ثلاثة الأصول وأدلتها
هذا الكتاب هو متن صغير أساسي يبين فيه التوحيد والدين والنبوة، يبين هذه المعاني الثلاثة الأساسية المهمة في فهم العقيدة، وفي دراستها دراسة سليمة وصحيحة. وهو كتاب مختصر، لكنه كتاب مبارك؛ لأنه سهل العبارة ومركز وموجه، وليس فيه أي تعقيد أو إشكالات. فالإنسان بمجرد أن يقرأ الكتاب يستطيع أن يفهمه، ويستطيع أن يعرف المعاني المتضمنة فيه. هذا الكتاب قبل أن يبدأ الشيخ في الأصول الثلاثة قدم لذلك بأربعة مسائل، ثم بعد ذلك بثلاثة مسائل أخرى، ثم شرع في الأصول الثلاثة، وهي التي يجب على كل مسلم أن يتعلمها، وهي التي يسأل عنها العبد في قبره: من ربك؟ وما دينك؟ ومن نبيك؟ ألفها رحمه الله للمبتدئين واجتهد في تسهيلها واختصارها حتى خرجت بأحسن حلة وأعظم فائدة؛ يفهم بها الصغير، ولا يستغني عنها الكبير فعم نفعها، وكثر خيرها؛ لعظم قدر موضوعاتها وشرف محتواها.
Үч негиз жана анын далилдери.
Шейх Мухаммад ат-Тамими (Аллах аны ырайымына алсын)
Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын).
Билгин (Аллах сага ырайым кылсын) бизге төрт маселени үйрөнүү парз:
Биринчи: Илим – бул Аллах Тааланы, Анын пайгамбарын жана Ислам динин далилдери менен таанып билүү.
Экинчи: Ага амал кылуу.
Үчүнчү: Ага чакыруу.
Төртүнчү: Андагы кыйынчылыктарга сабыр кылуу.
Буга далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын). "Асырга (убакытка) ант! Албетте, (ар бир) инсан зыянда!2 Ал эми, ыйман келтирген, салих (сооп) амалдарды жасаган жана бири-бирине акыйкаттык менен сабырдуулукту осуят (насаат) кылгандар гана (зыянда эмес)". (Аср сүрөөсү, 1-3-аяттар)
Имам Шафи'и, рахимахуллах, айтты: Эгер Аллах Өз пенделерине ушул сүрөөдөн башка далил түшүрбөсө деле, бул сүрөө алар үчүн жетиштүү болмок.
Бухари, рахимахуллах, айтты: Бап: Илим – сөздөн да, амалдан да алдын турат. Ага далил – Аллах Тааланын бул сөзү: «Билгин, Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана өз күнөөң үчүн кечирим сура...» (Мухаммад сүрөсү, 19-аят). Бул аятта Аллах сөздөн жана амалдан мурда илимден баштады.
Билгин! (Аллах сага ырайым кылсын.) Ар бир мусулман эркек жана аялга ушул үч маселени үйрөнүп, аларга амал кылуусу – милдет.
Биринчи: Чынында, Аллах Таала бизди жаратып, ырыскы берип, кароосуз таштап койгон жок. Тескерисинче, бизге пайгамбар жөнөттү. Ким ага баш ийсе – бейишке кирет, ал эми ким ага баш ийбесе – тозокко кирет.
Буга далил – Аллах Тааланын сөзү: "(Эй, Мекке каапырлары!) Биз Фараонго (Муса) пайгамбарды жибергенибиз сыяктуу, кыямат күнү силердин иш-аракеттериңерге күбө болуучу (Мухаммад) пайгамбарды жибердик. Фараон пайгамбарга каршы чыкты эле, Биз аны катуу (азап менен) алып койдук." (Муззаммил сүрөсү, 15-16-аяттар)
Экинчи: Аллах Өзүнө ибадат кылууда жакын периштенин да, жиберилген пайгамбардын да шерик кылынышына ыраазы болбойт. Буга далил – Аллах Тааланын сөзү: "(Бардык) мечиттер Аллахка ибадат кылуу үчүн! Силер Аллахка кошуп башка “кудайларга” дуба кылбагыла!" (Жин сүрөсү, 18-аят)
Үчүнчү: Ким Элчиге баш ийип, Аллахты жалгыздаса, ага – эң жакын тууганы болсо дагы, Аллахка жана Анын элчисине каршы чыккандарды дос тутууга болбойт.
Буга далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "(Оо, Мухаммад!) Сен Аллахка жана Акырет күнүнө бекем ыйман келтирген адамдарды (эч качан) Аллахтын жана Анын пайгамбарынын душмандарын дос тутканын көрбөйсүң, эгер ал (душмандар) алардын аталары, перзенттери, ага-инилери жана тууган-туушкандары болсо да! Дал ушулар Аллах алардын жүрөгүнө ыйманды жазып койгон жана Өзүнүн Руху менен кубаттаган адамдар! Аларды (Кыяматта) түбүнөн дарыялар агып турган, анда түбөлүк калчу бейиштерге киргизет. Аллах алардан ыраазы болду, алар дагы Аллахтан ыраазы болушту! Мына ушулар – Аллахтын жамааты! Уккула: Аллахтын жамааты гана жеңишке жетет!" (Мужадала сүрөсү, 22-аят).
Билгин, Аллах сени Өзүнүн ибадатына багыттасын: Ханифийа – Ибрахим пайгамбардын таза дини. Анын өзөгү – Аллахка гана ибадат кылуу жана диниңди Ага гана чын ниет менен арноо. Аллах бардык адамдарды ушуга буйруган жана аларды ошол үчүн жараткан. Аллах Таала айтты: "Мен жин жана инсанды Бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым." (Зарият сүрөсү, 56-аят). «Мага ибадат кылышат» дегендин мааниси – «Мени жалгыздашат» - дегени.
Аллах буйруган нерселердин эң улуусу – таухид. Ал – Аллахты ибадатта жалгыздоо.
Аллах тыйган нерселердин эң чоңу – ширк. Ал – Аны менен бирге, башкага дуба кылуу.
Буга далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Аллахка ибадат кылгыла (Анын бардык өкүмдөрүнө моюн сунгула) жана Ага эч нерсени шерик кылбагыла..." (Ниса сүрөсү, 36-аят).
Эгер сенден «Адамдын билүүсү милдет болгон үч негиз кайсылар?», - деп суралса,...
Анда: «пенде – Раббисин, динин жана пайгамбары Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламды, таанып билүүсү», - деп айткын.
БИРИНЧИ НЕГИЗ
Эгер сенден «Раббиң ким?», - деп суралса,...
Анда: «Менин Раббим – мени жана бүткүл ааламдарды Өз нээматтары менен тарбиялаган Аллах. Ал – менин сыйынуучу Кудайым; мен үчүн Андан башка кудай жок», - деп айткын. Буга далил – Аллах Тааланын сөзү: "Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун!" (Фатиха сүрөсү, 2-аят). Аллахтан башканын баары – аалам; мен ошол ааламдын биримин.
Эгер сенден «Раббиңди эмне менен таанып билдиң?», - деп суралса,...
Анда: «Анын аят-белгилери жана жараткан нерселери менен таанып билдим», - деп айткын.
Анын аят-белгилеринен – түн менен күндүз, күн менен ай.
Анын жараткан нерселеринен – жети кабат асман жана анын ичиндегилер, жети кабат жер жана анын ичиндегилер, ошондой эле ал экөөнүн ортосундагылар.
Буга далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Күн, Ай, күндүз жана түн Аллахтын (кудуретинин) белгилеринен. Күнгө да, Айга да сажда кылбагыла! Аларды жараткан Аллахка сажда кылгыла, эгер Анын Өзүнө ибадат кылчу болсоңор!" (Фуссилат сүрөсү, 37-аят)
Аллах Таала айтты: "Силердин Раббиңер – Аллах. Ал асмандар менен Жерди алты күндө жаратты. Кийин Арштан бийик болду. Ал түндү күндүзгө оройт жана ал (караңгылык) аны (күндүздү) кууп жүрөт. Күн, Ай жана (башка) жылдыздар Анын буйругуна моюн сундурулган. Уккула: жаратуу жана буюруу Өзүнө гана таандык! Ааламдардын Раббиси – Аллах Улук, Бийик!" (Аараф сүрөсү, 54-аят).
Раб – ибадат кылынуучу зат. Буга далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Оо, адамдар! Силерди жана силерден алдыңкыларды жараткан Раббиңерге ибадат кылгыла, ошону менен такыба болорсуңар. Ал силерге жерди төшөк кылып, асманды (үстүңөргө) куруп койду жана асмандан суу түшүрүп, силерге ырыскы болуу үчүн аны менен мөмө-жемиштерди чыгарды. Эми, билип туруп Аллахка (башка нерселерди) теңдеш кылбагыла!" (Бакара сүрөсү, 21-22-аяттар).
Ибн Касир, рахимахуллах, айтты: "Бул нерселердин Жаратуучусу — жалгыз Өзү гана ибадатка татыктуу."
Аллах буйруган ибадаттын түрлөрү – Ислам, ыйман жана ихсан. Ошондой эле Аллахка дуба кылуу, Андан коркуу, Андан гана үмүт кылуу, Ага тобокел кылуу, Анын ырайымына умтулуу, Анын азабынан коркуу, Ага жүрөктөн моюн сунуу, Андан илим менен коркуу, Ага тообо кылуу менен кайтуу, Андан жардам суроо, Андан коргоо тилөө, Андан куткаруусун суроо, Ага курмандык чалуу, назр жана башка ушул сыяктуу Аллах буйруган ибадаттар. Булардын баары жалгыз Аллах Таалага гана арналат. Буга далил – Аллах Тааланын сөзү: "(Бардык) мечиттер Аллахка ибадат кылуу үчүн! Силер Аллахка кошуп башка “кудайларга” дуба кылбагыла!" (Жин сүрөсү, 18-аят).
Ким ибадаттардын бирин Аллахтан башкага арнаса, анда ал мушрик, каапыр болот. Ага далил – Аллахтын сөзү: "Ким (анын кудай экенине) далили жок туруп Аллахка кошуп башка бир «кудайга» дуба (ибадат) кылса, анын эсеби (жазасы) Раббисинин алдында! Албетте, каапырлар (тозоктон) кутулбайт!" (Муьминун сүрөсү, 117-аят).
Хадисте мындай деп келет: «Дуба – ибадаттын өзөгү».
Буга далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Силердин Раббиңер: «Мага дуба кылгыла силерге жооп беремин (кабыл аламын)» деди. Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко киришет." (Гафир сүрөсү, 60-аят).
Аллахтан коркууга далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Алардан коркпогула! Эгер ыймандуу болсоңор, Менден гана корккула!" (Аалу Имран сүрөсү, 175-аят).
Аллахтан үмүт кылууга далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Ким Раббисине (бактылуу абалда) жолугууну кааласа, (Аллахтын шариятына ылайык) жакшы амал кылып, Раббисине ибадат кылганда (Ага) эч кандай шерик кошпосун!" (Кахф сүрөсү, 110-аят).
Аллахка тобокел кылууга далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Эгер момун болсоңор Аллахка гана тобокел кылгыла." (Маида сүрөсү, 23-аят). Ошондой эле Аллахтын сөзү: "Ким Аллахка тобокел кылса, Өзү жетиштүү." (Талак сүрөсү, 3-аят).
Аллахтын ырайымына умтулуу, Анын азабынан коркуу жана Ага жүрөктөн моюн сунууга далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Чынында, алар (пайгамбарлар) жакшылык (сооп) иштерге тез киришүүчү пенделер эле. (Жакшылыктардан) үмүт кылып, (жамандыктардан) коркуп дуба кылышчу. Жана алар Биз үчүн кичипейил пенделер болгон." (Анбия сүрөсү, 90-аят).
Аллахтан илим менен коштолгон коркууга далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Эми алардан коркпогула. Менден гана корккула!" (Маида сүрөсү, 3-аят).
Аллахка тообо кылып кайтууга далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Раббиңерге кайткыла! Жана Өзүнө гана (ыклас менен) моюн сунгула!" (Зумар сүрөсү, 54-аят).
Аллахтан гана жардам суроого далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Жалгыз Сага гана сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз!" (Фатиха сүрөсү, 5-аят). Хадисте мындай деп айтылган: "Эгер жардам сурасаң, Аллахтан жардам сура."
Аллахтан коргоо суроого далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Айткын (оо, Мухаммад): «Таң Раббисинен коргоо тилеймин!»." (Фалак сүрөсү, 1-аят). "Айткын (оо, Мухаммад): «Мен инсандардын Раббисинен коргоо тилеймин!»." (Нас сүрөсү, 1-аят).
Куткарууну Аллахтан тилөөнүн далили – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Силер Раббиңерге жалбарып, дуба кылганда, Ал силерге жооп берди..." (Анфал сүрөсү, 9-аят).
Аллах үчүн курмандык чалууга далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Айткын: «Менин намазым, курмандыгым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын (жалгыз) Раббиси – Аллах үчүн! Анын эч бир шериги жок...»" (Анъам сүрөсү, 162-163-аяттар). Ошондой эле сүннөттөн далил: "Ким Аллахтан башкага арнап мал сойсо, анда ага Аллахтын каргышы болсун."
Назрга далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Алар (дүйнө жашоосунда) назирлерин аткарышкан жана жамандыгы жайылган күндөн (Кыяматтан жана андагы Аллахтын азабынан) коркушкан." (Инсан сүрөсү, 7-аят).
ЭКИНЧИ НЕГИЗ
Ислам динин далилдер менен билүү. Ал – Аллахты жалгыз деп билип, Ага өзүн тапшыруу, Ага баш ийип моюн сунуу, ширк жана ширк кылуучулардан алыс болуу.
Ал үч баскычтан турат: Ислам, ыйман жана ихсан.
Ар бир баскычтын өзүнүн түркүктөрү бар.
Исламдын түркүктөрү — бешөө: Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, Рамазан айында орозо кармоо жана Аллахтын Ыйык Үйүнө ажылык кылуу.
Күбөлүк берүүнүн далили — Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Аллах, Анын периштелери жана илимдүү адамдар андан (Аллахтан) башка сыйынууга татыктуу кудай жок экенине, (жана Аллах өз иштеринде) адилет менен Туруучу экенине күбөлүк беришти. Анын Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал - Кудуреттүү, Даанышман." (Аалу Имран сүрөсү, 18-аят).
Күбөлүк берүүнүн мааниси — Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок.
«Лаа илааха» – Аллахтан башка сыйынылган нерселердин баарын жокко чыгаруу.
«Иллаллах» – ибадатты жалгыз Аллахтын Өзүнө гана арноо.
Анын мүлкүндө шериги болбогондой эле, Ага ибадат кылууда да шериги жок.
Аны ачыктаган тафсири – Аллах Тааланын бул сөзү: "Жана (эстегин): Бир кезде Ибрахим атасына жана (мушрик) коомуна «Мен силерден жана силер сыйынган «кудайыңардан» кол үздүм! Мени жараткан Аллахтын Өзүнө гана сыйынамын...»" (Зухруф сүрөсү, 26-27-аяттар). Аллах Таала айтты: "Айткын: Оо, китеп ээлери! Биз менен силердин араңарда окшош болгон сөзгө келгиле. (Ал сөз төмөндөгүчө:) «Аллахтан башкага ибадат-кулчулук кылбайлы, Ага эч нерсени шерик келтирбейли жана Аллахты таштап, кээ бирөөлөрүбүз башка бирөөлөрүбүздү Рабби-Кудай кылып албасын!» Эгер жүз бурушса, айткыла: «Күбө болгула, Биз – мусулмандарбыз»." (Аалу Имран сүрөсү, 64-аят).
«Мухаммад Аллахтын элчиси» деп күбөлүк берүүнүн далили – Аллах Тааланын сөзү: "(Оо, ыймандуу пенделер!) Силерге өз араңардан болгон, силердин кайгыңар үчүн азап чеккен (тозоктон кутулуп калышыңарга) катуу умтулган жана ыймандуулар үчүн ырайымдуу, боорукер Пайгамбар келди го!" (Тауба сүрөсү, 128-аят).
Ал эми Мухаммад Аллахтын элчиси деп күбөлүк берүүнүн мааниси: ал буйруган ишке баш ийүү, ал айткан кабарларды тастыктоо, ал эскертип, тыйган иштерден тыйылуу жана Аллахка ал көрсөткөндөй гана ибадат кылуу.
Намаздын, зекеттин жана таухидтин түшүндүрмөсүнө далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Алар бардык ибадаттарды калыс Аллах үчүн гана кылууга, андан башка динден жүз бурууга, намаз окууга, зекет берүүгө буюрулушкан эле жана дал ушул гана туура дин!" (Баййина сүрөсү, 5-аят).
Орозо кармоого далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Оо, ыйман келтиргендер! Силерден мурунку элдерге парз кылынганы сыяктуу, силерге да орозо кармоо парз кылынды. Такыба болушуңар үчүн." (Бакара сүрөсү, 183-аят).
Ажылык кылууга далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Адамдардын мойнунда Аллах үчүн ошол (Ыйык) Үйгө ажылык кылуу милдети бар. (Бирок, ар кимге эмес) жолго (материалдык жана денелик) кудурети жеткендерге гана. Ал эми, ким Аллахка каапыр болсо, Аллах ааламдардан Беймуктаж." (Аалу Имран сүрөсү, 97-аят).
Экинчи баскыч – Ыйман. Ал жетимиштен ашык бутактан турат. Анын эң бийиги – «Лаа илааха иллаллоох» сөзү, ал эми эң төмөнү – жолдон зыяндуу нерсени алып таштоо жана уяттуулук да ыймандын бир бутагы.
Анын алты түркүгү бар: Аллахка, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын элчи-пайгамбарларына, акырет күнүнө жана тагдырдын жакшылык жана жамандыгына ыйман келтирүү.
Бул алты түркүккө далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Жакшылык жүзүңөрдү Чыгыш жана Батышка бурушуңар эмес. Бирок, жакшылык – Аллахка, Акырет күнүнө, периштелерге, китепке, пайгамбарларга ишенүү..." (Бакара сүрөсү, 177-аят).
Тагдырга ыйман келтирүүгө далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Биз бардык нерсени тагдыр-өлчөм менен жаратканбыз." (Камар сүрөсү, 49-аят).
Үчүнчү баскыч – Ихсан. Анын бир түркүгү бар: Аллахты көрүп тургандай ибадат кылууң, эгер сен Аны көрбөсөң да, Ал сени көрүп турат.
Буга далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Албетте, Аллах такыбалар жана жакшылык кылуучулар менен бирге!" (Нахл сүрөсү, 128-аят).
Аллах Таала айтты: "Жана Кудуреттүү, Ырайымдууга тобокел кыл. Ал сенин (намазда) турганыңды көрөт. Жана сажда кылуучулардын арасында (намаздын бир амалынан экинчисине) көчүп турганыңды (дагы көрөт)." (Шуара сүрөсү, 217-219-аяттар).
Аллах Таала айтты: "(Оо, пайгамбар!) Иштердин кайсы бирин кылба жана Курандан эмнени гана окуба. Жана (эй, ыймандуулар!) Силер кандай гана иш жасабагыла – Биз силердин ошол иш менен алек болгонуңарга Күбө болуп турабыз..." (Юнус сүрөсү, 61-аят). аят.
Ал эми сүннөттөн далил – белгилүү Жебреил периштенин хадиси. Умар, радыяллаху анху, айтты: «Күндөрдүн биринде биз Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, жанында олтурган элек. Ошол учурда жаныбызга аппак кийимчен, чачтары капкара болгон бир адам келди. Анын кейпинде мусапырлык белги да жок, эч кимибиз аны тааныбайт да экенбиз. Ал пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, жанына келип, тизесин анын тизесине тийгизип, колдорун сандарына коюп отурду да: – Оо, Мухаммад!
Мага Ислам тууралуу айтып бер, - деди.
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, – Ислам – бул Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын элчиси деп күбөлүк берүүң, намаз окууң, зекет берүүң, Рамазанда орозо кармооң жана мүмкүнчүлүгүң болсо Аллахтын Үйүнө барып ажы амалын аткарууң, - деп жооп берди. Жанагы адам: – “Туура айттың”, - деди. Биз анын суроо берип, кайра өзү тастыктап жатканына таң калдык.
Андан кийин ал: – Эми мага ыйман жөнүндө айтып бер, - деп сурады.
Аллахтын элчиси: – Ыйман – бул Аллахка, Анын периштелерине, китептерине, элчи-пайгамбарларына, акырет күнүнө жана жакшылык менен жамандык тагдырдан болоруна ишенүүң, - деп жооп берди. Ал адам: – Туура айттың, - деди.
Анан: – Эми мага ихсан жөнүндө айтып бер, - деди.
Аллахтын элчиси: – Ихсан – бул сен Аллахты көрүп турганыңдай ибадат кылууң. Сен Аны көрбөсөң да, Ал сени сөзсүз түрдө көрүп турат, - деп жооп берди.
Ал адам: – Кыяматт качан болорун айтып бер, - деди.
Аллахтын элчиси: – Бул жөнүндө суралуучу, сурап жаткандан артык билбейт, - деди.
Ал адам: – Андай болсо, мага кыяматтын белгилери туурасында айтып бер, - деди.
Ал айтты: – Күңдөн өзүнүн кожоюну төрөлөт, жылаң аяк, киерге кийими жок кедей малчылар бийик-бийик имараттарды курууда бири-бири менен атаандашканына күбө болосуң, - деп жооп берди.
Умар айтты: – Андан кийин ал адам кетип калды. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин Аллахтын Элчиси менден: – Эй, Умар! Суроо узаткан адам ким экенин билесиңби? - деди. Мен: – Аллах жана Анын элчиси жакшы билет, - деп жооп бердим. Ошондо ал: – Чындыгында, ал Жебреил периште болчу. Силерге диниңерди үйрөткөнү келген эле, - деп айтты».
ҮЧҮНЧҮ НЕГИЗ
Пайгамбар Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламды, таануу. Ал – Мухаммад ибн Абдуллах ибн Абдулмутталиб ибн Хашим. Хашим Курайш уруусунан, Курайш араб улутунан, ал эми арабдар Ибрахим Халилдин уулу Исмаилдин урпагынан тараган. Ага жана биздин Пайгамбарыбызга эң абзел салам-салаваттар болсун.
Анын өмүрү алтымыш үч жыл болду: анын кырк жылы пайгамбарлыкка чейин, ал эми жыйырма үч жылы пайгамбарлык жана элчилик менен өттү.
«Икро» (аяттары) менен пайгамбар кылынып, «Муддассир» (сүрөсү) менен элчи кылынып жиберилди. Анын мекени – Мекке шаары.
Аллах аны ширктен эскертип, таухидге чакыруу үчүн жиберген. Буга далил – Аллах Тааланын сөзү: "Оо, чүмкөнүп (жатып) алган адам! Туруп (элдерге Акыретти) эскерт!2 Жана Раббиңдин улуулугун даңазала! Жана кийимиңди тазала! Жана ыпластыктан ыраак бол! Аз нерсе берип ордуна көп нерсе сураба. (Көргөн жамандыктарга) Раббиң үчүн сабыр кыл!" (Муддассир сүрөсү, 1–7-аяттар).
Аяттардын мааниси: "Туруп (элдерге Акыретти) эскерт!" Мааниси: Аллахка шерик кошуудан (ширктен) кайтарып, Аллахты жалгыздоого (таухидге) чакыруусу.
"Жана Раббиңдин улуулугун даңазала!" Мааниси: Аны жалгыздоо (таухид) менен улукта.
"Жана кийимиңди тазала!" Мааниси: Иш-аракеттериңди ширктен тазала.
"Жана ыпластыктан (Ар-Ружз) ыраак бол!" Мааниси: Ар-Ружз – буттар (кудайчалар). Ал эми алардан ыраак болуу – аларды таштап, алардан жана аларга сыйынгандардан баш тартып, алыс болуу.
Он жыл таухидге чакырды. Он жылдан кийин асманга көтөрүлүп, ага беш маал намаз парз кылынды. Меккеде үч жыл намаз окуду, андан кийин Мединага хижрат кылууга буюрулду.
Хижрат – ширк жайылган каапыр өлкөдөн Ислам өлкөсүнө көчүү.
Бул үммөткө ширк жайылган каапыр өлкөдөн Ислам өлкөсүнө хижрат кылуу парз жана ал Кыямат болгонго чейин улана берет.
Буга далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "(Себепсиз хижрат милдетин аткарбай коюу менен) өздөрүнө зулум кылган адамдарга, алардын жанын алуу мезгилинде периштелер: “Кандай абалда жашадыңар?” (эмнеге хижрат кылбадыңар?) дегенде алар (жалгандан): “Биз (бул) жерде алсыз (бечара) болчубуз» - дешет. Анда периштелер: “Аллахтын жери кенен эмес беле?! (Каалаган жериңерге) хижрат кылсаңар болмок?!” - дешет. Андай адамдардын барар жери – тозок! Ал кандай жаман орун! Ал эми, (хижрат кылууга) такыр чамасы келбеген аял, эркек жана балдардан турган алсыз-бечараларды (Аллах кечирээр)... (Ниса сүрөсү, 97-98-аяттар).
Аллах Таала айтты: "Оо, ыймандуу пенделерим! Менин жерим кенен. Менин Өзүмө гана ибадат кылгыла!" (Анкабут сүрөсү, 56-аят).
Имам Багавий, рахимахуллах, айтты: Бул аяттын түшүү себеби – Меккеде калып, хижрат кылбаган мусулмандар жөнүндө. Аллах аларды ыйман аты менен чакырды.
Хижрат кылууга сүннөттөн далил – Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, төмөнкү сөзү: "Хижрат кылуу тообо үзүлгөнгө чейин үзүлбөйт, ал эми тообо күн батыштан чыкканга чейин үзүлбөйт."
Мединага жайгашкандан кийин, Исламдын калган шарият өкүмдөрү – зекет, орозо, ажылык, азан, жихад, жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтарууга буйрулду. Ал ушул абалда он жыл өткөрдү.
Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, бул дүйнөдөн өттү, бирок анын дини сакталып калды. Бул анын дини. Ал үммөтүнө жакшылыктын баарына жол көрсөтүп, жамандыктын баарынан эскерткен.
Ал үммөтүнө үйрөткөн жакшылыктар – таухид жана Аллах сүйгөн, ыраазы болгон бардык иш-аракеттер.
Ал үммүтүнө эскерткен жамандыктар – ширк жана Аллах Таала жаман көрүп, тыюу салган бардык иш-аракеттер.
Аллах Таала аны жалпы адамзатка жиберген жана ага баш ийүүнү жиндер менен инсандардын бардыгына парз кылган. Ага далил – Аллах Тааланын сөзү: (Оо, элчи, аларга) Айт: “Оо, адамдар! Мен силердин баарыңарга жиберилген Аллахтын элчиси боломун!" (Аъраф сүрөсү, 158-аят).
Аллах ал аркылуу динди толук кылды. Буга далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Мына бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылып, жакшылыктарымды бирин калтырбай берип, силерге Исламдын гана дин болушун кааладым." (Маида сурөсү, 3-аят).
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, өлүмүнө далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "(Оо, Мухаммад!) Сен да өлөсүң, алар дагы өлүшөт. Кийин силер Кыямат Күндө Раббиңердин алдында талашасыңар." (Зумар сүрөсү, 30-31-аяттар).
Адамдар өлгөндөн кийин кайра тирилишет. Ага далил – Аллах Тааланын сөзү: "Биз силерди жерден жараттык жана ага кайтарабыз. Жана (Кыяматта) экинчи ирет дагы жерден чыгарып алабыз." (Тооха сүрөсү, 55-аят). Аллах Таала айтты: "Жана Аллах силерди жерден гана өстүрүп чыгарган. Кийин силерди (өлгөн күнүңөрдө) кайра топуракка кайтарып, (Кыяматта) дагы (топурактан) чыгарып алат." (Нух сүрөсү, 17-18-аяттар).
Кайра тирилгенден кийин алар амалдарына жараша суракка алынып, жазага же сыйлыкка татыктуу болушат. Буга далил – Аллах Тааланын сөзү: "Күнөө жасагандарды кылмышына жараша жазалоо жана сооп иш жасагандарды анысынан жакшыраак (бейиш) менен сыйлоо үчүн." (Нажм сүрөсү, 31-аят).
Ким өлгөндөн кийин кайра тирилүүнү жалганга чыгарса, ал каапыр болот. Ага далил – Аллах Тааланын сөзү: "Каапырлар «биз эч качан кайра тирилбейбиз» деп ойлошту. Айткын: «жок, андай эмес! Раббиме ант ичип айтамын: силер сөзсүз (Аллахтын кудурети менен) кайра тирилесиңер жана албетте, силерге жасаган ишиңердин кабары берилет. Бул Аллах үчүн жеңил." (Тагаабун сүрөсү, 7-аят).
Аллах бардык элчилерди сүйүнчүлөөчү жана эскертүүчү кылып жиберген. Ага далил – Аллах Тааланын сөзү: "(Кыяматта) адамдардын колунда Аллахка каршы далил болуп калбаш үчүн (Биз) (ыйман келтиргендерге) бейиштен сүйүнчү кабар берүүчү жана (каапыр болгондорду) тозок менен коркутуучу пайгамбарларды (бардык элдерге жибергенбиз)..." (Ниса сүрөсү, 165-аят).
Элчилердин эң биринчиси Нух (ага Аллахтын тынчтыгы болсун).
Алардын акыркысы – Мухаммад, саллаллаху алейхи уа саллам, ал пайгамбарлардын акыркысы. Андан кийин пайгамбар жок. Буга далил – Аллах Тааланын сөзү: "(Оо, ыймандуулар!) Мухаммад силердин араңардагы эч бир эркектин атасы эмес. Ал болгону Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысы..." (Ахзаб сүрөсү, 40-аят).
Элчилердин эң биринчиси Нух экендигине далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Чындыгында, Биз Нухка жана андан кийинки пайгамбарларга вахий түшүргөнүбүз сыяктуу сага да вахий түшүрдүк..." (Ниса сүрөсү, 163-аят).
Аллах Таала ар бир үммөткө – Нухтан Мухаммадка чейин – пайгамбар жиберип, аларды жалгыз Аллахка ибадат кылууга буйруган жана башка “кудайларга” ибадат кылуудан тыйган. Ага далил – Аллах Тааланын сөзү: "Биз ар бир элге «Аллахка гана ибадат кылгыла, (башка) “кудайлардан” алыс болгула (деп айта турган) пайгамбарларды жибергенбиз..." (Нахл сүрөсү, 36-аят).
Аллах бардык пенделерине тоогутка каапыр болууну жана Аллахка ыйман келтирүүнү парз кылды.
Ибнул-Каййум, рахимихуллах, айтты: «Тоогут» сөзүнүн мааниси – пенде өзүнө сыйынууга чакыруусу жана ээрчилүүдө же баш ийилүүдө шарият койгон чектен чыгуусу.
Тоогуттар көп, алардын башчылары бешөө: Иблис (ага Аллахтын наалаты болсун), өзүнө сыйынууга ыраазы болуучу, адамдарды өзүнө сыйынууга чакыруучу, кайып илиминен бир нерсени билем деп доомат кылуучу жана Аллах түшүргөн шарияттан башка нерсе менен өкүм кылуучу.
Буга далил – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Динде мажбурлоо жок. Туура жол адашуучулуктан ажырап бүткөн. Ал эми, ким Тоогутка каапыр болуп, Аллахка ыйман келтирсе, анда ал эч качан ажырап кетпей турган, бекем тутканы кармаганы чын! Аллах – Угуучу, Билүүчү." (Бакара сүрөсү, 256-аят). Бул аят «Лаа илааха иллаллоох» сөзүнүн мааниси. Ал эми хадисте: "Бардык иштин башаты – Ислам, ал эми түркүгү – намаз жана анын туу чокусу – Аллах жолунда күрөшүү."
Туурасында Аллах Билүүчү.