Дуба жана андан соң Куран жана сүннөттөн алынган дем салуу менен дарылоо
Автор Аллах Тааланын алдындагы алсыз пенде Мээримдүү Ырайымдуу Аллахтын аты менен
These files are generated automatically from the book's text; their layout may differ from the printed edition.
Дуба жана андан соң Куран жана сүннөттөн алынган дем салуу менен дарылоо
Куран жана сүннөттөгү дубалар
Автор
Аллах Тааланын алдындагы алсыз пенде
Саид ибн Али ибн Вахб Ал-Кахтани
Мээримдүү Ырайымдуу Аллахтын аты менен
Киришүү
Албетте, бардык мактоолор Аллахка таандык. Биз Аны мактайбыз, Андан жардам сурайбыз жана Андан кечирим тилейбиз. Нафсибиздин жамандыктарынан жана жаман амалдарыбыздан Аллахтан коргоо сурайбыз. Аллах кимди туура жолго баштаса, аны эч ким адаштыра албайт, ал эми кимди адаштырса, аны эч ким туура жолго баштай албайт. Жана мен Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Ал жалгыз, Анын шериги жок, жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк беремин. Ага, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана аларга кыямат күнүнө чейин жакшылык менен ээрчигендерге Аллахтын көптөгөн салам-салаваттары болсун. Андан соң:
Бул китепче менин «Зикир, дуба, шыпаа жана Куран менен сүннөттөн алынган дем салуу»[1] деген китебимден кыскартылып жазылды. Андан пайдалануу жеңил болуусу үчүн андагы дуба бөлүмүн кыскартып алдым, ошондой эле ага, Аллах Таала буюрса, дагы башка дубаларды жана пайдалуу маалыматтарды коштум. Улуу Аллахтан, жогору даражадагы ысым-сыпаттарын ортого коюп: ушул эмгекти Өзүнүн ыраазычылыгы үчүн калыс кылуусун суранам. Чындыгында, Ал буга Ээ жана Кудуреттүү. [1] Аллахка мактоолор болсун, жогоруда эскерилген түп нуска хадистеринин булактары кеңири көрсөтүлүп, төрт томдо басылып чыкты: анын биринчи жана экинчи томдорунда «Зикирлер» (Мусулмандын коргону), үчүнчү томунда «Дуба», ал эми төртүнчү томунда «Рукя менен дарылоо» камтылды.
Пайгамбарыбыз Мухаммадга, үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана кыяматка чейин аларга эрчигендерге Аллахтын салам-салаваты жана берекеси болсун.
Китептин жазуучусу Саид ибн Али ибн Вахб Ал-Кахтани
1408 х.ж. Шаабан айында даярдалды
Дубанын артыкчылыгы
Аллах Таала мынтип айткан: «Силердин Раббиңер: "Мага дуба кылгыла силерге жооп беремин (кабыл аламын)" деди. Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко киришет». (Гафир сүрөөсү, 60-аят). Аллах Таала дагы мынтип айткан: «Пенделерим сенден Мен тууралуу сураса, [айткын]: «Мен ага абдан жакынмын. Мага жалбарганда, дуба кылуучунун дубасын кабыл алам. Демек, алар да Менин чакырыгыма жооп беришсин жана Мага ишенишсин — туура жолго багыт алышаар.» (Бакара сүрөөсү, 186-аят). Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: «Дуба – бул ибадат, Раббиңер айтты: Мага дуба кылгыла, силерге жооп беремин[2]». Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: «Чынында, силердин Улук жана Бийик Раббиңер Уяттуу Берешен, Ал колун көтөрүп сураган пендесинин колун куру кайтаргандан уялат[3]». Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: «Күнөө жана тууганчылыкты үзүү аралашпаган дуба кылган ар бир мусулманга Аллах Таала сөзсүз үч нерсенин бирин берет: же анын дуба кылып сураганын тездетип берет, же аны ал үчүн акыретке сактап коёт, же андан ошол дубанын өлчөмүндөгү жамандыкты кайтарат. Сахабалар: Анда биз (дубаны) көбөйтөбүз, - дешти. Ал: "Аллах(тын берешендиги) андан да көп", - деди[4]». [2] Абу Дауд (2/ 78), № (1481), Тирмизи (5/ 211), № (2959) жана Ибн Мажа (2/ 1258), № (3828). Альбани (Аллах аны ырайымына алсын) аны «Сахих ал-Жамиъ ас-Сагир» (3/ 150) жана «Сахих Ибн Мажа» (2/ 324) китептеринде сахих деп тастыктаган. [4] Тирмизи, 5\566 жана 5\462, 3573; Ахмад, 3\18, 11150; Албани, Сахих ал-Жами ас-Сагир, 5\116 жана Сахих Сунан Тирмизи, 3\140 сахих деген. [3] Абу Дауд (2/ 78), 1488; Тирмизи (5/ 557), 3556; Ибн Мажа (2/ 1271), 3865. Ибн Хажар: «Санады жакшы» деген. Альбани «Сахих Тирмизиде» (3/ 179) сахих (ишенимдүү) деген.
Дубанын адептери жана кабыл болуу себептери[5]: [5] Бул адептерди жана кабыл болуу себептерин далилдери менен түпкү нускасынан (3/927-975) караңыз.
1. Аллах үчүн ыкластуу болуу.
2. Аллахка мактоо айтып, Аны даңазалоо менен баштоо, андан соң Пайгамбарга салават айтуу жана ошону менен аяктоо.
3. Дубада чечкиндүү болуу жана кабыл болоруна бекем ишенүү.
4. Кайра-кайра жалбарып дуба кылуу жана шашылбоо.
5. Дуба кылган учурда чын жүрөктөн берилип дуба кылуу.
6. Жыргалчылыкта да, кыйынчылыкта да дуба кылуу.
7. Жалгыз Аллахтан гана суралат.
8. Үй-бүлөсүнө, мал-мүлкүнө, балдарына жана өзүнө жаман дуба кылбоо.
9. Дуба кылганда үнүн купуя менен жарыянын ортосунда акырын чыгаруу.
10. Күнөөнү моюнга алуу жана ал үчүн кечирим суроо, нематты моюнга алуу жана ал үчүн Аллахка шүгүр кылуу.
11. Дуба кылганда сөздөрдү уйкаштырып оорлотпоо.
12. Жалбаруу, моюн сунуу, үмүт кылуу жана коркуу.
13. Тообо кылуу менен бирге зулумдуктарды ээсине кайтаруу.
14. Дубаны үч жолу кылуу.
15. Кыбылага жүздөнүү.
16. Дуба кылганда колду өйдө көтөрүү.
17. Эгер мүмкүн болсо, дуба кылуудан мурун даарат алуу.
18. Дуба кылганда чектен ашпоо.
19. Дуба кылган адам башка бирөөгө дуба кылганда өзүнөн баштоосу[6]. [6] Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дубаны өзүнөн баштаганы тастыкталган, ошондой эле Анаска, Ибн Аббаска, Умм Исмаилге жана башкаларга кылган дубалары сыяктуу, дубаны өзүнөн баштабаганы да тастыкталган. Бул маселенин чоо-жайын төмөнкү эмгектерден караңыз: ан-Нававинин «Сахих Муслимге» жазган шархы (15/144), «Тухфат ал-Ахвази шарх Сунан ат-Тирмизи» (9/328) жана «Фатх ал-Бари шарх Сахих ал-Бухари» (1/281).
20. Аллахтын көркөм ысымдары жана улук сыпаттарын, же дуба кылуучу өзү аткарган солих амалын, же тирүү, жанында бар солих адамдын ал үчүн кылган дубасын айтып дуба кылуу.
21. Жеген тамагы, ичкен суусундугу жана кийген кийими адалдан болуусу.
22. Күнөөгө жетүүнү же тууганчылыкты үзүүнү сурап дуба кылбоо.
23. Жакшылыкка буйруп, жамандыктан тыюу.
24. Бардык күнөөлөрдөн алыс болуу.
Дуба кабыл кылынуучу убакыттар, абалдар жана жерлер[7]: [7] Бул убакыттарды, абалдарды жана жерлерди далилдери менен бирге түп нускадан кеңири караңыз (3/ 975-1117).
1. Кадыр кечеси.
2. Түндүн акыркы бөлүгү.
3. Парз намаздардан кийин.
4. Азан менен кооматтын ортосунда.
5. Ар бир түндөгү бир убакыт.
6. Парз намаздарга азан айтылган учурда.
7. Жамгыр жааган учурда.
8. Аллах жолунда күрөшүүдө саптар кагылышкан учурда.
9. Жума күнүндөгү бир саат.
Бул тууралуу пикирлердин эң туурасы – ал жума күнүнүн аср убактысындагы акыркы сааты, ошондой эле ал хутба жана намаз убактысы болушу да мүмкүн.
10. Замзам суусун чын ниет менен ичкенде.
11. Саждада.
12. Түндө уйкудан ойгонгондо, ошол учурга тиешелүү сүннөттө келген дубаны кылуу.
13. Даараттуу абалда уктап, андан соң түн ичинде ойгонуп дуба кылса.
14. «Өзүңдөн башка сыйынууга татыктуу Зат жок. (Оо, Раббим!) Сен бардык кемчиликтерден аруусуң! Мен залымдардан болуп калдым!» - деген дубаны кылганда.
15. Маркум каза болгондон кийин адамдардын ага кылган дубасы.
16. Акыркы ташаххудда Аллахка мактоо жана пайгамбарга салават айткандан кийин дуба кылуу.
17. Аллахтын эң улуу ысымы менен дуба кылганда. Анткени Ошол ысым менен дуба кылынса – кабыл болот, тилек суралса – берилет[8]. [8] Аллахтын эң улуу ысымын бул китептеги №(203), №(104) жана №(105) хадистерден караңыз.
18. Мусулмандын мусулман бир тууганына ал жок кезинде кылган дубасы.
19. Арафа күнүндөгү Арафадагы дуба.
20. Рамазан айында дуба кылуу.
21. Мусулмандар илим мажлистеринде чогулганда.
22. Башка кыйынчылык түшкөндө: «Албетте, баарыбыз Аллахка таандыкпыз жана Ага гана кайтуучубуз. Оо, Аллах! Менин ушул таррткан азабыма (жапа чеккениме) сооп жаз жана анын ордуна андан да жакшыраак нерсе насип кыл!» - деп дуба кылганда.
23. Жүрөк Аллахка берилип, ыклас күчөгөн учурда дуба кылуу.
24. Зулумдук чеккен адамдын ага зулумдук кылган адамга кылган каршы дубасы.
25. Ата-эненин баласынын пайдасына же баласынын зыянына кылган дубасы.
26. Мусапыр адамдын дубасы.
27. Орозо кармоочунун ооз ачканга чейинки дубасы.
28. Орозо кармаган кишинин ооз ачардагы дубасы.
29. Аргасыз калган адамдын дубасы.
30. Адилеттүү имамдын дубасы.
31. Ата-энесине жакшылык кылган баланын дубасы.
32. Даараттан кийинки дуба, эгерде ал тууралуу риваят кылынган дубаларды окуса.
33. Ажылыкта кичи жамрага (таш мамыга) таш аткандан кийин дуба кылуу.
34. Ортоңку жамрага таш аткандан кийин дуба кылуу.
35. Каабанын ичинде дуба кылуу (ал эми Хижрдин ичинде намаз окуган киши Каабанын ичинде намаз окугандай эле болуп эсептелет).
36. Сафада кылынуучу дуба.
37. Марвада кылынуучу дуба.
38. Машъарул-Харамда кылынуучу дуба.
Момун пенде кайда болбосун, ар дайым Раббисине дуба кылат. Аллах Таала айтты: «Оо, Мухаммад,) эгер Менин пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашса: Мен (аларга) жакынмын. Мага дуба кылганда, дуба кылуучунун дубасына жооп берем. Ошондуктан Мага моюн сунушсун жана Мага ыйман келтиришсин! Максаты – туура жолго түшүүлөрү үчүн». (Бакара сүрөөсү, 186-аят). Бирок бул убакыттарга, абалдарга жана орундарга өзгөчө көңүл бурулат.
Куран жана сүннөттөгү дубалар
Бардык алкыш-мактоолор жалгыз Аллахка айтылсын. Андан кийин пайгамбар келбей турган акыркы пайгамбарга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун.
«Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын). Ааламдардын Раббиси – Аллахка алкыш-мактоолор болсун!2 Ал - Ырайымдуу, Мээримдүү.3 Кыямат Күндүн падышасы.4 Жалгыз Сага гана сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз!6 (Оо, Жараткан!) Бизди туура жолго баштагын!6 Өзүң жакшылык берген адамдардын жолуна (баштагын). Каарыңа учурагандардын жана адашкандардын жолуна эмес».7 (Фатиха сүрөөсү, 1-7-аяттар).
«Оо, Раббибиз! Бизден (ушул ишибизди) кабыл кыла көр! Албетте, Сен Угуучу, Билүүчүсүң!» [Бакара сүрөөсү, 127-аят].
«Биздин тооболорубузду кабыл кыл! Албетте, Сен тообону кабыл кылуучу, Мээримдүүсүң!» (Бакара сүрөөсү, 128-аят).
«Оо, Рабби! Бизге ушул дүйнөдө да, акыретте да жакшылык бере көр жана бизди тозок азабынан сакта!» (Бакара сүрөөсү, 201-аят).
«Биз (Сенин өкүмүңдү) уктук жана (аларга) моюн сундук! Бизди кечире көр! Жана сага гана кайтабыз!» (Бакара сүрөөсү, 285-аят).
"Оо, биздин Рабби! Эгер унутсак же ката кетирсек бизди жазалаба?! Оо, Раббибиз! Мойнубузга, бизден мурункуларга жүктөгөндөй оор ишти жүктөбө! Оо, Раббибиз! Биздин үстүбүзгө кудуретибиз жетпеген нерселерди жүктөбө! Биздин күнөөлөрүбүздү өчүр жана кечир, бизге ырайым кыл! Өзүң биздин Кожоюнубузсуң! Каапыр коомдорго каршы бизге жардам бер!" (Бакара сүрөөсү, 286-аят).
7. «Оо, Рабби! Бизди туура жолго салганыңдан кийин жүрөктөрүбүздү адаштырба! Жана бизге Өзүңдүн ырайым-рахматыңды белек кыл! Албетте, Сен белектерди көп берүүчү – Ваххабсың (Эң Берешенсиң).» (Аали Имран сүрөөсү, 8-аят).
8. «Оо Рабби! Биз ыйман келтирдик. Эми, биздин күнөөлөрүбүздү кечирип, тозок азабынан сакта!» (Аали Имран сүрөөсү, 16-аят).
9. «...Эй, Раббим! Мага Өз тарабыңдан бир пакиза (жакшы) урпак тартуу эт! Чындыгында, Сен — дубаларды Угуучусуң!» (Аали Имран сүрөөсү, 38-аят).
10. «Оо, Рабби! Биз Сен түшүргөн нерсеге ыйман келтирдик жана (Сен жиберген) пайгамбарга ээрчидик. Эми бизди (Өзүңдүн жалгыздыгыңа, диниңдин акыйкаттыгына) күбө болуучулардын катарына жазып кой!» (Аали Имран сүрөөсү, 53-аят).
11. «Оо, Раббибиз! Биздин күнөөлөрүбүздү, ысыраптарыбызды кечир! Жана кадамдарыбызды бекем кыл! Каапыр коомго каршы бизге жардам бер!» (Аали Имран сүрөөсү, 147-аят).
12. «Оо, биздин Рабби! Сен буларды жөн эле жаратканың жок. Сен (бир нерсени эрмек үчүн жаратуудан жана бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) Аруусуң! Бизди тозок азабынан сактай көр! Оо, Раббибиз! Сен кимди тозокко киргизсең – аны шерменде кылганың. Заалымдарга жардамчылар болбойт. Оо, Раббибиз! Биз бир чакыруучунун (Мухаммаддын) “Раббиңерге ыйман келтиргиле!” деп, ыйманга чакырып жатканын уктук жана дароо ыйман келтирдик. Оо, биздин Рабби! Күнөөлөрүбүздү кечир жана каталарыбызды өчүр! Биздин жаныбызды жакшы кишилердин катарында ала көр! Оо, Раббибиз! Бизге пайгамбарларыңа убада кылган (жеңиш, бейиш, дүйнөлүк бакыт сыяктуу) нерселериңди бере көр! Албетте, Сен убаданы бузуучу эмессиң!» (Аали Имран сүрөөсү, 191-194-аяттар).
13. «Оо, Раббибиз! Биз ыйман келтирдик! Бизди (Аллахтын жалгыздыгына эң туура) күбөлүк берүүчүлөрдүн (мусулмандардын) катарына жазып кой!» (Маида сүрөөсү, 83-аят).
14. «Оо, Раббибиз! Өзүбүзгө зулум кылып алдык! Эми, Сен бизди кечирбесең жана ырайым кылбасаң зыян тартуучулардан болуп калабыз.» (Араф сүрөөсү, 23-аят).
15. «...Оо, Раббибиз! Бизди заалым коом менен бирге кыла көрбө!» [Араф сүрөөсү, 47-аят].
16. «Оо, Аллахым! Сен – биздин Колдоочубузсуң. Бизди кечир жана бизге ырайым кыл! Сен эң жакшы кечирүүчүсүң! Бизге ушул дүйнөдө жана Акыретте жакшылыктарды насип кыл!» (Араф сүрөөсү, 155-156-аяттар).
17. «Мага Аллах жетиштүү. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок! (Ага) тобокел кылдым. Жана Ал Улуу Арштын Раббиси!» (Тообо сүрөөсү, 129-аят).
18. «Оо, Рабби! Бизди залым адамдарга кор (жеңилген) кылып койбо! Жана Өз Ырайымың менен бизди каапыр коомдон куткар!» (Юнус сүрөөсү, 85-86-аяттар).
19. «Айтты: Оо, Раббим! Мен өзүм билбеген нерсени Сенден сураганымдын жамандыгынан Өзүңдөн коргоо тилеймин! Эгер Сен мени кечирип, ырайым кылбасаң, зыян тартуучулардан болуп каламын!» (Худ сүрөөсү, 47-аят).
20. «Оо, Аллахым! ...Оо, асмандар жана жердин жаратуучусу! Менин дүйнө-Акыреттеги сактоочум Өзүңсүң! Мени мусулман абалда өлтүрүп (наркы дүйнөдө) жакшы адамдарга кошкунуң!» (Юсуф сүрөөсү, 101-аят) [9] [9] Китааб ал-Фавааид ли-Ибн ал-Коййум, 436, 437-б
«Оо, Раббим! Бул шаарды тынч шаар кыл! Мени жана балдарымды буттарга сыйынуудан алыс кыл!» (Ибрахим сүрөөсү, 35-аят).
22. «Оо, Раббим! Мени жана урпактарымды намазды толук окуучу(лардан) кыл! Оо, биздин Раббибиз! Дубамды кабыл кыла көр?!» (Ибрахим сүрөөсү, 40-аят).
23. «Оо, биздин Рабби! Эсеп күнү келгенде, менин, ата-энемдин жана (жалпы) ыймандуу адамдардын күнөөсүн кечир!» (Ибрахим сүрөөсү, 41-аят).
24. «Оо, Рабби! Бизге Өзүңдөн ырайым (коргоо) жибер! Жана ишибизди оңунан келтирип, жеңил кыла көр!» (Кахф сүрөөсү, 10-аят).
25. «...Оо, Раббим! Менин көкүрөгүмдү кенен кыл! Жана менин иштеримди жеңил кыл! Тилимдеги түйүндү чечип кой! Адамдар (сөзүмдү) түшүнгөндөй болсун!» (Тоха сүрөөсү, 25-28-аяттар).
26. «...Оо, Раббим! Менин илимимди көбөйткүн!» (Тоха сүрөөсү, 114-аят).
27. «...Өзүңдөн башка сыйынылуучу Зат жок. (Оо, Раббим!) Сен Аруу-Таза Кудайсың! Мен заалымдардан болуп калдым!» (Анбия сүрөөсү, 87-аят).
28. «...Оо, Раббим! Мени жалгыз (туяксыз) калтырба! Өзүң — мурас алуучулардын (бардыгынын артында түбөлүк калуучулардын) эң мыктысысың!» (Анбия сүрөөсү, 89-аят).
29. «...Оо, Раббим! Мен шайтандардын азгырыктарынан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын! Оо, Раббим! Алар (менин ишимдин үстүндө) ар дайым болуусунан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын!» (Муминун сүрөөсү, 97-98-аяттар).
30. «...Оо, Раббибиз! Сага ыйман келтирдик, эми биздин күнөөлөрүбүздү кечирип, ырайым көргөз! Сен ырайымдуулардын эң жакшысысың!» (Муминун сүрөөсү, 109-аят).
31. «...Оо, Раббим! Күнөөлөрүмдү кечир! Ырайым кыл! Сен ырайымдуулардын эң жакшысысың!» (Муминун сүрөөсү, 118-аят).
32. «Оо, Раббим! Бизден тозок азабын арылта көр! Анын азабы түгөнгүс! Чынында, ал эң жаман орун, эң жаман жай! (Биз ага чыдай албайбыз!) - дешет.» (Фуркан сүрөөсү, 65-66-аяттар).
33. «...Оо, Рабби! Бизге (көргөндө) көзүбүз кубана турган жубайларды жана урпактарды белек кыл! Жана бизди такыба кишилерге имам (жол башчы) кыл!» (Фуркан сүрөөсү, 74-аят).
34. «Оо, Раббим! Мага өкүм(дөрдү билдире турган көп илим) бергин жана (өткөн) жакшы адамдарга (пайгамбарларга) кошкун! Жана мени(н ысымымды) акыркылардын чынчыл тилдеринде (дубаларында) кылгын! Жана мени жыргалчылыктуу бейиштин мураскорлорунан кылгын!» (Шуара сүрөөсү, 83-85-аяттар).
35- «(Оо, Раббим! адамдарга) кайрадан тириле турган күндө мени(н кээ бир каталарымды ачып) шерменде кылбагын! Ал күндө мал-мүлк да, бала-чака да пайда бербейт. Бир гана, Аллахка (ширктен) таза жүрөк менен келген адам(дын жакшылык иштери гана пайда берет).» (Шуара сүрөөсү, 87-89-аяттар).
«Оо, Раббим! Мага жана ата-энеме берген жакшылыктарыңа шүгүр кылууга жана Өзүң ыраазы боло турган иштерди аткарууга мени жөндөмдүү кыл жана жакшы, ыймандуу пенделериңдин катарында Өз ырайымыңдын астына киргиз!» (Намл сүрөөсү, 19-аят).
«Оо, Раббим! Мен өзүмө зулумдук кылып алдым! Мени кечире көр!» (Касас сүрөөсү, 16-аят).
«Оо, Раббим! Мени залым коомдордон куткара көр.» (Касас сүрөөсү, 21-аят).
«Раббим мени туура жолго баштайт чыгаар.» (Касас сүрөөсү, 22-аят).
«Оо, Раббим! Өзүң мага түшүргөн кандай жакшылык болбосун, мен ага муктажмын!» (Касас сүрөөсү, 24-аят).
«Оо, Раббим! Бузулган коомго каршы мага жардам бер!» (Анкабут сүрөөсү, 30-аят).
42- «Оо, Раббим! Мага салих (таза) инсандардан (боло турган бир перзент) берчи?!» (Саффат сүрөөсү, 100-аят).
«Оо, Раббим! Мага жана ата-энеме берген нээматыңа шүгүр кылуум үчүн жана Өзүңдү ыраазы кыла турган салих амалдарды кылуум үчүн мага илхам бер! Жана менин урпактарымды да салих (кишилерден) кылгайсың! Мен сага тообо кылдым. Жана мен мусулмандарданмын!» (Ахкаф сүрөөсү, 15-аят).
«Оо, Раббибиз! Бизди жана бизден мурда ыйман менен өткөн (диндеги) бир туугандарыбызды кечире көр! Биздин жүрөгүбүзгө ыймандуу адамдарга карата жек көрүүнү салба! Оо, Раббибиз! Өзүң Ырайымдуу, Боорукерсиң!» (Хашр сүрөөсү, 10-аят).
«Оо, Раббибиз! Биз Сага тобокел кылдык, Өзүңө кайттык жана кайтып баруу – Өзүңө гана!» (Мумтахана сүрөөсү, 4-аят).
«Оо, Раббибиз! Бизди каапырларга фитна (көз каранды) кылбагай элең жана күнөөлөрүбүздү кечиргей элең! Оо, Раббибиз! Аныгында Сен Кудуреттүү, Даанышмансың!» (Мумтахана сүрөөсү, 5-аят).
«Оо, Раббим! Мени, менин ата-энемди, ыйман келтирип менин үйүмө киргендерди жана (бардык) ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды кечир!» (Нух сүрөөсү, 28-аят).
«Оо, Раббибиз! Нурубузду кемитпегей элең! Күнөөлөрүбүздү кечиргей элең! Сен ар нерсеге кудуреттүүсүң!» (Тахрим сүрөөсү, 8-аят).
49. «Оо, Аллахым! Өз уруксатың менен мени талаш-тартыш түшкөн нерселердеги акыйкатка баштагын. Чындыгында, Сен каалаган пендеңди түз жолго баштайсың[10]». [10](Бакара сүрөөсү, 213-аятынан алынган).
«Аллахумма ихдини лимахтулифа фийхи минал-хаккы би-изника, иннака тахди ман ташаау ила сыратын мустакыйм».
50. «Оо, Аллахым! Мага хикмат бергин, кимге ал берилсе, чындыгында, ага көп жакшылык берилиптир[11]». [11](Бакара сүрөөсү, 269-аяттан алынган).
«Аллахумма аатинил-хикмата аллати ман уутияха факад уутия хайран касиира».
51. «Оо, Аллахым! Мени дүйнө жашоосунда да, акыретте да бекем сөз (ыйман калимасы) менен бекемдегин!»[12] [12] (Ибрахим сүрөөсү, 27-аяттан алынган).
«Аллахумма саббитни бил-каулис-сабити фил-хаятид-дуня уа фил-ахира»
52. «Оо, Аллахым! Бизге ыйманды сүйкүмдүү кыл жана аны жүрөктөрүбүздө кооздо! Бизге каапырлыкты, бузукулукту жана каршы чыгууну (күнөөнү) жек көрүндү кыл! Жана бизди туура жолдогулардан эте көр!»[13] [13] (Хужурат сүрөөсү, 7-аяттан алынган).
«Аллахумма хаббиб илайнал-иймана уа заййинху фи кулубина, уа каррих илайнал-куфра вал-фусука вал-исйан, важъална минар-рашидин».
53. «Оо, Аллахым! мени напсимдин сараңдыгынан сакта жана мени ийгиликке жетүүчүлөрдөн кыл!»[14] [14] (Тагабун сүрөөсү, 16-аяттан алынган).
«Аллахумма кынии шухха нафсии, важалнии минал муфлихиин».
54. «Оо, Аллахым! Бизге ушул дүйнөдө да, Акыретте да жакшылык бере көр жана бизди тозок азабынан сакта!»[15] [15] Имам Бухари, 4522 жана 6389; Имам Муслим, 2690.
«Аллахумма аатина фид-дунья хасанатан, уа фил-аахирати хасанатан, уа кина азаабан-наар».
55. «Оо, Аллахым! Чындыгында, мен Сенден тозоктун сыноосунан жана тозок азабынан, кабырдын сыноосунан жана кабыр азабынан, байлык сыноосунун жамандыгынан жана жакырчылык сыноосунун жамандыгынан сактооңду сураймын! Оо, Аллахым! Мен Сенден Масих Дажжалдын сыноосунун жамандыгынан сактооңду сураймын. Оо, Аллахым! Жүрөгүмдү кардын жана мөндүрдүн суусу менен жууп тазалагын! Ак кийимди кирден тазалаганың сыяктуу, жүрөгүмдү да күнөөлөрдөн тазалагын! Мени менен күнөөлөрүмдүн ортосун чыгыш менен батыштын аралыгындай алыс кылгын! Оо, Аллахым! Чындыгында, Мен Сенден жалкоолуктан, күнөөдөн жана карыздан сактооңду сураймын!»[16] [16] Бухари, № (832) жана Муслим, № (589).
«Аллахумма инни аузу бика мин фитнатин-наар уа азабин-наар, уа фитнатил-кабр, уа азабил-кабр, ва шарри фитнатил-гина, уа шарри фитнатил-факр, Аллахумма инни аузу бика мин шарри фитнатил-масихид-дажжал, Аллахуммагсил калби бимааис-салжи вал-барад, уа накки калби минал-хатая кама наккайтас-саубал-абяда минад-данас, уа бааид байни уа байна хатаяя кама баадта байнал-машрики вал-магриб, Аллахумма инни аузу бика минал-касали вал-масами вал-маграм».
56. «Оо, Аллахым! Чындыгында, мен Сенден алсыздыктан, жалкоолуктан, коркоктуктан, карылыктан жана сараңдыктан коргоо сурайм! Ошондой эле Сенден кабыр азабынан жана өмүр менен өлүмдүн фитнасынан коргоо сурайм!»[17] [17] Имам Бухари, 2823; Имам Муслим, 2706.
«Аллахумма инни аузу бика минал ажзи, вал касали, вал жубни, вал харами, вал бухли, уа аузу бика мин азабил кабри, уа мин фитнатил махя вал мамаат».
57. «Оо, Аллахым! Балээнин машакатынан, бактысыздыкка кабылуудан, тагдырдын жамандыгынан жана душмандарга шылдың болуудан сактоону Өзүңдөн суранам!»[18] [18]Бухари, (6347); Муслим, (2707). Анын сөздөрүндө: «Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) балээнин машакатынан, бактысыздыкка кабылуудан, тагдырдын жамандыгынан жана душмандардын шылдыңына калуудан коргоо тилечү».
«Аллахумма инни аъузу бика мин жахдил-балааи, уа даракиш-шакааи, уа сууил-кадааи, уа шамаататил-аъдаа».
«Аллахумма аслих ли динил-лази хува исмату амри, уа аслих ли дуньяял-лати фиха мааши, уа аслих ли аахиратил-лати фиха маади, важалил-хаята зиядатан ли фи кулли хайр, важалил-мавта рахатан ли мин кулли шарр».
59. «Оо, Аллах! Мен Өзүңдөн туура жолду, такыбалыкты, күнөөдөн оолак болууну жана пенделерге беймуктаж болууну суранамын!»[20] [20] Имам Муслим, 2721.
«Аллахумма инни ас-алукал-худа, ват-тука, вал-афафа, вал-гына».
«Аллахумма инни аузу бика минал-ажзи, вал-касали, вал-жубни, вал-бухли, вал-харами, ва азабил-кабри, Аллахумма аати нафси таквааха, уа заккиха анта хайру ман заккаха, анта валийюха уа мавлаха, Аллахумма инни аузу бика мин илмин ла янфау, уа мин калбин ла яхшау, уа мин нафсин ла ташбау, уа мин даватин ла юстажабу лаха».
61. «Оо, Аллахым! мени туура жолго башта жана бекем кыл! Оо, Аллахым! Чындыгында, мен Сенден туура жолду жана түздүктү сурайм!»[22] [22] Имам Муслим, (2725).
«Аллахумма ихдини уа саддидни, Аллахумма инни ас-алукал-худа уас-садаад».
62. «Оо, Аллахым! Чындыгында, мен Сенин жакшылыгыңдын кетүүсүнөн, амандыгыңдын өзгөрүүсүнөн, капысынан келчү азабыңдан жана бардык каарыңдан (Сенин каарыңды келтирүүчү иштерден) Өзүңдөн коргоо тилеймин!»[23] [23] Имам Муслим, (2739).
«Аллахумма инни аузу бика мин завали ниъматика, уа тахаввули аафиятика, уа фужаати никматика, уа жамии сахатик».
63. «Оо, Аллахым! Чындыгында, мен жасаган иштеримдин жамандыгынан жана жасабаган иштеримдин жамандыгынан Өзүңдөн паанек тилейм!»[24] [24] Имам Муслим, (2716).
«Аллахумма иннии ауузу бика мин шарри маа амилту, уа мин шарри маа лам аьмал»
64. «Аллахумма аксир маалии, уа валадии, уа баарик лии фиимаа атайтании» [25], «[Уа атил хаяатии алаа тааьатика, уа ахсин амалии,] вагфир лии»[26]. [25] Буга Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Анаска кылган дубасы далил болот: «Оо, Аллахым, анын мал-мүлкүн жана бала-чакасын көбөйтө көр жана ага берген нерселериңде береке бер!» Бухари, (1982), жана Муслим, (660). [26] Бухари «Ал-Адаб ал-Муфрад» китебинде (653); муну Албани «Силсилатул-ахадисис-сахиха» (2241) жана «Сахих ал-Адаб ал-Муфрад» (244-б.) китептеринде сахих деген. Ал эми чарчы кашаанын ичиндегилерге Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) : «Адамдардын эң жакшысы ким?» – деп суралганда, анын: «Өмүрү узун болуп, амалы жакшы болгон адам», – деп айткан сөзү далил болот. Тирмизи (2329) жана Ахмад (17716); муну Албани «Сахих Тирмизиде» (2/271) сахих деген. Мен урматтуу шейхибиз Ибн Баздан (Аллах аны ырайымына алсын) ушул сөздөр менен дуба кылуу тууралуу жана ал сүннөтпү деп сураганымда, ал: «Ооба», – деп жооп берди.
«Аллахумма аксир маали, уа валади, уа баарик ли фиима атайтани, уа атил хаяти ала тааьатика, уа ахсин амали, вагфир ли»
65. «Өтө жумшак пейил жана улуу Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Улуу Арштын ээси болгон Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Асмандар менен жердин Раббиси жана ардактуу Арштын Раббиси Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок»[27]. [27] Бухари, (6345), жана Муслим, (2730).
«Лаа илааха иллаллахул-азиимул-халиим, Лаа илааха иллаллаху раббул-аршил-азиим, Лаа илааха иллаллаху раббус-самааваат, уа раббул-ард, уа раббул-аршил-кариим».
66. «Оо, Аллах! Мен Сенин ырайымыңды үмүт кылам. Мени көз ирмемге болсо да өзүмө таштап койбо! Менин бардык акыбалымды оңдо! Сенден башка сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Өзүң барсың»[28]. [28] Абу Дауд (5090-номер менен) жана Ахмад (5/ 42). Альбани аны «Сахих Абу Дауд» (3/ 250) жана «Сахих аль-Адаб аль-Муфрад» (260) китептеринде «хасан» деп баалаган. Ошондой эле улуу аалым Ибн Баз да «Тухфат аль-Ахйар» китебинде (24-б.) анын иснадын «хасан» деген.
«Аллахумма рахматака аржу, фала такилни ила нафси тарфата айн, уа аслих ли шаани куллаху, ла илаха илла ант».
67. «Өзүңдөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок. (Оо, Раббим!) Сен бардык айып-кемчиликтерден аруусуң! Чындыгында, мен заалымдардан болуп калдым»[29]. [29] Тирмизи (3505) жана Хаким. Хаким аны сахих (ишенимдүү) деген жана Захаби буга макул болгон (1/505). Ошондой эле Албани аны «Сахих Тирмизиде» (3/168) сахих деп баалаган. Анын тексти: «Зун-Нундун (Юнустун) балыктын курсагында жатканда кылган дубасы: Сенден башка сыйынууга татыктуу эч бир Кудай жок, Сен аруусуң! Чындыгында, мен заалымдардан болуп калдым﴾ [Анбия: 87]. Чындыгында, кайсы бир мусулман адам ушул дуба менен кандайдыр бир нерсени сурап дуба кылбасын, Аллах анын дубасын сөзсүз кабыл кылат».
«Лаа илааха иллаа анта, субхаанака иннии кунту миназ-заалимиин».
68. «Оо, Аллах! Мен Сенин кулуң жана кулуң менен күңүңдүн баласымын. Менин маңдайым (тагдырым) Сенин колунда. Өкүмүн мага өтүүчү жана Сен мага эмнени жазган болсон - ал адилет. Мен Сенин бардык ысымдарынды ортого коюп, суранам: Сен ал ысымдар менен Өзүндү атаган же аларды өз китебиңде түшүргөн же жараткандарыңдын бирине үйрөткөн, же болбосо Өзүңдүн кайып илимиңде сактап калган бардык ысымдарың менен Сенден сурайм: Куранды жүрөгүмдүн жазы (жазгы жамгыры), көкүрөгүмдүн нуру, капалыгымды куучу жана кайгымды кетирүүчү кыла көр!»[30] [30] Ахмад (1/ 391, 452) жана Хаким (1/ 509). Хафиз муну «Тахриж ал-Азкар» китебинде хасан деген, ал эми Албани «Тахриж ал-Калим ат-Таййиб» (73-б.) китебинде сахих деп баалаган.
«Аллахумма инни абдука ибну абдика ибну аматика, насияти биядика, маадин фийя хукмука, адлун фийя кадааука, ас-алука бикулли исмин хува лака саммайта бихи нафсака, ау анзалтаху фи китабика, ау алламтаху ахадан мин халкика, авистаьсарта бихи фи илмил-гайби индака, ан тажалал-Кураана рабииа калби, уа нуура садри, уа жалаа хузни, уа захааба хамми».
69. «Оо, жүрөктөрдү буруучу Аллахым! Жүрөктөрүбүздү Өзүңө моюн сунууга бура көр!»[31] [31] Муслим (№ 2654).
«Аллахумма мусаррифал кулууби, сарриф кулуубана ала тааьатик».
70. «Оо, жүрөктөрдү өзгөртүүчү Зат! Менин жүрөгүмдү Өз диниңде бекем кыл!»[32] [32] Тирмизи, (3522); Ахмад, (4/182); Хаким, (1/525, 528), "Сахих"- деген, Захабий ага макул болгон; Албаний "Сахих аль-Жамиъ", (6/309), "Сахих ат-Тирмизи", (3/171), "Сахих"- деген. Умм Салама (ага Аллах ыраазы болсун): "Бул анын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эң көп кылган дубасы болгон"- деген.
«Йа мукаллибал-кулууби саббит калби ала диник».
71. «Оо, Аллах! Мен Сенден дүйнө жана Акыретте амандыкты тилеймин!»[33] [33] Тирмизи, (3514)-номерде жана Бухари «Ал-Адаб ал-Муфрад» китебинде, (726)-номерде келтирген. Тирмизиде келген тексти мындай: «Дүйнө жана акыретте Аллахтан кечирим жана амандык тилегиле». Дагы бир риваятта: «Аллахтан кечирим жана амандыкты тилегиле; анткени эч бир адамга бекем ишенимден кийин амандыктан өткөн жакшылык берилген эмес», – деп айтылат. Бул хадисти Альбани «Сахих Ибн Мажада» (3/ 180), (3/ 185) жана (3/ 170) сахих деп тастыктаган. Анын башка тастыктоочу риваяттары (шавахиддери) да бар, аларды Ахмад Шакирдин тартипке салуусундагы «Имам Ахмаддын Муснады» китебинен караңыз (1/ 156-157).
«Аллахумма инни ас-алука ал-аафията фид-дунья вал-аахира».
72. «Оо, Аллахым! Бардык иштерибиздин акырын кайырлуу (жакшы) кыл жана бизди дүйнө кордугунан жана акырет азабынан сактай көр!»[34] [34] Ахмад (4/181), ат-Табарани «ал-Кабирде» (2/33/1169) жана «ад-Дуада» 1436-номер менен, Ибн Хиббан 2424, 2425-номер менен («Маварид»). Хафиз ал-Хайсами «Мажмаъ аз-Заваидде» (10/178) айткан: (Ахмаддын равийлери жана ат-Табаранинин иснаддарынын бири ишеничтүү).
«Аллахумма ахсин аакибатана фил-умури куллиха, уа ажирна мин хизйид-дунья уа азаабил-аахира».
73. «Оо, Раббим! Мага жардам бер, мага каршы болгондорго жардам бербе! Мени колдо, мага каршы келгендерди колдобо! Менин пайдама иш кыл, мага каршы эч нерсе пландаба! Мени туура жолго багытта жана туура жолду мага жеңил кыл! Мага зулумдук кылгандарга каршы өзүң жардам бер! Оо, Раббим! Өзүңө көп шүгүр кылуучу, Сени көп эстеп эскерүүчү, Сенден коркуп-калкалануучу, Сага толук мойун сунуучу, Сага баш ийген, өтө кичи пейил жана тообо менен Сага кайтуучу пенде кыла кор! Оо, Раббим! Тообомду кабыл кыл, күнөөлөрүмдү жууп тазала, дубамды кабыл кыл, далилимди бекемде, жүрөгүмдү туура жолго багытта, тилимди чындыкка багытта (катасыз сүйлөт) жана жүрөгүмдөгү кара ниеттикти, жек көрүүнү тазалап жок кыл!»[35] [35] Имам Бухари, Адаб Муфрад, (664) жана (665). Имам Абу Дауд, (1510), (1511). Имам Тирмизи, (3551). Имам Ибн Маажа, (3830). Имам Ахмад, (1\127). Имам Хаким жана Захаби, (1\519). Албани, Сахих Абу Дауд, (1\414). Сахих Тирмизи, (3\178).
«Рабби аинни уа лаа туин алайя, вансурни уа лаа тансур алайя, вамкур лии уа лаа тамкур алайя, вахдини уа яссирил худаа илайя, вансурни алаа ман бага алайя, Раббижални лака шаккааран, лака заккааран, лака раххаабан, лака митваа-ан, илайка мухбитан авваахан муниибан, Рабби такаббал тавбатии, вагсил хавбатии, уа ажиб даватии, уа саббит хужжатии, вахди калбии, уа саддид лисаании, васлул сахиимата калбии»
74. «Оо, Аллахым! Биз Сенден пайгамбарың Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сураган жакшылыкты сурайбыз! Сенден пайгамбарың Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) коргоо сураган жамандыктан коргоо сурайбыз! Жардам суралуучу жалгыз Өзүңсүң жана максатка жеткирүү Сага таандык! Аллахтан башка эч бир күч жана кубат жок!»[36] [36] Тирмизи, (3521) жана Ибн Мажа, (3846) ушул мааниде келтирген. Тирмизи: "Бул – хасан гариб (жакшы жана сейрек келген хадис)", – деп айткан. Альбани аны "Даиф Тирмизи" китебинде (387-б.) даиф (алсыз) деп баалаган.
«Аллахумма инна насалука мин хайри ма саалака минху набиюка Мухаммадун саллаллаху алайхи уа саллам, уа наузу бика мин шарри мастааза минху набиюка Мухаммадун саллаллаху алайхи уа саллам, уа антал мустаан, уа алайкал балааг, уа ла хавла уа ла куввата илла биллах».
75. «Оо, Аллахым! Чындыгында, мен Сенден угуу кубатымдын (кулагымдын) жамандыгынан, көрүү кубатымдын (көзүмдүн) жамандыгынан, тилимдин жамандыгынан, жүрөгүмдүн жамандыгынан жана шахватымдын (жыныстык кумарымдын) жамандыгынан коргоо сурайм!»[37] [37] Абу Дауд, № (1551), Тирмизи, № (3492), Насаи, № (5470) жана башкалар. Альбани аны «Сахих Тирмизи» (3/ 166) жана «Сахих Насаиде» (3/ 1108) сахих деп тастыктаган.
«Аллахумма инний ауузу бика мин шарри самъий, уа мин шарри басарий, уа мин шарри лисаний, уа мин шарри калбий, уа мин шарри маниййи».
76. «Оо, Аллах! Мени пес оорусунан, жиндиликтен, ала оорусунан жана жаман оорулардан сакта!»[38] [38] Абу Дауд, № (1554), ан-Насаи, № (5493) жана Ахмад (3/ 192), ошондой эле аны Альбани «Сахих ан-Насаи» (3/ 1116) жана «Сахих ат-Тирмизиде» (3/ 184) сахих деп тастыктаган.
«Аллахумма инни ауузу бика минал бараси, вал жунууни, вал жузаами, уа мин саййиил аскаам».
77. «Оо, Аллах! Мен жаман кулк-мүнөздөрдөн, жаман иштерден жана жаман каалоолордон Өзүңдөн коргоо сурайм!»[39] [39] Тирмизи, № (3591), Ибн Хиббан, № (2422) («Маварид»), ал-Хаким (1/ 532) жана ат-Табарани «ал-Кабирде» (19/19/36). Альбани аны «Сахих ат-Тирмизиде» (3/ 184) сахих деп тастыктаган.
«Аллахумма инни ауузу бика мин мункараатил-ахлаак, вал-аамаал, вал-ахваа».
78. «Оо, Аллахым! Чындыгында, Сен Кечиримдүүсүң, Жоомартсың, кечиргенди жакшы көрөсүң, мени кечире көр!»[40] [40] Имам Тирмизи, (3513); Насааи «Ал-Кубрада», (7712); Альбани «Сахих Тирмизиде» сахих деген (3/170).
«Аллахумма, иннака афуввун каримун, тухиббул афва, фаъфу анний».
79. «Оо, Аллахым! Чындыгында, мен Сенден жакшылыктарды жасоону, жамандыктарды таштоону, кедейлерди жакшы көрүүнү, мени кечирүүңдү жана мага ырайым кылууңду сурайм! Эгерде кайсы бир коомду фитнага (сыноого) дуушар кылууну кааласаң, мени ал фитнага кабылтпастан жанымды ала көр! Жана Сенден Өзүңдүн сүйүүңдү, Сени сүйгөндөрдүн сүйүүсүн жана мени Сенин сүйүүңө жакындата турган амалды сүйүүнү сурайм!»[41] [41] Имам Ахмад, (5\243) (өз лафзы менен). Имам Тирмизи, (3235) (ушул сыяктуу). Ал аны хасан деп баалап, мындай деген: «Мен Мухаммад ибн Исмаилден (Бухариден) сураганымда, ал: "Бул хасан сахих хадис", - деди». Хадистин аягында Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Чындыгында, ал – акыйкат, ошондуктан аны окугула жана үйрөнгүлө», - деп айткан. Имам Хаким, (1\521). Албани, Сахих ал-Тирмизи, (3\318).
«Аллахумма инни ас-алука фиълал-хайраат, уа таркал-мункараат, уа хуббал-масакин, уа ан тагфира ли, уа тархамани, уа иза арадта фитната кавмин фатаваффани гайра мафтун, уа ас-алука хуббак, уа хубба ман юхиббук, уа хубба амалин юкаррибуни ила хуббик».
80. «Оо, Аллахым! Чындыгында, мен Сенден жакшылыктын бардык түрүн: тез арада боло турганын да, кийин боло турганын да, өзүм билгенди да, билбегенди да сурайм. Ошондой эле Сенден жамандыктын бардык түрүнөн: тез арада боло турганынан да, кийин боло турганынан да, өзүм билгенден да, билбегенден да коргооңду сурайм! Оо, Аллахым! Мен Сенден – Сенин кулуң жана пайгамбарың (Мухаммад) Сенден сураган жакшылыктардын эң жакшысын сурайм! Ошондой эле – Сенин кулуң жана пайгамбарың Сенден коргонуу сураган жамандыктардан мени да коргооңду сурайм! Оо, Аллахым! Мен Сенден бейишти жана бейишке жакындата турган ар бир сөз менен амалды сурайм! Ошондой эле тозоктон жана тозокко жакындата турган ар бир сөз менен амалдан мени коргооңду сурайм! Жана мен үчүн өкүм кылган тагдырды жакшы кылышыңды сурайм!»[42] [42] Ибн Мажа, (3846) анын сөздөрү менен, жана Ахмад (6/134), ал эми экинчи кошумчанын сөздөрү ага таандык, ошондой эле Хаким аны сахих деген жана Захаби аны кубаттаган (1/521), ал эми биринчи кошумчанын сөздөрү ага таандык, жана Албани аны «Сахих Ибн Мажада» (2/327) сахих деген.
«Аллахумма инний ас-алука минал хайри куллихи: ьаажилихи уа аажилихи, маа алимту минху уа маа лам аълам, уа аъуузу бика минаш-шарри куллихи ьаажилихи уа аажилихи, маа алимту минху уа маа лам аълам. Аллахумма инний ас-алука мин хайри маа са-алака абдука уа набийюка, уа аъуузу бика мин шарри мастаъааза бика минху абдука уа набийюка. Аллахумма инний ас-алука ал-жанната, уа маа карраба илайхаа мин кавлин ау амалин, уа аъуузу бика минан-наари уа маа карраба илайхаа мин кавлин ау амалин, уа ас-алука ан таж-ъала кулла кадаа-ин кадайтаху лий хайран».
81. «Оо, Аллахым! Мени өйдө турганымда Исламда (Ислам менен) сактагын, отурганымда Исламда сактагын жана жатканымда да Исламда сактагын! Мага душманды да, көрө албасты да сүйүнтпөгүн (алардын шылдыңына калтырбагын)! Оо, Аллахым! Чындыгында, мен Сенден казыналары Сенин колуңда болгон бардык жакшылыктарды сурайм жана казыналары Сенин колуңда болгон бардык жамандыктардан Өзүңдөн коргоо тилейм!»[43] [43] Хаким (1/ 525) аны сахих деген жана Захабий ага кошулган, ал эми Албани аны «Сахих ал-Жамиде» (2/ 398) жана «Силсилатул-ахадисис-сахихада» (4/ 54) (1540)-номер менен хасан деген.
82. «Оо, Аллахым! Биз менен Сага күнөө кылуунун ортосуна тоскоол боло турган Өзүңдөн коркуу сезимин, бизди Бейишиңе жеткире турган Сага моюн сунууну жана бул дүйнө кыйынчылыктарын бизге жеңилдете турган бекем ишенимди бизге насип эт! Оо, Аллахым! Бизди жашаткан өмүр бою угуубузду, көрүүбүздү жана күч-кубатыбызды саламатта кыл жана аларды бизден мураскор кыл! Бизге зулумдук кылгандардан өчүбүздү ал жана бизге душмандык кылгандарга каршы бизге жардам бер! Башыбызга түшчү кыйынчылыкты динибизде кылба, бул дүйнөнү эң чоң түйшүгүбүз жана илимибиздин жеткен чеги кылба! Ошондой эле, бизге ырайым кылбай тургандарды үстүбүзгө өкүмдар кыла көрбө!»[44] [44] Тирмизи, (3502-номер); Хаким (1/ 528), ал аны сахих деген жана Захаби ага макул болгон; Ибн ас-Сунни, (446-номер); ал эми Албани «Сахих Тирмизи» (3/ 168) жана «Сахихул-Жами» (1/ 400) китептеринде аны хасан деп баалаган.
«Аллахумма хфазни бил-ислами кааиман, вахфазни бил-ислами кааидан, вахфазни бил-ислами раакидан, уа лаа тушмит би адувван уа лаа хаасидан, Аллахумма инни ас-алука мин кулли хайрин хазааинуху биядик, уа ауузу бика мин кулли шаррин хазааинуху биядик».
«Аллахуммаксим лана мин хашятика ма тахуулу бихи байнана уа байна ма-ьаасийка, уа мин та-ьаатика ма тубаллигуна бихи жаннатака, уа минал якийни ма тухаввину бихи алайна масааибад-дуня, Аллахумма маттийна биасмааина, уа абсаарина, уа кувваатина ма ахяйтана, важ-ьалху ваариса минна, важ-ьал сарана ала ман заламана, вансурна ала ман аадаана, уа ла таж-ьал мусийбатана фи дийнина, уа ла таж-ьалид-дуня акбара хаммина, уа ла маблага илмина, уа ла тусаллит алейна ман ла ярхамуна».
83. «Оо, Аллах! Мени коркоктуктан, сарандыктан сактай көр жана өмүрдүн эң начар (алсыз) курагына кайтарылуудан сактай көр! Мени кабыр азабынан жана дүйнө бүлүктөрүнөн (фитналарынан) сактай кор!» [45] [45] Имам Бухари, (2822).
«Аллахумма инни а-ьуузу бика минал-жубн, уа а-ьуузу бика минал-бухл, уа а-ьуузу бика мин ан урадда ила арзалил-умур, уа а-ьуузу бика мин фитнатид-дунья уа азабил-кабр».
84. «Оо, Аллах! Менин каталарымды, наадандыгымды, иштеримдеги аша чапкандыгымды жана Өзүң менден жакшы билген күнөөлөрүмдү кечир! Оо, Аллах! Менин тамаша иретинде айткан сөздөрүмдү да, чын жүрөктөн айткан сөздөрүмдү да, каталарымды да, атайылап кылган иштеримди да жана мендеги бардык күнөөлөрдү да кечир!»[46] [46] Имам Бухари, (6398); Имам Муслим, (2719).
«Аллахуммагфир ли хатиати, уа жахли, уа исраафий фи амри, уа ма анта аъламу бихи минни, Аллахуммагфир ли хазли, уа жидди, уа хатаи, уа ьамди, уа куллу залика инди».
85. «Оо, Аллах! Мен Өзүмө көп зулумдук (күнөө) кылдым. Күнөөлөрдү бир Өзүндөн башка эч ким кечирбейт! Мага Өз алдындан кечирим бер! Мага ырайым кыл! Сен Кечиримдүү жана Мээримдүүсүң!»[47] [47] Имам Бухари, (834); Имам Муслим, (2705).
«Аллахумма инни заламту нафси зулман касийран, уа лаа ягфируз-зунууба илла анта, фагфир ли магфиратан мин индика, вархамни иннака антал-гафурур-рахийм».
86. «Оо, Аллах! Сага моюн сундум, Сага ыйман келтирдим, Сага тобокел кылдым, Сага тообо кылдым жана Сенин жолуңда күрөштүм. Оо, Аллах! Сенден башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок, мени адаштырууңдан Сенин улуулугуң менен коргоо сурайм! Сен – эч качан өлбөс Тирүүсүң, ал эми жиндер менен инсандар өлүшөт»[48]. [48] Имам Бухари, (6398); Имам Муслим, (2719).
«Аллахумма лака асламту, уа бика ааманту, уа алайка таваккалту, уа илайка анабту, уа бика хаасамту. Аллахумма иннии а-ьуузу би-иззатика лаа илааха иллаа анта ан тудиллании, антал-хайюл-лазии лаа ямууту, вал-жинну вал-инсу ямуутуун».
87. «Оо, Аллах! Биз Сенден ырайымыңа жеткирүүчү нерселерди, кечиримиңе татыктуу кылуучу амалдарды, ар бир күнөөдөн сактанууну, ар бир жакшылыкка жетүүнү, Бейишке кирип, ийгиликке жетүүнү жана Тозоктон кутулууну сурайбыз!»[49] [49] Хаким (1/525). Ал бул хадисти сахих деп баалаган жана Захаби да анын баасына кошулган. Байхаки да аны «ад-Даават» китебинде (206) риваят кылган. Караңыз: ан-Нававинин «ал-Азкар» китеби, 340-бет. Мухаккик Абдулкадыр аль-Арнаут хадисти хасан деп баалаган.
«Аллахумма инна нас-алука муужибаати рахматика, уа ьазаа-има магфиратика, вас-саламата мин кулли исмин, вал-ганимата мин кулли биррин, вал-фавза бил-жаннати, ван-нажата минан-наар».
88. «Оо, Аллах! момун эркектерди жана момун аялдарды кечире көр!»[50] [50] Убада (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деген: «Мен Пайгамбардын (ага Аллахтын тыгчтыгы жана мактоосу болсун): “Ким ыймандуу эркектер жана ыймандуу аялдар үчүн кечирим сураса, Аллах ага ар бир ыймандуу эркек жана ыймандуу аял үчүн бирден сооп жазат”, — деп айтканын уктум». Табарани бул хадисти «ал-Муъжам ал-Кабир» китебинде (5/202, № 5092 жана 3/334, № 2155) келтирген. Хайсами «Мажмаъ аз-Заваид» китебинде (10/210) анын иснадын жаййид (жакшы) деп баалаган. Ал эми Альбани «Сахих ал-Жамиъ» китебинде (№ 5902, 5/242) хадисти хасан (жакшы) деп баалаган.
«Аллаахуммагфир лил-муминиина вал-муминаат».
89. «Оо, Аллах! Күнөөмдү кечир, үйүмдү кенен кыл жана мага берген ырыскыңа береке бере көр!»[51] [51] Ахмад (№ 16599, 23114, 23188) жана Тирмизи (№ 3500) риваят кылышкан. «Муснад» китебинин мухаккиктери (27/144, 38/197 жана 38/145) хадисти хасан ли-гайрихи (башка риваяттар аркылуу хасан даражасына жеткен) деп баалашкан.
«Аллахуммагфир ли занби, уа вассиъ ли фи даари, уа баарик ли фима разактани».
90. «Оо, Аллах! Сенин кеңчилигиңден жана ырайымыңдан сурайм, анткени аларга Сенден башка эч ким ээлик кылбайт!»[52] [52] Табарани риваят кылган. Хайсами «Мажмаъ аз-Заваид» китебинде (10/159) Мухаммад ибн Зияддан башка хадистин бардык риваят кылуучулары «Сахихтин» риваят кылуучулары экенин, ал эми Мухаммад ибн Зияд ишенимдүү экенин белгилеген. Альбани «Сахих ал-Жамиъ» китебинде (1/404, № 1278) хадисти сахих деп баалаган.
«Аллахумма инни ас-алука мин фадлика уа рахматика, фа иннаху ла ямликуха илла ант».
91. «Оо, Аллах! Чынында, мен Сенден өтө картайып алжып калуудан, бийиктен кулап түшүүдөн, уранды алдында калуудан, кайгы-кападан, сууга чөгүүдөн жана отко күйүүдөн коргоо сурайм! Өлүм учурунда шайтандын азгырыгынан Сенден коргоо сурайм! Жана Сенин жолуңда (согуш майданынан) качып баратып өлүүдөн Сенден коргоо сурайм, ошондой эле (уулуу жандыктарга) чагылып өлүүдөн Сенден коргоо сурайм!»[53] [53] Абу Дауд (№ 1552) жана Насаи (№ 5531, 5532) риваят кылышкан. Альбани «Сахих ан-Насаи» (3/1123) жана «Сахих Сунан Абу Дауд» (1/425) китептеринде хадисти сахих деп баалаган.
«Аллахумма инни а-ьуузу бика минал-харами, ват-тарадди, вал-хадми, вал-гамми, вал-гараки, вал-хараки, уа а-ьуузу бика ан ятахаббатания аш-шайтану индал-маути, уа а-ьуузу бика ан амута фи сабилика мудбиран, уа а-ьуузу бика ан амута ладиган».
92. «Оо, Аллах! Чындыгында, мен Сенден ачкачылыктан коргооңду сурайм, анткени ачкачылык — эң жаман төшөктөш. Ошондой эле кыянаттыктан коргооңду сурайм, анткени кыянаттык — эң жаман шерик»[54]. [54] Абу Дауд (№ 1547) жана Насаи (№ 5483) риваят кылышкан. Альбани «Сахих ан-Насаи» китебинде (3/1112) хадисти хасан (жакшы) деп баалаган.
«Аллахумма иннии а-ьуузу бика минал-жууь; фа иннаху биъсад-дажииь, уа а-ьуузу бика минал-хияанах; фа иннаха би-сатил-битаанах».
93. «Оо Аллах! Мен Сенден алсыздыктан, жалкоолуктан, коркоктуктан, сараңдыктан, карылыктан, таш боордуктан, кайдыгерликтен, муктаждыктан, кордуктан, бечаралыктан, кедейликтен, каапырлыктан, бузукулуктан, келишпестиктен, эки жүздүүлүктөн, атак-даңк издөөдөн, риякерликтен, дүлөйлүктөн, дудуктуктан, жиндиликтен, пес оорусунан, ала оорусунан жана жаман оорулардан коргоо сурайм!»[55] [55] Насаи (№ 5493); Хаким (1/530). Альбани «Сахих ал-Жамиъ» (1/406) жана «Ирва ал-Галил» (№ 852) китептеринде келтирген.
«Аллахумма инни а-ьуузу бика минал ажзи, уал касали, уал жубни, уал бухли, уал харами, уал касвати, уал гафлати, уал айлати, уаззиллати, уал масканати, уа а-ьуузу бика минал факри, уал куфри, уал фусуки, уашшикааки, уан нифааки, уассумъати, уаррияи, уа а-ьуузу бика минассамами, уал баками, уал жунууни, уал жузаами, уал бараси, уа саййиил аскаам».
94. «Оо, Аллах! Чындыгында, мен Сенден кедейликтен, жокчулуктан жана кордуктан коргоо сурайм! Ошондой эле зулумдук кылуудан же зулумдук көрүүдөн Сенден коргоо сурайм!»[56] [56] Абу Дауд (№ 1544) жана ан-Насаи (№ 5475) риваят кылышкан. Альбани бул хадисти «Сахих ан-Насаи» (3/1111) жана «Сахих ал-Жамиъ» (1/407) эмгектеринде сахих деп баалаган. Ал эми чарчы кашаанын ичиндеги сөздөр Ибн Хиббандын «Маварид» китебинде келтирилген. Альбани аларды да «Сахих Маварид аз-Зам’ан» (2/455) китебинде сахих деп баалаган.
«Аллахумма инни а-ьуузу бика минал-факри, уал-киллати, уаззиллати, уа а-ьуузу бика мин ан азлима ау узлам».
95. «Оо, Аллах! Чындыгында, мен Сенден туруктуу жашаган жердеги жаман кошунадан коргооңду сурайм. Анткени көчүп-конуп жүргөн кошуна көчүп кетет»[57]. [57] Бухари, «Ал-Адаб ал-Муфрад» (№ 117); Хаким (1/532). Захаби анын баасын тастыктаган. Насаи (№ 5517). Альбани «Сахих ал-Жамиъ» (1/408) жана «Сахих ан-Насаи» (3/1118) китептеринде хадисти сахих деп баалаган.
«Аллахумма инни а-ьуузу бика мин жаарис-сууи фи даарил-мукаама; фа инна жаарал-баадияти ятахаввал».
96. «Оо, Аллах! Мен Сенден Өзүңдөн коркпогон жүрөктөн, кабыл алынбаган дубадан, тойбогон напсиден жана пайдасыз илимден коргооңду сурайм!»[58] [58] Тирмизи (№ 3482) жана Абу Дауд (№ 1549) риваят кылышкан. Альбани хадисти «Сахих ал-Жамиъ» (№ 1295) жана «Сахих ан-Насаи» (3/1113) китептеринде сахих деп баалаган.
«Аллахумма иннии а-ьуузу бика мин калбин лаа яхшау, уа мин дуааин лаа юсмау, уа мин нафсин лаа ташбау, уа мин илмин лаа янфау, а-ьуузу бика мин хааулааил арба».
97. «Оо, Аллах! Мен Сенден жаман күндөн, жаман түндөн, жаман сааттан, жаман жолдоштон жана туруктуу жашаган жердеги жаман кошунадан коргоо тилейм!»[59] [59] Табарани риваят кылган. Хайсами «Мажмаъ аз-Заваид» китебинде (10/144) хадистин иснады «Сахих» китебинин риваятчыларынан түзүлгөнүн белгилеген. Альбани «Сахих ал-Жамиъ» китебинде (1/411, № 1290) хадисти хасан деп баалаган.
«Аллахумма инни а-ьуузу бика мин явмис-сууи, уа мин лайлатис-сууи, уа мин саатис-сууи, уа мин саахибис-сууи, уа мин жаарис-сууи фи даарил-мукаама».
98. «Оо, Аллах! Мен Сенден бейишти сураймын жана тозоктон Өзүң сакта!» Үч жолу айтылат[60]. [60] Тирмизи (№ 2572), Ибн Мажа (№ 3340) жана Насаи (№ 5536) риваят кылышкан. Альбани хадисти «Сахих ат-Тирмизи» (2/319) жана «Сахих ан-Насаи» (3/1121) китептеринде сахих деп баалаган. Хадистин тексти: «Ким Аллахтан үч жолу Бейишти сураса, Бейиш: “Оо, Аллах! Аны Бейишке киргиз!” — деп айтат. Ал эми ким Аллахтан үч жолу Тозоктон коргоону сураса, Тозок: “Оо, Аллах! Аны Тозоктон сакта!” — деп айтат».
«Аллахумма инни ас-алукал жанната, уа астажиру бика минан наар».
99. «Оо, Аллах! мага динде терең түшүнүк бер!»[61] [61] Буга Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ибн Аббаска (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) кылган дубасы тууралуу Бухари менен Муслим риваят кылган хадис далил болот. Бухари (№ 143); Муслим (№ 2477).
«Аллахумма факкихни фид-дин».
100. «Оо, Аллах! Билип туруп Сага шерик кошуудан мени сакта! Ал эми билбей туруп кылган ширким үчүн Сенден кечирим сурайм!»[62] [62] Имам Ахмад (4/403), Ибн Абу Шайба (10/337) жана Табарани «ал-Муъжам ал-Аусат» китебинде (4/284) риваят кылышкан. Альбани «Сахих ат-Таргиб ват-Тархиб» китебинде (1/19) хадисти хасан деп баалаган.
«Аллахумма инни а-ьуузу бика ан ушрика бика уа ана аламу, уа астагфирука лима ла аьлам».
101. «Оо, Аллах! Мага үйрөткөн нерселериңден пайда алууну насип кыл, мага пайда бере турган нерселерди үйрөт жана илимимди арттыр!»[63] [63] Тирмизи (№ 3599) жана Ибн Мажа (№ 259) риваят кылышкан. Альбани «Сахих Ибн Мажа» китебинде (1/47) хадисти сахих деп баалаган.
«Аллахумма инфаьни бима алламтани, уа аллимни ма янфауни, уа зидни илман».
102. «Оо, Аллах! Чындыгында, мен Сенден пайдалуу илим, адал ырыскы жана кабыл боло турган амал сурайм!»[64] [64] Ибн Мажа (№ 925), Насаи «Амал ал-Яуми ва-л-Лайла» китебинде (№ 102) жана имам Ахмад (6/294, 305) риваят кылышкан. Альбани «Сахих Ибн Мажа» китебинде (1/152) хадисти сахих деп баалаган.
«Аллахумма инни ас-алука илман нафиан, уа ризкан таййибан, уа амалан мутакаббалан».
103. «Оо, Аллах! Сен — Жалгызсың, эч кимге муктаж эмессиң, тескерисинче, баары Сага муктаж. Сен төрөбөгөн жана төрөлбөгөн, эч ким Сага теңдеш боло албаган Улуу Затсың. Ушул сыпаттарыңдын акысы менен күнөөлөрүмдү кечирүүңдү суранам. Чындыгында, Сен — Кечиримдүү, Мээримдүүсүң!»[65] [65] Насаий (№ 1300) риваят кылган, хадистин сөздөрү да ага таандык. Ошондой эле бул хадис Насаийдин «Ас-Сунан ал-Кубра» китебинде (№ 7665) жана Абу Дауддун «Сунан» китебинде (№ 985) риваят кылынган. Альбани аны «Сахих Сунан ан-Насаий» китебинде (1/147) сахих деп баалаган.
«Аллахумма инни ас-алука я Аллах би аннакал ваахидул ахаду, ас-самаду, аллази лам ялид уа лам юлад, уа лам якун лаху куфуван ахад, ан тагфира ли зунууби, иннака антал гафуурур рахийм».
104. «Оо, Аллах! Бардык мактоолор Сага гана таандык. Сенден башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок. Сен — шериги жок Жалгызсың, жакшылыктарды тартуулоочусуң. Оо, асмандар менен жердин Жаратуучусу! Оо, улуулук жана урмат Ээси! Оо, Тирүү! Оо, Түбөлүк Жашоочу! Мен Сенден Бейишти сураймын жана мени Тозок отунан сактай көр!» [66] [66] Абу Дауд (№ 1495), Ибн Мажа (№ 3858), Насаий (№ 1299) жана Тирмизи (№ 3544) риваят кылышкан. Альбани бул хадисти «Сахих ан-Насаий» (1/279) жана «Сахих Ибн Мажа» (2/329) китептеринде сахих деп баалаган.
«Аллахумма иннии ас-алука би-анна лакал-хамда, лаа илааха илла анта вахдака лаа шариика лака ал-маннаану яа бадиас-самааваати вал-арди, яа зал-жалаали вал-икраами, яа хаййу яа каййууму, иннии ас-алука ал-жанната ва а-ьуузу бика минан-наар».
105. «Оо, Аллах! Сенин Аллах экениңе, Сенден башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок экенине, Сен туубаганыңа да, туулбаганыңа да, ошондой эле Сенин эч бир теңдешиң жок, эч кимге муктаж болбогон Зат экениңе күбөлүк берүү аркылуу Сенден сурайм!» [67] [67] Абу Дауд (№ 985), ат-Тирмизи (№ 3475), Ибн Мажа (№ 3857) жана Ахмад (5/360) риваят кылышкан. Альбани бул хадисти «Сахих Сунан ат-Тирмизи» (3/163) китебинде сахих деп баалаган.
«Аллахумма инни ас-алука бианни ашхаду аннака анталлаху ла илаха илла анта, ал-ахаду, ас-самаду, аллази лам ялид, уа лам юлад, уа лам якун лаху куфуван ахад».
106. «Оо, Раббим! Мени кечире көр жана тообомду кабыл кыл! Чындыгында, Сен – тооболорду кабыл кылуучу, Кечиримдүүсүң»[68]. [68] Абу Дауд (№ 1518) жана Тирмизи (№ 3434) риваят кылышкан. Хадистин сөздөрү Тирмизиге таандык. Ошондой эле аны Насаий «Ас-Сунан ал-Кубра» китебинде (№ 10292) жана Ибн Мажа (№ 3814) риваят кылышкан. Альбани бул хадисти «Сахих Ибн Мажа» (2/321) жана «Сахих ат-Тирмизи» (3/153) китептеринде сахих деп баалаган.
«Раббигфир лии, уа туб алайя, иннака антат-тавваабул-гафуур».
107. «Оо, Аллах! Кайыпты билүүчү илимиң жана жаратууга кудуретиң менен, эгер жашоо мен үчүн жакшы болсо, мага өмүр бере көр. Ал эми өлүм мен үчүн жакшы болсо, мага өлүм бере көр! Оо, Аллах! Чындыгында, мен Сенден ашкере жана көмүскө иштеримде Өзүңдөн корккон пенделерден болууну, ыраазы болгонумда да, ачууланганымда да акыйкатты айтууну жана байлыгымда да, жакырлыгымда да орточо болууну сурайм! Мен Сенден түгөнгүс немат-жакшылыктарды жана үзгүлтүксүз кубанычты сурайм! Ошондой эле тагдырыма жазылган нерселерге ыраазы болууну жана өлүмдөн кийинки бакытты сурайм! Өзүңдүн жүзүңдү көрүү лаззатын жана эч кандай зыян тартпай, адаштыруучу фитнага кабылбай, Сага жолугууну эңсөөнү сурайм!Оо, Аллах! Бизди ыйман кооздугу менен кооздо жана бизди туура жолду кармангандардан кыла көр!» [69] [69] Насаий (№ 1305) жана имам Ахмад (4/264) риваят кылышкан. Альбани бул хадисти «Сахих ан-Насаий» (1/280, 1/281) китебинде сахих деп баалаган.
«Аллахумма би-илмикал-гайба, уа кудратика алал-халки, ахйини ма ьалимтал-хаята хайран ли, уа таваффани иза ьалимтал-вафата хайран ли, Аллахумма инни ас-алука хашятака фил-гайби ваш-шахадати, уа ас-алука калиматал-хакки фир-рида вал-гадаби, уа ас-алукал-касда фил-гина вал-факри, уа асалука наиман ла янфаду, уа асалука куррата айнин ла танкати, уа ас-алукар-рида баьдал-кадааи, уа ас-алука бардал-айши баьдал-мавти, уа асалука лаззатан-назари ила важхика, ваш-шавка ила ликааика, фи гайри дарраа мудирратин, уа ла фитнатин мудиллатин, Аллахумма заййинна би-зинатил-иймани, важ-ална худатан мухтадин».
108. «Оо, Аллах! мага Өзүңдүн сүйүүңдү жана сүйүүсү Сенин алдыңда мага пайда бере тургандардын сүйүүсүн насип кыл! Оо, Аллах! мен жакшы көргөн нерселерден мага эмнени ырыскы кылып берген болсоң, аны Өзүң жакшы көргөн нерселерде мен үчүн кубат кыл! «Оо, Аллах! Мен жакшы көргөн нерселерден эмнени менден алыстаткан болсоң, анын ордуна Өзүң жакшы көргөн нерселерге орун бошотуп бер!» [70] [70] Тирмизи (№ 3491) риваят кылган жана хадисти хасан деп баалаган. Шейх Абдулкадыр аль-Арнаут: «Бул — ал айткандай», — деген. Анын «Жамиъ аль-усул» китебине жазган тахкикин караңыз (4/341).
«Аллахумма урзукни хуббак, уа хубба ман янфауни хуббуху индак, Аллахумма ма разактани мимма ухиббу фаж-ьалху кувватан ли фима тухибб, Аллахумма ма завайта анни мимма ухиббу фаж-ьалху фараган ли фима тухибб».
109. «Оо, Аллах! Мени күнөөлөрдөн жана каталардан тазарта көр! Оо, Аллах! Ак кийим кирден таза болгондой мени да алардан тазарта көр! Оо, Аллах! Мени кар, мөндүр жана муздак суу менен тазарта көр!»[71] [71] Имам Муслим (№ 476) жана имам Насаий (№ 400) риваят кылышкан.
«Аллахумма таххирни миназ-зунуби вал-хатая, Аллахумма наккини минха кама юнаккас-савбул-абяду минад-данаси, Аллахумма таххирни бис-салжи вал-баради вал-мааил-барид».
110. «Оо, Аллах! Чындыгында, мен Сенден сараңдыктан, коркоктуктан, өмүрдүн жамандыгынан, көкүрөк азгырыгынан жана кабыр азабынан коргоо сурайм!»[72] [72] Насаий (№ 5469) төмөнкү текст менен риваят кылган: «Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) беш нерседен коргоо сурачу: сараңдыктан, коркоктуктан, жаман карылыктан, көкүрөктөгү фитнадан жана кабыр азабынан». Бул хадисти Абу Дауд да (№ 1539) риваят кылган. Ал эми аль-Арнаут аны «Жамиъ аль-усул» китебинин тахрижинде (4/363) хасан деп баалаган.
«Аллахумма иннии а-ьуузу бика минал-бухли, вал-жубни, уа сууил-ьумури, уа фитнатис-садри, уа азаабил-кабр».
111. «Оо, Аллах! Жибрейилдин, Микаилдин жана Исрафилдин Раббиси! Тозоктун ысыгынан жана кабыр азабынан Өзүңдөн коргоо сурайм!»[73] [73] Бул хадисти Насаий (№ 1344), Ахмад (6/61) жана Байхакий «ад-Даават» китебинде (№ 109) риваят кылышкан. Албани аны «Сахих ан-Насаий» (3/1121) жана «Силсилат аль-ахадис ас-сахиха» (№ 1544) жыйнактарында сахих деп баалаган.
«Аллахумма рабба Жибраила, уа Микаила, уа рабба Исрафила, а-ьуузу бика мина харрин-наари, уа мин азаабил-кабр».
112. «Оо, Аллах! Мага туура жолду көрсөт жана мени напсимдин жамандыгынан сакта!»[74] [74] Тирмизи риваят кылган жана хадистин сөздөрү ага таандык (5/519, № 3483). Ушуга окшош маанидеги хадисти Ахмад (33/197, № 19992) жана Хаким (1/510) да риваят кылышкан. Хаким хадисти сахих деп баалаган, ал эми Захаби бул баага макул болгон. «Муснад» китебинин мухаккиктери Ахмаддын риваяты (33/197) тууралуу: «Анын иснады эки шайхтын шартына ылайык сахих», — деп айтышкан. Ал эми Тирмизинин риваятына келсек, Альбани аны «Даъиф ат-Тирмизи» китебинде (397-б.) алсыз (даиф) деп баалаган.
«Аллахумма алхимни рушди, уа а-ьизни мин шарри нафси».
113. «Оо, Аллах! Сенден пайдалуу илим сурайм жана Сенден пайдасыз илимден коргоо сурайм!»[75] [75] Насаий «Ас-Сунан ал-Кубра» китебинде (№ 7867) жана Ибн Мажа (№ 3843) риваят кылышкан. Альбани бул хадисти «Сахих Сунан Ибн Мажа» (2/327) китебинде хасан деп баалаган. Хадистин тексти төмөнкүдөй: «Аллахтан пайдалуу илим сурагыла жана пайда бербеген илимден Аллахтан коргоо тилегиле».
«Аллахумма инни ас-алука илман нафиьан, уа а-ьуузу бика мин ьилмин лаа янфа».
114.«Оо, (жети кабат) асмандын, жердин жана Улуу Арштын Раббиси! Биздин жана бардык нерсенин Раббиси! Дан менен данектин жаруучусу! Тооратты, Инжилди жана Куранды түшүрүүчү Аллах! Кол астыңдагы бардык нерселердин жамандыгынан Өзүң сактай көр! Оо, Аллах! Сен — Биринчисиң, Сенден мурда эч нерсе болгон эмес. Сен — Акыркысың, Сенден кийин эч нерсе болбойт. Сен — Эң Жогоркусусуң, Сенден жогору эч нерсе жок. Сен — Эң Жашыруунсуң, Сенден жашыруун эч нерсе жок. Бизди карыздан куткарып, жакырчылыктан сактап, байыта көр!» [76] [76] Муслим (№ 2713) Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган.
«Аллахумма раббас-самаватис-сабъи уа раббал-арди, уа раббал-аршил-азим, раббана уа рабба кулли шайин, фаликал-хабби ван-нава, уа мунзилат-таврати вал-инжили вал-фуркан, а-ьуузу бика мин шарри кулли шайин анта аахизун бинасиятихи, Аллахумма антал-аввалу фалайса каблака шайун, ва антал-ахиру фалайса баъдака шайун, уа антаз-захиру фалайса фавкака шайун, уа антал-батыну фалайса дунака шайун, икди ьаннад-дайна уа агнина минал-факр».
115. «Оо, Аллах! Жүрөктөрүбүздү бириктир жана арабызды оңдо! Бизди тынчтык жолдоруна башта жана караңгылыктардан нурга чыгар! Бизди ачык жана жашыруун бузукулуктардан оолак кыл! Угуубузга, көрүүбүзгө, жүрөктөрүбүзгө, жубайларыбызга жана урпактарыбызга береке бер! Тооболорубузду кабыл кыл! Чындыгында, Сен — тооболорду кабыл кылуучу, Өтө Мээримдүүсүң! Бизди Өзүңдүн немат-жакшылыктарыңа шүгүр кылуучулардан, алар үчүн Сага мактоо айтуучулардан жана аларды баалоочулардан кыл! Ошондой эле немат-жакшылыктарыңды биз үчүн толук кыла көр!» [77] [77] Абу Дауд (№ 969) жана Хаким (1/265) риваят кылышкан. Хадистин сөздөрү Хакимге таандык. Ал: «Бул хадис Муслимдин шарты боюнча сахих», — деп айткан. Захаби (1/26) анын бул баасына макул болгон. Альбани да «Сахих аль-Адаб аль-Муфрад» китебинде (№ 630) хадисти сахих деп баалаган.
«Аллахумма аллиф байна кулубина, уа аслих зата байнина, вахдина субулас-салами, уа нажжина миназ-зулумати илан-нури, уа жаннибнал-фавахиша ма захара минха ва ма батана, уа баарик лана фи асмаьина, уа абсарина, ва кулубина, уа азважина, уа зуррийятина, уа туб алайна иннака антат-таввабур-рахиму, важ-ъална шакирина линиьамика муснина биха алайка, кабилина лаха, уа атмимха алайна».
116. Оо, Аллах! Мен Сенден суроонун жакшысын, дубанын жакшысын, ийгиликтин жакшысын, амалдын жакшысын, сооптун жакшысын, жашоонун жакшысын жана өлүмдүн жакшысын сураймын! Мени бекем кыл, таразамды оор кыл, ыйманымды бекемде, даражаларымды көтөр, намазымды кабыл кыл жана каталарымды кечир. Ошондой эле, Сенден Бейиштеги эң жогорку даражаларды сураймын! Оо, Аллах! Мен Сенден бардык жакшылыктардын башталышын жана аякташын, алардын толугун жана эң жакшы түрлөрүн, ачык жана жашыруун жакшылыктардын баарын сураймын! Ошондой эле, Бейиштеги эң жогорку даража — Фирдаус бейишин насип кылууңду сураймын!Оомийн! Оо, Аллах! Мен Сенден келе турган нерселердин жакшысын, жасай турган иштеримдин жакшысын, амал кыла турган нерселеримдин жакшысын, жашыруундун жакшысын, ачыктын жакшысын жана Бейиштеги эң жогорку даражаларды сураймын. Оомийн. Оо, Аллахым, мен Сенден атымды жогору көтөрүшүңдү, күнөөмдү алып салышыңды, ишимди оңдошуңду, жүрөгүмдү тазалашыңды, абийиримди сакташыңды, жүрөгүмдү нурдантышыңды жана күнөөмдү кечиришиңди сураймын. Жана Сенден Бейиштеги эң жогорку даражаларды сураймын. Оомийн. Оо, Аллахым, мен Сенден напсимде, угуумда, көрүүмдө, рухумда, жаратылышымда, кулк-мүнөзүмдө, үй-бүлөмдө, жашоомдо, өлүмүмдө жана амалымда береке беришиңди сураймын. Менин жакшы амалдарымды кабыл кыл! Сенден Бейиштеги эң жогорку даражаларды сураймын. Оомийн»[78]. [78] Аны Хаким Умм Саламадан марфу‘ түрүндө риваят кылган (1/520), аны сахих деп баалаган жана Захабий да буга макул болгон (1/520). Ошондой эле Байхакий «ад-Даават» китебинде (№ 225), ал эми Табараний «ал-Кабир» китебинде (23/326, № 717) келтирген.
«Аллахумма инний ас-алука хайрал-мас-алати, уа хайрад-дуаи, уа хайран-нажаахи, уа хайрал-амали, уа хайрас-саваби, уа хайрал-хаяти, уа хайрал-мамати, уа саббитни, уа саккил мавазини, уа хаккик имани, варфаь даражати, уа такаббал салаати, вагфир хатияти, уа ас-алукад-даражатил-ьула минал-жаннати, Аллахумма инний ас-алука фаватихал-хайри, уа хаватимаху, уа жавамиаху, уа аввалаху, уа захираху, уа батинаху, вад-даражатил-ьула минал-жаннати амин, Аллахумма инний асалука хайра ма ати, уа хайра ма афалу, уа хайра ма амалу, уа хайра ма батана, уа хайра ма захара, вад-даражатил-ьула минал-жаннати амин, Аллахумма инний ас-алука ан тарфаа зикри, уа тадаа визри, ва туслиха амри, уа тутаххира калби, уа тухассина фаржи, уа тунаввира калби, ва тагфира ли замби, уа ас-алукад-даражатил-ьула минал-жаннати амин, Аллахумма инний ас-алука ан тубарика фи нафси, уа фи сами, уа фи басари, уа фи рухи, уа фи халки, уа фи хулуки, уа фи ахли, уа фи махяя, уа фи мамати, уа фи амали, фатакаббал хасанати, ва ас-алукад-даражатил-ьула минал-жаннати, амин».
117. «Оо, Аллах! Мени жаман кулк-мүнөздөрдөн, жаман каалоолордон, жаман иштерден жана оорулардан сакта!»[79] [79] Аны Хаким (1/523) келтирген жана: «Муслимдин шарты боюнча сахих», — деген. Захаби (1/532) да ага макул болгон. Ошондой эле аны Табарани «ал-Муъжам ал-Кабирде» (19/19, № 36) келтирген жана Альбани аны «Зилал ал-Жаннада» (№ 13) сахих деп тапкан.
«Аллахумма жаннибни мункаратил-ахлааки, вал-ахвааи, вал-амаали, вал-адва».
118. «Оо, Аллах! Мага берген ырыскыңа мени каниеттүү кыл, аны мен үчүн берекелүү кыла көр жана менден кеткен ар бир нерсенин ордун жакшылык менен толтуруп бер!» [80] [80] Хаким (1/532) Ибн Аббастан (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) риваят кылып, аны сахих деген. Захаби (1/510) да ага кошулган. Ошондой эле Байхаки муну «ал-Адаб» китебинде (№ 1084) жана «ад-Даават ал-Кабир» китебинде (№ 211) келтирген. Хафиз Ибн Хажар «ал-Футухат ар-Раббания» китебинде (4/383) аны хасан деп баалаган.
«Аллахумма канниъни бима разактани, уа баарик ли фихи, вахлуф алайя кулла гааибатин ли бихайр».
119. «Оо, Аллах! мени жеңил суракка ал!»[81] [81] Ахмад (6/48) жана Хаким (1/255) риваят кылышкан. Хаким: «Муслимдин шарты боюнча сахих», — деген, ал эми Захаби аны кубаттаган (1/255). Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтты: «Ал бурулганда, мен: “Оо, Аллахтын пайгамбары, жеңил эсеп деген эмне?” — деп сурадым. Ал: “Анын амал китебине каралып, андан соң кечирилиши. Анткени, ошол күнү кимдин эсеби териштирилсе, оо, Айша, ал кыйрайт. Момунга кандай гана кыйынчылык жетпесин, атүгүл ага сайылган тикенек аркылуу да Аллах Таала анын күнөөлөрүн кечирет”, — деди». Аллама Альбани «Мишкат ал-Масабих» китебинде ал тууралуу: «Анын иснады жакшы», — деген.
«Аллахумма хаасибни хисаабан ясира».
120. «Оо, Аллах! Өзүңдү эске алганга, Өзүңө шүгүр кылууга жана Өзүңө жакшы ибадат кылып жүрүүбүзгө бизге жардам бер!» [82] [82] Ахмад (2/299); Хаким (1/499) — аны сахих деген, Захаби да ага кошулган жана экөө тең аны сахих деп баалашкан; Абу Дауд (№ 1524); Насаи «ал-Кубра» китебинде (№ 9973); Албани «Сахих ал-Адаб ал-Муфрад» китебинде (№ 534) сахих деген.
«Аллахумма аиннаа ала зикрика, уа шукрика, уа хусни ибаадатик».
121. «Оо, Аллах! мен Сенден кайтпай турган ыйманды, түгөнбөс нематты жана түбөлүк бейиштин эң жогорку даражасында пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге болууну сураймын!» [83] [83] Ибн Хиббан «Маварид» китебинде (604-б., № 2436) Ибн Масъуддан (Аллах андан ыраазы болсун) маукуф түрүндө риваят кылган. Ахмад башка жол менен (1/386, 400), ал эми Насаи «Амал ал-Йаум ва ал-Лайла» китебинде (№ 869) келтирген. Альбани «Ас-Силсила ас-Сахиха» китебинде (№ 2301) аны хасан деген.
«Аллахумма инни ас-алука ийманан лаа яртадду, уа наийман лаа янфаду, уа мурафаката Мухаммадин саллаллаху алейхи уа саллам фи аъла жаннатил-хулд».
122. «Оо, Аллах! Мени өз напсимдин жамандыгынан сактай көр жана мени иштеримдин эң туурасына бекемдей көр! Оо, Аллах! Менин жашыруун жана ачык кылган, жаңылып жана атайылап кылган, өзүм билген жана билбеген күнөөлөрүмдү кечире көр!» [84] [84] Муну Насаи «Ал-Кубра» китебинде (6/246, № 10830) жана Хаким (1/510) риваят кылып, сахих деген, ал эми Захаби буга кошулган. Аны Ахмад (4/444) да риваят кылган. Ал тахкик кылынган «Муснадда» (33/197, № 19992) да келет. Хафиз «Ал-Исаба» китебинде: «Анын иснады сахих», — деп айткан. Альбани да аны «Риядус-Солихиндин» тахрижинде, № 1495 хадиске берген түшүндүрмөсүндө сахих деп баалаган.
«Аллахумма кынии шарра нафсии, ваьзим ли алаа аршади амрии, Аллахуммагфир ли маа асрарту, уа маа аьланту, уа маа ахтаату, уа маа амадту, уа маа алимту, уа маа жахилт».
123. «Оо, Аллах! Чындыгында, мен карыздын басып калуусунан, душмандын үстөмдүгүнөн жана душмандардын табалоосунан Өзүңдөн коргоо сурайм!» [85] [85] Насааи (№ 5475); Имам Ахмад (2/173); Альбани «Ас-Сахих Ан-Насааи» китебинде (3/1113) сахих деп баалаган.
«Аллахумма иннии а-ьуузу бика мин галабатид-дайни, уа галабатил-адувви, уа шамаататил-аьдаа».
124. «Оо, Аллах! мени кечир, мага туура жол көрсөт, мага ырыскы бер, мени саламаттыкта кыл! Кыямат күнү жайдын тардыгынан Сенден коргоо сурайм!» [86] [86] Насаи (№ 1617) жана Ибн Мажа (№ 1356) риваят кылышыкын; Альбани аны «Сахих Сунан Насаий» китебинде (1/356) жана «Сахих Ибн Мажа» китебинде (1/226) сахих деп тастыктаган.
«Аллахуммагфир ли, вахдини, варзукни, уа ьаафини, а-ьуузу биллахи мин дийкил маками явмал кыяма».
125. «Оо, Аллах! Угуумдан жана көрүүмдөн мени пайдалант жана ал экөөнү менден калуучу мураскерим кыл! Мага зулумдук кылган адамга каршы мага жардам бер жана андан өчүмдү алып бер!» [87] [87] Тирмизи (№ 3681), Бухари «Адаб ал-Муфрадда» (№ 650), Хаким (1/523) риваят кылышкан. Хаким аны сахих деп баалаган жана Захаби да аны кубаттаган. Албани «Сахих Тирмизи» китебинде (3/188) аны хасан деп баалаган.
«Аллахумма маттиъни бисамъи, уа басари, важ-ъалхумал-ваариса минни, вансурни ала ман язлимуни, уа хуз минху би саъри».
126. «Оо, Аллах! Мен Сенден таза жашоону, бейпил өлүмдү жана кор кылбай, уятка калтырбай турган кайтууну сурайм!» [88] [88] Аны Хаким (1/541), ал-Баззардын «Заваид ал-Муснад» китебинде (2/442, № 2177) жана Табарани «ад-Дуа» китебинде (№ 1435) келтиришкен. Хайсамий «Мажма‘ аз-Заваид» китебинде (10/179): «Табаранинин иснады жакшы», — деген.
«Аллахумма инни ас-алука ийшатан накыйятан, уа мийтатан савийятан, уа мараддан гайра махзин уа лаа фаадих».
127. «Оо, Аллах! Бардык мактоолор Сага гана таандык. Оо, Аллах! Сен кенен кылганды тар кылуучу жок, Сен тар кылганды кенен кылуучу жок. Сен адаштырганды туура жолго салуучу жок, Сен туура жолго баштаганды адаштыруучу жок. Сен тыйганды берүүчү жок, Сен бергенди тыюучу жок. Сен алыстатканды жакындатуучу жок, Сен жакындатканды алыстатуучу жок. Оо, Аллах! Бизге Өзүңдүн берекелериңден, мээримиңден, пазилетиңден жана ырыскыңдан кенен ырооло! Оо, Аллах! Мен Сенден өзгөрбөй турган жана түгөнбөй турган түбөлүк нематты сураймын! Оо, Аллах! Мен Сенден жокчулук күнүндө немат, коркунуч күнүндө амандык сураймын! Оо, Аллах! Мен Сен бизге берген нерсенин жамандыгынан жана Сен бизден тыйган нерсенин жамандыгынан Өзүңдөн коргоо тилеймин! Оо, Аллах! Ыйманды бизге сүйкүмдүү кыл жана аны биздин жүрөктөрүбүздө кооздо. Бизге каапырлыкты, бузукулукту жана күнөөкөрлүктү жек көрүндүү кыл. Жана бизди туура жолдогулардан кыл! Оо, Аллах! Биздин жаныбызды мусулман абалыбызда ал, бизди мусулман абалыбызда жашат, ошондой эле бизди кор болбогон жана азгырыкка кабылбаган абалда салихтердин катарына кош! Оо, Аллах! Сенин элчилериңди жалганчыга чыгарган жана Сенин жолуңдан тоскон каапырларды кыйрат, аларга Өзүңдүн каарыңды жана азабыңды сал! Оо, Аллах! Китеп берилгендердин ичиндеги каапырларды да кыйрат! Оо, Акыйкат Илах! [Оомийин]» [89] [89] Ахмад өзүнүн сөзү менен (3/424) жана (24/246, № 15492) келтирген. Кашаанын ичиндеги сөздөр Хакимге таандык (1/507, 3/23–24). Бухари «Адаб ал-Муфрад» китебинде (№ 699) келтирген. Албани «Тахриж Фикх ас-Сира» китебинде (284-б.) жана «Сахих ал-Адаб ал-Муфрад» китебинде (№ 538, 259-б.) аны сахих деп баалаган.
«Аллахумма лакал-хамду куллух, Аллахумма лаа каабида лимаа басатта, уа лаа баасита лимаа кабадта, уа лаа хаадия лиман адлалта, уа лаа мудилла лиман хадайта, уа лаа муътия лимаа манаъта, уа лаа мааниа лимаа аътайта, уа лаа мукарриба лимаа баа-адта, уа лаа мубааида лимаа каррабта, Аллахуммабсут алайнаа мин баракаатика, уа рахматика, уа фадлика, уа ризкик, Аллахумма иннии ас-алукан-наиимал-мукиим аллазии лаа яхуулу уа лаа язуул, Аллахумма иннии ас-алукан-наиима явмал-айлах, вал-амна явмал-хавф, Аллахумма иннии аа-изун бика мин шарри маа аътайтанаа уа шарри маа манаътанаа, Аллахумма хаббиб илайнал-иймаана ва заййинху фии кулуубинаа, уа каррих илайнал-куфра вал-фусуука вал-исйаан, важ-алнаа минар-раашидиин, Аллахумма таваффанаа муслимиин, уа ахйинаа муслимиин, уа алхикнаа бис-саалихиина гайра хазаая уа лаа мафтууниин, Аллахумма каатилил-кафаратал-лазиина юказзибууна русулак, уа ясуддууна ан сабиилик, важ-ал алайхим рижзака уа азаабак, Аллахумма каатил кафаратал-лазиина уутул-китааб, илаахал-хак, Аамиин».
128. «Оо Аллах! Менин күнөөлөрүмдү кечир, мага ырайым кыл, мени туура жолго башта, мага саламаттык бер жана мени ырыскыландыр!» [90] [90] Муслим (№ 2696, № 2697). Муслимдин бир риваятында: «Анткени, булар сен үчүн дүйнөңдү да, акыретиңди да жыйнап берет», — деп айтылган. Абу Дауддун «Сунан» китебинде (№ 850): «Бадиялык араб бурулуп кеткенде, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Чындыгында, ал эки колун жакшылыкка толтурду”, — деп айткан.
«Аллахуммагфир ли, вархамни, вахдини, уа ьафини, варзукни».
«Менин кемчиликтеримди толтуруп (абалымды оңдоп), даражамды көтөр!» [91] [91] Караңыз: Ибн Мажа (№ 898); «Сунан Тирмизи» (№ 284); «Сахих Ибн Мажа» (1/148) жана «Сахих Тирмизи» (1/90).
«Важбурни, варфаънии».
129. «Оо, Аллах! Бизге көбөйт жана кемитпе; бизди ардакта жана кор кылба; бизге бер жана куру калтырба; бизди артык көр жана бизден башканы артык көрбө; бизди ыраазы кыл жана бизден ыраазы бол!» [92] [92] Тирмизи (5/326, № 3173) жана Хаким (2/98) келтирип, аны сахих деп баалашкан. Шейх Абдулкадыр ал-Арнаут «Жамиъ ал-Усул» китебинин тахкигинде (11/282, № 8847) аны хасан деп баалаган.
«Аллахумма зидна уа ла танкусна, уа акримна уа ла тухинна, уа аътина уа ла тахримна, уа аасирна уа ла туъсир алайна, уа ардина варда анна».
130. «Оо, Аллах! Менин жаратылышымды көркөм кылдың, кулк-мүнөзүмдү да көркөм кыл!» [93] [93] Ахмад (6/68, 155; 1/403), Ибн Хиббан (№ 2423, «Маварид»), Таялиси (№ 374) жана Абу Яъланын «Муснад» китебинде (№ 5075) келтирилген. Альбани «Ирва ал-Голил» китебинде (1/115, № 74) аны сахих деп баалаган.
«Аллахумма ахсанта халки, фа-ахсин хулуки».
131. «Оо, Аллах! Мени туура жолдо бекем кыл жана мени туура жолго баштоочу, туура жолду тапкандардан кыл!» [94] [94] Буга Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Жарирге (Аллах андан ыраазы болсун) кылган дубасы далил болот. Караңыз: Бухари (№ 6333), ошондой эле (№ 3020, № 3036) жана башкалар.
«Аллахумма саббитни важ-ъални хаадиян махдийя».
132. «Оо, Аллах! Мен Сенден иштерде туруктуулукту жана туура жолдо чечкиндүү болууну сурайм! Сенден ырайымыңа себеп болуучу амалдарды жана кечиримиңе жеткирүүчү иштерди сурайм! Сенден нээматыңа шүгүр кылууну жана Сага жакшылап ибадат кылууну сурайм! Сенден таза жүрөктү жана чынчыл тилди сурайм! Сенден Өзүң билген жакшылыктарды сурайм! Өзүң билген жамандыктардан сактооңду сурайм жана Өзүң билген (күнөөлөрүм) үчүн кечирим сурайм! Чындыгында, Сен Өзүң кайыптарды толук Билүүчүсүң!» [95] [95] Ахмад (28/338, № 17114; 28/356, № 17133); Тирмизи (№ 3407); Табарани «Муъжам ал-Кабир» китебинде (ошол эле лафз менен) (№ 7135, № 7157, № 7175, № 7176, № 7177, № 7178, № 7179, № 7180); Ибн Хиббан «Сахих» китебинде (3/215, № 935; 5/310, № 1974) келтирген. Шуайб ал-Арнаут «Сахих Ибн Хиббан» китебинде (5/312) аны «чынжыр тизмеги жакшы» деп хасан деп баалаган. «Муснад» китебинин мухаккиктери (28/338) риваят жолдору аркылуу аны «чынжыр тизмеги жакшы» деп хасан деп баалашкан. Альбани муну «Силсила ал-Ахадис ас-Сахиха» китебинин жетинчи томунда (№ 3228) жана «Сахих Маварид аз-Заман» китебинде (№ 2416, № 2418) эскерип, «сахих ли-гайрихи» деген.
«Аллахумма инни ас-алукас-сабаата фил-амр, вал-азимата алар-рушд, уа ас-алука мужибати рахматик, уа азаима магфиратик, уа асалука шукра ниматик, уа хусна ибадатик, уа ас-алука калбан салиман, уа лисанан садикан, уа ас-алука мин хайри ма талам, уа а-ьуузу бика мин шарри ма талам, уа астагфирука лима таьлам, иннака анта алламул-гуюб».
133. «Оо, Аллах! Чындыгында, мен Сенден Бейиштин эң жогоркусу болгон Фирдаусту сураймын!» [96] [96] Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сөзүнөн алынган: «...Эгер Аллахтан сурасаңар, Фирдаусту сурагыла. Анткени ал — бейиштин эң жакшысы жана бейиштин эң бийиги. Анын үстүндө Рахмандын Аршы жайгашкан жана андан бейиштин дарыялары агып чыгат». Бухари (№ 2790, № 7423).
«Аллахумма инни ас-алука ал-фирдауса аьлал-жаннах».
134. «Оо, Аллах! Жүрөгүмдөгү ыйманды жаңырта көр!» [97] [97] Абдуллах ибн Умардын (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) хадисинен алынган. Ал мындай деген: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: «Чындыгында, кийим эскирген сыяктуу эле, силердин ичиңердеги ыйман да эскирет. Ошондуктан, Аллахтан жүрөгүңөрдөгү ыйманды жаңыртуусун сурагыла». Хаким (1/4) аны сахих деген жана Захаби да ага кошулган. Ал эми Хайсами «Мажмаъ аз-Заваид» китебинде (1/52) мындай деген: «Аны Табарани «ал-Кабир» китебинде риваят кылган жана анын иснады хасан». Ошондой эле Альбани аны «Силсилат ал-Ахадис ас-Сахиха» китебинде (4/113, № 1585) хасан деп баалаган.
«Аллахумма жаддидил иймана фи калби».
135. «Оо Аллах! Мен сенден пайдасыз намаздан сактооңду сурайм!» [98] [98] Абу Дауд (№ 1549); Альбани аны «Сахих Сунан Абу Дауд» китебинде (1/424) сахих деп тастыктаган.
«Аллахумма инни а-ьуузу бика мин салаатин лаа танфа».
136. «Оо, Аллах! Чындыгында, мен Сенден жаман кошунадан, карылык келбей жатып мени карыта турган жубайдан, мага кожоюндук кыла турган баладан, мага азап боло турган мал-мүлктөн жана көзү мени карап, жүрөгү мени аңдып турган; эгерде жакшылыгымды көрсө жашырып, ал эми жамандыгымды көрсө элге таркаткан жаман достон коргоо сурайм!» [99] [99] Табарани «ад-Дуа» китебинде (3/1425, № 1339), ал эми Альбани «Силсилат ал-Ахадис ас-Сахиха» жыйнагында (7/377, № 3137) мындай деген: «Мен айтамын: Бул — жакшы иснад. Анын риваятчыларынын баары “Тахзиб” китебинин риваятчыларынан...».
«Аллахумма инни а-ьуузу бика мин жарис-суу, уа мин завжин тушаййибуни каблал-машиб, уа мин валадин якуну алайя раббан, уа мин маалин якуну алайя азабан, уа мин халиилин макирин айнуху тарани, уа кальбуху яраани; ин ра-аа хасанатан дафанаха, уа иза ра-аа саййиатан азааха».
137. «Оо, Аллах! Кыямат күнү мени кор кылба!» [100] [100] Ахмад «Муснад» китебинде (29/596, № 18056) келтирген. «Муснад» китебинин мухаккиктери: «Анын иснады сахих», — дешкен. Аны Табарани «Муъжам ал-Кабир» китебинде (3/20, № 2524) төмөнкүдөй сөздөр менен риваят кылган: «Оо, Аллах! Мени Кыямат күнү шерменде кылба жана кыйынчылык күнү да шерменде кылба».
«Аллахумма лаа тухзини явмал кыямах».
138. «Оо, Аллах! Чындыгында, мен Сенден дүйнөдө жана акыретте амандыкты сураймын!» [101] [101] Ибн Мажа (№ 3851). Альбани аны «Сахих Ибн Мажа» китебинде (3/259) жана «Силсилат ал-Ахадис ас-Сахиха» жыйнагында (№ 1138) сахих деп тастыктаган.
«Аллахумма инни ас-алукал му-аафата фид-дунья вал-аахира».
139. «Оо, Аллах! Сени менен пайдасыз илимден, көтөрүлбөгөн амалдан, (Сенден) коркпогон жүрөктөн жана угулбаган сөздөн сактанам!» [102] [102] Ибн Хиббан «Маварид» китебинде (№ 2440) риваят кылган. Ал эми Альбани аны «Сахих Маварид аз-Заман» китебинде (2/454, № 2066) сахих деп тастыктаган.
«Аллахумма инни а-ьуузу бика мин илмин лаа янфау, уа амалин лаа юрфау, уа калбин лаа яхшау, уа кавлин лаа юсма».
140. «Оо, Аллах! Мени тынчсыздануудан, кайгы-кападан, алсыздыктан, жалкоолуктан, сараңдыктан, коркоктуктан, карыздын жүгүнөн жана адамдарга жеңилип калуудан сакта!» [103] [103] Бухари (№ 6363). Анас (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деген: «Мен Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ал кайда токтобосун, кызмат кылар элем жана анын: “Оо, Аллах! Чындыгында, мен Сенден паанек тилейм...” — деп көп айтканын угар элем».
«Аллахумма инни а-ьуузу бика минал-хамми вал-хазани, вал-ажзи вал-касали, вал-бухли вал-жубни, ва далаид-дайни, уа галабатир-рижаал».
141. «Оо, Аллах! Мени тозок азабынан, кабыр азабынан, ачык жана жашыруун азгырыктардан жана Дажжалдын азгырыгынан сакта!» [104] [104] Муслим (№ 2867). Анда: «Тозок азабынан Аллахтан коргоо сурагыла...», «Кабыр азабынан Аллахтан коргоо сурагыла...» — деп айтылган.
«Аллахумма инни а-ьуузу бика мин азаабин-наар, уа а-ьуузу бика мин азаабил-кабр, уа а-ьуузу бика минал-фитани маа захара минхаа уа маа батан, уа а-ьуузу бика мин фитнатид-дажжаал».
142. «Оо, Аллах! Мен Сенден Сенин жолуңда шейит болууну сураймын!» [105] [105] Муслим (№ 1909). Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Кимде-ким чын ыкластан Аллахтан шейиттикти сураса, ал өз төшөгүндө каза болсо да, Аллах аны шейиттердин даражаларына жеткирет», — деген сөзүнөн алынган.
«Аллахумма инни ас-алука шахадатан фи сабиилик».
143. «Оо, Аллах! Мени кечире көр! Оо, Аллах! Кыямат күнү мени Өзүң жараткан адамдардын көбүнөн жогору кыла көр! Оо, Аллах! менин күнөөмдү кечире көр жана Кыямат күнү мени ардактуу жайга киргизе көр!» [106] [106] Бухари (№ 4323) жана Муслим (№ 2498). Бул Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Убайд Абу Амирге кылган дубасынан жана анын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Абу Бурдага (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) кылган дубасынан алынган.
«Аллахуммагфир ли, Аллахуммаж-ьални явмал кыямати фавка касирин мин халкика минан наси, Аллахуммагфир ли занби, уа адхилни явмал кыямати мудхалан кариима».
144. «Оо, Аллах! Өзүң туура жолго салган кишилердин катарында мени да туура жолго сал! Өзүң амандык берген кишилердин катарында мага да амандык бер! Өзүңө жакын туткан кишилердин катарында мени да Өзүңө жакын тут! Мага берген нерселериңди берекелүү кыл! Өкүм кылган нерселериңдин жамандыгынан мени сакта! Чындыгында, Сен Өзүңө дос туткан пенде эч качан кор болбойт. Оо, Раббибиз! Сен эң Жогорку, эң Улуусуң!» [107] [107] Ахмаддын «Муснад» китебинде (3/249, № 1723). «Муснад» китебинин изилдөөчүлөрү (3/249): «Иснады сахих», — деп айтышкан. Бул башка риваятта келгендей, витр менен гана чектелбеген жалпы риваят. Бул риваятта Анас (Аллах андан ыраазы болсун): «Ал бизге бул дубаны үйрөтчү», — деген.
«Аллахумма ихдини фиман хадайт, уа аафини фиман аафайт, уа таваллани фиман таваллайт, уа баарик ли фима аьтайт, уа кыни шарра ма кадайт, иннаху ла язиллу ман ваалайт, табааракта раббана уа таалайт».
145. «Оо, Раббим! Сурак күнүндө менин күнөөмдү кечире көр!» [108] [108] Муслим (№ 214). Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Оо, Аллахтын Элчиси! Чындыгында, Ибн Жудъан жахилият доорунда туугандык карым-катнашты улап, мискиндерди тамактандырчу эле. Мунун ага пайдасы тиеби?» — деп айтылганда, ал: «Ага пайдасы тийбейт. Анткени ал бир дагы күн: “Оо, Раббим! Сурак күнү менин күнөөлөрүмдү кечире көр!” — деп айткан эмес», — деди.
«Раббигфир ли хатиати явмад-дин».
146. «Андан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок болгон, Түбөлүк Тирүү, Өзүнөн-өзү туруучу Улуу Аллахтан кечирим сурайм жана Ага тооба кылам!» [109] [109] Тирмизи (№ 3577). Албани «Сахих Тирмизи» китебинде (3/469) аны сахих деп баалаган: «Кимде-ким муну айтса, Аллах аны кечирет, эгер ал согуш талаасынан качып кеткен болсо да».
«Астагфируллахал азиймаллази лаа илааха иллаа хува, ал-хаййул каййууму, уа атуубу илайх».
147. «Оо, Аллах! Менин күнөөмдү кечире көр, жүрөгүмдүн ачуусун кетире көр жана мени адаштыруучу фитналардан сактай көр!» [110] [110] Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Айшага (Аллах андан ыраазы болсун) кылган дубасынан алынган: «Оо, Аллах! Анын күнөөсүн кечир, жүрөгүндөгү ачуусун кетир жана аны адаштыруучу фитналардан сактай көр!». Бул хадисти Ибн Асакир өзүнүн иснады менен «Ал-Арбаин фи Манакиб Уммахат ал-Муъминин» (85-б.) китебинде Айшадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылып келтирген жана: «Бул Бакийя ибн ал-Валиддин хадистеринен келген сахих хасан хадис», — деген. Ошондой эле аны Ибн Сунни «Амал ал-Йаум ва ал-Лайла» китебинде (№ 457) ушуга окшош мааниде келтирген. Ибн Суннинин башка бир нускасында «адаштыруучу фитналардан» дегендин ордуна «мени шайтандан сакта» деп айтылган. Анын тахрижине Альбанинин «ад-Даифа» китебинен (№ 4207) караңыз. Имам Ахмаддын «Муснад» китебинде (№ 26576; 44/2) Умм Саламадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылынган ушул сыяктуу дагы бир күбөсү бар. Анын тексти төмөндөгүдөй: «Сен: “Оо, Аллах, Пайгамбар Мухаммаддын Раббиси! Менин күнөөмдү кечире көр, жүрөгүмдөгү ачууну кетир жана бизге өмүр бергениңче, бизди адаштыруучу фитналардан сактай көр”, — деп айт». Аны ал-Хайсами «Мажмаъ аз-Заваид» китебинде (10/27) хасан деп баалаган. Ал эми ат-Табаранинин «ал-Муъжам ал-Кабир» китебинде (23/338, № 785) «бизге өмүр бергениңче» деген сөзү жок келген. Ошондой эле Умм Ханиден (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылынган дагы бир күбөсү бар. Ал: «Оо, Аллахтын Элчиси! Мага мен дуба кылып жүрө турган бир дуба үйрөтүңүзчү», — дегенде, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Сен: “Оо, Аллах! Менин күнөөмдү кечир...” — деп айт», — деген. Бул хадисти ал-Хараити «Иътилал ал-Кулуб» китебинде (№ 52) жана «Масави ал-Ахлак» китебинде (№ 323) келтирген.
«Аллахуммагфир лий занбий, уа азхиб гайза калбий, уа аизний мин мудиллатил-фитан».
148. «Оо, Аллах! Мени Пайгамбарыңдын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтүндө жашат, анын дининде жанымды ал жана мени адаштыруучу фитналардан сактай көр!» [111] [111] Аны Байхаки «Кубра» китебинде (5/95) Ибн Умардын дубасынан маукуф түрүндө риваят кылган. Муну Ибн Мулаккин «Ал-Бадр ал-Мунир» китебинде (6/309) Зиядан накыл кылып: «Иснады жакшы», — деген. Ибн Масъуд (Аллах андан ыраазы болсун): «Эч кимиңер: “Оо, Аллах! Мен Сенден жамандыктан жана сыноодон коргоо тилейм”, — деп айтпасын. Анткени сыноого туш болбогон эч бир адам жок. Себеби Аллах: «Чындыгында, мал-мүлкүңөр жана балдарыңар — сыноо» [Тагабун: 15], — деп айткан. Ошондуктан, кимиңер коргоо тилей турган болсо, адаштыруучу жамандыктан жана сыноолордон Аллахтан коргоо тилесин», — деди. Аны Ибн Жарир өзүнүн «Тафсир» китебинде (13/475, № 15912) риваят кылган. Ибн Баттал аны «Сахих Бухаринин шархы» китебинде (4/13) эскерген.
«Аллахумма ах-йини ала суннати набиййика, уа таваффани ала миллатихи, уа а-ьизни мин мудиллатил фитан».
149. «Оо, Аллах! (Пайгамбарың) Ибрахим жана анын үй-бүлөсүнө ырайым кылган сыяктуу (Пайгамбарың) Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө да ырайым кыл. Чындыгында Сен мактоого татыктуу, Улук Затсың! Оо, Аллах! (Пайгамбарың) Ибрахимди жана анын үй-бүлөсүн берекеттүү кылган сыяктуу, (Пайгамбарың) Мухаммадды жана анын үй-бүлөсүн да берекеттүү кыл! [Ааламдарда] Албетте Сен мактоого татыктуу Улук Затсың!» [112] [112] Бухари (№ 3370) риваят кылган. Кашаанын ичиндеги сөздөр Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) Муслимде (№ 405) келген хадистен алынган.
«Аллахумма салли ала Мухаммадин, уа ала аали Мухаммадин, кама саллайта ала Ибрахима, уа ала аали Ибрахима, иннака хамидун мажид, уа барик ала Мухаммадин, уа ала аали Мухаммадин, кама баракта ала Ибрахима, уа ала аали Ибрахима, фил ааламин, иннака хамидун мажид».
Ааламдардын Раббиси Аллахка Анын улуктугуна жана бийлигинин улуулугуна ылайык мактоолор болсун. Оо, Аллах! Пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана Кыямат күнгө чейин ага жакшылык менен ээрчигендерге Сенин салам-салаваттарың болсун.
Куран жана сүннөттөн алынган дем салуу менен дарылануу
Аллах Тааланын алдындагы алсыз пенде
Доктор Саид ибн Али ибн Вахб Ал-Кахтани
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен.
Киришүү: Куран жана сүннөт менен дарылануунун маанилүүлүгү.
Чындыгында, бардык мактоолор Аллахка таандык. Биз Аны мактайбыз, Андан жардам сурайбыз жана Андан кечирим тилейбиз. Напсибиздин жамандыктарынан жана жаман амалдарыбыздан Аллахтын коргоосун сурайбыз. Аллах кимди туура жолго баштаса, аны эч ким адаштыра албайт, ал эми кимди адаштырса, аны эч ким туура жолго баштай албайт. Мен Аллахтан башка сыйынууга татыктуу Кудай жок — Ал жалгыз жана Анын шериги жок экендигине, ошондой эле Мухаммад Анын кулу жана Элчиси экендигине күбөлүк берем. Ага, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана аларга кыямат күнүнө чейин жакшылык менен ээрчигендерге Аллахтын көптөгөн салам-салаваттары болсун.
Ыйык Куран, ошондой эле Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анык жеткен рукялар (дем салуулар) менен дарылануу – пайдалуу даба жана толук шыпаа экендигинде эч кандай шек-күмөн жок. Аллах Таала айтты: «Айткын: Бул (Куран) ыймандуу адамдарга туура жол жана шыпаа...» (Фуссилат сүрөөсү, 44-аят). Аллах Таала дагы мынтип айткан: «Биз ыймандуулар үчүн шыпаа жана ырайым болгон Куранды түшүрөбүз. Ал эми (Куран аяттары) залымдардын зыяндарын гана көбөйтөт». (Исра сүрөөсү, 82-аят). Бул жердеги «мин» тамгасы жынсты баяндоо үчүн колдонулган. Анткени мурдагы аятта[1] айтылгандай, Курандын бардыгы — шыпаа. Аллах Таала айтты: «Оо, адамдар! Силерге Раббиңер тарабынан насаат, көкүрөктөгү ооруларга шыпаа, туура жол жана бүт ааламдар үчүн ырайым (болуп Куран) келди». (Юнус сүрөөсү, 57-аят). [1] Караңыз: Ибн ал-Каййум, «Ал-Жаваб ал-каафи лиман са'ала анид-дава'иш-шаафи», 20-бет.
Чындыгында, Куран — бул жүрөк менен дененин бардык ооруларына, ошондой эле дүйнө жана акырет дарттарына толук шыпаа. Бирок Куран менен шыпаа табууга ар ким эле татыктуу боло бербейт жана баарына эле мындай тауфик (ийгилик) берилбейт. Эгерде оорулуу аны менен туура дарыланып, өз оорусун чын ыклас, ыйман, толук кабыл алуу, бекем ишеним жана шарттарын кемчиликсиз аткаруу менен дарыласа, оору ага эч качан туруштук бере албайт. Эгерде тоолорго түшүрүлсө — аларды жарып, ал эми жерге түшүрүлсө — аны тилип жибере турган Жер жана Асман Раббисинин Сөзүнө оорулар кантип туруштук бере алсын?! Аллах Өз Китебин түшүнүүнү насип кылган пенде үчүн Куранда жүрөк менен дененин кайсы гана оорусу болбосун, аны дарылоонун жолуна, оорунун себебине жана андан сактанууга көрсөтмө сөзсүз бар. Аллах Таала Куранда жүрөктөр менен денелердин ооруларын, ошондой эле жүрөктөр менен денелердин дарысын эскерип өткөн:
Ал эми жүрөк ооруларына келсек, алар эки түрдүү болот: күмөн менен шектенүү оорусу, ошондой эле напси кумары менен адашуу оорусу. Аллах Таала жүрөк ооруларын кеңири баяндап, алардын себептерин жана дарылоо жолун эскерет[2]. Аллах Таала айтты: «(Оо, Мухаммад!) Биз сага түшүргөн (далил-баяндуу Куран) китеп аларга жетиштүү эмес бекен?! Бул аяттар аларга окулуп жатпайбы?! Чындыгында бул китепте ыйман келтирген элдер үчүн ырайым жана акыл-насааттар бар». [Анкабут сүрөөсү, 51-аят]. Имам Ибнул-Каййум (Аллах аны ырайымына алсын) айтты: «Кимге Куран шыпаа бербесе, Аллах ага шыпаа бербесин! Ал эми кимге ал жетиштүү болбосо, Аллах ага жетиштүү кылбасын!»[3] [2]"Заад ал-Маад", Ибн Каййум, 4\6 жана 4\352. [3] Заад ал-Маад, 4\352
Ал эми дене ооруларына келсек, Куран аларды дарылоонун негиздерине, жалпы жоболоруна жана эрежелерине жол көрсөтөт. Анткени денени дарылоо эрежелеринин бардыгы Улуу Куранда камтылган. Алар үчөө: ден соолукту сактоо, зыяндуу нерселерден сактануу жана денедеги зыяндуу ашыкча заттарды чыгаруу. Ошондой эле ушулардын негизинде ушул түргө кирген башка бардык бөлүктөргө да далил алынат [4]. [4] Заад ал-Маад, 4\352 жана 4\6
Эгерде пенде Куран менен туура дарылана билгенде, анын тез шыпаа табуудагы укмуштуудай таасирин көрмөк.
Имам Ибнул-Каййум (Аллах аны ырайымына алсын) айтты: «Меккеде жүргөнүмдө ооруп калып, эч бир табып да, дары да таппай айлам түгөнгөн учур болду. Ошондо өзүмдү «Фатиха» сүрөөсү менен дарылай баштадым да, анын таң калыштуу таасирин көрдүм: бир жутум Замзам суусун алып, ага ушул сүрөөнү бир нече жолу окуп, андан соң иччүмүн. Натыйжада, ушул ыкма менен толук айыгып кеттим. Кийин да көптөгөн ооруларда ушул нерсеге таянып, андан эбегейсиз чоң пайда көрдүм. Андан соң оорусуна даттангандарга ушуну сунуштай турган болдум, алардын көпчүлүгү тез эле айыгып кетишчү»[5]. [5] Караңыз: «Задул-маад» (4/178) жана «ал-Жавабул-кафи», 21-б.
Ошондой эле Пайгамбарыбыздан калган ишенимдүү рукиялар менен дарылануу – эң пайдалуу дарылардын бири. Ал эми дуба, эгерде тоскоолдуктардан таза болсо, жамандыкты кайтарууда жана максатка жетүүдөгү эң пайдалуу себептерден болуп саналат. Демек, ал – эң пайдалуу дары, өзгөчө дубада тынымсыз жалбарып сураганда. Дуба – балээнин душманы: аны кайтарат, айыктырат, түшүүсүнө тоскоол болот, ал эми түшүп калган болсо, аны жеңилдетет[6]. Анткени Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: «Дуба башка түшкөн жана түшө элек балээлерге пайда берет. Ошондуктан, эй, Аллахтын пенделери, дуба кылгыла!»[7] Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: «Тагдырды дубадан башка эч нерсе өзгөртө албайт, ал эми өмүрдү жакшылыктан башка эч нерсе узартпайт»[8]. Бирок бул жерде аңдап-түшүнө турган бир жагдай бар: айыгууну суроодо, дем салууда окулуучу аяттар, зикирлер жана коргонуу дубалары өзүнөн өзү пайдалуу же айыктыруучу болуп саналат. Бирок алар туура кабыл алууну, ошондой эле дем салуучунун ички күчүн жана таасирин талап кылат. Эгер айыгуу болбой калса, бул дем салуучунун таасиринин алсыздыгынан, же оорулуунун туура кабыл албагандыгынан, же болбосо дарынын таасир этишине бөгөт болгон башка бир күчтүү тоскоолдуктун айынан болот. Анткени рукия (дем салуу) менен дарылоо эки тарапка тең байланыштуу: [6] Ал-Жаваб ал-Кафи, 22-25-б. [7] Тирмизи, 3548; Хаким (1/670); Ахмад, 22044; Альбани хасан деген. Караңыз: Сахихул-Жамиъ (3/151), 3403 [8] Хаким, 1/670; Тирмизи, 2139. Альбани «Силсилатул-ахадисис-сахиха» (1/76, 154) китебинде хасан деген.
Биринчи жагдай: Оорулуунун өзүнө байланыштуу. Бул анын рухий күч-кубаты, Аллах Таалага чын ыкластан жүз буруусу, Курандын момундар үчүн шыпаа жана ырайым экендигине болгон бекем ишеними, ошондой эле жүрөк менен тил бирдей шайкеш келген туура коргонуу дубалары аркылуу ишке ашат. Анткени, чындыгында бул – күрөштүн бир түрү, ал эми күрөшүүчү душманынын үстүнөн эки нерсе болмоюнча толук жеңишке жете албайт:
Куралдын өзү жарактуу жана курч болушу, ошондой эле аны кармаган билектин күчтүү болушу зарыл. Эгер ушул экөөнүн бири кем болсо, курал көп пайда бербейт. Ал эми бул эки нерсе тең жок болсо, анда абал кандай болот? Жүрөк Аллахты жалгыздоодон (таухидден), тобокел кылуудан, такыбалыктан жана Аллахка жүз буруудан куру калып бузулса, анда анын эч кандай куралы да болбойт.
Экинчи жагдай: Куран жана сүннөт менен дарылоочу адамда да ушул эки нерсенин болуусу зарыл[9]. Ошондуктан Ибн ат-Тин (Аллах аны ырайымына алсын) мындай деген: «Муъаввизат сүрөөлөрү жана Аллахтын башка ысымдары менен дем салуу – бул рухий дарылоо. Эгерде ал жаратылгандардын ичинен такыба пенделердин тили аркылуу айтылса, Аллах Тааланын уруксаты менен шыпаа болот»[10]. [9] Караңыз: Задул-маад (4/68) жана Ал-жавабул-кафи (21-б.). [10] Ибн Хажар, «Фатхул-Бари» (10/196).
Аалымдар үч шарт аткарылган учурда дем салуунун дурус экендигине бир пикирге келишкен:
Биринчи шарт: Аллах Тааланын сөзү, же Анын ысымдары жана сыпаттары, же Анын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сөзү менен болуусу.
Экинчи шарт: Араб тилинде же мааниси түшүнүктүү болгон башка тилде болуусу.
Үчүнчү шарт: Дем салуу (рукя) өзүнөн-өзү таасир бербейт, тескерисинче, Аллах Тааланын кудурети менен гана таасир этет деп ишенүү[11]. Ал эми дем салуу – себептердин бири гана. [11] Фатхул Баарини (10 / 195) жана аллама Ибн Баздын фатваларын (2 / 384) караңыз.
Мына ушундай зор маанилүүлүгүнөн улам, менин "Куран жана сүннөттөн алынган дем салуу, шыпаа, дуба жана зикирлер" деген китебимдин дем салуу бөлүгүн кыскартып жаздым жана ага Аллах Таала каласа, пайда бере турган маалыматтарды кошумчаладым. Улуу Аллахтан, жогору даражадагы ысым-сыпаттарын ортого коюп: ушул эмгекти Өзүнүн Улуу Жүзү үчүн калыс кылуусун, мага пайда берүүсүн жана ушул китепти окуган, басып чыгарган, таралуусуна себеп болгондордун баарына, ошондой эле жалпы мусулмандарга сооп жазуусун суранам. Ал анын Ээси жана ага Кудуреттүү. Пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана Кыямат күнүнө чейин аларды жакшылык менен ээрчигендерге Аллахтын салават-саламдары жана берекеси болсун.
Аллах Тааланын алдындагы алсыз пенде
Доктор Саид ибн Али ибн Вахб Ал-Кахтани
18.06.1414. х. ж. даярдалды
1- Сыйкырды дарылоо
Сыйкырды илахий жол менен дарылоо эки бөлүккө бөлүнөт:
Биринчи бөлүм: Сыйкыр боло электе, андан сактануу жолдору:
1- Бардык парздарды аткаруу, бардык арам иштерден тыйылуу жана бардык күнөөлөрдөн тообо кылуу.
2- Ыйык Куранды көп окуусу, күн сайын андан өзүнө вирд (белгиленген өлчөм) кылып алуусу.
3- Дубалар, коргонуучу дубалар жана шариаттагы зикирлер менен коргонуу. Алардан: эртең менен жана кечинде үч жолу: «Бисмиллаахиллази лаа ядурру маъасмихии шайун фил-арди уа лаа фис-самааи уа хувас-Самииъул-Алиим» – деп окуу керек[12]. Мааниси: Аллахтын ысымы менен (баштаймын). Аллах ушундай Зат: Анын ысымы менен (жүрсөк бизге) жер-асмандагы эч нерсе зыян жеткире албайт! Аллах — Угуучу жана Билүүчү! Ар бир намаздан кийин, уктаар алдында, эртең менен жана кечинде Аят аль-Курсини[13] жана төмөнкү сүрөөнү окуу керек: «Кул хува-Ллооху ахад» Айт (оо, Мухаммад:) Ал – Аллах жалгыз! Эртең менен, кечинде жана уктаар алдында «Фалак» жана «Нас» сүрөөлөрүн үч жолудан окуу, жана күн сайын жүз жолу: «Лаа илааха иллал-Лооху уахдаху лаа шарийка лаху, лахул мулку уа лахул хамду уа хуа 'алаа кулли шай’ин кодийр» деп айтуу [14], ошондой эле эртең мененки жана кечки зикирлерди, намаздардан кийинки зикирлерди, уктаардагы жана уйкудан ойгонгондогу зикирлерди, үйгө кирүү жана андан чыгуу зикирлерин, унаага минүү зикирлерин, мечитке кирүү жана андан чыгуу зикирлерин, ажатканага кирүү жана андан чыгуу дубаларын, сыноого кабылган адамды көргөндөгү дубаны жана башка ушул сыяктуу дубаларды дайыма калтырбай аткаруу зарыл. Мен булардын көбүн «Мусулмандын коргону» китебинде абалдарга, учурларга, орундарга жана убакыттарга жараша эскертип өттүм. Шек-күмөнсүз, Аллах Тааланын уруксаты менен аларды бекем кармануу – сыйкырдан, көз тийүүдөн жана жин тийүүдөн сактануунун себептеринен. Ошондой эле, алар бул балээлер жана башка жамандыктар тийгенден кийин дарылоонун эң улуу жолдорунан болуп саналат[15]. [12] Тирмизи, 3388; Абу Дауд, 5088; Ибн Маажа, 3869. Альбани «Сахих Ибн Маажада» (2/332) сахих деген. [13] Хаким, ал аны сахих деген жана Захаби ага кошулган (1/562), ошондой эле Альбани аны «Сахих ат-Таргиб ват-Тархиб» китебинде (1/273) 658-номер менен сахих деген. [14] Имам Бухари, (4/95), 3293. Имам Муслим, (4/2071), 2691. [15] Караңыз: «Заадул-маъаад» (4/126) жана Ибн Баздын «Мажмууъ фатавасы» (3/277). Ошондой эле, ушул китептеги көз тийүүнү дарылоонун үчүнчү бөлүгүндө келтирилген, көрө албас менен сыйкырчынын жамандыгын кайтара турган он себепти караңыз.
4- Эгер мүмкүн болсо, эртең менен ачкарын жети даана ажва курмасын жештик. Анткени Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: «Кимде-ким эртең менен жети даана ажва курмасын жесе, ошол күнү ага уу да, сыйкыр да зыян тийгизе албайт»[16]. Эң абзели – Муслимдин риваятында келгендей, Мадинанын эки кара таштуу аймагынын ортосундагы курмалардан болуусу. Урматтуу шейхибиз Абдулазиз ибн Абдуллах ибн Баз (Аллах аны ырайымына алсын), Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сөзүнө таянып, Мадинанын бардык курмаларында ушул сыпат табылат деген. «Кимде-ким таң эрте Мадинанын эки кара таштуу аймагынын ортосундагылардан[17] жети курма жесе...» Хадис[18]. [16] Имам Бухари (10/247), 5445; Имам Муслим (3/1618), 2047. [17] эки кара таштуу аймак ал – харра. Ал – отко күйүп калгандай көзөнөктүү кара таштары бар жер. Бул жерде андан максат: Пайгамбардын шаарын (Мадинаны) эки тараптан курчап турган эки кара таштуу аймак. Караңыз: Мунавинин «Файдул-Кодир» китеби (2/514). [18] Имам Муслим (3/1618), 2047.
Ошондой эле, анын (Аллах ага ырайым кылсын) пикири боюнча, Мадина курмасынан башка кайсы гана курмадан болбосун жети даана жеген адам үчүн да бул нерсе үмүт кылынат.
Экинчи бөлүм: Сыйкыр тийгенден кийин андан айыгуу. Анын бир нече түрү бар:
Биринчи түрү: Эгерде анын орду табылса, шариятта уруксат берилген жолдор менен аны чыгаруу жана күчүн жоготуу. Бул сыйкырланган адамды дарылоонун эң таасирдүү жолу [19]. [19] Караңыз: Задул-маад (4/124), аль-Бухари (10/132) № (5765), Муслим (4/1917) № (2189) жана Ибн Баздын «Мажмуу фатавасы» (3/228).
Экинчи түрү: Шарияттык дем салуу, ага төмөнкүлөр кирет[20]: [20] Караңыз: «Фатхул-хакк ал-мубин фи илаж ас-сараъ вас-сихр вал-айн», 138-б.
Биринчиден: көк сидрдин жети жалбырагын эки таштын ортосунда же ушул сыяктуу нерсе менен майдалайт. Анан анын үстүнө гусул алууга жете тургандай суу куюп, ага төмөнкүлөрдү окуйт:
Каргышка калган шайтандан Аллахтан коргоо сурайм. Аьузу биллахи минаш-шайтаанир-ражийм «Аллах – Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал (түбөлүк) Тирүү, (бардыгын) башкарып Туруучу. Ал үргүлөбөйт жана уктабайт. Асмандар менен жердегинин баары Ага тандык. Эч ким Анын алдында, Анын уруксаты болмоюнча шапаат-колдоо көрсөтө албайт. Ал алардын келечегиндеги жана өтмүшүндөгү нерселерди билет. Ал эми алар болсо, Анын илиминен Ал Өзү каалагандан башка эч нерсени билбейт. Анын Курсийи асмандар жана жерди камтып турат. Ал экөөнү (асмандар менен жерди) сактап туруу Ага эч тоскоолдук кылбайт. Ал Бийик жана Улуу Зат!» (Бакара сүрөөсү, 255-аят).
«Анан, Биз Мусага: “Таягыңды жерге ташта!”- деп аян кабар кылдык. Капыстан ал (Мусанын чоң жыланга айланып калган таягы) сыйкырчылардын жалгандарын жутуп жиберди». «Натыйжада акыйкат анык болуп, (каапырлардын) жасаган иштери жалганга чыкты». «Ушул жерде жеңилип, шерменде болуп кайтышты. (Анан) сыйкырчылар сажда кылган абалда, өздөрүн жерге таштап (мындай): «Биз ааламдардын Раббисине ыйман келтирдик!» - дешти». «Муса жана Харундун Раббисине (ыйман келтирдик!)» [Аараф сүрөөсү, 117-122-аяттар].
«Фараон айтты: “Мага бардык илимдүү сыйкырчыларды алып келгиле!” Качан сыйкырчылар келгенде Муса аларга: “Эмнени таштоону кааласаңар таштагыла”- деди. (Сыйкырчылар колдорундагы жиптерди, таякчаларды) таштады эле, (кадимки эле ийрелеңдеген жыландарга окшоп калды. Анда) Муса айтты: “Силер жасаган (бул) иш (анык) сыйкыр! Аллах тез эле анын жалганын чыгарат! Чынында, Аллах бузукулардын ишин оңдобойт. Аллах кылмышкерлерге жакпаса да, Өзүнүн сөздөрү менен Акыйкатты бекемдеп койот». [Юнус сүрөөсү, 79-82-аяттар].
«Оо, Муса! (дешти сыйкычылар) же сен (башта колуңдагы таягыңды) ташта же болбосо, биз биринчи таштайлы. (Муса) айтты: "Жок, силер таштагыла" (Ташташты эле,) капыстан жиптери жана таяктары, алардын сыйкырынан улам ага (Мусага) кыймылдагандай көрүндү! Муса ичинен бир чочуп кетти. Биз (ага): "Коркпогун сен (алардан) жогору (боло)суң" – деп айттык. Колуңдагы нерсени (таякты) ташта, алардын жасалмаларын жутуп жиберет. Алар жасаган нерселер сыйкырчынын гана көз бойоосу. Сыйкырчы деген кайда болбосун, максатка жетпейт. Анан сыйкырчылар сажда кылган абалда жерге бой таштап: "Муса менен Харундун Раббисине ыйман келтирдик!" дешти». (Тоха сүрөөсү, 65-70-аяттар).
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен. (Оо, Мухаммад, каапырларга) айткын: «Эй, каапырлар! Мен силер ибадат кылган (кудайлар)га ибадат кылбаймын! Силер дагы мен сыйынганга (Аллах Таалага) сыйынуучу эмессиңер. Мен силер ибадат кылган кудайларга сыйынбаймын! Силер дагы мен сыйынганга (Аллах Таалага) сыйынуучу эмессиңер. (Демек,) силерге өз диниңер, мага өз диним!» (Каафирун сүрөөсү, 1-6 аяттар).
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен. Айт (оо, Мухаммад:) «Ал – Аллах жалгыз! Аллах – Сомад (Беймуктаж)! Ал туубаган жана да туулбаган! Жана эч ким Ага тең эмес!» (Ихлас сүрөөсү, 1-4-аяттар).
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен. Айт (оо, Мухаммад): «Таң Раббисинен коргоо тилеймин: (Өзү) жараткан (зыяндуу) нерселердин жамандыгынан.., Каптап кирген учурдагы (караңгы) түндүн жамандыгынан.., Түйүндөргө дем салган сайкырчылардын жамандыгынан.., Сугун арткан учурда, көрө албаган кишинин жамандыгынан». (Фалак сүрөөсү, 1-5-аяттар).
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен. Айткын (оо, Мухаммад): «Мен инсандардын Раббисинен Инсандардын падышасынан; инсандардын (сыйынууга татыктуу болгон) Кудайынан коргоо тилеймин – (Аллахтын ысымы айтылганда) жашынып калуучунун жамандыгынан. Ал (шайтан) адамдардын көкүрөгүнө азгырык салат. Алар жиндерден жана адамдардан болот». (Нас сүрөөсү, 1-6-аяттар).
Айтылган аят, дубалар окулган суудан үч жолу ичип, калганы менен жуунат. Ушуну менен, Аллах Таала кааласа, оору айыгат. Эгер муктаждык болсо, оору айыкканга чейин аны эки же андан көп жолу кайталоого да болот. Бул көп жолу сыналган жана Аллах анын пайдасын берген. Ошондой эле ал аялына жакындай албай байланган адам үчүн да жакшы[21]. [21] Караңыз: Ибн Баздын «Фатавасы» (3/279), «Фатхул-Мажид» (346-б.) жана Вахид Абдуссаламдын «Ас-Саримул-Баттар фит-тасадди лис-сахарати вал-ашрар» китеби (109-117-б.), ал жерде, ин шаа Аллах, пайдалуу жана кеңири рукя камтылган; ошондой эле Абдурраззактын «Мусаннаф» (11/13) жана Ибн Хажардын «Фатхул-Бари» (10/233) эмгектерин да караңыз.
Экинчиден: «Фатиха» сүрөөсү, «Аятал-Курси», «Бакара» сүрөсүнүн акыркы эки аяты, «Ихлас» жана «Муаввизатайн» (Фалак жана Нас) сүрөлөрү ооруган жерди оң кол менен сылап жана үйлөп, үч же андан көп жолу окулат[22]. [22] Имам Муслим (4/1728), 2202.
Үчүнчү: Коргоо суралуучу дубалар, дем салуулар жана өзүнө көп маанилерди камтуучу дубалар:
1- Улук Арштын Раббиси Улук Аллахтан сага шыпаа берүүсүн тилейм. Жети жолу айтат[23]. [23] Абу Дауд (3/187), 3106; Тирмизи (2/410), 2083; Албани Сахих аль-Жамиъде (5/180) жана (322), ошондой эле Сахих Сунан Абу Даудда (2/276) ишенимдүү деген.
Асалуллахал азийма, раббал аршил азийми, ан яшфияк.
2- Бейтап колун ооруган жерине коюп, айтат: «Аллахтын ысымы менен» Үч жолу айтып анан мынтип айтат: «Бисмиллах» «Өзүмдө сезип жаткан жана кооптонуп жаткан нерсенин жамандыгынан Аллахтан жана Анын кудуретинен коргоо тилейм». Жети жолу айтат[24]. [24] Имам Муслим, (4/1728), 2709.
«Аьуузу биллахи уа кудратихи мин шарри маа ажиду уа ухаазиру»
3- «Оо адамдардын Раббиси! Жамандыкты жок кыл! Шыпаа бер! Сен шыпаа Берүүчүсүң. Сенин шыпааңдан башка шыпаа жок. Оору кайра кайталанбай тургандай шыпаа бере көр!»[25]. [25] Имам Бухари, (10/206) 5745; Имам Муслим, (4/1724) 2194.
«Аллахумма раббан-наас, азхибил-баъса, уашфи анташ-шаафи, лаа шифаа-а иллаа шифаа-ука, шифаа-ан лаа югаадиру сакоман».
4- «Аллахтын кемтиксиз толук сөздөрү менен ар бир шайтандан, уулуу жандыктан жана ар кандай жаман көздөн коргоном»[26]. [26] Имам Бухари (6/408), 3371.
«Аьузу би калиматиллахит тааммати мин кулли шайтонин уа хаамма, уа мин кулли айнин лаамма».
5- «Аллахтын толук, кемчиликсиз сөздөрү менен Өзү жараткан нерселердин жамандыгынан коргономун»[27]. [27] Муслим (4 / 1728) (2709) номери менен риваят кылган.
«Аьузу би калимаатиллаахит-тааммаати мин шарри маа халак»
6- «Аллахтын толук кемчиликсиз сөздөрү менен Анын ачуусунан, жазасынан, пенделеринин жамандыгынан, жин-шайтандардын азгыруусунан жана алардын мага келүүсүнөн коргономун»[28]. [28] Абу Дауд, 3893; Тирмизи, 3528; Албани «Сахих Тирмизиде» хасан деген, 3\171.
«Аьуузу би калимаатиллаахит-тааммаати: мин годобихи, уа икообихи, уа шарри ибаадихи, уа мин хамазаатиш-шайаатиини, уа ан яхдуруун»
7- «Аллах Тааланын жакшы адамы да, жаман адамы да андан жогору боло албай турган толук сөздөрү менен Ал жараткан, келбет берген жана өндүрүп чыгарган нерселердин жамандыгынан жана асмандан түшө турган нерселердин жамандыгынан жана асманга көтөрүлө турган нерселердин жамандыгынан, жерде өндүрүп чыгарган нерселердин жамандыгынан жана андан чыга турган нерселердин жамандыгынан, күн менен түндүн бүлүк салган жамандыктарынан жана ар кандай капыстан жакшылык алып келүүчү окуялардан тышкары күтүүсүз окуялардын жамандыгынан Өзүңдөн коргоо тилеймин, оо, Меримдүү!»[29]. [29] Ахмаддын «Муснады» (3/119), № (15461), сахих иснад менен жана Ибн ас-Сунни, № (637). Караңыз: «Мажмаъ аз-заваид» (10/127). Аль-Албани аны «Силсилат аль-ахадис ас-сахиха» (7/196) китебинде сахих деп баалаган.
«Аузу би калимаатиллаахит-тааммаатил-латии лаа южаавизухунна баррун уа лаа фаажирун, мин шарри маа халака, уа бара-а, уа зара-а, уа мин шарри маа янзилу минас-самааи, уа мин шарри маа яъружу фиихаа, уа мин шарри маа зара-а фил-арди, уа мин шарри маа яхружу минхаа, уа мин шарри фитанил-лайли уан-нахаари, уа мин шарри кулли тоорикин иллаа тоорикан ятруку бихайрин яа Рахмаан».
8- «Оо, жети кабат асмандын, жердин жана Улуу Арштын Раббиси! Биздин жана бардык нерселердин Раббиси! Дан менен данектин Жаруучусу! Тоорат, Инжил жана Курандын түшүрүүчүсү болгон Аллах! Кол астыңдагы бардык нерселердин жамандыгынан Өзүң сакта. Сен - эң абалкысын - Сенден илгери эч нерсе болгон эмес. Сен - эң акыркысын - Сенден кийин да эч нерсе болбойт. Сен эн жогоркусуң - Сенин үстүңдө эч нерсе жок. Сен жашыруунсуң - Сенден жашыруун эч нерсе жок ...» [30]. [30] Муслим (4 / 2084), (2713)-номерде риваят кылган.
«Аллахумма раббас-самааваатис-сабъи, уа раббал-арди, уа раббал-ъаршил-азиими, раббанаа уа рабба кулли шайин, фааликал-хабби уан-наваа, уа мунзилат-тавраати уал-инжиили уал-Кураани, аъуузу бика мин шарри кулли шайин анта аахизун бинаасиятихи, антал-аввалу фалайса коблака шайун, уа антал-аахиру фалайса баъдака шайун, уа антаз-зоохиру фалайса фаукака шайун, уа антал-баатину фалайса дуунака шай».
9- «Аллахтын аты менен сага дем салам: сага зыянын тийгизип жаткан нерсенин баарынан, ар бир напсинин жана көрө албас көздүн жамандыгынан, Аллах сага шыпаа берсин! Аллахтын аты менен сага сактык тилейм»[31]. [31] Имам Муслим, Абу Саидден (Аллах андан ыраазы болсун), (4/1718), 2186.
«Бисмиллахи аркыйка, мин кулли шайин юьзика, уа мин шарри кулли нафсин ау айнин хасидин, Аллаху яшфика, Бисмиллахи аркыйк».
10- «Аллахтын аты менен Ал сени айыктырсын! Жана ар бир оорудан, көрө албастын көрө албастыгынан жана ар бир суук көздүн жамандыгынан сага шыпаа берсин!»[32]. [32] (Муслим, (4/1718), 2185. Айшадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган.
«Бисмиллахи юбриика, уа мин кулли дааин яшфийка, уа мин шарри хаасидин изаа хасада, уа мин шарри кулли зии айн».
11- «Аллахтын аты менен сага сактык тилейм: сага зыянын тийгизип жаткан нерсенин баарынан, көрө албастын көрө албастыгынан, жана ар бир көздөн Аллах сага шыпаа берсин!»[33]. [33] Сунан Ибн Мажа, 3527. Альбани «Сахих Ибн Мажада» сахих деген (2/268).
«Бисмиллахи аркыйка мин кулли шайин юьзийка, мин хасади хасидин, уа мин кулли зи айнин Аллаху яшфийк».
Бул коргонуу дубалары, жөнөкөй дубалар жана дем салуулар аркылуу сыйкырдан, көз тийүүдөн, жин тийүүдөн жана бардык оорулардан дарыланууга болот. Анткени булар – Аллах Тааланын уруксаты менен пайда берүүчү, баарын камтуучу рукялар болуп саналат.
Үчүнчү түрү: Эгерде мүмкүн болсо, сыйкырдын таасири байкалган жерге же дене мүчөсүнө хижама жасоо аркылуу тазалануу. Эгерде мүмкүн болбосо, Аллах Таалага мактоолор болсун, жогоруда айтылган дарылоо жетиштүү болот[34]. [34] Караңыз: «Заад аль-маад» (4/125). Ошондой эле сыйкыр тийгенден кийин аны дарылоонун башка түрлөрү да бар, эгер алар тажрыйбадан өткөрүлүп пайдасын берсе, аларды колдонуунун эч кандай айыбы жок. Караңыз: «Мусаннаф Ибн Аби Шайба» (7/386-387), «Фатх аль-Бари» (10/233-234), «Мусаннаф Абдурраззак» (11/13), «ас-Саарим аль-Баттар» (194-200-б.) жана доктор Мусфир ад-Думайнинин «Сыйкыр: анын акыйкаты жана өкүмү» (64-66-б.).
Төртүнчү түрү: Табигый дарылар. Ыйык Куран жана таза сүннөт көрсөткөн пайдалуу табигый дарылар бар. Эгерде адам шыпаа Аллахтан гана болот деген ишенимде болуп, аларды бекем ишеним, чын ыклас жана Аллахка багытталуу менен колдонсо, Аллах Таала кааласа алар аркылуу пайда берет. Ошондой эле, чөптөрдөн жана ушул сыяктуулардан куралган, тажрыйбага негизделген дарылар да бар. Эгерде алар арам болбосо, шарият боюнча алардан пайдаланууга эч кандай тоскоолдук жок[35]. [35] Караңыз: «Фатх ал-хак ал-мубин фи илаж ас-сараъ уа ас-сихр уа ал-айн», 139-бет.
Аллах Тааланын уруксаты менен пайда берүүчү табигый дабалардын катарына: бал (36), кара зире (37), замзам суусу (38) жана жамгыр суусу кирет. Анткени Аллах Таала мындай деген: «Жана Биз асмандан берекелүү суу түшүрүп...» (Каф сүрөөсү, 9-аят). [36] Караңыз: «Фатхул-хак ал-мубин», 140-б., бал менен дарылоо ушул китепте келет. [37] Караңыз: «Фатх ал-хак ал-мубин», 141-б., Кара зире менен дарылануу тууралуу ушул китепте баяндалат. [38] Караңыз: «Фатх аль-Хакк аль-Мубин», 144-бет. Замзам суусу менен дарылануу тууралуу бул китепте баяндалат.
Жана зайтун майы; Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: «Зайтун майын жегиле жана аны менен майлангыла. Анткени ал берекелүү дарактан»[39]. Тажрыйбанын, колдонуунун жана окуунун негизинде анын эң мыкты май экендиги далилденген[40]. Ал эми табигый дарыларга: жуунуу, тазалануу жана жыпар жыт сүйкөнүү кирет[41]. [39] Ахмад, Муснад, 3/497, 16055; Тирмизи, 1851; Ибн Маажа, 3319. Альбани «Сахих Тирмизиде» (2/166) сахих деген. [40] Караңыз: «Фатх ал-хак ал-мубин фи илаж ас-сараъ уа ас-сихр уа ал-айн», 142-бет. [41] Караңыз: Ошол эле булак, 145-б.
2 - Көз тийүүнү дарылоо
Көз тийүүнү дарылоо бир нече бөлүккө бөлүнөт:
Биринчи бөлүм: Ооруга чалдыкканга чейин. Ал бир нече түргө бөлүнөт:
1- Шариаттагы зикирлер, дубалар жана коргоочу аяттар менен коргонуу жана коркунучта болгон адамды коргоо, сыйкырды дарылоонун биринчи бөлүгүндө айтылгандай[42]. [42] Караңыз: Бул китепте сыйкырды дарылоо боюнча жогоруда айтылып өткөндөр.
2- Көзүм тийип кетпесин деп корккон адам – эгерде ал өзүнөн, же өз мүлкүнөн, же баласынан, же (диндеги) бир тууганынан, же дагы башка нерселерден өзүнө жаккан бир нерсени көрсө – береке тилеп дуба кылып, мындай дейт: «Аллах каалады, Анын кубатынан өткөн кубат жок, оо, Аллах! Ага береке бер». «Ма шаа Аллаху лаа куввата иллаа биллах, Аллахумма баарик алайхи». Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: «Эгерде кимдир бирөөңөр (диндеги) бир тууганынан өзүнө жаккан бир нерсени көрсө, анда ал үчүн береке тилеп дуба кылсын!»[43]. [43] Имам Малик, Муатта, 2/938; Ибн Мажа, 2/1160, 3509; Ахмад, 4/447, 15700; Албани, Сахих Ибн Мажада бул хадисти сахих деген, 2/265; Заад ал-Маад, 4/170; Шейх Вахид Абдусалам, Ас-Саарим ал-Баттар фит-тасадди лис-сахара вал-ашрар, 229-252-б.
3. Көз тийүүсүнөн кооптонгон адамдын сулуулугун (артыкчылыгын) жашыруу [44]. [44] Шарх ас-Сунна лил-Багави, 13/116 жана Заад ал-Ма'ад, 4/173.
Экинчи бөлүм: Көз тийгенден кийин, анын бир нече түрү бар:
1- Эгер көзү тийген адам белгилүү болсо, ага даарат алуу буйрулат. Андан кийин көз тийген адам ошол суу менен жуунат[45]. [45] Караңыз: «Сунан Абу Дауд» (4/9), 5056-номер, аль-Альбани муну «Силсилатул-ахадисис-сахиха» (6/61) жыйнагында сахих деп тастыктаган; жана «Заадул-маад» (4/163). Ошондой эле караңыз: Мухаммад ибн Шаая, «Ал-Викая вал-илаж минал-Китаби вас-Сунна», 144-147-бб.
2- Төмөнкүлөрдү көп окуу керек: «Айт (оо, Мухаммад:) Ал – Аллах жалгыз!» «Муаввизатайн» (Фалак жана Нас сүрөөлөрүн), Китептин башталышын («Фатиха» сүрөөсүн), «Аят ал-Курсини», «Бакара» сүрөсүнүн акыркы аяттарын жана сыйкырды дарылоонун экинчи түрүнүн «ж» пунктундагы (1-11) номерлеринде келтирилгендей шариятта бекитилген дем салууда окулуучу дуаларды окуп, жеңил үйлөө жана ооруган жерди оң кол менен сылоо[46] керек. [46] Караңыз: Бул китептеги сыйкырдан дарылануунун экинчи түрүн.
3- Сууга үйлөп (аят, дубаларды) окуп, андан соң оорулуу андан ичет жана калганын үстүнө куюнат[47], же майга окуп, аны менен денесин майлайт[48]. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, замзам суусуна[49] же жамгыр суусуна[50] окулганы эң жакшы болот. [47] «Сунан Абу Дауд» (4/10), № (3885). Пайгамбарыбыз ﷺ муну Сабит ибн Кайс үчүн жасаган. Альбани аны «Даиф Абу Дауд» китебинде, № (836) алсыз (даиф) деп баалаган. [48] Ахмаддын «Муснадында» (3/497) 16055-номер менен келтирилген жана аны аль-Альбани «Силсилатул-ахадисис-сахиха» (1/108) жыйнагында 379-номер менен сахих деп тастыктаган. [49] Караңыз: Бул китептеги сыйкырды дарылоонун төртүнчү түрүндө жогоруда баяндалгандарды. [50] Караңыз: Ушул китептеги сыйкырдан дарылануунун экинчи түрүн.
4- Бейтап үчүн Курандан аяттар жазылып, андан соң жуулуп, аны ичүүгө уруксат берилет[51]. Алардын катарына «Фатиха» сүрөөсү, «Аятул-Курси», «Бакара» сүрөөсүнүн акыркы эки аяты, ихлас сүрөөсү «Айт (оо, Мухаммад:) Ал – Аллах жалгыз!» Жана Муаввизатайн (Фалак жана Нас сүрөөлөрү) жана сыйкырды дарылоонун экинчи түрүндөгү (б) жана (в) пункттарында, 1ден 11ге чейинки номерлерде келгендей дем салуу дубалары[52]. [51] Караңыз: Ибн аль-Каййумдун «Заадул-маад» (4/170) жана Ибн Таймиянын «Фатава» (19/64) эмгектерин. [52] Караңыз: Ушул китептеги сыйкырдан дарылануунун экинчи түрүндө жогоруда баяндалгандарды.
Үчүнчү бөлүм: Көрө албастын көзүн кайтара турган себептерди аткаруу, алар төмөнкүлөр:
1- Аьузуну айтып шайтандын жамандыгынан коргоонуну Аллахтан сурануу.
2- Аллахка такыбалык кылуу жана Анын буйруктарын аткарууда жана кайтарган нерселеринен кайтууда Анын чектерин сактоо. «Аллахтын динин (шариятын) сактасаң, Аллах сени сактайт»[53]. [53] Тирмизи, 2516; Албани "Сахих Тирмизиде" (2/309) сахих деген.
3 - Көрө албас адамга сабыр кылуу жана аны кечирүү. Аны менен урушпоо, анын үстүнөн даттанбоо жана ага зыян жеткирүүнү оюна да келтирбөө.
4 - Аллахка тобокел кылуу, анткени ким Аллахка тобокел кылса, ага Аллах Өзү жетиштүү.
5 - Көрө албаган кишиден коркпоо жана жүрөгүн ал жөнүндөгү ойлор менен толтурбоо, бул – эң пайдалуу дабалардын бири.
6 - Аллахка жүз буруу, Ага чын ыклас кылуу жана Анын ыраазычылыгын издөө.
7 - Күнөөлөрдөн тообо кылуу, анткени күнөөлөр адамдын үстүнөн душмандарынын үстөмдүк кылуусуна алып келет: «Силерге жеткен ар бир балээ-апаат өз кылмышыңар себептүү. Аллах көп (күнөөлөрдү) кечирет». (Шура сүрөөсү, 30-аят).
8 - Колдон келишинче садака берүү жана жакшылык кылуу. Анткени мунун балээни, көз тийүүнү жана көрө албастын жамандыгын кайтарууда таң калыштуу таасири бар.
9- Көрө албастын, зулум кылуучунун жана зыян жеткирүүчүнүн отун ага жакшылык кылуу менен өчүрүү. Ал сага зыянын, жамандыгын, зулумдугун жана көрө албастыгын канчалык арттырган сайын, сен ага жакшылык кылууну, насаат айтууну жана боорукердикти ошончолук арттырасың. Буга Аллахтан улук үлүш насип кылынган адам гана жетише алат.
10- Аллахты ибадатта жалгыздоо ага башка нерсени шерик кылбоо жана аны Анын уруксатысыз эч бир нерсе зыян да, пайда да бере албаган Кудуреттүү, Даанышман Затка чын ыклас менен арноо, Аллахты жалгыздоо мунун бардыгын өзүнө камтуучу, ошондой эле бул себептердин баары ага барып такалат. Демек, Аллахты жалгыздоо – Аллахтын эң улуу чеби, ким ага кирсе, ал амандыкта калгандардан болот.
Демек, булар – көрө албаc адамдын, көз тийгизүүчүнүн жана сыйкырчынын жамандыгын кайтаруучу он себеп[54]. [54] Бадааиъ ал-Фавааид, Ибн ал-Каййум, 2/238-245
3- Жин кирген (урунган) адамды дарылоо
Ичине жин кирип, аны ээлеп алган адамды дарылоо эки бөлүктөн турат:
Биринчи бөлүм: Ооруга чалдыкканга чейин:
Сактануунун катарына бардык парздарды жана важибдерди бекем аткаруу, бардык арам иштерден оолак болуу, бардык күнөөлөрдөн тооба кылуу, ошондой эле шариятта көрсөтүлгөн зикирлер, дубалар жана коргонуучу дубалар аркылуу коргонуу кирет.
Экинчи бөлүм: Жин киргенден кийин андан айыгуу:
Бул жүрөгү тилине шайкеш келген мусулмандын окуусу жана жин тийген адамга дем салуусу аркылуу болот. Дарылоонун эң абзели – бул "Фатиха" сүрөөсү[55], "Аятал-Курси", "Бакара" сүрөөсүнүн акыркы эки аяты жана (Ихлас сүрөөсү) «Айт (оо, Мухаммад:) Ал – Аллах жалгыз!» Жана (фалак сүрөөсү) «Айт (оо, Мухаммад): "Таң Раббисинен коргоо тилеймин"». жана (Нас сүрөөү) «Айткын (оо, Мухаммад): "Мен инсандардын Раббисинен коргоо тилейм"». Оорулууга үйлөп, муну үч же андан көп жолу кайталоо жана башка Куран аяттарын окуу. Анткени Курандын бардыгында көкүрөктөрдөгү нерселерге даба бар, ал момундар үчүн шыпаа, туура жол жана ырайым[56]. Ошондой эле сыйкырды дарылоонун экинчи түрүндөгү (б) жана (в) пункттарында айтылгандай рукя дубаларын окуу керек[57]. Бул дарылоодо төмөнкү эки нерсенин болуусу зарыл: [55] Караңыз: Сунан Абу Дауд (4/13-14) № (3896) жана Ахмад (5/210) № (21835), Альбани муну «Силсилат ал-ахадис ас-сахиха» китебинде № (2028) менен сахих деп тастыктаган. [56] Караңыз: Аль-Фатх ар-Раббани тартиб Муснад аль-Имам Ахмад (17/183). [57] Караңыз: Бул китептеги сыйкырды дарылоонун экинчи түрү боюнча жогоруда баяндалгандарды.
Биринчи: Оорулуунун (жин тийген адамдын) тарабынан: анын рухий күч-кубаты, Аллахка чын ыкластан кайрылуусу жана жүрөк менен тил шайкеш келген абалда Аьузуну айтып туура коргонууну Аллахтан сурануусу (шарт).
Экинчи — дарылоочу (дем салуучу) тарапка тиешелүү маселе: ал дагы ушундай касиетке ээ болууга тийиш. Анткени курал — аны колдонгон адамга жараша иштейт [58]. [58] Караңыз: Шейх Вахид Абдуссаламдын «ас-Саарим ал-Баттаар» китебиндеги пайдалуу узун рукя (109-117-б.). Жана караңыз: «Заад ал-Мааъд» (4/ 66-69), имам Абдулазиз ибн Абдуллах ибн Баздын «Жиндин адамга кирүү акыйкатын баяндоо жана аны четке каккандарга жооп» китеби (14-б.), Ибн Таймиянын «Фатавасы» (19/ 9-65) жана (24/ 276), Мухаммад ибн Шаайенин «Китап жана сүннөт менен сактануу жана дарылануу» китеби (66-69-б.). Ошондой эле караңыз: Мухаммад ибн Шаайенин «Сактануу жана дарылануу» китебиндеги «Жинди үйдөн кантип кууп чыгуу керек» бөлүмү (59-б.) жана ал-Ашкардын «Жиндер жана шайтандар ааламы» китеби (130-б.).
Эгер жин тийген адамдын кулагына азан айтылса, анда бул жакшы; анткени шайтан андан качат[59]. [59] Караңыз: «Фатх аль-Хакк аль-Мубин фи илаж ас-саръи уас-сихри уал-айн», 112-б., жана Бухари, № (574).
4- Психологиялык ооруларды дарылоо[60]:
[60] Бул тууралуу караңыз: «Зад ал-Маад» (2/23-28) китебиндеги «Көкүрөктүн ачылуу себептери» жана улуу аалым Абдурахман ибн Насир ас-Саадинин (Аллах аны ырайымына алсын) «Бактылуу жашоо үчүн пайдалуу каражаттар» китебин.
Жан дүйнө ооруларын жана көкүрөктүн кысылуусун дарылоонун эң сонун ыкмасы кыскача төмөнкүлөр:
1- Туура жол жана таухид. Анткени адашуу жана ширк көкүрөктүн кысылуусунун эң чоң себептеринен болуп саналат.
2- Аллах пенденин жүрөгүнө салган чыныгы ыйман нуру, жакшы амалдар менен бирге.
3- Пайдалуу илим. Пенденин илими канчалык кеңейген сайын, анын көкүрөгү да ошончолук ачылып, кеңейет.
4- Аллахка тообо кылуу — Анын Өзүнө кайтуу, Аны чын жүрөгү менен сүйүү, Ага гана жүз буруу жана Анын ибадатынан ырахат алуу.
5- Ар кандай абалда жана ар бир жерде Аллахты дайыма зикир кылуу (эстөө). Анткени зикирдин көкүрөктү кенен кылууга, жүрөктү бейпилдетүүгө жана кайгы-капаны кетирүүгө таң калаарлык таасири бар.
6- Адамдарга жакшылыктын ар кандай түрлөрү менен жакшылык кылуу жана аларга колдон келишинче пайда келтирүү. Анткени жоомарт жана жакшылык кылуучу адам – адамдардын ичинен көкүрөгү эң кенени, көңүлү эң ачыгы жана жүрөгү эң бейпили болот.
7- Эр жүрөктүүлүк жана кайраттуулук. Анткени эр жүрөк адамдын көкүрөгү кенен, жүрөгү тынч жана бекем болот.
8- Жүрөктүн кысылуусуна жана азабына алып келүүчү айыпталган сыпаттардан турган жүрөк илдеттерин[61] чыгаруу: көрө албастык, жек көрүү, кек сактоо, душмандык, кастык жана зулумдук сыяктуу. Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Адамдардын эң абзели ким?» – деп суралганда, ал мындай деп айтканы тастыкталган: «Ар бир жүрөгү таза жана тили чынчыл адам». Алар: «Тили чынчылды билебиз, ал эми жүрөгү таза деген ким?» - деп сурашты. Ал: «Ал – такыба, таза, анда эч кандай күнөө, зулумдук, кек жана көрө албастык жок адам,» - деп жооп берди[62]. [61] Бир нерсенин «илдети» – андагы аны буза турган кемчилдик. [62] Ибн Маажа, 4216; Аллама Албани «Сахих Ибн Маажада» (2\411) ишенимдүү деген.
9- Ашыкча кароону (кароодон), сүйлөөнү, угууну, аралашууну, жеп-ичүүнү жана уктоону таштоо. Анткени буларды таштоо — көкүрөктүн кеңейишине, жүрөктүн жыргалчылыгына жана кайгы-капанын кетишине себеп болот.
10- Кайсы бир амал менен же пайдалуу илим менен алек болуу. Анткени алар жүрөктү тынчсыздандырган нерселерден алаксытат.
11- Көңүлдү бүгүнкү күндүн ишине буруп, келечекке ашыкча түйшөлбөө жана өткөнгө өкүнбөө керек. Пенде өзүнүн динине жана дүйнөсүнө пайдалуу иштерди аткарууга аракет кылып, максатына жетүүнү Жараткандан сурашы жана бул иште Андан гана жардам тилеши зарыл. Анткени ушул аркылуу ал тынчсыздануудан жана кайгыдан кутулат.
12- Ден соолукта жана ага тиешелүү нерселерде, ырыскыда жана ага тиешелүү нерселерде өзүңдөн жогору тургандарга эмес, өзүңдөн төмөн тургандарга кара.
13- Кайра артка кайтара албай турган өтмүш иштерди унутуу жана аларды такыр ойлобоо.
14- Эгерде пенденин башына кандайдыр бир сыноо келсе, иштин аягында боло турган жаман ыктымалдарды алдын ала эске алып, аны жеңилдетүүгө аракет кылуусу жана чамасы жетишинче ага каршы туруштук берүүсү зарыл.
15- Жүрөктүн бекем болушу — жаман ойлорго жол ачкан кыялдар менен элестердин таасирине берилбөө, тынчсызданбоо жана ачууга алдырбоо. Ошондой эле сүйгөн нерсесинен айрылып калуудан же жактырбаган нерсесине кабылуудан сарсанаа болуп күтпөө. Тескерисинче, пайдалуу себептерди аткаруу менен бирге, ишин Аллах Таалага тапшыруу (тобокел кылуу) жана Андан кечирим менен жеңилдик суроо.
16- Жүрөктүн Аллахка ишенип, таянуусу, Ага тобокел кылуу жана Аллах Таала тууралуу жакшы ойдо болуу. Анткени, Аллахка тобокел кылган адамга куру кыялдар таасир этпейт.
17- Акылдуу адам жашоосу бактылуу, көңүлү тынч өтүшү керектигин жана өмүр абдан кыска экенин билет. Ошондуктан ал кайгы-капага алдырбай, көңүлдү кирдеткен түйшүктөргө жетеленбей жашайт. Анткени тынчсыздануу менен жашоо чыныгы жашоонун табиятына каршы келет.
18- Эгер пенде өзүнө жакпаган кыйынчылыкка кабылса, ал өзүнө берилген диний, же дүйнөлүк жакшылыктарды ошол жакпаган нерсе менен салыштырат. Мындай салыштыруудан кийин ал өзү өтө көп жакшылыктын кучагында экенин көрөт. Ошондой эле ал өзүнө келиши ыктымал болгон зыяндан коркуу сезимин аман калтыра турган көптөгөн ыктымалдар менен салыштырат. Алсыз ыктымал көптөгөн күчтүү ыктымалдарды басып кетишине жол бербейт. Ошону менен анын кам-кайгысы, коркуусу тарап кетет.
19- Адамдардын ага тийгизген зыяны, айрыкча тилинен чыккан жаман сөздөрү, ага зыян тийгизбешин, тескерисинче алардын өзүнө зыян экенин билет. Ошондуктан мындай сөздөргө көңүл да бурбоо жана маани да бербөө керек.
20- Ой-пикирин өзүнүн динине жана дүйнөсүнө пайдалуу болгон нерселерге багыттайт.
21. Пенде жасаган жакшылыгы үчүн Аллах Тааладан башка эч кимден ыраазычылык күтпөйт жана муну Жараткан менен болгон мамилеси деп билет. Ал кимге жакшылык кылбасын, андан сооп же ыраазычылык талап кылбайт: «Биз силерди Аллахтын Жүзү (ыраазычылыгы) үчүн тамактандыруудабыз. Биз силерден (эч кандай) акы жана алкыш сурабайбыз». (Инсан сүрөөсү, 9-аят).
22- Пайдалуу иштерди көз алдыга коюп, аларды ишке ашырууга аракет кылуу; зыяндуу иштерге көңүл бурбоо жана алар менен акыл-эсин да, ойду да алек кылбоо зарыл.
23- Алдыдагы иштерге терең ой жүгүртүү жана чечкиндүү аракет менен киришүү үчүн учурдагы милдеттерди өз убагында бүтүрүү, ошондой эле келечек үчүн убакытты бошотуп алуу зарыл.
24- Пайдалуу иштер менен илимдердин ичинен эң зарылын, андан соң кийинки орунда тургандарын, өзгөчө дил тартып, ынтызарлык күч болгон нерселерди тандоо. Бул иште оболу Аллахтан, андан кийин тажрыйбалуу адамдар менен кеңешип жардам суроо зарыл. Пайдасы айкын билинип, токтомго келгенден кийин Аллахка тобокел кылуу керек.
25- Аллахтын ачык жана жашыруун жакшылыктары тууралуу айтуу. Анткени ал жакшылыктарды билип, алар жөнүндө сөз кылуу аркылуу Аллах кайгы-муңду кетирет жана пендени шүгүр кылууга чакырат.
26- Аялыңа, тууганыңа, мамиле кылган адамыңа жана сени менен байланышы бар бардык адамдар менен мамиле кылуу. Эгерде андан айып, кемчилик көрсөң, андагы жакшы сапаттарын эске алып, аны таразалап көр. Ушуну көңүлгө алуу менен достук уланат жана көңүл тынчтанат. Ошондуктан Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: «Ыймандуу эркек ыймандуу аялды таштап койбойт. Эгер ал анын кайсы бир мүнөзүн жактырбаса башка бир мүнөзүнө ыраазы болот[63]». [63] Имам Муслим (2/ 1091), 1469.
27- Бардык иштердин оңдолушу үчүн дуба кылуу. Ал дубалардын эң улуусу (абзели): «Оо, Аллахым! Бардык иштеримдин тиреги болгон динимди оңдой көргүн. Мен жашап жаткан дүйнөмдү оңдоп, кайтып бара турган акыретимди иретке келтиргин. Өмүрдү мен үчүн бардык жакшылыкты көбөйтүүчү, ал эми өлүмдү мен үчүн бардык жамандыктан арылтуучу кыл[64]». «Аллахумма аслих лий дийний аллази хува исмату амрий, уа аслих лий дуньяя аллати фийха маьааший, уа аслих лий аахирати аллати илайха маьаадий, важалил хаята зиядатан лий фий кулли хойрин, важалил мавта раахатан лий мин кулли шаррин». Ошондой эле: «Оо, Аллах! Мен Сенин ырайымыңды үмүт кылам. Мени көз ирмемге болсо да өзүмө таштап койбо. Менин бардык акыбалымды оңдо. Жалгыз Сен гана сыйынууга татыктуусуң[65]». [64] Имам Муслим (4/2087), 2720. [65] Абу Дауд (4/324, № 5092), Ахмад (5/42, № 20430) риваят кылган. Аль-Албани «Ирва ал-Галилде» (3/357), ал эми Ал-Арнаут «Муснадка» жасаган тахкигинде (34/75) хадисти «хасан» (жакшы) деп баалаган.
«Аллахумма рахматака аржу фала такилни ила нафси тарфата айнин, уа аслих ли шаани куллаху ла илааха илла анта».
28- Аллах жолундагы жихад. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: «Аллахтын жолунда согушкула! Анткени Аллахтын жолундагы согуш – бейиш эшиктеринин бири. Аллах ал аркылуу кайгы-кападан куткарат[66]». [66] Ахмад (5/314, 316, 319, 326, 330; № 21624, 22680, 22732) риваят кылган. Ал-Хаким хадисти сахих деп баалаган, ал эми Аз-Захаби аны коштогон (2/75). Ал-Албани «Силсила ал-ахадис ас-сахихада» (2/274) хадистин сахихтигин ырастаган.
Бул себептер жана каражаттар – жан дүйнө оорулары үчүн пайдалуу даба. Ошондой эле, аларга терең ой жүгүртүп, чын ыкластан амал кылган адам үчүн жан дүйнө кыжаалатчылыгын кетирүүнүн эң улуу дабаларынын бири болуп саналат. Кээ бир аалымдар булар менен көптөгөн абалдарды жана жан дүйнө ооруларын дарылашкан. Натыйжада Аллах ал аркылуу өтө чоң пайда берген[67]. [67] Караңыз: «Ал-Васаил ал-муфиданын» киришүүсү, бешинчи басылыш, (6)-б.
5- Жараны жана жараатты дарылоо
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эгерде бир адам ооруп калса, же ага жара чыкса, же жаракат алса, сөөмөйү менен мындай кылчу. Суфян сөөмөйүн жерге тийгизип, анан аны көтөрүп, мындай деди: «Аллахтын ысымы менен! Жерибиздин топурагы жана арабыздан кимдир бирөөнүн шилекейи менен Раббибиздин уруксаты аркылуу оорулуубуз шыпаа табат[68]». [68] Имам Бухари (10/206), 5750. Имам Муслим (4/1721), 2191.
«Бисмиллахи, турбату ардина, бирийкати баъдина, юшфа бихи сакимуна, биизни раббина».
Хадистин мааниси: Адам сөөмөйүнө өз шилекейинен тийгизип, андан соң аны топуракка коёт. Ошондо манжага бир аз топурак жугат. Андан кийин аны менен жаракат алган же ооруган жерди сүртөт жана сүртүп жатканда ушул сөздөрдү айтат[69]. [69] Караңыз: Имам ан-Навави, «Шарх Сахих Муслим» (14/184) жана Ибн Хажар, «Фатх ал-Бари» (10/208), ошондой эле хадистин кеңири шархын «Зад ал-Маад» китебинен караңыз (4/186-187).
6- Башка түшкөн кыйынчылыктын дабасы
«Жердеги жана өзүңөрдөгү ар бир апаат-кырсык, Биз аны болтурганыбызга чейин эле (Лавхул-Махфуз деген) китепте жазылып калган. Бул Аллах үчүн жеңил». «(Мал-дүйнө, ден соолук ж.б.у.с.) нерселер силерден кеткени себептүү капаланбашыңар үчүн жана силерге келген нерсеге сүйүнүп-көөп кетпешиңер үчүн (Аллах бардыгын мурдатан Лавхул-Махфузга жазып койгон). Аллах ар бир текебер-мактанчаакты сүйбөйт». (Хадид сүрөөсү, 22-23-аят).
2 - «(Пенделерге) жеткен ар бир балээ Аллахтын гана уруксаты менен болот. Ким Аллахка ыйман келтирсе, анын жүрөгүн туура жолго багыттап койот. Аллах бардыгын Билүүчү!» (Тагабун сүрөөсү, 11-аят).
3 - «Кайсы бир пендеге кыйынчылык жетип, ал: Албетте бардыгыбыз Аллахка таандыкбыз жана Анын Өзүнө гана кайтабыз. Оо, Аллах! Менин ушул жапа чеккениме (ага сабыр кылганыма) сооп жаз жана анын ордуна андан да жакшыраак башка бир жакшылык насип кыл! Аллах Таала анын жапа чеккенине сооп берип, ордуна андан да жакшысын берет[70]». [70] Имам Муслим, (2/633), 918.
«Инна лиллахи уа инна илайхи ражиуун, Аллахумма ажурни фи мусибати, уа ахлиф ли хайран минха».
4 - «Пенденин баласы өлгөндө, Аллах Таала периштелерине: "Пендемдин баласынын жанын алдыңарбы?" - дейт. Алар: "Ооба" - дешет. Ал: "Анын жүрөгүнүн мөмөсүн алдыңарбы?" - дейт. Алар: "Ооба" - дешет. Ал: "Пендем эмне деди?" - дейт. Алар: "Сага мактоо айтты жана истиржаъ кылды"[71] - дешет. Ал: "Пендем үчүн Бейиште үй куруп, аны "Мактоо үйү" деп атагыла" - деп айтат[72]». [71] Мааниси: «Аллахка алкыш-мактоолор болсун, бардыгыбыз Аллахка таандыкбыз жана Анын Өзүнө гана кайтабыз». [72] Тирмизи, 1021. Альбани «Сахих Тирмизиде» (1/298) хасан деп баалаган.
5 - «Аллах Таала айтат: Эгерде Мен момун пендемдин бул дүйнө элинен болгон сүйүктүү адамынын жанын алсам, анан ал сообун үмүт кылып сабыр кылса, Менин алдымда анын сыйлыгы Бейиш гана болот[73]». [73] Имам Бухари (11/242), 6424.
6- Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уулу каза болгон бир кишиге мынтип айткан: «Бейиштин эшиктеринин кайсынысына барбагын, ал сени күтүп турганын көрүүнү каалабайсыңбы?[74]». [74] Ахмад (15595) номери менен, жана Насаи (4/23) «Жаназалар» китеби, «Кырсык түшкөндө сооп үмүт кылууга жана сабыр кылууга буйрук» бабында (1870) номери менен риваят кылган. Анын санады «Сахихтин» шарты боюнча сахих. Ибн Хиббан (8/209) аны сахих деген, жана Албани «Сахих ат-Таргиб ват-Тархиб» китебинде (2007) номери менен сахихке чыгарган. Караңыз: «Фатх ал-Бари» (11/243).
7 - «Аллах Таала айтат: "Эгерде Мен пендемди эки сүйүктүүсү менен сынасам, ал сабыр кылса жана сообун үмүт кылса, Мен ага ал экөөнүн ордуна Бейишти берем". (Хадисте) анын эки көзү назарда тутулган[75]». [75] Имам Бухари (10/116), 5653. Ал эми чарчы кашаа ичиндегилер Имам Тирмизинин «Сүнөнүнөн», 2400. Караңыз: Сахих Тирмизи (2/286).
8 - «Кайсы бир мусулманга оору же андан башка кандайдыр бир зыян жетсе, дарак өзүнүн жалбырактарын төккөндөй, Аллах ал аркылуу анын күнөөлөрүн төгөт[76]». [76] Имам Бухари (10/120), 5648. Имам Муслим (4/1991), 2571.
9 - «Кайсы бир мусулманга тикенек кирсе же андан чоңураак бир нерсе кирсе, сөзсүз түрдө ошол себептүү ага бир даража жазылат жана ошол себептүү андан бир күнөө өчүрүлөт[77]». [77] Муслим (4/1991), 2572-номерде риваят кылган.
10 - «Момунга кандай гана дарт[78], чарчоо[79], оору, кайгы, ал тургай аны түйшөлткөн санаа жетпесин[80], ошол себептүү анын күнөөлөрү кечирилет[81]». [78] Васаб (дарт): кетпеген оору. Аллах Тааланын төмөнкү сөзү да ушундан: "Алар үчүн туруктуу азап бар", б.а. кетпеген, туруктуу. Караңыз: Нававинин шархы (16/130). [79] Насаб: чарчоо. [80] Йа тамгасын фатха жана ха тамгасын дамма менен «йахуммуху» деп айтылган, ошондой эле йа тамгасын дамма жана ха тамгасын фатха менен «йухаммуху» деп да айтылган, б.а.: аны капалантат, экөө тең туура. Шарх ан-Навави ала Сахих Муслим, 16/130. [81] Муслим (4/1993) 2573-номерде риваят кылган.
11 - «Сыйлыктын чоңдугу – сыноонун оордугуна жараша болот. Чынында, Аллах бир коомду жакшы көрсө, аларга сыноо берет. Кимде-ким (сыноого) ыраазы болсо, ага Аллахтын ыраазылыгы болот. Ал эми кимде-ким нааразы болсо, ага Аллахтын каары болот[82]». [82] Тирмизи, 2698; Ибн Маажа, 4023; шейх Альбани «Сахих Тирмизиде» (2/286) хасан деген. Айтылат: «Сухт» (السُّخْط) жана «Сахат» (السَّخَط) – ыраазылыктын карама-каршысы (нааразылык). «Сахита» (سَخِطَ) – ачууланды дегени, ал эми андай адам «саахит» (ساخِطٌ) деп аталат. «Асхатаху» (أَسْخَطَهُ) – аны ачуулантты дегенди билдирет. Ошондой эле, «тасаххата атаа'аху» (تَسَخَّطَ عطاءه) деп да айтылат, бул – анын бергенин азсынып, көңүлүнө толбоду (ыраазы болбоду) деген мааниде. «Сахита сахатан» (سَخِط سَخَطًا) сөзү «таъиба» (تعب) бабынан келет, ал эми дамма менен окулган «сухт» (السُّخْطُ) сөзү андан жасалган зат атооч болуп саналат, ... «Сахиттуху» (سَخِطْتُهُ), «сахитту алайхи» (سخطت عليه) жана «асхаттуху фасахита» (أَسْخَطْتُهُ فَسَخِطَ) сөздөрү калыбы жана мааниси жагынан «агдобтуху фагодиба» (أغضبته فغضب – аны ачууланттым, ал ачууланды) дегенге окшош. Караңыз: «Ас-Сыхах», سخط уңгусу; жана «Ал-Мисбах ал-Мунир», سخط уңгусу.
12 - «...Пенденин башынан сыноо арылбайт, ал жер бетинде эч бир күнөөсү жок абалда басып калганга чейин[83]». [83] Тирмизи, 2396; Ибн Маажа, 4031. Альбани «Сахих Тирмизиде» (2/286) хасан деген.
7 - Кайгы-капаны дарылоо
1 - Кайсы бир пендеге кайгы же капа жеткен учурда, ал мынтип айтса: «Оо, Аллах! Мен Сенин кулуң, кулуңдун баласы, күңүңдүн баласымын. Менин маңдайым (тагдырым) Сенин колунда. Өкүмүң мага өтүүчү жана Сен мага эмнени жазган болсоң - ал адилет. Мен Сенин бардык ысымдарыңды ортого коюп, суранам: Сен ал ысымдар менен Өзүңдү атагансың же аларды өз китебинде түшүргөнсүң же пенделериңден бирөөсүнө үйрөткөнсүң, же болбосо (ал ысымдарды) Өзүңө гана тиешелүү болгон кайып илимиңде болуусун кааладың. Куранды дилимдин жазы, көкүрөгүмдүн нуру, кайгымды жоготуучу жана гамымды кетирүүчү кыла көр!» «...Аллах Таала сөзсүз анын кайгысын жана гамын кетирип, анын ордун кубанычка алмаштырат[84]». [84] Ахмад (1/391), 3712; Альбани «Сахих ат-Таргиб ват-Тархиб» китебинде сахих деген, 182.
«Аллахумма инни абдука ибну абдика ибну аматика, наасияти биядика, маадин фийя хукмука, адлун фийя кадааука, асьалука бикулли исмин хува лака, саммайта бихи нафсака, ау анзалтаху фи китаабика, ау алламтаху ахадан мин халкика, ау истаъсарта бихи фи илмил-гайби индака, ан тажъалал-Куръаана рабииа калби, уа нуура садри, уа жалаа-а хузни, уа захааба хамми».
2 - «Оо, Аллах! Мен Сенден кайгыдан, гамдан, алсыздыктан, жалкоолуктан, сараңдыктан, коркоктуктан, карыздын жүгүнөн жана адамдардын үстөмдүгүнөн коргоо тилейм![85]». [85] Бухари (7/158), 2893; Пайгамбар ﷺ бул дубаны көп айтчу, караңыз: Бухари (11/173).
«Аллахумма инни аузу бика минал-хамми уал-хазан, уал-ажзи уал-касал, уал-бухли уал-жубн, уа далаид-дайни уа галабатир-рижаал».
8- Түйшүктөн кутулуунун дабаасы
1 - «Өтө жумшак пейил жана улуу Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Улуу Арштын ээси болгон Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Асмандар менен жердин Раббиси жана ардактуу Арштын Раббиси Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок[86]». [86] Имам Бухари, (7/154) 6346. Имам Муслим, (4/2092) 2730.
«Ла илаха иллаллахул-азимул-халим, ла илаха иллаллаху раббул-аршил-азим, ла илаха иллаллаху раббус-самавати, уа раббул-арди, уа раббул-аршил-карим».
2 -
«Оо, Аллах! Мен Сенин ырайымыңды үмүт кылам. Мени көз ирмемге болсо да өзүмө таштап койбо. Менин бардык акыбалымды оңдо. Сенден башка сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Өзүң гана татыктуусун[87]». [87] Абу Дауд, 4\324, 5092. Ахмад, 5\42, 20430. Альбани «Ирваа ал-Галилде», 3\357 жана Арнаут «Муснаддын» тахкикинде, 34\75 хасан деген.
«Аллахумма рахматака аржу, фала такилни ила нафси тарфата айн, уа аслих ли шаани куллаху, ла илаха илла анта».
3 - «Өзүңдөн башка сыйынылууга татыктуу Зат жок. Мен сени бардык кемчилдиктүү сыпаттардан аруулаймын! (Оо, Раббим!) мен (күнөө кылып, өзүмө) зулум кылуучулардан болуп калдым![88]». [88] Тирмизи (5/529) (3505)-номер менен жана Хаким риваят кылган, аны сахих деген жана Захаби (1/505) ага макул болгон, ошондой эле Албани «Сахих ат-Тирмизиде» (3/168) аны сахих деген.
«Лаа илааха иллаа анта, субхаанака, иннии кунту миназ-заалимиин».
4 - «Аллах, Аллах - Ал менин Раббим. Мен Ага эч нерсени шерик кылбайм[89]». [89] Абу Дауд, 2/87, 1525; Альбани «Сахих Ибн Маажа» (2/335) жана «Сахих Тирмизиде» (4/196) сахих деген.
«Аллаху Аллаху рабби, лаа ушрику бихи шайан»
9- Оорулуу өзүн-өзү дарылоосу
«Колуңду ооруган жерине коюп, мындай деп айт: Аллахтын ысымы менен «Бисмиллах» деп үч жолу, андан кийин төмөнкүнү жети жолу айт: «Мен (денемде) сезген жана кооптонгон ооруунун жамандыгынан Аллах жана Анын кудурети менен коргоо тилеймин[90]». [90] Имам Муслим (4/1728), 2202.
«Аузу биллахи уа кудратихи мин шарри ма ажиду уа ухазир»
10- Оорулууну кабар алганы барганда дарылоо
«Кайсы бир мусулман пенде ажалы жете элек оорулууну зыярат кылып, жети жолу мындай деп айтса: «Улук Арштын Раббиси Улук Аллахтан сага шыпаа берүүсүн тилейм» ...албетте ал токтоосуз айыгат[91]». [91] Тирмизи (2083-номер менен) жана Абу Дауд (3893-номер менен) риваят кылышкан, ал эми Альбани аны «Сахих ат-Тирмизи» (2/210) жана «Сахих аль-Жами» (5/180) жыйнактарында сахих деп тастыктаган.
«Ас-алуллахал азийм, раббал-аршил азийм, ан яшфияка».
11- Тынчсызданууну жана уйкуда чочууну дарылоо
«Мага шайтандардын келишинен, алардын азгыруусунан, (Аллахтын) пенделеринин жамандыгынан, Аллахтын азабынан жана ачуусунан Аллахтын кемчилдиксиз сөздөрү менен коргоном[92]». [92] Абу Дауд, 4\12, 3893. Албани «Сахих Тирмизиде» (3\171) хасан деген.
«Ауузу би калимаати ллаахи ат-тааммаати: мин гадабихи, уа икаабихи, уа шарри ибаадихи, уа мин хамазаати аш-шаятиини, уа ан яхдуруун»
12- Ысытманы дарылоо
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: «Ысытма тозоктун алоолонуп күйгөн табынан. Аны суу менен муздаткыла[93]». [93] Имам Бухари (10/174), 3264. Имам Муслим (4/1733), 2210.
13- Жылан же чаян чакканда дарылоо
1- Шилекейди чогултуп, чаккан жерге түкүрүү менен Фатиха окулат[94]. [94] Бухари (10/208), Медицина китеби, Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дем салуу бабы.
2- Ага суу жана туз сүртүлүп, аны менен бирге төмөнкү сүрөө окулат: (Оо, Мухаммад, каапырларга) айткын: «Эй, каапырлар!» жана Муаввизатайн (Фалак жана Нас сүрөөлөрү)[95]. [95] Табарани аны «ал-Муъжам ас-Сагирде» (2/830) риваят кылган, Хайсами «Мажмаъ аз-Заваидде» (5/111) анын иснадын хасан деген жана Албани аны «Силсилатул-ахадис ас-сахихада» (548) номуру менен сахих деп тастыктаган.
14- Ачууланууну басуу
Ачууланууну эки жол менен басууга болот:
Биринчи жол: Сактануу
Буга ачуулануунун себептеринен оолак болуу аркылуу жетүүгө болот. Ал себептерге төмөнкүлөр кирет: текебердик, өзүнө суктануу, мактануу, айыпталган ач көздүк, орунсуз тамашалашуу, жеңил ойлуулук жана ушул сыяктуулар.
Экинчи жол: Ачуулануу пайда болгондо аны басуу
Ал төрт түргө бөлүнөт:
Каргышка калган шайтандан коргоонуну Аллахтан сурануу.
Даарат алуу.
Ачууланган адамдын турган абалын өзгөртүүсү: олтуруу, жатып алуу, сыртка чыгуу, сүйлөөдөн өзүн кармоо же башка ушул сыяктуулар.
Ачууну жутуунун сооптору жана ачуулануунун акыбетиндеги кордук жөнүндө айтылгандарды эске алуу[96]. [96] Бул кеңири түшүндүрмөнү сахих далилдери менен автордун «Тил апааттары» (110-112-б.) жана «Аллахка даават кылуудагы хикмат» (64-66-б.) китептеринен караңыз.
15- Кара зире менен дарылануу
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: «Кара зиреде өлүмдөн башка ар бир ооруга шыпаа бар». Ибн Шихаб айтты: «Сам – өлүм, ал эми кара зире – шуниз (кара зире)»[97]. Кара зиренин пайдасы абдан көп, ал эми анын: «Ар бир ооруга шыпаа» деген сөзү Аллах Тааланын сөзү сыяктуу: «Ал (бороон) Раббисинин буйругу менен бардык нерселерди талкалап жиберди...» (Ахкаф сүрөөсү, 25-аят). Башкача айтканда, жок болууга жана ушул сыяктуу өзгөрүүлөргө дуушар боло турган бардык оорулар же себептер[98]. [97] Имам Бухари (10/143), 5688. Имам Муслим (1735), 2215. [98] Караңыз: «Задул-маад» (4/297) жана аллама Муваффакуддин Абдуллатиф ал-Багдадинин «Ат-Тыбб минал-китаб вас-сунна» (88-б.).
16- Бал менен дарылоо
1- Аллах Таала аары тууралуу мындай деген: «анын ичинен ар түрдүү ичиле турган (бал) чыгат. Анда адамдар үчүн шыпаа бар. Албетте, мында ой жүргүзгөн адамдар үчүн сабак бар». [Нахл сүрөөсү, 69-аят].
2- Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
«Шыпаа үч нерседе: хижама кылуучунун тилигинде, бал ичүүдө же от менен күйгүзүүдө. Ал эми мен үммөтүмдү от менен күйгүзүүдөн кайтарам[99]». [99] Аль-Бухари (10/137, № 5681) риваят кылган. Балдын пайдалары тууралуу кененирээк караңыз: «Зад аль-Ма'ад» (4/50–62) жана аллама Муваффак ад-Дин Абд ар-Латиф ал-Багдадинин «Ат-Тибб мин аль-Китаб ва ас-Сунна» эмгеги (129–136-бб.).
17- Замзам суусу менен дарылануу
1- Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Замзам суусу тууралуу мындай деген: «Замзам суусу берекелүү, ал тойгузуучу касиетке ээ (ооруга шыпаа)[100]». [100] Муслим (4/1922) (2473) номери менен риваят кылган, ал эми чарчы кашаанын ичиндегилер Баззарда (2/86), Байхакинин «Ас-Сунан ал-Кубросунда» (5/147) жана Табаранинин «Ал-Муъжам ал-Авсатында» (3/247) келген, анын иснады сахих, караңыз: «Мажмаъ аз-заваид» (3/286).
2- Жабир (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбызга жеткирип айткан хадисте мынтип айтылат: «Замзам суусу эмне үчүн ичилсе ошон үчүн[101]». [101] Ибн Маажа, 3062 жана башкалар; Албани, Сахих Ибн Маажа, 2/183 жана Ирва ал-Голил, 4/320де бул хадисти сахих деген.
3- Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ишенимдүү түрдө тастыкталгандай, ал: «Замзам суусун суу идиштеринде [102] жана чаначтарда алып жүрчү, жана аны оорулуулардын үстүнө куюп, аларга ичирчү[103]». Ибнул-Каййум (Аллах аны ырайымына алсын) айтты: «Мен жана башкалар Замзам суусу менен шыпаа издөөдө таң калыштуу нерселерди тажрыйбабыздан өткөрдүк. Мен аны менен бир нече оорудан дарыланып, Аллахтын уруксаты менен айыктым[104][105]». [102] Идаава: тазалоочу идиш, көптүк түрү – адаава. Мухтар ас-Сыхах (1/11). [103] Тирмизи (1/180), 963; Байхаки (5/202); Альбани «Сахих Тирмизи» (1/284), «Силсилатул-ахадисис-сахиха» (2/572), 883 жана «Задул-маадда» (4/392) сахих деген [104] Хижаз элинен башкалар: «Фабариъту» деп айтышат. Караңыз: «Ан-Нихая фи гариб ал-хадис» (1/111). [105] Заад ал-Маад, 4\393 жана (178)
18- Жүрөк ооруларын дарылоо
Жүрөк үч түрдүү болот:
1. Таза жүрөк — кыямат күнү Аллахтын алдына ушундай жүрөк менен келген адам гана кутулат. Аллах Таала айткан: «Ал күнү байлык да, бала-чака да эч кандай пайда бере албайт. Бир гана, Аллахка (ширктен) таза жүрөк менен келген адам(дын жакшылык иштери гана пайда берет)». (Шуара сүрөөсү, 88-89-аяттар).
Таза жүрөк – бул Аллахтын буйругуна жана тыюусуна каршы келген ар кандай напси каалоосунан жана Анын кабарына каршы келген ар кандай шек-күмөндөн таза болгон жүрөк. Ошондой эле, ал Андан башкага кулчулук кылуудан жана Анын Элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) башканы өкүмдар кылуудан сакталган.
Кыскасы мындай жүрөк ширктин ар кандай формасынан арылган таза жана соо жүрөк. Анын кулчулугу жалгыз Аллах үчүн калыс болот: каалоодо, сүйүүдө, тобокел кылууда, тообо кылып кайтууда, моюн сунууда, коркууда жана үмүттө. Ошондой эле анын амалы да Аллах үчүн калыс болот: эгер жакшы көрсө, Аллах үчүн жакшы көрөт, эгер жек көрсө, Аллах үчүн жек көрөт, эгер берсе, Аллах үчүн берет, эгер бербей тыйса, Аллах үчүн тыят. Анын бүткүл ой-санаасы Аллах үчүн, бүткүл сүйүүсү Аллах үчүн. Максаты – Ал үчүн, денеси – Ал үчүн, амалдары – Ал үчүн, уйкусу – Ал үчүн, ойгоолугу – Ал үчүн. Анын сүйлөгөн сөзү жана Ал (Аллах) жөнүндө сөз кылуу ал үчүн башка бардык сөздөрдөн да сүйкүмдүүрөөк, ал эми анын ой-пикири дайыма Анын (Аллахтын) ыраазычылыгынын жана сүйгөн нерселеринин айланасында айланат [106]. Улуу Аллах Тааладан мына ушундай жүрөктү сурайбыз. [106] Караңыз: Игаасат аль-Лахфаан мин масаайид аш-Шайтаан, Ибн аль-Каййум (Аллах аны ырайымына алсын), 1\7-73.
2- Өлүк жүрөк: Ал биринчисине карама-каршы. Ал Раббисин тааныбайт, Анын буйругуна ылайык, Ал жакшы көргөн жана ыраазы болгон нерселер менен Ага ибадат кылбайт. Тескерисинче, аларда Раббисинин нааразылыгы жана каары болсо да, ал өзүнүн кумарларына жана жыргалдарына гана байланган. Ошентип, ал сүйүүдө, коркууда, үмүт кылууда, ыраазы болууда, ачууланууда, улуктоодо жана моюн сунууда Аллахтан башкага кулчулук кылат. Эгер жек көрсө, напсинин каалоосу үчүн жек көрөт, эгер жакшы көрсө, напсинин каалоосу үчүн жакшы көрөт, эгер берсе, напсинин каалоосу үчүн берет, эгер тыйса, напсинин каалоосу үчүн тыят. Демек, напсилик каалоо – анын имамы, кумар – анын жетектөөчүсү, наадандык – анын айдоочусу, ал эми кайдыгерлик – анын унаасы[107]. Мындай жүрөктөн Аллахтан коргоосун сурайбыз. [107] Караңыз: Игаасат аль-Лахфаан мин масаайид аш-Шайтаан, 1\9.
3- Оорулуу жүрөк: Бул – тирүү, бирок илдети бар жүрөк. Аны азыктандырып туруучу эки булак бар: бирде мунусу, бирде тигиниси кубаттайт. Ал бул экөөнөн кайсынысы үстөмдүк кылса, ошого таандык болот. Анда Аллах Таалага болгон сүйүү, Ага болгон ыйман, Ага болгон ыклас жана Ага тобокел кылуу бар – мына ушулар анын жашоо булагы. Ошол эле учурда, анда напси каалоолорун сүйүү, аларга жетүүгө болгон ач көздүк, көрө албастык, текебердик, өзүнө суктануу, үстөмдүктү сүйүү, бийлик аркылуу жер бетинде бузукулук таратуу, эки жүздүүлүк, риякерлик, ач көздүк жана сараңдык бар – мына ушулар анын кыйрашынын жана өлүмүнүн булагы[108]. Мындай жүрөктөн Аллахтан коргоосун сурайбыз. [108] Караңыз: Игаасат аль-Лахфаан, 1\9.
Жүрөктү бардык ооруларынан айыктыруу Ыйык Куранда камтылган.
Аллах Таала айтты: «Оо, адамдар! Силерге Раббиңер тарабынан насаат, көкүрөктөгү дарттарга шыпаа, туура жол жана бүт ааламдар үчүн ырайым (болуп Куран китеби) келди». (Юнус сүрөөсү, 57-аят). Аллах Таала дагы мынтип айткан: «Биз ыймандуулар үчүн шыпаа жана ырайым болгон Куранды түшүрөбүз. Ал эми (Куран аяттары) залымдардын зыяндарын гана көбөйтөт». (Исра сүрөөсү, 82-аят).
Жүрөк оорулары эки түрдүү болот:
Анын бир түрү бар, ага чалдыккан адам ошол замат ооруну сезбейт. Ал – наадандык, күмөн саноолор жана шектенүүлөр оорусу. Бул эки түрдүн ичинен эң оорулуусу, бирок жүрөктүн бузулгандыгы себептүү адам аны сезбейт.
Дагы бир түрү – заматта оору сезилет: сарсанаа, кайгы-муң, капалануу жана ыза сыяктуу. Бул оору анын себептерин жок кылуу жана башка ушул сыяктуу табигый дары-дармектер аркылуу кетиши мүмкүн[109]. [109] Караңыз: Игаасат аль-Лахфаан, 1\44.
Жүрөктү дарылоо төрт нерсе аркылуу болот:
Биринчиси: Ыйык Куран аркылуу; чындыгында, ал көкүрөктөрдөгү шек-күмөндөргө шыпаа жана андагы ширкти, каапырлыктын кирлерин, шектенүүлөр менен напси каалоолорунун ооруларын кетирет. Ал – чындыкты таанып-билип, ага амал кылгандар үчүн туура жол. Ошондой эле, ал аркылуу момундар ээ боло турган бул дүйнө менен акыреттин сооп-сыйлыктары себептүү бир ырайым болуп саналат. Аллах Таала айтты: «Жаны жок кезде Биз ага жан берип, адамдар арасында аны менен (жолун жарытып) жүрө турган нурду колуна карматып койгон адам караңгылыктан чыкпай жүргөн адамга окшомок беле? Ушул сыяктуу, каапырларга өздөрүнүн жасап жаткан иштери (шайтандар тарабынан) кооз көргөзүлүп коюлган». (Анаам сүрөөсү, 122-аят).
Экинчиси: Жүрөк үч нерсеге муктаж:
1- Анын күч-кубатын сактап кала турган нерсе — бул ыйман, жакшы амалдарды кылуу жана ибадаттарды калтырбай дайым аткаруу менен ишке ашат.
2- Зыяндуу нерселерден тыйылуу: бул – бардык күнөөлөрдөн жана шариятка каршы келген ар түрдүү иштерден оолак болуу.
3- Бардык зыяндуу нерселерден арылуу – бул тообо кылуу жана Аллахтан кечирим суроо аркылуу ишке ашат.
Үчүнчүсү: Напсинин ага үстөмдүк кылуусунан келип чыккан жүрөк илдетин дарылоо:
Анын эки дабасы бар: аны эсеп-кысап кылуу жана ага каршы чыгуу. Ал эми эсеп-кысап кылуунун эки түрү бар:
Биринчи түрү — Амал кылууга чейинки абал. Анын төрт макамы (баскычы) бар:
1- Бул ишке анын кудурети жетеби?
2- Бул амалды аткаруу аны таштап коюуга караганда ал үчүн жакшыраакпы?
3- Бул иш менен Аллахтын ыраазычылыгы максат кылынабы?
4- Бул иш колдоого алынабы жана эгер жардамчыларга муктаж болсо, ага көмөктөшүп, колдоо көрсөтө турган жардамчылары барбы? Эгерде бар болсо — ал ишти аткарууга киришет, андай болбосо — ага эч качан киришпейт.
Экинчи түрү: Амалдан кийинки абал. Мунун үч түрү бар:
1- Аллах Тааланын акысынан болгон, бирок кемчилик кетирип, талап кылынгандай толук аткарбаган ибадаты үчүн өз напсин эсепке тартуусу. Аллах Тааланын акыларынан: ыклас, насаат кылуу, ээрчүү, ихсан даражасын сезе билүү, андагы Аллахтын ага кылган жакшылыгын көрө билүү жана ушунун баарынан кийин да кемчиликтерин моюнга алуу.
2- Жасагандан көрө жасабай коюу ал үчүн жакшыраак болгон ар бир амал үчүн өзүн-өзү эсепке тартуу.
3- Мубах же көнүмүш иши үчүн напсисине эсеп берүүсү. Эгер аны менен Аллахты жана Акыретти каалаган болсо — утушка ээ болот, ал эми дүнүйөнү гана көздөгөн болсо — зыянга учурайт.
Мунун баарынын жыйынтыгы – адамдын эң алгач өз напсисин парз амалдары боюнча эсепке тартуусу. Эгерде аларда кемчилик болсо, аларды толуктайт. Андан соң напсисин тыюу салынган иштер боюнча эсепке тартат. Эгерде алардан кайсы бирөөнү жасап койгонун билсе, тообо кылуу жана истигфар айтуу менен анын ордун толтурат. Андан кийин дене мүчөлөрү менен кылган амалдары үчүн, андан соң кайдигерлиги үчүн эсепке тартат[110]. [110] Караңыз: Игаасат аль-Лахфаан, 1\136.
Төртүнчүсү: Шайтандын жүрөктү ээлеп алуусунан келип чыккан жүрөк оорусун дарылоо:
Шайтан – адамдын душманы, ал эми андан кутулуу Аллах шарият кылып бекиткен коргонууну тилөө менен болот. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) напсинин жамандыгынан жана шайтандын жамандыгынан коргонууну бириктирип, Абу Бакрга мындай деген: «Айткын! "Аллахым, асман-жердин Жаратуучусу, көмүскө жана ашкере нерселерди Билүүчү, бардык нерсенин Раббиси жана падышасы Сенсиң. Сенден башка ибадатка татыктуу кудай жок экендигине күбөлүк беремин. Напсимдин жамандыгынан, шайтандын жамандыгынан жана ширкинен сактоону, өзүмө же башка бир мусулманга жамандык кылып коюудан сактоону Өзүңдөн гана суранам". Аны таң атканда, кеч киргенде жана төшөгүңө жатаарда айт[111]». [111] Тирмизи (3392) жана Абу Дауд (5058) риваят кылышкан, ал эми Альбани аны «Сахих Тирмизиде» (3/142) сахих деген.
«Аллахумма фаатирас-самаваати уал-арди, аалимал-гайби ваш-шахаадати, рабба кулли шай-ин уа малиикаху, ашхаду ал-лаа илааха иллаа анта, ауузу бика мин шарри нафсии, уа шарриш-шайтаани уа ширкихи, уа ан аътарифа алаа нафсии суу-ан, ау ажурраху илаа муслимин».
Аллахтан коргоо суроо, Ага таянуу жана ыклас – шайтандын таасирин жана бийлигин кайтарат[112]. [112] Караңыз: Игаасат аль-Лахфаан, 1: 145-162.
Аллахтын кулу жана элчиси Мухаммадка, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана кыяматка чейин аларга эрчигендерге Аллахтын салам-салаваты болсун.
Дуба жана ага улай Куран жана сүннөттөн алынган дем салуу менен дарылануу
Саид ибн Али ибн Вахб Ал-Кахтани
Бул китеп – дуба жана шариятка ылайык дем салуу менен ооруларды дарылоо темасындагы ишенимдүү илимий булак. Китепте Курани Карим жана сүннөттөн алынган дубалар баяндалып, руханий жана дене ооруларына шыпаа табуу үчүн аларды кантип колдонуунун жолдору түшүндүрүлөт. Ошондой эле, дем салуу менен шыпаа табуу маселеси каралып, шыпаа тилөөдө Аллах Таалага чын ыкластан жалбаруунун жана терең ыймандын зарылдыгы баса белгиленет. Андан тышкары, зыяндардан жана оорулардан сактануунун жана шыпаа табуунун натыйжалуу ыкмалары сунушталат.
Related books
All books
Куран жана сүннөттүн негизинде ажылык, умра жана зыяраттарга тиешелүү көптөгөн маселелердин иликтөөсү жана түшүндүрмөсү.54 тилКуран жана сүннөттүн негизинде ажылык, умра жана зыяраттарга тиешелүү көптөгөн маселелердин иликтөөсү жана түшүндүрмөсү.
Бул китепте Куран жана Сүннөткө ылайык ажылыктын, умранын жана зыяраттардын өкүмдөрү, ажы жана умранын милдеттери, ихрам учурундагы тыюулар, пайгамбардын мечитин зыярат кылуунун адептери баяндалып, бул ибадаттарды аткаруудагы бидаат амалдар эскертилген.
Куранда жана сүннөттө келген зикр-дубалардан турган мусулмандын коргону57 тилКуранда жана сүннөттө келген зикр-дубалардан турган мусулмандын коргону
Бул китепте Куран жана Сүннөттөн алынган зикирлер топтолгон. Алар ар кандай убакта жана жагдайларда кайталап айтууну жеңилдетүү үчүн жыйналган. Китепте уйкудан ойгонгондо, даарат алганда, намаз окуганда, сапарга чыкканда жана башка учурларда айтылуучу дубалар камтылган. Бул дубалар мусулмандын өзүн ар кандай жамандыктардан коргоосуна жана Аллахтын коргоосунда, камкордугунда болушуна жардам берет.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтүнө амал кылуунун важип экендиги жана аны четке каккандардын каапыр болуусу.23 тилПайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтүнө амал кылуунун важип экендиги жана аны четке каккандардын каапыр болуусу.
Автор: Абдулазиз бин Абдуллах бин Баз, Аллах аны ырайымына алсын. Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен. Кириш сөз Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун. Бейиш такыбалар үчүн. Аллахтын кулу жана элчиси, ааламдарга ырайым кылуу үчүн жиберилген пайгамбарыбыз Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламга, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына салават жана саламдар болсун. Ал сахабалар Куранды жана Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтүн өздөрүнөн кийинкилерге чынчылдык жана кемчиликсиздик менен, алардын маанилерин жана сөздөрүн толук сактоо менен жеткиришти. Аллах алардан ыраазы…
Бактылуу жашоо үчүн пайдалуу себептер85 тилБактылуу жашоо үчүн пайдалуу себептер
Шейх Абдуррахман ибн Насир ас-Саадинин «Бактылуу жашоо үчүн пайдалуу себептер» аттуу китеби чыныгы бактылуулуктун себептерин терең ыйман көз карашы менен карап, окурмандын жүрөгүн ыйман, жакшы иштер, Аллах Тааланы эскерүү, канаат кылуу, Аллах Таала берген ниматтарга ой жүгүртүү, жакшылык кылуу, Аллах Таалага таянуу, сабырдуу болуу жана иштерди туура баалоо аркылуу бейпилдикке багыттайт. Жагымдуу, көркөм баяндоо менен жашоонун кыйынчылык, өзгөрүүлөрүнө карабастан тынч, тең салмактуу жана бактылуу өмүр сүрүүгө алып барчу жол чыйынын алдыңа коюп берет.