүнчө умра ибадатын аткарган адамга зарыл болгон маселелерди баяндоого аракет кылдык. Бул эмгегибиз калыс Аллахтын ыраазылыгы үчүн болуп, жалпы мусулмандарга пайдалуу болуусун Аллахтан суранабыз.
Ажы, умра жана зыяраттар тууралуу фатвалар.
Сауд Аравия Королдугундагы "Туруктуу фатва берүү комитетинин" фатвалар томтомунан тандалып, абалга жараша суроолор кыскартылып даярдалган. Биринчи: Жалпы фатвалар Суроо: Атам банктан карызга алган акча менен умра амалын аткарса болобу? Жооп: Ажы же умра амалын өзү үчүн же башка бирөө үчүн аткарууну каалаган адамдын каражаты адал, таза болуусу важыб. Анткени, Аллах Таала таза, тазаны гана кабыл кылат.
Ажы ибадаты тууралуу кыскача баяндама.
Ааламдардын Раббисине алкыш-мактоолор айтылсын. Пайгамбарыбыз Мухаммадга үй-бүлөсүнө жана бардык сахабаларына Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун. Андан кийин: Бул ажы ибадаты тууралуу кыскача китепче. Мында ажылык кылган адамга билүүсү зарыл болгон маселелерге токтолууга басым жасадык. Бул эмгегибиз калыс Аллахтын ыраазылыгы үчүн болуп, жалпы мусулмандарга пайдалуу болуусун Аллахтан суранабыз. Киришүү
Зекет жана орозо тууралуу эки кыска китепче
Бул китепте зекет жана орозо парздары каралып, алардын өкүмдөрү менен пайдалары баяндалат. Ошондой эле Аллахтын пенделеринин мойнундагы акылары эскертилет. Анда зекеттин өкүмдөрү, зекет бериле турган мал-мүлктүн түрлөрү, рамазандын пазилеттери, орозонун өкүмдөрү жана адептери шариятка негиздөө менен тарбиялык багытты айкалыштырган илимий ыкмада түшүндүрүлөт.
Атеистке кыскача кайрылуу
Атеистке кыскача кайрылуу: Ааламдагы тактык жана кынтыксыз тартип кокустукту жокко чыгарып, Даанышман Жаратуучунун бар экенине далил болот. Ушунун баары жоктон пайда болуп калганы акылга сыябы? Жүрөгүңдү ой жүгүртүүгө жана пикир кылууга ачып, акыйкатты издегин. Балким сен өзүңө жол көрсөткөн нурду табышың мүмкүн.
Бул ааламды ким жараткан? Мени ким жараткан? Эмне үчүн жараткан?
Бул китеп аалам менен инсандын жаралышын талкуулап, жашоону башкарган мыйзамдарды орноткон Улуу Жаратуучусу – Аллах экенин баса белгилейт. Анда Аллахтын сыпаттары, Анын элчилерине жана китептерине ишенүүнүн маанилүүлүгү түшүндүрүлүп, ислам дүйнө жана акырет бактылуулугуна жеткирүүчү чыныгы дин экени ырасталат.
Ислам дининин элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун)
«Ислам дининин элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун)» китеби Мухаммад пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ата тегин, бала чагын, үйлөнүүсүн, ага аян-кабардын түшө башташын жана пайгамбарлыгынын башталышын камтыган китеп. Ошондой эле, китепте анын пайгамбарлыгынын анык белгилери жана чынчылдыгынын далилдери баяндалат. Ал алып келген шариятты жана анын адам укуктары менен кадыр-баркын коргоодогу ролун түшүндүрөт. Ошондой эле, анын душмандарынын мамилесин жана ага карата берген күбөлүктөрүн баса белгилөө менен бирге, аны адамдар үчүн үлгү жана…
"Сени ким жараткан? Эмне үчүн жараткан? Өлүмдөн кийин эмне болот?" - деп өзүңдөн өзүң сурап көрдүң беле?
Бул китеп бар болуу жана жаралуу маселесин карап, даанышман жана кемчиликсиз Жаратуучунун бар экенин акылга салып далилдейт. Анда жашоонун максаты – Аллахтын Өзүнө гана ибадат кылуу экени жана ислам сакталган чыныгы дин экени баяндалат. Ошондой эле, Аллахтын Элчиси Мухаммадга ыйман келтирүүгө жана анын көрсөтмөлөрүнө баш ийүүгө чакырат. Китеп ширк жөнүндө эскертет жана акыреттеги эсеп-кысап менен сый-жазанын бар экенин баса белгилейт.
Азан сөздөрүнүн түшүндүрмөсү
«Азан сөздөрүнүн түшүндүрмөсү» китеби азандын сөздөрүн ыймандык жактан түшүндүрүп, анын акыйдалык жана тарбиялык жактарын баса белгилейт. Анда азан жөн гана намазга чакырык эмес, тескерисинче, таухидге жана ийгиликке болгон күнүмдүк чакырык экени баяндалат. Китепте азандын сөздөрү каралып, алардын маани-маңызы кенен чечмеленет: Аллахты улуктоо, таухид жана пайгамбарлыкка күбөлүк берүүдөн баштап, намазга жана ийгиликке чакырат. Андан соң такбир жана таухид менен аяктайт. Таасирдүү баяндоо аркылуу азандын сөздөрү менен анын руханий максаттарын байланыштырып, жүрөктөрдү ойготуп, Аллах Таала…
Пайгамбарыбыздын мечитинин артыкчылыктары жана анда сакталчу адептер, Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын эки жакын жолдошунун (Абу Бакр менен Умар) кабырын зыярат кылуунун өкүмдөрү.
Бул китепте Пайгамбардын мечитинин артыкчылыктары жана аны зыярат кылуунун адептери, ошондой эле Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын эки жолдошунун (Аллах алардан ыраазы болсун) кабырларын зыярат кылуунун адептери баяндалып, зыярат учурунда сыпайылыкты жана тазалыкты сактоонун, бидаат амалдардан алыс болуунун маанилүүлүгү баса белгиленет.
Азан сөздөрүнүн кыскача түшүндүрмөсү
«Азан сөздөрүнүн түшүндүрмөсү» китебинин кыскартылган нускасы. Бул эмгекте азандын сөздөрү ыймандык жактан түшүндүрүлүп, анын акыйда жана тарбиялык жактары баса белгиленет. Ошондой эле анда азандын сөздөрү каралып, алардын маани-маңызы – Аллахты улуктоо, таухид жана пайгамбарлыкка күбөлүк берүүдөн баштап, намазга жана ийгиликке чакыруу, андан соң такбир жана таухид менен аяктап, таасирдүү түрдө кенен чечмеленет.