فضائل وآداب المسجد النبوي

فضائل وآداب المسجد النبوي

Пайгамбарыбыздын мечитинин артыкчылыктары жана анда сакталчу адептер, Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын эки жакын жолдошунун (Абу Бакр менен Умар) кабырын зыярат кылуунун өкүмдөрү.

Language: lang_ky
Prepared by: "Харам" жана "Набави" мечиттеринин Диний иштери боюнча башкармалыктын алдындагы илимий комитет.
Version: 1.0
Translations 43
Amharic Assamese Azerbaijani Bengali +39
Attachments 7
PDF
Audio
Video
+3

Пайгамбарыбыздын мечитинин артыкчылыктары жана анда сакталчу адептер, Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын эки жакын жолдошунун (Абу Бакр менен Умар) кабырын зыярат кылуунун өкүмдөрү.

Даярдаган:

"Харам" жана "Набави" мечиттеринин Диний иштери боюнча башкармалыктын алдындагы илимий комитет.

1447-х.ж.

Кириш сөз.

Ааламдардын Раббисине алкыш-мактоолор болсун. Ааламга ырайым катары жиберилген пайгамбарга, анын сахабаларына, үй-бүлөсүнө, анын сүннөтүн кармангандарга жана кыяматка чейин анын туура жолунда жүргөндөргө Аллахтын саламы жана салаваты болсун. Андан кийин айтарым:

"Бул китепче Пайгамбардын мечитинин (Масжид ан-Набавийдин) эң маанилүү артыкчылыктарын, аны зыярат кылуунун адептерин, ошондой эле Пайгамбардын жана анын эки сахабасынын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүрзөлөрүн зыярат кылуунун адептерин камтыйт. Биз бул китепчени Пайгамбардын мечитин зыярат кылуучулар үчүн топтоп даярдадык. Алар бул үммөттүн Пайгамбарынын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитинин артыкчылыгын, аны зыярат кылуунун жана анда намаз окуунун адептерин илимдүүлүк менен терең билүүсү керек. Берешен, кең пейил Аллах Тааладан бул китепти пайдалуу, салих амалдардын катарында кылуусун жана Өзүнүн гана ыраазылыгы үчүн кабыл кылуусун үмүт кылабыз. Ал андан суралуучулардын эң жакшысы, андан үмүт кылынгандардын эң берешени."

Илимий комитет

Биринчи: Пайгамбардын мечитинин артыкчылыктары.

Аллах Таала айтты: "Сенин Раббиң Өзү каалаган нерсени жаратат жана ыктыяр кылат. Аларга (Аллахка каршы чыгууга) ыктыяр жок. Аллах алардын ширктеринен аруу-таза!" (Касас, 68-аят). Аллах Таала бул жерди Өзүнүн Пайгамбары (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үчүн мечит кылып тандап, ага көптөгөн артыкчылыктарды ыйгарган. Алардын кээ бири төмөнкүлөр:

Бул мечит атайын зыярат кылып барууга уруксат берилген үч мечиттин бири:

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: ""Үч эле мечитке атайын сапар кылып барып намаз окууга болот: менин ушул мечитим, Харам мечити, Акса мечити" [1]." (1) Бухари, 1189; Муслим, 1397.

Анда окулган намаз, "Харам" мечитинен башка мечиттердеги миң намаздан жакшыраак:

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Менин бул мечитимде окулган намаз, Харам мечитинен башка бардык мечиттерде окулган миң намаздан жакшыраак" [2]. [2] (Бухари, 1190. Муслим, 1395).

Ал – эң абалкы күндөн эле такыбалыктын үстүнө курулган мечит:

Абу Саид ал-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Мен Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдарынын биринин үйүндө болгондо кирип: «Оо, Аллахтын Элчиси, такыбалыктын үстүнө курулган мечит бул эки мечиттин кайсынысы?» – деп сурадым. Ал бир ууч майда ташты алып, аны кайра жерге ыргытып, анан мындай деди: «Бул – силердин ушул мечитиңер»: Медина мечити[3]. (3) Имам Муслим, 1398.

Бул мечитте илим алуунун сообу – Аллах жолундагы мужахиддин (жихад кылуучунун) сообу сыяктуу:

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: "Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: «Ким менин бул мечитиме бир жакшылыкты (илимди) үйрөнүү же аны үйрөтүү үчүн келсе, ал – Аллах жолундагы мужахиддин даражасында болот. Ал эми мындан башка максатта келген болсо, анда ал башка бирөөнүн буюмуна карап турган киши сыяктуу»[4]. (4) Ибн Маажа, 227.

Бул мечитте "Равзаи Шариф" бар:

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: «Менин үйүм менен минбарымдын ортосу Бейиш бакчаларынын бири. Минбарым болсо "Хаузумдун" (бейиштеги булак) үстүндө»[5]. (5) Имам Бухари, 1195; Имам Муслим, 1390.

Экинчи: Пайгамбарыбыздын мечитин зыярат кылуунун мустахабдыгы.

Ушул жана башка артыкчылыктардан улам, Пайгамбардын мечитин зыярат кылып, анда намаз окуу жана ибадат кылуу мустахаб.

Ажылыкка баргандарга жана башкаларга ажылыктан мурун же кийин Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитин зыярат кылуу сүннөт. Бул зыярат ажылыктын шарты да, рүкүнү да, важиби да эмес жана анын ажылыкка эч кандай тиешеси жок.

- Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитин зыярат кылуу үчүн белгилүү бир сандагы намаз окуу же Мединада белгилүү бир убакыт туруу шарт кылынбайт. Тескерисинче, ал парз болобу же нафил болобу, бир намаз окуу менен эле зыярат ишке ашат. Бирок, ал жерде окулган намаздардын саны канчалык көп болсо, сооп да ошончолук көбөйөт.

- Пайгамбардын мечитин зыярат кылган адамга бардык парз намаздарды, ошондой эле нафил намаздарды да ошол жерде окуусу мустахаб. Анткени, жогоруда айтылгандай, ал жерде окулган намаз "Харам" мечитинен башка мечиттердеги миң намаздан жакшыраак.

Үчүнчү: Пайгамбардын мечитин зыярат кылуунун адептери.

Мусулман адам Пайгамбардын мечитине келгенде, жалпы мечиттердин жана өзгөчө Пайгамбардын мечитинин шарияттык адептерин кармануусу мустахаб. Алар:

Мечитке токтоолук, оор басырыктуулук, тазалык, жакшы таза кийим жана жагымдуу жыт менен келүү. Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: «Эгерде намазга коомат айтылса, ага чуркап (шашып) келбегиле. Намазга сабырдуулук жана токтоолук менен (жай) келгиле. Намаздын кайсы жерине жетишсеңер, ошону окугула, ал эми жетишпей калган бөлүгүн (кийин) толуктап алгыла. Анткени силердин кимиңер болбосун, намазга ниет кылып жолго чыкса, ал намаз окуп жаткан сыяктуу эле (соопто) болот»[6], Абу Саид ал-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Жума күнү жуунуу, тишин мисвак менен тазалоо жана эгер таба алса жагымдуу жыттардан сүйкөнүү ар бир балагат куракка жеткен кишиге милдет (важиб)»[7], «Ал эми аял киши мечитке келсе, анда ага хижабы менен толук жамынып келиши милдеттүү. Ошондой эле, Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү сөзүнө амал кылып, ага жагымдуу жыттарды же атырларды себинип келүүгө болбойт». «Эгерде силерден кимдир бирөө (аял киши) мечитке бара турган болсо, анда эч кандай жыпар жыт (атыр) колдонбосун (сүйкөнбөсүн)»[8]. (6) Имам Бухари, 636. Имам Муслим, 602. (7) Бухари, 846; Муслим, 858. Мухталам – балагатка жеткен. (8) Имам Муслим, 443.

Пайгамбарыбыздын мечитине киргенде, башка мечиттердегидей эле, оң бут менен кирип, мечитке кирүү дубасын айтуу керек. Зыярат кылуучуга, башка мечиттерге киргендегидей эле, Пайгамбарыбыздын мечитине оң буту менен кирип, бул дубаны айтуусу мустахаб: «Аллахтын аты менен, Аллахтын Элчисине салам болсун. О, Аллах! Менин күнөөлөрүмдү кечирип, мага Өз ырайымыңдын эшиктерин ача көр!» [9]. Ошондой эле минтип айтат: «Улуу Аллахка, Анын улуу (айкөл) Жүзүнө жана Анын түбөлүктүү бийлигине таянып, таш бараңга алынган (куулган) шайтандан коргоо сурайм»(10). (9) Ибн Маажа, 771; санады (чынжыр тизмеги) ишенимдүү. (10) Абу Дауд, 466, санады (чынжыр тизмеги) ишенимдүү.

Тахийятул-масжид намазын окуу: Пайгамбардын мечитине намаз окуу үчүн кирген адамга, отурардан мурда эки ирекет "тахиййатул-масжид" (мечит менен учурашуу) намазын окуусу сүннөт. Абу Катада ал-Хаарис ибн Риб'ий ал-Ансарий (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Эгерде силердин кимиңер болбосун мечитке кирсе, эки рекет намаз окумайынча отурбасын»[11]. (11) Имам Бухари, 1171; Имам Муслим, 714.

Алдыңкы саптарда намаз окууга аракет кылуу керек; анткени анда чоң артыкчылык бар жана ага мечитке эрте барган адам жетишет. Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: «Эгерде адамдар азан айтууда жана биринчи сапта турууда кандай (сооп-сыйлык) бар экенин билишсе, анан ага чүчүкулак кармашуудан башка жол таппай калышса, анда сөзсүз чүчүкулак кармашмак»(12), Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына (Аллах алардан ыраазы болсун) мындай деген: «Алга жылгыла жана мага ээрчигиле, ал эми силерден кийинкилер силерге ээрчишсин. Кайсы бир коом (алдыңкы саптардан) артта кала берсе, акырында Аллах аларды (Өзүнүн кечириминен же даражасынан) артка калтырып коёт»[13]. (12) Имам Бухари, 615; Имам Муслим, 437. (13) Имам Муслим, 438.

Ал эми аялдарга келсек, алар үчүн эң абзели (жакшысы) – арткы саптарда намаз окуу жана эркектерден алыс болуу. Бул Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү хадисине негизделген: «Эркектердин саптарынын эң жакшысы — алдыңкысы. Ал эми эң жаманы (сообу азы) — акыркысы. Аялдардын саптарынын эң жакшысы — арткысы. Ал эми эң жаманы — алдыңкысы»[14], Бирок, эгерде алар өзүнчө намаз окушса же Пайгамбардын мечитиндегидей алар менен эркектердин ортосунда тосмо болсо, анда алардын саптарынын эң жакшысы – биринчиси болуп саналат. Анткени мындай учурда (эркектер менен аралашуу коркунучу сыяктуу) себептер жоюлат. (14) Имам Муслим, 440.

Имамдын артында намаз окуу жана андан озуп кетүүдөн сактануу. Бул Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү хадисине негизделген: «Чындыгында, имам ага уюш үчүн гана (имам кылып) дайындалган»[15]. (15) Имам Бухари, 722. Имам Муслим, 417.

Зарылчылык болуп, мечит ичи намаз окуучуларга толуп, имамдын алдынан башка жерде намаз окууга орун таба албай калган учурдан башка кезде, намаз окуучуга имамдын алдына туруп намаз окууга болбойт.

Саптардын арасындагы бош жерлерди толтурууга жана сапты түз кармап турууга умтулуу кылуу керек. Бирок адамдарга тыгын жаратуудан, аларды кысуудан, алардын ийининен аттап өтүүдөн жана намаз окуп жаткандардын алдынан кесип өтүүдөн сактануу зарыл. Анткени мындай иштер адамды күнөөгө батырат.

Эгер мүмкүн болсо, "Равзаи Шарифте" намаз окуган жакшы; Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: «Менин үйүм менен минбарымдын ортосу Бейиш бакчаларынын бири. Ал эми минбарым "Хаузумдун" үстүндө»[16]. (16) Имам Бухари, 1195; Имам Муслим, 1390.

Равзада намаз окуунун пазилети тууралуу атайын бир артыкчылык айтылган эмес. Бирок жогорудагы Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте айтылгандай, ал жер Бейиш бакчаларынын бири экендиги бекемделген. Ал эми ибадаттардын артыкчылыгы аткарылган мезгилине жана ордуна жараша жогору болот.

* Зыярат кылып келген адам "Равзада" намаз окуу үчүн ыңгайлуу убакыттарды тандап, тыгын азыраак болгон учурду издөөсү керек. Ал жерде намаз окуу үчүн мусулман бир туугандары менен тыгылышып, аларга тоскоолдук кылуусу, элдин үстүнөн аттап өтүүсү жана намаз окуп жаткандардын алдынан кесип өтүүсү жайыз эмес. Себеби, Равзадагы намаз – нафил, ага арам иш аркылуу жетүүгө болбойт. Ошондой эле зыяратчы Равзага кирүү үчүн бекитилген атайын тартиптерди жана эрежелерди карманууга, ыңгайлуу убакыттарды тандоого жана зыяратчылардын кирүүсүн уюштуруп жаткан кызматкерлер менен кызматташууга умтулуусу зарыл.

Жаратуучусуна жакындата турган жакшы амалдарды: намаз, Куран окуу, зикир, дуба, зикир мажлистерине, илимий сабактарга жана Куран үйрөтүү ийримдерине катышуу жана башка ушул сыяктуу иштерди көп аткаруу менен убакытты туура пайдалануу керек.

Аллах Тааланын Китебин урматтоо жана анын барактары менен ойноп (айрып), үстүнө жазуудан, ошондой эле бут кийимдин жанына коюу же жерге таштоо сыяктуу кордоодон жана маани бербөөдөн сактоо керек. Бул Аллах Тааланын төмөнкү сөзүнө негизделген: "Ушундай. Ал эми, ким Аллахтын белгилерин (курмандык үчүн белек иретинде алынган айбандарды) аздектесе – бул жүрөктөрдүн такыбаалуулугунан". Хаж сүрөсү, 32-аят.

Аллах Таала арам кылып тыйган нерселерден көздү тыюу: Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитин зыярат кылган адам кароо арам болгон нерселерден көзүн тыюусу важиб. Ошондой эле, ал бул ыйык жайларда күнөө кылуунун кесепети оор, жазасы да катуу болорун билүүсү керек. Анткени, күнөөлөр менен сооптуу иштер убакыттын жана орундун улуулугуна жараша чоңоёт. Мусулман аялдар шарият талап кылган хижабын кийип, эркектерге азгырык болбош үчүн жасалгасын көрсөтпөөсү керек. Анткени, мунун күнөөсү оор.

Уюлдук телефондон сүрөткө, видеого тартуу, же сүрөттөрдү жана видеолорду көрүү менен алаксып калуудан сактануу керек. Ал эми бул сүрөттөр менен видеолор арам нерселер болсо, анда бул иштин коркунучтуулугу ого бетер күчөйт.

Пайгамбардын мечитин талашып-тартышуудан, үндү көтөрүп сүйлөөдөн, жоголгон нерсени сураштыруудан, соода кылуудан жана ага да, башка мечиттерге да жарашпаган ушул сыяктуу башка иштерден таза сактоо зарыл; анткени Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Эгерде мечитте соода кылып жаткан адамды көрсөңөр, анда: "Аллах соодаңды кирешелүү кылбасын", – деп айткыла. Ал эми анда жоголгон буюмун сураштырып жаткан адамды көрсөңөр, анда: «Аллах сага аны кайтарбасын», – деп айткыла"[17]. (17) Тирмизи, 1321; Ибн Хузайма, 1305. Чынжыр тизмеги ишенимдүү.

Жеке тазалыкка өзгөчө маани берүү, ошондой эле сарымсак, пияз, тамеки, тердин жыты жана ушул сыяктуу башка намаз окуган бир туугандарына зыян келтирүүчү жагымсыз жыттардан сактануу керек. Анткени Жабир ибн Абдулла (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: «Ким сарымсак же пияз жесе, бизден алыс болсун (же: биздин мечитибизден алыс болсун) жана үйүндө эле отурсун»[18]. (18) Имам Бухари, 7359. Имам Муслим, 564.

Пайгамбардын мечитинин тазалыгына кам көрүү жана мечиттин ичине, анын короолоруна таштандыларды, өзгөчө Рамазан айында тамак-аш калдыктарын жана иптар дасторконунун калдыктарын таштабоо, ошондой эле өтмөктөр менен аянтчаларга түкүрбөө зарыл.

Өткөөлдөрдө, эшиктердин кире беришинде жана эл көп топтолгон жерлерде намаз окуудан сактануу керек, анткени андан жол тосуу жана мусулмандарга зыян келтирүү сыяктуу жамандыктар келип чыгат.

Эркектер жана аялдар Пайгамбардын мечитинин ичинде же анын аянттарында, ар кимиси өзүнө бөлүнгөн атайын орундарда намаз окушат. Эркек аялдын жанында, аял да эркектин жанында намаз окубайт. Мүмкүн болушунча имамдан алдын өтүп кетүүдөн сак болуу керек.

Мечиттен чыкканда сол буту менен чыгып, минтип айтат: "Аллахумма иннии асъалука мин фадлик" "Аллахым, Сенин артыкчылыгыңдан сурайм" (19), Же Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салават айтып, анан мындай дейт: «О Раббим! Менин күнөөлөрүмдү кечирип, мага Өз артыкчылыгыңдын эшиктерин ача көр!»[20]. (19) Имам Муслим, 713. (20) Тирмизи, 314.

Төртүнчү: Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын эки жолдошунун (Аллах алардан ыраазы болсун) кабырларын зыярат кылуунун өкүмдөрү жана адептери.

Мединанын тургундары жана ал жерге келген коноктор менен зыяратчылар үчүн Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын эки жолдошунун (сахабаларынын) – Абу Бакр менен Умардын (Аллах алардан ыраазы болсун) кабырларын зыярат кылуу мустахаб (сооптуу) иш. Бул кабырларды зыярат кылуунун шарияттагы ордун көрсөткөн жалпы далилдерге негизделет. Алардын бири: Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү сөзү: «Мен силерди кабырларды зыярат кылуудан кайтарган элем, эми аларды зыярат кыла бергиле»[21]. (21) Имам Муслим, 977.

Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көзү өткөндөн кийин салам айтуунун артыкчылыгына далил катары, ал мындай деген: "Мага кимдир бирөө салам айтса, анын саламына жооп кайтаруу үчүн Аллах Таала менин жанымды кайра киргизет" (22). [22] Имам Ахмад, Муснад, 10815. Иснады (чынжыр тизмеги жакшы) хасан.

Аялдарга Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) да, башка мусулмандардын да кабырын зыярат кылууга болбойт. Анткени кабырды зыярат кылуу эркектерге гана тиешелүү. Ал эми аялдар кабырды зыярат кылуудан тыйылган. Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) минтип айткан: «Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабырларды зыярат кылуучу аялдарды, кабырдын үстүнө мечит курган жана шам чырак жаккандарды каргыштаган»[23], Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабырларды көп зыярат кылуучу аялдарды каргыштаган»[24]. (23) Абу Дауд, 3236; Тирмизи, 320; Насаи, 2043. (24) Тирмизи, 1056; Ибн Маажа, 1576.

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабырын зыярат кылууну гана ниет кылып, атайын сапарга чыгууга болбойт. Сапарда жалпы мечитти зыярат кылууну жана анда намаз окууну ниет кылуусу керек. Мединага барып жайгашкандан кийин, ал шаардын тургундарына уруксат берилгендей эле, ага да кабырды зыярат кылууга уруксат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Үч эле мечитке атайын сапар кылып барып намаз окууга болот: Менин ушул мечитим, Харам мечити, анан Акса мечити". [25]" (25) Бухари, 1189. Муслим, 1397.

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабырын жана анын эки жолдошунун (Аллах алардан ыраазы болсун) кабырларын зыярат кылуунун шарияттагы адептери.

Зыярат кылуучу адам Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабырынын маңдайына кабырды карап туруп, ага адеп менен, үнүн басаңдатып: «Ассаламу алайка, о Аллахтын элчиси, ва рахматуллахи ва баракатух» деп салам айтат. Эгер буга кошумчалап: «Мен күбөлүк берем, сен пайгамбарлыкты жеткирдиң, аманатты аткардың, үммөткө насаат кылдың жана Аллах жолунда чыныгы жихад кылдың» деп айтса, анда анын эч зыяны жок. Анткени булардын баары акыйкат.

Андан соң оң тарабына бир кадам жылып, Абу Бакр Сыддыктын (Аллах андан ыраазы болсун) кабырынын маңдайына туруп, мындай дейт: "Сага салам болсун, эй, Абу Бакр Сыддык! Сага салам болсун, эй, Аллахтын Элчисинин халифасы! Аллах сенден ыраазы болуп, Өз ыраазылыгына жеткирсин жана сени Мухаммеддин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтү үчүн жакшылык менен сыйласын".

Андан кийин оң жагына бир кадам жылып, Умар бин Хаттабдын (Аллах андан ыраазы болсун) кабырынын маңдайына туруп, мындай дейт: «Ассаламу алейка, оо, Умар Фарук, Аллах сенден ыраазы болуп, ыраазы кылсын жана Мухаммеддин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнүн атынан жакшылык менен сыйласын».

Ибн Умар (атасы экөөнөн Аллах ыраазы болсун) сапардан келгенде Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүрзөсүнө келип, мындай дечү: «Сага салам болсун, эй, Аллахтын Элчиси! Сага салам болсун, эй, Абу Бакр! Сага салам болсун, эй, атакем» деп анан кетчү. (26). (26) Байхаки, Сунан Кубра, 10271, сахих.

Кабырдын дубалдарына, тосмосуна кол тийгизбейт жана өппөйт:

Имам Малик (ага Аллах ырайым кылсын) минтип айткан: "Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салам бергенде, кыбылага эмес, кабырга жүздөнүп турат. Анан жакындап, салам айтат. Кабырды колу менен кармаьайт" (27). (27) Аш-Шифа лил-Казы Ийаз, (2/199).

Имамдардын (аалымдардын) баары Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабырын кол менен кармоого жана аны өбүүгө болбойт деген пикирде бир ооздон макулдашкан (иттифак кылышкан).

Кабырдын жанында көпкө турбастан, салам берип эле өтүп кетүү керек.

Имам Малик (ага Аллах ырайым кылсын) минтип айткан: "Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабырынын жанында туруп дуба кылууну туура деп эсептебейм. Тескерисинче, салам айтып эле өтүп кетүү керек" [28]. (28) аш-Шифа, аль-Кади Йиад (2/199).

Нафиъ (ага Аллах ырайым кылсын) минтип айткан: "Ибн Умар кабырга салам берчү... Мен аны жүз жолудан ашык көрдүм, ал кабырга келип: «Пайгамбарга салам болсун. Абу Бакрга салам болсун. Атама салам болсун», – деп айтып, анан кетип калчу" [29]. (29) Ажуррий, «аш-Шариа», (5\2374) №1853.

Ал эми кээ бир зыяратчылардын пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабырынын жанында үндөрүн көтөрүп, ал жерде көпкө туруп алуусу шариятка каршы келет.

Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) же башка бир макулукка пайда алып келүүнү, зыянды кайтарууну, муктаждыкты орундатууну, кыйынчылыктан арылтууну, оорулууга шыпаа берүүнү, шапаат суроону, азаптан куткарууну жана ушул сыяктуу нерселерди сурап дуба кылууга болбойт. Анткени, жалгыз Аллахтын гана колунан келген нерселерде Андан башкага дуба кылуу – арам жана чоң ширк болуп саналат. Аллах Таала минтип айткан: "Силердин Раббиңер: «Мага дуба кылгыла силерге жооп беремин (кабыл аламын)» деди. Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко киришет". (Гафир, 60-аят). Аллах Таала дагы минтип айткан: "Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан “кудайлар” өзүңөр сыяктуу эле пенделер. (Аллахтын макулуктары). Эгер айтканыңар чын болсо, аларга дуба кылгылачы кана, жооп беришер бекен?!" (Аараф, 194-аят). Аллах Таала минтип айткан: "(Бардык) мечиттер Аллахка ибадат кылуу үчүн! Силер Аллахка кошуп башка “кудайларга” дуба кылбагыла!" (Жин сүрөсү, 18-аят).

Кабырдын жанында Аллахка дуба кылынбайт. Эгер дуба кылууну кааласа, кабырдан арыраак туруп, кыбылага бет алып дуба кылат. Дуба кылганда кабырга бет маңдай карап турууга болбойт.

Имам Малик (ага Аллах ырайым кылсын) минтип айткан: "Мен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабырынын жанында туруп дуба кылууну туура эмес көрөм".

Мечитке кирген сайын же чыккан сайын кабырга зыяратка бара берүү Мединанын тургундарына да, сырттан келген зыяратчыларга да шариятка туура келбеген иш. Анткени, мында кабырды сыйына турган жайга айлантып алуу коркунучу бар.

Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындан тыйып, минтип айткан: «Менин кабырымды ибадат кылуучу жай кылып албагыла жана үйүңөрдү мүрзөгө айлантып албагыла. Кайсыл жерде болсоңор да мага салават айткыла, чындыгында, силердин салаватыңар мага жетип турат»[30]. [30] Имам Ахмад, Муснад, 8804. Иснады (чынжыр тизмеги жакшы) хасан.

«Менин кабырымды ибадат кылуучу жай кылып албагыла» дегендин мааниси – зыяратты күн сайын, жума сайын же ай сайын, же болбосо белгилүү бир абал жаралганда деп өзгөчөлөп, ага кайра-кайра бара бербегиле деген сөз. Жана: «Аны силер чогула турган майрам орду кылып албагыла», – деп да айтылган[31]. (31) Ал-Муфрадаат ли-р-Раагиб ал-Асфахааний, 594-б; Шарх ас-Судуур би-тахриим Рафъ ал-Кубуур ли-ш-Шаукааний, 16-бет.

Имам Малик (ага Аллах ырайым кылсын) минтип айткан: "Мединанын тургундары мечитке кирип, чыккан сайын кабырдын жанына токтоого милдеттүү эмес. Мындай кылуу башка жактан келгендер үчүн гана"[32]. (32) Аш-Шифаа лил-Каади Ийад, 2/204; Ал-Мадхал либн ал-Хаажж, 1/262.

Анын (Аллах ага ырайым кылсын) айткан "Бул сырттан келгендер үчүн гана" деген сөзү, жалпы зыяратты билдирет, кирип-чыккан сайын кайра-кайра зыярат кылууну эмес.

Кабырдын алдында намаздагыдай болуп, бир колун экинчисинин үстүнө, көкүрөгүнүн үстүнө же астына коюп турууга болбойт. Анткени бул абал намазга гана таандык. Минтип туруу – кичи пейилдиктин жана моюн сунуунун абалы болуп, бир гана Аллахка арналат.

Кээ бир адамдар кылгандай, Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салам айтуу үчүн алыс жерден кабырга карап турууга болбойт. Анткени бул ишти сахабалар да, абалкы саалихтерден болгон төрт имам жана башкалар да кылышкан эмес.

Улуу кабырды кайсы тарабынан болбосун карап дуба кылуу, Куран окуу жана ушуга окшогон амалдар жогоруда айтылган бидааттардын бир түрү болуп саналат. Мусулман адамга динине Аллах уруксат бербеген нерсени киргизүүгө болбойт. Имам Малик бул амалга окшогондорду четке каккан жана мындай деген: "Бул үммөттүн акыркыларын, үммөттүн абалкыларын оңдогон нерсе гана оңдойт" (33)." (33) Мажмуъ Фатава ибн Бааз, 16/110.

Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салам берүү учурунда сүрөткө же видеого тартуу жана түз эфир менен алек болбоо керек.

Пайгамбарыбыз Мухаммедке, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына салаваттар жана саламдар болсун.