المختصر المفيد للمؤذن والإمام والخطيب وأحكام المساجد

المختصر المفيد للمؤذن والإمام والخطيب وأحكام المساجد

كتاب "المختصر المفيد للمؤذن والإمام والخطيب وأحكام المساجد" يتناول مسؤوليات المؤذن والإمام والخطيب وأحكام الأذان والإقامة وصلاة الجمعة وأحكام المساجد. يوضح الكتاب تعريف الأذان والإقامة وحكمهما وفضلهما، كما يبين الصفات المطلوبة في المؤذن والشروط اللازمة لصحة الأذان والإقامة. بالإضافة إلى ذلك يستعرض الكتاب أحكام الإمامة، ومشروعيتها وفضلها، وشروط وصفات الإمام، مع التركيز على أهمية العلم والخلق في من يتولى هذه الوظيفة الشرعية.

Language: lang_ky
Prepared by: Дүйнө тилдеринде исламдык контентке кызмат кылуу коомунун илимий комитети.
Version: 2.1
Translations 30
Afrikanns Assamese Azerbaijani Bengali +26
Attachments 7
PDF
Audio
Video
+3

Азанчы, имам, хатиб жана мечиттердин өкүмдөрүнүн пайдалуу жана кыскача колдонмосу

Дүйнө тилдеринде исламдык контентке кызмат кылуу коомунун илимий комитети

Албетте, бардык мактоолор Аллахка таандык. Биз Аны мактайбыз, Андан жардам сурайбыз жана Андан кечирим тилейбиз. Нафсибиздин жамандыктарынан жана жаман амалдарыбыздан Аллахтан коргоо сурайбыз. Аллах кимди туура жолго баштаса, аны эч ким адаштыра албайт, ал эми кимди адаштырса, аны эч ким туура жолго баштай албайт. Жана мен Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Ал жалгыз, Анын шериги жок, жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк беремин. Ага, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана аларга жакшылык менен ээрчигендерге Аллахтын салаваттары жана көптөгөн саламдары болсун.

Андан соң: Чындыгында, адамдар өздөрүнүн абалын оңдоого дайыма муктаж болгондуктан, шарият муну жөнгө сала турган өкүмдөр менен келген. Алардын катарына намаз үчүн азан менен коомат, имам болуу, жума хутбасы жана мечиттердин өкүмдөрү кирет. Ошондуктан мечиттин азанчысынын, имамдын жана жума хатибинин жоопкерчилиги өтө чоң. Ушул себептен биз «Азанчы, имам, хатиб жана мечиттердин өкүмдөрү үчүн кыскача пайдалуу колдонмо» деген аталыштагы китепти даярдоого жана аны бир нече тилге которууга аракет кылдык.

Биринчи сабак: Азан жана кооматтын өкүмдөрү

Азан – Исламдын жана мусулмандардын белгиси, ал күнү-түнү беш маал айтылат. Аалымдар бул ибадаттын маанилүүлүгүнөн жана улуулугунан улам өз китептеринде анын маселелерине, сүннөттөрүнө, өкүмдөрүнө, мустахаб амалдарына жана аны бузуучу нерселерге өзгөчө көңүл бурушкан. [1] (1) Фатх ал-Мунъим шарх Сахих Муслим, 2/460

Биринчи бөлүм: Азан жана кооматтын аныктамасы

Азандын шарияттагы мааниси: Белгилүү, атайын шариятта бекитилген сөздөр менен намаз убактысынын киргенин билдирүү.[2] (2) Ибн Кудама «ал-Мугни» 1/292; Мухтар ас-Сихах, 16-б; Кахтани «Азан жана икома» 5-б

Кооматтын шарияттагы мааниси: Шариятта бекитилген белгилүү сөздөр менен намазга турууну билдирүү. [3] (3) Кашшааф ал-Кинааъ, 1/230

Экинчи бөлүм: Азан жана кооматтын өкүмү

Азан жана коомат шариятта Куран, Сүннөт жана ижма менен бекитилген.

Ал эми Куранга келсек, Аллах Таала мынтип айткан: "Эгер аларды (азан айтып) намазга чакырсаңар, аны (намазды) да шылдың кылышат. Бул алардын акылсыз коом болгону себептүү." (Маида сүрөсү, 58-аят).

Сүннөткө келсек, азан менен кооматтын шариятта бекитилгенине далил болгон хадистер өтө көп. Алардын ичинен төмөнкү хадис:

Ибн Умар (радыяллаху анху) айтты: "Мусулмандар Мединага келген кезде намаз убактысын болжолдоп чогулушар эле, анткени ага чакырык кылынчу эмес. Бир күнү алар бул жөнүндө сүйлөшүштү. Айрымдары: «Христиандардыкындай коңгуроо колдонолу», – дешти. Башкалары болсо: «Жок, андан көрө жөөттөрдүкүндөй сурнай тарталы», – дешти. Ал эми Умар: «Намазга чакыра турган бир кишини жибербейсиңерби?» – деди. Ошондо Аллахтын Элчиси ﷺ : «Эй Билал, тур да, намазга чакыр!» - деди". (4) (4) Бухари, 604; Муслим, 377

Ал эми ижмага келсек, үммөт беш убак намаз үчүн азан менен кооматтын шариятта бекитилгенине бир ооздон макул болгон.

Имам Ибн Кудама аль-Макдиси айткан: "Үммөт беш убак намаз үчүн азандын шариятта бекитилгенине бир ооздон макул болушкан."[5] (5) ал-Мугни, 1/293

Азан менен коомат эркектерге үйдө да, сапарда да беш убак намаз үчүн парз кифая болуп саналат. Анткени Малик ибн аль-Хувайристен (радыяллоху анху) келген хадисте, Пайгамбар ﷺ аларга мындай деген: "Намаз убактысы келгенде, силердин бириңер азан айтсын жана жашы улууңар силерге имам болсун." (6) (6) Бухари, 628; Муслим, 674

Азан менен коомат Исламдын ачык белгилеринен болгондуктан, аларды таштап коюуга болбойт.

Ал эми аялдарга азан да, коомат да айтууга шарият уруксат берген эмес. Ал жалгыз намаз окуса да, же башка аялдарга имам болсо дагы. [7] [7] Ибн Таймия «Шархул-Умда» - Намаз китеби 101-б

Үчүнчү бөлүм: Азан жана кооматтын артыкчылыгы

Азандын жана азанчылардын артыкчылыктары жөнүндө көптөгөн далилдер келген, алардын айрымдары төмөнкүлөр:

Азанчы – Аллахка чакыруучулардын бири жана ал адамдардын ичинен сөзү эң жакшысы. Аллах Таала айтты: "Салих (сооп) иштерди (ыклас менен) жасаган, Аллахка (эч нерсени шерик-ортомчу кошпой) дуба кылган жана: «Мен (чыныгы) мусулмандардан боломун!» – деген адамдан мыктыраак сүйлөгөн ким бар?" (Фуссилат сүрөөсү, 33-аят)

Кыямат күнү азанчылардын моюндары башка адамдардын моюндарынан узун болот. Муавия (радыяллаху анху) айтат: Мен Аллахтын Элчиси ﷺ мындай дегенин уктум: "Кыямат күнү азанчылар адамдардын ичинен эң узун моюндуу болушат". [8] (8) Муслим, 387

Азан менен коомат шайтанды кууп кетирет. Абу Хурайра (радыяллаху анху) риваят кылган хадисте Пайгамбар ﷺ айтты: “Намазга азан айтылганда, шайтан азанды укпоо үчүн артын салып, жел чыгарып качат. Ал эми азан бүткөндө кайра кайтып келет. Намазга коомат айтылганда, кайра артын салып качат. Коомат бүткөн соң кайра келет да, адамдын көңүлүнө кирип, азгыра баштайт. Ага мурда эстебеген нерселерин эстетип: "Тигини эсте, муну эсте", - деп айтат. Натыйжада, адам канча рекет намаз окуганын билбей калат.” [9] (9) Бухари, 1222; Муслим, 389

Азанчынын азанын уккан ар бир нерсе ага (кыяматта) күбөлүк берет. Абдуллах ибн Абдуррахман аль-Ансарийден риваят кылынат, ага Абу Са'ид аль-Худри, радыяллаху анху, мындай деген: «Мен сенин койлорду жана жайытыңды жакшы көрөрүңдү көрүп турам. Качан койлоруңдун арасында же жайытыңда болуп, намазга азан айтсаң, анда үнүңдү бийик көтөрүп айт! Анткени, "Азанчынын үнү жеткен жерге чейин аны уккан жин да, инсан да жана башка баардык нерсе кыямат күнү ага сөзсүз күбөлүк берет". Абу Са'ид (радыяллаху анху) айтты: "Муну Аллахтын Элчисинен ﷺ уккам." [10] (10) Бухари, 609

Эгер адамдар азандын чыныгы артыкчылыгын билишкенде, аны айтуу үчүн чүчүкулак тартышмак. Абу Хурайрадан (радыяллаху анху) риваят кылынган хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ айткан: "Эгер адамдар азандын жана биринчи саптын артыкчылыгын билгенде, анда ага жетүү үчүн чүчүкулактан башка жол таба албаса, сөзсүз чүчүкулак тартышмак." (11) (11) Бухари, 615; Муслим, 437

Азанчынын үнү жеткен аралыкка чейинки күнөөлөрү кечирилет, анын үнүн уккандардын баары – тирүүсү да, жансызы да – аны тастыктайт. Ага аны менен кошо намаз окугандардын сообундай сооп берилет. Анткени, жакшылыкка чакырган адам – аны аткарган адам сыяктуу. Бараа ибн 'Аазиб (радыяллаху анху) риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деген: "Чындыгында, Аллах жана Анын периштелери биринчи саптагыларга салават айтышат (жакшылык менен маектешет). Азанчынын үнү жеткен жерге чейинки күнөөлөрү кечирилет. Аны уккан ар бир тирүү жана жансыз нерселердин баары ага күбөлүк берет. Жана ага аны менен кошо намаз окугандардын сообундай сооп берилет". (12) (12) Ахмад, 18506; Насаий, 646; Аль-Мунзири «Ат-Таргиб уа ат-тархиб» (1/176) китебинде: «Иснады хасан, жайид», - деген; Ибн аль-Мулаккин «Аль-Бадр аль-муниир» (3/385) китебинде: «Бул иснад жайид», - деп айткан

Азан – Исламдын эң улуу белгилеринин бири, ал каапырчылык мекени менен Ислам мекенин айырмалап турат. Имам Бухари өзүнүн «Сахих» китебинде «Азан себептүү төгүлбөй, сакталган кан жөнүндө» деген аталыштагы бапты келтирип, анда Анас ибн Маликтин (радыяллаху анху) хадисин риваят кылган: "Пайгамбар ﷺ биз менен бир коомго жортуулга чыкканда, таңды күтүп, абалды байкамайынча чабуул кылчу эмес. Эгер азан укса, аларга тийчү эмес, ал эми укпаса, аларга чабуул жасайт эле." (13) (13) Бухари, 610; Муслим, 382

Имам Хаттааби мынтип айткан: "Азан – Ислам дининин белгиси жана ал милдеттүү өкүм, аны калтырууга жол берилбейт. Эгерде бир шаардын эли азан айтууну таштоого биригишсе, башчы алар менен курөшүүгө акылуу болот."[14] (14) А'лам ал-Хадис Шарх Сахих ал-Бухари, 1/460

Төртүнчү бөлүм: Азан жана кооматтын жарактуу болушунун шарттары

1- Исламда болуусу: Каапырдан ал экөө кабыл кылынбайт. Анткени ал экөө ибадат, ал эми ибадат каапырдан кабыл кылынбайт.

2- Акыл-эси жайында болуусу: Башка ибадаттар сыяктуу эле, жиндинин, мас адамдын жана жакшы-жаманды ажырата албаган жаш баланын ибадаты жарактуу болбойт.

3 - Ниет: Ал экөө ниетсиз жарактуу болбойт, себеби алар – ибадат. Ал эми ибадат ниетсиз жарактуу болбойт. Анткени Аллахтын Элчиси ﷺ айткан: "Чынында, иш-аракеттердин баары ниеттерге гана жараша, жана ар бир адамга — анын ниет кылганы гана берилет." (15) (15) Бухари, 1; Муслим, 1907, Умар ибн аль-Хаттабдын (радыяллаху анху) хадиси

4- Эркек болуусу: Аял кишинин азаны да, кооматы да жарактуу эмес.

5 - Азан намаз убактысында айтылышы керек, аны намаз убактысы кире электе айтуу туура болбойт. Себеби, Малик ибн Хувайрис (радыяллаху анху) риваят кылган хадисте Пайгамбар ﷺ мындай деген: "Намаз убактысы келгенде, силердин бириңер азан айтсын жана жашы улууңар силерге имам болсун." [16] Азан айтууну намаздын убагына байлаган. Анткени намаздын убактысы киргенден кийин гана азан айтылат. Коомат болсо, намазга турууну каалаган учурда айтылат. (16) Бухари, 628; Муслим, 674

6 - Азан жана ошондой эле коомат тартиби менен айтылышы керек. Тартиптен максат: азанчы азан жана кооматтын сөздөрүн, алардын сыпаты баяндалган шарият тексттеринде келгендей, бир сөздү же сүйлөмдү экинчисинен алдыга же артка жылдырбастан айтуусу. Анткени азан ушул тартипте бекитилген ибадат. Ошондуктан ал кандай келсе, ошондой аткарылышы керек. Пайгамбар ﷺ айткан: "Кимде-ким биздин шариятыбызга анда болбогон жаңы ишти киргизсе, анда ал кабыл кылынбайт." (17) (17) Бухари, 2697; Муслим, 1718, Айша энебиздин (радыяллаху анха) хадиси

7- Азан да, коомат да үзгүлтүксүз биринин артынан бири айтылышы керек. Үзгүлтүксүз дегени — бул азандын сөздөрүнүн арасын башка сөз же кыймыл-аракет менен бөлбөстөн жана көп убакыт өткөрбөстөн, биринин артынан бирин айтуу.

8 - Азан жана ошондой эле коомат араб тилинде, сүннөттө келген сөздөр менен маанисин бурмаланбастан, катасыз айтылышы керек.

9- Азанды үнүн бийик чыгарып айтуу. Анткени азанчы үнүн жапыз чыгарып, өзүнө гана угузса, анда азандын шарияттагы максаты ишке ашпай калат. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: "Силердин бириңер азан айтсын." [18] Бул, башкаларга угузуу үчүн үндү катуу чыгарууга ишарат кылат. Ошентип жарыя кылуу максаты ишке ашат. Эгерде киши өзү үчүн же жанындагы бирөө үчүн азан айтса, анда үнүн катуу чыгаруусу шарт эмес. Бирок, үнүн өзү же жанындагы киши уга тургандай даражада чыгарат. Бирок, эгер үнүн андан да катуураак чыгарса, анда бул абзел болот. Анткени, Абу Саи'д ал-Худри (радыяллаху анху) Пайгамбардан ﷺ риваят кылган хадисинде мындай дейт: "Эгер сен койлоруңдун арасында же жайытыңда болуп, азан айтсаң, анда үнүңдү бийик чыгарып айт. Анткени азанчынын үнү жеткен аралыктагы жин да, инсан да, жана башка бардык нерселер – ага кыямат күнү күбөлүк беришет" [19] [18] Аныг булагы жогоруда эскерилди [19] Анын булагы жогоруда эскерилди

Бешинчи бөлүм: Азанчыдан талап кылынган сыпаттар

1- Адилеттүүлүгү жана динине бекемдиги менен белгилүү болуусу керек. Анткени Пайгамбар ﷺ айткан: "Имам – кепил, ал эми азанчы – аманатчы. Оо, Аллах! Имамдарды туура жолго сал жана азанчыларды кечир." [20] Азанчы намаз менен орозонун убактысы боюнча аманатчы болуп саналат. Ал эми аманатты адилеттүү адам гана аткарат. Ошондуктан азанчы фасык же күнөөсүн ачык жасаган же адепсиз адам болбошу керек. (20) Абу Дауд, 517; Тирмизи, 207

2 - Азанчы балагатка жеткен болуусу керек. Себеби балагатка жеткен адамдын азаны толугураак болот. Ал эми акыл-эси кирген бала азанды өз убагында айтса, анын азаны да дурус болот. Ошондуктан, ал азан айткан кезде, анын азаны жетиштүү деп эсептелет. Анткени ал аркылуу намаз убактысынын киргени жарыя болот.

3 - Убакытты тактап, азанды алгачкы убагында айтуу үчүн, намаз убакыттарын билүүсү керек. Анткени, эгер ал убакыттарды билбесе, жаңылып же ката кетирип алуусу мүмкүн.

4 - Үнү бийик болуусу керек. Абдуллах ибн Зайд (радыяллаху анху) азан тууралуу көргөн түшү жөнүндөгү хадисинде Пайгамбар ﷺ ага мындай деген: «Чындыгында, бул – акыйкат түш. Билалдын жанына бар, анткени анын үнү сеникинен мукамдуу жана бийик. Ага сага айтылган сөздөрдү үйрөт, ал ошол сөздөр менен азан чакырсын». [21] мааниси: «Анын үнү сенин үнүңдөн бийик» Башкача айтканда: сенден да үнү бийик жана катуураак. Бул үнү бийик жана катуу чыккан азанчыны тандоо мустахаб экендигин көрсөтөт. Анткени үнү бийик адамдын азаны жеткиликтүү болот. [22] (21) Тирмизи, 189; "хасан сахих хадис" - деп айткан (22) Тухфат ал-Ахуазий, 1/481

5- Үнү кооз болуусу: себеби Пайгамбар ﷺ жогоруда айтылган Абдуллах ибн Зайддын (радыяллаху анху) хадисинде айткан: «Анткени анын үнү сеникинен мукамдуу жана бийик». Мааниси: үнү кооз жана мукамдуу.

6- Чоң жана кичине дааратсыздыктан таза болушу керек. Анткени азан жана комат – Аллахты зикир кылуу болуп саналат, ошондуктан зикир кылуучунун таза жана даараттуу болуусу мустахаб.

7- Тике туруп азан айтуу: анткени Пайгамбар ﷺ айткан: «Эй, Билал, тур да, намазга чакыр!» (23) Ибн Мунзир айткан: "Азанчынын туруп азан айтуусу сүннөттөн экенине бир добуштан макул болушкан". (24) (23) Бухари, 604; Муслим, 377, ибн Умардан (радыяллаху анху) келген хадис (24) Ибн Мунзир «Ижма» 38-б

8 - Азанды кыбылага жүздөнүп айтуу; себеби Абдулла ибн Зайддын (радыялаху анху) азанды түшүндө көргөнү жөнүндөгү хадисинин бир риваятында мындай деп айткан: "Кыбылага жүздөнүп: «Аллаху акбар, Аллаху акбар» - деди". (25) Ибн Мунзир мындай деген: "Алар азан айтууда кыбылага жүздөнүү сүннөт экенине бир добуштан макул болушкан" (26). (25) Абу Дауд, 507 (26) Ибн Мунзир «Ижма» 38-б

9- Эки сөөмөйүн кулагына киргизип айтуу; анткени бул Билалдын (радыяллаху анхунун) Пайгамбардын ﷺ алдында азан айткандагы амалы. Абу Жухайфа (радыяллаху анху) айтты: "Билалдын эки манжасын кулагына салып, азан айтып, оозун ары-бери буруп жатканын көрдүм. Ал учурда Аллахтын Элчиси ﷺ кызыл чатырында эле..."[27]. [27] Тирмизи, 197; "хасан сахих хадис" - деп айткан. Хадистин негизги булагы «Сахих аль-Бухариде» (634) төмөнкүдөй сөздөр менен келген: Аун бин Абу Жухайфа атасынан риваят кылат, ал мындай деген: "Мен Билалдын азан айтып жатканын көрдүм да, анын азан айтып жатканда оозун ары-бери бурганын карап турдум".

Имам Тирмизи бул хадисти риваят кылгандан кийин мындай деген: "Илим ээлери ушуга амал кылышкан: азанчынын азан айтканда эки манжасын кулактарына киргизүүсүн мустахаб дешкен."

Ибн Шубрума: «Азанчыга эмне үчүн эки манжасын кулагына коюсу буйрулган?» – деп сурашканда, ал: «Үнүн катуу чыгаруу үчүн...» – деп жооп берген. [28] (28) Аусат, 4/11

Имам Нававий (рахимахуллах) мындай деген: "Азанчы эки манжасын кулактарынын ичине коюсу – сүннөт. Бул өкүмгө аалымдар иттифаак кылышкан. Муну аль-Махаамилий «аль-Мажмуу» китебинде көпчүлүк аалымдардан келтирген. Биздин аалымдар айтышкан: «Мунун дагы бир пайдасы бар, ал мындай: кээде бир адам дүлөйлүгүнөн, же алыс болгондугунан, же башка себептерден улам (азанчынын) үнүн укпай калса, анын манжалары аркылуу азан айтып жатканына далил алат." [29] (29) Шарх аль-Мухаззаб, 3/113

10- Эки бутун ордунан жылдырбастан, «Хаййа 'алас-солаах» деп айтканда эки жолу тең оңго, ал эми «Хаййа 'алал-фалаах» деп айтканда эки жолу тең солго бурулат. Абу Жухайфа (радыяллаху анху) Билалдын (радыяллаху анху) Пайгамбардын ﷺ алдында айткан азаны тууралуу мындай деген: "Мен Билалдын оозун ээрчип карап турдум, ал оңго жана солго бурулуп: «Хаййа 'алас-солаах», «Хаййа 'алал-фалаах» - деп айтып жатты."[30] Анткени ал мечиттен алыстагыларга азанды жеткиликтүү кылып айтат. (30) Бухари, 634; Муслим, 503

1 - Азанды ашыкча созбой, өтө узартпай, шашпастан жай айтуу керек. Себеби ал мечиттен алыс жүргөндөргө кабар бергендиктен, жай айтылышы жеткилүүрөөк болот. Ал эми коматты болсо, намазга даяр тургандарга кабар бергендиктен, тез айтуу ылайыктуу болот.[31] (31) "Ал-Мугни" ибн Кудама, 1/295

12 - Азанды ыр сыяктуу кылып же максатынан чыгара тургандай кылып созбой, тескерисинче шариятта көрсөтүлгөндөй анын шарттарын жана адептерин сактап, азанчы өзүнүн табигый, жагымдуу жана жеңил үнү менен, эрежелерин бузбай айтышы керек.

Алтынчы бөлүм: Азан жана кооматтын сыпаты

Азан жана кооматтын кандай айтылаары тууралуу Пайгамбардан ﷺ бир нече хадис келген. Алардын бири – Абдуллах ибн Зайддын (радыяллаху анху) хадиси. Андагы азандын сөздөрү:

Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Аллаху Акбар!

Ашхаду ал-лаа илааха ил-лаллаах! Ашхаду ал-лаа илааха ил-лаллаах!

Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллаах! Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллаах!

Хаййа 'алас-солаах! Хаййа 'алас-солаах!

Хаййа 'алал-фалаах! Хаййа 'алал-фалаах!

Аллаху Акбар! Аллаху Акбар!

Лаа илааха ил-лаллаах!

Кооматтын сөздөрү:

Аллаху Акбар! Аллаху Акбар!

Ашхаду ал-лаа илааха ил-лаллаах!

Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллаах!

Хаййа 'алас-солаах! Хаййа 'алал-фалаах!

Код кооматис-солаах! Код кооматис-солаах!

Аллаху Акбар! Аллаху Акбар!

Лаа илааха ил-лаллаах![32] (32) Абу Дауд, 499; Тирмизи, 189; Тирмизи: "Абдулла ибн Зайддын хадиси – хасан сахих", - деп айткан

Бул – Билалдын (радыяллаху анху) Аллахтын ﷺ Элчиси менен бирге шаар ичинде да, сапарында да, ал дүйнөдөн кайтканга чейин такай айтып жүргөн азан менен кооматынын сыпаты.

Багымдат азанында «Хаййа алал-фалаах» дегенден кийин «Ассолаату хойрум минан-наум» - деп эки жолу айтат. Анткени, Абу Махзуро( радыяллаху анху) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ ага минтип айткан: "Багымдат намазында: «Ассолаату хойрум минан-наум, Ассолаату хойрум минан наум» - деп айтасын". (33) (33) Абу Дауд, 500; бул хадисти имам Навави «Хуласат аль-Ахкам» (1/286) китебинде "хасан хадис" - деген.

Азандын дагы бир сыпаты бар, ал – таржии' тагыраак айканда кайталоо. Анда азанчы шахадат келмелеринде үнүн төмөн кылып айтып, андан кийин аларды үнүн көтөрүп кайталайт. Ал эми кооматта болсо, анын сөздөрүн экиден айтат. Бул сыпат Абу Махзуранын (радыяллаху анху) хадисинде келген, ал анда мындай деген: "Мага Аллахтын Элчиси ﷺ азанды өзү үйрөтүп, мындай деди:" «Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Ашхаду ал-лаа илааха иллаллаах! Ашхаду ал-лаа илааха иллаллаах! Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллаах! Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллаах!» - деп айт (эки жолудан айтты). Андан кийин кайра үнүңдү көтөрүп: «Ашхаду ал-лаа илааха иллаллаах! Ашхаду ал-лаа илааха иллаллаах! Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллаах! Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллаах! Хаййа 'алас-солаах! Хаййа 'алас-солаах! Хаййа 'алал-фалаах! Хаййа 'алал-фалаах! Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Лаа илааха иллаллаах!» - деп айт."

"Коомат: «Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Ашхаду ал-лаа илааха иллаллаах! Ашхаду ал-лаа илааха иллаллаах! Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллаах! Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллаах! Хаййа 'алас-солаах! Хаййа 'алас-солаах! Хаййа 'алал-фалаах! Хаййа 'алал-фалаах! Код кооматис-солаах! Код кооматис-солаах! Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Лаа илааха иллаллаах!»" (34) (34) Абу Дауд, 502, 503

Бул азандын шарияттагы амал кылууга жараган түрлөрүнөн. Азанчы бул бекемделген түрлөрдүн кайсынысын айтса да, жакшы. Шейхул Ислам Ибн Таймия (рахимахуллах) азандын бекемделген кээ бир түрлөрүн айтып өткөндөн кийин мындай деген: "Эгер азандын жана кооматтын айтылуусу ар түрдүү болсо, анда туура көз караш – бул хадис аалымдарынын жана аларга эргешкендердин жолу. Алар Пайгамбардан ﷺ бул маселеде аныкталган бардык нерсени туура деп эсептеп, андан эч нерсени жаман көрүшпөйт. Анткени азан менен кооматтын ар түрдүү болушу – бул кырааттардын, ташаххуд дубаларынын жана ушул сыяктуулардын ар түрдүү болушу сыяктуу. Аллахтын Элчиси ﷺ  өз үммөтүнө сүннөт кылган нерсени эч ким жаман көрүүгө акысы жок. (35) (35) Мажмуъ ал-Фатава, (22/66)

Жетинчи бөлүм: Азанды уккан адам айта турган сөздөр жана азандан кийинки дуба

Азанды уккан адамга азанчынын артынан кайталап айтуусу мустахаб. Абу Са'ид аль-Худри (радыяллаху анху) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: "Качан азанды уксаңар, азанчы айткандай кайталап айткыла." [36] Ал эми: «Хаййа 'алас-солаах!», «Хаййа 'алал-фалаах!» - деген сөздөрдү азанчы гана айтат. Азанды уккан адамга ал сөздөрдүн артынан мындай деп айтуу мустахаб: «Лаа хаула уа лаа кувата илла биллах» Умар ибн Хаттабдын (радыяллаху анху) хадисинде Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деп айтты: «Эгерде азанчы: «Аллаху Акбар! Аллаху Акбар!» - десе, силердин бириңер да: «Аллаху Акбар! Аллаху Акбар!» - деп айтса, андан кийин азанчы: «Ашхаду ал-лаа илааха иллаллаах» - десе, ал: "«Ашхаду ал-лаа илааха иллаллаах» - деп айтса, андан кийин азанчы: «Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллаах!» - десе, ал: "Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллах" - деп айтса, андан кийин азанчы: «Хаййа 'алас-солаах!» - десе, ал: «Лаа хаула уа лаа куввата илла биллах!» - деп айтса, андан кийин азанчы: «Хаййа 'алал-фалаах» - десе, ал: «Лаа хаула уа лаа куввата илла биллах!» - деп айтса, андан кийин азанчы: «Аллаху Акбар! Аллаху Акбар!» - десе, ал: «Аллаху Акбар! Аллаху Акбар!» - деп айтса, андан кийин азанчы: «Лаа илааха иллааллаах!» - десе, ал: «Лаа илааха иллаллаах!» - деп чын жүрөктөн айтса, анда ал бейишке кирет. (37) (36) Бухари, 611; Муслим, 383 (37) Муслим, 385

Эки күбөлүк келмесинен кийин: «Ашхаду ал-лаа илааха иллаллаах, уахдаху лаа шариика лах, уа анна Мухаммадан 'абдуху уа росуулух, радыйту биллахи роббан, уа би-Мухаммадин росуулан, уа бил ислаами диинан» - деп айтуу. Мааниси: "Аллахтан башка кудай жок, Ал жалгыз, Анын шериги жок экенине жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси экенине күбөлүк берем. Аллахты Раббим, Мухаммадды пайгамбарым, Исламды диним деп ыраазы болдум".

Саъд ибн Абу Ваккастан (радыяллаху анху) риваят: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Ким азанчыны укканда: “Ашхаду ал-лаа илааха иллаллааху уахдаху лаа шарика лах, уа анна Мухаммаддан абдуху ва расуулух, родыйту биллаахи роббан, уа би-Мухаммадин расуулан, уа бил-ислаами диинан», — деп айтса, анын күнөөлөрү кечирилет. [38] (38) Муслим, 386

Азанчы багымдат намазында: «Ассолаату хойрум-минан наум» - деп айтса, уккан адам да ошондой деп айтат. Анткени Пайгамбар ﷺ айткан: "Качан азанды уксаңар, азанчы айткандай кайталап айткыла". [39] [39] Бухари, Муслим; муттафакун алейхи

Андан кийин Пайгамбарга ﷺ салават айтып, андан соң хадисте келген төмөнкү сөздөрдү айтат: «Ким азанды укканда: "Аллохумма робба хазихид-даьватит-тааммах, уас-солаатил-коима аати мухаммада-нил васиилата уал-фадыйлата, уаб-'асху макоомам-махмуданил-лази уа-адтах", деп айтса, кыямат күнү ага менин шапаатым берилет». Мааниси: "Оо, Аллах! Оо, ушул толук чакыруунун жана тургузулган намаздын Раббиси! Мухаммадга кыяматта васила (шапаат кылууну) жана артыкчылыгыңды бер! Аны Өзүң убада кылган даңкталган орунда (шапаат кылуу орунунда) тирилт!" [40] «Жеткиликтүү, толук чакыруу» сөзүнүн мааниси: Азан чакырыгы Аллахты улуктоону, Аны жалгыздоону, Пайгамбардын элчилигине күбөлүк берүүнү жана жакшылыкка чакырууну камтыгандыктан, ал толук жана кемчиликсиз чакырык. «Тургузулган намаз» Мааниси: аткарылып, орундала турган намаз. «Васила» Бейиштеги орун. «Артыкчылык» Эч ким шерик боло албаган бийик даража. «Даңкталган орун» Даңкталган орун: Адамдар мактаган ар бир орун. Алардын бири – махшар элине эсеп-кысап кылынып, өкүм чыгарылуусу үчүн, бүткүл маклуктарга кылына турган улуу шапаат. (40) Бухари, 614; Жабирдин (радыяллаху анху) хадиси

Абдуллах ибн Амр ибн Аль-Аас (радыяллаху анху) риваят кылган хадисте ал Пайгамбар ﷺ мындай дегенин укту: "Эгер силер азанчыны уксаңар анын айтканын айткыла, андан соң мага салават айткыла. Анткени ким мага бир салават айтса, анда Аллах ал себептүү ага он салават айтат. Андан кийин мага Аллахтан васила сурагыла. Анткени ал – бейиштеги улуу макам. Ал макам бир гана Аллахтын пенделеринин бирине берилет. Ал пенде мен болом деп үмүттөнөм. Ошондуктан ким мен үчүн васила сураса, ага шапаатым уруксат болот". [41] (41) Муслим, 384

Азанга киргизилген бидааттардан: Азанчы азандан кийин үнүн көтөрүп, Пайгамбарга ﷺ салам-салават айтуусу. Ошондой эле азандан кийин айтылчу «Аллахумма робба хаазихид-даъватит-таамма...» деп башталган дубаны жамааттык түрдө айтуу. Азандын дубасын айтууда колдорду көтөрүп дуба кылуу. Азанчыны кайталаганда акыркы сүйлөмгө «хаккон» же «абадан» деген сөздөрдү кошуп, «хаккон лаа илааха иллаллаах» же «абадан лаа илааха иллаллаах» деп айтууга эч кандай далил жок.

Сегизинчи бөлүм: Азан айтылгандан кийин мечиттен чыгуунун өкүмү

Эркек кишиге азан айтылгандан кийин намаз окумайынча мечиттен чыгуу арам. Бирок үзүрү болсо, же кайра мечитке келүү ниети болсо, анда ага күнөө жок. Абу Ша'саа айткан: "Биз Абу Хурайра менен мечитте отурганбыз. Анан азанчы азан айтты. Ошондо бир киши мечиттен басып чыга баштады. Абу Хурайра аны мечиттен чыгып кеткенге чейин көзү менен узатып, анан: «Бул киши Абал-Касымга ﷺ (Пайгамбарга) каршы чыкты (баш ийген жок)», - деди." (42) (42) Муслим, 655

Имам Тирмизи өзүнүн «Сунан» китебинде бул хадисти риваят кылгандан кийин мындай деген: "Пайгамбардын ﷺ сахабаларынан жана алардан кийинки илим ээлеринин амалы боюнча, азан айтылгандан кийин даараты жок болуп же сөзсүз аткарыла турган зарыл иш сыяктуу жүйөлүү себеби болбосо, мечиттен чыгуу арам."[43] (43) Тирмизи, 1/397, 204

Тогузунчу бөлүм: Азан менен кооматтын ортосундагы убакыт

Сүннөттө азан менен кооматтын ортосунда жетиштүү убакыт болгонуна далил келген, Абдулла ибн Мугаффал (радыяллаху анху) айтат: Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: "Ар бир эки азандын ортосунда намаз бар. Ар бир эки азандын ортосунда намаз бар". Анан үчүнчүсүндө: "Каалагандар үчүн" - деп айтты." [44] Эки азан дегени: азан менен коомат. Азанчы азан менен кооматтын ортосунда бир аз убакыт калтырат. Ошол убакта мечиттегилер намазга чейин эки рекет намаз окуп алуу үчүн, ал эми келе электер намазга жетишип калуулары үчүн. (44) Бухари, 627; Муслим, 838

Имам Ахмад айтты: Азанчы азан айткан соң кооматка шашылбастан, мечитке келүүчүлөр келип, кажети бар адам кажетин бүтүрүп алганга чейин күтө туруп, азан менен кооматтын ортосунда бир аз убакыт калтыруусу керек."[45] [45] Ибн Таймиянын «Умдату-л-Фикх» китебинин шархы, намаз китеби: (135-б.)

Онунчу бөлүм: Азанчынын жоопкерчилиги жана адептери

Азанчы азаны менен Аллах Тааланын ыраазычылыгын көздөшү керек, Усман ибн Абу ал-Аас (радыяллаху анху) мындай дейт: "Аллахтын Элчисинин ﷺ мага калтырган акыркы осуяттарынын бири – азаны үчүн акы албаган азанчы дайындашым." (46) (46) Тирмизи, 209, "хасан хадис" - деген

Тирмизи (рахимахуллах) бул хадисти риваят кылгандан кийин мындай деген: Илим ээлеринин пикири боюнча, алар азанчынын азан үчүн акы алуусун макрух көрүп, азанды Аллахтан сооп үмүт кылып айтуусун жакшы көрүшкөн.

Ал эми азанчыга мусулмандардын казынасынан акы берүүдө эч кандай күнөө жок. Анткени казына мусулмандардын кызыкчылыктары үчүн негизделген. Азан менен коомат да мусулмандардын кызыкчылыктарына кирет. [47] (47) ал-Кахтани «Азан жана коомат» китеби, 19-б

Ал беш убак намаздын азанын өз убагында айтууга жооптуу экенин билиши керек. Анткени Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: "Имам – кепил (жоопкер), ал эми азанчы – аманатчы." [48] Башкача айтканда, ал намаз убактыларына аманатчы. Ошондуктан, мечитке азан убактысынан алдын, тазаланган абалда келип, үзүрсүз азандан калбашы керек. Эгер үзүрү себептүү келе албай калса, анда өзүнүн ордуна азан айта турган бирөөнү дайындашы керек. (48) Абу Дауд, 517; Тирмизи, 207; Абу Хурайранын (радыяллаху анху) хадиси

Азанчы төмөнкү иштерди аткаруусу керек:

1. Мечиттин тазалыгына жана аны сактоого кам көрүү, ошондой эле бул иште мечиттин кызматкерлери жана жамааты менен кызматташуу. Анткени Аллах Өз үйлөрүн көрктөндүргөндөрдү мактап, мындай деген: "Чынында, Аллахтын мечиттерин, Аллахка, Акырет күнүнө ишенген, намаз окуп, зекет берген жана Аллахтан башка эч кимден коркпогон адамдар (курушат жана) абат кылышат. Дал ушул адамдар туура жол табуучулардан болсо ажеп эмес!" (Тообо сүрөсү, 18-аят) Аны куруу, оңдоп-түзөө жана тазалоо менен болсун, же анда намаз окуп, Аллахты эскерүү менен болсун, бул эки маани тең мечитти көрктөндүрүү деп эсептелет.[49] (49) Фатхул-Баари ибн Хажар, 1/541

2. Туура акыйданы, азан, даарат жана намаздын өкүмдөрүн үйрөнүшү керек. Аллахтын китебинен жетишерлик деңгээлде жатташы жана имам намазга келбей калган учурда анын ордуна турууга татыктуу болушу керек.

3. Жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу. Аллах Таалага даанышмандык жана жакшы насаат менен даават кылуу. Адамдарга жумшактык менен мамиле жасап, алардын азасына сабыр кылуу жана бул иште мечиттин имамы менен кызматташуу.

4. Мечитти илим, ибадат жана намаз окуучуларга пайдалуу нерселер үчүн гана колдонуп, алардын динине жана дүйнөсүнө зыян келтире турган бардык нерселерден мечитти алыс тутуу зарыл.

5. Мечиттин жамааты жана ага келүүчүлөр менен ынтымакта болуу жана кызматташуу, алар келбей калса кабар алуу. Оорулууларын зыярат кылуу, жаназасында намаз окуп, узатууга катышуу, кыйынчылыктарда жана оор учурларда алар менен бирге болуу.

Экинчи сабак: Имамчылыктын өкүмдөрү

Биринчи бөлүм: Имамчылыктын аныктамасы

Намаздагы имамчылык: намаз окуучулардын бири алдыга чыгып, калгандары ага ээрчип намаз окуусу. Ал эми намаздагы имам бул – адамдар намазда ага уюп, ээрчиген киши. [50] (50) «Хашия ар-Равд ал-Мурбиъ», 2/296, ал-Кахтани «Ал-Имаама фи-с-Солаа китеби , 6-б

Экинчи бөлүм: Имамдыктын шарияттагы мыйзамдуулугу жана пазилети

Имамдык – илим, кыраат, адилеттүүлүк жана башка пазилеттүү сыпаттарга ээ болгон эң мыкты адамдар аткара турган жакшы амалдардан. Ал сыпаттарды төмөндө эскеребиз. Жамаат намазы имамсыз аткарылбайт жана жамаат намазы – Исламдын эң улуу белгилеринин бири болуп саналат. (51) Ал-Мавсууъа ал-Фикхиййа ал-Кувайтиййа, 6/201

Имамдыктын пазилеттеринен:

1. Имамдыктын пазилети белгилүү. Бул жоопкерчиликти Пайгамбарыбыз ﷺ өзү, андан кийин анын туура жолдогу халифалары аркалаган. Алардан кийин илим жана амал жагынан мусулмандардын эң абзелдери аркалап келишет.[52] (52) Кахтанинин «Намаздагы имамчылык», 9-бет

2- Намаздагы имамдык – бул артыкчылыктуу шарияттык кызмат, аны артыкчылык ээлери аткарат. Анткени Пайгамбар ﷺ айткан: "Коомго Аллахтын китебин эң жакшы окуганы имам болот..." [53] Кырааты эң жакшы адамдын абзел экени белгилүү, Кырааты жакшы деп айтылышы анын артыкчылыгына далил. [54] (53) Муслим, 673; Абу Мас'уд аль-Ансарийнин (радыяллаху анху) хадиси (54) Аш-Шарх ал-Мумтиъ ъалаа Заад ал-Мустакниъ, 2/41

3- Пайгамбардын ﷺ имамдарга туура жол сурап дуба кылуусу. Абу Хурайрадан (радыяллаху анху) риваят кылынган хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деген: "Имам – кепил, ал эми азанчы – аманатчы. Оо, Аллах! Имамдарды туура жолго башта жана азанчыларды кечире көр." (55) (55) Абу Дауд, 517; Тирмизи, 207

Түшүндүрмө: "Имам – кепил" Мааниси: мусулмандардын намазынын туура болуусун өзүнүн кепилдигине алуучу. Анткени алардын намазы имамдын намазына байланыштуу. «Оо, Аллах! Имамдарды туура жолго сал!" Мааниси: Алар намазды кемчиликсиз окушу үчүн аларды туура жолго багытта. [56] (56) Шарх Абу Дауд лил-Айни, 2/468; Файд ал-Кадир лил-Мунаави, 3/182

Үчүнчү бөлүм: Имамдыкка ким татыктуу?

Пайгамбар ﷺ имамдыкка ким эң татыктуу экенин баяндады, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Жамаатка имамдыкка Аллахтын китебин эң жакшы окуганы өтөт. Эгер алар Куран окууда бирдей болсо — анда сүннөттү эң жакшы билгени. Эгер сүннөттү билүүдө да бирдей болушса — анда биринчи хижрат кылганы. Эгер хижрат кылууда да бирдей болушса — анда биринчи Исламды кабыл алганы (башка риваятта: жашы улуусу). Бир адам башка бирөөнүн бийлигинде (үйүндө, жеринде) туруп ага имамдык кылбасын." [57] Имамдыкка адамдардын эң татыктуусу жана эң акылуусу төмөнкү тартипте: (57) Муслим, 673

1- Куранды эң көп жаттаган, аны эң мыкты жана толук түрдө окуган, намаздын фикхын билген адам. Эгерде Куранды мыкты окуган, бирок фикхты билбеген адам менен, ага караганда аз окуса да, фикхты терең билген адам бирге болсо, анда фикхты билген адам имамга өтөт. Анткени намазда жана анын өкүмдөрүндө фикхка болгон муктаждык, Куранды мыкты окууга болгон муктаждыктан маанилүүрөөк.

2- Андан кийин сүннөттү жакшыраак билгени. Эгер кыраатта тең болгон эки имамдын бири фикхты жана сүннөттү жакшыраак билсе, анда фикхты жакшыраак билгени имамдыкка чыгат. Анткени Пайгамбар ﷺ айткан: "Эгер алар кыраатта (Кураан окууда) бирдей болсо, анда сүннөттү эң жакшы билгени."

3- Эгерде алар Куран окууда жана сүннөттү билүүдө бирдей болушса, анда каапырлардын жеринен Ислам жерине биринчи хижрат кылган адамга артыкчылык берилет. Пайгамбарыбыз ﷺ мынтип айткан: "Эгер алар сүннөттө бирдей болушса, анда эң алгач хижрат кылганы."

4- Эгер хижратта бирдей болушса, анда Исламды биринчи кабыл алганы. Анткени Пайгамбарыбыз ﷺ жогорудагы хадисте айткан: "Эгер хижратта бирдей болушса, анда Исламды биринчи кабыл алганы."

5- Эгер жогорудагы бардык маселелерде тең болушса, анда жашы улуусу. Себеби жогорудагы хадистин риваяттарынын биринде Пайгамбар ﷺ мындай деген: "Анда жашы улуусу." Малик ибн Хувайрис (радыяллаху анху) айткан: "Араңардан бириңер азан айтсын жана эң улууңар силерге имам болсун." (58) (58) Бухари, 628; Муслим, 674

Пайгамбар ﷺ бул хадисте жашы улуусуна артыкчылык берген, анткени алар илимде бири-бирине жакын болушкан.

Эгер алар жогоруда айтылгандардын баарында тең болуп, ар бири имамдыкты талашышса, анда алардын ортосунда чүчү кулак тартылат, ким утса ошол имам болот. Анткени алар имамчылыкка татыктуулукта тең болуп, экөөнү тең имам кылуу мүмкүн болбогондуктан, башка укуктардагыдай эле алардын ортосунда чүчү кулак тартылат.

Үй ээси коногуна караганда имамдыкка акылуу. Ошондой эле падыша (ал эң улуу имам) башкаларга караганда имамдыкка акылуу, эгер алардын ар бири имамдыкка татыктуу болуп калышса. Анткени Пайгамбар ﷺ мындай деген: "Бир адам башка бирөөнүн бийлигинде (үйүндө, жеринде) туруп ага имамдык кылбасын."

Алар сыяктуу эле мечиттин туруктуу имамы да имамдыкка башкаларга караганда (падышадан тышкары) акылуу болуп саналат. Ал тургай, башка бирөө андан көрө Куранды жакшыраак окуган жана илимдүүрөөк болсо да. Бул жогоруда айтылган хадистин жалпы маанисинен.

Ибн Умардын (радыяллаху анху) намазды мечитте окуган бир кулу бар эле. Ал мечитке келгенде, кулу аны алдыга чыгарды. Ошондо Ибн Умар ага мындай деди: "Сен өз мечитиңде имамдыкка акылуусуң." (59) [59] Аш-Шаафий "Аль-Умм", 1/185; Абдурразаак, "Аль-Мусаннаф", 2/399; Байхаки, 3/126, 5531; Ан-Нававий "Аль-Хуласа", 2/701, "Хасан же сахих"- деген; Албаний "Ирваа-уль-Галиил", 2/302

Анткени, андан башканы имамдыкка чыгаруу – ага карата өзүм билемдик жана көңүлүн оорутуу болуп эсептелет.

Эси кирген баланын имамдыгы тууралуу аалымдар бирдей пикирде эмес. Кээ бирлери Амр ибн Саламанын (радыяллаху анху) хадисине таянып, буга уруксат беришкен. "Ал Пайгамбардын ﷺ доорунда өз коомуна имам болгон, ал анда алты же жети жашта эле."[60] (60) Бухари, 4302

Нафил намаз окуп жаткан адам парз намаз окуп жаткан адамга имам болушу дурус болот. Му'аз ибн Жабалдан (радыяллаху анху) кабарланат: "Ал Пайгамбар ﷺ менен куптан намазын окуп, андан кийин кайтып келип, өз коомуна имам болуп, ошол эле намазды окуйт эле." (61) (61) Бухари, 701; Муслим, 465

Төртүнчү бөлүм: Имам болуусуна тыюу салынган адамдар

Төмөнкү абалдарда имамдык кылууга тыюу салынат:

1- Аял кишинин эркектерге имам болуусу. Ал тууралуу Пайгамбарыбыз ﷺ жалпылай мындай деген: "Өз иштерин (башкарууну) аялга тапшырган коом эч качан ийгиликке жетпейт." [62] Имамдык – бул башчылыктын бир түрү. Ал эми аял кишинин орду сүннөттө келгендей акыркы саптарда. Абу Хурайра (радыяллаху анху) риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси ﷺ айткан: "Эркектердин саптарынын эң жакшысы — алдыңкысы, ал эми эң жаманы (сообу азы) — акыркысы. Аялдардын саптарынын эң жакшысы — арткысы, ал эми эң жаманы — алдыңкысы." [63] Бул аялды коргоо жана анын абийирин сактоо үчүн. Эгерде ал имамдыкка чыгарылса, анда бул иш шарияттык негизге каршы келмек. Бул маселеде аалымдар бир добуштан бир пикирге келишкен. Имам Ибн Хазм (рахимахуллах) мындай дейт: "Эгерде эркектер имам болуп турган адамдын аял экенин билип туруп, аны имам кылышса, анда алардын намазы ижма (жалпы бир пикир) боюнча жараксыз болусуна аалымдар бир пикирге келишкен." (64) (62) Бухари, 4425; Абу Бакра (радыяллаху анху) хадиси (63) Муслим, 440 Маратиб аль-Ижма, 27-б.

2- Даараты жок же денесинде нажас бар экенин билип турган адамдын имам болуусу. Эгерде ал жөнүндө артында уюгандар намаз бүткөнгө чейин аны билишпесе, алардын намазы дурус боло берет. Себеби бул тууралуу Умар ибн аль-Хаттабдын (радыяллаху анху) төмөндөгү кабар келген: "Ал (унутуп) жунуб абалында адамдарга имам болуп намаз окуган, кийин өзү кайра окуп, аларга кайра окууну буйруган эмес." (65) (65) Даракутни Сунан 1371

Абдуррахман ибн Махди, рахимахуллах, айтты: "Бул – аалымдар бир пикирге келген маселе: жунуб адам намазын кайра окуйт, алар (жунуб адамга уюп окугандар) болсо кайра окушпайт. Бул боюнча эч кандай карама-каршы пикирди билбейм."[66] (66) Сунан ад-Дарукутний, 2/188

3- Фатиха сүрөсүн жатка билбеген, же аны туура окуй албаган, же анда идгам кылынбашы керек болгон тамгаларды идгам кылып окуган адамдын имамдыгы. Мисалы: Аллах Тааланын сөзүндө «ха» тамгасын «ро» менен кошуп (идгам кылып) окуган киши сыяктуу. «Алхамдулил-лаахи роббил 'ааламиин» (Фатиха сүрөсү, 2-аят) Себеби ал тамганы өзүнө окшобогон же жакын болбогон башка тамгага кошуп, же бир тамганы башка тамга менен алмаштырып – мисалы, «ро» тамгасын «йа» деп – же маанини буза тургандай ката кетирип окуса, анда анын имамдыгы өзү сыяктууларга гана туура болот. Анткени ал намаздын бир түркүгүн аткара албай, же ага кемчилик кетирип жатат.

4- Бидааты себептүү каапыр деп эсептелген бидаатчынын имамдыгы. Анткени Аллах Таала мынтип айткан: "Ыймандуу (таза) адам бузук (күнөөкөр) адамга тең болобу? Жок, алар эч качан тең болбойт!" (Сажда сүрөсү, 18-аят) Аяттардын мазмунунан көрүнүп тургандай, бул жердеги "фасык" сөзүнөн "каапыр" адам максат кылынган.

5 - Туруктуу имамы бар мечитте анын уруксатысыз, же ал кечигип убакыт тар болмоюнча, башка бирөөнүн имамдыкка өтүүсү туура эмес.[67] (67) Ал-Ас'ила уа-л-Ажвиба ал-Фикхиййа лис-Салман, 1/163

Бешинчи бөлүм: Имамдыгы макрух болгондор

Төмөнкүлөрдүн имамдык кылуусу макрух:

1- Лаххан: Ал – кыраатта, мейли Фатихада же башка сүрөдө болсун, маанини өзгөртпөй турган көп ката кетирген киши. Мисалы, "алхамду" деген сөздүн "дал" тамгасын фатха менен "алхамда" деп окуса, анын намазы дурус, бирок имамдыгы макрух. Анткени Пайгамбар ﷺ айткан: "Коомго Аллахтын Китебин эң мыкты окуганы имам болот." (68) [68] Булагы жогоруда эскерилди

Эгер Фатихадан башкасын окуп жатканда жаңылыштык, билбестик же тилиндеги кемчиликтин себебинен маанисин бузуп алса, анын имамдыгы макрух болуу менен дурус болот. Анткени, ал Фатихадан башкасын окубаса деле имамдыгы дурус болмок, ошондуктан анда ката кетирсе да дурус болот. Ал эми муну атайылап жасаса, намазы жараксыз болот, анткени ал намазында ойноп жаткан болуп эсептелет.

2- Кыраатка тамга кошуу максатында, «Фа» же «Та» сыяктуу тамгаларды кайталап окуган адам.

3- Фасык жана бидааты себептүү каапыр болбогон бидаатчы.[69] (69) Кашшааф ал-Кинааъ, 1/475 жана андан кийинки

4- Ким бир элге имам болуп, ал эми алардын көпчүлүгү аны негиздүү себеп менен жактырбаса. Абу Умама (радыяллаху анху) айтат: Аллахтын Элчиси ﷺ мынтип айткан: "Үч адамдын намазы кулагынан жогору көтөрүлбөйт: кожоюнунан качкан кул кайтып келмейинче, күйөөсү ага нааразы болуп түнөгөн аял жана коому жаман көргөн имам." (70) (70) Тирмизи, 360, бул "хасан гориб" - деген

Имам Тирмизи айткан: "Кээ бир аалымдар, бир коом жаман көрүп турган кишинин аларга имам болуусун макрух дешкен. Эгерде имам заалым болбосо, анда күнөө аны жаман көргөн адамдарга гана болот." Бул тууралуу Ахмад жана Исхак мындай дешкен: "Эгер аны бир, эки же үч киши жаман көрсө, коомдун көпчүлүгү жаман көрмөйүнчө аларга имам болуп намаз окуй берсе болот."[71] (71) Сунан ат-Тирмизи, 2/192

Эгер алар имамды намазда сүннөттү бекем карманганы үчүн, мисалы, сүннөттө келген сүрөлөрдү окуп, шашпай намаз окуганы үчүн жаман көрүшсө, анда анын имамдыгы макрух болуп эсептелбейт. Анткени алар аны туура эмес себеп менен жаман көрүп жатышат. Ошондуктан алардын жаман көрүүсү эсепке алынбайт. Мындай учурда имам аларга насаат айтып, эскертип, жүрөктөрүн жибитүүгө аракет кылуусу керек жана намазды сүннөттө келгендей окуй берүүсү зарыл. Эгер Аллах анын алардын ортосунда ынтымакты орнотуудагы чыныгы ниетин билсе, анда Аллах ага ал ишти жеңилдетет.[72] (72) Аш-Шарх ал-Мумти' 'алаа Заад ал-Мустакни', 4/253

Алтынчы бөлүм: Имамдын ага уючулардын арасындагы орду

Сүннөт боюнча имам уюган адамдардын алдында турат. Эгер уюган адамдар эки же андан көп болсо, алар имамдын артында турушат. Анткени Пайгамбар ﷺ намазга турганда алдыга чыгып, сахабалары анын артында турушчу. Жаабир менен Жаббаардын (радыяллаху анхума) Пайгамбар ﷺ намаз окуп жатканда, алардын бири анын оң жагына, экинчиси болсо сол жагына туруп алышты. Ошондо ал ﷺ экөөнүн колунан кармап, артына тургузуп койду.(73) (73) Муслим (3010) Жабирден (радыяллаху анху) келген узун хадистин үзүндүсү

Жалгыз киши имамдын оң тарабында, аны менен бир катарда турат. Анткени Ибн Аббас (радыяллаху анхума) мындай деген: "Аллахтын Элчиси ﷺ намазга турганда, мен анын сол жагына турдум. Ошондо ал кулагымдан кармап, мени оң жагына өткөрүп койду." [74] (74) Бухари, 6316; Муслим, 763

Аялдар эркектердин саптарынын артында болот. Анастын (радыяллаху анху) хадисинде келген: "Мен жана жетим бала Пайгамбардын ﷺ артында сап болуп турдук, ал эми карыя аял биздин артыбызда турду." [75] (75) Бухари, 380; Муслим, 658

Имам саптын ортосунда туруусу керек. Шейх Ибн Баз (рахимахуллах) айтат: Мечиттерде имам саптын ортосунда турушу сүннөт. Бул мусулмандар амал кылып келген сүннөт.[76] (76) Шейх Саид Кахтани «Аль-Имама фис-Солаат» 55-б

Имам ибн Баз (рахимахуллах) дагы мындай деп айткан: "Сап имамдын артынан, так ортодон башталат. Ар бир саптын оң тарабы сол тарабынан абзел. Алдыңкы сап толук толмоюнча, кийинки сап башталбайт."

Жетинчи бөлүм: Имамдан озуп кетүү

"Уюган адам (маамум) намаздын аракеттерин имамдан кийин баштоосу, ага ыктап, ар бир ишинде ага гана ээрчүүсү важип. Ээрчүүчүнүн жана маамумдун милдети — өзү ээрчиген кишиден (имамдан) алдыга өтпөө жана аны менен тең жарышпоо. Тескерисинче, анын абалын байкап туруп, анын артынан ал кылгандай аракеттерди кылуусу керек. Бул нерсенин маңызы — эч бир абалда имамга каршы чыкпоону талап кылат. Себеби, Абу Хурайра (радыяллаху анху) Пайгамбардын ﷺ мындай деп айтканын риваят кылат: "Имам ага ээрчүү үчүн гана дайындалган, андыктан ага каршы амал кылбагыла. Эгерде ал рүкү кылса, анда силер да рүкү кылгыла. Эгерде ал: «Сами'аллааху лиман хамидах» - десе, анда силер: «Раббанаа лакал хамд» - деп айткыла. Эгерде ал сажда кылса, анда силер да сажда кылгыла. Эгерде ал отуруп намаз окуса, анда силер да баарыңар отуруп намаз окугула. Намазда сапты түздөгүлө, анткени сапты түздөө —намаздын толук болусунан." (77) (77) Бухари, 722; Муслим, 417

Намаздын бардык рүкүндөрүндө имамдан озуп кетүүгө тыюу салынат. Анас ибн Малик (радыяллаху анху) айтат: Аллахтын Элчиси ﷺ бир күнү биз менен намаз окуп, аны аяктаган соң бизге жүзүн буруп, мындай деди: "Эй, адамдар! Мен силердин имамыңармын. Ошондуктан рүкүдө, саждада, кыямга турууда, намазды бүтүрүүдө да менден озуп кетпегиле! Чынында мен силерди артымдан да, алдымдан да көрүп турамын." [78] Абу Хурайра (радыяллаху анху) риваят кылган хадисте Пайгамбар ﷺ айтты: "Силердин бириңер башын имамдан мурда көтөрүп алса, Аллах анын башын эшектин башына же анын кейпин эшектин кейпине айлантып коюусунан коркпойбу?!" (79) (78) Муслим, 426 (79) Бухари, 691; Муслим, 427

Ким киришүү такбирин имамынан мурда айтса, анын намазы жараксыз болот. Анткени, ал имамдан кийин айтуу шартын аткарбай калды.

Сегизинчи бөлүм: Имамчылыктын жана жамааттын бир катар өкүмдөрү

Имамчылыктын жана жамааттын жогоруда айтылбаган башка өкүмдөрү:

1- Акыл-эстүү, парасаттуу жана балагатка жеткен адамдарды имамдын артына, ага жакын туруу үчүн алдыга коюу мустахаб. Анткени Пайгамбар ﷺ мындай деген: "Мага силерден акыл-эстүү жана парасаттуулар жакын турсун. Андан соң алардан кийин келгендер. Андан соң алардан кийин келгендер." (80-аят) (80) Муслим, 432; Абдула ибн Масу'уд (радыяллаху анху) риваят кылган хадис

2 - Биринчи сапка умтулуу. Имамга уючуларга биринчи сапка умтулуулары мустахаб. Ошондой эле андан артта калуудан сактануулары керек. Анткени Абу Са‘ид ал-Худрий (радыяллаху анху) риваят кылгандай, Аллахтын Элчиси ﷺ өз сахабаларынын арасында артта калууну көрүп, аларга мындай деди:

"Алга жылгыла жана мага ээрчигиле, ал эми силерден кийинкилер силерге ээрчишсин. Кайсы бир коом (алдыңкы саптардан) артта кала берсе, акырында Аллах аларды (Өзүнүн кечириминен же даражасынан) артка калтырып коёт." [81] Абу Хурайра (радыяллаху анху) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ мынтип айткан: "Эгер адамдар азан айтуу менен биринчи саптын артыкчылыгын билишкенде, ага жетүү үчүн чүчүкулак кармоодон башка арга таппай калышканда, сөзсүз чүчүкулак кармашат эле." (82) мааниси: "Сөзсүз чүчүкулак кармашат эле." Башкача айтканда, биринчи сапка кимиси турарын чучукулак менен чечишмек. (81) Муслим, 438 (82) Бухари, 615; Муслим, 437

Ал эми аялдардын арткы саптарда туруусу мустахаб. Абу Хурайра (радыяллаху анху) Пайгамбарыбыздын ﷺ мындай дегенин кабарлайт: "Эркектердин саптарынын эң жакшысы - алдыңкылары. Эң жаманы (сообу азы) - арткылары. Аялдардын саптарынын эң жакшысы - арткылары. Эң жаманы - алдыңкылары." [83] Бул өкүм аялдар эркектердин артында эч кандай тосмосуз намаз окуган учурга тиешелүү. Эгер алар эркектерден тосулган өзүнчө жайда намаз окушса, анда биринчи сапты, андан кийинкилерин толуктап турушат.[84] (83) Муслим, 440 (84) Мажмуъ Фатава ибн Бааз, 12/196

3 - Имам Фатиханы окууда шашылбашы керек, ага уюган адам да аны окууга жетишүүсү үчүн жай окушу зарыл.[85] (85) Салих Аали Аш-шейх, Ал-Минзар фи баян касир мин ал-ахтаа аш-шааи'а, 53-б

4 - Саптын артында жалгыз турган эркектин намазы туура болбойт. Вабиса ибн Маъбад (радыяллаху анху) риваят кылгандай, Пайгамбарыбыз ﷺ саптын артында жалгыз намаз окуган кишиге намазын кайра окууну буйруган[86]. (86) Тирмизи, 230; "Вабисанын (радыяллаху анху) хадиси хасан хадис ", - деген.

Тогузунчу бөлүм: Имам аткара турган сүннөттөр

Имам имамчылыкта Пайгамбардын ﷺ сүннөтүн ээрчүүсү керек. Ал сүннөттөрдүн айрымдары төмөнкүлөр:

1 - Намазын жеңил окуп, адамдардын абалын эске алуусу. Имам намазын шашпай окушу керек. Имам артында намаз окугандар намаздын рүкүндөрү менен важибдерин аткарууга жетишпей калгыдай кылып, намазды тез окуусу туура эмес. Ошондой эле, артында намаз окугандар намаздарын толук бүтүрүп алышы үчүн, кыраатын да шашпай окушу керек. Абу Мас'ууд Ал-Ансаринин (радыяллаху анху) риваятында, бир киши мындай деген: "Оо, Аллахтын Элчиси! Аллахка ант болсун! Мен баланчанын бизге намазды созгондугу үчүн багымдат намазына кечигип барам. Мен Аллахтын Элчисин ﷺ ошол күнү насаат айтып жатканда ачуулангандай катуу ачууланганын көргөн эмесмин. Анан ал айтты: Силердин араңарда (адамдарды) качыргандар бар. Кимде-ким адамдарга имам болуп намаз окуса, анда жеңилдетсин. Анткени алардын арасында алсыздар, карылар жана муктаждыгы барлар бар." 87 (87) Бухари, 90

2 - Имам намазга кирээрден мурун саптарды тегиздөөгө жана бош орундарды толтурууга буйруйт. Анткени Пайгамбарыбыз ﷺ өзү ушундай кылып, намаз окуучуларды да ага буйруган. Ну'ман ибн Башиир (радыяллаху анху) айтты: "Аллахтын Элчиси ﷺ биздин саптарыбызды, жаанын огун түздөгөндөй кылып түздөйт эле. Биз муну толук түшүнгөнүбүздү көргөнгө чейин ушундай кыла берчү. Анан бир күнү (намазга) чыгып, (имамчылыкка) турду да, такбир айтайын деп калганда, саптан көкүрөгү чыгып турган бир кишини көрүп калды. Ошондо ал мындай деди: Эй, Аллахтын пенделери! Саптарыңарды сөзсүз тегиздегиле, болбосо, Аллах жүзүңөрдү бири-бирине карама-каршы кылып коёт!" (88-а) (88) Бухари, 717; Муслим, 436

Имам Навави (рахимахуллах) айтат: "Жаанын огу — бул жонулуп, учталган жыгачтар. Анын мааниси: саптын абдан түз жана тегиз болгондугун түшүндүрөт. Аллахтын Элчиси ﷺ саптарды кудум жебелерди түздөгөндөй ашыра кылдаттык менен түздөйт эле.[89] (89) Имам ан-Навави, «Шарх Сахих Муслим»: (4/157)

3 - Имам биринчи сапты, анан андан кийинкисин толук толтурууга буйруйт. Эгер сапта кемчилик болсо, ал эң арткы саптарда болсун. Анткени Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: "Периштелер Раббисинин алдында сапка тизилгендей, сапка тизилбейсиңерби?" Ошондо биз айттык: "Оо, Аллахтын Элчиси, периштелер Раббисинин алдында кантип тизилишет?" Ал айтты: "Алдыңкы саптарды толтурушат да, сапта бири-бирине жакын тыгыз турушат." 90 (90) Муслим, 430; Жабир ибн Самура рываят кылган хадис

4 - Имам намаздагы кыраатында Пайгамбардын ﷺ сүннөтүнө ээрчүүсү керек. Ал ﷺ көбүнчө багымдат намазында "муфассалдын" узун сүрөлөрүн, шам намазында кыскасын, ал эми бешим, аср жана куптан намаздарында орточолорун окучу. Бул тууралуу Сулайман ибн Ясар Абу Хурайрадан (радыяллаху анху) мындай деп риваят кылат: "Мен баланча адамдын артында окуган намазымдай Аллахтын Элчисинин ﷺ намазына окшош намазды эч кимдин артында окуган эмесмин." Сулайман айтты: "Ал бешим намазынын биринчи эки рекетин узун, ал эми кийинки эки рекетин кыска окучу. Аср намазын да кыска, жеңилдетип окучу. Шамда муфассалдын кыскаларын, куптанда орточолорун, ал эми багымдатта узундарын окуйт эле." (91) (91) Насааи, 982; Ал-Аскалани "Булуг ал-мароом" китебинде: "Иснады сахих", - деген

Муфассал сүрөөлөрдүн узундары: Хужурат сүрөөсүнөн Буруж сүрөөсүнө чейин. Орточо сүрөөлөрү: Буруж сүрөөсүнөн Баййина сүрөөсүнө чейин. Ал эми кыска сүрөөлөрү: Баййина сүрөөсүнөн Курандын аягына чейин.[92] (92) Миркат ал-Мафаатих, 2/700

Онунчу бөлүм: Имамдын негизги сапаттары

Мечиттин имамы – мечиттин тиреги жана күчү. Мечит дааватты жайылтуу, коомду агартуу жана адамдарга дин иштерин түшүндүрүү милдетин имам аркылуу аткарат. Эгер имам аалым, акылдуу, кыраакы, элдин үрп-адатын жана абалын жакшы билсе, анын мечит жамаатына жана айланасындагы тургундарга тийгизген таасири жакшы жана пайдалуу болот. Ал аларга илим үйрөтүп, туура жолго багыттап, ар бир жакшылыкка жана ийгиликке жетелейт.

Имамчылыктын шарттарын толуктаган имамдар да ушундай болушкан. Исламдын алгачкы доорунда Пайгамбар ﷺ имам болгон. Андан кийин анын туура жолдогу халифалары, андан соң башчылар, кол башчылар, аалымдар жана көрүнүктүү инсандар. Бул нерсе бул кызматты аркалаган адамдын динде, адеп ахлакта, илимде жана жүрүм-турумда жогорку даражада болушу зарыл экендигин көрсөтүп турат.

Мына ушундан улам бул кызматтын адамдардын жашоосундагы маанилүүлүгү билинет. Анткени имамдардын күчтүүлүгү коомчулуктан байкалат, ал эми алсыздыгы ошол коомго өз таасирин тийгизет. Себеби мечит – коомчулукту сөз менен ишти бириктирүүгө үйрөтөт. Эгер имамдын илими тайкы, акылы кем же кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму начар болсо, анда ал пайданын ордуна зыян алып келет. Имамдын милдети – намаз окугандарга жакшылыкка жана туура жолго багыт берүү болгондуктан, сабатсыз имамдын бул улуу милдетти аткаруусу өтө кыйын.

Кээде имам илими жана жеке жөндөмдүүлүгү жагынан бул милдеттин шарттарына толук жооп бериши мүмкүн. Бирок башка иштери менен алек болуп, милдетин тийиштүү деңгээлде аткара албай калат. Натыйжада, ал намаз убактыларынан кечигип, намазда окуй турган сүрө-аяттарын кайталоого жетиштүү убакыт таппайт. Ошондуктан анын белгилүү бир сүрөлөр же аяттар менен гана намаз окуганын көрөбүз.

Кээде ал напси каалоосуна, илимсиздикке, талаш-тартыштарга же аша чабууга (радикализм) берилип, калыстыктан, тарбиялык багыт берүүдөн, даанышмандык жана жакшы насаат менен даават кылуудан четтеп кетет.

Мечиттин диндеги таасири абдан зор. Анткени ал — хидаяттын чырагы. Анда кул өзүнүн Раббиси менен байланышат, ыйманы бекемделет, бир туугандары менен чогулуп, баары биргеликте жакшылыкты жайылтууга жана жамандыкка каршы турууга аракет кылышат. Мечит бул милдетти Аллах илимий жана адеп-ахлактык талаптарга жооп берген, ушул улуу кызматты аркалоого ылайыктуу имамды насип эткенде гана толук аткара алат.

Имамда болуусу зарыл болгон эң негизги илимий сапаттар:

1- Ишти бир гана Аллах үчүн чын ыкластан аткаруу — ошондо ал иш Аллах тарабынан колдоого алынып, жардам жетип, кабыл болуп, Аллахтын алдында да, адамдардын алдында да сүймөнчүктүү болот.

2- Риядан жана мактануудан алыс болуу зарыл. Анткени иштер максатка жараша, ал эми амалдар ниетке жараша болот. Ар бир адамга ниетиндегиси берилет. Ал эми өзүндө жок нерсе менен жасанып көрүнгөн адамды Аллах шерменде кылат.

3 - Аллахтын Китебин (Куранды) толук, же андан бир бөлүгүн жатка билүүсү керек. Ал эми жаттагандарын дайыма кайталап туруусу жана Куран окуу үчүн күнүмдүк вирди (белгиленген өлчөмү) болуусу керек.

4 - Пайгамбардын бир нече хадисин жатка билүүсү керек. Мисалы: «Риядус-Салихин», «Арбаин ан-Нававия», «Булугул-Марам» же башка ишенимдүү хадис китептеринен.

5 - Туура акыйданы — салаф салихиндердин (алгачкы таза муундардын) акыйдасын үйрөнүшү керек.

6 - Дин өкүмдөрүнүн фикхин, айрыкча ибадаттарга тиешелүү болгон тазалык (даарат), намаз, зекет жана орозо маселелерин үйрөнүүсү керек. Ошондой эле, киреше табуунун жана аны сарптоонун эрежелерин билүү, адамдарды алдамчылыктан, көз боёмочулуктан, бирөөнүн мүлкүн адилетсиз жол менен алуудан, андан сырткары ысырапкорчулуктан, чачып-төгүүдөн, сараңдыктан жана зыкымдыктан эскертүү үчүн муамалат фикхин да үйрөнүүсү зарыл. Ошентип, алардын каржылык иш-аракеттери Куран жана Сүннөттүн негизинде болот.

7 - Аллах Өзүнүн Элчисине ﷺ түшүргөн нерсенин маанилерин билүү үчүн араб тилин жакшы билүүсү зарыл. Анткени Куран араб тилинде түшкөн.

8 - Пайгамбардын сиратын (өмүр баянын), Мухаммад пайгамбардын шамаилин (кулк-мүнөзүн) жана салафу салихтердин (такыба инсандардын) өмүр баяндарын окуу зарыл. Анткени аларда жакшы үлгү, мыкты өрнөк, пайдалуу илимий кен жана жогорку ислам маданияты бар.

9 - Өз өлкөсүндөгү жана башка жактардагы, акыйдасы таза, илими бекем, акыл-парасаты ордунда болгон белгилүү аалымдарды таанып-билиши зарыл. Дин маселелеринде же коомунда пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө аларга кайрылып туруусу керек.

10 - Исламдагы ар түрдүү агымдарды жана алардын акыйдаларын, ой-пикир багыттарын жана максаттарын, ошондой эле бүлүндүрүүчү мазхабдарды жана алардын көздөгөн мүдөөөрүн билиши керек. Бул — Аллах Тааланын Китебинин, Пайгамбардын ﷺ сүннөтүнүн жана мусулман аалымдарынын жазган эмгектеринин негизинде алар менен илимий талкуу жүргүзө алуусу, алардын жалгандыгын ачыктап (сынга алып), элди алардын арам ойлорунан эскертүүсү үчүн керек.

11- Ар кандай маалымат каражаттары менен таанышып, алардын оң жана терс жактарын билип, алардан Аллахка даават кылууда кантип пайдаланууну үйрөнүп, ошондой эле алардагы өзүнө жана коомуна тийгизген коркунучтардан сактанып, эскертүүсү зарыл.

Эгерде мечиттин имамында бул сапаттар табылса, анда бул, Аллах Тааланын каалоосу менен, түз жолду жана тең салмактуулукту орнотот.

Кулк-мүнөздүн негизги сапаттары:

1- Мечиттин имамы өз жамаатына, мечитке келген жергиликтүү тургундарга жана башкаларга дааватчы жана мугалим болуусу керек. Ал Аллахтын Элчисин ﷺ  үлгү тутушу керек. Анткени пайнамбар – үммөт жана жетекчилер үчүн салих үлгү, эң сонун өрнөк жана эң жогорку мисал. Аллах Таала мындай деген: "(Оо, ыймандуулар!) Силер үчүн Аллахтын Элчисинде сонун үлгүлөр бар. (Бул үлгүлөр) Аллахтан жана Акырет күндөн үмүт кылып, Аллахты көп-көп зикир кылгандар үчүн." Ахзаб сүрөсү, 21-аят.

Өзүн жана мечитке келүүчүлөрдү дүнүйө иштери жана саясат тууралуу сүйлөшүүдөн алыс тутуп, мечитти илим менен ибадатка гана арноо керек.

2- Өзү таза жана иреттүү болуусу зарыл. Ошондой эле мечиттин тазалыгына кам көрүүсү, анын буюмдарын иретке келтирип, тартипке салуусу, жабдууларын оңдоп-түзөөсү, ал иште ысырапкорчулуктан алыс болуусу жана мечитти ашыкча кооздоодон сактануусу керек.

3 - Жакшы жүрүм-турумда жана жакшы көрүнүштө болуусу. Сакалын коюп, мурутун кыскартып, Пайгамбардын ﷺ сүннөтүнө ээрчүүсү керек. Ошондой эле кийимин кызыл ашыктан ылдый түшүрүүдөн сактануусу, токтоолукту жана жөнөкөйлүктү кармануу менен өткөн салих аалымдардын изин ээрчүүсү керек.

4- Жумшак, сабырдуу жана ырайымдуу болуу. Анткени жумшактык кайсы иште болсо, аны көркүнө чыгарат, ал эми кайсы иште болбосо, анын көркү кетет. Бул тууралуу Айша энебизден (радыяллаху анха) риваят кылынган хадисте Пайгамбар ﷺ айткан: "Кайсы иште жумшактык болсо, ал ишти көркүнө чыгарат. Кайсы иште жумшактык болбосо, анын көркү кетет." (93) (93) Муслим, 2594

Мечитке келгендердин биринен катачылык кетсе, имам аны жемелебестен, тескерисинче, ага жумшактык менен насаат айтып, жакшы жол менен таалим берип, түшүндүрүүсү керек. Муавия ибн аль-Хакам ас-Суламий (радыялаху анху) айтат: Мен Аллахтын Элчиси ﷺ менен намаз окуп жатканда, коомдон бир киши чүчкүрүп жиберди, ошондо мен: "ЯрхамукАллах" (Аллах сага ырайым кылсын) дедим. Ошондо адамдар мага көздөрүн кадашты. Мен: "Шорум курусун! Силерге эмне болду, мага мынча карадыңар?" - дедим. Алар колдору менен сандарын чапкылай башташты. Алардын мени сүйлөтпөгүлөрү келип жатканын билгенимде, мен унчукпай калдым. Аллахтын Элчиси ﷺ намазын бүтүргөндө — ата-энем ага курман болсун! — мен ага чейин да, андан кийин да андан өткөн мыкты мугалимди көргөн эмесмин. Аллахка ант ичем, ал мени зекиген жок (каарданып, беттен алган жок), урбады да, тилдебеди да. Ал айтты: "Чындыгында, бул намазда адамдардын сөзүнөн эч нерсени сүйлөөгө болбойт. Анда тасбих, такбир жана Куран окуу гана болот". (94) (94) Муслим, 537

5- Адамдар анын айланасына чогулуп, анын мээриминен, жардамынан жана илиминен пайда алышы үчүн, жумшак жана боорукер болуусу керек. Ошондой эле алардын кыйынчылыктарында жана муктаждыктарында жанында туруусу, жана мечитке тиешелүү иштерде алар менен кеңешүүсү керек.

Аллахтын Элчиси ﷺ бул иштердин баарында эң жогорку даражада болгон. Бул тууралуу Аллах Таала мынтип айткан: "(Оо, Мухаммад!) Раббиң тарабынан болгон ырайым себептүү сен аларга (сахабаларыңа) жумшак мамиле жасадың. Эгер орой, таш боор болсоң, алар сенин айланаңдан тарап кетишмек. Аларды кечир жана Алар үчүн (Аллахтан) кечирим сура. Жана (өзүң ылайык көргөн) иште алар менен кеңеш. Эгер (бир ишке) киришчү болсоң, Аллахка тобокел кыл. Албетте, Аллах тобокел кылуучуларды сүйөт." (Аали Имран сүрөсү, 159-аят)

6- Ал сабырдуулук, терең ишеним жана сөзүндө чынчыл болуу менен сыпатталуусу керек. Анткени сабырдуулук жана күмөнсүз терең ишеним пендени башчылык даражасына жеткирип, аны мечитинде жана жамаатынын арасында башчылык кылууга татыктуу кылат. Аллах Таала айткан: "Жана Биз Исраил урпактарынын арасынан, сабырдуулук көргөзгөн мезгилдеринде, туура жолго баштаган жолбашчыларды чыгардык. Алар Биздин аяттарыбызга бекем ишенишчү." (Сажда сүрөсү, 24-аят)

7- Ал айткан сөздөрүндө – мейли жума хутбасында болсун, мейли илим жана насаат сабактарында болсун, же адамдар менен сүйлөшүүдө болсун – чынчыл болууга тийиш. Ошондо ал туура жолдогу чынчылдардан жана ийгиликке жеткендерден болот. Анткени, Пайгамбардан ﷺ келген хадисте мындай деп айтылат: "Чынчылдыкка бекем болгула! Анткени чынчылдык жакшылыкка алып барат, а жакшылык болсо бейишке алып барат. Адам дайым чынчыл болуп, чынчылдыкка умтулса, ал Аллахтын алдында чынчыл деп жазылат. Жалгандан сак болгула! Анткени жалган жамандыкка алып барат, а жамандык болсо тозокко алып барат. Адам дайым жалган айтып, жалганга умтулса, ал Аллахтын алдында жалганчы деп жазылат." (95) (95) Бухари, 6094; Муслим, 2607, Абдуллах ибн Мас'ууддун (радыялаху анху) хадисинен.

Жалган – жамандык жана балээ. Эң чоң жалган – Аллах Таалага жалган айтуу жана Ал жөнүндө илимсиз сүйлөө. Аллах Таала айтты: Айткын: “Менин Раббим бузукулуктардын ашкересин да, көмүскөсүн да арам кылды. Дагы күнөөнү, кыянат менен жасалган зулумду, (кудайлыгына) далил түшүрбөгөн нерселерди Аллахка шерик кылып алууңарды жана Аллах жөнүндө билбеген нерсеңерди сүйлөгөндү (арам кылды).” (А'раф сүрөсү, 33-аят)

Бул улуу аят эң чоң күнөөлөрдү кичинесинен чоңуна карай иреттеп баяндаган, алардын эң чоңу – Аллах Тааланын ысым-сыпаттары жана шарияты тууралуу илимсиз сүйлөө.

Аллахтын Элчисине ﷺ жалган айтуу – эң чоң жалгандардын жана эң ыплас күнөөлөрдүн бири. Ал – аны кылган адамга тозок убада кылынган чоң күнөөлөрдөн. Мугийра ибн Шуъба (радыялаху анху) айтты: Мен Пайгамбардын ﷺ мындай дегенин уктум: "Менин атымдан жалган айтуу - башка бирөөнүн атынан жалган айткандай эмес. Ким менин атымдан атайын жалган сүйлөсө - ал өзүнө тозоктон орун камдай берсин." (96) (96) Бухари, 1291; Муслим, 4

Жакшылыкка кызыктыруу жана жамандыктан коркутуу максатында, айрым насаатчылар кылгандай, жакшы ниет менен болсо да жалган айтуудан сактануу керек. Анткени, ал иште жакшылык да, туура жол да жок. Аны айткан адам сооптун ордуна күнөөгө, пайданын ордуна зыянга батат.

8- Сөз жеткирүүдө аманатчыл болуу, кабарды тактоо, ушактарды кабыл алууга шашпоо жана ишенимдүү сөзгө гана таянуу. Бул тууралуу Аллах Таала Өз сөзүндө мындай деп буйруган: "Оо, ыйман келтирген пенделер! Эгер силерге бир күнөөлүү адам (кандайдыр) кабар алып келсе, наадандык менен (ал жамандаган) коомду кайгы-капага салбашыңар үчүн жана жасаган ишиңерге бушайман болуп калбашыңар үчүн жакшылап (чын-төгүнүн) териштиргиле." (Хужурат сүрөсү, 6-аят)

9- Адамдардын айыбын жашырууга, сырларын сактоого аракет кылуу. Ким бир мусулмандын айыбын жашырса, Аллах анын айыбын дүйнө жана акыретте жашырат. Ал эми ким мусулмандардын кемчиликтерин аңдыса, Аллах анын кемчилигин аңдып, аны өз үйүнүн ичинде болсо да шерменде кылат. Абдуллах ибн Умардан (радыялаху анху) риваят кылынган хадисте, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Ким бир мусулмандын айыбын жашырса, Аллах Кыямат күнү анын айыбын жашырат." [97] Абу Барза ал-Аслами (радыялаху анху) айтат: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Оо, тили менен ыйман келтирип, жүрөгүнө ыйман кире элек адамдар!Мусулмандарды гыйбат кылбагыла жана алардын артынан түшүп кемчиликтерин аңдыбагыла. Анткени, кимде-ким алардын кемчиликтерин аңдыса, Аллах анын кемчиликтерин аңдыйт. Аллах кимдин кемчилигин аңдыса, аны өз үйүндө шерменде кылат." (98) (97) Бухари, 2442; Муслим, 2580 (98) Абу Дауд, 4880; Бул сапаттар жөнүндө Шейх Сауд ибн Мухаммад аль-Бишрдин «Мечит имамынын илимий жана адеп-ахлактык сапаттары» аттуу китебин караңыз

Үчүнчү сабак: Жума намазы жана анын хутбасы

Биринчи бөлүм: Жума намазы

Биринчи маселе: Жума намазынын түшүндүрмөсү жана убактысы.

Биринчи: Жума намазынын түшүндүрмөсү

Жума – аптанын күндөрүнүн бири. Бул күнү өзгөчө намаз – Жума намазы окулат. [99] (99) Муъжам Лугат ал-Фукахаа, 166-б

Аллахтын бул үммөттү жума күнгө хидаят кылуусу (табуусу) – улуу пазилет. Абу Хурайра (радыялаху анху) айтат: Аллахтын Элчиси ﷺ мынтип айткан: "Биз (заманы боюнча) акыркылар, (бирок) Кыямат күнү биринчилер болобуз. Болгону, аларга Китеп бизден мурун берилген, ал эми бизге алардан кийин берилди. Бул (Жума) күнү аларга парз кылынган, бирок алар бул боюнча пикир келишпестикке барышкан. Анан Аллах бизди ага багыттады. Ошондуктан, алар бул маселеде бизди ээрчишет: жөөттөр эртең (ишемби), ал эми христиандар бүрсүгүнү (жекшемби)." (100) (100) Бухари, 876; Муслим, 855

Жума күнү - күн чыккан күндөрдүн эң жакшысы. Ал тууралуу Абу Хурайра (радыялаху анху) айтты: Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деди: "Жаркырап күн чыгып жаткан күндөрдүн эң жакшысы бул - жума күнү. Бул күнү Адам ата жаратылган. Ушул күнү ал бейишке киргизилген. Ушул күнү бейиштен чыгарылган." (101) (101) Муслим, 854

Жума намазы кийинки жумага чейинки күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот. Абу Хурайра (радыялаху анху) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деди: "Беш убак намаз бири-бирине чейинки, жума намазы келерки жума намазына чейинки, Рамазан айы келерки Рамазан айына чейинки кичине күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот, эгерде чоң күнөөлөрдөн алыс болсо." [102] (102) Муслим, 233

Жума намазы — өз алдынча намаз болуп эсептелет. Ал бешим намазынан рекеттердин саны боюнча, үн чыгарып окуулуусу жагынан, хутба болушу жана тиешелүү шарттары менен айырмаланат. Ал эми убактысы жагынан бешим намазы менен дал келет.

Экинчи: Жума намазынын убактысы

Жуманын убактысы – бешимдин убактысы: күн чак түштөн оогондон баштап, ар бир нерсенин көлөкөсү өзүнүн боюна барабар болгонго чейин. Анткени, Анас ибн Маликтин (радыялаху анху) хадисинде келгендей Пайгамбарыбыз ﷺ жума намазын күн чак түштөн оогондо окучу. [103] Тактап айтканда, күн батышты көздөй ооп, асмандын так ортосунан өткөндө. Бул – бешим намазынын убактысы. (103) Бухари, 904

Экинчи маселе: Жума намазынын өкүмү жана ал кимдерге милдет?

Биринчи: Жума намазынын өкүмү

Жума намазы эркектерге парз айн болуп саналат. Анткени Аллах Таала мынтип айткан: "Оо, ыйман келтирген пенделер! Эгер Жума күнү (Жума намазына чакырып) азан айтылчу болсо, тезинен Аллахты эскерүүгө (мечиттерге) шашылгыла жана сооданы (намаз бүткөнгө чейин) токтоткула. Бул өзүңөр үчүн жакшы, эгер билсеңер." (Жума сүрөсү, 9-аят) Абдуллах ибн Умар жана Абу Хурайра (радыялаху анхума) Аллахтын Элчиси ﷺ минбарынын үстүндө туруп минтип айтканын угушкан: "Адамдар жума намазын калтырууну (таштоону) токтотпосо, Аллах алардын жүрөгүн мөөрлөп, анан алар капылеттеги адамдардан болуп калышат." [104] (104) Муслим, 865

Мусулмандар жума намазынын парз экендигине ижма кылышкан. Ибн Мунзир (рахимахуллах) айткан: "Аалымдар жума намазы эркин, балагатка жеткен, туруктуу (мусапыр эмес) жана эч кандай үзүрү жок адамдарга парз деп ижма кылышкан." [105] [105] Ижма, 40-б

Экинчиси: Кимдерге парз?

Жума намазы ар бир эркин, балагатка жеткен, акыл-эси жайында, ага барууга кудурети жеткен, туруктуу (мусапыр эмес) мусулман эркекке парз. Ал эми кулга, аялга, жаш балага, акыл-эси жайында эмес адамга, оорулууга жана мусапырга парз эмес. Буга Тарик ибн Шихабдын (радыялаху анху) Пайгамбардан ﷺ риваят кылган хадиси далил. Пайгамбар ﷺ айтты: "Жума намазын жамаат менен окуу – ар бир мусулманга парз. Төрт адамдан башкасына: кул, аял, жаш бала жана оорулуу." (106) (106) Абу Дауд, 1067

Ал эми мусапырга жума намазы парз эмес. Анткени Пайгамбарыбыз ﷺ сапарларында аны окуган эмес. Анын ажылыгында арафат күнү жума күнүнө туш келген, ошого карабастан, ал аны бешим кылып, аср намазын ага кошуп окуган.

Ибн Мунзир (рахимахуллах) бул тууралуу ижманы ушинтип эскерген: "Аалымдар жаш балага жана аялдарга жума намазы парз эмес деп ижма кылышкан. Ошондой эле жума намазы эч кандай үзүрү жок, эркин, балагатка жеткен, туруктуу (мусапыр эмес) эркектерге парз деп ижма кылышкан."[107] [107] Ижма, 40-б

Эгерде жума намазына кул, аял, жаш бала, оорулуу жана мусапыр адам катышса, алардын намазы дурус болуп, бешим намазынын ордуна өтөт.

Жайыт жана суу издеп көчүп жүргөн көчмөндөргө (чабандарга) жума намазы парз эмес, анткени Пайгамбарыбыздын  ﷺ доорунда көчмөндөр Мединанын айланасында болушкан жана Пайгамбарыбыз ﷺ аларга жума намазын окууну буйруган эмес. Имам Ахмад мынтип айткан: "Көчмөндөргө жума намазы парз эмес, анткени алар көчүп жүрүшөт. Бул өкүмдүн (Жуманын милдеттүү эместигинин) себебин алардын көчүп жүргөндүгү менен түшүндүрдү. Демек, ким өз каалоосу менен көчүп жүрбөстөн, бир жерде туруктуу отурукташкан болсо, ал айыл-кыштак элинен (отурукташкан калктан) болуп саналат (жана ага Жума намазы парз)." [108] [108] Мажмуу ал-Фатаава, (24/166)

Жума намазы үч адам менен туура болот: бирөөсү хутба кылса, экөөсү угат. Анткени Аллах Таала айтты: "...тезинен Аллахты эскерүүгө (мечиттерге) шашылгыла." (Жума сүрөсү, 9-аят) Бул көптүк түр, араб тилинде көптүк түрдүн эң азы үчөө.

Үчүнчү: Жума намазынын окулуу тартиби

Жума намазы эки рекет, анда куранды үнүн чыгарып окуйт. Анткени Пайгамбар ﷺ ушундай кылган жана бул нерсеге аалымдар ижма кылышкан. Ибн Хазм (рахимахуллах) айтат: "Жума намазы – эгер шарттары менен окулса – эки рекет үн чыгарылып окуларына ижма кылышкан." [109] [109] Маратиб аль-Ижма, 33-б

Биринчи рекетте Фатихадан кийин «А'ла» сүрөсүн, экинчи рекетте Фатихадан кийин «Гашия» сүрөсүн окуу сүннөт. Анткени Ну'ман ибн Башир (радыялаху анхума) айткан: "Аллахтын Элчиси  ﷺ айт жана жума намаздарында «А'ла» жана «Гашия» сүрөлөрүн окучу."[110] (110) Муслим, 878

Же болбосо биринчи рекетте Фатихадан кийин «Жума сүрөсүн», экинчи рекетте Фатихадан кийин «Мунафикун» сүрөсүн окуйт. Ибн Абу Рафи' айтат: "Марван Абу Хурайраны Мадинага өзүнүн ордуна калтырып, өзү Меккеге жөнөп кетти. Ошондо Абу Хурайра бизге жума намазын окуп берип, «Жума» сүрөсүнөн кийин, акыркы рекетте «Мунафикун» сүрөсүн окуду. Мен намаздан кийин Абу Хурайрага жетип барып: Сиз Али ибн Абу Талиб Куфада окуп жүргөн эки сүрөнү окудуңуз, - дедим". Ошондо Абу Хурайра мындай деди: "Мен Аллахтын Элчисинин ﷺ жума күнү ал экөөнү окуп жатканын укканмын." [111] (111) Муслим, 877

Төртүнчү маселе: Жума намаздын кайсы бөлүгүнө жетсе жума эсептелет?

Жума намазы имам менен бирге бир рекетке жетишүү менен ишке ашат (эсептелет). Абдуллах ибн Умар (радыяллаху анхума) риваят кылган хадисте Пайгамбар ﷺ мындай деген: "Ким жума намазынын же башка намаздын бир рекетине жетишсе, анда анын намазы толук болот (намазга жетишет)." (112) (112) Насааи, 557

Ал эми бир рекетке жетпей калса, аны бешим деп окуйт. (113) (113) ибн Кудама, «Ал-Мугни» 2/231

Ким Жума намазынын бир рекетин өткөрүп жиберип, имамга экинчи рекеттин рүкүсүндө же андан мурун жетишсе, ал бир гана рекет кошуп окуйт, себеби хадисте мындай делет: "Ким намаздын бир рекетине жетишсе, анда ал намаздын баарына жетишкен болот." Түшүндүрмө: Ким имам менен бир рекетке жетсе (тактап айтканда, экинчи рекеттин рүкүсүнө жетсе), жума намазына жеткен болуп эсептелет. Имам салам бергенден кийин туруп, дагы бир рекетти толуктайт. (114) (114) Абу Дауд, 893

Бешинчи маселе: Жума күнү арам же макрух болгон иштер

1- Имам кутпа айтып жатканда сүйлөөгө болбойт. Абу Хурайрадан (радыяллаху анху) келген хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деген: "Эгер жаныңдагы адамга жума күнү имам кутпа айтып жаткан учурда: «Тынчтанып ук» - десең да, анда куру сөз сүйлөгөн болосуң." [115] Тактап айканда жалган жана кабыл кылынбаган бекер сөз сүйлөп, жумаңдын пазилети жокко чыкты. (115) Бухари, 934; Муслим, 851

Имам Навави (рахимахуллах) мындай деген: "Хадисте хутба учурунда сүйлөөнүн бардык түрүнө тыюу салынып, бул менен башка сөздөргө да тыюу салынганы эскертилген. Анткени, жакшылыкка буйруу болуп саналган «Тынчтанып ук» деген сөздү да «куру сөз» деп атаган соң, андан да жеңил сөз «куру сөз» деп аталууга андан бетер ылайыктуу болот." (116) (116) Шарх Муслим, 6/138

Сүйлөөгө болгон тыюуга чүчкүргөнгө жооп берүү жана саламга алек алуу да кирет. Ошондуктан имам хутба айтып жатканда аларды кылууга болбойт. Ал эми хатиб хутбаны баштаганга чейин жана эки хутбанын ортосундагы тыныгуу учурунда сүйлөөгө уруксат.

Ал эми имамга уюучу адам хатиб менен сүйлөшүүсүндө эч кандай маселе жок. Анткени Анас ибн Малик (радыяллаху анху) мындай деген: "Жума күнү Аллахтын Элчиси ﷺ туруп хутба айтып жатканда, бир киши «Дарул-Каданын» жанындагы эшиктен мечитке кирип келди да, Аллахтын Элчисинин ﷺ маңдайына туруп, «Эй, Аллахтын Элчиси, мал-мүлк кыйрап, жолдор жабылды. Аллахка дуба кыл, бизге жамгыр берсин» - деп айтты. Ошондо Аллахтын Элчиси ﷺ эки колун көтөрдү...» (117) Бухари, 967; Муслим, 897

2- Хутба учурунда майда таштарды кармоо, теспе тартуу, уюлдук телефон менен алек болуу жана ушул сыяктуу ашыкча кыймылдарга тыюу салынат. Анткени Абу Хурайра (радыяллаху анху) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: "Ким (жума хутбасы учурунда) майда таштарды кармаса (ойносо), ал пайдасыз иш кылган болот." (118) Мунун себеби, ашыкча кыймылдар түшүнүүгө жана хушуга (ыклас) тоскоол болот. (118) Муслим, 857

3 - Хутба учурунда адамдардын үстүнөн аттап өтүүгө болбойт. Абдуллах ибн Буср (радыяллаху анху) айтты: "Жума күнү Пайгамбарыбыз ﷺ хутба кылып жатканда, бир киши адамдардын үстүнөн аттап кирип келди. Ошондо Пайгамбарыбыз ﷺ ага мындай деди: «Олтур, (адамдарга) ызаа жеткирдиң»." (119) (119) Абу Дауд, 1118

Анткени адамдардын үстүнөн аттап өтүү намаз окуучуларга зыян келтирип, аларды хутба угуудан алаксытат. Ал эми имам өз ордуна башка жол менен жете албаса, ал аттап өтсө болот. Ошондой эле даарат алуу жана алдындагы бош жерди толтуруу же ушул сыяктуу зарыл муктаждыктан улам аттап өтүүгө мажбур болгон адамга да уруксат.

4- Бирөөнү ал биринчи келип ээлеген ордунан тургузуп, анын ордуна олтуруу арам болот. Анткени Жабир ибн Абдуллах (радыяллаху анху) риваят кылган хадисте Пайгамбар ﷺ айткан: "Силерден бирөөңөр жума күнү бир тууганын ордунан тургузуп, анан анын ордуна олтурбасын, тескерисинче жылышып, ага орун бергиле." (120) (120) Муслим, 2178

5- Эки кишинин ортосуна олтуруп же үстүнөн аттап өтүп, арасын бөлүү макрүх. Салман ал-Фариси (радыяллаху анху) Пайгамбарыбыздын ﷺ мындай дегенин айткан: "Кимде-ким жума күнү гусул алып, анан (мечитке) эртелеп барып, эки кишинин ортосун ажыратпастан, өзүнө насип кылганча намаз окуп, анан имам чыкканда унчукпай угуп олтурса, анын ошол жума менен кийинки жуманын ортосундагы (майда) күнөөлөрү кечирилет." [121] Бул эки адамдын ортосун ажыраткан адам мындай кечиримге ээ болбой каларына далаалат кылат. (121) Бухари, 910

Алтынчы маселе: Жума күндүн сүннөттөрү:

1- Жума күнүнүн багымдат намазында «Сажда» жана «Инсан» сүрөлөрүн окуу сүннөт. Анткени Пайгамбарыбыз ﷺ дайыма ушундай кылчу. Абу Хурайра (радыяллаху анху) айтат: "Пайгамбар ﷺ жума күнү багымдат намазында «Алиф Лям Мим, Танзийл» (Сажда сүрөсүн) жана «Халь атаа ‘алаль инсаани хийнум-минад-дахри» (Инсан сүрөсүн) окуйт эле»."[122] (122) Бухари, 891; Муслим, 880

2- Жума күнү гусул алуу – бекемделген сүннөт. Абдуллах ибн Умар (радыяллаху анхума) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ айткан: "Силерден бирөөңөр жума намазына келсе, гусул алсын." [123] Муну бекем карманып, таштабоо керек, айрыкча, денесинен жагымсыз жыт чыккан адамдар. (123) Бухари, 877; Муслим, 844

Жума гусулунун убактысы таң аткандан башталат. Жунуп адамдын гусулу жума гусулунун ордуна жетиштүү болот. Анткени жума гусулунан көздөлгөн максат – тазалануу жана денедеги жагымсыз жыттарды кетирүү. Бул максатка жунуптуктан гусул алуу менен да жетишилет. Бирок, соопко жетүү үчүн жунуптуктан гусул алып жатканда, ага жума намазы үчүн гусул алууну да ниет кылса шариятка ылайык болот (соопко жетет)."

3- Ага жыпар жыттуу нерселерди себинүү жана тазалануу, ошондой эле денеден алынуусу керек болгон нерселерди алуу сүннөт. Мисалга: тырмактарды алуу, киндиктин астындагы авреттеги түктөрдү алуу (кыруу), колтуктун түктөрүн тазалоо жана мурутту кыскартуу. Анткени, Салман ал-Фариси (радыяллаху анху) айткан: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Кимде-ким жума күнү гусул алып, колунан келишинче тазаланып, андан соң атыр же жыттуу нерселерден себинип, анан мечитке жөнөп, эки кишинин арасын ажыратпай, өзүнө насип кылганча намаз окуса, андан кийин имам (минбарга) чыкканда унчукпай аны укса, анын ошол жума менен кийинки жуманын ортосундагы (майда) күнөөлөрү кечирилет." (124) (124) Бухари, 910

Ошондой эле бул күнү мисвак колдонуу да бекемделген суннөт. Абу Саид ал-Худри (радыяллаху анху) айтты: Мен Аллахтын Элчисинин ﷺ мындай деп айтканына күбөлүк берем: "Жума күнү гусул алуу, тишин мисвак менен тазалоо жана эгер таба алса атыр себинүү ар бир балагатка жеткен мусулманга ваажиб." (125) (125) Бухари, 880

4- Умар ибн аль-Хаттаб (радыяллаху анху) риваят кылган хадиске ылайык, жума күнү кийимдердин эң жакшысын кийүү сүннөт. Ал (Умар) мечиттин эшигинин жанында (сатылып жаткан) жибек аралашкан чапанды көрүп: «Оо, Аллахтын Элчиси! Ушуну сатып алып, жума күнү жана сизге элчилер келгенде кийсеңизчи...» - деди. (126) (126) Бухари, 886; Муслим, 2068

5 - Жума күнү мечитке эрте баруу сүннөт. Анткени, Абу Хурайра (радыяллаху анху) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деген: "Кимде-ким жума күнү жунуптуктан гусул алгандай гусул алып, (тагыраак айтканда, сыпаты жана тартиби жунуптуктан алынган гусул сыяктуу болсо) анан эртерээк мечитке барса, төөнү курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам уйду курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам мүйүздүү кочкорду курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам тоокту садака кылгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам жумуртканы садака кылгандай сооп алат. Имам хутбага (минбарга) чыкканда периштелер хутбаны угуу үчүн келишет." (127) (127) Бухари, 881; Муслим, 850

6 - Жума күнү имам хутба айтып жатканда мечитке кирген адам олтурардан мурда эки рекет жеңил намаз окуусу сүннөт. Анткени Пайгамбарыбыз ﷺ хутба учурунда кирген адамга ушундай кылууну буйруган. Жабир ибн Абдуллах (радыяллаху анху) мындай деп айткан: Жума күнү Аллахтын Элчиси ﷺ  хутба айтып жатканда Сулейк ал-Гатафани келип олтуруп алды, ошондо Аллахтын Элчиси ﷺ ага мындай деди: "Эй, Сулейк! Тур да, эки рекет кыска намаз оку." Андан кийин ал мындай деди: "Силердин бириңер жума күнү имам хутба айтып жаткан учурда келсе, эки рекет намаз окусун да, аны кыска окусун." (128) (128) Бухари, 930; Муслим, 875

7 - Жума күнү «Кахф» сүрөсүн окуу сүннөт. Абу Саид ал-Худри (радыяллаху анху) Пайгамбардын ﷺ мындай дегенин риваят кылат: "Ким жума күнү Кахф сүрөсүн окуса, ага эки жуманын ортосунда нур жаркырап турат." Түшүндүрмө: "Нур жаркырап турат"- иштеринде береке болот дегени. (129) (129) Хаким, Мустадрак, 3392; Бул хадис Абу Саиддин (радыяллаху анху) өз сөзү катары (мавкуф түрүндө) риваят кылынгандыгы үчүн "маалул" (кемчилиги бар) деп эсептелет.

8- Жума күнү жана түнү Пайгамбарга ﷺ көп салават айтуу сүннөт. Анткени, Аус ибн Аус (радыяллаху анху) айтат: Пайгамбар ﷺ айтты: "Силердин күндөрүңөрдүн эң жакшысы – жума күнү. Ал күнү мага көп салават айткыла. Анткени силердин салаватыңар мага көрсөтүлүп турат." 130 (130) Абу Дауд, 1531

9 - Бул күнү көп дуба кылуу жана дуба кабыл боло турган убакытты издөө сүннөт. Абу Хурайра (радыяллаху анху) айтты: Аллахтын Элчиси ﷺ жума күнүн эскерип, мындай деди: "Анда бир убакыт бар, ага кайсы бир мусулман адам намазда турган учуруна дал келип, Аллах Тааладан бир нерсе сураса, Аллах ага аны сөзсүз берет." (131) (131) Бухари, 935; Муслим, 852

Жума күнүнүн бардык сааттарында дубанын кабыл болушу үмүт кылынат (күтүлөт). Бирок, алардын ичинен эң эле кабыл болууга жакын убакыттар: имам хутбада отургандан баштап, намаз окулуп бүткөнгө чейинки аралык жана шам намазын күтүп олтурган адам үчүн жума күнүнүн акыркы сааты, мейли ал мечитте, мейли үйүндө болсун айырмасы жок. Анткени Абу Муса ал-Аша'ри (радыяллаху анху) риваят кылган хадисте Пайгамбар ﷺ жума күнүндөгү дуба кабыл болуучу саат жөнүндө мындай деген: "Ал – имам хутбада олтургандан намаз окулуп бүткөнгө чейин." (132) (132) Муслим, 853

Жетинчи маселе: Жума намазынын нафили:

Жума намазынын алдында окулуучу ратиба сүннөтү жок. Бирок жума намазына келген адамга каалаганынча, эки, төрт, алты же андан көп рекет намаз окуусу сүннөт. Ал ар бир эки рекеттен кийин салам берет. Анткени Пайгамбар ﷺ ушундай кылууга кызыктырган. Салман ал-Фариси (радыяллаху анху) айтты: Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деди: "Кимде-ким жума күнү гусул алып, анан (мечитке) эртелеп барып, эки кишинин ортосун ажыратпастан, өзүнө насип кылганча намаз окуп, анан имам чыкканда унчукпай угуп олтурса, анын ошол жума менен кийинки жуманын ортосундагы (майда) күнөөлөрү кечирилет." [133] Ошондой эле, бул сахабалардын (радыяллаху анхум) жасаган иштеринен жана жалпы эле нафил ибадаттардын артыкчылыгы тууралуу келген далилдерден улам (сүннөт деп эсептелет). (133) Бухари, 910

Ал эми (жума намазынын) ратиба сүннөтү — жума намазынан кийин окулат. Аны үйүндө эки рекет, же мечитте төрт рекет кылып окуса болот. "Пайгамбар ﷺ жума намазынан кийин үйүндө эки рекет намаз окуйт эле." (134) Абу Хурайра (радыяллаху анху) айтты: Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деди: "Силердин бириңер жума намазын окуса, андан кийин төрт рекет намаз окусун." (135) (134) Бухари, 937; Муслим, 729; Ибн Умардан (радыяллаху анхума) келген хадис (135) Муслим, 881

Жуманын ратиба сүннөтү мечитте окулса төрт рекет, ал эми үйдө окулса эки рекет окулат.

Экинчи бөлүм: Жума хутбасы

Биринчи маселе: Жума хутбасы

Хутба бул – Жума намазынан алдын элге айтылып, өзүнө Аллах Таалага алкыш-мактоолорду, Пайгамбарга ﷺ салам-салаваттарды жана насаат-эскертүүлөрдү камтыган сөз. [136] (136) Муъжам Лугат ал-Фукахаа, 197-б; Хутбату-л-Жумъа уа Ахкаамуха ал-Фикхиййа ли-л-Хужайлан, 22-б

Экинчи маселе: Хутбанын өкүмү

Хутба – жума намазынын шарты, ансыз жума намазы туура болбойт. Себеби Аллах Таала мындай деген: "Оо, ыйман келтирген пенделер! Эгер Жума күнү (Жума намазына чакырып) азан айтылчу болсо, тезинен Аллахты эскерүүгө (мечиттерге) шашылгыла..." (Жума сүрөөсү, 9-аят) «Аллахты зикир кылуу» - деген сөз «хутба» деп тафсир кылынган. [137] Эгерде хутба важип болбогондо, ага шашылуу да важип болмок эмес. Пайгамбарыбыздын ﷺ аны дайыма аткарып, эч качан таштабаганы да буга далил. (137) Тафсир ат-Табари, 22/642

Имам Ибн Кудама ал-Ханбали (рахимахуллах) айтты: "Хутба – жуманын шарты, ансыз ал туура болбойт." (138) (138) Мугни, 2/224

Үчүнчү маселе: Хутбанын шарттары:

1- Эки хутба айтылышы. Абдуллах ибн Умар (радыяллаху анхума) мындай деп айткан: "Пайгамбарыбыз ﷺ эки хутба айтып, экөөнүн ортосунда олтурчу." (139) (139) Бухари, 928

2- Жума намазынын убактысы киргенден кийин окулуусу керек, эгер ал же анын бир бөлүгү убактысынан мурун окулса, анда ал хутба жараксыз болот.

3- Эки хутбанын намаздан алдын айтылуусу. Анткени Сааиб ибн Язид (радыяллаху анху) мындай деген: "Жума күндөгү биринчи азан Аллахтын Элчисинин, ﷺ Абу Бакрдын жана Умардын (радыяллаху анхума) убагында имам минбарга олтурганда айтылчу." [140] Бул эки хутбанын намаздан алдын айтылышына ачык далил. (140) Бухари, 916

Пайгамбар ﷺ мындай деген: "Менин намаз окуганымды көргөнүңөрдөй намаз окугула!" (141) Пайгамбар ﷺ эки хутбадан кийин гана намаз окуган. Мардави айтты: "Эки хутбанын намаздан алдын болуштугу талашсыз шарт кылынат". (142) (141) Бухари, 631; Малик ибн ал-Хувайристин (радыяллаху анху) хадиси [142] ал-Инсаф, 2/389

4 - Хутбанын бөлүктөрүн биринин артынан бирин айтуу. Имам Ибн Кудама (рахимахуллах) мындай деген: "Хутбанын туура болуусу үчүн удаалаш айтылышы шарт. Эгерде хутбаны узун сөз (хутбага тиешеси жок), узун убак сүйлөбөй же удаалаштыкты үзө турган башка бир нерсе менен бөлүп койсо, анда хутбаны жаңыдан баштайт. Аралыктын узун же кыска экенин аныктоодо адатка каралат. Ошондой эле хутба менен намаздын ортосунда да удаалаштык шарт кылынат. Эгер даарат алууга муктаж болуп калса, даарат алат да, эгер ортодогу убакыт узарып кетпесе, хутбасына намазын улап окуй берет".[143] (143) ал-Мугни, 2/230

5- Хутбаны жарыя айтуу. Анткени хутба айтуу – важиб жана жума намазынын туура болуусунун шарты. Ал эми жарыя айтуу – көздөлгөн максатка жетүүнүн каражаты болуп саналат. Ал эми (хутбадан көздөлгөн) максат — насаат айтуу жана эскертүү. Важиб эмнесиз аткарылбаса, ал нерсе да важиб болот.

6 - Жума намазы дурус боло турган сандагы адамдардын катышуусу шарт. Анткени, хутба – бул зикир. Демек, жогоруда айтылган сандагы адамдардын хутбаны угуусу зарыл.

Төртүнчү маселе: Хутбанын рүкүндөрү:

1- Хутбаны Аллах Таалага шүгүрлөрдү жана мактоолорду айтуу менен баштоо. Себеби Жабир ибн Абдуллах (радыяллаху анхума) мындай деп айткан: "Пайгамбар ﷺ жума күнкү хутбасын Аллахка мактоо айтып, Аны даңктоо менен баштап, андан кийин (хутба) айтат эле." [144] (144) Муслим, 867

2- Хутба Пайгамбарга ﷺ салават айтууну өзүнө камтышы. Хутбаларда Пайгамбарга ﷺ салават айтуу Сахабалардын (радыяллаху анхум) арасында белгилүү иш болгон. [145] (145) Жалаа ал-Афхаам ли-Ибн ал-Коййим, 371-б

2 - Хутба насаат айтууну жана Аллах Тааладан коркууга чакырууну өзүнө камтышы. Себеби Жаабир ибн Самура (радыяллаху анху) мындай деп айткан: "Пайгамбардын ﷺ эки хутбасы болгон, ал экөөнүн ортосунда олтурат эле. Ал хутбада Куран окуп жана адамдарды эскертет эле." [146] Анткени хутбанын максаты – Куран окуп адамдарды эскертүү. (146) Муслим, 862

4- Курандан аяттарды окуу. Жабир ибн Самура (радыяллаху анху) риваят кылып айтты: "Пайгамбар ﷺ эки хутба айтып, ал экөөнүн ортосунда олтурат эле. Ал хутбада Куран окуп жана адамдарды эскертет эле".

Бешинчи маселе: Хутбанын сүннөттөрү:

1 - Хутбаны минбарда же бийик жерде туруп айтуу. "Пайгамбарга ﷺ минбар жасалып, ал жума күнү анын үстүндө туруп хутба кылат эле." (147) Пайгамбардын ﷺ минбарда туруп хутба кылганы көптөгөн Сахабалардан (радыяллаху анхум) таватур жолу менен риваят кылынган.[148] Имам Навави (рахимахуллах) бул иштин мустахаб экендигине ижма болгонун айтып, мындай деген: "Аалымдар хутбанын минбарда окулушу мустахаб экендигинде бир пикирге келишкен." (149) Анткени бул адамдарга жеткирүүдө жеткиликтүү жана адамдар хутба айткан адамды көргөндө, аларга насаат айтуу дагы да таасирдүүрөөк болот. (147) Бухари, 2095, Жабир (радыяллаху анху) (148) Ирва ал-Галил, 3/75 жана башка булактар (149) Ал-Мажмуу шарх ал-Мухаззаб, 4\527

2 - Хутба айткан адамдын тик туруп хутба айтуусу. Аллах Таала айткан: "Алар (кээ бир мусулмандар) сооданы жана оюн-тамашаны көргөндө ошого чуркап кетишти. Сени болсо, (мечиттин минбарында) турганың бойдон калтырышты..." (Жума сүрөсү, 11-аят) Абдуллах ибн Умар (радыяллаху анхума) айтты: Пайгамбар ﷺ хутбаны тик туруп айтчу, анан олтурчу, анан азыркы силер кылгандай кайра турчу." (150) (150) Бухари, 920; Муслим, 861

3 - Хутба айткан адамдын элге жүздөнүүсү. Абдуллах ибн Умар (радыяллаху анхума) риваят кылган хадисте: "Пайгамбар ﷺ жума күнү минбарына жакындаганда, жанында олтургандарга салам берчү. Анан минбарга чыкканда, элге жүздөнүп алып, салам берчү." (151) (151) Байхаки, Сунан Кубра, 5742

Ал-Хафиз Ибну Ражаб айтты: Имамдын мечиттеги адамдарга бет алып, Кыбылага артын салышы тууралуу аалымдар бир пикирде, ошондой эле далилдер да буга далалат кылат. Анткени ал хутбаны угучулар хутбаны түшүнүшү үчүн аларга кайрылат. Мунун баары Сүннөт. Эгерде имам буга каршы чыкса, анда ал сүннөткө каршы чыккан болот, бирок анын жумасы дурус болот."[152] (152) Фатхул-Баари, Ибн Ражаб, 8/250

4 - Хутба айткан адамдын элге жүз бурганда салам айтуусу сүннөт, буга Жабирдин (радыяллаху анху) хадиси далил: "Пайгамбар ﷺ минбарга чыкканда салам берчү." (153) (153) Ибн Маажа, 1109

5 - Азанчы азанды айтып бүткөнгө чейин имам минбарда олтуруусу. Ибн Умар (радыяллаху анху) айтты: "Пайгамбар ﷺ эки хутба кылчу. Ал минбарга көтөрүлгөндө азанчы азан айтып бүткөнгө чейин олтуруп, анан туруп хутба кылчу, андан кийин сүйлөбөстөн олтуруп, кайра туруп хутба кылчу."[154] Ас-Сааиб ибн Язиддин (радыяллаху анху) хадисинде мындай делет: «Жума күнкү биринчи азан Аллахтын Элчисинин ﷺ, Абу Бакрдын жана Умардын (радыяллаху анхума) доорунда, имам минбарга олтурганда айтылчу." [155] (154) Абу Дауд, 1092 (155) Бухари, 916

6- Хутбаны күчү жетишинче үнүн бийик чыгарып айтуусу. Жабир ибн Абдуллах (радыяллаху анху) айтат: Аллахтын Элчиси ﷺ хутба кылганда көздөрү кызарып, үнү бийик чыгып, ачуусу күчөп, жада калса аскерлерди: «Соббахакум уа Массаакум» - деп (душмандан) эскерткен киши сыяктуу айтат эле. [156] «Соббахакум» – силерге аскерлер таңкы убакта кол салды, ал эми «Массаакум» – кечки убакта кол салды. Ким бирөөнү коркутса, ушул эки сөздү айтса болот. (156) Муслим, 867

7- Эки хутбанын ортосунда бир аз олтуруу. Ибн Умар (радыяллаху анхума) айтат: "Пайгамбар ﷺ эки хутба айтып, ал экөөнүн ортосунда олтурат эле." (157) (157) Бухари, 928

8- Эки хутбаны кыска кылуу, экинчисин биринчисинен кыскараак кылып, ал эми намазды узун окуу сүннөт. Аммар (радыяллаху анху) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деген: "Чындыгында, адамдын намазды узун окуп, хутбаны кыска айтуусу – анын (динди) терең түшүнгөнүнүн белгиси. Ошондуктан, намазды узун окугула да, хутбаны кыскарткыла." (158) (158) Муслим, 869

9- Мусулмандарга дини менен дүйнөсүнүн оңолушу үчүн жана мусулмандардын башчыларына оңолуу жана ийгилик тилеп дуба кылуу сүннөт. Имам Навави (рахимахуллах) айтты: "Ал эми мусулмандардын имамдарынын жана башчыларынын оңолушун, аларга акыйкатты карманууга жардам берилишин, адилеттүүлүктү орнотууларын жана ушул сыяктуу жакшылыктарды сурап, ошондой эле Ислам аскерлерине дуба кылуу – мустахаб болуп эсептелет." [159] (159) Аль-Мажмуу шарх аль-Мухаззаб, 4/521

Имамга жума хутбасында дуба кылып жатканда «истиско» (жамгыр тилөө) дубасынан башка учурда колун көтөрүү шариятка туура келбейт. Ал сөөмөйү менен ишарат кылуусу мустахаб. Умара ибн Руайба (радыяллаху анху) Бишр ибн Марванды минбарда эки колун көтөрүп турганын көрүп, мындай деди: "Аллах бул эки колду курутсун! Мен Аллахтын Элчисин ﷺ колу менен мына мынтип ишарат кылгандан ашыкча кылганын көргөн эмесмин", - деп, сөөмөйү менен ишарат кылды.[160] (160) Муслим, 874

10 - Хутбаны айткан адамдын намазга да имамдык кылуусу. Анткени Пайгамбар ﷺ ал экөөнү өзү аткарат эле, ошондой эле андан кийинки халифалары дагы ушундай кылат эле. Эгер үзүрлүү себеп менен бир киши хутба айтып, башкасы намаз окуса жарай берет.[161] (161) ал-Мугни ибн Кудама, 2/228

Алтынчы маселе: Жума хутбасынын котормосу.

Элдин көпчүлүгү араб тилин билбеген өлкөлөрдө имам алардын тилинде хутба айтуусуна уруксат берилет. Анткени алар хутбаны түшүнүп, андан көздөлгөн максат ишке ашып, андагы илимден, насааттан жана эскертүүдөн пайда алышат. Ошондой эле Пайгамбардан ﷺ жума хутбасынын араб тилинде болушу шарт экенине далил келген эмес. Ал ﷺ араб тилинде хутба кылган, анткени бул анын жана анын коомунун тили болчу.

Пайгамбардын ﷺ хутбаларына эрчип жана бул маселедеги талаштан оолак болуп, имам хутбаны араб тилинде айтып, андан кийин аны өз элинин тилине которсо абзелирээк.

Котормодо угуучулар үчүн кайсынысы пайдалуураак экенине каралат: хутбанын ар бир бөлүмүнөн кийин (үзүндү-үзүндү кылып) которуубу же котормону араб тилиндеги хутба толук бүткөндөн кийин жана намазга чейинки убакытка калтыруубу.

Ошондой эле кутбаны синхрондук (түз эфирде) которууга жана ал котормону атайын берүүчү станция (радио толкун) аркылуу таратууга уруксат берилет. Бул иш котормочу тарабынан да, угуучу тарабынан да тыюу салынган куру сөз (лагв) деп эсептелбейт. Анткени анда жалпыга пайда жана хутбанын максатын ишке ашыруу жатат.

Жетинчи маселе: Хутба кылуучунун сыпаттары:

Хутба кылуучу адам – мечиттин тиреги жана күчү. Ал аркылуу мечит дааватты жайылтуу, коомду агартуу жана адамдарга дин иштерин түшүндүрүү боюнча өз милдетин аткарат. Эгерде хутба кылуучу адам аалым, акыл-эстүү, көрөгөч, адамдардын үрп-адаттары менен абалдарын жакшы билген адам болсо, анын мечит жамаатына жана мечит жайгашкан аймактын тургундарына тийгизген таасири жакшы жана пайдалуу болот. Ал аларга илим берип, туура жолго багыттап, ар бир жакшылыкка жана ийгилике жетелейт.

Исламдын баштапкы учурунда Пайгамбар ﷺ Өзү хутба кылчу. Андан кийин бул ишти анын туура жолдогу халифалары, андан соң амирлер, кол башчылар, аалымдар жана көрүнүктүү инсандар аткарышкан. Бул, бул кызматты аткаруучунун динде, адеп-ахлакта, илимде жана жүрүм-турумда жогорку даражада болууга тийиш экенин көрсөтөт.

Мына ушул жерде бул кызматтын адамдардын жашоосундагы маанилүүлүгү көрүнөн. Анткени хутбачылардын күчтүүлүгү алардын коомунда, ал эми алсыздыгынын таасири да ошол коомдордо байкалат. Себеби мечит коомду сөз менен амалды айкалыштырууга үйрөтөт. Эгерде хутбачынын илими тайкы, акылы кем, инсандык сапаты төмөн же кулк-мүнөзү жана жүрүм-туруму жаман болсо, анда ал пайда бербестен, зыян келтирет. Хутба кылуучунун милдети намаз окуучуларды жакшылыкка, такыбалыкка жана тууралыкка багыттоо болсо, сабатсыз хутба кылуучу бул улуу милдетти ишке ашыруусу өтө кыйын.

Кээде хутба кылуучу илими жана жеке жөндөмдүүлүгү жагынан бул милдеттин шарттарына толук жооп берсе да, башка иштер менен алек болгондугу анын милдетин аткаруу деңгээлине таасирин тийгизет.

Ошондой эле, ал жагдайга ылайыктуу кылып хутба даярдоого жетиштүү убакыт таппай калышы мүмкүн. Ошондо ал Ибн Каййим ал-Жаузий (рахимахуллах) айткандай: Адамдарга жүрөктө Аллахка болгон ыйманды, таухидди (Аллахты жалгыздоону), Аны өзгөчө таанууну жана Анын күндөрүн эскертүүнү пайда кылбаган, напсилерди Аны сүйүүгө жана Ага жолугууга кызыктырбаган хутба менен чыгат.[162] (162) Заад ал-Маад фи хадйи хайри ал-Ибаад, 1\409

Кээде ага напси каалоолор же илимсиздик же талаш-тартыштар же чектен чыгуу үстөмдүк кылат да, ал калыстыктан, тарбиялык багыт берүүдөн жана даанышмандык менен жакшы даават кылуудан алыстап кетет.

Чындыгында бул динде мечиттин орду абдан чоң. Анткени ал – пенде Раббиси менен байланышып, ыйманы күчтөнө турган, бир туугандары менен чогулуп, жакшылыкты жайылтууда жана жамандык менен күрөшүүдө бири-бирине жардамдаша турган хидаят мунарасы. Эгер Аллах ага бул улуу мансапты ээлеп, бул бийик иштин милдеттерин аткаруу үчүн талап кылынган илимий жана адеп-ахлактык сыпаттарга ээ имамды даярдап койбосо, мечит бул милдетти аткара албайт.

Хутба кылуучуга коюлуучу эң маанилүү илимий талаптар:

1 - Ар бир ишти ыхлас менен Аллах үчүн кылуу. Аллахтын алдында жана адамдардын арасында колдоого алынып, жеңишке жетип, кабыл болот жана сүйүктүү болот.

2 - Риякерликтен жана мактануудан алыс болуу. Анткени иштер максатка жараша, амалдар ниетке жараша болот. Ар бир адамга ниетиндеги нерсеси берилет. Кимде-ким өзүндө жок нерсе менен жасалгаланса, Аллах аны шерменде кылат.

3 - Аллахтын Китебин (Куранды) толук, же андан бир бөлүгүн жатка билүүсү, жаттагандарын дайыма кайталап туруусу жана Куран окуу үчүн күнүмдүк бир өлчөмү болуусу.

4 - Пайгамбардын ﷺ бир канча хадисин «Рияд-ус-Салихин», «Арбаин ан-Нававия», «Булуг-уль-Марам» же башка ишенимдүү хадис китептеринен жаттоо.

5 - Туура акыйданы, салафу солихтердин (Сахаба, таабииндердин) акыйдасын үйрөнүү.

6 - Дин өкүмдөрүнүн фикхин, айрыкча ибадаттардын (тазалык, намаз, зекет, орозо) жана мамилелердин фикхин үйрөнүүсү зарыл. Себеби, муну менен ал киреше табуунун жана аны сарптоонун эрежелерин билип, адамдарды алдамчылыктан, көз боёмочулуктан жана башкалардын мал-мүлкүн арам жол менен алуудан эскертет. Ошондой эле аларды ысырапкорчулуктан, мал-мүлктү чачуудан, сараңдыктан жана зыкымдыктан кайтарат. Ушунун натыйжасында алардын каржылык иш-аракеттери Куран жана сүннөттүн негизинде болот.

7 - Аллахтын Өз Элчисине ﷺ түшүргөн Китебинин маанилерин билүү үчүн араб тилин жакшы билүүсү. Анткени Куран араб тилинде түшкөн.

8 - Пайгамбардын ﷺ өмүр баянын, анын адеп-ахлагын жана өткөн сахабалардын, аалымдардын өмүр баяндарын окуу. Анткени аларда жакшы үлгү, сонун өрнөк, пайдалуу илимий байлык жана жогорку исламий маданият бар.

9 - Өз өлкөсүнүн жана башка жерлердин туура акыйдасы, илими жана акылы менен таанымал болгон терең билимдүү аалымдарын таанып, өзү муктаж болгон бардык диний маселелерди жана коомунун көйгөйлөрүн чечүү үчүн аларга кайрылуусу.

10 - Ислам жамааттарын жана алардын акыйдаларын, пикир агымдарын жана алардын максаттарын, бузуку мазхабдарды жана алардын көздөгөн максаттарын билүү. Бул Аллах Тааланын Китебинин, Анын Элчисинин ﷺ сүннөтүнүн жана анык илим ээси болгон мусулман аалымдарынын жазгандарынын негизинде аларга жооп кайтарып, алардын жалганчылыгын ашкерелеп, туура эмес жолунан эскертүү үчүн зарыл.

11 - Мусулмандардын учурдагы абалына, алардын алсыздыгына жана душмандардын үстөмдүгүнө көңүл буруусу керек. Мунун себеби алардын Аллахтын туура жана түз жолунан алыстагандыгы, Аллахка болгон ыйманынын алсыздыгы жана Анын шариятына баш ийбегендиги экенин билип, аларга динине жана дүйнөсүнө пайдалуу нерселерди үйрөтүүгө аракет кылуусу зарыл.

12 - Ар кандай маалымат каражаттары менен таанышып, алардын оң жана терс жактарын билүүсү, алардан Аллахтын динине чакырууда кантип пайдаланууну үйрөнүүсү жана алардагы өзүнө жана коомуна тийгизген коркунучтардан сактануусу зарыл.

Эгерде жума хутбасын кылуучу адамда ушул сыпаттар табылса, анда бул Аллах Тааланын уруксаты менен, туруктуулукту жана тең салмактуулукту пайда кылат.

Кулк-мүнөздүн эң маанилүү негиздери:

1 - Мечиттин имамы мечиттин жамаатына, мечиттин айланасындагы жашоочуларга жана мечитке келген башка адамдарга жакшылыка чакыруучу жана мугалим болуусу зарыл. Ал Аллахтын Элчисинен ﷺ өрнөк алуусу керек. Анткени ал – жакшы өрнөк жана эң сонун үлгү, ошондой эле үммөт менен башчылар үчүн эң жогорку мисал. Аллах Таала мындай деген: "(Оо, ыймандуулар!) Силер үчүн Аллахтын Элчисинде сонун үлгүлөр бар. (Бул үлгүлөр) Аллахтан жана Акырет күндөн үмүт кылып, Аллахты көп зикир кылгандар үчүн." (Ахзаб сүрөсү, 21-аят)

Өзүн жана мечитке келүүчүлөрдү дүйнө иштери жана саясат тууралуу сүйлөшүүдөн алыс тутуп, мечитти илим менен ибадатка гана арноо керек.

2 - Өзү таза, иреттүү болуп, мечиттин тазалыгына, буюм-тайымдарынын иреттүүлүгүнө жана мүлкүнүн сакталышына кам көрүшү, ошондой эле мында ысырапкорчулуктан жана мечитти ашыкча кооздоодон сактанышы керек.

3 - Жүрүм-туруму жана сырткы келбети көркөм болуп, сакалды коюп, мурутту кыскартуу жана кийимди кызыл ашыктан ылдый түшүрүүдөн сактануу менен Пайгамбардын ﷺ сүннөтүн кармануусу. Жөнөкөйлүктү жана токтоолукту карманып, өтүп кеткен салих аалымдардын жолун ээрчүүсү.

4 - Жумшак, сабырдуу жана ырайымдуу болуу. Анткени, хадисте келгендей, жумшактык кайсы иште болсо, аны көркүнө чыгарат, ал эми кайсы иште болбосо, анын көркү кетет. Айша (радыяллаху анху) риваят кылган хадисте Пайгамбар ﷺ айткан: "Кайсы иште жумшактык болсо, аны көркүнө чыгарат. Кайсы иште жумшактык болбосо, анын көркү кетет." (163) (163) Муслим, 2594

Эгер мечитке келгендердин бири ката кетирсе, имам аны жемелебеши керек. Тескерисинче ага жумшактык менен насаат айтып, жакшы жол менен үйрөтүүсү керек. Муавия ибн ал-Хакам ас-Сулами (радыяллаху анху) айтат: Мен Аллахтын Элчиси ﷺ менен намаз окуп жатканда, коомдон бир киши чүчкүрүп жиберди, ошондо мен: «Ярхамука Аллах» - дедим. Ошондо адамдар мага көздөрүн кадашты. Мен: "Шорум курусун! Силерге эмне болду, мага мынча карадыңар?" - дедим. Алар колдору менен сандарын чапкылай башташты. Алардын мени сүйлөтпөгүлөрү келип жатканын билгенимде, мен унчукпай калдым. Аллахтын Элчиси ﷺ намазын бүтүргөндө, ата-энем ага курман болсун, мен ага чейин да, андан кийин да андан өткөн мыкты мугалимди көргөн эмесмин. Аллахка ант, ал мени кабагын бүркөп, катуу караган да жок, урушкан да жок, урган да жок, сөккөн да жок. Ал айтты: "Чындыгында, бул намазда адамдардын сөзүнөн эч нерсени сүйлөөгө болбойт. Анда тасбих, такбир жана Куран окуу гана болот." (164) (164) Муслим, 537

5 - Адамдар анын айланасына чогулуп, анын мээриминен, жардамынан жана илиминен пайда алуулары үчүн, жумшак жана жүрөгү таза болуусу, алардын кыйынчылыктарында жана муктаждыктарында жанында туруусу жана мечиттин милдетине байланыштуу маселелерде алар менен кеңешүүсү керек.

Аллахтын Элчиси ﷺ баарынан жогорку даражада болгон, бул тууралуу Аллах Таала мындай деген: "(Оо, Мухаммад!) Раббиң тарабынан болгон ырайым себептүү сен аларга (сахабаларыңа) жумшак мамиле жасадың. Эгер орой, таш боор болсоң, алар сенин айланаңдан тарап кетишмек. Аларды кечир жана Алар үчүн (Аллахдан) кечирим сура. Жана (өзүң ылайык көргөн) иште алар менен кеңеш. Эгер (бир ишке) киришчү болсоң, Аллахка тобокел кыл. Албетте, Аллах тобокел кылуучуларды сүйөт." (Аалу Имран сүрөсү, 159-аят)

6 - Өз мечитинде жана жамаатынын арасында башчылык кылууга татыктуу болуш үчүн сабырдуулук жана күмөнсүз бекем ишеним менен сыпатталуусу зарыл. Анткени сабырдуулук жана күмөнсүз бекем ишеним пендени диндеги башчылык даражасына жеткирет. Аллах Таала минтип айткан: "Жана Биз Исраил урпактарынын арасынан, сабырдуулук көргөзгөн мезгилдеринде, туура жолго баштаган жолбашчыларды чыгардык. Алар Биздин аяттарыбызга бекем ишенишчү." (Сажда сүрөсү, 24-аят)

7 - Ал чынчыл, туура жолдогу жана ийгиликке жеткендерден болушу үчүн, мейли жума хутбасында, мейли илим жана насаат сабагында же адамдар менен сүйлөшүүсүндө болсун, айткан сөзүндө чынчыл болуусу керек. Анткени Пайгамбардан  ﷺ келген хадисте ал мындай деген: "Чынчыл болгула! Анткени чынчылдык жакшылыкка алып барат, а жакшылык болсо бейишке алып барат. Адам дайым чынчыл болуп, чынчылдыкка умтулса, ал Аллахтын алдында чынчыл деп жазылат. Жалган айтуудан сак болгула! Анткени жалган жамандыкка алып барат, а жамандык болсо тозокко алып барат. Адам дайым жалган айтып, жалганга умтулса, ал Аллахтын алдында жалганчы деп жазылат." (165) (165) Бухари, 6094; Муслим, 2607, Абдуллах ибн Мас'уудтун хадиси (радыяллаху анху)

Жалган – жамандык жана балээ. Эң чоң жалган – Аллах Таалага жалган айтуу жана Ал жөнүндө илимсиз сүйлөө. Аллах Таала айтты: "Айткын: “Менин Раббим бузукулуктардын ашкересин да, көмүскөсүн да арам кылды. Дагы күнөөнү, кыянат менен жасалган зулумду, (кудайлыгына) далил түшүрбөгөн нерселерди Аллахка шерик кылып алууңарды жана Аллах жөнүндө билбеген нерсеңерди сүйлөгөндү (арам кылды).” (Аъраф сүрөсү, 33-аят)

Бул улуу аят эң чоң күнөөлөрдү кичинесинен чоңуна карай ирети менен баяндаган. Алардын эң чоңу – Аллахтын ысым-сыпаттары жана шарияты тууралуу илимсиз сөз айтуу.

Аллахтын Элчисине ﷺ жалган айтуу – жалгандын эң чоңу жана күнөөлөрдүн эң жаманы. Ал – ээсине тозок убада кылынган чоң күнөөлөрдөн. Мугийра ибн Шуъба (радыяллаху анху) айтты: Мен Пайгамбардын ﷺ мындай дегенин уктум: "Акыйкатта менин атымдан жалган айтуу - башка бирөөнүн атынан жалган айткандай эмес. Ким менин атымдан атайын жалган сүйлөсө ал өзүнө тозоктон орун камдай берсин." (166) (166) Бухари, 1291; Муслим, 4

Айрым насаатчылар кылгандай, жакшылыкка кызыктыруу жана жамандыктан эскертүү үчүн жакшы ниет менен болсо дагы, жалгандан алыс болуу керек. Анткени анын эч кандай жакшылыгы жана туура жолу жок жаман иш, аны айткан адам сооп алмак турсун, күнөөгө батат.

8 - Сөз жеткирүүдө аманатчыл болуу, кабарды тактоо, ушактарды кабыл алууга шашпоо жана ишенимдүү сөзгө гана таянуу. Бул тууралуу Аллах Таала Өз сөзүндө мындай деп буйруган: "Оо, ыйман келтирген пенделер! Эгер силерге бир күнөөлүү адам (кандайдыр) кабар алып келсе, наадандык менен (ал жамандаган) коомду кайгы-капага салбашыңар үчүн жана жасаган ишиңерге бушайман болуп калбашыңар үчүн жакшылап (чын-төгүнүн) териштиргиле." (Хужурат сүрөсү, 6-аят)

9 - Адамдардын айыбын жашырууга, сырларын сактоого аракет кылуу. Ким бир мусулмандын айыбын жашырса, Аллах анын айыбын дүйнө жана акыретте жашырат. Ал эми ким мусулмандардын кемчиликтерин аңдыса, Аллах анын кемчилигин аңдып, аны өз үйүнүн ичинде болсо да шерменде кылат. Абдуллах ибн Умар (радыяллаху анху) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Ким мусулмандын айыбын жашырса, Аллах анын айыбын кыямат күнү жашырат." [167] Абу Барза ал-Аслами (радыяллаху анху) айтат: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Оо, тили менен ыйман келтирип, жүрөгүнө ыйман кире элек адамдар! Мусулмандарды ушактабагыла жана алардын артынан түшүп кемчиликтерин аңдыбагыла. Кимде-ким алардын кемчиликтерин аңдыса, Аллах анын кемчилигин аңдыйт. Аллах кимдин кемчилигин аңдыса, аны өз үйүндө шерменде кылат." (168) (167) Бухари, 2442; Муслим, 2580 (168) Абу Дауд, 4880

Сегизинчи маселе: Хутбанын жана хутба кылуучу адамдын адептери:

1 - Жума хутбасы кандайдыр бир адамдын же бир жамааттын же бир мекеменин же болбосо ушул сыяктуулардын үгүт куралы болуп калбоосу керек. Ал бир гана Аллах Таалага жана Анын динине калыс арналып, Анын чакырыгын жеткирүүгө жана сөзүн бийик кылууга багытталышы керек. Аллах Таала мындай деген: "(Бардык) мечиттер Аллахка ибадат кылуу үчүн гана! Силер Аллахка кошуп башка “кудайларга” дуба (ибадат) кылбагыла!" (Жин сүрөсү, 18-аят)

2 - Хутба кылуучу хутбаны угуучуларга оордук келтирип, аларды тажата тургандай узартпашы керек. Ошондой эле темасына зыян келтирип, маанисин бузуп коё тургандай кыскартпашы да керек.

3 - Хутба айтуучу хутба учурунда угуучулардын даярдыгын эске алуусу зарыл. Ал карапайым элге алардын акыл-деңгээлине жараша, алардын түшүнүгүнөн алыс болгон татаал сөздөрдөн сактанып сүйлөөсү керек. Ал эми орто катмардагыларга орточо, ал эми илимдүүлөргө көркөм сүйлөөсү керек. Ошентип ал бардык катмардагы адамдар менен сүйлөшүүдө ар бир нерсени өз ордуна коюп, даанышман болуусу керек. Ошондой эле баардык абалда сөздөрүн жалган менен кооздодон алыс болушу керек.

4 - Кастык менен жек көрүүнү пайда кылуучу талаш-тартыш маселелерден сактануу. Анткени хутба айтуучунун негизги милдети – адамдарга таалим берүү, алардын жүрөктөрүн акыйкатка бириктирүү жана ортолорундагы бөлүнүп-жарылуунун себептерин жоюу.

5 - Ал сөзүндө жасалма уйкаштыкка берилбеши жана ашыкча тереңдебеши керек. Анын башкы максаты — пайдалуу маанилерди эң түшүнүктүү жана кыска сөздөр менен жеткирүү.

6 - Ал жасалмалуулуктан, жагымсыз бирөөнү тууроодон жана белгилүү хутбачыларды тууроодон сактануу керек. Анткени бул угуучулардын көңүлүнө жакпай, алардын нааразычылыгын жаратат.[169] [169] Абдуллах ибн Дайфуллах ар-Рухайлинин «Жума хутбасынын стили» (б : 12, 20, 22) жана Амир ибн Мухаммад ал-Мадаринин «Ийгиликтүү хутбачы болуу үчүн элүү насаат» китептерин караңыз. (б : 33, 73, 87)

Тогузунчу маселе: Хутбанын максаттары:

Жума хутбасы төмөндөгү максаттарды ишке ашырууну көздөшү керек:

1 - Таухидтин негиздерин, анын маанилүүлүгүн жана пазилетин баяндоо. Ошондой эле ширктин бардык түрлөрүнөн, көрүнүштөрүнөн жана жолдорунан эскертүү.

2 - Насаат айтып, Аллах Тааланы, Анын акыреттеги эсеп-кысап, сыйлык-жазасын жана жүрөктөрдү жандандырган Раббаний маанилерди эскертүү. Ошондой эле жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыюу.

3 - Мусулмандардын диний аң-сезимин калыптандыруу жана аларга Аллах Тааланын Китеби менен Анын Элчисинин ﷺ сүннөтүнө таянып, диндин акыйкаттарын үйрөтүү; муну менен бирге адеп-ахлактын жана этиканын тазалыгына өзгөчө көңүл буруп, аша чапкандыкка же кайдыгерликке жол бербөө.

4 - Ислам тууралуу ката түшүнүктөрдү оңдоо жана дин каршылаштарынын элдин аң-сезимин булгаш үчүн тараткан күмөндүү, жалган пикирлерине ынанымдуу, даанышмандык менен жооп берүү; мында өз ара кайым айтышуудан жана тил тийгизүүдөн алыс болуу.

5 - Адамдарды кыйратуучу жана адаштыруучу пикирлерге, Аллах Таала үммөт үчүн ыраазы көргөн жана үммөт өзүнө дин катары кабыл алган үммөттүн түпкү жолу болгон туура исламды, анын ар тараптуулугун, тең салмактуулугун, тереңдигин жана оң таасирдүүлүгүн баса белгилөө менен каршы туруу.

6 - Хутбаны адамдардын жашап жаткан турмушу жана алардын чыныгы абалы менен байланыштыруу. Бул үчүн коомчулуктун илдеттерин дарылоого, анын көйгөйлөрүнө улуу ислам шариятынан алынган чечимдерди сунуштоого көңүл буруу керек. Ошону менен бирге акыйдага жана аны оңдоого, ислам жана ыймандын түркүктөрүнө, мусулман аялынын жана үй-бүлөсүнүн иштерине, ошондой эле адамдар муктаж болгон башка темаларга да көңүл буруу зарыл.

7 - Жыл ичинде кайталанып туруучу Рамазан, Ажылык жана башка ушул сыяктуу ар түрдүү учурларды эске алуу. Анткени бул учурлар угуучулардын көңүлүн буруп, ал тууралуу алардын жолун нурданта турган илимге кызыктырат.

8 - Мусулмандардын ортосундагы ислам бир туугандыгын бекемдөө. Ошондой эле алардын биримдигин ыдыратуучу улутчулдук, мазхабчылык, жердешчилик сыяктуу ар кандай иштерге каршы туруу.

Онунчу маселе: Хутбаны даярдоо

Хутба кылуучу хутбасын кылдаттык менен даярдап, төмөнкүлөргө көңүл буруусу керек:

Хутба адатта үч бөлүктөн турат: киришүү, негизги тема жана корутунду. Булар хутбаны жазуу же айтуу учурунда ачык айтылбаган, бири-бири менен чырмалышкан жана шайкеш келген бөлүктөр. Алардын ортосундагы байланыштын сапаты хутба кылуучунун жөндөмүнө, илиминин молдугуна жана тажрыйбасына жараша жогорулайт, натыйжада хутбанын бөлүктөрү иретке келип, түзүлүшү бекемделет.

Мындай иреттүүлүк жана тактык маанилерди айкын, максаттарды ачык кылып, угуучулардын кунт коюп угуусун, олтургандардын толук көңүл буруусун камсыздайт.

Кириш сөз: Хутба кылуучу өзүнүн кириш сөзүнө жана хутбанын башталышына маани берип, угуучуга хутбанын максатын туюндурган, көңүлдү өзүнө бурган жана жүрөктөрдү даярдаган сөздөр менен башташы керек. Бул кызыктыруучу Куран аяттары, же Пайгамбардын ﷺ кээ бир көркөм насааттары менен болушу мүмкүн. Хутбанын башталышы – бул хутба кылуучунун угуучуларга айткан эң алгачкы сөзү. Эгер хутба кылуучу жакшы кириш сөз менен угуучулардын көңүлүн өзүнө бура алса, алар хутбанын калган бөлүгүн кызыгуу менен берилип угушат.

Сөздүн башында сүйлөөчүнүн максаты көрсөтүлүшү керек. Белгилүү болгондой, жума хутбасы Аллахка алкыш-мактоо, күбөлүк келмесин айтуу жана Аллахтын Элчисине ﷺ салам-салаваттарды айтуу менен башталат. Ошондуктан бул сөздөрдү туура тандоо аркылуу хутбанын темасы жана максаты да көрсөтүлүшү керек.

Тема: Бул – хутбанын эң негизги максаты. Эгерде тандалган тема коомчулукта кызуу талкууланып, эл тарабынан так жооп күтүлүп жаткан актуалдуу маселе болсо, анда аны хутбанын башында эле: "Мен бүгүн сиздерге ушул тема тууралуу айтып берем" деп ачык жарыялоо орундуу болот.

Кээде бир маселени ачык айтуу туура болбой калат. Анткени ал өтө назик же адамдардын бөлүнүп-жарылуусуна себеп болот. Мындай учурда хутба кылуучу ал маселеге акырындык менен, кыйыр түрдө киришип, угуучуларды логикалык ырааттуулук менен алып баруусу зарыл. Ошентип, ашыкча дүүлүктүрүүдөн жана бөлүнүп-жарылуудан сактануу менен, өз максатына чектен чыкпай, тең салмактуу жетет. Натыйжада хутба кылуучу адамдардын жан дүйнөсү ал темадан жүз буруп жаткан болсо, же ал тема алардын көңүлүнө жат болсо да, аларды ага даярдоо максатына жетишет.

Хутбанын темасы адатта эки негизги рүкүнгө курулат. Алар: ачыктап түшүндүрүү жана далил келтирүү.

Ачыктап түшүндүрүү: сөз болуп жаткан теманын аныктамасын, анын сыпаттарын, өзгөчөлүктөрүн жана артыкчылыктарын айтуу менен болот.

Ал эми далилдөөгө келсек: көпчүлүк учурда теманы далилдер, жүйөөлөр жана күбөлөр менен бекемдөө керек. Алар адатта Курандан, сүннөттөн жана салафтардын (Сахаба, таабиндердин) сөздөрүнөн алынат. Ошондой эле кыяс жана ибрат алуу үчүн кээ бир окуялар да келтирилет. Бул багытта кырдаалга жана темага ылайык салих, абийирдүү, захид, эр жүрөк жана такыбалык сыпааттары менен таанылган атактуу имамдардын жана даанышмандардын сөздөрүн келтирүү пайдалуу.

Хутбанын корутундусу: хутба кылуучу өзүнүн темасын айтып бүткөн соң хутбанын темасын башка сөздөр менен кыскача жыйынтыктап, хутбасын ылайыктуу корутунду менен аяктаганы жакшы. Анткени мындай учурда сөздү узартуу зеригүүнү алып келет жана ойду чачыратат.

Ошондой эле корутундуда жаңы ой-пикирлер жана жаңы далилдер камтылбашы керек. Анткени мындай учурда ал корутунду болбой, хутбанын бир бөлүгү жана анын уландысы болуп калат.

Корутунду айтылышы жана таасири жагынан күчтүү болушу керек. Анткени ал – угуучунун кулагында жана эсинде кала турган эң акыркы сөз. Эгер анын түзүлүшү алсыз, айтылышы жансыз болсо, анда хутбанын пайдасы жоголот.

Корутунду – бул хутбанын темасын кызыктыруу же коркутуу же далилдеп бекемдөө аркылуу жыйынтыктаган, мурда айтылбаган Куран аяттары же Куран аяттарындай маанини туюнткан Пайгамбардын ﷺ хадиси же болбосо хутбанын негизги ойлорун башкача ыкма менен күчтүү таасир калтыра тургандай жалпылап, даана кайталоо болушу мүмкүн.

Хутбачы көңүл буруусу керек болгон эки маселе бар, алар: теманын бирдиктүүлүгү, жаңылык жана өзгөрүү.

Теманын бирдиктүүлүгү: бир гана темага токтолуп, анын негизги бөлүктөрүн толук камтып, сөздөрүн көркөмдөп, маанисин тереңдетүү зарыл. Анткени бир нече теманы бир учурда козгоо ойду чачыратат, бири-бирин унуттурат жана сөздүн зеригиштүү узарышына, маанисинин күңүрттөлүшүнө жана үстүртөн каралышына алып келет.

Жаңылык жана өзгөрүү: хутбаларынын баары көп кайталанган темаларда болбошу керек. Тескерисинче темаларды ар түрдүү кылып, шариаттын бардык маселелерин: таухид, ибадат, мамиле, адеп-ахлак жана башкаларын камтуусу керек.

Өзүнүн баяндоо жана сүйлөө ыкмасында бир калыпты карманбастан, тескерисинче кээде суроо, кээде баяндама түрүндө айтып, мисалдарды келтирип, даанышман жана сырдуу сөздөрдү издеп, ошону менен бирге коомдун чыныгы жашоосун, адамдардын муктаждыктарын эске алып, бул өзгөрүүлөрдүн аларга тийгизген таасирине ылайык аларга багыт берип, туура жолду көрсөтүүсү зарыл. [170] (170) Манхаж фи и’дад хутбат ал-Жум’а, доктор Солих ибн Абдуллах ибн Хумайд: 22-беттен баштап караңыз

Төртүнчү сабак: Мечиттердин өкүмдөрү

Биринчи бөлүм: Мечиттин аныктамасы

Мечиттин шарияттагы мааниси: ичинде беш убак парз намаз, Жума жана башка намаздар окулуп, азан айтылган жай. Ал Аллах Таалага сажда кылына турган жай болгондугу үчүн мечит деп аталган.

Мечит менен намазкананын айырмасы

Мечит – бул парз намаздарды дайыма окуу үчүн атайын бөлүнүп, вакф кылынган жай. Ал эми намазкана – бул убактылуу намаз окуу үчүн даярдалган жай. Мисалы: мектептердеги, мекемелердеги, ишканалардагы, сапар жолдорундагы жана башка ушул сыяктуу намазканалар. Ал беш убак намаз үчүн атайын бөлүнүп (вакфка) берилген эмес. Намазканага киргенде тахиййатул-масжид намазын окуу сүннөт эмес, ал мечитке киргенде гана сүннөт.

Экинчи бөлүм: Мечит куруу жана анын пазилети

Мечиттер – жер бетиндеги эң жакшы жана эң ардактуу жайлар. Ал жерде ибадаттын эң жакшысы – намаз окулат. Аллах Таала айтты: "(Ал чырак «мечит» деп аталган) үйлөрдө (жагылат). Аллах ал үйлөрдүн (курулушу жана даражасы бийик) көтөрүлүшүнө жана анда Өзүнүн ысымы эскерилишин буюрган. Анын ичинде (ыймандуу адамдар) эртели-кеч Аны (ар кандай кемчилдиктерден) аруулашат." "(Ал) эр-азаматтарды Аллахтын зикиринен, намаз окуудан жана зекет берүүдөн соода дагы, алды-сатты дагы алаксыта албайт! (Анткени,) алар көздөр жана жүрөктөр (коркуу менен үмүттүн ортосунда ары-бери) оодарылып кала турган Күндөн (Кыяматтан) коркушат." (Нур сүрөсү, 36-37-аяттар)

Аллах Таала мечиттерди сый-урмат иретинде Өзүнө таандык кылган. Ал мындай деген: "Андан өткөн заалым (каапыр) барбы? Анын ичинде Өз(үнүн улуу) ысымы зикир кылына турган Аллахтын мечиттеринен тыйган..." (Бакара сүрөсү, 114-аят) Аллах Таала дагы мынтип айткан: "(Бардык) мечиттер Аллахка ибадат кылуу үчүн! Силер Аллахка кошуп башка “кудайларга” дуба кылбагыла!" (Жин сүрөсү, 18-аят)

Ошондуктан шарият мечиттерди руханий жана көзгө көрүнгөн жактан курууга жана көрктөндүрүүгө кызыктырган. Ага далил Аллах Таала айтат: "Чынында, Аллахтын мечиттерин, Аллахка, Акырет күнүнө ишенген, намаз окуп, зекет берген жана Аллахтан башка эч кимден коркпогон адамдар (курушат жана) абат кылышат. Дал ушул адамдар туура жол табуучулардан болсо ажеп эмес!" (Тообо сүрөсү, 18-аят)

Усман ибн Аффан (радыяллаху анху) айтат: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Ким Аллахтын ыраазычылыгын көздөп мечит курса, Аллах ал үчүн бейиште ошол мечиттей (үй) курат." (171) (171) Бухари, 450; Муслим, 533

Жабир ибн Абдуллах (радыяллаху анхума) риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси ﷺ мынтип айткан: "Ким Аллах үчүн бөдөнөнүн уясындай же андан да кичине мечит курса, Аллах ал үчүн бейиште үй курат." (172) (172) Ибн Маажа, 738; Бусойри «Заваид китебинде» (1/94) иснадын сахих деген

Пайгамбар ﷺ төмөнкү сөзүнүн мааниси: "Бөдөнөнүн уясындай болсо да." Башкача айтканда: ургаачы куштун жерде жумуртка тууш үчүн даярдаган орду. Муну менен кичинелигин баса белгилөө максат кылынган, бирөө өзү курган мечитти, ал өтө кичинекей болсо дагы, аны кичине көрбөшү керек.

Ошондой эле кимде-ким Аллахтан сооп үмүт кылып, мечиттин курулушуна бир кыш же ылай менен болсо да салым кошсо же өз колу менен иштесе же жумушчулардын акысын төлөсө же ушул сыяктуу өзү же мал-мүлкү менен жардам берсе, анда анын сообу – Аллах ага бейиште ошондой же андан да кенен үй куруп берет. Анткени бейиштеги үй бул дүйнөдөгү үйлөр менен салыштырылбайт, экөөнүн ортосунда эч кандай теңдик жок. Бул нерсе Аллах ырыскысын кенен кылган адамды жакшылык иштерге шашууга жана бул жашоодогу мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого кызыктырат. Ошентип, ал акырети үчүн (жакшылыктарды) алдын ала камдап, анын сообун Раббисинин алдында көп эселеп көбөйтүлгөн абалда табат.[173] (173) «Фусуул уа масааил тата’аллаку бил-масаажид», Шейх Ибн Жибрин рахимахуллаах, (14-бет)

Үчүнчү бөлүм: Мечиттерди куруу жана анын артыкчылыгы

Мечиттерди куруу жалпы маанисинде материалдык жана руханий көрктөндүрүүнү камтыйт. Ага мечиттерди куруу жана оңдоп-түзөө, жарыктандыруу жана төшөнчүлөр менен камсыздоо, кызмат кылуу жана тазалоо, ал жерде Аллахка ибадат кылуу, имамдарды жана азанчыларды дайындоо, Куран, фикх, тафсир, хадис жана башка пайдалуу илимдерди үйрөтүү үчүн илим олтуруштарын ачуу, ал жерде иштегендерди айлык менен камсыздоо, мечиттин кызыкчылыгы үчүн вакф кылуу (мисалы: имам, азанчы, мугалим жана илим талап кылгандар үчүн турак-жайларды вакф кылуу), дааратканаларды куруу жана башка ушул сыяктуу иштер кирет.

Аллах Таала айткан: "Чынында, Аллахтын мечиттерин, Аллахка, Акырет күнүнө ишенген, намаз окуп, зекет берген жана Аллахтан башка эч кимден коркпогон адамдар (курушат жана) абат кылышат. Дал ушул адамдар туура жол табуучулардан болсо ажеп эмес!" (Тообо сүрөсү, 18-аят)

Бул аят мечиттерди анда намаз окуу, аны тазалоо жана эскирип-бузулган жерлерин оңдоо менен абат кылган адамдын ыйманын ырастаган.[174] (174) «ал-Машруу’ уа ал-Мамнуу’ фи ал-Масжид», Мухаммад ал-’Арфаж, 9-бет

Төртүнчү бөлүм: Мечиттерди таза кармоо жана аларды ыплас нерселерден коргоо

Мечиттер Аллах Таалага ибадат кылуу жана Ага моюн сунуу менен жакындай турган жай. Ошондуктан аларды таза, көрктүү жана кооз кармоо үчүн ар кандай ыпластыктардан, нажастардан жана калдыктардан сактоого буйрук келген.

Шейх Ибн Са’ди (рахимахуллах) Аллах Тааланын бул сөзүнүн тафсиринде: "(Ал чырак «мечит» деп аталган) үйлөрдө (жагылат). Аллах ал үйлөрдүн (курулушу жана даражасы бийик) көтөрүлүшүнө жана анда Өзүнүн ысымы эскерилишин буюрган. Анын ичинде (ыймандуу адамдар) эртели-кеч Аны (ар кандай кемчилдиктерден) аруулашат." (Нур сүрөөсү, 36-аят) Ошондой эле башка аятта мындай деген: "...(курулушу жана даражасы бийик) көтөрүлүшүнө жана анда Өзүнүн ысымы эскерилишин буюрган." "Бул мечиттердин өкүмдөрүнүн жыйындысы. Мечиттердин кадырын көтөрүүгө төмөнкүлөр кирет: аларды куруу, шыпыруу, нажас жана зыяндуу нерселерден тазалоо жана нажастан сактанбаган жиндилерден, жаш балдардан жана каапырлардан сактоо. Ошондой эле анын ичинде куру сөз сүйлөөдөн жана Аллахты зикир кылуудан башка себеп менен үндү көтөрүүдөн сактоо керек." [175] (175) Са’ди тафсири, 569-бет

Абу Хурайрадан (радыяллаху анху) риваят кылынат: мечитти шыпырып-тазалап жүргөн бир кара аялды Аллахтын Элчиси ﷺ көрбөй калып, ал жөнүндө сурады. Алар: «Ал каза болду», - дешти. Ошондо ал: «Эмнеге мага билдирген жоксуңар?» - деди. Алар анын ишин анча маанилүү эмес деп эсептешкендей болгондо, ал ﷺ : «Мага анын кабырын көрсөткүлө», - деди. Алар Пайгамбарга кабырды көрсөтүштү, ал ага намаз окуду. Андан кийин мындай деди: "Чындыгында, бул мүрзөлөр өз ээлери үчүн караңгылыкка толгон жана Аллах Таала менин аларга окуган намазым себептүү аларды нурдантат." (176) (176) Бухари, 460; Муслим, 956

Анас (радыяллаху анху) айтат: "Биз Аллахтын Элчиси ﷺ менен бирге мечитте олтурганыбызда, бир чөлдүк араб (бедуин) келип, мечитке заара кыла баштады. Аллахтын Элчисинин ﷺ сахабалары: "Токто, токто! (кой, кой!)" - дешти. Ошондо Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Анын заарасын бөлбөгүлө, аны жөн койгула." Алар ага заара кылып бүткөнчө тийишпеди. Андан кийин Аллахтын Элчиси ﷺ аны чакырып, ага мындай деди: "Чындыгында, бул мечиттерде мындай заара кылуу жана ыпластык жарабайт. Алар – Аллах Тааланы эскерүү, намаз окуу жана Куран окуу үчүн гана." Андан соң ал элдин арасынан бир кишиге буйруганда, ал бир чака суу алып келип, аны зааранын үстүнө куйду." [177] (177) Бухари, 219; Муслим, 285

Тазалык мечиттин шарттарынан. Аны заара жана ушул сыяктуу нажасаттардан сактоо керектигинде аалымдар бир сөздөн макул болушкан. Ошондуктан мечиттер, анын төшөнчүлөрү, ага тиешелүү болгон короолору, чатырлары жана ушул сыяктуу жерлери бардык нажасаттардан таза сакталып, эгер аларга ошондой ыплас нерселер тийсе, дароо тазалануусу керек.

Ошондой эле аны какырык, чимкирик, шилекей, кан, ириң сыяктуу ыплас нерселерден тазалоо тууралуу да айтылган. Анас ибн Маликтен (радыяллаху анху) риваят кылынат, Пайгамбар ﷺ кыбыла тараптагы какырыкты көрүп, анын ага катуу тийгендиги жүзүнөн байкалды. Ошондо ал ордунан туруп, аны колу менен кырып салып, мындай деди: "Силердин кимиңер болбосун намазга турганда, албетте Раббиси менен сүйлөшөт (мунажат кылат) - же Раббиси ал менен кыбыланын ортосунда болот. Ошондуктан эч кимиңер кыбыла тарапка түкүрбөсүн, бирок сол тарабына же бутунун астына (түкүрсүн)". Андан соң ал ﷺ чапанынын бир учун алып ага түкүрдү да, анан анын бир бөлүгүн экинчи бөлүгүнө сүртүп: "Же мына ушундай кылсын", – деп айтты." (178) (178) Бухари, 405; Муслим, 551

Мечитке түкүрүүдөн жана какыруудан тыйган көптөгөн хадистер бар. Алардын кээ биринде кыбыла тарапка же оң тарапка түкүрүүгө тыюу салынып, сол тарапка же сол буттун астына түкүрүп, анан аны бут менен сүртүп коюуга уруксат берилген. Түкүрүк менен какырык адамдын табияты жийиркене турган нерселер экени шексиз. Ошондуктан Пайгамбар ﷺ мечиттин кыбыла тарабындагы түкүрүктү көргөндө ачууланып, жүзү кызарып кеткен да, аны дароо кырып, ордуна халук же заафаран (атырдын түрлөрү) сүртүп койгон.

Ылайдан курулган мечитти кырып тазалоо жеңил, ал эми анын эдени (полу) топурак болсо, ага түшкөн нерсени көмүп коюуга же булганган топурагын алып салууга болот.

Бул заманда мечиттердин көпчүлүгү плиткаланып, таза килемдер менен төшөлгөн. Алар кир жана ыплас нерселерден бат булганат, анда какырык, кан, ириң жана ушул сыяктуу нерселердин изи көрүнүп калат. Ошондуктан мечиттин ичинде жерге, мейли төшөктөргө, мейли дубалдарга, мейли плиткаларга болсун, түкүрүүгө таптакыр тыюу салынат. Кимдин түкүрүгү же какырыгы келип калса, ал үчүн сыртка чыгышы керек же болбосо бет аарчысына түкүрүп, аны сыртка алып чыгышы керек же хадисте айтылгандай кийиминин этегине түкүрүп, аны бүктөп коюусу керек. Ушундай кылуу менен мечит таза жана жагымдуу бойдон калат.

Аша (радыяллаху анха) айткан: "Аллахтын Элчиси ﷺ конуштарда мечиттерди курууга, аларды таза кармоого жана жыпар жыттуу кылууга буйруду." Суфян (рахимахуллах) айтты: "Конуштарда мечит куруу – бул уруулардын ичинде дегенди билдирет." (179) (179) Тирмизи, 594; «Мечиттерге байланыштуу бөлүмдөр жана маселелер» (27-б) караңыз

Бешинчи бөлүм: Кабырдын үстүнө мечит куруунун же кабырды мечитке киргизүүнүн өкүмү

Ким болбосун анын кабырынын үстүнө мечит курууга тыюу салынат. Анткени бул тыюу салынгын иш. Шейхул-Ислам Ибн Таймия (рахимахуллах) мындай деген: Аалымдар кабырдын үстүнө мечит курулбастыгы тууралу бир ойго келишишкен. Анткени Пайгамбар ﷺ айткан: "Чындыгында, силерден мурункулар кабырларды мечитке айлантып алышкан. Эсиңерде болсун! Кабырларды мечитке айлантып албагыла! Анткени мен силерди ал нерседен тыямын."

Мечитке өлүктү көмүүгө болбойт. Эгерде мечит өлүк көмүлгөнгө чейин эле курулган болсо, анда ал жерди өзгөртүү керек же кабырды тегиздеп салуу менен же эгер жаңы көмүлгөн болсо, аны казып алуу менен.

Ал эми мечит кабырдан кийин курулган болсо, анда же мечит бузулат, же кабыр тегизделет. Кабырдын үстүнө курулган мечитте парыз да, нафил да намаз окулбайт. Анткени ага тыюу салынган.[180] (180) Мажмуъ ал-Фатава, (22\194)

Шейхул-Ислам (рахимахуллах) айткандан башка дагы бир далил: Айша жана Абдуллах ибн Аббас (радыяллаху анхум) айттышты: "Аллахтын Элчисине ﷺ өлүм келгенде (б.а. жан тапшырар маалы келгенде), ал кийимин жүзүнө кайра-кайра жаба баштады. Андан тумчуга баштаганда, жүзүн ачып койчу. Ошол абалында мындай деп айтты: "Аллах жөөттөрдү (еврей) жана христиандарды каргыштады. Алар өздөрүнүн пайгамбарларынын мүрзөлөрүн мечит кылып алышкан." Алардын кылганы сыяктуу кылуудан эскертти." [181] (181) Бухари, 435; Муслим, 531

Пайгамбар ﷺ өлүм алдында жатып, Аллах Таала жөөттөр менен христиандарды пайгамбарларынын мүрзөлөрүн мечит кылып алышканы үчүн каргыштаганын баяндады. Ошондой эле бул иш мурунку каапырлардын адатынан экенин да баяндады. Муну менен ал өз үммөтүн аларды ээрчүүдөн эскертип, Аллахка ширк кылуунун жана Андан башкага сыйынуунун эшигин жапты.

Момундардын энеси Айшадан (радыяллаху анха) риваят кылынат: Умму Хабиба менен Умму Салама Хабашистанда көргөн, ичинде сүрөттөрү бар бир чиркөө жөнүндө Пайгамбарыбызга ﷺ айтып беришкенде, ал мындай деген: "Чындыгында, ал адамдар, эгер алардын арасынан салих киши дүйнөдөн өтсө, анын кабырына мечит куруп, анын ичине ошол сүрөттөрдү тартышат. Мына ошолор – Кыямат күнү Аллахтын алдындагы калктардын эң жамандары." (182) (182) Бухари, 427; Муслим, 528

Айша (радыяллаху анха) айткан: Аллахтын Элчиси ﷺ дүйнөдөн өткөн оорусунда (өлүм төшөгүндө) мындай деген: "Аллах жөөттөрдү жана христиандарды каргыштады. Алар өздөрүнүн пайгамбарларынын мүрзөлөрүн мечит кылып алышкан." Андай болбогондо, анын (пайгамбардын) кабыры бийик кылынмак, бирок ал анын мечит кылып алынышынан корккон. [183] (183) Бухари, 1390; Муслим, 529

Алтынчы бөлүм: Мечиттерди жасалгалоонун өкүмү

Мечиттерди кооздоп, алар менен мактанууга болбойт. Анткени Имам Бухари Абдуллах ибн Аббасдан (радыяллаху анхума) риваят кылган хадисте ал мындай деген: "Силер аны жөөттөр менен христиандар кооздогондой кооздойсуңар."

Анас ибн Малик (радыяллаху анху) айткан: "Мечиттер менен мактанышат, кийин анда аз гана убакыт болуш"

Умар (радыяллаху анху) мечиттерди курууга буйрук берип, мындай деген: "Адамдарды жамгырдан баш калкалай турган жер кыл. Бирок аны кызыл же сары түскө боёп коюудан сак бол! Анткени антсен адамдарды намаздан алаксытасың."[184] [184] Бухари, (1/ 96- 97)

Акыркы мезгилдерде мечиттер менен мактануу, аларды кооздоодо жана аларга каражат сарптоодо ысырапкорчулукка баруу көбөйдү. Шейхтер эгерде адамдардын үйлөрү жана турак-жайлары бийик курулса, мечиттер аларга салыштырмалуу көрксүз жана жөнөкөй болуп калбашы үчүн, аларды да бийик курууга уруксат берип фатва чыгарышкан. Бирок бул кооздоодо, түстөрдө жана боёктордо ысырапкорчулукка жана аша чабууга, ошондой эле эч кандай муктаждык болбогон керамика, кафель жана килем-төшөктөр сыяктуу нерселерге ашыкча каражат коротууга жол бербеши керек. Ошону менен бирге эң жөнөкөй оңдоп-түзөөгө муктаж болгон башка мечиттер да бар экенин эске алып, каражаттарды ошол мечиттерди оңдоп-түзөөгө жумшоо керек.

Абдуллах ибн Умар (радыяллаху анхума) айтат: "Чындыгында Аллахтын Элчисинин ﷺ доорунда мечит ылайдан курулган, үстү курма дарактын шактарынан, ал эми устундары курма дарагынын жыгачынан болгон. Абу Бакр (радыяллаху анху) ага эч нерсе кошкон эмес. Ал эми Умар (радыяллаху анху) аны кеңейтип, Аллахтын Элчиси ﷺ доорундагыдай кылып ылай жана курма дарактын шактары менен куруп, устундарын кайрадан жыгачтан тургузган. Андан кийин аны Усман (радыяллаху анху) өзгөртүп, бир топ кеңейткен. Ал анын дубалын оюлуп кооздолгон таштар жана гипс менен куруп, мамыларын оюу-чийме түшүрүлгөн таштардан жасап, ал эми үстүн сааж дарагынан жапкан." [185] (185) Бухари, 446

Имам Абдулазиз ибн Баз (рахимахуллах) айтты: "Усмандын (радыяллаху анху) кылган иши мечитти кооздолгон таштар, мыкты жыгачтар жана дубалды сырдоо менен жакшыртуунун эч зыяны жок экенине далил болот. Салафтардын жашоосу жакшыраак жана абзел болсо да, бирок эгерде адамдар үйлөрүн жакшыртып, эски имараттардан кача баштаса жана мечитти эски абалында калтыруу аларды намаздан жана мечиттерде чогулуудан качыра турган болсо, анда мечиттерге кызыктыруу үчүн Усман (радыяллаху анху) кылгандай кылуунун эч зыяны жок. Ал эми мактануу үчүн болсо, анда болбойт. Мечиттин ичине жазууларды жазууу макрух, эң жакшысы – анын жөнөкөй болушу." [186] (186) Кахтани, «Аль-Масажид», 71-б

Жетинчи бөлүм: Каапырдын мечитке кирүүсүнүн өкүмү

Мусулмандарга кайсы бир каапырды Аль-Харам мечитине жана анын айланасындагы бүткүл ыйык аймакка киргизүү –арам. Бул өкүмдүн негизи Аллах Тааланын сөзү: "Оо, ыйман келтиргендер! Мушриктер – ыпыластык! Ушул (ажылык) жылынан кийин Масжид аль-Харамга жакын жолошпосун!" (Тообо сүрөсү, 28-аят) Ал эми башка мечиттерге келсек, эгер алардын кирүүсү шарияттык максатта болсо, анда эч кандай күнөө жок. Мисалы: ислам дини жөнүндө суроо үчүн же мечитке тиешелүү бир иш менен же мусулмандардын кызыкчылыгы үчүн же насаат угуу үчүн же мечиттин ичиндеги суудан ичүү сыяктуу уруксат берилген (мубах) бир иш үчүн кирсе, мындай учурларда ага кирүүгө уруксат берилет. Анткени Пайгамбар ﷺ Сумама ибн Усалды мечиттин ичиндеги устундарынын бирине байлап койгон. Абу Хурайра (радыяллаху анху) айтат: "Пайгамбар ﷺ Нажд тарапка атчандарды жиберди. Алар Бану Ханифа уруусунан болгон Сумама ибн Усал деген кишини алып келишти да, аны мечиттин устундарынын бирине байлап коюшту. Ага Пайгамбар ﷺ чыгып: «Эй, Сумама, эмне дейсиң?» - деди. Ал: «Менде жакшылык бар, эй, Мухаммад. Эгер мени өлтүрсөң, куну бар адамды өлтүргөн болосуң. Эгер жакшылык кылсаң, шүгүр кылуучуга жакшылык кылган болосуң. Эгер мал-дүйнө кааласаң, каалаганыңча сура» - деди. Аны эртеси болгонго чейин таштап койду...." Хадис [187] [187] Бухарий, Муслим риваяты

Мечитке Нажрандын элчилери киришти, алар християндар эле. [188] Ошондой эле Димам ибн Са’лаба Пайгамбар мечитте олтурганда анын алдына кирди. Анас ибн Малик (радыяллаху анху) айтат: "Биз Пайгамбар ﷺ менен мечитте олтурганыбызда, бир киши төө минип келип, төөсүн мечиттин ичине чөгөрүп, анан аны байлап, бизге: «Силердин кимиңер Мухаммад?» - деди. Пайгамбар ﷺ алардын артында жөлөнүп жаткан эле, биз: «Бул — жөлөнүп жаткан ак адам» - дедик. Ал киши ага: «Ибн Абдулмутталиб!» - деп кайрылды. Пайгамбар ﷺ ага: «Мен сага жооп берейин» - деди. Ал киши Пайгамбарга ﷺ: «Мен сенден суроо сураймын жана бул суроодо оройлук кылам. Андыктан өзүңө катуу албагын» – деди. Пайгамбар: «Каалаган нерсеңи сура» - деди. Ал киши: «Мен сен алып келген нерсеңе ишендим жана мен өзүмдүн элиме элчи болоюн. Мен Димам ибн Са’лаба Бани Саад ибн Бакр уруусунанмын» - деп айтты." (189) [188] Бухарий, Муслим риваяты (189) Бухари риваят кылган. Ибн Баздын "Мажмуу фатава уа макалат" эмгеги, 8-том, "Каапырлардын мечиттерге кирүүсүнүн өкүмү" бөлүмү; жана "Туруктуу Комитеттин фатвалары", 6/276 караңыз

Бул – азанчы, имам жана хутба кылуучуга зарыл болгон нерселер жана мечиттердин өкүмдөрү тууралуу биз келтире алган маалыматтар. Биз азанчыга, имамга жана хатибге Улуу жана Кудуреттүү Аллахтан такыба болууну, илим талап кылууда жана аны жайылтууда тырышчаак болууну, ошондой эле буга көңүл бурууну осуят кылабыз.

Ийгилик бир гана Аллахтан. Пайгамбарыбыз Мухаммадка, анын үй-бүлөсүнө жана бардык сахабаларына Аллахтын тынчтыгы жана саламы болсун. Дубабыздын соңу – Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун.

Азанчы, Имам жана хутба кылуучу үчүн айрым пайдалуу булактар

«Азан жана коомат» китеби, доктор Саид ибн Али ибн Уахф ал-Кахтаниге таандык, Басуучу: «Сафир» басмаканасы, Эр-Рияд шаары.

«Намаздагы имамчылык жана ага уюунун өкүмдөрү» китеби, доктор Абдул-Мухсин ал-Муниф.

«Намаздагы имамчылык Куран жана сүннөттүн жарыгында» китеби, Саид ибн Али ибн Уахф Ал-Кахтани.

«Жума хутбасынын стили» китеби, Абдуллах ибн Дойфуллах ар-Рухайли, Басып чыгаруучу: Ислам иштери, даават жана багыттоо министрлиги, Сауд Арабия падышалыгы.

«Намаздагы имамчылык: Куран жана сүннөттүн жарыгындагы түшүнүгү, пазилеттери, түрлөрү, адептери жана өкүмдөрү» китеби. Автор: доктор Саид ибн Али ибн Уахф ал-Кахтани. Басуучу: «Сафир» басмаканасы, Эр-Рияд шаары.

«Жума хутбалары жана хутбачылардын жоопкерчиликтери» китеби, Даярдаган: Даават жана үгүт-насаат кеңеши, Ислам иштери, даават жана үгүт-насаат министрлиги, Сауд Арабия падышалыгы.

«Куран жана сүннөттөгү жума хутбасы» китеби, Абдуррахман ибн Мухаммад ал-Хамад. Басуучу: Сауд Арабия падышачылыгынын Ислам иштери, даават жана насаат министрлиги.

«Жума хутбасы жана анын фикхтеги өкүмдөрү» китеби, Абдулазиз ибн Мухаммад ибн Абдулла ал-Хужайлан. Басып чыгаруучу: Ислам иштери, даават жана үгүт-насаат министрлиги, Ислам изилдөөлөр жана иликтөөлөр борбору.

«Жума хутбасы жана анын үммөттү тарбиялоодогу орду» китеби, Абдулгани Ахмад Жабр Музхир. Басып чыгаруучу: Ислам иштери, даават жана багыттоо министрлиги, Сауд Аравия падышалыгы.

Амир ибн Мухаммад ал-Мадаринин «Ийгиликтүү хатиб болуу үчүн элүү бир насаат» аттуу эмгеги Сауд Арабия падышалыгынын Ислам иштери, даават жана үгүт-насаат министрлигинин сайтында жарыяланган.

«Жума намазы: Куран жана Сүннөттүн жарыгында анын түшүнүгү, шарттары, артыкчылыктары, өзгөчөлүктөрү, адептери жана өкүмдөрү» китеби. Автор: Доктор Саид ибн Али ибн Уахф ал-Кахтани. Басмакана: «Сафир», Эр-Рияд.

«Жума минбары – аманат жана жоопкерчилик» китеби, Абдуллах ибн Мухаммад бин Хумайд. Басып чыгаруучу: Ислам иштери, даават жана үгүт-насаат министрлиги, Сауд Арабия падышалыгы.

«Жума хутбасын даярдоонун жол-жобосу» китеби, доктор Солих ибн Абдуллах бин Хумайд. Басып чыгарган: Ислам иштери, даават жана үгүт-насаат министрлиги, Сауд Арабия падышалыгы.

Шейх Абдуллах ибн Солих ал-Фаузандын «Имамдарга жана Азанчыларга жолдоолор» китеби, Дар Ибн ал-Жаузи.

«Мечит имамдарына, азанчыларга жана маъмумдарга кайрылуу» китеби, Шейх Абдуллах ибн Жаруллах ал-Жаруллах.

Кувейттик Фыкх энциклопедиясы жана Хутба, Имамчылык, Азан жана Мечиттер баптары.