وجوب العمل بالسنة وكفر من أنكرها

وجوب العمل بالسنة وكفر من أنكرها

رسالة لطيفة تبين أهمية الالتزام بسنة النبي محمد صلى الله عليه وسلم وبيان كفر من ينكرها. تبدأ بالتأكيد على أن مصادر التشريع الإسلامي تعتمد على القرآن الكريم وسنة النبي محمد صلى الله عليه وسلم وإجماع علماء الأمة. تشرح الرسالة كيف أن القرآن وسنة النبي متلازمان، وتؤكد على ضرورة اتباع السنة لفهم وتطبيق أحكام الشريعة. يُستدل فيها بآيات القرآن وأحاديث النبي العدنان وشهادات من الصحابة والتابعين، لإثبات حجية السنة وأهمية التمسك بها. تُختتم الرسالة بتذكير المسلمين بضرورة طاعة الرسول والابتعاد عن مخالفة سنته لتحقيق الهداية والرحمة من الله جل جلاله.

Language: lang_ky
Prepared by:
Version: 1.0
Translations 22
Akan Amharic Assamese Bambara +18
Attachments 7
PDF
Audio
Video
+3

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтүнө амал кылуунун важип экендиги жана аны четке каккандардын каапыр болуусу. Автор:

Абдулазиз бин Абдуллах бин Баз, Аллах аны ырайымына алсын.

Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен.

Кириш сөз

Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун. Бейиш такыбалар үчүн. Аллахтын кулу жана элчиси, ааламдарга ырайым кылуу үчүн жиберилген пайгамбарыбыз Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламга, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына салават жана саламдар болсун. Ал сахабалар Куранды жана Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтүн өздөрүнөн кийинкилерге чынчылдык жана кемчиликсиздик менен, алардын маанилерин жана сөздөрүн толук сактоо менен жеткиришти. Аллах алардан ыраазы болсун. Аллах бизди жакшылыкта аларды ээрчигендерден жана бардык пенделерге далил кылсын.

Мурдагы жана азыркы аалымдар өкүм чыгарууда, адал жана арамды ачыктоодо эске алынган негиз - бул Аллахтын Ыйык Китеби экенине бир ооздон макулдашкан. Ал Курандын алдынан да, артынан да жалган келбейт. Андан кийин эске алынган негиз - Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтү. Аны Аллахтын Элчиси өз каалоосу менен сүйлөгөн эмес, аны вахий менен гана сүйлөгөн. Андан кийин эске алынган негиз - Ислам үммөтүндөгү аалымдардын ижмаасы. Аалымдар булардан башка негиздер боюнча ар түрдүү кайчы пикирлерди айтышкан. Алардын эң негизгиси – кыяс. Көпчүлүк аалымдар: "Эгер киястын эске алынган шарттары табылса, анда кыяс далил болот" - дешкен. Бул Исламдагы негиздер үчүн келген далилдер сан жеткис өтө көп. Ал эми жогоруда айтылган негиздер алардын эң белгилүүлөрү.

Өкүмдөрдү бекемдөөдө эске алынган негиздер.

Биринчи негиз: Ыйык Куран.

Биринчи негизге келсек: ал Улуу Аллахтын китеби Куран. Аллахтын сөзү болгон Ыйык Курандын айрым жерлеринде бул Куранды ээрчүүнү, аны бекем карманууну жана анын чегинде токтоону көрсөткөн.

Аллах Таала айтты: "Бул Биз түшүргөн берекелүү Китеп, аны ээрчигиле жана (Аллахтын) ырайымына жетүү үчүн такыбалык кылгыла".

Аллах Таала айтты:

Оо, китеп ээлери! Чындыгында, Биздин Элчибиз Китептен (Тоорат менен Инжилден) силер жашырып койгон көптөгөн нерселерди силерге баяндаган абалда жана көптөгөн нерселерди калтырган абалда келди. Силерге Аллахтан нур (Мухаммад) жана ачык-айкын Китеп (Куран) келди. Аллах бул аркылуу Анын ыраазычылыгына умтулгандарды тынчтык жолдоруна багыттайт. Жана аларды Өзүнүн уруксаты менен (каапырлык) караңгылыгынан (Ислам) нуруна чыгарып, туура жолго салат.

Аллах Таала айтты:

"Чындыгында, аларга Зикир (Куран) келгенде каапыр болгондор. Ал (Куран) анын алдынан да, артынан да жалган келбеген ыйык Китеп. Даанышман, мактоого татыктуу Заттан түшүрүлгөн".

Аллах Таала айтты:

"Силерге жана ал (Куран) жеткендерге аны менен эскертүүм үчүн бул Куран мага түшүрүлдү".

Аллах Таала айтты:

"Бул (Куран) адамдарга насаат жана аларга аны эскертүү үчүн (Биз Куранды түшүргөнбүз)".

Бул маанидеги аяттар көп. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, Куранды бекем тутуп, аны карманууга буйруган сахих хадистер келген. Ал хадистерде ким Куранды бекем карманса туура жолдо, ал эми ким аны бекем кармабай таштап койсо, анда адашууда болорун баяндаган. Мындан улам Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, коштошуу ажылык хутбасында мындай дегени далилденди:

"Чындыгында, мен силерге бир нерсени калтырып жатам. Эгерде аны бекем кармансаңар эч качан адашпайсыңар. Ал Аллахтын Китеби".

Муслим өзүнүн "Сахих Муслим" китебинде риваят кылган.

Жана дагы "Сахих Муслим" китебинде Зайд бин Аркам, радияллаху анхудан, риваят кылат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:

"Мен силерге эки чоң нерсени калтырып жатам, алардын биринчиси Аллахтын китеби. Анда хидаят жана нур бар. Ошондуктан Аллахтын китебин алгыла жана аны бекем кармангыла".

Ошентип, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллахтын китебине үндөп жана ага кызыктырып андан кийин мындай деп айтты:

"Менин ахлу байтим, (1) мен силерге ахлу байтимдин акыларын Аллах үчүн эскертемин, мен силерге ахлу байтимдин акыларын Аллах үчүн эскертемин".

Куранда бир сөз менен айтканда:

Ал Аллахтын арканы, аны кармаган адам туура жолдо болот, ал эми ким аны таштаса, анда ал адашкан болот.

Бул тууралуу көптөгөн хадистер бар. Сахабалар жана алардан кийинки илим жана ыйман ээлери Аллахтын китебин карманып, аны менен өкүм кылуу жана Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтү менен өкүм кылуу важип экендиги тууралуу баары бир көз карашта. Бул маселе тууралуу келген далилдердин көптүгүнөн ушулар жетиштүү болот.

Экинчи негиз: Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, сахабалары жана алардан кийинки илим жана ыйман ээлеринен келген сахих риваяттар.

Бир пикирден макулдашылган үч негиздин экинчи негизине келсек, бул Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, сахабалардан жана илим жана ыйман ээлеринен келген сахих риваяттар. Алар бул түпкү негиздерге ишенип, аны далил катары пайдаланып, үммөткө үйрөтүшкөн. Алар бул экинчи негиз тууралуу көптөгөн китептерди жазышып, усулул фикх жана мусталах (терминология) китептеринде түшүндүрүшкөн жана буга өтө эле көп далилдер бар. Алардын арасында Ыйык Куранда Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламды, ээрчүүгө жана ага баш ийүүгө буйруп келген аяттар бар. Бул Пайгамбардын доорундагы адамдарга жана алардан кийинкилерге карата айтылган буйруктар. Анткени Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жалпы адамдарга жиберилген Аллахтын элчиси жана адамдар кыямат болгонго чейин аны ээрчүүгө жана ага баш ийүүгө буйрулган. Ал Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллахтын китебин тафсирлеп чечмелеген жана андагы жалпы айтылып келген аяттарды сөздөрү, иш-аракети жана макулдугу менен баяндаган. Эгерде сүннөт болбогондо мусулмандар намаздагы рекеттердин санын, сыпаттарын, парздарын билишмек эмес. Орозо, зекет, ажылык, жихад, парз өкүмдөрүнүн жана жакшылыкка чакыруунунун жана жамандыктан кайтаруунун чоо-жайын билишмек эмес. Алар соода-сатык жана шариятта арам кылынган нерселердин өкүмдөрүнүн чоо-жайын, аяттарда айтылгандай кылмыштын жазасы ж.б. жазалар тууралуу Аллахтын буйруганын билишмек эмес. Бул тууралуу айтылган аяттарда Аллах Таала Аали Имран сүрөөсүндө мындай дейт:

"Аллахка жана Пайгамбарга моюн сунгула. Балким силерге ырайым кылынат".

Аллах Таала Ниса сүрөсүндө мындай деген:

"Эй, ыйман келтиргендер, Аллахка моюн сунгула, Пайгамбарга жана өзүңөрдөн болгон башчыларга моюн сунгула. Эгерде бир нерседе талашып-тартышып калсаңар, анда Аллахка жана Пайгамбарга кайткыла, эгерде Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтирген болсоңор. Мында жакшылык жана эң жакшы натыйжа бар".

Ошондой эле Аллах Таала Ниса сүрөөсүндө мындай деген:

"Ким пайгамбарга моюн сунса, анда ал Аллахка моюн сунган болот. Ким жүз бурса, Биз сени аларга кароолчу кылып жиберген жокпуз".

Эгерде Пайгамбардын сүннөтү далил катары колдонулбаса же толук сакталбаса, анда кантип Пайгамбарга баш ийип, адамдар талашып жаткан нерседе Аллахтын Китебине жана Пайгамбардын сүннөтүнө кайрылууга болсун? Бул сөзгө ылайык айтсак, анда Аллах Таала пенделерин жок нерсеге бурган болуп калат. Бул Аллах жөнүндө эң жараксыз жалгандардын бири болот жана Аллахка каапырлык кылуу, Ал жөнүндө жаман ойлоо болот.

Аллах Таала Нахл сүрөсүндө мындай деген:

"Сен аларга түшүрүлгөн нерселерди баяндооң үчүн Биз сага Зикирди (Куранды) түшүрдүк. Балким, алар ой жүгүртүшөөр".

Ошондой эле Аллах Таала бул тууралуу мындай деген:

"Биз сага Китепти алар талашып-тартышып жаткан нерселерин баяндап берүүң үчүн жана ыйман келтирген коомго хидаят жана ырайым болсун деп түшүрдүк".

Тан калыштуу! Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтү жок болсо же далил катары колдонулбаса, анда Аллах Таала кантип Өзүнүн Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, аят-хадистерди баяндоону тапшырат?!.

Ошол сыяктуу эле Аллах Таала Нур сүрөөсүндө мындай деген:

"Айткын: (эй, Мухаммад!) "Аллахка моюн сунгула жана Пайгамбарга моюн сунгула. Эгер жүз бурсаңар, ага (жеткирүү милдети) гана жүктөлгөн, ал эми силерге (моюн сунуу) жүктөлгөн. Эгер ага моюн сунсаңар, туура жолду табасыңар. Пайгамбар ачык-айкын жеткирүүгө гана милдеттүү".

Ошол эле сүрөөдө Алла Таала айтты:

"Намаз окугула, зекет бергиле жана Пайгамбарга моюн сунгула. Балким силерге ырайым кылынат".

Аллах Таала Аъраф сүрөсүндө мындай деген:

"Айткын: Эй, адамдар! Чындыгында мен баарыңарга Аллахтын жиберген элчисимин. Асмандардын жана жердин падышалыгы Ага гана таандык. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал Тирилтүүчү жана Өлтүрүүчү. Ошондуктан, Аллахка жана Анын Элчиси кат тааныбаган пайгамбарга ыйман келтиргиле. Ал Пайгамбар Аллахка жана Анын сөздөрүнө ыйман келтирген. Аны ээрчилиле, балким туура жолго түшөсүңөр".

Бул аяттар хидаят жана ырайымдуулук Пайгамбарды ээрчүүдө экенин ачык көрсөтүп турат. Анын сүннөтүнө амал кылбай туруп же анын сүннөтүн туура эмес, ишенимсиз деп айтып аны ээрчүү кантип болсун?!

Аллах Таала Нур сүрөсүндө мындай деген:

"Анын (Пайгамбардын) ишине (сүннөтүнө) каршы чыккандар баштарына бир фитна (4) же оор азап келишинен сактансын".

Аллах Таала Хашр сүрөсүндө мындай деген:

"Пайгамбар силерге эмнени алып келсе, ошону алгыла. Эмнеден тыйса, анда андан тыйылгыла".

Бул мааниде көптөгөн аяттар бар жана алардын баары Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, баш ийүүнүн жана ал алып келген нерсени ээрчүүнүн важип экенин көрсөтүп турат. Дал ушундай Аллахтын китебин ээрчүү, аны кармануу, буйруктарына жана тыюуларына баш ийүү важип экенинин далили жогоруда айтылган. Булар бири-биринен ажырагыс эки негиз. Кимде-ким алардын бирин четке какса, анда экинчисин да четке кагып аны жалганга чыгарган болот. Бул эки негиздин бирин четке кагуу – илим жана ыйман ээлеринин ижмаасы боюнча каапырлык, адашуу жана Ислам чөйрөсүнөн чыгуу болуп саналат.

Бул тууралуу Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, хадистер келген.

Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, баш ийүү, ал алып келген нерсеге ээрчүү жана ага баш ийбөөнүн арамдыгы тууралуу көптөгөн хадистер келген. Бул баш ийүүгө, ээрчүүгө Пайгамбардын доорунда болгон адамдардын жана андан кийин Кыяматка чейин келе турган адамдардын укугу бар. Бул тууралуу Бухари жана Муслимде Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, айтканы бекемделген:

"Ким мага моюн сунса, анда Аллахка моюн сунган болот. Ал эми ким мага баш ийбесе, анда Аллахка баш ийбеген болот".

Жана "Сахих аль-Бухариде" Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айткан:

"Менин үммөтүмдөн баш тарткандардан башкасынын баары бейишке кирет. Ошондо: "Оо, Аллахтын Элчиси ким баш тартат?" - деп айтылат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: "Ким мага моюн сунса, Бейишке кирет, ким мага моюн сунбаса, баш тарткан болот" - деп айтты".

Ахмад, Абу Давуд жана аль-Хаким мухаддис аалымдары сахих иснад менен Аль-Микдам ибн Маади Карбдан риваят кылышат. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:

"Чындыгында, мага Китеп жана аны менен кошо анын окшошу (сүннөт) берилбедиби. Жакында сөөрүдө отурган бир тойгон киши: "Бул Куранды гана бекем кармагыла, андыктан анда эмнени адал деп тапсаңар, аны адал дегиле жана андан эмнени арам деп тапсаңар, аны арам дегиле" - деп айтып калат".

Абу Дауд жана Ибн Мажа мухаддис аалымдары сахих иснад менен Ибн Абу Рафиъдин атасынан риваят кылышат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:

"Силердин бириңерди сөөрүдө жөлөнүп отурганыңарда мен буйруган же тыюу салган нерселеримден (сүннөтүмдөн) буйрук келгенде, "Биз аны билбейбиз, биз Аллахтын китебинен тапкан нерсебизге ээрчидик" - деп айтып жатканыңарды көрбөйүн".

Хасан ибн Жабир айтты: "Мен Аль-Микдам ибн Маади Карбдин, радыяллаху анхунун, мындай деп айтканын уктум:

"Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Хайбар күнү кээ бир нерселерди арам кылды да, андан кийин мындай деп айтты: «Силердин бириңер сөйөнүп олтурган абалда, менин хадисимди айтып жатып: "Силер менен биздин ортобузда Аллахтын Китеби эле бар, андыктан анда эмнени адал деп тапсак, аны адал кылдык. Ал эми андан арам деп тапсак, аны арам кылдык" - деп мени жалганга чыгарууңарга жакын калды. Чындыгында, Алланын Элчиси тыйган нерсе, Аллах арам кылган нерсеге окшош эмеспи".

Хаким, Тирмизи жана Ибн Мажа мухаддис аалымдары ал хадисти сахих иснад менен риваят кылышты.

Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, кутба кылып жатканда сахабаларына: "Күбө болгондор жок болгондорго жеткирсин" - деп насаат кылганы тууралуу көптөгөн хадистер келген. Ал кутбада мындай деп айтат эле: "Келгендер келбегендерге жеткирсин. Кээде бир адамга хадис жетсе, ал аны жеткирген адамга караганда жакшыраак түшүнөт".

Мына ушундан улам Сахих Бухари жана Сахих Муслим китебинде Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Арафа күнү жана Курман айт күнү коштошуу ажылык сапарында адамдарга кайрылып, аларга мындай деген:

"Келгендер келбегендерге жеткирсин. Кээде бир адамга хадис жетсе, ал аны жеткирген адамга караганда жакшыраак түшүнөт".

Эгерде Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтү аны уккан жана жеткирген адамдарга каршы далил болбогондо жана ал Кыяматка чейин калбаганда, анда аны жеткирүүгө буйрук кылмак эмес. Мына ошондуктан Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтүн уккан адамга жана сахих иснад менен жеткирилген адамга сүннөттүн далил болору билинет.

Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, сахабалары анын айткан сүннөттөрүн жана аткарган сүннөттөрүн жаттап, аларды таабииндерге жеткиришкен. Андан кийин таабииндер кийинкилерге жеткиришкен. Ошентип, ишеничтүү хадис уламалары аны муундан муунга, кылымдан кылымга жеткирип, китептерине чогултуп, сахих менен сахих эместерин ачыктап беришти. Алар сахих менен сахих эмес хадистерди билүү үчүн өздөрүнүн арасында белгилүү мыйзамдарды жана эрежелерди коюшкан. Илим ээлери сүннөт китептерин Бухари жана Муслим ж.б. китептерден таратып, аларды толугу менен сактап калышкан. Аллах Өзүнүн Ыйык Китебин кордоочулардын кордугунан, атеисттердин атеизиминен жана бузукулардын бурмалоосунан сактаган. Аллах Тааланын мындай дегени далил болот:

"Чындыгында, Зикирди (Куранды) Биз түшүрдүк жана аны Биз сактоочубуз".

Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, хадиси түшүрүлгөн вахий экендигинде шек жок. Аллах Таала хадистерди Өзүнүн китебин сактагандай сактап койду. Ошентип Аллах Таала хадистерди даанышман аалымдарына берди. Алар хадистерди бузукулардын бурмалашынан жана наадандардын чечмелешинен тосуп койду. Алар аны наадандар, жалганчылар жана атеисттер токушкан нерселеринин баарынан сактап калышты. Анткени Аллах Таала хадистерди Өзүнүн Ыйык Китебинин тафсирлеп чечмелөөчү кылып койгон. Башкача айтканда хадис жалпы айтылган өкүмдөрдүн түшүндүрмөсү жана Ыйык Китепте каралбаган өкүмдөрдү да камтыган. Мисалы: Бала эмизүүнүн өкүмдөрү жана мурастын кээ бир өкүмдөрү, аялынын үстүнө атасынын карындашын никелеп алуу, аялынын үстүнө таежесин никелеп алуу ж.б.у.с. сахих хадисте келген бирок ыйык Куранда эскертилбеген өкүмдөр. Бул тууралуу сахабалардан, таабииндерден жана алардан кийинки илим ээлеринен келген риваяттарда, алардан сүннөттү урматтоо жана ага амал кылуунун важип экендиги тууралуу кээ бир риваяттар айтылган.

Сахих Бухари жана Сахих Муслим китептеринде Абу Хурайра, радыяллаху анху, мындай деп айтты:

"Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, каза болуп, арабтардан кээ бирлери муртад болуп динден чыгышканда Абу Бакр Сыддык, радыяллаху анху, айтты: "Аллахка ант болсун! Кимде-ким намазын окуп бирок зекетин бербесе, анда мен алар менен согушам". Ошондо Умар, радыяллаху анху, ага мындай деди: "Сен алар менен кантип согушасың? Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айткан го: "Мага адамдар: "Лаа илааха иллаллах, Аллахтан башка кудай жок" - деп күбөлүк келимени айтышмайынча, алар менен согушууга буйрулганмын. Эгерде алар муну айтышса, анда алар күбөлүк келименин акысынан башка өздөрүнүн канын жана мал-мүлкүн менден сактап калышат". Ошондо Абу Бакр Сыддык айтты: "Зекет күбөлүк келименин акысы эмеспи, Аллахка ант болсун! Эгер алар мага Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, берген бир койду беришпесе, анда алар мага зекетин беришпегендиги үчүн согушамын". Умар, радыяллаху анху, айтты: "Мен Аллах Абу Бакрдын көкүрөгүн согушууга ачканын билип, анын акыйкат экенин билдим".

Бул жагынан сахабалар Абу Бакр Сыддыкты ээрчишип, муртад болуп динден чыккан адамдар менен, аларды Исламга кайтарганга чейин согушту. Ал эми муртад болуп динге кайтпагандарды өлтүрүштү. Бул окуяда сүннөттү урматтап, ага амал кылуунун важиб экендигине ачык далил бар. Чоң эне Абу Бакр Сыддык, радыяллаху анхуга, мурасын сурап келгенде ал мындай деп айтат:

"Сиз үчүн Аллахтын Китебинде мурастан эч кандай үлүш келген эмес. Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, сизге бир нерсе бар экенине өкүм кылганын билбейм. Мен адамдардан да сурайынчы". Андан кийин Абу Бакр Сыддык сахабалардан сураганда алардын кээ бирлери Пайгамбар, саллаллаху алаейхи уа салламдын, чоң энеге мураска калган нерселерден алтыдан бир бөлүгүн бергендигине жана ал аялга ошону өкүм кылгандыгына күбөлүк беришкен. Ал эми Умар, радыяллаху анху, жумушчуларына Аллахтын Китеби менен адамдар арасында өкүм жүргүзүүнү насаат кылчу. Эгер алар бул маселени Аллахтын китебинен таппаса, анда Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтүн насаат кылат эле.

Ал эми аялдын ымыркайды жансыз төрөөсүнүн б.а. бирөөнүн ал аялга кол салганынан улам анын боюнан түйүлдүктүн өлүк түшүп калышынын өкүмү Умар, радыяллаху анхуга, түшүнүксүз болуп калганда сахабалардан бул тууралуу сурады. Ошондо, Мухаммад бин Маслама жана Аль-Мугира бин Шуъба, радияллаху анхум, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, кол салган адамга кул же күң азат кылуу өкүмүн чыгарганына күбөлүк беришти. Умар, радыяллаху анху, дал ошондой өкүмдү чыгарды.

Усман, радыяллаху анхуга, күйөөсү каза болгон аял өз үйүндө иддада олтуруусунун өкүмү түшүнүксүз болуп калганда, Абу Саиддин карындашы Фариа бинт Малик бин Синан, радыяллаху анху, Усман, радыяллаху анхуга, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага күйөөсү өлгөндөн кийин күйөөсүнүн үйүндө иддасынын мөөнөтү бүткөнгө чейин калуусуна буйруганын айтты. Усман, радыяллаху анху, да дал ошондой өкүм кылды.

Усман, радыяллаху анху, Валид бин Укбага ичимдик жазасы себептүү балак ураарда сүннөт менен өкүм кылган. Али, радыяллаху анхуга, Усман, радыяллаху анху, таматтуъ ажылыгына тыюу салгандыгы тууралуу кабар жеткенде, Али, радыяллаху анху, ажылык менен умраны чогуу аткарууга ниет кылып мындай деп айтат: "Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтүн адамдардын сөзү үчүн таштабаймын". Кээ бир адамдар таматтуъ ажылыгы тууралуу Ибн Аббас, радыяллаху анхуга, Абу Бакр менен Умар, радыяллаху анхума, экөөнө тең муфрад ажылыгын өзгөчө жактыргандыгы тууралуу айткан сөздөрүн далил кылышып каршы чыгышканда, Ибн Аббас мындай деп айтат: "Силерге асмандан таш жаашына жакын калды го. Мен: Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты" - деп айтсам, а силер болсо: "Абу Бакр менен Умар айтты" - деп айтасыңар". Демек, Абу Бакр менен Умардын сөзү үчүн сүннөткө каршы чыккан адам жазалануусунан корксо, анда алардан даражасы төмөн болгон бирөөнүн сөзү үчүн же жөн эле пикири жана ижтихады менен сүннөткө каршы чыккан адамдын абалы кандай болоор экен? Кээ бир адамдар Абдулла бин Умар, радыяллаху анху, менен кээ бир адамдар сүннөттөр боюнча талашып-тартышып жатышканда Абдулла ага: "Биз Умарды ээрчүүгө буюрулганбызбы же сүннөттү ээрчүүгө буюрулганбызбы?" - деп айтат.

Имран бин Хусейн, радыяллаху анху, сүннөт жөнүндө айтып жатканда ага бир киши: "Бизге Аллахтын Китеби жөнүндө айтып бер" - дейт. Ошондо ал ачууланып: "Сүннөт – бул Аллахтын китебинин тафсири, эгерде сүннөт болбогондо, биз бешим төрт рекет, шам үч рекет, багымдат эки рекет экенин билбейт элек. Зекеттин өкүмдөрүнүн майда-чүйдөсүнө чейин билбейт элек жана андан башка, сүннөт өкүмдөрүн майда-чүйдөсүнө чейин билбейт элек". Сахабалардан, Аллах алардан ыраазы болсун, сүннөттү урмат кылуу, ага ылайык амал кылуунун важип экендиги жана ага каршы чыккандарга эскертүү тууралуу айтылган риваяттар абдан көп. Мына ошол риваяттардан: Абдулла бин Умар, радыяллаху анху, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын: "Аллахтын кулдарын Аллахтын мечиттеринен тыйбагыла" - деген сөзүн айтканда,

уулдарынан бири: "Аллахка ант болсун, биз аларды тыябыз" - деп айтат. Ошондо Абдулла бин Умар ага ачууланып, аны катуу тилдеп: "Мен Аллахтын Элчиси айтты десем, а сен болсо Аллахка ант болсун, биз аларды тыябыз дейсиң?!" - деп айтты. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, сахабаларынын бири Абдулла бин Аль-Мугаффал Аль-Музани радыяллаху анху, кээ бир жакындарынын салмоор менен таш атып жатканын көргөндө ага тыюу салып: "Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, салмоор менен таш атуудан тыйып мындай деп айткан: "Ал салмоор менен аңчылык кылынбайт жана ал душманды кырбайт, бирок тишин сындырып, көзүн оюп салат" - деп айтты. Ошондон кийин Абдулла бин Аль-Мугаффал жакынын салмоор менен таш атып жатканын көрүп ага : "Аллахка ант болсун, мен сени менен эч качан сүйлөшпөйм, мен сага айтпадым беле, Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, салмоор менен таш атууга тыюу салган деп? Андан кийин кайра кайттыңбы?" - деп айтат.

Аль-Байхаки риваят кылат. Ардактуу таабиин Айюб ас-Сахтиани айтты: "Эгер сен сүннөттү бир кишиге айтсаң, ал: "Муну ташта, бизге Курандан кабар бер" - десе, анда анын адашканын билгин". Аль-Авзаии, Аллах аны ырайымына алсын, мындай деди: Сүннөт (2) жалпы айтылган Куран аяттарын чечмелейт же жалпы айтылган аяттарды чектейт же китепте айтылбаган өкүмдөрдү баяндайт. Аллах таала айтты:

"Сен аларга түшүрүлгөн нерселерди баяндооң үчүн Биз сага Зикирди (Куранды) түшүрдүк. Балким, алар ой жүгүртүшөөр".

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, жогоруда мындай деген сөзү өттү: "Чындыгында, мага Китеп жана аны менен кошо анын окшошу (сүннөт) берилбедиби.

Аль-Байхаки риваят кылат. Аамир аш-Шаъби, рахимахуллах, ал кээ бир адамдарга мындай деген:

"Чындыгында, силер асарларды б.а. сахих хадистерди таштаган учурда эле зыянга учурагансыңар". Аль-Байхаки риваят кылат. Аль-Аузаии, рахимахуллах, кээ бир жоро-жолдошторуна мындай деген: Эгер сизге Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан, бир хадис жеткен болсо, анда андан башка нерсени айтуудан сак болуңуз. Анткени Пайгамбар Аллах Тааланын атынан кабар берген.

Аль-Байхаки риваят кылат. Урматтуу Имам Суфян бин Саид ас-Саурий, рахимахуллах, айтты: "Чындыгында, илим баары – бул хадистер илими". Имам Малик, рахимахуллах, айтты: "Бул мүрзөнүн ээсинен башкабыздын баарынын сөзү алынат же кайтарылат деп Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мүрзөсүн көрсөттү".

Имам Абу Ханифа, рахимахуллах, айтты: "Хадис Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, келсе, анда аны башыбыздан жана көзүбүздөн жогору коюп аткарабыз".

Имам Шафии, рахимахуллах, айтты: Эгерде Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, сахих хадиси мага жетип бирок мен аны кабыл кылбаган болсом, анда мен "чындыгында, менин акылым кетти" - деп силерди күбө кылып айта алам.

Имам Шафии, рахимахуллах, дагы мындай деди: Эгер мен бир сөз айтсам жана Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, хадиси ага карама-каршы келсе, анда менин сөзүмдү жерге таштагыла.

Имам Ахмад бин Ханбал, рахимахуллах, кээ бир жоро-жолдоштаруна айтты: "Мени ээрчибегиле жана Малик же Шафиини да ээрчибегиле. Биз алган хадистерден алгыла".

Имам Ахмад бин Ханбал, рахимахуллах, дагы мындай деп айтты: Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, хадистерин иснадын жана анын тууралыгын билип, Суфянга барган адамдарга таң калам. Аллах Таала айткан: "Анын (Пайгамбардын) ишине (сүннөтүнө) каршы чыккандар баштарына бир фитна же оор азап келишинен сактансын".

Ал айтты: "Фитна деген эмне экенин билесиңби? Фитна - бул ширк. Балким Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, кээ бир сөздөрү четке кагылса, анда кээ бир бузукулук анын жүрөгүнө кирип, аны зыянга учуратаар.

Аль-Байхаки риваят кылган. Урматту таабиин Мужахид бин Жабр Аллахтын:

"Кайсы бир иште талашып-тартышып калсаңар, анда ал тууралуу Аллахка жана Элчиге кайткыла" - деген сөздүн тафсиринде

"Аллахтын Китебине кайтуу жана Пайгамбарга кайтуу - бул сүннөткө кайтуу" - деп тафсирин айтты. Аль-Байхаки риваят кылат. Аз-Зухри, радыяллаху анху, айтты: Мурунку аалымдарыбыз сүннөттү кармануу - бул тозоктон кутулуу деп айтышчу. Муваффак ад-Дин ибн Кудама, рахимахуллах, «Равдат ан-Наазир» китебинде: "Өкүмдөрдүн негиздерин түшүндүрүүдө мындай деп айтат: Далилдердин экинчи негизи – бул Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтү. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, бул сөзү жана сүннөтү анын чынчылдыгына далил. Аллах ага моюн сунууну буйруду жана анын буйругуна каршы чыгуудан эскертти.

Кеп бүттү.

Хафиз Ибн Касир, рахимахуллах, Аллах Тааланын:

"Анын (Пайгамбардын) ишине (сүннөтүнө) каршы чыккандар баштарына бир фитна же оор азап келишинен сактансын" - деген сөзүнүн тафсирин мындайча айтты:

"Башкача айтканда, Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, буйругу – бул анын жолу, сүннөтү жана шарияты. Ошондуктан сөздөр жана амалдар анын сөздөрү жана амалдары менен таразаланат. Ага эмне туура келсе, кабыл болот, эмне ага карама-каршы келсе, анда ал ким болбосун анын айтканы жана кылганы кайтарылат".

Ошондой эле Бухари жана Муслим китептеринде жана андан башка китептерде келген хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:

«Кимде-ким биздин ишибизге туура келбеген амалды кылса, анда ал кабыл болбойт».

Тактап айтканда, кимде-ким Пайгамбардын шариятына ички жана сырткы амалдарында карама-каршы келсе, анда ал корксун жана андан сактансын.

"баштарына бир фитна келишинен"

Тактап айтканда, алардын жүрөктөрүнө каапырлык же, эки жүздүүлүк же бидъат кирип кетүүдөн сактанышсын.

"Же оор азап келишинен"

Башкача айтканда, бул дүйнөдө өлтүрүү, жазалоо же камоо ж.б.у.с. азаптар жетип калуудан коркушсун. Имам Ахмад риваят кылат. Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:

"Мени менен силердин мисалыңар от жаккан кишидей. От айланасына жарыгын чачканда чымын-чиркейлер анын жарыгына келишет. Ал оттун айланасында учкан чымын-чиркейлер отко түшөт. Ал киши аларды оттон тосот, бирок аларды оттон тоссо да, алар андан өтүп отко түшүп калышат". Пайгамбар айтты: "Бул мени менен силердин мисалыңарга окшош. Мен силерди отко түшүүдөн сактайм, оттон алыс болгула. А силер мени өтүп, отко түшүп каласыңар".

Бухари менен Муслим бул хадисти Абдурраззактын риваятынан чыгарышкан.

Ас-Суюти, рахимахуллах, «Бейиштин ачкычы» аттуу катында сүннөт менен далилдөө туурасында мындай деген:

"Билиңиздер! Аллах сиздерди ырайымына алсын. Кимде-ким Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, "Усул аль-хадис" илиминде белгилүү болгон шарты менен такталган хадисин, мейли ал хадис сөз жүзүндө болсун, мейли иш жүзүндө болсун, аларды жокко чыгарса, анда каапыр болот. Алар Ислам чөйрөсүнөн чыгып, яхудийлер менен христиандар жана Аллах каалаган каапыр агымдар менен тирилет".

Айтылган максат аягына жетти.

Сахабалардан, таабииндерден жана алардан кийинки илим ээлеринен хадисти урматтап, ага амал кылуунун важип экендигин жана ага каршы чыккандарга эскертүү тууралуу көптөгөн хадистер бар. Аяттар, хадистер жана риваяттар тууралуу айтканыбыз акыйкат издеген адам үчүн жетиштүү жана канаттанаарлык болот деп үмүттөнөм. Биз Аллахтан бардык мусулмандар үчүн Анын ыраазы болгон нерселеринде ийгиликке жетишибизди жана Анын каарына тийген себептерден аман болушубузду жана баарыбызды Анын түз жолуна багыттоосун тилейбиз. Анткени Ал – Угуучу жана Көзөмөлдөөчү.

Аллахтын кулу жана элчиси, пайгамбарыбыз Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламга, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана аны ээрчигендерге жакшылыктар жана Аллахтын салам-салаваты болсун.

Абдулазиз бин Абдуллах бин Баз, Аллах аны ырайымына алсын.