رسالة في الدماء الطبيعية للنساء
*
These files are generated automatically from the book's text; their layout may differ from the printed edition.
*
*
*
*
*
Сафия энебиздин окуясында, ал ифада тавафынан кийин айыз болуп калганда, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "... андай болсо жолго чыга берсин" - деген. (Бухари, Муслим).
*
*
*
Аялдардын табиятындагы кандар тууралуу макала
Жазган урматтуу шейх
Мухаммад бин Салих ал-Усеймин
Аллах Таала ал кишинин, анын ата-энесинин жана жалпы мусулмандардын күнөөсүн кечирсин.
Чексиз Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен.
Алкыш-мактоолор Алахка ылайык, Аны мактайбыз, Андан жардам сурайбыз, Андан кечирим тилейбиз жана Ага тобо кылабыз, напсибиздин жамандыгынан, кылган иш-амалдарыбыздын жамандыгынан сактоону Анын Өзүнөн суранабыз. Аллах туура жолго салган адамды адаштыруучу жок, адаштырган адамды туура жолго салуучу жок. Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок, Ал жалгыз, Анын шериги да жок деп күбөлүк беремин, Мухаммад Анын кулу жана элчиси экендигине да күбөлүк беремин, Ага, үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана кыяматка чейин жакшылыкта аларды ээрчигендерге Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун.
Андан кийин айтарым: Аялдардын табиятындагы келип турчу кан үч түрдүү болот: хайз, нифас жана истихаза. Буларды баян кылуу, өкүмдөрүн үйрөнүү, булар тууралуу айткан аалымдардын сөздөрүнүн катасын туурасынан ажырата билүү зарыл болгон маселелерден болуп эсептелет. Булар тууралуу Куран жана сүннөттө айтылгандарга таянуу керек.
1- Анткени Куран жана сүннөт - пенде ошол аркылуу ибадат кыла турган Аллахтын өкүмдөрү жана пенденин жоопкерчилиги көрсөтүлгөн негизги булактар.
2- Ошондой эле Куран жана сүннөткө таянууда жүрөк эс алып, көкүрөк кеңейип, көңүл тынчып, жоопкерчиликтен кутулуу бар.
3- Дагы бир себеби Куран жана сүннөттөн башканын баары аларга муктаж, ал эми алар башкага муктаж эмес.
Демек, далил Аллахтын сөзүнөн жана Анын элчисинин сөзүнөн алынат, ошондой эле илимдүү сахабалардын туура айткан сөздөрүнөн да алынат, бирок, алардын айтканы Куран жана сүннөттө айтылганга каршы болбоосу шарт. Ошондой эле бир сахабанын айтканына экинчи сахабанын айтканы каршы келбөөсү шарт, эгер Куранда же хадисте анын айтканына каршы далил болсо, анда Куран жана сүннөттөгү далилди алуу зарыл, Эгер бир сахабанын айтканына экинчи сахабанын айтканы каршы келип калса, анда эки айтымды салыштыруу талап кылынат жана кайсысы туурараак болсо ошонусун алуу зарыл. Анткени Алла Таала: "Кайсы бир иште талашып калганыңарда, эгер Аллахка жана кыямат күнгө ишенсеңер, аны Аллахка жана элчиге кайтаргыла, ушул жакшы жана эң абзел чечим" деп айткан (Ниса, 59-аят).
Аялдардын табиятына тиешелүү кандар жана алардын өкүмдөрү тууралуу баян кылууга түрткү болгон кыскача макала төмөнкү бөлүктөрдөн турат:
Биринчи бөлүм: Айыздын мааниси жана анын сыры тууралуу.
Экинчи бөлүм: Айыздын келген учуру жана мөөнөтү туралуу.
Үчүнчү бөлүм: Айыздагы кокустуктар тууралуу.
Төртүнчү бөлүм: Айыздын өкүмдөрү тууралуу.
Бешинчи бөлүм: Истихаза жана анын өкүмдөрү тууралуу.
Алтынчы бөлүм: Нифас жана анын өкүмдөрү тууралуу.
Жетинчи бөлүм: Айызды токтотуучу же келтирүүчү жана бойго бүтүүдөн сактоочу же бойдон түшүрүүчү нерселерди колдонуу тууралуу.
Биринчи бөлүм: Айыздын мааниси жана анын сыры тууралуу.
Айыздын тилдеги мааниси: Суюктуктун агуусу же куюлуусу дегенди туюндурат.
Шарияттагы мааниси: Белгилүү бир убакта эч кандай ооруунун себеби жок эле табияттын талабы менен аял затынын жатынынан агып чыгуучу кан. Бул табигый кан, анын агып чыгуусу ооруунун, жаракаттын, боюнан түшүүнүн же төрөттүн себебинен эмес. Ал табигый кан болгондуктан, аялдардын абалына, жашаган чөйрөсүнө карап ар түрдүү болот. Ошон үчүн кандын келүүсүү аялдарда ачык-айкын айырмаланып турат.
Анын сыры: Эненин жатынында жаткан түйүлдүк тыштагылар тамактанган нерселер менен тамактана албашы белгилүү, ага сырттан эч кандай азык берүү мүмкүн эмес. Ошол себептен Аллах Таала аял затынын жатынын кан бөлүп чыгара турган кылган, аны менен түйүлдүк азыктанат жана жеп ичүүгө муктаж болбойт. Азык анын киндиги аркылуу кан тамырларына тарап түйүлдүк ошону менен азыктанат. Эң мыкты жаратуучу болгон Аллах Улук-Берекеттүү!
Айыз канынын негизги сыры мына ушундай; ошол себептен аялдын боюна бүткөндө айызы келбей калат. Анча-мынча гана аялдын айызы келиши мүмкүн. Ошондой эле бала эмизген аялдын да айызы сейрек келип калат, айрыкча эмизүүнүн алгачкы учурларында.
Экинчи бөлүм: Айыздын убактысы жана мөөнөтү тууралуу.
Бул бөлүмдө эки маселе тууралуу сөз болот:
Биринчи маселе: Айыз каны келе турган жаш курак тууралуу.
Экинчи маселе: Айыз канынын келүү мөөнөтү тууралуу.
Эми биринчи маселеге токтололу: Аялдардын айыз каны келе турган негизги жаш курагы он эки жаштан элүү жашка чейинки курагы. Абалына, жаратылыш-чөйрөсүнө жараша бул жаш курактан өткөн же бул жаш куракка жете элек аялдар деле айыз көргөн учурлар болот.
Аалымдар (аларга Аллахтын ырайымы болсун) аялдардын айызы келе турган жаш курактын анык чеги барбы, б.а. ошол чекке чейин же ошол чектен кийин кан келеби, келбейби, чекке чейин же чектен кийин келген кан айыз каны болобу, же бузук кан болобу деген маселеде кайчы пикирде.
Бул тууралуу аалымдар мындай пикирлерин айтышкан: Ад-Дарими кайчы пикирлерди эскергенден кийин: "Мунун баары менин пикиримде ката! Анткени, бул нерседе кандын келүүсүнө каралат, кан кандай өлчөмдө болбосун, кандай абалда, кайсы жаш куракта келбесин аны айыз деп эсептөө зарыл. Туурасын Аллах билүүчү" - деген.
Мына ушул ад-Дариминин айтканы туура, шейх Ислам ибн Таймия да ушуну туура деп ыктыяр кылган. Аял заты кайсы убакта кан көрбөсүн, демек ал айыз, мейли тогуз жашка чейин болсун, мейли элүү жаштан кийин болсун айырмасы жок. Анткени, Аллах жанан Анын элчиси айыздын өкүмдөрүн кандын болуусуна байланыштырган, Аллах жана Анын элчиси аны белгилүү бир жашка чектеген эмес. Ошондуктан, өкүмдөр байланыштырлаган кандын барлыгына гана кайтуу зарыл болот. Ал эми аны белгилүү бир жашка чектөө үчүн Аллахтын китебинен же сүннөттөн анык далил керек, а мындай далил жок.
Ал эми экинчи маселе айыздын мөөнөтү, б.а. айыздын келүүсү канча убакка созулары тууралуу.
Бул маселеде да аалымдардын ортосунда алты-жети кайчы пикир бар. Ибн Мунзир (аны Аллах ырайым кылсын) минтип айткан: Бир тайпа аалымдар: Айыздын азы да, көбү да күн менен чектелбейт - дешкен.
Менин пикиримде, бул сөз жогорудагы ад-Дариминин сөзүнө окшош, шейх ал-Ислам Ибн Таймия да ушуну ылайык көргөн, туурасы ушул, анткени буга Куран, сүннөт жана кыяста далил бар.
Биринчи далил: Аллах Тааланын төмөнкү аяты: "Сенден айыз (каны) жөнүндө сурашат. Айткын: “Ал жагымсыз нерсе”. Демек, айыз убактысында аялдарга кошулбагыла. Жана таза болмоюнча аларга жакындабагыла". (Бакара, 222-аят). Аятта Аллах Таала тыюунун чегин тазалыкка байланыштырган. Бир күн, бир түн, же үч күн, же он беш күндөн кийин деп убакытка байланыштырган эмес. Бул, өкүмдүн себеби айыздын келүүсүнө жана бүтүүсүнө гана байланыштуу экенине далил. Айыз келер замат өкүм күчүнө кирет, айыз токтор замат өкүм да күчүн жоготот.
Экинчи далил: Имам Муслимдин ишенимдүү хадистер топтомундагы пайгамбарыбыздын (ага Алллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү хадиси. Анда умра үчүн ихрамга киргенден кийин айызы келип калган Айша энебизге ал: "Ажылар аткарган иштердин баарын аткара бер, болгону тазаланганга чейин Каабаны таваф кылбай тур" - деген. Айша энебиз: Курман айт күнү мен таза болдум - деген (Хадис).
Ал эми эки ишенимдүү хадистер топтомундагы хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: "Күтүп тургун да, таза болгонуңда "Таниъмге" чыгып кайра кел" - деген. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тыюнун чегин тазалыкка байлады, белгилүү бир убакытка байлаган жок. Бул дагы айызга байланышкан өкүм анын келүүсүнө жана бүтүүсүнө тиешелүү экенине далил.
Үчүнчү далил: Ал эми факых аалымдар айткан ар түрдүү чечмелөөлөр жана талдоолор - мунун ачык-айкын айтылуусуна зарылдык болуп турганына карабастан - Аллах Тааланын китебинде да, Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтүндө айтылган эмес. Эгер пендеге аны (айыздын азын, же көбүн) түшүнүү жана ошол боюнча Аллахка ибадат кылуу зарыл болгондо Аллах жана Анын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) баарына ачык-айкын баяндап бермек. Анткени, айызга байланышкан намаздын, орозонун, никенин, талактын, мурастын ж.б. зарыл өкүмдөрү бар. (Ага зарылдык болгондо) Аллах жана Анын элчиси намаздардын санын, убактысын, үрүкү-саждаларын ачык баяндагандай баяндамак. Зекетте да малдын түрлөрүн, бериле баштай турган чегин, канча бериле турган өлчөмүн, кимдерге берилерин баяндаган. Орозодо да ооздун бек болуу мөөнөтү, орозо тутула турган убакыт (ай) баяндалган. Ажылыкта да, ж.б.у.с. Атүгүл, жеп-ичүүнүн, уктоонун, жубайлардын кошулуусунун, үйгө кирүүнүн жана чыгуунун адептерин, ажет өтөөнүн адебин, тазаланууда канча жолу аарчуу керектиги сыяктуу иштердин чоң -кичинесин бүт баяндаган, мунун баары Аллахтын динди толук кылганы жана ыймандууларга жакшылыктарын толук бергени. Аллах Таала айтты: «Биз сага Китепти (Куранды) ар бир нерсеге баяндама, туура жол, ырайым жана мусулмандар үчүн жакшы кабар иретинде түшүрдүк». (Нахл, 89-аят). Аллах Таала айтты: "Ал ойдон чыгарылган сөздөр эмес, өзүнөн мурунку (китептерди) тастыктоочу, бардык нерсени толук баяндаган китеп" . (Юсуф, 111-аят).
Ар түрдүү чектөөлөр жана талдоолор Аллахтын китебинде да пайгамбардын сүннөтүндө да жок болгон соң, демек мындай болжолдоолорго таянуу зарыл эмес экени анык. Болгону, айыз деп аталган сөзгө гана таянуу керек, шарият өкүмдөрү айыздын келүүсүнө жана токтоосуна гана байланган. Бул далил, тагыраак айтканда, айыздын өкүмү Куранда жана сүннөттө жоктугу, ушул жана ушул сыяктуу башка илимий маселелерде сага пайда бере турган этибары жок экенине далил. Анткени шарияттын өкүмдөрү Аллахтын китебинин, же пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтүнүн, же белгилүү ижмаъ-келишимдин, же туура кыяс-салыштыруунун далилдери менен гана бекемделет. Шейх ал-Ислам Ибн Таймия минтип айткан: "Ушул эрежелердин бири - айыздын аталышы, Аллах Таала ага Куранда жана сүннөттө бир канча өкүмдөрдү байлаган жана бардык үммөт айыз өкүмдөрүнө туш болуусуна, аны билүүгө муктаж экенине карабастан, анын азына да, көбүнө да чек койгон эмес, ошондой эле эки айыздын ортосундагы тазалыкты да чектеген эмес. Ал эми тил менен эки чекти ажыратууга болбойт. Кимде-ким минтип чекти ажыратса, анда ал Куран жана сүннөткө тескери иш кылган болот.
Төртүнчү далил: Этибарга алуу т.а. туура, так кыяс-салыштыруу. Аллах Таала айызга анын ыпластыгын себеп кылды, качан айыз келсе, ыпластык пайда болот. Мында экинчи күнү менен биринчи күнүнүн, төртүнчү күнү менен үчүнчү күнүнүн айырмасы жок. Же он алтынчы күнү менен он бешинчи күнүнүн, он сегизинчи күнү менен он жетинчи күнүнүн да айырмасы жок. Айыз бул айыз, ыпластык бул ыпластык. Эки күндүн ар биринде себеп табылып жатпайбы, анан кантип себеби бирдей болуп турган эки күндүн өкүмүн эки башка кылып айырмалоо туура болсун? Бул, туура кыяс-салыштырууга тескери эмеспи? Туура кыяс-салыштыруу боюнча себеби бирдей болгон эки күн өкүмдө да бирдей болбойбу?
Бешинчи далил: Айызды чектегендердин пикир жана баш аламан ойлорунун ар түрдүүлүгү. Бул дагы ушул маселеде ээрчий турган айкын далилдин жоктугуна далил. Чынында бул ижтихад-изденүүгө тиешелүү өкүм, ал ката да болушу мүмкүн, туура да болушу мүмкүн. Айтылган пикирлер ээрчүүдө бири-биринен артык эмес. Мындай талаш учурда Аллахтын китебине жана сүннөткө кайтуу зарыл.
Ошентип айыздын азына да, көбүнө да чек жок деген сөздүн күчтүүлүгү айкын болду. Демек ушул туура сөз. Аял заты көргөн табигый кан, эгер жаракат же башка себеби болбосо, ал айыз каны болуп эсептелет жана ал убакыт жана жаш курак менен чектелбейт. Болгону, кан такыр токтобой ага берсе, же токтосо да бир айда бир-эки эле күн токтосо, анда бул кан истихаза каны деп эсептелет. Жакында Аллах кааласа, истихаза жана анын өкүмдөрү тууралуу кенен-чонон айтылат.
Ибн Таймия: Истихаза экенине анык далил табылмайынча, аялдын жатынынан агып чыккан кандын баары айыз болуп эсептелет - деген.
Ошондой эле: Жаракаттан же тамырдан чыккан кан экени анык билинбеген кандын баары айыз каны болуп эсептелет - деген.
Далил жагынан караганда да ушул сөз туура. Айызды чектегендердин айткан сөздөрүнө караганда бул сөз түшүнүүгө жана кабылдоого жакын, амал кылууга оңой. Ошондой эле Ислам дининин маңызы болгон жеңилдикке ылайык келгени үчүн бул сөз кабыл кылууга татыктуураак. Аллах Таала: "Ал силер үчүн диниңерди оор, кыйынчылыктуу кылган жок". (Хаж сүрөсү, 78-аят). Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Дин чынында жеңил, ким динди оорлотсо, өзү анын талаптарын аткара албай калат. Орточо болгула, (толук, жеткиликтүү аткара албасаңар) ошого жакын аткарганга аракет кылгыла жана (сооп-сыйын үмүт кылып) сүйүнгүлө" - деген.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ахлагы да "Эки иштин бирин тандоого туура келсе, жеңилирээгин тандаган, эгер ал күнөө эмес болсо".
Кош бойлуу аялдын айызы тууралуу:
Көбүнчө аял кишинин боюна бүткөндө андан кан келбей калат. Имам Ахмад (ага Аллах ырайым кылсын): "Аял боюна бүткөнүн кан келбей калганынан билет" - деген. Боюнда бар аял төрөттөн эки-үч күн мурда (толгоонун коштоосунда) кан көрсө жана ошол кандын артынан төрөсө, ал кан нифас (төрөттөн кийинки) кан болуп эсептелет.
А эгер төрөттөн көбүрөөк убак мурда кан көрсө, же төрөткө жакын көрүп, бирок толгоо коштобосо, анда ал нифас эмес. Бирок ал айыз каны болуп эсептелип, айызга тиешелүү өкүмдөр ишке ашабы, же бузук кан болуп эсептелип, айызга тиешелүү өкүмдөр ишке ашпайбы деген суроо туулат.
Бул маселеде аалымдардын ортосунда кайчы пикирлер бар. Туурасы ал айыз болуп эсептелет, эгер айыз көрүү адатына туура келсе. Анткени, негизинде, айыз эмес экенине анык себеп болмоюнча аялдан келген кандын баары айыз болот. Куранда жана сүннөттө боюнда бар аялдан айыз келбейт деген далил жок.
Бул Имам Маликтин жана Имам Шаафинин мазхабы, шейх ал-Ислам Ибн Таймия да ушуну ылайык көргөн. Муну ал "Ал-Ихтиярат" китебинде айткан (30-бет). Байхакий : " шейх ал-Ислам ушул сөзгө кайткан" - деп имам Ахмаддан риваят кылып айткан.
Ушуга карасак, бойкат аялдын айызына да, бойкат эмес аялдын айызына тиешелүү өкүмдөр жүрө берет, бирок эки маселеде мындай эмес:
Биринчи маселе: Талакка тиешелүү. Идда лазым болгон боюнда жок аялга ал айыз көрүп жаткан учурда талак берүү арам болот. Боюнда бар аялга талак берсе болот. Анткени, боюнда жок аялга айыз учурунда талак берүү Аллах Тааланын төмөнкү сөзүнө каршы келет: "... Эгер аялдарга талак берчү болсоңор, «идда» мөөнөттөрүндө талак бергиле". (Талак сүрөсү, 1-аят). Ал эми боюнда бар аялга айыз учурунда талак берүү Куранга каршы келбейт; анткени, боюнда бар аялды талак кылган киши аны идда мөөнөтүндө талак кылган болот, мейли ал айыз болсун, мейли болбосун; анткени ал аял төрөө менен иддадан чыгат. Ошол себептен боюнда жок аялдан айырмаланып, аны менен жыныстык катнаш кылгандан кийин аны талак кылуу арам эмес.
Экинчи маселе: боюнда бар аялдын айызы аркылуу анын иддасы бүтпөйт, а боюнда жок аялдын айызы андай эмес, (анын айызынын бүтүүсү менен идда мөөнөтү ченелет). Себеби боюнда бар аялдын иддасы боюндагысын төрөө менен гана бүтөт, ал айыз көрөбү, көрбөйбү айырмасы жок. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан: "Боюнда бар аялдардын идда-мөөнөтү төрөгөнгө чейин" (Талак сүрөсү, 4-аят).
Үчүнчү бөлүм: Айыздагы кокустуктар тууралуу.
Айыздагы кокустуктардын бир канча түрү бар:
Биринчи түрү: ашык же кем болуп калуусу. Мисалы: аялдын айыз көрүү адаты алты күн, а анын каны жетинчи күнү да келет. Же адаты жети күн, каны болсо алты күндө эле токтоп калат.
Экинчи түрү: алдын же кийин болуп калуусу. Мисалы: аялдын адаты боюнча айдын акырында айызы келиши керек эле, бирок айызы айдын башында келип калат. Же адаты боюнча айдын башында айызы келиш керек болчу, бирок айызы айдын акырында келет.
Бул эки түр боюнча да аалымдардын пикири эки ача. Туурасы, аялдан кан качан келсе ал айыз, жана качан кан токтосо ал таза, мейли адатынан ашып кетсин, мейли жетпей калсын, мейли адатынан мурда келсин, мейли кечигип келсин, айырмасы жок. Мунун далили мурдагы бөлүмдө айтылды, Аллах Таала айыз өкүмдөрүн анын келүүсүнө байлаган.
Бул Имам Шаафинин мазхабы, шейх ал-Ислам Ибн Таймия ушуну туура көргөн. Ал-Мугни китебинин автору (Ибн Куддама) да ушуну кубаттап: Эгер адат мазхабдагыдай этибарга алына турган болгондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны үммөтүнө баяндап бермек, аны баян кылбай кечиктирүүгө болбойт эле - деген. Анткени мунун баянын өз убактысынан кечиктирүүгө болбойт, аялдары жана башка аялдар дайыма мунун баянына муктаж болгондуктан аны баяндоодон капылет калбайт болчу. А пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) истихазанын гана адат, баянына токтолгон.
Үчүнчү түрү: Кандын сары же күрөң түстө келүүсү. Кандын түсү жаракаттан чыккан ириң сыяктуу сары түстө, же сары менен каранын ортосунда күрөң түстө болсо, бул кан аял айыз көрүп жаткан учурда же таза болгонго чейин айызынын артынан эле келсе, анда ал айыз болуп эсептелет да, ага айыздын өкүмдөрү жүрөт. А эгер айызы токтоп тазалангандан кийин келсе, айыз деп эсептелбейт. Умму Атия (ага Аллах ыраазы болсун): "Тазалыктан кийин келген сары жана күрөң канды айыздан деп эсептечү эмеспиз" - деген. Хадисти ишенимдүү чынжыр-тизмек менен Абу Дауд жазып калтырган. Имам Бухари дагы бул хадисти "тазалыктан кийин" деген бөлүгү жок риваят кылган. Бирок ал ушул хадисти жазган бөлүмдү "Айыз күндөрүнөн башка учурдагы сары жана күрөң кан тууралуу бөлүм" деп атаган.
Хадис чечмелеген "Фатх ал-Баари" китебинде минтип айткан: "Муну айтуу аркылуу Айша энебиздин алдыда айтыла турган "... ак сууну көргөнүңөргө чейин" деген хадисин Умму Атийянын жогоруда айтылган хадисине байланыштырган. Т.а. Айша энебиздин хадиси айыз күндөрү сары жана күрөң түстөгү канды көргөндөргө карата айтылган. Ал эми Умму Атийянын айтканы айыз күндөн башка учурда көргөндөргө тиешелүү".
Жогоруда сөз болгон Айша энебиздин хадиси мындай: Аялдар ага пахта, же башка ушул сыяктуу нерсеге айыздын сары түстөгү канын сүртүп, анан аны бир нерсеге ороп алып келип көрсөтчү. Ошондо ал: "Ак түстөгү сууну көрмөйүнчө шашылбай тургула" - деген.
Ак суу дегени, айыз бүткөндөн кийин аялдын жатынынан чыкчу ак суу (выделение).
Төртүнчү түрү: Айыздын үзгүлтүккө учуроосу, бир күн кан келип, бир күн токтоп калат, же ушул сыяктуу, мындай учур эки абалда болот:
Биринчи абал: аял кишиде мындай абал дайыма, бардык убакта болсо, бул истихаза каны болуп эсептелет, мындай канды көргөн аялга истихазанын өкүмү жүрөт.
Экинчи абалы: аял кишиде мындай абал дайыма эмес, кээ бир убакта гана болот да, тазалыгы талаптагыдай эле өтөт. Анын кан көрбөй таза болгон учуру боюнча аалымдардын пикири эки ача. Бул убак тазалык деп эсептелеби, же ага айыздын өкүмү жүрөбү? деген суроо туулат.
Шаафи мазхабында эки пикир бар, туурарагы буга айыздын өкүмү жүрөт, айыз деп эсептелет. Бул Шейх ал-Ислам Ибн Таймиянын, Сахиб ал-Фааиктин (Ибн Каазы ал-Жабал) тандоосу да ушундай жана Абу Ханифанын мазхабы да ушундай. Анткени, бул учурда ак суу келбейт; эгер аны тазалык десең ага чейинки кан да, андан кийинки кан да айыз болуп эсептелет. Минтип эч ким айткан эмес, антсе бул тазалыктар менен беш күндө эле иддадан чыгып кетет. Эгер аны тазалык деп эсептесе, ал аялга эки күн сайын жууну ж.б. машакттар пайда болот. Биздин шариятта мындай кыйынчылыктар жок, Аллахка шүгүр.
Бул маселеде Ханбали мазхабындагы белгилүү пикир: эгер кан келүү менен тазалык экөөнүн бириккен мөөнөтү айыздын эң узун мөөнөтүнөн ашып кетпесе, анда кан келген учур айыз, кан токтогон учур тазалык деп эсептелет. Ал эми ашыкча келген кан истихаза болот.
(Ибн Кудама) Мугни деген китебинде мындай деген: "Кандын келбей токтоп калуусу бир күнгө жетпесе, ал тазалык деп эсептелбейт. Бул Нифаста айткан риваятка ылайык, анткени кан бир күндөн аз болбойт. Аллах кааласа, ушул туура. Анткени, кан бир келип, бир токтоп турат да саат сайын эле жууну оорлук жаратат. Аллах Таала: "Ал силерге диниңерде кыйынчылык кылган эмес" деген (Хаж, 78-аят). "Ушуга карай кандын токтоп калуусу бир күнгө жетпесе демек ал тазалык эмес. Бирок тазалыкка далил боло турган нерсени көрсө, мисалы канынын токтоосу адатынын акырында болсо, же ак сууну көрсө, анда тазалык болот" - деп айткан.
Мугни китебинин авторунун ушул сөздөрү эки ача болуп жаткан пикирдин ортосу болуп турат, туурасын Аллах Өзү билет.
Бешинчи түрү: Кандагы кургактык, тактап айтканда, аял нымдуулукту гана көрөт. Бул эгер айыздын ортосунда болсо, же айыздын артынан тазалыкка чейинки убакта болсо, анда айыз деп эсептелет. А эгер тазалыктан кийин ушундай болсо, анда ал айыз деп эсептелбейт; Анткени, ал сары же күрөң түскө уланып кетиши мүмкүн, мунун өкүмү ушундай.
Төртүнчү бөлүм: Айыздын өкүмдөрү тууралуу
Айыздын өкүмдөрү жыйырмадан ашат, биз анын ичинен көбүрөөк зарыл болгондоруна гана токтолобуз:
Биринчи: Намаз. Айызы келген аялга парз намаз да, напил намаз да окууга болбойт, анын окуганы жарактуу эмес. Ошондой эле ага намаз окуу милдет да эмес. Бирок намаздын толук бир ирекетин окуй турганчалык мөөнөт тазалыкка илешип калса, ага ошол намазды окуу милдет болот, мейли ал алгачкы убактысында болсун, мейли акыркы убактысында айырма жок.
Алгачкы убактысында дегендин мисалы мындай: Аял күн баткандан кийин (шам намазынын убактысы киргенден кийин) бир ирекет намаз окуй турганчалык убакыт өткөн соң айыз көрсө, ал таза болгондон кийин ошол шам намазынын казасын окушу милдет. Анткени, ал айыз көргөнгө чейин шам намазынан толук бир ирекет окуй турган убакыт бар болчу.
Акыркы убактысында дегендин мисалы мындай: Аял күн чыгардан мурда толук бир ирекет намаз окуй турганчалык убакыт бар убакта айыздан таза болсо, ал жуунуп тазалангандан кийин ошол багымдаттын казасын окууга милдеттүү. Анткени ал таза болгондон кийин толук бир ирекет намаз окула турган убак бар болчу.
Ал эми толук бир ирекет окууга жетишпей турган өтө кыска убакта болсо, мисалы, биринчи мисалдагыдай күн батар замат айызы келип калса, же экинчи мисалдагыдай күн чыгайын дегенде тазаланып калса, анда бул намаздардын казасын окуу милдет эмес. Себеби пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким намаздын бир ирекетине жетишсе, намазга жетишкен болот". Бухари, Муслим, ж.б. Мындан ким намаздын бир ирекетине жетишпей калса намазга жетишпеген болорун түшүнөбүз.
Эгер дигер намазынын убактысынан бир ирекетке жетишип калса, ага дигер менен кошо бешим да карыз милдет болобу? Же акыркы куптан намазынын убактысынан бир иркетке жетишип калса, ага куптан менен кошо шам да милдет болобу деген суроо туулат?
Бул маселеде аалымдардын ортосунда кайчы пикирлер бар. Туурасы, ага өзү жеткен намаздары гана милдет болот, б.а. дигер менен куптанды гана окуйт. Себеби, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ким күн батканга чейин дигерден бир ирекет окуганга жетишип калса, анда дигерге жетишкен болот". Бухари жана Муслим риваяты Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Бешимге жана дигерге жетишкен болот деп айткан эмес.
Ага бешимдин милдет болору тууралуу айткан эмес. Бул Абу Ханифанын жана Маликтин мазхабы, бул тууралуу шарх ал-Мухаззаб китебинде айтылган.
Ал эми зикир, такбир, тасбих, тахмид, жеген-ичкендеги ж.б. иштердеги тасмия, хадисти, фыкты окуу, дуба кылуу, дубага амиин деп айтуу, Куранды угуу, булардын эч бири арам болбойт. Эки ишенимдүү хадистер жыйнагында, ж.б. хадис китептерде Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Айша энебиз айыз учурунда анын ийнине башын жөлөп отуруп куран окуганы тууралуу айтылган.
Эки ишенимдүү хадистер жыйнагында Умму Атийянын (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын укканмын дегени бар: "Балакат жашына жеткендер да, көшөгө артындагы бойго жеткендер да, айызы келгендер да чыксын" тактап айтканда айт намазына чыксын, ыймандуулардын жакшылыгына жана дубасына күбө болушсун, болгону айызы келгендер намаз окулган жерден оолак туршусун".
Ал эми айызы келген аялдын Куран окуусуна келсек, эгер тили менен окубай жөн гана көз жүгүртүп, же жүрөгү менен элестетип окуса эч нерсе эмес, мындайча айтканда, Куран китебин же аяттар жазылган тактайды коюп алып, аяттарга көз жүгүртүп жүрөгү менен окуйт... Мухаззабдын чечмелөөсүндө Имам Навави мындай окуунун: "Эч кандай кайчы пикирсиз жарактуу" деген. Ал эми үнүн чыгарып тили менен окуса, жалпы аалымдардын пикиринде мындай кылууга тыюу салынган, минтүү жарактуу эмес.
Бухари, Ибн Жарир Ат-Табари, Ибн Мунзир: (минтип окууну да) Жарактуу деген.
Малик жана Шаафинин эски сөзүндө, алардын сөзү Фатх ал-Баариде жазылган. Бухари аны Ибрахим ан-Нахъаиден айткан, ал: "Бир аятты окуса эч нерсе эмес" деген сөз.
Шейх ал-Ислам Ибн Таймия Ибн Касым топтогон фатвалар жыйнагында: "Айызы келген аялды Курандан тыйган сүннөттө эч кандай далил жок. "Айыз көргөн аял жана жунуб болгон адам Курандан эч нерсени окубасын" деген хадис, хадис илиминин аалымдарынын баарынын пикиринде алсыз хадис. Аялдар Аллахтын элчисинин заманында да айыз көрүшөт эле, эгер аларга Куран окуу да намаз окуу сыяктуу тыюу салынганда пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнө ачык баяндамак, ыймандуулардын энелери аны башкаларга үйрөткөн иштерден болот эле. Ошондой эле адамдарга айтып жеткирилген иштерден болмок.
Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буга кандайдыр бир тыюуну эч ким айтып жеткирбеген соң, буга тыюу жок экенин билип туруп арам деп тыюу туура эмес. Өз заманында айыз көргөндөр көп болгонуна карабай тыюу салбаган болсо, демек мындан анын арам эмес экени билинет".
Аалымдардын түрдүү пикирлерин билгенден кийин минтип айтканып эптүү: Жакшысы, айызы келген аял Куранды тили менен үн чыгарып окубашы керек. Эгер минтип окууга зарылдык болуп калса, мисалы: мугалим эжей окуучуларга тили менен окуп берүү зарыл болсо, же сынак тапшырган кыз-келиндерге Куран окууга туура келсе, анда окуй берсе болот.
Экинчиси: Орозо. Айызы келген аялга парз орозону да, напил орозону да кармоого болбойт. Анын кармаган орозосу жарактуу эмес. Бирок кийин парз орозонун казасын кармоого милдеттүү. Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айткан: "Биз айыз көрөт элек, ошондо орозонун казасын кармоого буйрулуп, намаздын казасын кармоого буйрулган эмеспиз" Имам Бухари, Имам Муслим, ж.б.
Орозо кармаган аялдын айызы келсе, анын орозосу жокко чыгат, эгер күн батарга бир аз калган болсо да. Кийин бул парз орозонун ушул күнүн каза кылып тутат. Ал эми күн батканга чейин айызы келерин сезсе, бирок кан күн баткандан кийин чыкса, анда бул күнкү орозосу толук болот, туура пикирлерде бул орозо жарактуу, анткени, али чыга элек дененин ичиндеги канга өкүм жүрбөйт.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) андан эркек сыяктуу аял да түш көрсө ага жуунуу важыб болобу деп суралганда, Ал: "Ооба, эгер андан суу чыкса" деп жооп берген. Ушунда өкүмдү уруктук суунун чыгуусуна байланыштырган, анын ажыраганына эмес. Ошондой эле айызга да ал сыртка чыкканда гана өкүм жүрөт, ажыраганына эмес.
Таң сүргөндө айызы келип турган аял, таң сүрөр замат таза болсо да бул күнкү орозосу жарактуу болбойт.
А эгер таңга жакын тазаланып орозо кармап жетишсе, анда орозосу жарактуу болот, эгер жуунбай, бирок таң аткандан кийин жуунса да. Жунуб адам сыяктуу, ал жунуб боюнча орозону ниет кылып, анан таң аткандан кийин жуунуп алса, орозосу жарактуу боло берет. Айша энебиздин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадисинде: "Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшүркөп эмес, кошулуу менен жунуб болуп таң атырат эле да, ошол боюнча Рамазандын орозосун кармай берет эле" деп айткан. Бухари, Муслим.
Үчүнчү өкүм: Каабаны таваф кылуу боюнча. Айыз көргөн аялга Каабаны таваф кылууга болбойт, парз болсо да, напил болсо да. Таваф кылганы жарактуу эмес. Ал эми башка амалдары, мисалы Сафа менен Марванын ортосундагы басуу, Арафатта туруу, Муздалифа менен Минада түнөө, шайтанга таш атуу, ж.б. ажы жана умранын иштери айызы келген аялга арам эмес (аткара берет). Айша энебиз айыз көргөн учурда, ага пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ажы кылуучу аткара турган амалдарды аткара бер, бирок Каабаны таза болмоюнча таваф кылбай тур" - деген.
Ошондуктан, аял киши Каабаны таваф кылганда таза болсо, анан тавафты бүтөр замат айызы келип калса, же Сафа менен Марванын ортосунда басып жатканда айызы келип калса, ага эч нерсе эмес.
Төртүнчү өкүм: Айызы келген аялдын моюнунан коштошуу тавафынын сакыт болуусу. Аял ажы жана умранын амалдарын аткарып бүткөндөн кийин өз жерине кайра кайтканга чейин айызы келип калса жана кеткенге чейин уланса, анда ал коштошуу тавафын кылбай эле кете берет; Ибн Аббастын (ага Аллах ыраазы болсун) хадисинде минтип айтылган: "Адамдардын эң акыркы иши катары Каабаны таваф кылууга буйруган, бир гана айызы келген аялдарга жеңилдик берген" (Бухари, Муслим).
Айызы келип калган аялга Харам мечитинин эшигине барып ошол жерде дуба кылуу мустахаб эмес (жакшы иш эмес). Себеби мындай кылуу тууралуу пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) далил келген эмес. Ибадаттар далилге карап курулат. Тескерисинче, пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келген далил буга каршы, Эгер эркек аялын ал айыз көрүп жаткан учурда талак кылса күнөөкөр болот. Ал Аллахка тообо кылууга тийиш. Аялына шарият талабындай, Аллахтын жана Анын элчисинин буйругуна ылайык талак берүү үчүн аны кайтаруу керек. Кайтаргандан кийин аны ошол талак кылган айызы бүткөнчө күтөт. Анан аял экинчи жолу айыз көрөт. Кайра таза болот. Ошондон кийин кааласа аялын алып калып жашай берет, кааласа ага кошулбай туруп талагын берет.
Мечиттин эшигине барууга буйруган эмес, эгер мындай кылуу шарияттан болгондо анда ага баяндап бермек. Ал эми ажы менен умранын тавафы моюнунан сакыт болбойт, аны тазалангандан кийин аткарат.
Бешинчи өкүм: Мечитте туруу боюнча. Айызы келген аялга мечитте турууга болбойт, атүгүл, айт намазы окула турган жерде да турууга болбойт, Умму Атийянын (ага Аллах ыраазы болсун) хадисинде, ал пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Балакатка жетип калгандар да, көшөгө артындагы бойго жеткендер да, айызы келгендер да чыксын, бирок айызы келгендер намаз окуй турган жерден оолак турсун" дегенин уккан.
Алтынчы өкүм: Жыныстык байланыш тууралуу. Айызы келген аялдын күйөөсүнө ал аялга кошулууга тыюу салынат, аялдын да анын пайдалануусуна жол берүүсү арам болуп эсептелет; Аллах Тааланын төмөнкү аяты: "Сенден айыз жөнүндө сурашат. "Ал жагымсыз нерсе, айыз убактысында аялдарга кошулбагыла жана тазаланганга чейин аларга жакындабагыла" деп айткын" (Бакара, 222-аят). Айыз тууралуу дегени, анын убактысы дегени, анын орду аялдын жыныс мүчөсү. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) андан сурашканда: "Никеден башка бардык ишиңди кыла бер" - деген. Нике дегени, жыныстык катнаш деген сөз (Муслим). Ошол себептен мусулман аалымдардын баары бир ооздон айызы келген аялга кошулуу арам экендигин айтышкан.
Аллахка жана акырет күнүнө ишенген адамга, Аллахтын китебинде, пайгамбардын сүннөтүндө жана жалпы аалымдардын пикиринде тыюу салынган мындай ишти аткаруу адал болбойт. Мындай ишке барган адам Аллахка жана Анын элчисине каршы чыккан, ыймандуулардын жолунан башка жолду ээрчигендерден болуп калат. Мажмуъ китебинин 2/374 - бетинде Имам Шаафи минтип айткан: "Ким мындай ишке барса, чоң күнөөгө барыптыр". Биздин жолдошторубуз жана башкалар: "Айызы келген аялга кошулууну адал деген адамдын өкүмү каапыр болот" - дешкен. (Имам Нававинин сөзү).
Эркекке адал болот (Аллахка шүгүр) жыныстык байланыштан башка кумарын сындыра турган иштер, өбүү, кучактоо, жыныс мүчөсүнөн башка жерлерине жыныстык мүчөсүн тийгизүү сыяктуу иштер. Бирок жакшысы киндиктен тизесине чейинки аралыгына шымдын сыртынан гана жакындаганы оң. Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айткан: "Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мен айыз болуп калган учурда мени шым кийүүгө буйруп, анан кучактачу".
Жетинчи өкүм: Талак тууралуу. Айыз көргөн аялды айыз учурунда талак кылууга болбойт. Аллах Таала: "О, пайгамбар, аяллдарга талак берсеңер идда мөөнөтүндө талак бергиле" - деп айткан (Талак: 1-аят). Тагыраак айтканда: талак берүү алар белгилүү идданын күтүүгө даярданып турган учурда болушу керек. Бул учур аялды боюнда бар кезде же таза кезинде жыныстык катыш кылбай туруп талак бергенге гана тиешелүү. Анткени, эгер айыз учурунда талак берилсе, идданы күткөн болбойт, ал талак кылган айыз убагы иддадан деп эсептелбейт. Эгер таза кезинде жыныстык катыштан кийин талак кылса, ал күтүп жаткан идда белгилүү идда болбой калат, себеби бул жыныстык кошулуудан анын боюна бүткөн-бүтпөгөнү белгисиз болот. Ал боюнда бар аялдын иддасына отурабы, же айыз көрө турган аялдын иддасына отурабы? Идданын кайсы түрүнө отурары анык болбогондон кийин, иш бир жагына анык чечилмейинче күйөөсүнө аны талак кылуу адал болбойт.
Айыз көргөн аялды айызы келип турган учурда талак кылуу арам, жогорудагы аятта айтылгандай. Эки ишенимдүү хадистер жыйнагында да, башка хадис китептеринде да Ибн Умардын (ага Аллах ыраазы болсун) хадиси айтылган. Ал аялын айызы келип турган учурда талак кылганда Умар (ага Аллах ыраазы болсун) муну Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) сураганда, ал ачууланып: "Аны кайтарып алууга буйру, анан таза болгончо күтсүн, анан айыз көрсүн, анан кайра таза болсун, андан кийин кааласа алып калсын, кааласа кошулбай туруп талак кылсын. Мына ушул идда Аллах Таала аялдарды талак кылууда буйруган идда" - деген.
Айыз учурунда талак берүүнүн арамдыгына үч маселенин тиешеси жок:
Биринчиси: Эгер талак аял менен эркек ээн калуудан же кошулуудан мурда болсо, мындай учурда аялды айызы келип турган учурда талак кылса болот. Анткени, мындай учурда аялга идда күтүү милдет эмес, анын талагы Аллах Тааланын бул сөзүнө каршы келбейт: Аллах Таала: "... аларды идда мөөнөтүндө талак кылгыла..." - деген (Талак: 1-аят).
Экинчиси: Эгер аялдын айызы ал боюнда бар учурда келген болсо. Бул тууралуу жогоруда айтылды.
Үчүнчүсү: Эгер талак бир нерсеге алмаштыруу менен болсо. Мындай учурда да аял айызы келип турган маалда талак берсе болот.
Мисалы, жубайлардын ортосунда келишпестик, жаман мамиле болсо, күйөөсү аялына берчү талактын ордуна бир нерсе алып талак кылат, мындай талак аял айыз көрүп турган учурда деле жарактуу боло берет. Абдуллах бин Аббас (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат: Саабит бин Кайс бин Шимастын аялы пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: О, Аллахтын элчиси, мен күйөөмдүн мүнөзүн жана динин (такыбалыгын) айыптабаймын, бирок исламга туура келбеген ишти кылып аламбы деп корком - дейт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Анын сага берген бакчасын кайтарып бергенге ыраазысыңбы?" - деп сурайт. Ооба, - дейт аял. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күйөөсүнө: "Бакчаны алып, анын талагын бер" - дейт.
Мына ушунда пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) андан айызбы же тазабы аны сураган эмес. Анткени, бул талак аялга анын өзүн сатып алуу болуп жатат, мындайда кандай абал болсо да талак кылуу жарактуу болот.
Мугнийде айызы учурунда хулуь кылуунун жарактуулугуна ушуну далил кылып айткан. 7/52-б. Анткени, айыз учурунда талак берүүгө идданын узарып кетүүсүнө байланышкан зыяны үчүн тыюу салынган. Жактырбай, жек көргөн күйөөсүнөн жаман мамиле көрүп зыян тартуудан кутулуу үчүн хулуъ (акы төлөп талагын сатып алуу) кылганга окшош. Мунун зыяны идданын узарып кетүү зыянынан да оор. Мындайда азыраак акча төлөө менен чоңураак зыяндан кутулууга уруксат. Ошон үчүн пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хулуъ кылган аялдан анын абалын (эмне үчүн минтип жатканын ж.б.) сураган эмес.
Ал эми айызы келип турган аялга нике келишимин кыюу эч нерсе эмес; анткени мунун негизи адал, буга эч кандай тыюу айтылган эмес. Бирок күйөөнүн аялына кирүүсүндө караш керек, эгер эркек ага жакындабай өзүн кармай ала турган болсо кире берсе болот. А эгер өзүн кармоого ишене албаса, анда аял таза болгонго чейин ага кирбей турушу керек, ушунда тыюу салынган ишке кириптер болуп калуудан этият болот.
Сегизинчи өкүм: Айыз менен талактын иддасынын этибарга алынуусу тууралуу. Эгерде киши аялы менен кошулгандан кийин же аны менен ээн калгандан кийин аны талак кылса, аялы толук үч айыз иддага отурат, эгер айыз көрө турган аял болсо жана боюнда жок болсо. Аллах Таала: "Талагы берилген аялдар үч куруу иддада отурат" деп айткан. (Бакара: 228). Куруу - айыз деген мааниде. Эгер боюнда бар болсо, анын иддасы төрөгөнгө чейин, мөөнөт ашып кетсе да, жетпей калса да айырмасы жок. Аллах Таала: "Боюнда бар аялдардын мөөнөтү боюнан бошогонго чейин" - деп айткан (Талак: 4-аят). А эгер аял айыз көрө турган жаш куракка жете элек кыз болсо, же жашы улгайып айыз көрбөй калган аял болсо, же операция кылынып жатыны алып ташталган аял болсо, ж.б.у.с. айызы келбеши анык болгон аялдардын иддасы үч ай. Аллах Таала: "Ал эми аялдарыңардын арасынан айызы келбей калгандары, аларга (иддасы кандай болот деп шектенсеңер) иддасы - үч ай. Таптакыр айызы келбей калган аялдар да (ошондой)" (Талак: 4-аят). А эгер айыз көрө турган аялдын айызы оору, же бала эмизүү ж.б.у.с. себептен улам келбей жатса, ал аял айыз көрө турган аял сыяктуу идда күтө берет, мөөнөт узарып кетсе да айызы келгенге чейин күтүп, айызы келгенден кийин иддасын өтөйт. Айызын келтирбей жаткан себеби кеткенден кийин деле айызы келбесе, оорудан айыкты же эмизгенин токтотту дейли, бирок айызы келбеди, ал аял себеп кеткен учурдан баштап толук бир жыл идда күтөт. Ушул пикир шарият эрежелерине ылайык туура пикир. Себеби себеп кеткенден кийин да айызы келбесе, ал белгилүү себеби жок айызы келбей калган аял сыяктуу болот. Эгер аялдын айызы белгилүү себеби жок эле келбей калса ал бир жыл толук идда күтөт, тогуз айы боюнда барлыгынын этияттыгы үчүн, анткени боюнда болуунун эң узун мөөнөтү ушул. Ал эми калган үч айы идда үчүн.
Ал эми нике келишиминен кийин аялга жакындык кылбай жана аны менен ээн калбай туруп эле талак берилсе, андай аялга такыр идда жок, айыздын иддасына да, башкага да отурбайт. Аллах Таала: "О, ыймандуу пенделер! Ыймандуу аялдарды никеге алганыңардан кийин аларга жакындабай туруп талак кылсаңар, силер үчүн өздөрү санай турган иддага отурушпайт..." (Ахзаб: 49-аят).
Тогузунчу өкүм: Жатындын тазалыгына өкүм кылуу боюнча, б.а. боюнда жоктугуна тиешелүү. Буга тиешелүү бир-эки мселе бар:
Алардын бири: Эгерде аялдын боюндагысы мурас ала турган бир адам каза болуп калса, аял күйөөсү бар аял болсо, анда күйөөсү ага ал айыз көргөнгө чейин же боюнда барлыгы билингенге чейин кошулбай турат. Эгер боюнда барлыгы билинсе, мурас берүүчү адам өлгөн учурда мураскор (түйүлдүк) бар экендигине өкүм кылгандыктан, ал мурас алат деп өкүм кылабыз. А эгер аял айыз көрүп калса, мурас албастыгына өкүм кылабыз да, айыз аркылуу анын жатыны таза экендигине өкүм кылабыз.
Онунчу өкүм: Жуунуунун важып болуусу тууралуу. Айызы келген аял тазалангандан кийин толук денесин тазалап жуунуу важыб. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Фатима бинт Абу Хубайшка: "Айызың келгенде намазды токтот, айызың бүткөндө жуунгун да намазыңды оку" - деген (Бухари).
Жуунуда болбоду дегенде бүт денесине, чачтарынын алдынан бери суу жеткирүү керек. А жуунунун жакшысы төмөнкү хадисте айтылгандай сыпатта болуусу керек: Асма бинт Шакл айызы келген аялдын жуунуусу тууралуу сураганда пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "(Таза) сууну жана жыттуу сууну алып келип, жакшылап даарат алып тазаланат. Андан соң башына суу куюп, чачынын түбүнө жеткире ышкалап, дагы суу куюп жууйт. Анан жыттуу кебез менен тазалайт”, – деп үйрөттү. Асма (ага Аллах ыраазы болсун): Аны менен кантип тазалайт? – деп сурады кайра. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Субханаллоох...”, – деди. Айша энебиз (ага акырын шыбырап): Кандын ордун ошону менен тазалайсың, – деди (Муслим).
Жууганда чачты жаюу зарыл эмес, бирок катуу өрүлүп арасына суу кирбей калуу коркунучу болсо гана жайылат. Умму Салама (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Менин чачымды өрүп жүрөмүн. Жунубдуктан же айыздан жуунганда аны жазайынбы? - деп сураганда, ал: Жок, башыңа үч кочуш суу куюу жетиштүү, анан бүт денеңе суу куюп таза болосуң" - деген.
Эгер аялдын айызы намаздын убактысында бүтүп калса, намазга жетишип калуу үчүн дароо жуунуу керек. Эгер сапарда болуп, анын жанында суу жок болсо, же суусу бар болуп бирок суунун зыян берүүсүнөн корксо, же суу зыянын тийгизе турган оорулуу болсо, анда жуунуунун ордуна таямум кылат. Андан кийин жуунууга тоскоол болгон иш жоюлар замат жуунат.
Кээ бир аялдар намаз убактысында таза болуп, бирок жуунууну намаздын убактысынан кечиктирип жиберет да: бул убакта толук тазалануу мүмкүн эмес деп шылтоо кылат. Бирок бул сөз кечиримдүү себеп да, далил да боло албайт. Анткени, ал жок дегенде жуунуунун эң зарыл шарттарын аткарып турса болмок, анан намазга да жетишмек. Кийин кенен убакыт болгондо толук жакшы жуунуп алмак.
Бешинчи бөлүм: Истихаза каны жана анын өкүмү тууралуу
Истихаза: Аялдан эч үзгүлтүксүз агып турган же бир айда бир-эки күн гана токтогон кан.
Истихазанын үзгүлтүксүз аккан кан экенине далил Бухаринин хадис жыйнагындагы Айша энебиздин (ага Аллах ыраазы болсун) хадиси: "Фатима бинт Абу Хубайш Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): О, Аллахтын элчиси, мен такыр таза болбоймун" деген, башка риваятда: Мен истихазадан такыр таа болбоймун" деген.
Истихазанын бир айда бир-эки гана күн токтогонуна далил Хамна бинт Жахштын пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип сураган хадиси: Ал: "О, Аллахтын элчиси, мен истихаза канын өтө көп көрүп жатам" - дейт. (Ахмад, Абу Дауд жана Тирмизи риваят кылып, сахих деген).
Истихазанын абалдары:
Истихазанын үч абалы бар:
Биринчи абалы: Анын истихаздан мурда белгилүү айызы келет, ал өткөн белгилүү айызынын мөөнөтүн эсептейт, айызда отурат жана ага айыздын өкүмдөрү жүрөт, ал мөөнөттөн ашканы истихаза болуп эсептелет жана ага истихазанын өкүмү жүрөт.
Буга мисал, бир аялдын айызы ар бир айдын башталышында алты күн келет, андан кийин истихазага айланат да үзгүлтүксүз кан келе берет. Мындай аял ар бир айдын башталышындагы алты күндү айыз деп эсептейт да, калганын истихаза деп эсептейт. Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айткан: Фатима бинт Абу Хубайш (ага Аллах ыраазы болсун): О, Аллахтын элчиси, менин истихаза каным келип такыр токтобойт, намазды таштаймынбы? - деп сураганда, ал: "Жок, бул кан тамыр жарылгандан болот, намазды айыз көргөн күндөрүңдүн мөөнөтүндө гана токтот, андан кийин жуунуп намаз окуй бер" - деди (Бухари).
Имам Муслимдин китебиндеги хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Умму Хабиба бинт Жахшка: "Сен айыз деп эсептеген күндөрүң намаз окубай тур, андан кийин жуунуп намаз оку" - деген.
Ушул далилдерге таянып, белгилүү айызы бар аял ошол айыз мөөнөтүнчө отурат да, андан кийин жуунуп намазын окуй берет, ал учурда келип жаткан канга көңүл бурбайт.
Экинчи абал: Аялдын истихазадан мурда белгилүү мөөнөттө келчү айызы жок. Ал эң биринчи кан көргөн күндө эле истихаза канын көргөн жана ошондон бери бул кан уланып келе жатат. Мындайда канды ажыратуу менен амал кылат, б.а. айыз каны кара түстө, же коюураак, же жыты башкача болуп келсе, ошону менен айырмалайт да, бул учурда ага айыздын өкүмү жүрөт. Ал эми адаттагыдай эле кан келип турган учурда истихазанын өкүмү жүрө берет.
Мисалы мындай: аял киши биринчи жолу кан көргөндөн баштап эле каны токтобой улана берет. Бирок он күн кара түстө келет да, айдын калган күндөр кызгылт түстө болот. Же он күн коюраак кан келет да, калган күндөрү суюк болот. Же он күнкү келген канда айыздын жыты байкалат да, калган күндөрү жыты болбойт. Бул аялдын каны биринчи мисалда кара түстө, экинчи мисалда коюу, үчүнчү мисалда жыты бар келген учуру айызы болуп эсептелет. Башка учурлары истихаза деп эсептелет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Фатима бинт Абу Хубайшка: "Эгер айыздын каны болсо, ал кара болуп билинет. Ушундай болгон учурда намазды токтот. Андан башка учурларда жуунуп намаз окуй бер; бул жатын тамырынан келген кан" - деген (Абу Дауд, Насаи).
Бул хадистин текстинде жана чынжыр тизмегинде көңүл бура турган жерлери болгону менен аалымдардын көбү бул хадиске амал кылып келишет. Буга амал кылуу, көпчүлүк аялдардын адатына кайрылабыз керек деген сөзгө караганда жакшыраак.
Үчүнчү абалы: аялда белгилүү мөөнөттөгү айызы да, же жогоруда айтылгандай ажыратуучу белгилер да жок болот. Аял биринчи кан көргөн күндөн тартып эле каны токтобой улана берет жана каны бир сыпатта болот же айыз деп эсептей турган сыпаттарда болбойт. Мындайда көпчүлүк аялдардын адатына кайтуу керек болот, көпчүлүк аялдардын адаты боюнча ар бир айда алты же жети күн айыз көрүшөт, бул эң биринчи кан көрө баштаган күндөн эле ушундай болот. Ал эми мындан ашкан күндөрү истихаза деп эсептеле берет.
Мунун мисалы мындай: аял айдын бешинчи күнү биринчи жолу кан көрдү. Андан кийин анын каны токтобой улана берди, аны ажырата турган айырмалуу түс да, жыт да, башка да жок. Мындай аял ар бир айдын бешинчи күнүнөн баштап, алты же жети күндү айыз деп эсептейт да, калган күндөрүн истихаза деп эсептейт. Хамна бинт Жахш (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): О, Аллахтын элчиси, мен аябай көп кан көрүп жатам, бул мени намаз жана орозодон тыйып коюп жатат, эмне кылайын? - деп сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Сага пахтаны колдонууну айтып берейин, аны койсоң канды токтотот" - дейт. Кан ага көптүк кылат - дейт ал. "Бул шайтандын соккуларынын бири, Аллахтын илими менен алты же жети күндү айыз деп бил, андан кийин жуунуп, өзүңдү таптаза болдум деп эсепте да жыйырма төрт же жыйырма үч күн-түн намаз окуй бер жана орозону да кармай бер" - дейт (Имам Ахмад, Абу Дауд жана Тирмизи).
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "алты же жети күн" дегени, экөөнүн каалаганын алсаң болот деген ыктыяр берүү эмес, өзү курактуу жана дене түзүлүшү окшоштордун абалын изилдеп ижтихад кылуу үчүн. Эгер алты күн болууга жакын болсо алты күн, жети күн болууга жакын болсо жети күн деп эсептейт.
Истихазага окшогон абалдар:
Кээде аялда кандын тынбай агып турчу себептер пайда болот, жатынына же анын айланасына операция жасатуу сыяктуу. Ал эки түрдүү болот:
Биринчи түрү: Операциядан кийин каны такыр келбестигин билген учур, мисалы: жатынын толук алып салган сыяктуу же башка каналдарын бууп койгон сыяктуу. Мындай аялга истихазанын өкүмү журбөйт. Анын өкүмү тазалыктан кийин сары, күрөң түстү же нымды көргөн аялдын өкүмү сыяктуу болот. Бул кан үчүн намазын да, орозосун да токтотпойт. Жыныстык кошулуудан тыйылбайт, жууну да важыб болбойт. Бирок намаз учурунда канды таза жууга тырышуу керек. Кан чыгарбоо үчүн кебез койсо болот. Андан кийин намаздын убактысы киргенден кийин даарат алат, эгер окуй турган намазы беш убак сыяктуу убактысы менен окуй турган намаз болсо. А эгер напил намаздарды окуй турган болсо, анда намаз окууну каалаган учурда даарат алат.
Экинчи түрү: Операциядан кийин кандын келбей калуусун билбейт, айызы келип калуу мүмкүнчүлүгү да бар болсо, мындай аялга истихазанын өкүмү жүрөт. Буга пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Фатима бинт Абу Хубайшка айткан төмөнкү сөзү далил болот: "Бул тамырдан чыккан кан айыз каны эмес, айызың келгенде гана намазды токтот...".
Анын: "... айызың келгенде..." деген сөзү, айызы келип калуусу мүмкүн болгон аялга гана истихазанын өкүмү болот дегенди билдирет. Ал эми айыз келип калуусу мүмкүн болбогон аял, анын каны бардык абалда тамыр жарылгандан чыккан кан болот.
Истихаза көргөн аялдын өкүмдөрү:
Жогоруда кан качан истихаза, качан айыз болорун билдик. Кан качан айыз болсо, ага айыздын өкүмү жүрөт. Качан истихаза болсо истихазанын өкүмү жүрөт.
Айыздын зарыл өкүмдөрү жогоруда айтылды.
Ал эми истихазанын өкүмдөрү таза аялдын өкүмдөрү сыяктуу эле. Таза аял менен истихаза көргөн аялдын эч айырмасы жок. Болгону буларга көңүл буруу керек:
Биринчи: Истихаза көргөн аял ар бир намаз үчүн даарат алат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Фатима бинт Абу Хубайшка: "... анан ар бир намазга даарат аласың" - деген (Бухари). Мунун мааниси, убактысы менен окула турган намаздардын убактысы киргенден кийин анан даарат алуу керек дегенди билдирет. А эгер убактысы жок намаздарды окуса, анда намазга киришерде даарат алат.
Экинчи: Даарат аларда кандын ордун, изин жууп тазалап, канды чыгарбай туруу үчүн пахта же башка бөз коюусу кажет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Хамнага: "Сага канды кармап тура турган пахтаны сыпаттап берейин" - дегенде, ал: Кан ага токтобойт - деген. Даарат алып, пахта же башка нерсе койгондон кийин да кан чыкса анын зыяны жок. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Фатима бинт Абу Хубайшка: "Айыз күндөрүңдө намаз окубай тур, андан кийин жуунуп, ар бир намазга даарат ал, эгер жайнамазга кан тамчылап кетсе деле намаз окуй бер" (Имам Ахмад, Ибн Маажа).
Үчүнчү: жыныстык катыш, жыныстык катыштын боло берери тууралуу аалымдар кайчы пикирде, эгер аны таштап кетүү коркунучу болбосо. Негизи туурасы бардык учурда жыныстык катыш кылууга боло берет. Анткени пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) заманында ондогон аялдар истихаза көрүшкөн, аларды Аллах да, Аллахтын элчиси да жыныстык катыштан тыйган эмес. Аллах Тааланын: "Айыз учурунда аялдарга жакындабагыла" (Бакара, 222-аят) деген аяты, айыздан башкаларга жакындабоо важыб эмес экендигине далил. Истихаза көргөн аялга намаз окууга болот, а жыныстык катыш андан жеңил да. Ал эми анын жыныстык катышын айыз көргөн аялдын жыныстык катышына кыяс кылып салыштыруу туура эмес. Бул экөөсү бири-бирине барабар эмес, айырмаланып турган нерсени бири-бирине кыяс кылуу туура болбойт.
Алтынчы бөлүм: Нифас жана анын өкүмдөрү тууралуу
Нифас: төрөт себебинен улам жатындан чыкан кан, төрөт учурунда, же төрөттөн кийин, же төрөттөн эки-үч күн мурда толгоонун башталышы менен бирге чыгат.
Шейх ал-Ислам Ибн Таймия минтип айткан: "Толгоо башталган учурдан баштап көргөнү нифас болот". Аны эки, же үч күнгө чектеген эмес. Айтайын дегени: Толгоо, анын артынан төрөт болсо гана нифас болуп эсептелет. Нифастын азына же көбүнө чек барбы деген маселеде аалымдардын пикири ар түрдүү. Шейх Такий ад-Дин "Фил асмаа аллатии аъллако аш-шаариъу ал-ахкаама бихаа" деген макаласында (37-бет) минтип жазган: "Нифастын азына да, көбүнө да белгилүү чек жок. Эгер чектесе, аял кырк күн же алтымыш күн, же жетимиш күндөн ашык кан көрүп анан токтосо ошол нифас боло берет. Андан да уланса ал бузук кан болот. Мындайда чек кырк күнгө токтойт, анткени далилдерде келген чектин акыры ушул".
Мен айтам: Жогорудагыга карасак, эгер каны кырк күндөн ашып кетсе, аялдын андан ашып анан токтой турган адаты болсо, же кандын токтоосунун кандайдыр бир белгилери билинсе, анда кан токтогончо күтүп турат. Мындай болбосо анда толук кырк күн болгондон кийин жуунат. Анткени бул акыркы чеги. А эгер айыз көрө турган убагы келип калса, айыз убактысы өткөнчө жуунбай күтөт. Ушундан кийин каны токтосо, анда адатындагыдай кыла берет, андан ары да ушул абалы улана берет. А эгер каны токтобой улана берсе, ал истихаза болуп эсептелет. Анда жогоруда айтылган истихазанын өкүмдөрүнө кайтат. Эгерде кырк күнгө чейин эле каны токтоп калса, ал таза болуп эсептелет. Жуунуп, намаз окуп, орозо кармап, күйөөсү менен жакындык кыла берет. Бирок кандын токтоосу бир күндөн аз болуп калса (андан кийин кайра кан келип калса) ага өкүм жок. Бул тууралуу Мугниде айткан.
Бала инсандын кейпи билине турган болуп төрөлгөн учурда гана келген кан нифас болот. Эгер боюнан түшкөн кичине түйүлдүктөн адамдын кейпи билинбесе, андан келген кан нифас болбойт, ал жатын кан тамырынын каны болуп эсептелет. Мунун өкүмү истихазанын өкүмүндөй болот. Адамдын кейпи билине турган мөөнөттүн азы бала бойго бүткөн күндөн баштап сексен күн, көбү токсон күн.
Аль мажд ибн Таймия минтип айткан: «Эгер аял төрөттөн бир күн мурда толгоо учурунда кан көрсө, көңүл бурбайт (намаз, орозосун уланта берет), төрөгөндөн кийин намаздан жана орозодон тыйылат. Төрөттөн кийин эгер кан нифастын каны эмес экени анык болсо, анда окубай калган намаз менен орозосун кайтарат. А эгер аныкталбаса анда нифас эсептелет да, намаз менен орозосу кайтарылбайт. Бул пикирин ал Икнаь китебинин шархында айткан.
Нифастын өкүмдөрү:
Нифастын өкүмдөрү айыздын өкүмдөрүнүн дал өзүндөй, болгон айырмасы төмөнкүдөй:
Биринчи: Аялдын иддасы нифас менен эмес, төрөт менен аныкталат; төрөөдөн мурда талак берилген болсо, төрөр замат идда бүтөт, нифастын бүтүүсү менен эмес. Эгер талак төрөттөн кийин болсо, анда жогоруда айтылгандай айыздын айлануусун күтөт.
Экинчи: Айыздын мөөнөтү ийладан болуп эсептелет, нифастын мөөнөтү эсептелбейт.
Ийла деген: Эркек киши аялына такыр кошулбаймын же төрт айдан ашык кошулбаймын деп ант ичет. Ант ичкенден кийин аялы кошулууну талап кылса, ант ичкен күндөн төрт ай мөөнөт берилет. Төрт айдан кийин кошулууга мажбурланат, же аялдын талабы менен ажыраштырылат. Ушул мөөнөттө аял нифас көрсө, бул эркектин эсебине кошулбайт, кийин төрт айга аялдын нифас көргөн мөөнөтү кошулат. А айызда андай эмес, айыздын мөөнөтү күйөөнүн эсебине кошула берет.
Үчүнчү: Балакат жаш курагы айыз менен белгилүү болот, нифас менен эмес. Анткени аял суусу түшмөйүнчө (айызы келмейинче) боюна бүтпөйт. Ошол боюна бүтүрө турган суунун түшүүсү менен анын балакат жаш курагына жеткени маалым болот.
Төртүнчү: Айыз каны токтоп, кийин адаты боюнча кайра кайталанса бул анык айыз экени белгилүү. Мисалы, адаты сегиз күн, төрт күн кан көрдү, анан эки күн токтоп калды, анан кайра жетинчи жана сегизинчи күнү кан келди, мына ушул кийин кайра келген кан анык айыз деп эсептелет жана ага айыздын өкүмү жүрөт. Ал эми нифас андай эмес, нифас эгер кырк күнгө жетпей токтосо, анан кыркынчы күнү кайра келсе, бул кандын келүүсүндө шек бар. Ал аялга намаз окуу жана парз убактысы менен тутула турган орозону тутуу важыб болот. Важыбдардан башка, айыз көргөн аялга арам болгон нерселер ага да арам болот. Таза болгондон кийин ушул кандын учурунда кылган нерселеринин казасын аткарат, айызы келген аял каза кылган нерселерден. Бул ханбали мазхабындагы аалымдардын ортосунда белгилүү болгон өкүм ушу.
Туурасы кан ал нифас болуусу мүмкүн болгон мөөнөт ичинде кайталанса анда нифас болот. Мындан башка мөөнөттө болсо айыз болуп эсептелет. А эгер андан ашып токтобой улана берсе, анда истихаза болот.
Мына ушул өкүм Имам Маликтен Мугниде айтылган өкүмгө жакын. Имам Малик минтип айткан: "Эгер кан токтоп калгандан кийин эки же үч күндөн кийин канды кайра көрсө, бул нифас болот, андан ашкандан кийин көрсө ал айыз". Шейх Ибн Таймиянын ыктыяры да ушундай.
Негизи кандын келүүсүндө эч кандай шек жараткан нерсе жок. Бирок шек адамдар илимине жана түшүнүгүнө жараша ар түрдүү пикирде болгонунан улам пайда болот. Куран жана сүннөттө бардык нерсенин баяны бар. Аллах Таала эч кимге эки жолу орозо кармоону, же эки жолу таваф кылууну важыб кылган эмес, болгону биринчисинде казасын аткармайынча жеткиликтүү болбой турган кемчилик болот. Ал эми пенденин мүмкүнчүлүгүнө жараша моюнундагы ишти аткара албай калуусу аны күнөөкөр кылбайт. Аллах Таала: "Аллах эч кимге анын чамасы жетпеген ишти буйрубайт" деген (Бакара: 286-аят). Аллах Таала дагы: "Аллахка чамаңардын жетишинче такыба болгула" -деген (Тагабун: 16-аят).
Айыз менен нифастын ортосундагы бешинчи өзгөчөлүк: айызда аял адатынан мурда таза болуп калса, күйөөсү менен жакындык кылууга болот, бул макирөө да эмес. Ал эми нифаста кырк күнгө чейин таза болуп калса, мазхабда белгилүү болгондой күйөөсүнүн кошулуусу макирөө болот. Туурасы, кошулуусу макирөө эмес. Бул басымдуу аалымдардын сөзү; анткени ишти макирөөгө чыгаруу шарияттын өкүмү, ал шарияттык далилге муктаж. Бул маселеде Имам Ахмад, Усман бин Абу Аастан айткан риваяттан башка эч кандай далил жок. Анда ага кырк күн боло элек аял келгенде, ага: мага жакындабай тур - деген.
Бул сөз макирөөлүктү лаазым кылбайт; себеби бул этияттык үчүн эле, аял таза болгонун анык билбеши мүмкүн, же кошулуу себебинен кан кайра козголуп кетиши мүмкүн, же дагы бир башка себептен улам айткан болушу мүмкү. Туурасын Аллах билет.
Жетинчи бөлүм: Айызды токтотуучу же келтирүүчү жана бойго бүтүүдөн сактоочу же бойдон түшүрүүчү нерселерди колдонуу тууралуу.
Айызды токтотуучу нерселерди колдонуу эки шарт менен жайыз болот:
Биринчи: өзүнө зыяны тиет деп коркпосо пайдаланса болот, эгер зыяны тийүүсүнөн корксо, анда жайыз эмес. Аллах Таала: "Өзүңөрдү өлүмгө түрпөгүлө" деген (Бакара: 195-аят). Аллах Таала дагы: "Өзүңөрдү өзүңөр өлтүрбөгүлө, чынында Аллах силерге Мээримдүү" - деген (Ниса: 29-аят).
Экинчи: мындай кылууга күйөөсүнүн уруксаты керек болгон учурда, күйөөгө айызы менен байланышы болсо. Мунун мисалы мындай: аял күйөөсү ага напака берип тура турган идда мөөнөтүндө болсо, айызды токтото турган нерсени пайдаланса, аялдын айызы кечигип, анын иддасы узарат да, күйөөсүнүн ага напка берүү мөөнөтү да узара берет. Ушул учурда айызды келтирбей туруучу нерселерди пайдалануу үчүн күйөөсүнүн уруксаты керек. Уруксат берсе колдонот, бербесе колдонбойт. Ушул сыяктуу эле айызды келтирбөө бойго да бүтүрбөй коюусу анык болсо, мында да күйөөсүнүн уруксаты керек. Жайыз экени белгилүү болгон учурда деле, өтө зарыл болмоюнча буларды колдонбой койгон жакшы. Анткени, өздүк табиятты ошол боюнча калтыруу ден соолуктун чың болуусуна жакын.
Ал эми айызды жасалма жол менен келтирүү дагы эки шарт менен жайыз болот:
Биринчиси: ал аркылуу моюнга жүктөлгөн важыбдан кутулууну көздөбөө керек. Мисалы, Рамазан жакындап калганда колдонуп, орозо тутпай коюу үчүн же намаз окубай калуу үчүн ж.б.у.с.
Экинчи: Бул дагы күйөөсүнүн уруксаты менен болуш керек. Анткени айыздын келүүсү күйөөсү аны толук кандуу пайдалануудан тыйып койот. Күйөөсүнүн акысын тосо турган нерсени анын ыраазылыгы менен гана колдонуу керек. Эгер талак алган аял болсо, мындай нерсени колдонуу күйөөнүн акысын түшүрүүнү ылдамдатат, эгер аны кайра никесине кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү болсо.
Ал эми бойго бүтүрбөөчү нерселерди колдонуу эки түрдүү болот:
Биринчи: такыр эле боюна бүтүүдөн б.а. дайыма сактануу жайыз эмес. Себеби, мындай кылуу тукумсуздукка алып барат. Бул, шарияттын мусулман үммөтүнүн санын көбөйтүү максатына тескери келет. Анткени бар балдары дүйнөдөн өтүп кетип, туяксыз коколой башы калуусу толук мүмкүн.
Экинчи: белгилүү бир убакытка гана сактануу. Мисалы, аял көп төрөсө, кош бойлуулук аны чарчатат. Ушундайда эки жылда бир жолу төрөөнү пландаштырса, же башка ушул сыяктуу пландоолорго уруксат. Бирок күйөөсүнүн уруксаты шарт жана мындай кылуу аялга зыянын тийгизбөөсү шарт. Мунун далили, пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) учурунда сахабалар аялдарынын боюна бүтүп калбоосу үчүн "ал-аъзл" кылышат эле. Ошондо ал аларды мындан тыйган эмес. "Ал-аъзл" дегени, күйөөсү аял менен жыныстык катыш кылып, бирок уруктук суусун аялдын жатынына түшүрбөй, сыртка түшүрөт.
Ал эми боюндагыны түшүрүүчү нерселерди колдонуу эки түрдүү болот:
Биринчи: боюндагы баладан кутулуу үчүн боюнан түшүрүү же алдыруу, эгер түйүлдүккө жан киргенден кийин болсо, бул шек-күмөнсүз арам. Анткени, акысыз адамды өлтүрүү арам. Адам өлтүрүү Куран, сүннөт жана жалпы мусулмандардын бирдиктүү ижмаъ пикири боюнча арам. А эгер балага жан кире элек болсо, анын жайыздыгына аалымдар кайчы пикирде, кээ бири жайыз дейт, кээ бири жайыз эмес деп тыят. Кээ бири: түйүлдүк уюган канга айлана элек болсо, б.а. кырк күн боло элек болсо жайыз дейт. Кээ бири: түйүлдүктөн адамдык белгилери билине элек болсо жайыз дейт.
Негизи өтө зарылдык болбосо бойдон түшүрбөгөнү этияттык үчүн жакшы. Өтө зарыл дегенибиз, боюнда болсо эне катуу ооруп кала турган болсо, же дагы ушул сыяктуу себептер. Ушул учурда гана боюнан алдырууга болот, анда да эгер балада адамдык белгилер билине элек болсо, а эгер белгилер билинип калган болсо, анда алдырбаганы оң. Туурасын Аллах билет.
Экинчи: Боюндагы баладан кутулуу максаты менен эмес, төрөө мөөнөтү жеткенге чейин же төрөөр мезгилге жакын боюнан алдыруу, мындай кылуу эгер эне менен балага кандайдыр бир зыяны тийбесе, анда жайыз. Ошондой эле операцияга муктажсызсыз алдыруу керек. Эгер операцияга муктаж болсо, бул маселеде төрт түрдүү абал каралат:
Биринчиси: эне да, бала да тирүү болсо, мындайда өтө зарыл болбосо операция кылуу жайыз эмес. Зарылдык дегени аял өзү төрөй албагандыгы үчүн операция кылуу керек болсо. Анткени, дене пендеге берилген аманат, ага коркунуч туулган ишти башка бир чоң кызыкчылык болмоюнча аткарууга болбойт. Себеби, кээде операция зыянсыз деп ойлогону менен зыяны тийип калуусу мүмкүн.
Экинчиси: эне да, бала да өлүк болсо, мындайда баланы операция кылып алуудан эч кандай пайдасы болбогон үчүн операция кылуу жайыз эмес.
Үчүнчүсү: эне тирүү, бала өлүк болсо, анда операция аркылуу баланы ажыратып алуу жайыз, бирок энеге зыяны тийбөөсү керек. Белгилүү болгондой (туурасын Аллах билет) боюндагы бала өлүп калса, операциясыз түшүүсү кыйын. Түйүлдүктүн жатында калып калуусу, кайра боюна бүтүрбөйт, энеге машакат жаратат. Күйөөдөн ажырап иддада отурган аялга көпкө иддадан чыкпай калуу коркунучу да жаралат.
Төртүнчүсү: эне өлүп, бала тирүү болсо, эгер баланын жашап кетеринен үмүт болбосо, анда операция кылып ажыратып алуу жайыз эмес.
А эгер жашап кетерине үмүт бар болсо жана баланын кээ бир мүчөсү чыгып калса, эненин курсагын жарып баланы алууга болот. А эгер баланын эч бир мүчөсү чыкпаса, баланы алуу үчүн эненин курсагын жарууга болбойт, бул адамдын өлүгүн кескилөө болуп калат деп бизден бирөөлөр (аларга Аллах ырайым кылсын) айткан. Бирок туурасы, курсакты жармайынча бала чыкпай турган болсо, анда курсакты жарып баланы алууга болот. Бул пикир Ибн Хубайранын тандоосу, Инсаф деген китебинде ушундай кылуу жакшы деген.
Мен айтат элем: айрыкча азыркы заманда операция жасоо бул өлүктү кескилөө эмес. Анткени операцияда кесилет да кайра тигилет. Анан да тирүүнүн урматы өлүктүн урматынан жогору турат. Күнөөсүз жанды өлүмдөн сактоо важыб. Курсактагы бала күнөөсүз жан, аны сактоо важыб. Туурасын Билүүчү Аллах.
Эскертүү: Жогоруда айтылган боюндагыны алдырууга уруксат берилген учурларда, күйөөсу сыяктуу боюндагы баланын ээсинин уруксаты зарыл.
Ушул жерден биз жазууну максат кылган негизги маселелер акырына чыкты. Маселелердин усулдарына кыскача гана токтолдук, болбосо, фуруъ-бөлүктөрдүн майда-чүйдөсүнө чейин токтолсок, аялдарга тиешелүү маселелер жээги көрүнбөгөн деңиз сымал. Ошентсе да, зирек адам фуруъ-бөлүктөрдү асил-негизге, жүз-жекеликтерди, куллу-жалпылыктарга киргизип, окшошторуна салыштырып өз көз карашы менен чечим чыгарып алат.
Фатва берген адам, ал Аллах менен калайыктын ортосундагы, элчилер алып келген динди жана баянын жеткирүүдө ортомчу экенин билүүсү керек. Ал Куран жана сүннөттө айтылгандар үчүн жоопкер. Куран жана сүннөт пенде түшүнүп, аткаруусу важыб болгон негизги булактар. Куранга жана сүннөткө каршы айтылгандын баары ката. Аны айткан адамга кайра кайтаруу важыб. Ага амал кылууга да болбойт. Аны айткан адам ижтихад кылып изилдеп айткан болсо, ижтихады үчүн сооп алат. Бирок анын ката экенин билген адамга аны кабыл кылуу жайыз эмес.
Фатва берүүчү адам Аллахка калыс ниет кылуусу важыб. Ар бир иште Аллахка таянып жардам суроого тийиш. Аллахтан бекемдикти жана туура фатва берүүгө топук берүүсүн сурануусу керек.
Ага Куран жана сүннөттө келген нерселерге этибар кылуусу важыб. Ушул боюнча карап, изденүүсу керек же Куран сүннөттү туура түшүнгөн аалымдардын айткандарынан пайдалануусу кажет.
Анткени, жаралган маселелердин көбүндө, инсан аалымдардын айткан сөздөрүнөн жооп издейт жана андан канааттандырарлык жооп таба албайт, кээде такыр эле эч нерсе таба албайт. А эгер Куран менен сүннөткө кайтса, ыкласына, илимине жана түшүнүгүнө жараша ал экөөнөн ачык өкүм ала алат.
Фатва берүүчү адамга шектүү болуп турган маселеде жооп берүүгө шашылбоо важыб. Канчалаган өкүмдөр шашылыш чыгарылып, кийин бир аздан соң анын ката экени ачык болот да, фатва берген адам өкүнүчтө алат. Кээде өзү берген фатвасын кайтара да албай калат!
Адамдар фатва берген кишинин шашпай, тактап фатва бергенин билсе, анын айтканына ишенишет жана анын сөзүн этибарга алышат. А эгер анын шашып фатва бергенин көрүшсө, шашкан адам көп ката кетирет эмеспи, анын берген фатваларына ишеними аз болот. Шашмалыгы менен өзүн да, башкаларды да өзүндөгү илимден жана тууралыктан куру калтырат.
Өзүбүздү жана мусулман бир туугандарыбызды түз жолго баштоосун, бизди Өз камкордугуна алуусун, бизди камкордугу менен ката кетүүдөн сактоосун Аллахтан суранабыз. Ал Берешен, Улук. Пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө жана жалпы сахабаларына Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун. Анын нээмат жакшылыктары менен жакшы иштер аткарылган Аллахка алкыш-мактоолор болсун.
Аллахтын алдындагы алсыз пенденин калеми менен жазылган эмгек соңуна чыкты.
Ал Мухаммад Салих Усеймин.
Жума күнү, чашке маалы.
1392-жылдын, Шаъбан айынын 14ү.
*
Related books
All books
Атеистке кыскача кайрылуу61 тилАтеистке кыскача кайрылуу
Атеистке кыскача кайрылуу: Ааламдагы тактык жана кынтыксыз тартип кокустукту жокко чыгарып, Даанышман Жаратуучунун бар экенине далил болот. Ушунун баары жоктон пайда болуп калганы акылга сыябы? Жүрөгүңдү ой жүгүртүүгө жана пикир кылууга ачып, акыйкатты издегин. Балким сен өзүңө жол көрсөткөн нурду табышың мүмкүн.
Ислам акыйдасы тууралуу кыскача түшүндүрмө75 тилИслам акыйдасы тууралуу кыскача түшүндүрмө
Бул китеп ыйман негиздерин, тагыраак айтканда Аллахка, Анын периштелерине, китептерине, элчилерине, Акырет күнүнө жана тагдырга ишенүүнү чечмелеп түшүндүрөт. Ошондой эле, китепте мусулман адам ишенүүсү жана ага ылайык амал кылуусу зарыл болгон негизги принциптер баяндалып, Ислам акыйдасын терең түшүнүү аркылуу Аллах менен болгон байланышты бекемдөөнүн маанилүүлүгүнө басым жасалат.
Куран жана сүннөттүн негизинде Ислам дини жөнүндө кыскача баяндама61 тилКуран жана сүннөттүн негизинде Ислам дини жөнүндө кыскача баяндама
Чексиз Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын). Ислам (Далилдерисиз нускасы) Бул китептин андагы бардык меселеге Куран жана сүннөттөн далилдери менен жазылган нускасы бар. Аны окуу үчүн бул шилтемеге кириңиз: https://islamhouse.com/ar/books/2830071 Бул маанилүү кабар Исламдын кыскача аныктамасын камтыйт жана анын эки негизги булагы Ыйык Куран жана пайгамбардын сүннөтүнөн алынган эң маанилүү негиздерин, таалимдерин жана артыкчылыктарын баяндайт. Бул китеп бардык акыл-эстүү жана жетилген мусулмандарга, ошондой эле мусулман эместерге, алар кайда жана качан жашабасын жана жашоо…
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтүнө амал кылуунун важип экендиги жана аны четке каккандардын каапыр болуусу.23 тилПайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтүнө амал кылуунун важип экендиги жана аны четке каккандардын каапыр болуусу.
Автор: Абдулазиз бин Абдуллах бин Баз, Аллах аны ырайымына алсын. Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен. Кириш сөз Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун. Бейиш такыбалар үчүн. Аллахтын кулу жана элчиси, ааламдарга ырайым кылуу үчүн жиберилген пайгамбарыбыз Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламга, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына салават жана саламдар болсун. Ал сахабалар Куранды жана Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтүн өздөрүнөн кийинкилерге чынчылдык жана кемчиликсиздик менен, алардын маанилерин жана сөздөрүн толук сактоо менен жеткиришти. Аллах алардан ыраазы…