Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен. Эртең менен жана кечинде айтылчу зикирлер Аллах – Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал (түбөлүк) Тирүү, (бардыгын) башкарып Туруучу. Ал үргүлөбөйт жана уктабайт. Асмандар менен жердегинин баары Ага тандык. Эч ким Анын алдында, Анын уруксаты болмоюнча шапаат-колдоо көрсөтө албайт. Ал алардын келечегиндеги жана өтмүшүндөгү нерселерди билет. Ал эми, алар болсо, Анын илиминен Ал Өзү каалагандан башка эч нерсени билбейт. Анын Курсийи асмандар жана жерди камтып турат. Ал экөөнү (асмандар менен жерди) сактап туруу Ага эч тоскоолдук кылбайт. Ал…
Анын ысымы менен коргоо сураймын. Ал Аллахтын ысымы менен (коргоо суралганда) асмандагы жана жердеги эч нерсе зыян бере албайт. Ал Угуучу жана Билүүчү!Үч жолу айтылат.
Аллахты – Раббим деп, Исламды – диним, жана Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) – пайгамбарым деп ыраазы болдум.Үч жолу айтылат.
Биз жана бүткүл мүлк Аллахка таандык болуп таңга чыктык. Жана бардык мактоолор да Аллахка таандык. Жалгыз Аллах гана сыйынууга татыктуу Зат. Анын эч кандай шериги жок. Мүлк Ага гана таандык жана мактоолор да Ага гана ылайык. Ал бардык нерсеге Кудуреттүү. Оо, Раббим! Сенден бүгүнкү күндөгү жакшылыктарды жана эртеңки күндөгү жакшылыктарды суранам. Жана бүгүнкү күндөгү жамандыктардан жана эртеңки күндөгү жамандыктардан сактооңду сураймын. Оо, Раббим! Сени менен жалкоолуктан, ал-күчтөн тайган карылыктан жана анын жамандыгынан, тозок азабынан жана кабыр азабынан сактанам.Ал эми кечинде минтип айтат:Биз кеч киргиздик жана бардык мүлк Аллахка таандык болуп кеч киргизди.Ошондой эле "күн" дегендин ордуна минтип айтат:Раббим, Сенден ушул түндүн жакшылыгын сурайм.Ушинтип "таң атырдык, таң атырды, бул күн" деген жерлерин "кеч киргиздик, кеч киргизди, бул түн..." деп өзгөртүп айтат.
Оо, Аллах! Сенин (ырайымың) менен таң аттырдык, Сенин (ырайымың) менен кеч киргиздик. Сенин буйругуң менен жашайбыз жана Сенин буйругуң менен жан беребиз. Жана Сага гана кайтабыз.Ал эми кечинде минтип айтат:Оо, Аллах! Сенин (ырайымың) менен кеч киргиздик, Сенин (ырайымың) менен таң аттырдык. Сенин буйругуң менен жашайбыз жана Сенин буйругуң менен жан беребиз. Жана Сага гана кайтабыз.
Оо, Аллах! Ушул таңда мага же макулуктардын кайсы бирине берилген жакшылык Сенден гана. Сенин шеригиң жок. Бардык мактоо жана шүгүр Сага ылайык!Ал эми кечинде минтип айтат:...ушул кечте мага...
Үч жолу айтат.
Аллахым, мен Сенден дүйнө жана Акыретте амандыкты тилеймин. Аллахым, мен Сенден динимде, жашоо-турмушумда, үй-бүлөмдө жана мал-мүлкүмдө кечирим жана амандыкты тилейм. Аллахым, менин уяттуу жерлеримди бекит жана коркунучтан аман сакта. Аллахым, мени алды-артымдан, оң тарап, сол тарабымдан жана төбөмдөн (келчү балээлерден) сакта. Ошондой эле түбүмөн келүүчү кыянат өлүмдөн Өз улуулугуң менен сактай көр!
Аллахым, Сен менин Раббимсиң, Сенден башка ибадатка татыктуу кудай жок. Сен мени жараттың, мен Сенин кулуңмун. Мен чолом жетишинче Сага берген убада, шартымды сактаймын. Жасаган иштеримдин жамандыгынан сактоону Сенден суранам. Мага берген нээмат-жакшылыктарыңа ынанам жана күнөөлөрүмдү мойнума алам. Мени кечир, Сенден башка күнөөлөрдү кечирүүчү эч ким жок.
Аллахым, асман-жердин Жаратуучусу, көмүскө жана ашкере нерселерди Билүүчү, бардык нерсенин Раббиси жана падышасы Сенсиң. Сенден башка ибадатка татыктуу кудай жок экендигине күбөлүк беремин. Напсимдин жамандыгынан, шайтандын жамандыгынан жана ширкинен сактоону, өзүмө же башка бир мусулманга жамандык кылып коюудан сактоону Өзүңдөн суранам.
Аллахым, ибадат кылууга татыктуу Сенден башка кудай жок, Жалгыз экениңе жана Мухаммад Сенин кулуң жана элчиң экенине, Сени, ошондой эле Аршыңды көтөрүп турган периштелерге, башка периштелериңе, пайгамбарларыңа жана бардык жаратылгандарга, күбөлүк берип таң аттырдым.Кечинде минтип айтат:Аллахым, мен кечти киргиздим...Акырына чейин айтып, төрт жолу кайталайт.
Жалгыз Аллахтын Өзүнөн башка ибадатка татыктуу кудай жок, Анын шериги да жок! Бардык мүлк жана алкыш-мактоолор Аллахка таандык! Ал бардык нерсеге күчү жетүүчү.Эртең менен да, кечинде да жүз жолудан айтат.
Мага Анын Өзүнөн башка ибадат кылууга татыктуу кудай болбогон Жалгыз Аллах Өзү жетиштүү! Мен Ага тобокел кылдым! Ал - улуу Арштын Раббиси.Жети жолу айтат.
Аллахка мактоолорду айтып, Аны бардык кемчиликтерден аруулаймын.Эртең менен же кечинде жүз жолудан айтылат. Эртең менен да кечинде да жүз жолудан айтса да болот.
Аллахтан кечирим тилейм жана Ага тобо кылам.Жүз жолу айтат.
Мына ушулар зикирлердин жазууга жеңил болгондору. Аллах Таала буларды пайдалуу кылуусун суранамын.
Ардактуу шейх Абдулазиз ибн Баз, Аллах аны ырайымына алсын, "Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, намазынын баяны" аттуу китебинде Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, намазынын сыпатын, мусулманга намаз окуусунда жол көрсөткүч болуусу үчүн, сахих далилдерге таянып, жеңил жана так ыкма менен кыскача баяндаган. Ал өз китебинде намазга даарат алуудан баштап салам берүүгө чейинки түркүктөрүн, сүннөттөрүн жана сыпаттарын баяндап, далил менен түшүндүрмөнү айкалыштырып, эң улуу ибадатта Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, толук ээрчүүгө чакырат.
Ислам дининин элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун)
65 тил
Ислам дининин элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун)
«Ислам дининин элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун)» китеби Мухаммад пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ата тегин, бала чагын, үйлөнүүсүн, ага аян-кабардын түшө башташын жана пайгамбарлыгынын башталышын камтыган китеп. Ошондой эле, китепте анын пайгамбарлыгынын анык белгилери жана чынчылдыгынын далилдери баяндалат. Ал алып келген шариятты жана анын адам укуктары менен кадыр-баркын коргоодогу ролун түшүндүрөт. Ошондой эле, анын душмандарынын мамилесин жана ага карата берген күбөлүктөрүн баса белгилөө менен бирге, аны адамдар үчүн үлгү жана…
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтүнө амал кылуунун важип экендиги жана аны четке каккандардын каапыр болуусу.
23 тил
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтүнө амал кылуунун важип экендиги жана аны четке каккандардын каапыр болуусу.
Автор: Абдулазиз бин Абдуллах бин Баз, Аллах аны ырайымына алсын. Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен. Кириш сөз Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун. Бейиш такыбалар үчүн. Аллахтын кулу жана элчиси, ааламдарга ырайым кылуу үчүн жиберилген пайгамбарыбыз Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламга, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына салават жана саламдар болсун. Ал сахабалар Куранды жана Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтүн өздөрүнөн кийинкилерге чынчылдык жана кемчиликсиздик менен, алардын маанилерин жана сөздөрүн толук сактоо менен жеткиришти. Аллах алардан ыраазы…
Шейх Абдуррахман ибн Насир ас-Саадинин «Бактылуу жашоо үчүн пайдалуу себептер» аттуу китеби чыныгы бактылуулуктун себептерин терең ыйман көз карашы менен карап, окурмандын жүрөгүн ыйман, жакшы иштер, Аллах Тааланы эскерүү, канаат кылуу, Аллах Таала берген ниматтарга ой жүгүртүү, жакшылык кылуу, Аллах Таалага таянуу, сабырдуу болуу жана иштерди туура баалоо аркылуу бейпилдикке багыттайт. Жагымдуу, көркөм баяндоо менен жашоонун кыйынчылык, өзгөрүүлөрүнө карабастан тынч, тең салмактуу жана бактылуу өмүр сүрүүгө алып барчу жол чыйынын алдыңа коюп берет.