آداب السفر وأحكامه
Сапардын адеби жана өкүмдөру Ааламдардын Раббисине алкыш-мактоолор айтылсын. Пайгамбарыбыз Мухаммадга жана сахабаларына Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун.
Сапардын адеби жана өкүмдөру Ааламдардын Раббисине алкыш-мактоолор айтылсын. Пайгамбарыбыз Мухаммадга жана сахабаларына Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун.
Андан кийинки сөзүбүз:
Бул кыска кайрылуу сапардын адеби жана өкүмдөрү жөнүндө. Мында жолоочуга зарыл болгон маселелерге токтолгонго аракет кылдык.
Кылган ишибиз калыс Аллах үчүн болуусун жана жалпы мусулмандарга пайдалуу болуусун Аллахтан суранабыз.
Дүйнө тилдеринде Исламды жайылтуу ассоциациясынын илимий комитети
Биринчи: Сапардын дептери
Ажылыкка же башка бир ибадат үчүн сапарга жөнөгөн адам төмөнкүлөргө көңүл буруусу керек:
Сапарга чыга турган убагы, мине турган улоосу, бирге чыга турган сапарлашы жана эгер ар тараптуу жол болсо, кайсы жол менен барары тууралуу Аллахтан жакшысын суроо керек. Ошондой эле тажрыйбалуу, көзү бышкан адамдардан кеңеш алганы оң. Ажылык менен умра түшүнүктүү, буларда жалаң жакшылык бар. Истихара дегенибиз, эки рекет намаз окуп, анан пайгамбарыбыздын сүннөтүндө айтылгандай дуба кылат.
Ажыга же умрага жөнөгөн адам бул ибадаттарын калыс Аллах үчүн аткарууну, Ага жакындоону максат кылышы керек. Дүйнөлүк кызыкчылыкты, мактанууну, атак-даңк алууну же элге көрүнүү, угулууну максат кылуудан этият болуу зарыл. Анткени, бул амалдын жараксыз болушуна, кабыл болбой калышына себеп болот. Алла Таала минтип айткан: Айткын: «Мен силер сыяктуу эле кишимин. (Болгон айырмачылыгыбыз) мага (Раббимден мындай деген) вахий жиберилет: «Силердин кудайыңар – Жалгыз Кудай. Ким Раббисине (бактылуу абалда) жолугууну кааласа, (Аллахтын шариятына ылайык) жакшы амал кылып, Раббисине ибадат кылганда (Ага) эч кандай шерик кошпосун!» (Кахф, 110-аят). Кудуси хадисте минтип айтылат: "Мен ширк келтирген шериктерге муктаж эмесмин. Кимде-ким амалында Мага башканы шерик кошуп аткарса, анда Мен аны ошол ширкине таштаймын" (1). (1) Имам Муслим, 2985.
Ажы жана умра амалына жөнөгөн адам бул ибадаттардын өкүмдөрүн мыкты билүүсү керек. Ошондой эле сапарга чыгуудан мурда сапардын өкүмдөрүн билип алганы оң, кайсы бир ваажыбды таштап, арам ишти жасап албоосу үчүн. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллах кимге жакшылык кааласа, аны динде илимдүү кылат" (2). (2) Имам Бухари, 3116; Имам Муслим, 100.
4. Ажы жана умрага жөнөгөн адам бул ибадаттарына жалаң адал акчаны пайдаланышы керек. Алла Таала таза, тазаларды гана кабыл кылат. Акчанын арамдыгы дубанын кабыл болбой калуусуна себеп болот.
5. Мындан сырткары бардык чоң жана кичине күнөөлөрүнө тообо кылуусу зарыл. Эгер адамдарга материалдык же моралдык жактан зулум кылган болсо, аны ээсине кайтарып, акысын адалдап алышы керек.
6. Сапарга чыга турган адам аласа, береселерин жазып жана осуят кылып кеткени мустахаб. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Мойнунда бирөөнүн акысы бар мусулман адам аны осуят кылууну кааласа, эки күн өткөрбөй осуятын жазып койсун" (3). Анан ага бирөөлөрдү күбө кылат. Карыздары болсо кайтарат. Бирөөлөрдөн алган буюм-теримдери болсо, кайтарып берет же туруп турсун деп уруксатын алат. (3) Имам Бухари, 2738; Имам Муслим, 1627.
Сапарга чыккан адам жакшы жолдош тандоого аракет кылганы мустахаб. Сапарлашы шарият илимин талап кылган адам болгону жакшы. Анткени шарият илимин билгени анын ийгилигине, ажы, умра сапарында ката ишти кылып албоосуна себеп болот. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Адам досунун дининде болот. Ошондуктан ар кимиң ким менен достошуп жатканына карасын" (4). Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дагы минткен: "Ыймандуу адам менен гана жолдош бол. Тамагыңды такыба адам гана жесин" (5). (4) Абу Дауд, 4833. (5) Абу Дауд, 4832; Тирмизи, 2395.
8. Сапарга жөнөгөн адам үй-бүлөсү, жакындары, кошуналары жана жоро-жолдоштору менен коштошуусу мустахаб. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким сапарга чыкмакчы болсо, үйүндө калгандарга: "Аманат тапшылыргандарды сактоочу Аллахка силерди тапшырам" - деп айтсын" (6). Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынан бирөө-жарым сапарга жөнөсө, аларга минтип айтчу: "Сенин диниңди, аманатыңды жана иштериңдин натыйжасын Аллах сактоосун суранам" (7). Сапарга чыгып жаткандар пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) осуят айтуусун суранганда аларга минтип айтчу: "Аллах Таала сени такыбалык менен азыктандырсын. Күнөөлөрүңдү кечирсин, кайда болбогун сени жакшылыкка бөлөсүн" (8). Сапарга жөнөй турган бир адам пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Мага осуят айтыңызчы" - деп сураганда ал: "Аллахка такыба болууңду жана өргө чыккан сайын такбир айтууңду осуят кылам" - деди. Тиги киши кеткенден кийин: "Аллахым, анын жолун кыска, сапарын жеңил кыл" - деп дуба кылды (9). (6) Табарани, 823. (7) Имам Ахмад, Муснад, 4524. (8) Тирмизи, 3444. (9) Имам Ахмад, Муснад, 9724.
9. Сапарга чыкканда улоосуна коңгуроо байлап, сыбызгы алып, ит ээрчитип чыкпашы керек. Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айткан хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Периштелер ит жана коңгуроо бар кербенге (жолоочуларга) жолдош болбойт" (10). (10) Имам Муслим, 2113.
10. Эгер көп аялдуу эркек сапарга аялдарынын бирин алып чыгууну кааласа, ортого чүчүкулак таштаганы оң. Чүчүкулак кимге чыкса ошол аялын алып чыгат. Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айткан: "Аллахтын элчиси сапарга чыгаарда аялдарына чүчукулак кылып жебе карматчу, жебе кимге чыкса ошол аялын алып чыкчу" (11). (11) Имам Бухари, 2593; Имам Муслим, 2770.
11. Эгер мүмкүн болсо сапарга бейшемби күнү таң эрте чыкканы жакшы. Анткени, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көбүнчө ушундай кылчу. Кааб бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун) айткан: "Көп учурда Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сапарга бейшемби күнү таң эрте аттанчу" (12). (12) Имам Бухари, 2949.
12. Сапарга же башка жакка чыкканда үйдөн чыгуу дубасын айтуу мустахаб. Чыгып баратып минтип айтуу керек: "Бисмиллах, таваккалту аълаллаахи, ва лаа хавла ва лаа куввата илла биллах. Аллахумма иннии аузу бика ан адилла ав удилла, ав азилла ав узилла, ав ажхала ав южхала алаййа" (13). (13) Абу Дауд, 5094.
13. Улоосуна, машинасына же самолетко отурганда сапар дубасын айтуу керек. Ал мындай айтылат: "Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, Аллаху Акбар деп, анан: "Субхааналлази саххаро ланаа хааза ва маа куннаа лаху мукринийна ва иннаа илаа роббинаа ламуңколибуун" (Зухруф, 14-аят). Андан кийин: "Аллахумма иннаа асалука фии сафаринаа хаазал бирро ваттаква, ва мин амали маа тарзоо. Аллахумма хаввин алайнаа сафаро, ватви аннаа буъдаху. Аллахумма антассоохибу фис сафари, валхолифату фил ахли. Аллахумма, инни аузу бика мин ваъсааи (14) ас сафари, ва каабатил манзор (15) ва сууьул мунколаби (16) фил маали вал ахли..." (17). Мааниси: "Аллах Улук, Аллах Улук, Аллах улук" анан: “Бизге муну моюн сундурган Алла (кемчиликтен) Аруу. Буга биздин күч-кубатыбыз жетмек эмес. Чынында, Раббибизге кайтып барабыз” (Зухруф, 14-аят). Анан: "Аллахым, бул сапарымда сенден жакшылыкты жана такыбалыкты суранам. Өзүң ыраазы боло турган амалды суранам. Аллахым бизге сапарды жеңил, жолубузду кыска кыл. Аллахым Сен сапарда жолдош, үйдө калгандарга коргоочусуң. (14) ваъсааи сафар: сапардын оорлугунан. Ал-ифсах аън маъаани ас-Сихах (4\284). (15) каабатил манзар: кайгыга алдыруудан улам жаман абалда болуу. Ал-ифсах аън маъаани ас-Сихах (4\284). (16) сууьул мунколаб: жаман абалда кайтуу, Ал-ифсах аън маъаани ас-Сихах (4\284). (17) Имам Ахмад, Муснад, 6374.
14. Сапарга шериги жок жалгыз чыкпоо мустахаб. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан: "Эгер адамдар жалгыз жүрүүнүн кандай жаман экенин билишкенде, жолоочу түндө жалгыз жүрмөк эмес" (18). (18) Имам Бухари, 2998.
15. Жолоочулар арасынан бирөөнү башчы кылып дайындап алуусу керек. Алардын башы биригип, бүтүмгө бат келип, максаттарына батырак жетүү үчүн. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан: "Эгер үч адам сапарга чогуу чыкса, арасынан бирин башчы кылып алышсын" (19). (19) Абу Дауд, 2608.
16. Сапардагы адам Аллахтын буйруктарын так аткарууга, тыюу салган иштеринен алыс болууга умтулуусу керек. Адеп-ахлагын оңдоп, жардамга муктаж бирөө болсо, жардам берип, сурагандарга билгенин айтып, берешен болуп, өзү жана башка бир туугандарынын муктаждыктарына байлыгын сарпташы керек.
17. Акчалай каражатты жана сапар муктаждыктарын көбүрөөк алышы керек. Анткени абал өзгөрүп, муктаждык пайда болуп калуусу мүмкүн.
18. Мына ушунун баарында жылуу жүз, таза ниет менен жана жолдошторуна жагымдуу маанай тартуулап, кубанычтуу жана кубантуучу болушу керек.
19. Сапарлаштарынын оройлугуна жана каршы пикирлерине сабырдуу болуп, аларга жакшы мамиле жасашы керек. Ошондо алардын жүрөгүнөн орун табып, кадыр-барктуу болот.
20. Жолоочулар жолдо тыныгуу үчүн токтогондо бири-биринен алыстап, чачырап кетпеши керек. Сахабалардын кээ бири жолдо токтогондо кокту-колотторго чачырап кеткенин көргөн пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Мобу өрөөн, коктуларга тарап кетүүңөр - шайтандан" (20) Ошондон кийин алдыларына бир кийим салса, ошого батчудай болуп бири-биринен алыстабай калышкан. (20) Ахмад, Муснад, 17736.
21. Сапарда болобу, же башка учурда болобу кайсы бир жерге түшкөндө пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтылган дубаны айтуу мустахаб. "Аллахтын толук, кемчиликсиз сөздөрү менен Өзү жараткан нерселердин жамандыгынан коргономун" (21). Ушинтип айткан адам ал жерден туруп кеткенге чейин эч нерсе зыянын тийгизбейт. (21) Имам Муслим, 2708.
22. Сапардагы адам өргө чыкканда такбир, ылдый түшкөндө тасбих айтуусу мустахаб. Жаабир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Сапарда жол жүрүп бара жатканыбызда өргө чыкканда такбир, ылдыйга түшкөндө тасбих айтчубуз" (22). Такбир айтканда үндү көтөрбөй акырын айтылат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "О адамдар, өзүңөрдү тынч кармагыла, силер керең же кайыпка кайрылып жаткан жоксуңар. Ал (Аллах) силер менен бирге, Ал Угуучу, жакын" (23). (22) Имам Бухари, 2994. (23) Имам Бухари, 2993.
23. Түндө жол жүрүү, айрыкча түндүн алгачкы бөлүгүндө жүрүү мустахаб. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан: "Түндө жол жүргүлө, анткени түндө жер кыска болот (жол арбыйт)" (24). (24) Абу Дауд, 2571.
24. Сапарда жүргөн адам көп дуба кылышы керек. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан: "Үч түрдүү адамдын дубасы шексиз кабыл болот: зулум тарткан адамдын дубасы, жолоочунун дубасы, атанын баласына кылган дубасы" (25). (25) Ахмад, Муснад, 10771.
***
Экинчи: сапардагы тазалык
Сапардагы адам тазалыгына көңүл буруусу ваажыб. Кичине дааратсыздыкка даарат алып, жунуб болсо жуунуп жүрүүсү керек.
Эгер суусу жок болсо, же ичкенине эле жетчүдөй аз суусу болсо, анда таямум кылышы керек.
Таямум: Эки алаканы менен жерди чабат анан аны менен бетин жана колун сүртөт.
Таямумдун тазалыгы убактылуу тазалык. Суу табылганда таямум бузулат, даарат алыш керек болот. Эгер жунуб болгону үчүн таямум кылса, анан суу табылып калса, суу менен жууну керек. Ажатканадан кийин таямум кылган болсо, суу табылгандан кийин даарат алуусу ваажыб болот. Хадисте минтип айтылат: "Таза топурак мусулмандын даарат-суусу, эгер он жыл суу таппаса да жарайт. А эгер суу табылса, Аллахтан коркуп денесине суу тийгизсин" (26). (26) Базаар, Муснад, 10068.
Маасыга масх тартуу Куран, сүннөт жана ахлу суннанын бирдиктүү пикири менен шарият болгон.
Маасы жана ал сыяктуу нерселерге масх тартуу үчүн төмөнкүдөй шарттар табылуусу керек:
1. Маасы же калың байпак кийүүгө (уруксат берилген) мубах жана таза болуусу керек.
2. Аларды даарат алып бутун жуугандан кийин кийиш керек.
3. Жабылуусу парз болгон жерди (кызыл ашыкты) жабуусу керек.
4. Масх кичине даарат бузулганда гана тартылат. Чоң дааратсыздыкка б.а. жунуб болгондон кийин масх тартылбайт.
5. Масх шарият өлчөгөн убакытка гана жарайт б.а. үйдө туруктуу адамга бир күн бир түн, сапардагы адамга үч күн үч түн бою масх тартса болот. Бул мөөнөт маасыны кийип анан ага алгачкы масхты тарткандан башталат. Ошондон баштап үйдөгү адамга жыйырма төрт саат, сапардагы адамга жетимиш эки саат өткөндөн кийин бүтөт.
Төмөнкү үч иш маасыга масх тартууну жараксыз кылат:
1. Эгер жунубдук сыяктуу жуунууну ваажыб кылган иш болсо, масх жараксыз болот. Мындайда жуунуу ваажыб.
2. Масх тарткандан кийин буттан сууруп чечип алса.
3. Шариятта чектелген мөөнөт өтүп кетсе.
***
Үчүнчү: Сапарда намазды каср кылып (кыскартып) окуу тууралуу:
Сапарда намазды кыскартып окуу толук окугандан абзел. Эгер жолоочу киши төрт рекет намазын каср кылбай окуса, намазы жарактуу болот, анткен менен аны кыскартып окуганы абзел.
Сапарга жөнөгөн адам жашаган айыл же шаарынын бардык үйлөрүн артка калтырып чыккандан баштап каср окуйт. Бул жалпы аалымдардын пикири.
Бир намаздын убактысы киргенден кийин сапарга чыкса, ал намазды каср окуйт. Анткени, намаздын убактысы чыкканга чейин сапарга жөнөгөн.
Ал эми бешим менен асырды жана шам менен куптанды бир убакта кошуп окуу сүннөт, эгер зарылдык болсо. Эгер сапарын улап кете берүү зарыл болсо, анда ылайыгына карап алдынкы убактысына же кийинки убактысына намаздарды кошуп окуйт.
А эгер жолоочу эки намазды бир убакта окууга муктаждыгы болбосо, анда ар бир намазды өз убагында окуйт. Мисалы, бир жерге токтоп, кийинки намаздын убагы киргенге чейин ал жерден кетпесе, анда эки намазды бир убакка бириктирбей, өз-өз убагында окуганы жакшы. Анткени ал мындай кылууга муктаж эмес. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) коштошуу ажылыгында "Минага" токтогондо эки намазды бириктирген эмес, ага муктаждыгы жок болгону үчүн.
Ал эми напил намаздарды жолоочу адам деле үйдөгү адамдар сыяктуу окуйт. Духа намазын, тахажуд намазын, витр намазын ж.б. напилдерди окуй берет. Бирок бешимдин, шамдын, куптандын кошумча сүннөт намаздарын окубай калтыруу сүннөт.
Напил намазды улоодо баратып, мейли самолет, мейли машина, мейли кемеде болсун ошол абалда окуй берсе болот. Ал эми парз намазды жерге түшүп окуш керек. Кокус жерге түшүүгө такыр мүмкүнчүлүгү болбосо, улоодо окуса болот.
Туруктуу адамга жолоочу адамдын уюп намаз окуганы жарайт. Мындайда жолоочу тиги жергиликтүү сыяктуу эле намазын толук окуйт. Мейли намазга толук жетишсин, же бир рекетине, же андан да азына жетишсин, айырмасы жок. Ал салам бергенге чейин ташахудга отуруп жетишип калса болду, намазын толук окуйт. Аалымдардын эң туура деп эсептелген пикири ушул.
***
Төртүнчү: Ажыдан, умрадан же сапардан кайтуунун адептери.
Сапарга барган адам эч себепсиз көпкө жүрө бербей, батыраак кайтууга аракет кылуусу керек. Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан: "Сапар - азаптын бир үзүмү. Тамактан, суусундуктан, уйкудан калтырат. Эгер ишиңер бүтсө, үйүңөргө эртерээк кайткыла" (27). (27) Имам Бухари, 1804; Имам Муслим, 1927.
Кайтканда да жөнөгөндөгү сыяктуу сапар дубасын айтат. Айырмасы акырында "тообо, ибадат кылып, Раббибизге алкыш-мактоо айтуу менен кайттык" деп кошумчалайт. "Биз тообо кылып, ибадат кылып жана Раббибизге шүгүр кылып кайтып келе жатабыз" (28). (28) Имам Бухари, 1779; Имам Муслим, 1342.
Сапардан кайтканда пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтылгандай амалдарды аткаруу жакшы. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) казаттан, же ажы, же умрадан кайтканда, өргө чыккан сайын үч жолудан такбир айтып, анан минтип айтчу: "Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок. Ал Жалгыз, теңдеши да жок. Мүлк, мактоо ага таандык. Ал бардык нерсеге кудуреттүү. Биз тообо кылуучу, сажда кылуучу, ибадат кылуучу, Раббибизге мактоо айтуучу абалда кайттык. Аллах убадасын аткарат, пендесине жардам берет, өзү жалгыз душмандарды талкалайт". (29) Имам Бухари, 4116.
Өзү жашаган калаасын көргөндө минтип айтуу мустахаб: "Биз тообо кылуучу, сажда кылуучу, ибадат кылуучу, Раббибизге мактоо айтуучу абалда кайттык" (30). Ушинтип калаага киргенче кайталап айтат, анткени пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушинткен. (30) Имам Бухари, 1779; Имам Муслим, 1342.
Эгер сапарда көпкө жүргөн болсо жана өтө зарылдык болбосо, үй-бүлөсүнө түн ичинде эшикти кагып келбеген жакшы. А эгер келе жатканы тууралуу билдирип койгон болсо, анда түн ичинде келе берсе болот. Анткени, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушундай кылуудан тыйган. Жаабир (ага Алла ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын элчиси түн ичинде үй-булөсүнө эшик кагып кирип келүүдөн тыйган" (31). Муну себебин башка хадисте айткан: "Чачтарын тарап(32), түктөрүн кырып тазаланып алсын"(33). Башка айтымда: "Аллахтын элчиси аңдыган сыяктуу болуп, түн ичинде үй-бүлөсүнө кирип баруудан тыйган" (34). (31) Имам Муслим, 715. (32) Аш-аса: көптөн бери майланбаган, таралбаган чач. Ал-истихдад: устара колдонуу. Ал-магийба: күйөөсу үйүндө жок аял. Тахрир шарх Муслим, ал-Асбахани, 292-бет. (33) Имам Муслим, 9099. (34) Имам Муслим, 715.
Сапардан келген адам алгач жакынкы мечитке кирип, эки рекет намаз окуп алганы жакшы. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушундай кылчу.
Сапардан келген адам аны тосуп алган ата-энесине, кошуналарына мээримин төгүп, жакшы мамиле жасаганы мустахаб. Ибн Аббас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: "Пайгамбарыбыз Меккеге келгенде Абдулмуталибден тараган жаш балдар аны тосуп чыгышты, алардын бирин алдына мингизип, экинчисин артына учкаштырып алды". Абдуллах бин Жафар айтат: "Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сапардан келгенде Биз аны тосуп чыгат элек. Бирде мен Хасан жана Хусайн аны тосуп чыктык". Айтты: "Анан бирибизди алдына мингизип, бирибизди артына учкаштырып Мадинага кирди" (35) Имам Муслим, 2428.
Белек ала келүү да мустахаб. Анткени, белек аркылуу жүрөктөр тынчтанып, чарчоо тарайт. Белекти кабыл алуу да мустахаб. Шарияттын кандайдыр бир тыюусу болбосо, белектен баш тартуу жакшы эмес. Ошон үчүн пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Белек бергиле, сүйүүңөр артат" (36). Белек берүү мусулмандардын ортосундагы сүйүүгө себеп болот. (36) Байхаки, Сунан Кубра, 11946.
Сапардан келген адам башкалар менен кучакташып көрүшүүсү жакшы. Сахабалар ушинтишчү. Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: " Алар жолукканда кол алышып учурашчу, сапардан келгенде кучакташып көрүшүшчү" (37). (37) Табарани, авсат, 97.
Пайгамбарыбыз Мухаммадга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун.