Ислам - Аллахтын бардык пайгамбарларынын дини. Ислам бул - бүт жаратылышты жаратып, башкарып турган Аллахка өзүн багыштоо. Аны жакшы көрүү жана урматтоо менен баш ийүү. Исламдын негизи - Аллахка ыйман келтирүү. Ал бардык нерсенин Жаратуучусу, башкалардын баары жаратылгандар. Ал жалгыз Өзү, теңдеши жана шериги жок ибадатка татыктуу. Ибадатка татыктуу Анын Өзүнөн башка сыйыныла турган нерсе жок. Анын көркөм ысымдары жана бийик сыпаттары бар. Ал бардык жагынан толук, Анда кемчилик болбойт. Ал тууган да, туулган да эмес, ага теңдеш да, окшош да жок. Өзү жараткан нерселердин биринин да ичине…
Ислам бул - бүт жаратылышты жаратып, башкарып турган Аллахка өзүн багыштоо. Аны жакшы көрүү жана урматтоо менен баш ийүү. Исламдын негизи - Аллахка ыйман келтирүү. Ал бардык нерсенин Жаратуучусу, башкалардын баары жаратылгандар. Ал жалгыз Өзү, теңдеши жана шериги жок ибадатка татыктуу. Ибадатка татыктуу Анын Өзүнөн башка сыйыныла турган нерсе жок. Анын көркөм ысымдары жана бийик сыпаттары бар. Ал бардык жагынан толук, Анда кемчилик болбойт. Ал тууган да, туулган да эмес, ага теңдеш да, окшош да жок. Өзү жараткан нерселердин биринин да ичине кирбейт жана анын сүрөтүндө да болбойт.
Ислам дини Аллах Тааланын жападан жалгыз дини, андан башка диндерди адамдардан кабыл кылбайт. Ислам - бардык пайгамбарлардын дини.
Ислам негиздеринин бири - бардык элчи-пайгамбарларга ишенүү. Аллах Таала элчилерди пенделерине Анын буйруктарын жеткирүү үчүн жиберген. Аларга китептерди түшүргөн. Пайгамбарлардын акыркысы - Мухаммад (ага Алахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун). Аллах Таала аны менен мурдагы шарияттарды жокко чыгарган, акыркы шарият менен жиберген. Аны улуу аят-белгилер менен колдогон. Мындай аят-белгилердин эң чоңу - Куран Карим. Ал - ааламдардын Раббиси Аллахтын сөзү. Адамзат тааныган китептердин эң улугу. Ички мазмунунда, окулган сөздөрүндө, түзүлүш тартибинде эч бир пенденин колунан келбей турган өзгөчөлүгү бар мужиза китеп. Куран дүйнө жана акыретте бактылуу болуунун жолу болгон акыйкат жолго баштайт. Ал ушул күнгө чейин алгачкы түшкөн арап тилинде, бир дагы тамгасы өзгөрбөстөн сакталуу.
Исламдын негиздеринен дагы бири периштелерге ыйман келтирүү жана кыямат күнүнө ыйман келтирүү. Кыямат күнү Аллах Таала эсеп-кысап кылуу үчүн адамдарды мүрзөлөрүнөн кайра тирилтип чыгарат. Кимде-ким ыймандуу болуп, жакшы иш-амалдарды жасап жүргөн болсо, ага бейиште түбөлүк рахат. Ал эми кимде-ким каапыр болуп, жаман иш-амалдарды жасап өткөн болсо, ага тозокто түбөлүк азап. Ошондой эле Исламдын дагы бир негизи - тагдырдын жакшысы да, жаманы да Аллахтан болоруна ишенүү.
Мусулмандар Исаны Аллахтын баласы эмес, Аллахтын кулу жана элчиси деп ишенет. Анткени, Аллах Таала Улуу, Анын аялы же баласы болуусу мүмкүн эмес. Аллах Таала Куранда бизге Иса ал - пайгамбар экенин, ага көптөгөн мужизаларды бергенин, аны теңдеши жок жалгыз Аллахка ибадат кылууга элин үндөө үчүн жибергенин айткан. Ошондой эле, Иса аларды өзүнө ибадат кылууга буйрубаганын, тескерисинче ал өзү Аллахка ибадат кылганын кабарлаган.
Ислам дини адамдын таза табиятына ылайык жана тунук акылына сыярлык дин. Аны бардык жандар кабыл кыла алат. Ал Улуу Жаратуучунун жаратылгандарга түзгөн шарияты. Ал бардык адам баласын бактылуу кыла турган дин. Анда рассаны рассадан, түстү түстөн бөлүү жок. Исламда адамдардын баары бирдей. Исламда адамдар бир гана жасаган жакшы иш-амалдары менен айырмаланат.
Ар бир акылы жайында болгон адамга Аллахты Рабби деп, Исламды дин деп, Мухаммадды пайгамбар деп ишенүү важиб. Мында инсанга ыктыяр берилген эмес; анткени кыяматта Аллах Таала ага пайгамбарлар моюнуна жүктөгөн иштерди сурайт. Ошондо ал ыймандуу болсо, ал чон утушка жетет. Эгер каапыр болсо, ачык өкүнүчтө калат.
Кимде-ким Исламга кирүүнү кааласа, ага маанисин билип жана ишенүү менен: "Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын элчиси" деп күбөлүк берүү зарыл. Мына ушуну менен ал мусулман болот. Анан Аллах буйруган иштерди аткаруу үчүн Исламдын башка шарияттарын акырындык менен өздөштүрө берет.
Кененирээк маалымат алуу үчүн: https://byenah.com/ar сайтына кирсеңиз болот.
Автор. Мээримдүү жана Ырайымдуу Алланын аты менен Кириш сөз Бардык алкыш-мактоолор жалгыз Аллахка айтылсын. Андан кийин пайгамбар келбей турган пайгамбарга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун.
Бул китеп ыйман негиздерин, тагыраак айтканда Аллахка, Анын периштелерине, китептерине, элчилерине, Акырет күнүнө жана тагдырга ишенүүнү чечмелеп түшүндүрөт. Ошондой эле, китепте мусулман адам ишенүүсү жана ага ылайык амал кылуусу зарыл болгон негизги принциптер баяндалып, Ислам акыйдасын терең түшүнүү аркылуу Аллах менен болгон байланышты бекемдөөнүн маанилүүлүгүнө басым жасалат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен. Раббиң ким? Бул суроо тирүүлүктөгү эң маанилүү суроо. Бул, ар бир адам жообун так билүүгө милдеттүү болгон зарыл суроо. Раббибиз жети кат асманды жана жерди жараткан. Асмандан жамгыр жаадырып, жамгыр менен жер бетиндеги бизге жана айбанаттарга азык боло турган мөмө-жемиш, бак-дарактарды өстүргөн. Ал биздин да, ата-бабаларыбыздын да, дегеле бардык нерсенин Жаратуучусу. Күн менен түндү да Ал жараткан. Ал түндү уктап эс ала турган, ал эми күндүздү ырыскы издеп, тирилик кыла турган кылган. Ал бизге күн, ай, жылдыз, деңиздерден бери баш ийдирип койгон.…
Ар бир нерсе Жаратуучунун бар экенине далил боло алат. Асмандар менен жерди жана алардагы курчап алгыс улуу макулуктарды ким жараткан? Асман жердеги так жана кемчиликсиз тартипти ким орноткон? Инсанды ким жаратты, ага угуу, көрүү касиеттерин, акылды ким берди? Аны илим алууга жана нерселердин маңызын түшүнүүгө жөндөмдүү кылып жараткан ким? Өз денеңдеги жана тирүү организмдердин денесиндеги бул кылдат жасалган системаны кандай түшүндүрөсүң? Аны эң биринчи ким жоктон бар кылган? Бул эбегейсиз аалам ушунча жылдар бою өзүнүн так, чебер мыйзамдарын кантип өзгөртпөй сактап келе жатат?