من خلق الكون؟ ومن خلقني؟ ولماذا؟

من خلق الكون؟ ومن خلقني؟ ولماذا؟

Бул ааламды ким жаратты? Мени ким жаратты? Эмне үчүн жаратты?

Language: lang_ky
Prepared by: Харам жана Набави мечиттеринин диний иштери боюнча башкармалыктын алдындагы илимий комитет.
Version: 2.0
Translations 47
Afrikanns Assamese Azerbaijani Bulgarian +43
Attachments 7
PDF
Audio
Video
+3

Бул ааламды ким жаратты? Мени ким жаратты? Эмне үчүн жаратты?

Харам жана Набави мечиттеринин диний иштери боюнча башкармалыгынын алдындагы илимий комитет

Мен туура жолдо бара жатамбы?

Асмандар менен жерди жана алардагы адам баласынын акылы жеткис, чексиз улуу макулуктарды ким жаратты?

Асман жердеги так жана кемчиликсиз тартипти ким орнотту?

Инсанды ким жаратты, ага угуу, көрүү касиеттерин жана акылды ким берди? Аны илим алууга жана нерселердин маңызын түшүнүүгө жөндөмдүү кылып жараткан ким?

Сенин дене мүчөлөрүңдөгү ушунчалык кылдат, таң калаарлык чеберчиликтүү жаратылышты ким жаратты? Ким сага ушундай келишкен келбет берди?

Жаратылыштын ар түрдүүлүгүнө карап көрчү, мындай чеги жок көрүнүштү жоктон бар кылып жараткан ким ?

Бул эбегейсиз аалам ушунча жылдар бою өзүнүн так, чебер мыйзамдарын кантип өзгөртпөй сактап келе жатат?

Бул ааламды тартипке салып, тизгинин кармап турган улуу мыйзамдарды ким орнотту? Өмүр менен өлүмдүн сырын, тиричиликтин улануусун, күн менен түндүн алмак-салмак келишин жана мезгилдердин кереметтүү алмашуусун ким башкарып турат?

Бул жаратылыш өзүн-өзү жараттыбы? Же жоктон бар болуп калдыбы? Же кокустан эле пайда болуп калдыбы? Бул тууралуу Аллах Таала мынтип айткан: "Же болбосо, алар эч нерсесиз (жаратуучусу жок эле) жаралып калышканбы? Же өздөрү жаратуучубу?" "Же болбосо, асмандар менен жерди алар жаратышты беле? Жок! Алар (акыйкатка) ишенишпейт!" (Тур сүрөсү, 35-36-аяттар)

Эгер өзүбүздү өзүбүз жаратпасак, жоктон бар болуп калуу жана кокустан пайда болуп калуу мүмкүн болбосо, демек, эч кандай шек-күмөнсүз бир акыйкат бар: бул жаратылыштын чексиз Кудуреттүү Жаратуучусу бар. Анткени бул жаратылыш өзүн-өзү жаратуусу же жоктон бар болуп калуусу жана кокустан эле пайда болуп калуусу мүмкүн эмес.

Эмне үчүн инсан өзүнүн көзүнө көрүнбөгөн нерселердин бар экенине ишенет? Мисалы: кабылдоо, акыл, рух, сезүү, сүйүү, ж.б. Алардын бар экендигинин белги-издерин көрүп жаткандыгынан эмеспи? Адам баласы Жараткандын сансыз макулуктарын, ааламдагы таң калаарлык чеберчилигин жана чексиз мээриминин издерин көрүп туруп, кантип ушул улуу ааламдын Жаратуучусун тана алат?!

Эч бир акыл-эстүү адам: «Бул үй аны эч ким курбастан эле пайда болду!» же «Бул үйдү жоктук жаратты!» деген сөздү кабыл албайт. Анда кантип айрым адамдар: «Бул улуу аалам жаратуучусу жок эле пайда болду» дегендерге ишенишет? Акыл-эстүү адам: «Ааламдагы ушундай так тартип кокусунан эле жаралып калган» деген сөзгө кантип макул болсун?

Бул суроолордун баары бизге бир жыйынтыкты алып келет. Ал - жаратылыштын улуу, кудуреттүү, башкаруучу Раббиси бар деген жыйынтык. Мына ошол Рабби ибадатка татыктуу. Андан башкага кылынган ибадаттын баары жараксыз жана алар ибадатка татыктуу эмес.

Рабби Улуу Жаратуучу

Раббибиз Жалгыз Жаратуучу, Ал - Башкаруучу, Өкүмдар, Ырыскы берүүчү жана өлүм менен өмүр берүүчү. Ал жерди жаратып, баш ийдирип койгон. Жерди бардык макулуктарына ылайыктуу турак кылган. Ал жети кабат асманды жана андагы улуу макулуктарды жаратты. Күн менен айды, түн менен күндүздү тизмектеп койду. Бул кылдат мыйзамдар Анын Улуулугуна далаалат кылат.

Ал - бизге ансыз жашоого мүмкүн болбогон абаны жаратып берди. Ал - бизге асмандан жамгыр жаадырып, дарыя, деңиздерди моюн сундурду. Ал - бизди энебиздин ичинде күч-кубатсыз түйүлдүк болуп жатканда азыктандырып, сактады. Ал - биз төрөлгөндөн өлгөнгө чейин кан тамырларыбызда канды айландырып турат.

Бул Жаратуучу, Ырыскы берүүчү Кудай - кемчиликсиз Аллах Таала.

Аллах Таала айткан: "Силердин Раббиңер – Аллах. Ал асмандар менен Жерди алты күндө жаратты. Кийин Арштан бийик болду. Ал түндү күндүзгө оройт жана ал (караңгылык) аны (күндүздү) кууп жүрөт. Күн, Ай жана (башка) жылдыздар Анын буйругуна моюн сундурулган. Уккула: жаратуу жана буюруу Өзүнө гана таандык! Ааламдардын Раббиси – Аллах Улук, Бийик!" (Аараф сүрөсү, 54-аят)

Аллах - Ал биз жаратылышта көрүп жаткан жана көрө албаган нерселердин баарынын Раббиси, Жаратуучусу. Ал Өзү гана ибадатка татыктуу. Аны менен бирге эч нерсеге ибадат кылынбайт. Анын жаратуусунда, башкаруусунда, мүлкүндө же ибадатында Ага теңдеше турган шериги жок.

Эгер Улук Рабби менен бирге башка кудай бар деген талашка келсек, анда жаратылыш мыйзамдары бузулуп кетмек. Анткени жаратылыш мыйзамын бир убакта эки кудай башкаруусу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Аллах Таала мынтип айткан: "Эгер Асман менен Жерде Аллахтан башка кудайлар болгондо, экөө тең кыйроого учурамак..." (Анбия сүрөсү, 22-аят)

Жаратуучу Раббинин сыпаттары

Бардык кемчиликтерден аруу болгон Аллахтын сансыз көркөм ысымдары бар. Анын кемчиликсиз, толук экенине далил болгон көптөгөн улуу сыпаттары бар. Анын ысымдарынын бири "Ал-Халик" Жаратуучу. "Аллах" ысымынын мааниси: ибадат кылууга жалгыз Өзү татыктуу, эч кандай шериги жок Жалгыз Кудай. Ал Тирүү, Түбөлүктүү, Ырайымдуу, Ырыскы берүүчү, Берешен. Аллах Таала Курани Каримде мынтип айткан: "Аллах – Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал (түбөлүк) Тирүү, (бардыгын) башкарып Туруучу. Ал үргүлөбөйт жана уктабайт. Асмандар менен жердегинин баары Ага тандык. Эч ким Анын алдында, Анын уруксаты болмоюнча шапаат-колдоо көрсөтө албайт. Ал алардын келечегиндеги жана өтмүшүндөгү нерселерди билет. Ал эми, алар болсо, Анын илиминен Ал Өзү каалагандан башка эч нерсени билбейт. Анын Курсийи асмандар жана жерди камтып турат. Ал экөөнү (асмандар менен жерди) сактап туруу Ага эч тоскоолдук кылбайт. Ал Бийик жана Улуу Зат!" (Бакара сүрөсү, 255-аят)

Аллах Таала дагы мынтип айткан: "Айт (оо, Мухаммад:) Ал – Аллах жалгыз! Аллах – Сомад (Беймуктаж)! Ал туубаган жана да туулбаган! Жана эч ким Ага тең эмес!" (Ихлас сүрөсү, 1-4-аяттар)

Ибадатка татыктуу Раббибиз кемчиликсиз толук сыпаттар менен сыпатталат.

Анын сыпаттарынын бири - Ал ибадатка татыктуу Кудай. Андан башканын баары жаратылган, моюнуна жүктөлгөн, буйрулган, алсыз макулук.

Сыпаттарынын дагы бири ал - Түбөлүк туруучу Тирүү, бул барлыктагы бардык тирүү жанга Аллах тирүүлүк берген жана жоктон бар кылган. Ал алардын жашоосун, ырыскысын жана муктаждыктарын камсыздап турат. Раббибиз - Тирүү, өлбөйт, жок болуп кетүү Ага ылайык эмес. Дайыма туруучу, уктабайт, атүгүл Аны үргүлөө да, уйку да баспайт.

Анын сыпаттарынын дагы бири - Билүүчү, асманда да, жерде да Ага эч нерсе жашыруун болуп билинбей калбайт.

Анын сыпаттарынын дагы бири - Угуучу, Көрүүчү, бардык нерсени угат, бардык жаратылгандарды көрүп турат. Напсинин азгырыктарын да, дилге жашырылган нерсени да билет. Асманда да, жерде да Ага билинбей калган нерсе болбойт.

Анын сыпаттарынын бири - Кудуреттүү, Анын кудурети жетпеген нерсе болбойт, Анын каалоосун эч ким кайтара албайт. Каалаганын аткарат, каалаганын тыят, кааласа алдыга жылдырат, кааласа кечиктирет. Анын даанышмандыгынын чеги жок.

Анын сыпаттарынан - Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, Башкаруучу, ал макулуктарды жаратып, башкарып турат. Бүт макулуктар Анын чеңгелинде, Анын өкүмдөрүнө баш ийет.

Анын сыпаттарынын бири - Ал жалбарып дуба кылуучуга жооп берет, муктажга жардам берет, кыйынчылыкты кетирет. Макулуктардын баары кыйынчылыкка же сыгылууга кабылганда Ага жүздөнүп жалбарат.

Ибадат Аллах үчүн гана кылынат. Ибадатка Ал гана толук татыктуу, Андан башкалар татыктуу эмес. Андан башка сыйынылып жаткан нерселердин баары жалган, ибадатка жараксыз нерселер. Алар кемчиликтүү, өлүмгө же жок болууга дуушар боло турган нерселер.

Аллах бизге Анын улуулугун бир аз болсо да аңдап биле турган акыл берди. Жакшылыкты жактырып, жамандыкты жек көрө турган жана ааламдардын Раббиси Аллахка кайрылганда тынчтана турган таза табият берди. Бул таза табият Анын кемчиликсиз, толук экенине далил. Анткени Ал кемчилик менен сыпатталуусу мүмкүн эмес.

Акылдуу адамга кемчиликсиз толук Затка гана ибадат кылуусу ылайык болот. Ал кантип өзү сыяктуу же өзүнөн да төмөн макулукка ибадат кылат?

Сыйыныла турган нерсе адам, эстелик, дарак жана жан-жаныбар болуусу мүмкүн эмес.

Раббибиз асмандардан бийик, Аршынын үстүнө көтөрүлгөн, макулуктарынан ажырап турат. Анын затында жараткан макулуктарынан эч нерсе жок жана макулуктарында Анын затынан эч нерсе жок. Ал Өзү жараткан нерселердин эч бирине кирбейт жана эч бир нерсеге айланбайт (келбетине айланбайт).

Раббибизге окшош эч нерсе жок, Ал Угуучу, Көрүүчү. Ага эч бир теңдеш жок. Ал макулуктарына муктаж эмес. Уктабайт жана тамактанбайт. Ал улуу Зат, Анын жубайы же баласы болуусу мүмкүн эмес. Жараткан улуу сыпаттарга ээ. Ал эч качан муктаждык же кемчилик менен сыпатталуусу мүмкүн эмес.

Аллах Таала мынтип айткан: "Эй, (мушрик) адамдар! (Мындай) салыштыруу келтирилди, угуп койгула: Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан «кудайлар» бир чымынды да жарата алышпайт. Эгер ага (аны жаратууга) чогулушса да. Жана эгер чымын алардан бир нерсени тартып (жеп) алса, аны андан куткара алышпайт. (Ошентип, кайтарып алууга камынган) кудайлар да алсыз, тартып алган чымын да алсыз." "Алар Аллахты чындап баалай алышпады. Чынында Аллах өтө Кубатуу, Кудуреттүү." (Хаж сүрөсү, 73-74-аяттар)

Улуу Жаратуучу бизди эмне үчун жаратты? Ал бизден эмнени каалайт?

"Аллах бул макулуктарды максатсыз эле жаратып койгон" - деп айтуу акылга сыябы? Ал Өзү Даанышман, Билүүчү болуп туруп (бизди) жөн эле максатсыз жаратып коёбу?

Бизди ушундай тактык, чеберчилик менен жаратып, бизге жети кабат асман менен жердегинин баарын моюн сундуруп койгон Аллах, бизди эч кандай максатсыз эле жаратып, "Биз эмне үчүн жаратылдык? Өлүмдөн кийин эмне болот? Жаратылуудагы максатыбыз эмне?" - деген сыяктуу бизди түйшөлткөн суроолорубузду жоопсуз калтырып коюусу акылга сыябы?

Заалымга жаза, жакшылык кылуучуга сыйлык берилбей калуусу акылга сыярлык ишпи?

Аллах Таала мынтип айткан: "Оюңарда Биз силерди максатсыз (жөн эле) жараттык жана Бизге (сурак бергени) кайтып келбейбиз деп ойлойсуңарбы?" (Муминун сүрөсү, 115-аят)

Андай эмес. Аллах Таала биз жаратылуудагы максатыбызды билүүбүз үчүн бизге пайгамбарларды жиберди. Ал бизге Өзүнө кантип ибадат кылууну, кантип жакындашууну жана бизден эмнени кааларын көрсөтүп берди. Анын ыраазылыгына кантип жетүүнү жана өлүмдөн кийин эмне болорубузду кабарлаган.

Аллах Өзү гана ибадатка татыктуу экенин кабарлоо үчүн жана кандай ибадат кылууну үйрөтүү үчүн, Анын буйруктарын жана тыюуларын бизге жеткирүү үчүн бизге пайгамбарларды жиберди. Пайгамбарлар бизге, биз аны аткарсак, жашообуз жакшылык жана берекеге толо турган өзгөчө баалуулуктарды үйрөттү.

Аллах Таала көптөгөн пайгамбарларды жиберди, мисалы: Нух, Ибрахим, Муса, Иса, ж.б. Аларга алар Аллахтын чыныгы элчиси экенине далил боло турган моожиза, аят-белгилерди берди. Пайгамбарлардын акыркысы Мухаммад пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллам) болду.

Элчи-пайгамбарлар бизге бул дүйнө жашоосу сыноо үчүн экенин, чыныгы жашоо өлүмдөн кийин болорун ачык-айкын кабарлап беришкен.

Өлүмдөн кийинки жашоодо эч шериги жок жалгыз Аллахка ибадат кылган, бардык элчи-пайгамбарларга ишенген ыймандууларга бейиш бар экени, ал эми Аллахтан башкага сыйынган каапырларга же Анын элчилеринен кайсы бирине ишенбеген каапырларга Аллах тозокту даярдап койгонун кабарлашты.

Аллах Таала мынтип айткан: "Оо, Адам урпактары. Силерге араңардан чыккан пайгамбарлар келип, Менин аяттарымды айтканда, кимде-ким такыба кылып, өзүн оңдосо, аларга коркуу жок жана алар кайгыга да батышпайт." "Ал эми Биздин аяттарыбызды "жалган" деп, алардан текеберленгендер тозок ээлери. Анда алар түбөлүк калышат!” (Аараф сүрөсү, 35-36-аяттар)

Аллах Таала мынтип айткан: "Оо, адамдар! Силерди жана силерден алдыңкыларды жараткан Раббиңерге ибадат кылгыла! Ошону менен такыбалуу болорсуңар." "Ал силерге жерди төшөк кылып, асманды (үстүңөргө) куруп койду жана асмандан суу түшүрүп, силерге ырыскы болуу үчүн аны менен мөмө-жемиштерди чыгарды. Эми билип туруп Аллахка (башка нерселерди) теңдеш кылбагыла!" "Эгер силер, пендебизге (Мухаммадга) түшүргөнүбүзгө (Куранга) күмөндө болсоңор, ошонун дал өзүндөй бир гана сүрө келтиргилечи?! Дагы Аллахтан башка (колдоочу) күбөңөрдү да чакыргыла, эгер чынчыл болсоңор!" "Эгер силер муну жасай албасаңар, чынында силер муну эч качан жасай албайсыңар. Андай болсо, отуну адамдардан жана таштардан болгон, каапырлар үчүн даярдалган оттон (тозоктон) сактангыла!" "(Жүрөктөрү менен) ыйман келтирип, (дене мүчөлөрү менен) жакшы иштерди жасаган адамдарга, астынан дарыялар аккан бейишти сүйүнчүлө! Аларга ар качан ырыскы катары бейиштен кайсы бир мөмө берилчү болсо: «Бизге бул мурда берилген болчу» - дешет. Аларга (көрүнүшү жана түсү дүйнөдөгүгө) окшош (бирок даамы тап-такыр окшобогон) мөмөлөр берилет. Алар үчүн бейиште таза-аруу жубайлар бар. Алар анда түбөлүк калышат." (Бакара сүрөсү, 21-25-аяттар)

Эмне үчүн көп сандагы элчилер жиберилген?

Аллах Таала элчи-пайгамбарларды ар бир үммөткө жиберген. Канча үммөт болсо, аларды Раббисине ибадат кылууга чакыруу үчүн, Анын буйрук жана тыюуларын жеткирүү үчүн алардын баарына Аллах Таала элчи-пайгамбарларды жиберген. Алардын баарынын үгүт-чакырыгынын максаты: Жалгыз Аллахтын Өзүнө ибадат кылуу болгон. Кайсы бир үммөт пайгамбары алып келген нерсени таштап, динден алыстай баштаганда аларды оңдоо үчүн, адамдарды жалгыз Аллахка сыйынуу жана Ага баш ийүү ишеними болгон таза табиятка кайтаруу үчүн башка пайгамбарды жиберген.

Ошентип Аллах Таала пайгамбарларды Мухаммад (саллаллаху алейхи уа саллам) менен жыйынтыктады. Ал толук динди жана жалпы адамзатка кыяматка чейин кала турган, мурдагы шарияттарды толуктаган жана кээ бирин жокко чыгарган шариятты алып келди. Бул диндин кыямат күнгө чейин калып, уланарын Аллах Таала Өзү кепилдигине алды.

Элчи-пайгамбарлардын баарына ыйман келтирбейинче адам ыймандуу боло албайт.

Аллах — элчилерди жиберди жана Өзү жараткан бардык макулуктарына аларга баш ийүүнү буйруду. Ким анын пайгамбарларынын бирине каапыр болсо, анда ал алардын баарына каапыр болот. Инсанга Аллахтын аян-кабарын четке кагуусунан өткөн чоң күнөө жок. Бейишке кирүүгө татыктуу болуу үчүн бардык элчи-пайгамбарларга ыйман келтирүүсү зарыл.

Бул заманда ар бир адамдын Аллахка жана анын бардык пайгамбарларына ыйман келтирүүсү важиб. Ошондой эле акырет күнүнө ишенүү важиб. Бул ишеним алардын акыркысы жана жыйынтыктоочусу болгон Мухаммадка (саллаллаху алейхи уа саллам) ишенүү менен гана болот. Ал түбөлүк калуучу моожиза Куранды алып келген. Кыямат күнгө чейин Куранды сактоону Аллах Өз кепилдигине алган.

Аллах Таала Куранда ким Анын пайгамбарларынан бирин чанып, ага ишенбесе, ал Аллахтын аян-кабарын жалганга чыгарган каапыр болорун айткан: "Аллахка жана анын пайгамбарларына каапыр болгондор, Аллах менен пайгамбарларынын арасын ажыратууну каалап, “Кээ бирөөнө ишенип, кээ бирөөсүнө ишенбейбиз” дегендер жана ушул эки ортодо (өздөрү үчүн башкача) жолду карманууну каалагандар…" "ошолор гана чыныгы каапырлар. Жана Биз каапырларга кор кылуучу азапты даярдап койгонбуз." (Ниса сүрөсү, 150-151-аяттар)

Ошондуктан биз, мусулмандар Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтиребиз. Аллах Өзү буйругандай, Анын бардык пайгамбарларына жана китептерине ыйман келтиребиз. Аллах Таала мынтип айткан: "Элчи өзүнө Раббиси тарабынан түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирди жана ыймандуу адамдар дагы (ыйман келтиришти). Бардыгы Аллахка, анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына ыйман келтирди (жана) "Биз Аллахтын пайгамбарларынын арасынан эч кимисин ажыратып (ишенбей) койбойбуз. Оо, биздин Рабби! Биз (Сенин өкүмүңдү) уктук жана (аларга) моюн сундук! Бизди кечире көр! Жана сага гана кайтабыз" деп айтышты." (Бакара сүрөсү, 285-аят)

Курани Карим деген эмне?

Курани Карим Аллах Тааланын сөзү жана акыркы элчиси Мухаммадга (саллаллаху алейхи уа саллам) түшүргөн аян-кабары. Пайгамбардын пайгамбарлыгынын чындыгына далил болгон эң чоң моожиза. Ыйык Курандын өкүмдөрү - акыйкат, кабарлары - чындык.

Аллах Таала Куранды жалган дегендерге ал сыяктуу бир сүрө болсо да алып келгиле деп шарт койгон, бирок алар аны алып келүүдөн алсыз болушту. Анткени анын мазмуну терең, инсанга тиешелүү бул дүйнөдөгү жана акыреттеги иштердин баарын камтыган китеп.

Ошондой эле инсан өзү менен Раббисинин, өзү менен өзүнүн жана өзү менен башка макулуктардын ортосунда сактоосу же аткаруусу ваажиб болгон буйруктарды жана тыюуларды камтыйт. Мунун баары өтө жеткиликтүү баяндоо ыкмасы менен берилген.

Мындай китепти түшүрүү адамзаттын колунан келбестигине, бул китеп адамзаттын Раббисинин сөзү экенине далил болгон көптөгөн илимий акыйкаттар жана акылга сыярлык далилдер бар.

Ислам деген эмне?

Ислам - бул, Аллахты жалгыздоо менен Ага моюн сунуу жана Ага баш ийүү менен берилүү. Анын шариятын ыраазылык жана кабыл кылуу менен аткаруу жана Аллахтан башка сыйынылган нерселерге ишенбөө (каапыр болуу).

Аллах Таала элчилердин баарын бир дин менен жиберген, ал: Жалгыз Аллахка эч нерсени шерик кылбай ибадат кылуу, Аллахтан башка сыйынылган нерселердин баарына ишенбөө (каапыр болуу).

Ислам - бардык пайгамбарлардын дини. Алардын даават-чакырыгы бир, шарияттары гана ар түрдүү болгон. Бугүнкү күндөгү мусулмандар бардык пайгамбарлар алып келген таза, туура динди карманган, бир Аллахка сыйынуу ишениминдеги адамдар. Азыркы замандагы Ислам дини акыйкат, бул Жаратуучунун адамзатка жиберген акыркы дини.

Ибрахим, Муса, Исаны (алейхимуссалам) жиберген Аллах элчилердин акыркысы Мухаммадды (саллаллаху алейхи уа саллам) да жиберди. Ислам шарияты андан мурдагы шарияттардын өкүмүн өчүрүүчү болуп келди.

Бүгүнкү күнү Исламдан башка дин деп айтылып, адамдар ибадат кылып жаткан диндердин баары адамдар тарабынан пайда болгон диндер. Же Аллахтан келген динге адамдар кийлигишип, мифтердин жана ооздон-оозго өткөн уламыштардын аралашмасы жана адамдардын жеке пикири болуп калган.

Ал эми мусулмандардын дини - бул, жалгыз, ачык-айкын эч качан өзгөрбөй турган дин. Алардын Аллахка арнаган ибадаттары да бир. Баары беш убак намаз окуйт, мал-мүлкүнөн зекет берет, Рамазан айында орозо кармайт. Алардын мыйзамы ыйык Курани Карим. Ал бардык өлкөлөрдө бир эле китеп. Аллах Таала мынтип айткан: "Мына бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылып, жакшылыктарымды бирин калтырбай берип, силерге Исламдын гана дин болушун кааладым. Ал эми, ким ачарчылык азабына чыдабай өзөк жалгаар даражада жегенге мажбур болсо, Аллах Кечиримдүү, Ыйрамдуу." (Маида сүрөсү, 3-аят)

Куранда Аллах Таала дагы мынтип айткан: "Айткыла (Оо, ыймандуулар): “Биз Аллахка, Бизге түшүрүлгөн нерселерге жана Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Яькубга жана ошолордун урпактарына түшүрүлгөн нерселерге, жана Мусага, Исага жана башка пайгамбарларга Раббиси тарабынан берилген нерселерге ыйман келтирдик. Биз пайгамбарлардын эч биринин арасын ажыратпайбыз жана биз Аллахка моюн сунуучуларданбыз.” "Жана ким Исламдан башка динди кааласа, андан (ибадаттары) кабыл алынбайт жана ал Акыретте зыян тартуучулардан болот." (Аалу Имран, 84-85-аяттар)

Ислам дини бүт жашоону ороп алган тартип-жол. Ал акылга да, таза табиятка да дал келет. Аны таза напсинин баары кабылдайт. Аны Улуу Жаратуучу макулуктарына шарият кылган. Ал дүйнө жана акыретте адамдардын баарына жакшылык жана бакыт алып келүүчү дин. Бир улутту башка улуттан, бир түстү башка түстөн өйдө койбойт. Анда адамдардын баары бирдей. Исламда адамдар бири-биринен жакшы иш-амалдарынын өлчөмү менен гана айырмаланат.

Аллах Таала мынтип айткан: "Ыймандуу болуп, жакшы амалдарды кылган эркек жана аялдарга Биз жакшы жашоо беребиз жана аларды кылган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен сыйлайбыз." (Нахл сүрөсү, 97-аят)

Ислам - бактылуулуктун жолу.

Ислам жалпы пайгамбарлардын дини. Ал Аллахтын жалпы адамзатка жиберген дини, араптарга гана тиешелүү дин эмес.

Ислам бул дүйнөдөгү чыныгы бакыттын жана акыреттеги түгөнгүс нээмат-жакшылыктын жолу.

Ислам рухтун да, дененин да муктаждыгына жооп бере алган, бардык көйгөй, мүшкүлдөрдү чечкен жалгыз дин. Аллах Таала мынтип айткан: "(Аллах) Айтты: «Бардыгыңар бири-бириңерге (адам шайтанга, шайтан адамга) душман болгон абалда бейиштен түшкүлө! Эми, (оо, инсандар) силерге менден туура жол (дин) келет. (Ошондо) ким менин жолума ээрчисе, адашпайт жана бактысыз болбойт." "Ал эми, ким менин зикиримден (Китебимден) жүз бурса, ага тар (оор) жашоо бар. Аны кыямат күнү сокур абалда тирилтебиз." (Тоха сүрөсү, 123-124-аяттар)

Мусулман дүйнөдө жана акыретте кандай пайда алат?

Исламдын көптөгөн чоң пайдалары бар. Алардын кээ бирлери төмөнкүлөр:

Аллахка кул болуу аркылуу бул дүйнөдө ийгиликке жана сый-урматка жетет. А эгер андай болбосо, анда шайтанга, напсисине жана кумар каалоосуна кул болот.

Аллах анын күнөөлөрүн кечирет, ага ыраазы болот, аны бейишке киргизет, Анын ыраазылыгы менен түбөлүктүү жакшылыкка ээ болот, тозоктун азабынан кутулат. Мунун баары анын акыреттеги утушу.

Ыймандуу адам кыямат күнү пайгамбарлар, чынчылдар, шейиттер жана салих инсандар менен бирге болот. Бул кандай жакшы жолдоштук. Ал эми ким ыйманга келбесе, ал шайтан, күнөөкөр, бузуку жана жаман адамдар менен бирге болот.

Аллах бейишке киргизген адамдар, алар түбөлүктүү жыргалда жашашат. Анда ооруу, өлүм, ыза, карылык, кайгы-капа болбойт. Алар эмнени кааласа, ошону алат. Ал эми тозокко киргендер аягы жок түбөлүк азапта калышат.

Бейиште көз көрбөгөн, кулак укпаган, эч бир инсандын кыялына келбеген нерселер бар. Мунун далили Аллах Тааланын сөзү: "Ыймандуу болуп, жакшы амалдарды кылган эркек жана аялдарга Биз жакшы жашоо беребиз жана аларды кылган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен сыйлайбыз." (Нахл сүрөсү, 97-аят)

Аллах Таала мындай деген: "Эч бир (ыймандуу) жан, жасаган (жакшы) иштери үчүн сыйлык катары (бейиште) жашыруун даярдап коюлган, көздөрүн кубантуучу кандай гана нерселер бар экенин билбейт." (Сажда сүрөсү, 17-аят)

Мусулман эместер кандай зыян көрөт?

Мындай адамдар Аллахты билүү жана таануу деген эң улуу илимден куру калышат. Адамга бул дүйнөдө амандык жана бейпилдик, акыретте түбөлүктүү жакшылык тартуулай турган Аллахка болгон ыймандан куру калышат.

Аллах Таала адамдарга түшүргөн эң улуу китепке ыйман келтирүүдөн жана аны ээрчүүдөн куру калышат.

Улуу пайгамбарларга ыйман келтирүүдөн жана кыяматта алар менен бейиште бирге болуудан куру калышат. Анын ордуна шайтандар, күнөөкөрлөр жана чектен ашкандар (тагуттар) менен бирге тозокто калат. Бул алар үчүн өтө жаман турак жана алар менен бирге болуучулар да өтө жаман.

Аллах Таала мынтип айткан: "Кыямат күнү өздөрүнө жана үй-бүлөсүнө зыян келтирген адамдар чыныгы зыян тартуучулар! Көңүл бургула: Анык зыян тартуу – ушул!" "Алар үчүн (Кыяматта) үстүлөрүнөн да, астыларынан да жалындуу «көлөкөлөр» бар. Аллах Өз пенделерин ушу менен коркутат. Оо, пенделерим! Менден гана корккула! (Зумар сүрөсү, 15-16-аяттар)

Ким акыретте кутулууну кааласа, ал Аллахка баш ийип мусулман болсун жана Анын Элчисин (саллаллаху алейхи уа саллам) ээрчисин.

Бардык пайгамбарлар алып келген чындык ушул - акыретте жалгыз Аллахка эч нерсени шерик кылбай ибадат кылган жана бардык элчи-пайгамбарларга ыйман келтиргендер гана ийгиликке жетет. Элчи-пайгамбарларга ишенип, аларды ээрчиген ыймандуулардын баары тозоктон кутулуп, бейишке кирет.

Муса пайгамбардын заманында жашаган, ага ишенип анын шариятын кармангандар ыймандуу, чыныгы мусулмандар. Бирок Аллах Таала андан кийин Иса пайгамбарды жиберди, эми Муса пайгамбарды ээрчигендерге Иса пайгамбарга ыйман келтирип, аны ээрчүү милдет болду.

Иса пайгамбарга ыйманкелтирип, аны ээрчигендер чыныгы мусулмандар. Ким Иса пайгамбарга ыйман келтирүүдөн баш тартып, Муса пайгамбардын эле дининде каламын десе, ал ыймандуу эмес. Анткени ал Аллах жиберген пайгамбарга ыйман келтирүүдөн баш тартты.

Андан кийин Аллах Таала акыркы пайгамбар Мухаммадды (саллаллаху алейхи уа саллам) жиберди. Эми бардык адамдарга ага ыйман келтирүү важиб болду. Муса менен Исаны (алейхимассалам) жиберген Аллах акыркы пайгамбар Мухаммадды (саллаллаху алейхи уа саллам) жиберген да Өзү. Ким Мухаммаддын (саллаллаху алейхи уа саллам) динине ишенбесе жана Мусанын же Исанын (алейхимассалам) эле дининде кала берем десе, ал ыймандуу болуп эсептелбейт.

Бирөөнүн мен мусулмандарды урматтаймын деген сөзү, садака берүүсү, кедей-кембагалдарга жардам берүүсү, акыретте анын ийгиликке жетүүсүнө жетиштүү болбойт. Аллах андан (жакшы иштерин) кабыл кылуусу үчүн Аллахка, Анын китептерине, элчилерине, акырет күнүнө ыйман келтирүүсү зарыл. Чындыгында Аллахка каапыр болуп, Ага шерик кошуудан, Аллах түшүргөн аян-кабарды четке кагуудан же пайгамбарларынын акыркысы Мухаммаддын (саллаллаху алейхи уа саллам) пайгамбарлыгынан баш тартуудан өткөн чоң күнөө жок.

Мухаммаддын (саллаллаху алейхи уа саллам) пайгамбарлыгын уккан жөөттөр, христиандар жана башкалар ага ыйман келтирүүдөн жана Ислам динине кирүүдөн баш тартса, анда түбөлүк тозокто калышат. Бул Аллахтын өкүмү, кайсы бир адамдын өкүмү эмес. Аллах Таала мынтип айткан: "Китеп элдери жана мушриктерден болгон каапырлар тозок отунун ичинде! Ал жерде түбөлүк калышат! Алар (чындыкты билип туруп жүз бурганы себептүү) жаратылгандардын эң жаманы!" (Баййина сүрөсү, 6-аят)

Аллахтын адамзатка багытталган эң акыркы кабары түшүрүлгөн соң, Ислам дини жана акыркы пайгамбар Мухаммеддин (саллаллаху алейхи уа саллам) чакырыгы тууралуу уккан ар бир инсан ага ыйман келтирүүгө, анын шариятын ээрчүүгө, ошондой эле буйруктары менен тыюуларына баш ийүүгө милдеттүү. Ушул себептен, кимде-ким бул акыркы кабарды угуп туруп, андан баш тартса, Аллах андан эч нерсени кабыл кылбайт жана акыретте аны азапка салат.

Аллахтын төмөнкү сөздөрү буга айкын далил: "Жана ким Исламдан башка динди кааласа, андан (ибадаттары) кабыл алынбайт жана ал акыретте зыян тартуучулардан болот." (Аалу Имран сүрөсү, 85-аят)

Аллах Таала мындай деген: "Айткын: “Оо, китеп ээлери! Биз менен силердин араңарда окшош болгон сөзгө келгиле. (Ал сөз төмөндөгүчө:) “Аллахтан башкага ибадат-кулчулук кылбайлы, Ага эч нерсени шерик келтирбейли жана Аллахты таштап, кээ бирөөлөрүбүз башка бирөөлөрүбүздү Рабби-Кудай кылып албасын!” Эгер жүз бурушса, айткыла: “Күбө болгула! Биз – мусулмандарбыз."" (Аалу Имран сүрөсү, 64-аят)

Мусулман эмне кылуусу керек?

Мусулманга ыймандын төмөнкү алты түркүгүнө ыйман келтирүүсү важыб болот:

Аллах Таалага, Ал Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, Башкаруучу, Падыша экенине, Ага окшош эч нерсе жок экенине, Анын жубайы да, баласы да жок экенине, Ал жалгыз ибадатка татыктуу экенине, Ага кошуп башкага ибадат кылууга болбостугуна ыйман келтирип ишенүү. Андан башкага жасалган ибадаттын баары жараксыз экенине ишенүү.

Периштелер Аллахтын пенделери экенине, аларды нурдан жараткандыгына, алардын аткарган иштеринин бири пайгамбарларга аян-кабар алып түшүү экенине ыйман келтирүү.

Аллах Таала пайгамбарларына түшүргөн бардык китептерге (өзгөртүлбөгөн Тоорот менен Инжилге), ал китептердин акыркысы болгон ыйык Куранга ыйман келтирүү.

Нух, Ибрахим, Муса, Иса сыяктуу бардык пайгамбарларга жана алардын акыркысы Мухаммадга (саллаллаху алейхи уа саллам), алардын баары адам баласы экенине, аларга аян-кабар түшүргөнүнө, алардын чын экенине далил болгон моожиза, белгилерди бергенине ыйман келтирүү.

Аллах Таала илгерки жана кийинкилерди тирилтип, калайыкка өкүм чыгарып, ыймандууларды бейишке, каапырларды тозокко киргизе турган кыямат күнүнө ыйман келтирүү.

Тагдырга ишенүү — бул Аллахтын өткөн чактагы жана келечектеги бардык нерселерди билүүсүн моюнга алуу. Аллах баарын алдын ала билген, тагдырга жазган, ошону каалаган жана ар бир нерсени жаратканына ыйман келтирүү.

Ошондой эле Аллахка Өзү буюрган ибадаттар — намаз окуу, зекет берүү, орозо тутуу жана мүмкүнчүлүгү жетсе ажылыкка баруу менен кулчулук кылуу (милдеттүү). Андан соң, ар бир инсан бул дүйнөдөгү бактылуулуктун булагы жана акыреттеги кутулуунун себеби болгон өз динин үйрөнүүгө тийиш.