رسول الإسلام محمد صلى الله عليه وسلم

رسول الإسلام محمد صلى الله عليه وسلم

Ислам дининин элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун)

Language: lang_ky
Prepared by: "Харам" жана "Набави" мечиттеринин Диний иштери боюнча башкармалыгынын алдындагы илимий комитет.
Version: 1.0
Translations 64
Afrikanns Amharic Assamese Azerbaijani +60
Attachments 7
PDF
Audio
Video
+3

Ислам дининин элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун)

"Харам" жана "Набави" мечиттеринин Диний иштери боюнча башкармалыгынын алдындагы илимий комитет.

Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен баштаймын. Бул Ислам дининин элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жөнүндөгү кыскача баяндамада анын ысымы, ата теги, туулуп өскөн жери, аялдары, пайгамбарлыгы жана чакырган дини, пайгамбарлыгынын белгилери, шарияты жана каршылаштарынын мамилеси тууралуу баяндап бермекчимин.

1- Анын ысымы, ата-теги жана туулуп өскөн жери.

Исламдын элчиси – Мухаммад бин Абдулла бин Абдул Мутталиб бин Хашим. Хашим болсо, Ибрахимдин уулу Исмаилдин (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) урпагынан.

Аллахтын пайгамбары Ибрахим (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) Шамдан Меккеге келет. Жанында аялы Хажар менен чөлгөктөгү уулу Исмаил бар. Аллахтын буйругу менен аял-баласын Меккеге калтырып кетет. Уулу бой тартып калганда Ибрахим пайгамбар Меккеге кайра келет. Анан уулу Исмаил экөө Ыйык Үй болгон Каабаны курат. Каабанын айланасына элдер көбөйөт. Мекке ааламдардын Раббисине ибадат кылууну максат кылгандардын, ажы кылууга кызыккандардын жайына айланат. Ошентип адамдар бир канча кылым Ибрахим пайгамбардын дининде Аллахты жалгыздап, Ага ибадат кылышат.

Анан кийинчерээк бул динден четтөө башталды. Араб жарым аралы да, айланасындагы башка өлкөлөр сыяктуу бутпарастыктын кучагында калды: бут-буркандарга сыйынуу, кыздарды тирүүлөй көмүү, аялдарды кордоо, жалган күбөлүк берүү, арак ичүү, сойкулук, жетимдин акысын жеш, сүткордук, ж.б.у.с.

Мына ушул жайда, мына ушул чөйрөдө 571-жылы Исламдын элчиси, Ибрахимдин уулу Исмаил пайгамбардын урпагынан болгон Абдуллахтын уулу Мухаммад жарык дүйнөгө келди. Ал төрөлө электе атасы каза болгон эле. Ал алты жашка чыкканда апасы да каза болуп калды. Аны атасы менен бир тууган агасы Абу Талиб камкордугуна алды. Жетим, жакыр өстү. Өз колу менен иштеп тапканын жеп чоңойду.

2- Берекелүү аялга үйлөнүү.

Жашы жыйырма бешке толгондо Меккедеги кадырлуу айым Хувайлиддин кызы Хадижага үйлөндү. Андан төрт кыз, эки уулдуу болду. Уулдары ымыркайында эле чарчап калды. Аялына, үй бүлөсүнө жумшактыктын, жакшы көрүүнүн эң жогорку чегинде мамиле кылды. Ошон үчүн аялы Хадижа аны жанындай жакшы көрөт эле. Ал дагы ага жакшы көрүү менен жооп берди. Аялынын көзү өткөндөн кийин да, аны көп жылдар унута албады. Кой союп калса, урмат-сый көрсөтүп Хадижанын курбуларына берчү. Бул, аялынын ага кылган жакшылыгына жана сүйүүсүнө кайтарган жообу эле.

3- Аян-кабардын башталышы.

Элчи Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах аны жараткан күндөн эле өтө сонун кулк-мүнөздүү болчу. Элдер аны чынчыл, анан аманаткөй деп аташчу. Ал жакшы иштерде элине шерик болуп кошо аткарчу. Ал эми бутпарастыкка тиешелүү иштерди жаман көрүп, алардан оолак болчу.

Ал кырк жашка чыгып, Меккеде жашап жүргөндө Аллах Таала аны элчи кылып тандады. Ага Жебирейил периште келип, Куранда эң биринчи түшкөн сүрөнүн алгачкы аяттарын аян кылды. Ал төмөнкү аяттар эле:

"Оку, Жараткан Раббиңдин ысымы менен!"

"Ал инсанды уюган кандан жаратты".

"Оку, сенин Раббиң эң улук Зат!"

"Ал инсанга калем менен (жазууну) үйрөттү".

"Инсанга билбегенин (Куранды жана башка илимдерди) билгизди". (5)

Алак сүрөсү,1-5-аяттар.

Жүрөгү, дене бою калтырап аялы Хадижага келди. Болгон окуяны айтты. Ал анын көңүлүн тынчытты. Анан агасынын уулу Варака бин Науфалга ээрчитип барды. Варака христиан динин тутунган, Тоорот, Инжилди окуган илимдүү киши эле. Хадижа ага: О, агамдын уулу, бул тууганыңдын айтканына кулак салчы - деди. Эмне көрдүң, иним? - деди Варака ага. Аллахтын элчиси болгонду болгондой айтып берди. Варака ага:

"Бул Аллах Мусага жиберген Намус (Жебирейил) периште турбайбы. Аттиң десе, жаш курагым болсо кана. Аттиң десе, элиң сени кууган учурда тирүү болсом кана" - деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Алар мени кууп чыгышабы?" - деп сурады. "Ооба, сен алып келген нерсени алып келгендин баарына душмандык кылынган, ошол күндөрүңө тирүү жетсем, сага жан үрөп жардам беремин" - деди Варака.

Ошентип Меккеде ага Куран аяттары биринин артынан бири түшүп жатты. Аны ааламдардын Раббисинен Жебирейил периште алып түшүп, динди майда-чүйдөсүнө чейин жеткире баштады.

Ал элин улам динге чакырды, эли болсо ага каршы болуп душмандык кылышты. Элчилигинин ордуна байлык, бийлик сунушташты. Бирок анын баарынан баш тартты. Мурдагылар элчилерине айткан сыяктуу ага да сыйкырчы, жалганчы деген сөздөрдү айтышты. Ага кысым көрсөтүштү, дене-мүчөлөрүнө залал кылышты, аны ээрчигендерди азапташты.

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Меккеде Аллахка чакырыгын уланта берди. Ажылык учурда, арабдардын базарга чыккан учурларында, ошол жерлерге барып адамдарга жолугуп аларга Исламды сунуштады. Аны дүйнө же бийлик кызыктырбады, кылыч мизи коркута албады. Анын бийлиги да жок эле. Падыша да эмес эле. Чакырыгынын башталышында каршылаштарын Улук Куранда келгендей (аят же сүрө) алып келгиле деп, атаандаштыкка чакырды. Алардын арасынан ага ыйман келтиргендери да болду. Ыйман келтирген сахабалардын баарына Аллах ыраазы болсун.

Меккеде Аллах Таала аны бир чоң аят-белги (мөөжиза) менен "Байт ал-Макдиске" саякат кылдырып сыйлады. Андан ары аны асманга көтөрдү. Белгилүү болгондой, Аллах Таала Идрис жана Иса пайгамбарды асманга көтөргөн эле. Бул мусулмандарда да, христиандарда да айтылып жүрөт.

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаз окууга буйрукту Аллахтан асманда кабыл алды. Бул азыр мусулмандар окуп жүргөн бир күндө окулчу беш маал намаз. Кереметтүү Меккеде дагы бир улук аят-белги ишке ашты. Бул аят-белги мушриктердин көз алдында асмандагы айдын тең экиге бөлүнүүсү.

Курайш каапырлары андан элди кайтаруу үчүн болгон айла-амалын колдонушту; ага куулук кылып, андан адамдарды качырууга аракет кылышты. Ар түрдүү аят-белгилерди талап кылып аны менен талашып-тартышты. Андан адамдарды качырууга жардамы тие турган далилдерди суранып жөөттөрдөн жардам сурашты.

Курайш каапырларынын мусулмандарга кысымы улана бергенден кийин пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларга Эфиопияга көчүүгө уруксат берди. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга: "Анда адилеттүү падыша бар, анын жеринде эч кимге зулум көрбөйт" - деди. Ал христиан падыша эле. Мусулмандардан эки тобу Эфиопияга көчтү. Көчкөндөр Эфиопияга жеткенден кийин анын падышасы Нажашиге Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген динди сунушташты. Ал Исламды кабыл кылып: "Бул (дин), Аллахка ант ичип айтам, Муса пайгамбар алып келген дин менен бир булактан чыккан" - деди. Курайштардын пайгамбарга жана аны ээрчигендерге зыян көрсөтүүсү улана берди.

Ажылык учурунда Мединадан келген бир топ адам ыйман келтирип, Исламды кабыл кылууга жана алардын шаарына көчүп барса жардам берүүгө ант-убада беришти. Ал учурда шаардын аты Ясриб болчу. Мусулмандардан Меккеде калгандарына эми Мединага көчүүгө уруксат берди. Алар көчүп барышты жана Мединада Ислам жайыла баштады, анда Ислам кирбеген бир да үй калбады.

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Меккеде он үч жыл Аллахка чакыргандан кийин Аллах Таала ага Мединага көчүүгө уруксат берди; ал көчүп барып, Аллахтын динине чакырыгын улантты. Ислам шарият өкүмдөрү улам-улам түшүп жатты. Башка өлкөлөрдүн падышаларын жана уруу башчыларын динге чакырган каттарды жазып, аларга элчилерди жибере баштады. Элчи жиберилгендердин катарында: Рим падышасы, Перс императору жана Мисир падышасы бар эле.

Бир жолу Мединада күн тутулуп, адамдар чочулап калышты. Ушул күнү пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) баласы Ибрахим чарчап калган эле. Адамдар: Ибрахимдин өлүмүнө кун тутулду - дешти. Ошондо пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун):

"Чындыгында, Күн менен Ай кимдир бирөөнүн өлгөндүгү же тирилгендиги үчүн тутулбайт, булар экөө тең Аллахтын белгилеринен, алар аркылуу Аллах пенделерин эскертет" - деди.

Эгер пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жалганчы болгондо, аны жалганга чыгаргандарды коркутуу үчүн дароо: "Менин баламдын өлүмүнө күн тутулуп жатат, мени жалганга чыгаргандардын абалын да көрө жатаарбыз" - деп айтмак.

Сахих Муслим, (901).

Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала кемчиликсиз мүнөзү менен көркөм кылган жана аны минтип сыпаттаган:

"Чындыгында, сен көркөм кулк-мүнөздүн ээсисиң".

Калам сүрөсү, 4-аят.

Анын бардык мүнөзү көркөм деп сыпатталган. Мисалы чынчылдыгы, ыкласмандыгы, эр жүрөктүгү, адилдиги, талашып-тартышканда да жумшактыгы, берешендиги, муктаждарга, жесирлерге, кембагалдарга, жакырларга садага берүүнү жакшы көргөнү, аларды туура жолго салууга кызыгып берилгендиги, аларга ырайым кылганы, кичи пейил болгону. Жада калса, сырттан келген жат кишилер ал сахабалары (аларга Аллах ыраазы болсун) менен отурганда аны ажырата тааныбай: Кимиңер Мухаммадсыңар? - деп сурачу.

Анын баскан жолу душманга жана доско, жакынга жана алыска, чоңго жана кичинеге, эркекке жана аялга, айбанаттарга жана канаттууларга мамиле кылууда керектүү, кемчиликсиз жана пайдалуу өрнөк.

Ага Аллах Таала динди толук берип, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) элчилигин толук жеткирип бүткөндөн кийин, ал алтымыш үч жаш курагында дүйнөдөн өтүп кетти. Бул өмүрдүн кырк жылы пайгамбарлыкка чейин, ал эми жыйырма үч жылы пайгамбарлык жана элчилик менен өттү.

Ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Мединада көмүлдү. Ал байлык да, мурас да калтырбады. Болгону минип жүргөн буурул качыры жана мусапырларга садага кылган жер үлүшү калды.

Сахих ал-Бухари, (4461), 6/15.

Ислам динин кабыл кылган, ага ишенген жана аны ээрчигендердин саны өтө көп болду. Анын акыркы коштошуу ажылыгында аны менен жүз миңден ашуун сахаба болгон. Бул ажылык анын өлүмүнөн үч айдай мурда болгон. Анын дининин сакталып жана таралуусунун сырларынын бири - анын Ислам баалуулуктарына жана принциптерине сугарылып тарбияланган сахабалары, адилдик, акыретке берилгендик, такыбалык, тактык жана өздөрү ыйман келтирген динге берилгендигинде.

Анын ыйман, илим, амал, ыклас, ишенүү, жоомарттык, эр жүрөктүк, берешендик жактан алдыда болгон сахабалары: Абу Бакр Сыддык, Умар бин Хаттаб, Усман бин Аффан, Али бин Абу Талиб (аларга Аллах ыраазы болсун). Булар ага биринчилерден болуп ыйман келтирип, аны тастыкташкан. Булар андан кийин халифа болуп, андан кийин дин желегин көтөргөндөр. Аларда пайгамбарлыкка тишелүү эч кандай өзгөчөлүк болгон эмес, ошондой эле аларга башка сахабалардан өзгөчө өздөрүнө гана тиешелүү эч бир сапат берилген эмес.

Аллах анын алып келген китебин, анын сүннөтүн, анын өмүр жолун, сөздөрүн жана иштерин ал өзү сүйлөгөн тилде сактады. Тарых барагында анын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өмүр таржымалы сакталгандай эч кимдин өмүр таржымалы сакталган эмес. Жадагалса, анын кантип уктаганы, кантип тамактанганы, кантип суусун ичкени, кантип күлгөнүнө чейин сакталып калды.

Үй ичинде үй-бүлө мүчөлөрүнө карата кандай мамиледе болгондугу да сакталып калды.

Анын бардык абалдары өмүр жолунда камтылып, сакталган. Ал инсан, элчи, анда Жаратуучулукка тиешелүү эч кандай сапаттар жок, өзүнө пайда да, зыян да тийгизе албайт.

4- Ал алып келген дин.

Аллах Таала Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жер бетин ширк, каапырлык жана караңгылык каптагандан кийин жөнөттү. Жер бетинде Аллахка эч нерсени шерик кылбастан ибадат кылган эч ким калган эмес эле. Болгону, китеп берилген элдерден саналуу эле адамдар калган. Аллах Таала элчиси Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбар жана элчилердин акыркысы кылып жөнөттү. Аны башка диндердин баарынан үстөм болуусу үчүн бүт ааламга акыйкат динди, туура жолду жеткирип, адамдарды бутпарастыктын, каапырлыктын, илимсиздиктин караңгылыгынан ыйман жана тавхиддин нуруна чыгаруу үчүн жөнөттү. Анын алып келген жолу (дини) мурда өткөн пайгамбарлардын (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) динин толуктоочу дин.

Ал дагы башка пайгамбар жана элчилер, Нух, Ибрахим, Муса, Сулайман, Дауд жана Иса пайгамбар чакырган ыйманга, Раббибиз жаратуучу, ырыскы берүүчү, тирилтүүчү, өлтүрүүчү, бүт мүлктүн падышасы Аллах экенине, бардык ишти ал башкарарына, Ал кечиримдүү, ырайымдуу экенине, жаратылыштагы көзүбүзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн нерсенин баарын жараткан Аллах экенине, Аллахтан башканын баары, Ал жараткан макулук, жаратылган нерсе экенине ыйман келтирүүгө чакырды.

Ошондой эле бир гана Аллахтын Өзүнө ибадат кылууга, Андан башкага кылынган ибадаттын баарын таштоого чакырды. Чынында, Аллах Жалгыз, Ага ибадат кылууда, падышалыгында, жаратуучулугунда, башкаруучулугунда Анын шериги жок. Ал Аллах Таала туубаган жана туулбагандыгын, Ага эч бир теңдеш жана окшош жоктугун, жараткандарынан эч нерсеге окшобостугун жана Өзү жараткан нерсенин ичине кирбөөсүн, денесин да кабыл албастыгын ачык баяндады.

Ошондой эле Тоорот, Забур, Инжил жана Ибрахим, Муса пайгамбарлардын барактары сыяктуу илахий китептерге ыйман келтирүүгө чакырды. Бардык элчилерге ыйман келтирүүгө чакырды. Ким бир пайгамбарды жалганга чыгарса, анда бардык пайгамбарларга каапыр болорун этибарга алып эскертти.

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарга Аллахтын ырайымын сүйүнчүлөдү. Бул дүйнөдө адамдарга Аллахтын Өзү жетиштүү экендигин, Ал Ырайымдуу экендигин, Аллах Өзү кыямат күнү инсандарды кабырынан тирилтип тургузуп, аларды эсеп-кысап кыларын, Аллах Өзү ыймандууларга, алардын аткарган бир жакшы амалы үчүн он барабар сооп-сый берерин, ал эми жаман амалдары үчүн бир амалга бир жаза берерин, ошондой эле ыймандуулар үчүн акыретте көп жакшылыктарды даярдап койгонун жана ким каапыр болуп, жаман күнөө иштерди кылса, анын жазасын бул дүйнөдө да, акыретте да тартарын айтып түшүндүрдү.

Элчи Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын динин жеткирүүдө өзүнүн уруусун, өлкөсүн, атүгүл, өз жанын да ыйыктаган эмес. Тескерисинче, Ыйык Куранда Нух, Ибрахим, Муса, Иса пайгамбарлардын ысымы анын ысымына караганда көп айтылган. Апасынын, аялдарынын аттары Ыйык Куранда аталган эмес. Куранда Муса пайгамбардын энесинин аты бир канча жолу айтылган, ал эми Мариям энебиздин аты отуз беш жолу кайталанган.

Элчи Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) шариятка, акылга жана адамдын таза табиятына жана жакшы кулк-мүнөзгө каршы келген бардык иштерден корголгон, таза. Анткени, пайгамбарлар (аларга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааладан жеткире турган нерседе (дин, шариятта) ката кетиришпейт, себеби аларга Аллахтын буйруктарын пенделерге жеткирүү милдети жүктөлгөн. Пайгамбарларда Аллахтын рубубия жана улухиятына тиешелүү сапаттар жок, алар башка адамдар сыяктуу эле жөнөкөй эле адам, болгону Аллах Таала аларга динин аян-кабар кылат.

Элчи Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дини Аллахтын аян-кабары экенине эң чоң далил, анын ушул күндө да ошол убактагыдай сакталып калганы. Аны миллиарддан ашуун мусулмандын ээрчигени жана намаз, орозо, зекет, ажылык ж.б.у.с. парз ибадаттарды өзгөртпөй, бурмалабай аткарганы.

5- Пайгамбарлыгынын белгилери жана далилдери.

Аллах Таала пайгамбарларын алардын пайгамбарлыгына далил болчу аят-белгилер менен кубаттаган жана алар алып келген динге күбө болчу далилдерди тургузган. Аллах бардык пайгамбарларга адамдар ага ыйман келтирүүсүнө жетиштүү боло турган аят-белгилерди берген. Пайгамбарларга берилген аят-белгилердин эң үлкөнү пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) берилген аят-белги. Аллах ага Ыйык Куранды берди. Бул пайгамбарлардын аят-белгилеринин ичинен кыямат күнгө чейин кала турганы. Мындан сырткары да Аллах ага улуу аят-белгилерди, мөөжизаларды берген. Элчи Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көптөгөн аят-белгилери бар. Алардын кээ бири төмөнкүлөр:

Исра жана мираж (түнкү саякат жана асманга көтөрүлүүсү), айдын тең экиге бөлүнүүсү, кургакчылык болгон учурда адамдарга жамгыр тилеп дуба кылганда бир канча жолу жамгырдын жаашы.

Аз тамакты же сууну көбөйтүүсү жана аны көп сандагы адамдардын жеп, ичүүсү.

Аллах Тааланын кабар берүүсү аркылуу майда-чүйдөсүнө чейин эч ким билбеген мурдагы кайып кабарларды, мисалы пайгамбарлардын коомдору менен болгон окуяларын, үңкүр ээлеринин окуясын айтып берүүсү.

Аллах Тааланын кабар берүүсү аркылуу эч ким билбеген эми боло турган кайып иштерди, мисалы Шамдын эли көргөн Хижаз жерин каптаган өрт, адамдардын атаандашып кабат-кабат үйлөрдү салуусун айтып берүүсү.

Ал үчүн Аллахтын жетиштүү болуусу, аны адамдардан коргоосу.

Сахабаларына берген убадаларынын ишке ашуусу, мисалы:

"Силерге Перс жана Рим жерлери ачылат жана алардын кендерин Аллах жолунда иштетесиңер" дегени.

Аллах Таала аны периштелер аркылуу кубаттаганы.

Мурдагы пайгамбарлардын өз коомдоруна элчи Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келери тууралуу сүйүнчү кабарларды айтуусу. Мындай сүйүнчүлөгөндөр Муса, Дауд, Сулайман, Иса (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) жана башка Исраил урпактарынан чыккан пайгамбарлар.

Акылий далилдерге жана тунук акылга сыя турган мисалдарга келсек:

Аллах Тааланын бул аяттары мисал боло алат: "Эй, (мушрик) адамдар! (Мындай) салыштыруу келтирилди, угуп койгула: Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан «кудайлар» бир чымынды да жарата алышпайт. Эгер ага (аны жаратууга) чогулушса да. Жана эгер чымын алардан бир нерсени тартып (жеп) алса, аны андан куткара алышпайт. (Ошентип, кайтарып алууга камынган) кудайлар да алсыз, тартып алган чымын да алсыз. (Чымындан да алсыз кудайларга кантип сыйынасыңар?!)" (Хаж сүрөсү, 73-аят).

Ушундай аяттарды, далилдерди, акылий мисалдарды Ыйык Курандан да, пайгамбардын сүннөтүнөн да көп учуратууга болот. Пайгамбардын мөөжиза-кереметтери эсепсиз, ким аларга токтолгусу келсе, Ыйык Куранга жана хадис жана пайгамбардын өмүр жолу тууралуу китептерге кайрылсын. Анда мөөжиза-кереметтер тууралуу ачык-айкын кабаралар бар.

Эгер бул үлкөн аят-белгилер болбогондо араб жарым аралындагы христиан, жөөт жана Курайш каапырларынан турган душмандары аны жалганга чыгарууга жана адамдарды андан кайтарууга чоң мүмкүнчүлүк тапмак.

Ыйык Куран - Аллах Таала элчиси Мухаммадга аян-кабар кылып түшүргөн ыйык китеп. Ал ааламдардын Раббисинин сөзү. Аллах Таала инсандарга жана жиндерге, Куран сыяктуу китепти, жок дегенде андагы бир сүрө сыяктуу сүрөнү алып келгиле деп, атаандаштыкка чакырган. Бул сунуш кыямат кайым болгонго чейин күчүндө. Ыйык Куран миллиондогон адамдардын акыры айран калган көптөгөн маанилүү суроолорго жооп берет. Улуу Куран ушул күнгө чейин абалкы түшкөн тилинде, араб тилинде сакталуу, ал улам басылып таркайт. Ал адамдарды алсыз калтырган-кереметтүү, улуу китеп. Ал адамдарга түшкөн эң улуу китеп. Ал окууга, же маанилеринин котормосун окууга ылайыктуу китеп. Ким ага үңүлүүдөн жана ага ыйман келтирүүдөн куру калса, жакшылыктын баарынан куру калыптыр.

Ошол сыяктуу эле элчи Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтү, баштаган жолу, өмүр таржымалы сакталган. Ал ишеничтүү айтып өткөрүүчүлөр аркылуу муундан-муунга өтүп келген. Ал дагы элчи Мухаммад (ага Алахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзү сүйлөгөн араб тилинде, куду ал биздин арабызда жашап жаткандай, басылып, көптөгөн башка тилдерге которулуп тараган. Ыйык Куран жана Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтү экөө Ислам өкүмдөрүнүн жана шариятынын бирден-бир булагы.

6- Элчи Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген шарият.

Элчи Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген шарият - бул, Ислам шарияты. Бул илахий диндердин жана Аллахтан келген шарияттардын эң акыркысы. Негизинде бул шарият да мурдагы пайгамбарлардын шарияты сыяктуу эле, болгону аткарылуусунда гана айырмачылык бар.

Бул шарият толук шарият, бардык орун жана заманга ылайыктуу. Бул шарият аркылуу адамдардын дүйнөсү да, дини да оңолот. Бул шарият намаз, зекет сыяктуу пенделери тарабынан ааламдардын Раббисине аткарыла турган бардык ибадаттарды ичине камтыйт. Ошондой эле адамдарга аткарууга уруксат жана тыюу салынган финансылык, экономикалык, социалдык, саясий, аскердик жана коомдук мамилелердин жол-жобосун жана адамдардын бул дүйнөдөгү жана акыреттеги жашоосуна зарыл маселелерди баяндайт.

Бул шарият адамдардын динин, канын, абийирин, мал-мүлкүн, акылын, урпагын сактайт. Ал жакшылык жана артыкчылыктын баарын ичине камтыйт. Жамандык жана жаман жүрүм-турумдун баарынан кайтарат. Инсанды урматтоого, ортолукту карманууга, адилдикке, ыкластуулукка, тазалыкка, ишти мыктылап аткарууга жана жакшы көрүүгө чакырат. Адамдарга жакшылык каалоого, кан төкпөөгө, мекендин тынчтыгына үндөйт жана адамдарды эч бир себепсиз коркутуудан тыят. Элчи Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чектен чыгуунун жана бузукулуктун бардык түрлөрүнө жана көрүнүштөрүнө согуш жарыялаган. Ошондой эле ырымчылдыкка, жалгыз бойлукка жана кечилидикке каршы турган.

Элчи Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала инсанды, мейли ал эркек болсун, мейли аял болсун, аны кадыр-барктуу кылганын баяндаган. Аллах Таала инсандын бардык укугун коргоону Өз кепилдигине алган. Инсанды бардык ыктыядуу иштеринде, амалдарында, аракеттеринде жоопкер кылган. Өзүнө жана өзгөлөргө зыянын тийгизе турган кандай иш болбосун анын жоопкерчилигин моюнуна жүктөгөн. Эркек менен аялды ыйман, жоопкерлик, жаза жана сый жагынан бирдей кылган. Бул шариятта эне катары, жубай катары, кыз катары жана эже-карындаш катары аял затына өзгөчө көңүл бурулат.

Элчи Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген шарият акылды сактайт жана арак ичүү сыяктуу аны кетире турган бардык нерселерди арам кылган. Ислам, инсан Раббисине акылы жана билими менен ибадат кылуусу үчүн динди акыл жолун айдыңдаткан нур деп эсептейт. Ислам шарияты акылдын ордун жогору койгон. Жоопкер болууга акылды шарт кылган. Аны ырым-жырымдардан жана бутпарастыктын торунан азат кылган.

Ислам шарияты туура билимди бийик коёт жана калыс илимий изилдөөлөргө үндөйт. Бизди өзүбүзгө жана курчап турган жаратылышка карап, ойлонууга чакырат. Туура илимий изилдөөлөрдүн натыйжасы Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген динге каршы келбейт.

Шариятта кайсы бир жынысты башка жыныстан өзгөчөлөп ажыратуу жок. Бир элди экинчи элден жогору баалоо жок. Шарияттын өкүмү алардын баарына бирдей. Анткени, адам баласы түпкүлүгүндө баары бирдей. Бир жыныстын экинчи жыныстан, бир элдин экинчи элден артыкчылыгы жок, артыкчылыгы такыбалыкта гана. Элчи Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир төрөлгөн наристе таза табиятта төрөлөрүн айткан. Адам баласынан эч ким өзүнүн күнөө-катасы менен же башка бирөөнүн күнөө-катасына мураскер болуп төрөлбөйт.

Ислам шариятында Аллах тообону шарият кылган, ал: инсандын күнөөнү таштап, Раббисине кайтуусу. Ислам ага чейинки күнөө-каталарды жок кылат. Тообо, ага чейинки күнөөлөрдү жууйт. Тообо кылуу үчүн кимдир бирөөнүн алдында күнөөсүн моюнуна алуу зарыл эмес. Исламда пенде менен Аллахтын байланышы түзмө-түз болот. Сени менен Аллахтын ортосунда кимдир бирөөнүн ортомчу болуусунун зарылдыгы жок. Ислам дини пендени "кудай" кылып алуубуздан, же жаратуучулукта же ибадат кылууда Аллахка шерик кылып алуубуздан тыят.

Элчи Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген бул шарият мурдагы шарияттардын баарын жокко чыгаруучу. Анткени, Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтан алып келген Ислам шарияты, бул кыямат күнгө чейинки шарияттардын акыркысы, бул шарият бүткүл ааламга тиешелүү. Ошон үчүн мурдагы шарияттар бири-бирини жокко чыгарган сыяктуу бул да алардын баарын жокко чыгарды. Аллах Таала Ислам шариятынан башка шарияттарды кабыл кылбайт, элчи Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген динден башка диндерди да кабыл кылбайт. Ким Исламдан башка динди кабыл алса, андан кабыл кылынбайт. Ким бул шарияттын өкүмдөрүн кенен-чонон билүүнү кааласа, Ислам тууралуу ишеничтүү китептерге кайрылсын.

Чынында Ислам шариятынын максаты бардык илахий диндердин максатындай эле: акыйкат диндин инсандын кадыр-баркын көтөрүп, натыйжада ааламдардын Раббиси Аллахка гана калыс кул болуп, пендеге, материалдык нерсеге, ырым-жырымдарга болгон кулдуктан азат кылуу.

Ислам шарияты бардык убакка жана орунга ылайыктуу. Анда инсандын туура кызыкчылыгына каршы келген эч нерсе жок. Анткени, ал инсан эмнеге муктаж экенин жакшы билген Аллахтан түшүрүлгөн. Адамдар өздөрү, бир өкүмү экинчи өкүмүнө каршы болбогон, адам затын оңдой турган, адамдардан кимдир бирөө түзгөн эмес, Аллах тарабынан келген, адамдарды жакшы, туура жолго баштай турган таза шариятка муктаж. Аны менен өкүм кылышса, иштери оңолуп, бири-биринин зулум-зыянынан оолак болушат.

7- Каршылаштарынын көз карашы жана күбөлүгү.

Шек жок, бардык пайгамбарлардын ага душмандык кылган жана даават жолуна тоскоол болгон, адамдарды ага ыйман келтирүүдөн тоскон каршылаштары болгон. Аллахтын элчиси Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) да анын көзү тирүүсүндө да, көзү өткөндөн кийин да каршылаштары көп. Алардын баарына каршы Аллах Таала ага жардам берди. Алардын көбүнүн, мурда болсун, кийин болсун, анын пайгамбар экенине, ал да мурдагы пайгамбарлар сыяктуу динди алып келгенине күбөлүк берген учурлары көп. Алар анын акыйкат жолдо экенин билишет, бирок бийликти сүйүү, коомчулуктан коркуу, же мансабы менен таап жаткан мал-дүйнөдөн айрылып калуу коркунучтары аларды ага ыйман келтирүүдөн тыйып турат.

Ааламдардын Раббиси Аллахка алкыш-мактоолор болсун!