ستون سؤالا في أحكام الحيض والنفاس
*
These files are generated automatically from the book's text; their layout may differ from the printed edition.
*
*
1-суроо:
Жооп:
2-суроо:
Жооп:
3-Суроо:
Жооп:
4-Суроо:
Жооп:
5-Суроо:
Жооп:
6-Суроо:
Жооп:
7-Суроо:
Жооп:
8-Суроо:
Жооп:
9-Суроо:
Жооп:
10-Суроо:
Жооп:
11-Суроо:
Жооп:
12-Суроо:
Жооп:
13-Суроо:
Жооп:
14-Суроо:
Жооп:
15-Суроо:
Жооп:
16-Суроо:
Жооп:
17-Суроо:
Жооп:
18-Суроо:
Жооп:
19-Суроо:
Жооп:
20-Суроо:
Жооп:
21-Суроо:
Жооп:
22-Суроо:
Жооп:
23-Суроо:
Жооп:
24-Суроо:
Жооп:
25-Суроо:
Жооп:
26-Суроо:
Жооп:
27-Суроо:
Жооп:
28- Суроо:
Жооп:
29-Суроо:
Жооп:
30-Суроо:
Жооп:
31-Суроо:
Жооп:
32-Суроо:
Жооп:
33-Суроо:
Жооп:
34-Суроо:
Жооп:
35-Суроо:
Жооп:
36-Суроо:
Жооп:
37-Суроо:
Жооп:
38-Суроо:
Жооп:
39-Суроо:
Жооп:
40-Суроо:
Жооп:
41-Суроо:
Жооп:
42-Суроо:
Жооп:
43-Суроо:
Жооп:
44-Суроо:
Жооп:
45-Суроо:
Жооп:
46-Суроо:
Жооп:
47-Суроо:
Жооп:
Анткени Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Абу Бакр, радыяллаху анхунун, аялы Асмаа бинт Умайска Зул Хулайфада айыз көргөндө аны жуунууга, жатынына кездеме коюуга жана ихрам кийүүгө буйруган. Ошондой эле айыз көргөн аял да айызынан тазаланганга чейин ихрам абалында болуп турат. Андан кийин таваф кылат жана сафа менен марва ортосунда саъий (15) кылат.
48-Суроо:
Жооп:
49-Суроо:
Жооп:
50-Суроо:
Жооп:
51-Суроо:
Жооп:
52-Суроо:
Жооп:
53-Суроо:
Жооп:
54-Суроо:
Жооп:
55-Суроо:
Жооп:
56-Суроо:
Жооп:
57-Суроо:
Жооп:
58-Суроо:
Жооп:
59-Суроо:
Жооп:
60-Суроо:
Жооп:
Анткени, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айыз көргөн аялды Каабаны таваф кылуудан тыйган. Нифас каны бул жагынан айыз сыяктуу б.а. нифас аял айыз аял сыяктуу таза болмоюнча Каабаны таваф кыла албайт.
[1] Хамра: Ал ага сажда кылуучу жайнамаз. Ал жайнамаз жүздү жаап турганы үчүн хумра деп аталган.
Айыз жана нифастын өкүмдөрүнө тиешелүү алтымыш суроо
*
Мээримдүү жана Ырайымдуу Алланын аты менен
Кириш сөз
Аллага чексиз мактоолор болсун. Алланын Элчиси Мухаммад ибн Абдуллага, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана кыяматка чейин анын жолунда болгондорго Алланын саламы жана салаваттары болсун.
Мусулман карындашым!
Ибадаттарда айыздын өкүмдөрү боюнча аалымдарга берилген суроолордун көптүгүнө байланыштуу ар дайым кайталанып турган суроолорду топтоону туура көрдүк. Ал суроолорго көп учурда кенен жооп берилбейт жана кыска жооп берилет.
Мусулман карындашым!
Биз ал суроолор жана анын жооптору ар дайым колуңузда болуусу үчүн чогултууну чечтик. Алланын шариятындагы фикх илими маанилүү болгондугу үчүн, Аллага илимдин жана туура жолдо ибадат кылууңуз үчүн ушул чечимге келдик.
Эскертүү! Китепти биринчи жолу барактагандарга кээ бир суроолор кайталангандай сезилиши мүмкүн. Бирок ой жүгүртүп окугандан кийин ал бир жоопто экинчисине караганда көбүрөөк илим бар экенин көрөт. Биз аны көз жаздымда калтырган жокпуз.
Пайгамбарыбыз Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламга, анын үй-бүлөсүнө жана бардык сахабаларына Алланын салам-салаваттары болсун.
Намазга жана орозого тиешелүү айыз өкүмдөрү.
Эгерде аял таң аткандан кийин дароо айыз каны токтоп тазаланып калса, ошол күнү орозо кармай береби, же ал күндүн казасын тутуп береби?
Эгерде аял таң аткандан кийин айыз каны токтоп тазаланса, ошол күндүн орозосун кармоо боюнча аалымдар эки пикирде:
Биринчи пикир: Ал ошол күндүн калган бөлүгүндө орозо кармашы керек. Бирок бул парз орозо катары эсептелбейт. Ошол күндүн казасын тутуп бериши керек. Бул Имам Ахмад рахимахулланын мазхабындагы белгилүү болгон көз караш.
Экинчи пикир: Ал күндүн калган бөлүгүндө тамактанууну таштоо шарт эмес. Анткени ал күнү ага орозо тутуу туура эмес. Ал аял ошол күндүн башында айыз болгондуктан орозо кармоо ага парз эмес. Эгер ошол күнү орозо кармоо туура эмес болсо, анда кечке чейин жеп-ичүүдөн тыйылуусунан пайда жок. Бул убакыт ал аял үчүн арам эмес. Анткени ал аял күндүн башында оозун ачууга буюрулган. Жада калса ага күндүн башында орозо кармоо арам болгон. Шарияттагы орозо: Бул таң аткандан күн батканга чейин Алла Таалага ибадат кылуу үчүн орозону бузган нерселерди таштоо.
Бул экинчи пикир сиз көрүп тургандай жеп-ичүүдөн өзүн кармашы керек деген биринчи пикирге караганда туурараак. Бул эки пикирде да ошол күндөгү орозонун казасын тутуп берүү керек.
Эгерде айыз келген аялдын айыз каны багымдат намазынан кийин токтоп тазаланса, ал аял гусул алып, намаз окуса жана ошол күндүн орозосун толук кармаса, ошол күндөгү орозонун казасын тутуп берүү ага важип болобу?
Эгерде айыз көргөн аялдын таң атканга чейин бир мүнөт алдын болсо да айыз каны токтосо, бирок айызы токтогонун анык билсе, анда ал Рамазан айында болсо орозо кармашы керек. Ал күнү туткан орозосу туура болот жана казасын кармабайт. Анткени ал таң аткандан кийин гусул алып жуунса да, айызы токтоп анан орозо кармаган. Анын таң аткандан кийин гусул алуусу эч кадай күнөө болбойт. Ушул сыяктуу эле, эгер эркек жыныстык катнаштан же түшүркөп жунуп болуп калып, таң атканга чейин жуунбаса жана таң аткандан кийин жуунса да анын орозосу туура болот.
Ушул учурдан пайдаланып аялдарга байланыштуу дагы бир маселеге көңүл бургум келет. Эгер аялдын айызы ошол күнү орозо кармап бүткөндөн кийин келсе, кээ бир аялдар ооз ачкандан кийин куптан намазын окуй электе айызы келсе, анда ал күндүн орозосу бузулат деп ойлошот. Мындай ойго эч кандай негиз жок. Тескерисинче, айыз күн баткандан кийин бир аздан кийин эле келсе да, орозосу толук жана туура болот.
Төрөттөн кийинки нифас көргөн аялдар кырк күнгө чейин нифас каны токтоп калса, орозо кармап жана намаз окуса болобу?
Ооба, кырк күнгө чейин нифас каны токтосо, анда гусул алышы керек. Эгерде Рамазан айында токтогон болсо, орозо тутуусу жана намаз окуусу парз болот. Күйөөсү аны менен жыныстык катнаш кылуусуна мүмкүн болот. Анткени ал аял нифастан гулул алып таза болгондуктан, орозо кармоого тоскоол боло турган эч нерсе жок. Намаздын парздыгына жана жыныстык катнашка тоскоол боло турган эч нерсе жок.
Аялдын айыз келүүсүнүн адаты сегиз же жети күн болуп келип кийин бул адатынан бир же эки жолу көбүрөөк келген болсо, анда анын өкүмү кандай болот?
Эгер бул аялдын айыз келүүсүнүн адаты алты же жети күн болсо, бул мөөнөт узарып сегиз, тогуз, он же он бир күн болуп калса, ал айыз бойдон калып айызы токтомоюнча намаз окубайт. Себеби, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айызды белгилүү бир убакытка чектеген эмес. Алла Таала айтты: "Алар сенден айыз тууралуу сурашат, ал зыян деп айткын". (Бакара: 222) Бул кан агып турганда ал айыз болуп эсептелет. Качан ал айызынан тазаланып, гусул алып жана намаз окуганга чейин. Эгер кийинки айда мурунку айдагы күнүнөн аз келип калса, анда мурунку айызын мөөнөтүндөй болбосо да айызы токтогон кезде гусул алып жууна берет.
Эң негизгиси, аялдын айызы келип турганда намаз окубайт. Анын айызы мурунку адатына туура келеби, же андан ашып кетеби же андан аз келеби айырмасы жок.
Нифас көргөн аял 2 кырк күн намаз окубай жана орозо кармабай отурса болобу? Айыз канын токтоосу эске алынабы? Ал кан үзүлүп токтосо эле намаз окуй береби? Тазалыктын эң аз мөөнөтү канча?
Нифастын чектелүү убактысы жок. Тактап айтканда, нифас каны келип турган кезде, намаз окубай, орозо кармабай жана күйөөсү менен жыныстык катнашка барбай турат.
Эгер ал аял он күн болобу же он беш күн болобу кырк күнгө чейин эле нифас канын токтогонун көрсө, анда ал намаз окуй берет, орозо кармай берет, күйөөсү менен жыныстык катнашка бара берет. Мындай абалда эч кандай күнөө болбойт.
Маани бере турган нерсе: нифас – көзгө көрүнөрлүк нерсе. Андыктан нифас өкүмдөрү анын бар-жоктугуна байланыштуу болот. Качан нифас каны келсе, анын өкүмдөрү тастыкталат. Ал эми кайсыл учурда аялдан нифас каны токтосо, анда ал нифас өкүмдөрүнөн кутулат.
Ал эми нифас каны алтымыш күндөн көп келсе, анда истихаза 3 болот. Ал алтымыш күндөн ашып келген каны адаттагы айызынын убагына туура келсе, анда ошол убактагы кан айыз каны болуп эсептелет. Токтогондон кийин гусул алат жана намаз окуйт.
Рамазан айында аялдан бир аз тамчы кан келип, ал кан Рамазан айы бою уланса жана ал аял орозо кармаса, анын орозосу туурабы?
Ооба, анын орозосу туура. Ал эми бул бир аз тамчы кан, ал эч нерсе эмес, анткени ал жатындагы кан тамырдан чыккан кан. Али ибн Абу Талиб, радыяллаху анхудан, бул риваят келген. Ал айтты: "Мурдунан аккан кан сыяктуу болгон бул тамчы айыз каны эмес. Ал туралуу Али ибн Абу Талиб, радыяллаху анху, ушинтип айтат.
Айыз же нифас каны таң атканга чейин токтосо жана ал аял таң атканга чейин жуунбаса, орозосу туура болобу же жокпу?
Ооба, айызы келген аялдын таң атканга чейин каны токтосо жана таң атканга чейин жуунбаса да орозосу туура болот. Нифас аял деле айыз көргөн аялдай. Анткени ал аял ошол убакта орозо парз болгон адамдардын катарында болуп, жунуб 5 болгон адамга окшош болот. Жунуб адам эгерде жунуб абалында таң аттырса да анын орозосу туура болот. Алла Таала айтты: «Мына эми (Рамазандын түнүндө) аялыңарга жакындай бергиле жана Алла силерге жазган нерсеге аракет кылгыла. Таң эрте ак жиптен кара жипти айырмалап билмейинче жеп-иче бергиле». (Бакара: 187) Алла Таала таң атканга чейин жыныстык мамилеге уруксат берсе, демек мындан таң аткандан кийин гусул алууга уруксат экени келип чыгат. Айша, радыяллаху анха, риваят кылат: «Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, аялы менен жакындык кылууда жунуб абалында орозо кармап таң аттырган". Башкача айтканда, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, таң аткандан кийин жунуб болгондугу үчүн гусул алган.
Эгерде аял айызын келээрин сезсе, айызы күн батканга чейин чыкпаса, же адатынча оорусун сезсе, ошол күндөгү орозосу туурабы же казасын тутуп берүү керекпи?
Эгерде аял орозо абалында айызы келээрин сезсе, бирок күн батканга чейин келбесе, же айыздын оорусун сезсе, бирок айызы күн батканга чейин келбесе, анда ал күндүн орозосу туура болот. Эгерде ал орозосу парз орозо болсо, аны кайра тутпайт жана нафил болсо анын сообун жоготуп албайт.
Аял кан көрүп бирок ал айыз каны экенин билбесе, ал күнү туткан орозосунун өкүмү кандай?
Анын ошол күнкү орозосу туура болот. Анткени анын айыз экени анык болмоюнча ал аял негизинен айыз эмес экени эске алынат.
Кээде аял өтө аз кандын изин же бир күн бою бөлүнүп-бөлүнүп келген өтө аз тамчыны көрөт. Кээде алар жатындан чыкпаса да, айыздын адатынча келген учурунда көрөт. Кээде аларды айыздын адаттагы убактысынан башка убакта көрөт. Бул эки учурда тең орозо кармоонун өкүмү кандай?
Мындай суроонун жообу мурда 6-суроодо кыскача айтылган. Бирок бул жооп эле калган. Өтө аз тамчылар адатынча келген айыз күндөрүндө пайда болсо жана ал аял аны өзү билген айыздын бир бөлүгү деп эсептесе, анда ал айыз каны болот.
Орозо айында күндүзү айыз көргөн аял жана нифас көргөн аял жеп-ичсе болобу?
Ооба, Рамазанда күндүзү ичип-жесе болот. Бирок анын үйүндө орозо кармаган жаш балдардын бири болсо, жашыруун жеп-ичкени жакшы. Анткени бул жаш бадар үчүн көйгөй жаратат.
Эгерде асыр намазынын убактысында айыз жана нифас каны токтогон болсо, ал аял бешим намазын асыр менен кошо окуш керекпи же асыр намазын гана окуйбу?
Бул маселеде эң туура пикир: Асыр намазын гана окуу керек. Анткени, ал аялга бешим намазынын парз экендигине эч кандай далил жок. Негизи адамга эч кандай милдеттер жүктөлбөйт деген эреже бар. Ошондой эле Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айткан: «Кимде-ким күн батканга чейин асыр намазынын бир рекетин окууга жетишсе, анда асыр намазына толук жетишкен болот». Ал бешим намазына жетишкенин айткан жок. Эгер бешим намазы парз болгондо, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, баяндап бермек. Анткени, эгер аялдын бешим убагы киргенден кийин айызы келсе, бешим намазынын казасын окуусу гана талап кылынат. Асырды окуусу талап кылынбайт. 12-суроодо суралган маселе менен бул маселенин ортосунда эч кандай айырма жок.
Ушундан улам эң туура көз караш – ал аял настан 6 жана ага кыястан 7 далил болгондугу үчүн асыр намазын гана окуусу керек. Куптан намазынын убактысы чыга электе айыз жана нифас каны токтогон аялдын абалы деле дал ушундай куптан намазын гана окуйт. Шам намазын окуу талаб кылынбайт.
Аборт жасаган кээ бир аялдар ушул эки абалда болушат: Же аял түйүлдүктүн дене мүчөлөрү пайда боло электе бойдон алдырат, же ал түйүлдүктүн дене мүчөлөрү калыптанып, пайда болгондон кийин алдырат. Боюнан алдырган күнү орозо кармоонун жана кан көргөн күндөрү орозо кармоонун өкүмү кандай болот?
Эгерде жатындагы түйүлдүктүн дене мүчөлөрү жаралбаган болсо, анда бул кан нифас каны эмес. Ошондуктан орозо кармай берет жана намаз окуй берет. Туткан орозосу туура болот.
Эгерде түйүлдүк жаратылган болсо, анда бул кан нифас каны болуп саналат да ал аялга намаз окууга жана орозо кармоого болбойт.
Бул маселедеги эреже: Эгерде түйүлдүк жаралган болсо, анда бул кан нифас каны болот. Ал эми жаралбаган болсо, анда бул кан нифас каны эмес. А эгер нифас каны болсо, анда нифас канын көргөн аялдарга арам болгон нерсе ал аялга да арам болот. Ал эми нифас каны эмес болсо, анда ал аялга арам болбойт.
Рамазан айында кош бойлуу аялдын күндүзү кан көрүүсү орозосуна таасирин тийгизеби?
Аял орозо кармап турганда айыз каны чыкса орозосу бузулат. Анткени Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Эгерде аялдын айызы келсе намаз окубайт жана орозо кармабайт эмеспи?" Ошондуктан биз аны орозону бузуучу нерселердин катарына кошобуз. Нифас да ушуга окшош. Айыз кандын жана нифас кандын чыгышы орозону бузат.
Рамазанда күндүзү кош бойлуу аялдын айызы келсе, анда ал боюнда жок айыз көргөн аял сыяктуу болот б.а. айызы келүүсү орозосуна таасир этет. Эгер айызы келбесе, анда орозосуна таасир этпейт.
Кээ бир кош бойлуу аялдан келип калган айыз кан – бул боюнда бар болгондон бери өз убагында үзулбөй келип турган туруктуу айыз каны болот. Ал айыз адаттагы убагында келип турган. Бул эң туура көз караш боюнча, айыз болуп саналат. Ал аялга айыз көргөн аялдын өкүмдөрү жүрөт.
Ал эми айыз каны токтоп андан кийин адатта келген айыз канынан башка кан көрө баштаса, анда бул кан анын орозосуна таасир этпейт. Анткени бул айыз каны эмес.
Эгерде аял адаттагы айыз көрүү күндөрүнүн бир күнүндө кан көрүп, кийинки күнү кечке чейин кан көрбөсө, ал эмне кылуусу керек?
Айыз күндөрүндө кан келбей калган мындай учурларда ал аял айыз болуп саналат. Ошондуктан ал күндөгү айыз келбеген учур тухр (6) болуп эсептелбейт. Мына ошондуктан айызы келген аял сактанган нерседен ал аял да сактанат.
Кээ бир аалымдар айтышкан: Кайсы бир аял бир күн кан, бир күн таза болсо, анда он беш күнгө жеткенге чейин ал кан айыз жана таза күнү тухр болуп эсептелет. Эгерде он беш күнгө жетсе, андан кийинки келген кан истихааза каны болот. Бул Имам Ахмад бин Ханбал, рахимахулланын, мазхабындагы белгилүү көз караш.
Айыздын акыркы күндөрүндө жана кан токтогондон кийин аял кандын изин көрбөй калат. Ал аял ак сууну көрбөсө да ошол күнү орозо кармай береби? Же эмне кылуусу керек?
Кээ бир аялдар сыяктуу айыз токтогон учурда адатынча ак сууну (7) көрбөсө, анда орозо кармай берет. Эгерде ак сууну көрүү анын адаты болсо, анда ак сууну көрмөйүнчө орозо кармабашы керек.
Айыз көргөн жана Нифас көргөн аялдардын зарыл болгон абалда Куранды карап жана жат окуусунун өкүмү кандай? Мисалы, студент же мугалим болсо?
Айыз көргөн аял же Нифас көргөн аял муктаждык болгон учурда Куран окуусунда эч кандай күнөө болбойт. Мугалим аял, Куранды күнү-түнү окууну адат кылып алган аял сыяктуу аялдарда муктаждык болсо, уруксат берилет.
Ал эми Куран окуу болсо ал: Куран окуунун жана тилават кылуунун сообуна ээ болуу үчүн гана Куран окууну максат кылса, анда эң жакшысы аны окубаш келек. Себеби илимдүүлөрдүн көпчүлүгү айыз көргөн аялга Куран окууга болбойт дешет.
Айыз көргөн аялдын каны токтогондон кийин кийимин алмаштырышы керекпи, ага кан же нажас тийбегенин билип турса да?
Кийимин алмаштырууга милдеттүү эмес. Анткени, айыз көргөн аялдын денеси нажас болбойт. Айыз каны тийген нерсе гана нажас болот. Мына ушул себептен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, аялдардын кийимдерине айыз каны тийсе, ошол жерин жууп жана ошол кийимдери менен намаз окууну буйруган.
Бир нифас аял Рамазан айында жети күн орозосун ачып, экинчи Рамазан келгенге чейин казасын кармаган эмес. Ошондой эле экинчи Рамазанда да баласын эмизген себептен жети күн орозо кармаган эмес жана оору себептүү казасын да кармаган эмес. Үчүнчү Рамазан айы жакындап калган болсо, ал аял эмне кылуусу керек? Бизге жооп бериңиз, Аллах сизди сооп-сыйлык менен сыйласын.
Эгер бул аял өзү жөнүндө айткандай, ооруп казасын өтөй албаса, анда күчү жеткен кезде казасын өтөп берет. Анткени ал экинчи Рамазан келсе да үзүрлүү болуп эсептелет.
Ал эми эч бир үзүрү жок эле шылтоолорду айтып жана шалаакылык кылса, экинчи Рамазанга чейин Рамазандын казасын кечиктирүүгө болбойт. Аиша, радыяллаху анха, айтты: Менде орозонун карыздары бар болчу, анын казасын Шаабан айында гана кармай алчумун.
Ушуга таянып, бул аял өзүнө карашы керек. Эгерде үзүрү жок болуп карыз орозосун кармабай жүрө берсе, анда ал күнөөкөр болот. Аллага тообо кылып, мойнундагы орозосун кармоого шашылышы керек. Ал эми үзүрлүү болсо, казасын тутуп берүү бир жылга же эки жылга кечиксе да күнөөкөр болбойт.
Кээ бир аялдар Рамазан айы келгенде, мурунку Рамазандан калган орозонун казасын кармабаган болсо, анда эмне кылышы керек?
Алар бул кылганы үчүн Аллага тообо кылышы керек. Анткени Рамазан айындагы орозонун казасын кармашы керек болгон адам үзурсүз аны экинчи Рамазанга чейин кечиктирүүсү туура эмес. Анткени Аиша, радыяллаху анха: Менин Рамазандан калган карыз орозолорум болчу, мен аларды Шаабан айында гана кармай алчумун" - деп айткан.
Бул хадис биринчи Рамазандагы орозонун казасын экинчи Рамазандан кийинкиге кечиктирүүгө болбостугун көрсөтүп турат. Ал кылган иштери үчүн Алла Таалага тообо кылып, экинчи Рамазандан кийинкиге калтырган күндөрүн казасын тутуп берүүсү керек.
Эгерде аял бешим намазынан кийин, мисалы саат экиде дейли айызы келип калса, бешим намазын убагы киргенден кийин намаз окубаган болсо, айыз каны токтоп гусул алып таза болгондон кийин ошол намаздын казасын окушу керекпи?
Бул тууралуу аалымдар кайчы пикирде. Алардын кээ бирлери: «Бул намаздын казасын өтөө зарыл эмес. Анткени ал аял кемчилик кетирген жок, күнөөкөр да болбойт. Себеби ал аял намаздын акыркы убактысына чейин кечиктирип окуса болот" дешет.
Кээ бирлери: «Ал намаздын казасын окуусу керек" дешет. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллаллам, бул тууралуу жалпысынан мындай деп айткан: «Ким бир рекет намазга жетишсе, анда ал намаздын баарына жетишкен болот».
Ал аял этияттык кылып ошол намаздын казасын окуп берет. Анткени, ал бир эле намаз болгондуктан казасын окууда эч кандай кыйынчылык жок.
Кош бойлуу аял төрөткө бир-эки күн калганда кан көрсө, орозосун жана намазын токтотобу? Эмне кылуу керек?
Кош бойлуу аял төрөткө бир же эки күн калганда толгоо келип кан көрсө, анда ал кан нифас каны болот. Ал аял ал себептен намазын жана орозосун токтотот. Эгер ал аялга толгоо келбесе, анда ал бузулган кан болот. Ал кан маанилүү эмес. Ошондуктан ал себептен орозону жана намазды токтотпойт.
Адамдар менен чогуу орозо кармоо үчүн айыз канын келтирбөө максатында таблеткаларды ичүү жөнүндө сиз кандай ойлойсуз?
Мен мындай кылуудан эскертем. Анткени, бул таблеткалардын зыяны чоң. Муну мага дарыгерлер далилдешти. Аялга мындай деп айтылат: Бул айыз көрүү Алланын аял затына жазганы, Алла Тааланын жазганына канаат кыл. Орозону тыюучу себеп жок болсо, орозо карма. Эгерде тыюучу себеп пайда болсо, анда орозо кармаба. Алла Таала тагдыр кылган нерсеге ыраазы бол.
Аял эки айдан кийин нифас каны токтоп, таза болгондон кийин кичине тамчы кан көрө баштаса, оозун ачып жана намазын токтотобу? Мындай учурда эмне кылат?
Аялдардын айыз жана нифас көйгөйлөрү жээги жок деңиз сыяктуу көп. Ал көйгөйлөрдүн себептери: Бул бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды жана айызды токтотуу үчүн таблеткаларды колдонуу. Адамдар мындай көп көйгөйлөрдү билишпейт. Туура, көйгөйлөр Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жиберилгенден бери эле бар. Тактап айтканда, аялдар жаралгандан бери эле бар. Бирок, бул көйгөйлөрдү чечүүдө адамдын башын катыруусундай көп болгондугу өкүндүрөт.
Бирок жалпы эреже: Эгер аял айыздан, нифастан тазаланса же айыз канынан жана нифас канынан толук тазаланганын көрсө б.а. ак суу чыкса. Бул ак суу аялдарга белгилүү. Айыз токтогондон кийин келген нерселер: күрөң, саргыч, тамчы жана нымдуулук – мунун баары айыз эмес. Булар Намаз окуудан, орозо кармоодон жана күйөөсү менен жыныстык катнаш кылуудан тыйбайт. Умму Атийя айтты: Биз саргыч же күрөң түстүү келген сууну эч нерсе деп эсептечү эмеспиз. Бул хадисти Аль-Бухари риваят кылды. Абу Дауд: Айыз токтогондон кийин" - деген хадистин уландысы менен риваят кылды. Бул туура сахих хадистерден.
Биз ушуга таянып мындай деп айтабыз: Айыз каны толук токтогондон кийинки пайда болгон нерселердин баары аялга эч кандай зыян келтирбейт жана намаз окуудан, орозо кармоодон, күйөөсү менен жыныстык катнаш кылуудан тыйбайт. Бирок кандын толук токтогондугун көрмөйүнчө шашпашы керек. Анткени кээ бир аялдар алардын каны кургап калса эле толук токтогондугун көрө электе гусул алууга шашышат. Ошондуктан сахабалардын аялдары момундардын энеси Аиша, радияллаху анха, энебизге керсаф жөнөтүшчү б.а. ичинде айыз же нифас каны сүртүлгөн кебез. Аиша энебиз аларга: «Ак сууну (11) көрмөйүнчө шашпагыла» - деп айтчу.
Кээ бир аялдарда кан агуу уланып, кээде бир-эки күнгө токтоп, кайра уланып келе берет. Мындай абалда орозо, намаз жана башка ибадаттардын өкүмү кандай болот?
Көптөгөн илим ээлерине белгилүү: Эгер аялдын айызынын адаты белгилүү болуп, айызынын адатынан өтүп кетсе, анда ал гусул алып жуунуп, намаз окуп жана орозо кармай берет. Эки-үч күндөн кийин көргөн кан айыз каны эмес. Анткени бул аалымдардын пикири боюнча тухрдүн (12) эң аз мөөнөтү он үч күн.
Кээ бир алымдар: «Аял качан кан көрсө, ал айыз каны болот. Качан ал токтосо, анда ал таза болот, эгерде эки айыздын ортосундагы таза болгон абалы он үч күн болбосо да» – деп айтышкан.
Аял үчүн Рамазан айынын түндөрүндө айрыкча кызыктуу сабактар жана баяндар мечитте болуп турганда үйүндө намаз окуганы жакшыбы же мечитте окуганы жакшыбы? Мечитте намаз окуган аялдарга кандай кеңеш бересиз?
Үйдө намаз окуганы жакшы. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жалпы аялдар үчүн мындай деп айткан: «Алардын үйлөрү алар үчүн жакшыраак». Анткени аялдардын үйлөрүнөн чыгышы көп учурда азгырыктан коопсуз эмес. Аял киши мечитке чыгып намаз окугандан көрө үйүндө отурганы жакшы. Ал эми насааттарды жана баяндарды интернет сабактардан укса болот.
Мечитте намаз окуган аялдарга менин кеңешим: үйлөрүнөн кооз кийим кийип жасанбастан жана атыр себинбестен чыгышсын.
Рамазанда орозо кармаган аял күндүзү тамактын даамын татуусунун өкүмү кандай?
Анын өкүмү: Тамактын даамын билүү муктаждыгы болгондугу үчүн эч нерсе болбойт. Бирок даам таткан уртамын оозунан чыгарып салуусу керек.
Аял кош бойлуу болгон кезде алгачкы кезинде кырсыктан жабыркап, катуу кан кеткендиктен түйүлдүгү түшүп калган аял оозун ачса болобу же орозосун уланта береби? Эгер орозосун бузса, анда ага күнөө болобу?
Биз айтабыз: "Кош бойлуу аял айыз көрбөйт. Имам Ахмад айткан: Аялдар кош бойлуулукту айызы токтошу менен гана билишет. Аалымдар айтышкан: Алла Таала айыз канды эненин курсагындагы түйүлдүктүн азыгы кылып даанышмандык менен жараткан. Ошондуктан аял кош бойлуу болсо, айызы токтойт".
Бирок, кээ бир аялдар кош бойлуу болгонго чейин айыз көргөндөй эле кош бойлуу болгондо да адатынча айызы улана берет. Бул аялдын көргөн каны айыз экенине өкүм кылынат. Анткени ал аялдын айыз каны улантып, кош бойлуулугу айыз көрүүсүнө таасир эткен эмес. Демек, бул айыз каны кош бойлуу эмес аялдын айызы тыйган нерселердин баарынан тыят, важип кылган нерселердин баарын талап кылат жана жокко чыгарган нерселердин баарын жокко чыгарат.
Жыйынтыктап айтканда кош бойлуу аялдан чыккан кан эки түрдүү болот:
Биринчи түрү: Ал кан айыз каны деп өкүм кылынат. Ал кан кош бойлуулуктун алдында кандай келсе, ошондой уланып келип жаткан кан. Мунун мааниси: кош бойлуулук ал канга таасир эткен эмес. Демек, ал кан айыз болуп эсептелет.
Ал эми экинчи түрү: Кош бойлуу кезинде келген кан. Ал кан же кырсыктан, же оор жүктү көтөргөндөн, же кулагандыктан ж.б.у.с. нерселер себептүү келген кан. Бул кан айыз каны эмес, тактап айтканда тамырдын каны. Мына ошондуктан кош бойлуу кезинде келген кан ал аялдын намаз окуусуна жана орозо кармоосуна тоскоол болбойт. Тескерисинче, ал аял айыз көрбөгөн таза аялдардын өкүмүндө болот.
А эгер кырсыктан себептүү боюунан түйүлдук түшүп калса, анда аалымдар айткандай, «эгерде андан адамдын мүчөлөрү көрүнүп турса, анда ал түшкөндөн кийинки кан нифас каны болуп эсептелет". Ал аял намазды жана орозосун таштайт, күйөөсү аялы таза болгонго чейин жыныстык катнаш кылбайт.
Эгерде түйүлдүк дене мүчөлөрү калыптана элек кезде түшүп калса, анда кан нифас каны болуп эсептелбейт. Ал бузулган каны болот. Ал кан аялдын намаз окуусуна, орозо кармоосуна ж.б. нерсеге тоскоол болбойт.
Аалымдар мындай деп айтышкан: «Түйүлдүктүн дене мүчөлөрүнүн калыптануусу билине турган эң кыска убакыт сексен бир күн. Анткени түйүлдүк ал учурда энесинин курсагында болот. Абдуллах ибн Масууд, радыяллаху анху, айтат: «Чындыкты айткан жана айтканы тастыкталган Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бизге мындайча баяндап берди: «Чындыгында, силердин ар бириңер энесинин ичинде кырк күн тамчы түрүндө топтолот. Андан кийин ошончо убакытта уюган кан түрүндө болот. Андан кийин ошончо убакытта бир үзүм эт түрүндө болот. Андан кийин Аллах периштени жөнөтүп ага жан салынат. Андан кийин ал периште төрт нерсени жазууга буйрулат: анын ырыскысын, ажалын, кыла турган иш-аракеттерин жана бактылуу же бактысыз болушун». (Бухари, 3208) Сексен бир күндөн мурда дене мүчөлөрү калыптануусу мүмкүн эмес. Көпчүлүк учурда кээ бир аалымдар айткандай токсон күндөн мурда дене мүчөлөрү калыптанбайт.
Мен бир жыл мурун үчүнчү айда боюмдан түшүп калган аялмын. Нифас каны токтогонго чейин намаз окучу эмесмин. Мага намаз окушуң керек эле деп айтышты. Эмне кылышым керек, канча күн экенин так билбейм?
Аалымдарга белгилүү болгон нерсе: Эгер үч ай толгондо аялдын боюнан түшсө, намаз окубайт. Анткени, ал адамдын мүчөлөрү калыпка келип калган түйүлдүктү боюнан түшүрсө, анда андан чыккан кан нифас каны болуп, ал намаз окубайт.
Аалымдар айтышкан: Түйүлдүктүн дене мүчөлөрүнүн калыптануусун сексен бир күнгө толгондо билүүгө болот. Бул үч айга жетпеген күн. Эгер түйүлдүктүн үч айлыгында боюнан түшүп калганына ишенсе, анда андан кийинки келген кан бузулган кан болот. Ал себептен намазын токтотпойт.
Бул суроо берген аял өзү эстеши керек. Эгер түйүлдүк сексен күнгө жетпей бойдон алдырса, анда намаздын казасын окусун. Ал эми канча намаз калганын билбесе, анда ал канча калганын эсептеп, божомолдоп окуйт.
Бир суроо берген аял мындай дейт: Орозо кармоо парз болгондон бери, ал Рамазан орозосун кармап келе жатат. Бирок айызы келген себептен жана канча күн орозо тутпаганын билбегендиктен, орозо кармабай калган күндөрүнүн казасын кармаган эмес. Ал аял азыр эмне кылуу керектиги боюнча жол көрсөтүүнү сурап жатат.
Ыймандуу аялдар арасында ушундай көрүнүш болуп жатканына өкүнөбүз. Албетте ал аялга парз болгон орозонун казасын кармабай таштап коюу – бул наадандыктан же шалаакылыктын себебинен болот. Булардын экөө тең чоң балээ. Анткени наадандыктын даарысы – бул билим жана суроо. Ал эми кайдыгерликке келсек, анын даарысы – бул Алла Таалага такыбалык кылуу, Анын көзөмөлдөп туруусун эстөө, Анын азабынан коркуу жана Ал ыраазы болгон нерселерди кылууга шашуу.
Демек бул аял кылганына тообо кылып, Алладан кечирим сурап, колдон келишинче калтырып койгон күндөрүн изилдеп жана алардын казасын тутуп берүүсү керек. Муну менен ал өз мойнундагы карызынан кутулат. Биз Алла Таала анын тообосун кабыл алат деп үмүт кылабыз.
Намаз убактысы киргенден кийин аялдын айызы келсе, өкүмү кандай? Айыз каны токтоп таза болсо, ал намаздын казасын окуш керекпи? Намаздын убагы чыгаардан алдын айыз каны токтосо, ошол намаздын казасын окуш керекпи?
Биринчиден, намаздын убагы киргенден кийин айызы келип калса жана ал айызы келгенге чейин намазын окубаган болсо, анда ошол намазынын казасын окуусу керек болот. Себеби, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Ким бир рекет намазга жетишсе, анда ал намаздын баарына жетишкен болот». Эгерде аял намаз убактысы киргенден кийин бир рекеттин убагынча убакыт өтсө жана андан кийин намаз окуй электе айыз көрсө, анда ал айызы токтоп таза болгондо ал намаздын казасын окуп берүүсү керек.
Экинчиден, намаздын убагы чыгаардан алдын айызы токтоп тазаланса, анда ошол намаздын казасын окуйт. Күндүн чыгышына бир рекеттин убагынча убакыт калганда айызы токтоп тазаланып калса, багымдат намазынын казасын окушу керек. Ал эми күн батканга чейин бир рекеттин убактынча убакыт калганда айызы токтоп тазаланса, асыр намазын окуу ага парз болот. Түндүн жарымы бүтөөрүнө бир рекеттин убагынча мөөнөт калганда айызы токтоп тазаланса, куптан намазынын казасын окуу ага парз болот. Түндүн жарымынан кийин айызы токтоп тазаланса, куптан намазын окуу ага парз эмес. Ага багымдат намазынын убактысы келгенде аны окуусу керек. Алла Таала айтты: {Анда качан тынчтык абалында болсоңор намаз окугула. Чындыгында, ыймандууларга өз убагында намаз окуу парз болду.} (Ниса: 103). Башкача айтканда, көрсөтүлгөн убагында намаз окуу парз болду. Адам баласы намаздын өз убактысынан өткөрүп окуусу же намазды убактысынан мурда баштоосу туура болбойт.
Намаз окуп жатканда айыз келип калса, эмне кылышым керек? Айыздын убагы бүткөндө намазды каза кылып окуймунбу?
Намаздын убагы киргенден кийин айыз келсе, мисалы, чак түштөн жарым саат өткөндөн кийин айыз көрсө, анда айызы токтогондон кийин гусул алып убактысы таза болгондо кирген бул намаздын казасын окуйт. Анткени, Алла Таала айтты: "Чындыгында, ыймандууларга өз убагында намаз окуу парз болду". (Ниса: 103)
Айызы келген убактагы намаздын казасын окубайт. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, узун хадисте мындай деп айткан: "Айызы келсе намаз окубайт жана орозо кармабайт эмеспи?" Аалымдар айыз келген убакта калып калган намаздардын казасы окулбай тургандыгын бир пикирде айтышкан.
Ал эми айызы токтоп таза болуп калганда бир рекеттей же андан көп убакыт калган болсо, анда ал ошол таза болгон убакытта окуйт. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимде-ким күн батканга чейин асыр намазынын бир рекетин окууга жетишсе, анда асыр намазына толук жетишкен болот». Эгер асыр намазынын убагында күн батаарга жакын же күн чыгаардан алдын күндүн чыгышына бир рекеттей убакыт калганда айыз каны токтосо, анда биринчи маселеде асыр намазын окуйт, экинчи маселеде багымдат намазын окуйт.
Менин апам бар. Алтымыш беш жашта. Ал он тогуз жылдан бери балалуу болгон эмес. Азыр болсо апам үч жылдан бери ооруп каны токтобой келип жатат. Ошол убакта ага айызы да келет окшойт. ал буйруса орозо кармайт. Ага кандай насаат бересиз? Ушуга окшош аялдар кандай кылат?
Токтоосуз кан келип жаткан бул аял сыяктуу аялдардын өкүмү: Ал аял бул окуядан мурун адатынча келген айызынын убагынча намазды жана орозону токтотуп турат. Мисалы, анын айызы ар бир айдын башынан алты күн келүүчү адаты болсо, анда ар бир айдын башында алты күн намаз окубай, орозо кармабай отурушу керек. Ал аял бул мөөнөт өтөөр менен гусул алып жуунат, намаз окуйт жана орозо кармайт.
Бул жана ушул сыяктуу аялдар намазды ушинтип окушат: Жыныстык жерин толук жуушат, материал коюушат жана даарат алышат. Муну парз намаздын убактысы киргенден кийин ушундай кылышат. Ошондой эле парз намаздардан башка убактарда нафил намаз окууну каалашса да ушундай кылышат.
Бул учурда анын башына түшкөн кыйынчылык себептүү бешим намазын асыр намазы менен, шам намазын куптан намазы менен бириктирип окуса болот. Ошондуктан, андай аялдарга тиешелүү иштерде эки намазга бир б.а. бешим жана аср намазын бир иш-аракети менен бүтүрөт. жана эки намазды б.а. шам жана куптан намазын бир иш-аракети менен бүтүрөт. Багымдат намазын өзүнчө окуйт. Кыскача айтканда беш маал намаз окуунун ордуна үч маал намаз окуйт.
Дагы бир жолу кайталап айтам: Качан таарат алгысы келсе, жыныстык жерин жууйт, сыртка билинбегидей чүпүрөк же ушуга окшогон нерселер менен жабат жана андан кийин даарат алат. Бешим төрт рекет, асыр төрт рекет, шам үч рекет, куптан төрт рекет жана багымдат эки рекет окулат б.а. кээ бир карапайым эл ойлогондой, беш маал намаздын баары кыскартылып окулбайт. Бирок, ал аялга бешим менен асыр намазын жана шам менен куптан намазын бириктирип окуса болот. Тактап айтканда, бешим менен асыр намазын бешимдин же асырдын убагында жана шам менен куптан намазын шамдын же куптандын убагында экөөнү окуса болот.
Аял айыз көргөн учурунда хадис жана хутба угуу үчүн Харам мечитинде болуусунун өкүмү кандай?
Айызы келген аялдын Харам мечитинде же башка мечитте болуусу туура эмес. Бирок мечиттен басып өтсө, андан керектүүсүн жана башка ушул сыяктуу нерселерди алса болот. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аишага хамраны [10] алып келүүнү буйруганда ал: «Ал мечитте, а мен айыз көрүп жатам» - деди. Ошондо Пайгамбар ага: «Сенин айызыңдын келүүсү сенин колуңда эмес» - деп айтты. Айызы келген аял мечиттен өтсө жана мечитке каны тамып кетпейт деп билсе, анда ага күнөө болбойт.
Ал эми мечитке кирип отургусу келсе, анда ага мындай кылуу уруксат болбойт.
Буга далил: Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айт намазында бардык аялдарга айт намазына чыгууну буйруган (жалгыз бой аялдар, жамынган аялдар жана айыз көргөн аялдар). Айызы келген аялдарды намаз окуучу жайдан алыс турууга буйруган. Бул айыз көргөн аялдын мечитте хутба угуу, сабак жана хадис угуу үчүн калуусу туура эмес экенине далил болот.
*
Даараттын намазга тиешелүү өкүмдөрү.
Аялдан чыккан ак же сары суюктук тазабы же нажас (11) болобу?. Ал суюктуктун үзгүлтүксүз түшөөрүн билип турса да даарат алса болобу? Көпчүлүк аялдар өзгөчө илимдүү аялдар муну дааратты сындырбаган табигый нымдуулук деп эсептейт. Андай суюктук үзүлүп-узүлүп келсе өкүмү кандай болот?
Мага изилдөөдөн кийинки эң туурасы: Аялдан чыккан суюктук табарсыктан чыкпаса, жатындан чыкса, таза болот. Бирок ал таза (12) болсо да дааратты бузат. Анткени, дааратты бузуучу нерселер нажас болушу шарт эмес. Ошондуктан арттан чыккан желдин көлөмү жок, бирок ошондой болсо да ал дааратты бузат.
Ошондуктан даараты бар аялдан чыкса, даараты бузулат жана аны жаңыртуу керек.
Эгерде ал суюктук үзгүлтүксүз келсе, анда дааратты бузбайт. Бирок ар бир парз намазга убагы киргенде даарат алат. Ал даараты менен ошол убакыт чыкканга чейин каалаганча парз жана нафил намаздарды жана Куранды окуй берет ж.б. ага уруксат берилген нерселерден каалаганын жасай берет. Бул тууралуу аалымдар мындай дешкен: Үзгүлтүксүз суюктук келген аялдар кичи заарасы турбай калган киши сыяктуу. Бул суроо берүүчүнүн өкүмү тазалык жагынан караганда ага келген суюктугу таза (кийимди нажас кылбайт). Дааратты бузуучу жагынан караганда дааратты бузат. Эгерде ал үзгүлтүксүз келсе, дааратты бузбайт. Ал аял убакыт кирмейинче намаз үчүн даарат албашы керек. Анткени үзүр даарат намаздын убагы чыгуусу менен бузулат. Мындай абалда аял сак болушу керек.
Ал эми суюктук үзүлүп-үзүлүп келсе жана намаз убактысында үзүлүп келбей калуусу анын адаты болсо жана убакыттын өтүп кетүүсүнөн коркпосо, анда ал намазды суюктугу үзүлүп келбей калган убакка чейин кечиктирүүсү керек. Эгерде убакыт өтүп кетүүсүнөн корксо, анда даарат алат, ал суюктукту чүпүрөк менен тосот жана намаз окуй берет.
Аз менен көптүн айырмасы жок. Анткени анын баары жыныстык жеринен чыккандыктан азбы, көпбү дааратты бузат. Кан, кусунду сыяктуу дененин башка бөлүгүнөн чыккан нерселердин азы да, көбү да дааратты бузбайт.
Ал эми кээ бир аялдардын ал суюктук дааратты бузбайт деген ишенимине келсек, мен анын далилин билбейм. Ибн Хазм рахимахуллах мындай деп айткан: "Бул суюуктук дааратты бузбайт". Бирок ал буга далил келтирген эмес. Эгерде Курандан же, сүннөттөн же сахабалардын сөздөрүнөн далили болсо, анда анын сөзүн кубаттамак.
Аял киши Алладан коркуп жана дааратына көңүл бурушу керек. Анткени намаз дааратсыз болсо, жүз жолу окулса да кабыл болбойт. Кээ бир аалымдар айтат: Намазды дааратсыз окуган адам каапырлык кылган болот. Анткени бул Алла Тааланын аяттарын шылдыңдоого жатат.
Үзгүлтүксүз суюктук чыгып турган аял парз намаз үчүн даарат алса, экинчи парз намазына чейин каалаган нафил намазын окуса же ошол парздын даараты менен Куран окуса болобу?
Убакыттын башынан баштап парз намаз үчүн даарат алса, кийинки намаздын убагы киргенге чейин парз жана нафил намаздардан каалаганча окуп жана ошол даараты менен Куран окуса да болот.
Үзүрлүү аял багымдаттын даараты менен духа намазын окуса болобу?
Бул туура эмес. Духа намазы убактылуу болгондуктан убактысы киргенден кийин даарат алуу керек. Анткени суюктук келип турган аял истихаза аял сыяктуу. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, истихаза аялга (12) ар бир намаз үчүн даарат алууга буйруган.
Бешимдин убактысы: Күн чак түштөн оогондон баштап асыр убагына чейин.
Асырдын убактысы: Бешим намазынын убагы чыккандан баштап күндүн саргайышына чейин. Ал эми зарылчылык убакта күн батканга чейин.
Шамдын убактысы: Күн баткандан кызыл күүгүм көрүнбөй калганга чейин.
Ал эми куптандын убактысы: Кызыл күүгүмдүн батканынан түн ортосуна чейин.
Куптан намазына алынган даарат менен түндүн жарымы өтүп кетсе, бул аялдын ошол даараты менен тахажжуд намазын окуганы туурабы?
Жок, эгер түндүн жарымы өтүп кетсе, дааратын жаңыртуу керек. Башка бир айтымда: «Дааратты жаңыртуусу шарт эмес» - деп айтылат. Ушул эң туура.
Куптан намазынын акыркы убактысы кайсы? Аны кантип билсе болот?
Куптан намазынын акыркы убагы түндүн жарымы. Бул күн баткандан баштап таң атканга чейинки убакытты экиге бөлүү менен аныкталат. Түндүн биринчи жарымында куптандын убактысы бүтөт. Түндүн экинчи жарымы куптандын убагы эмес. Ал куптан менен багымдаттын ортосундагы убакыт.
Суюктук үзүлүп-үзүлүп чыгып турган аялдан ал даарат алгандан кийин жана намазга чейин да чыкса, эмне кылуу керек?
Эгерде суюктук үзүлүп келсе, анда үзүлө турган убагы келгенге чейин күтүүсү керек. Эгерде ачык-айкын билинбей кээде чыгып, кээде чыкпай калса, анда ал убакыт киргенден кийин эч нерсе кылбай даарат алып намаз окуй берет.
Ал суюктуктан денеге же кийимге тийип калса, эмне кылыш керек?
Эгерде суюктук таза болсо, анда эч нерсе кылбайт. Ал эми суюктук табарсыктан чыккан нажас болсо, анда аны жууш керек.
Ал суюктук себептүү даарат алуу үчүн даарат мүчөлөрүн гана жууса жетиштүүбү?
Ооба, эгерде суюктук таза болсо б.а. табарсыктан эмес жатындан чыккан болсо жетиштүү.
Сахаба аялдар дин иштеринде фатва суроого кызыкдар болгонуна карабастан, Пайгамбар, саллаллаху алайхи ва салламдан, бул жатындан чыккан суюктук дааратты бузат деген хадис келбегендигинин себеби эмнеде?
Анткени бул суюктук ар бир аялдан келе бербейт.
Аялдардан кээ бирлери ал өкүмдү билбегендиктен даарат албаса, эмне кылуу керек?
Ал аял Алла Таалага тообо кылып жана анын өкүмүн аалымдардан сурашы керек.
Жатындан чыккан суюктук себептүү даарат алынбайт деген сөздү сизге таандык кылгандар бар?
Ким менин атымдан бул сөздү айтса, ал туура эмес. Туурасы, "ал жатындан чыккан суюктук таза" деген сөзүмдү ал "дааратты бузбайт" деп түшүнгөн окшойт.
Аялдын айызынан бир, же андан аз, же андан көп күн алдын чыккан кудранын (13) өкүмү кандай? Кээде бул жатындан чыгып жаткан нерсе ичке кара жип түрүндө, же күрөң же ушул сыяктуу болуп келет? Айыз келгенден кийин чыкса өкүмү кандай болот?
Эгерде бул айыздан алдын келген болсо, анда ал айыз болот. Бул аялдарды оорутуу менен жана адатынча айыз көргөн аялдын оорусу менен билинет.
Ал эми айыздан кийин келген кудраны токтогонго чейин күтөт. Анткени айыздан кийинки келген кудра бул айыз болот. Ошондуктан Аиша, радияллаху анха: «Ак суюктук (11) көрмөйүнчө шашпагыла» - деп айткан.
*
Айыздын ажылык жана умрага тиешелүү өкүмдөрү.
Айызы келген аял эки рекет ихрам намазын (14) кантип окуйт? Айызы келген аял Куран аяттарын ичинен кайталаса болобу же жокпу?
Биринчиден, ихрам намазын окуу жок экендигин билишибиз керек. Анткени, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, үммөтүнө ихрам намазын сөзү менен да, амалы менен да, макул болгондугу менен да шариятка киргизгендиги тууралуу риваят келген эмес.
Экинчиден, ихрамга ниет кылаардан мурда айыз көргөн бул аял айыз учурунда ихрамга ниет кылса болот.
Ал эми анын: "Айызы келген аял Куран окуй алабы? - деген суроосуна жооп: Ооба, айыз келген аял муктаж болгондо же өзүнө пайданы көздөгөн учурда Куранды окууга укугу бар. Ал эми мындан башка учурда аял Куранды ибадат кылуу үчүн жана Аллага жакындоо үчүн гана окугусу келсе, анда аны окубай койгону жакшы.
Бир аял ажылыкка барат. Ал аялдын адатынча келген айызы сапарга чыккан күндөн баштап беш күн келет. Микатка (15) келгенден кийин жуунуп жана айызы токтобосо да ихрамга ниет кылат. Ал Мекке шаарына келгенде Харам мечитинин сыртында туруп, ажылык жана умра ибадаттарын эч бирин аткарбайт. Минада эки күн болуп, андан кийин айызы токтоп жана гусул алып жуунат. Умранын бардык ибадаттарын таза кезинде аткарат. Андан кийин ал ажылыктагы таваф ифада (16) кылып жүргөндө кайра кан келет. Бирок, ал уялып ажылык ибадаттарын аткарат жана өз өлкөсүнө келгенге чейин валисине (17) айткан эмес. Мындай учурда анын өкүмү кандай болот?
Мунун өкүмү: Таваф ифадада ага келген кан, аялдар ал кандын табиятынан жана анын ооруткандыгынан билген айыз каны болсо, анда ал аялдын ифада тавафы туура эмес болот. Ал аял таваф ифада кылуу үчүн Меккеге кайтып келиши керек. Меккеге келээрде микаттан умра үчүн ихрамга ниет кылат. Меккеге кирээр менен таваф жана саъий кылып, чачын кыскартып умра кылат. Андан кийин туура эмес болгон таваф ифаданы өтөп берет.
Ал эми бул кан белгилүү табигый айыз каны болбосо, тескерисинче, көп топтолуудан, коркуудан же ушул сыяктуу нерселерден келип чыккан болсо, анда таваф ифада туура болот. Бул таваф кылууда дааратты шарт кылбаган аалымдардын пикиринде туура болот.
Биринчи маселеде аял алыскы өлкөдө болгондуктан кайтып келе албаса, ажылыгы туура болот. Анткени ал кылган ажылыгынан ашыкча кыла албайт.
Бир аял умра үчүн махрамы менен келген. Меккеге келгенден кийин айызы келет. Анын махрамы дароо сапарга чыгууга аргасыз болот. Меккеде ал аялдын эч кимиси жок. Мындай учурда анын өкүмү кандай?
Ал аял махрамы менен бирге ихрамга ниет кылган бойдон сапарга чыга берет. Эгерде ал аял Сауд араб мамлекетинде болсо каны токтоп тазаланганда кайтып келет. Анткени кайтып келүү оңой жана чарчабайт. Кайра кирерде паспорт жана башка нерселер талап кылынбайт.
Ал эми алыскы мамлекеттерден болсо, кайра кайтып келүүсү кыйын болсо, анда ал жатынына жапкан нерсе коюп таваф кылат, саъий кылат жана чачын кыскартат. Ал умраны ошол эле сапарда бүтүрөт. Анткени анын тавафы мындай учурда зарыл болуп калат. Зарылчылык тыюу салынган нерселерге уруксат берет.
Ажылык күндөрүндө айызы келген мусулман аялдын өкүмү кандай? Анын ушул ажылыгы туура болобу?
Аялдын качан айыз келгени билинмейинче бул суроого жооп берүү мүмкүн эмес? Себеби, айыздын келүүсү ажылыктын кээ бир амалдарын аткаруудан тыят жана кээ бирлеринен тыйбайт. Аял айыздан таза болмоюнча таваф кылуусу мүмкүн эмес. Мындан башка ажынын амалдарын айызы келип турса да аткара берет.
Мен өткөн жылы ажылык кылдым. Таваф ифада жана коштошуу тавафынан башка бардык ибадаттарымды аткардым. Бул экөөнү аткарууга айыздын келүүсү тоскоол болду. Ошентип бир күн таваф ифаданы жана коштошуу тавафын аткаруу үчүн келем деп Мадина шаарындагы үйүмө кайтып келе бердим. Дин маселелерин билбегендигим үчүн ажылыкта тыйылган нерселердин баарын аткарып алыптырмын. Ал эми ихрамда тыюу салынган нерселердин баарын кылыптырмын. Мен таваф кылуу үчүн кайра баруу тууралуу сураганымда мага: "Таваф кылганың туура эмес, анткени сен ажылыкты бузуп алыпсын, сен ажылыкты келээрки жылы кайталашың керек жана уй же төө союшуң керек" - деп айтышты. Ушул туурабы? Мындан башка жолу барбы? Болсо ал кандай жол? Менин ажылыгым бузулдубу? Мен ажылыкты кайтарып кылышым керекпи? Эмне кылсам болот кенеш беринизчи? Аллах сизге берекесин берсин.
Бул дагы илимсиздердин фатвасынан келген балээ. Мындай учурда Меккеге кайтып, ифада тавафын гана кылуу керек.
Коштошуу тавафына келсек, Меккеден чыкканда айызы келип турган болсо, коштошуу тавафын кылуу шарт эмес. Себеби, айыз көргөн аялдан коштошуу тавафы талап кылынбайт. Ибн Аббас, радыяллаху анхудан, келген хадисте: "Ажыдагы адамдар алардын эң акыркы ибадаттары каабаны таваф кылуусуна буйрулган. Бирок айыз көргөн аялдар үчүн жеңилдетилген". (16) Абу Дауддун риваятында: «Ажыдагы адамдардын эң акыркы ибадаты каабаны таваф кылуу болсун" - деп келген. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, Сафия, радыяллаху анха, таваф ифада кылганы айтылганда: «Анда кете берсин» - деп айткан. Бул хадис айыз көргөн аялдан коштошуу тавафы түшүрүлгөнүн көрсөтүп турат.
Ал эми таваф ифаданы сөзсүз аткарышың керек. Билбестен ажылыкта тыйылган нерселердин баарын аткарып алгандыгың сага эч кандай зыян бербейт. Анткени ихрам кезинде тыйылган нерселерди билбестен аткарган адамга эч нерсе важип болбойт. Алла Таала айтты: «Оо, Раббибиз, эгерде унутуп калсак же жаңылсак, бизди жазалаба!» (Бакара: 286) Алла Таала айтты: «Сен аткардың». Алла Таала айтты: «Силер ката кетирген нерсеңерде күнөө жок, бирок жүрөгүңөр менен атайылаган нерседе (күнөө) бар» (Ахзаб: 5) Демек, Алла Таала мухримге (17) тыюу салган бардык тыюуларды мухрим аларды билбестиктен, же унутуп же мажбурланып кылган болсо, анда ага эч нерсе болбойт. Бирок үзүрү кеткенден кийин аткарып койгон күнөөлөрдөн баш тартышы керек.
Эгерде аялдын нифасы тарвия күнү (18) башталып, таваф жана саъийдан башка ажылыктын түркүктөрүн толук аткарса жана он күндөн кийин эле нифастан тазаланып баштаганын байкаса, анда ал аял тазаланып, гусул алып жана калган ажылыктын түркүгү болгон таваф ифаданы аткарышы керекпи?
Ал аял таза экенине ынанмайынча гусул алып таваф кылууга болбойт. Ал аялдын "тазаланып баштаганын..." деген суроосунан ал нифас канын толук тазалана электиги түшүнүлөт. Ошондуктан ал нифас канын толук токтогондугун сөзсүз көрүшү керек. Ал качан нифас каны толук токтогон болсо, анда гусул алат, таваф ифаданы жана саъийни аткарат.
Тавафтан мурун саъийни кылса, анда эч кандай күнөө болбойт. Анткени, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, таваф кылуудан мурда саъий кылган ажы тууралуу суралганда: «Эч кандай күнөө жок» - деп жооп берген.
Бир аял айыз учурунда Сайл деген микаттан ажылык кылуу үчүн ихрамга ниет кылат. Меккеге жеткенде муктаждыгынан улам Жиддага барат. Жиддада айызы токтоп, гусул алып жуунуп, чачын тарап, андан кийин ажылыгын бүтүрөт. Ошондо анын ажылыгы туура болобу? Ал эмне кылышы керек?
Анын ажылыгы туура жана андан эч нерсе талаб кылынбайт.
Мен умрага баратып айыз кезимде микаттан өттүм. Ошондуктан ихрамга ниет кылбай калдым. Айызым токтогонго чейин Меккеде турдум. Айыздан таза болгондон кийин Меккеден ихрамга ниет кылдым. Бул туурабы? Эмне кыламын? Мага эмне важип болот?
Бул иш-аракеттер туура эмес. Умра кылууну каалаган аял айыз көрүп турса да, ихрамга ниет кылбастан микааттан өтүүгө болбойт. Ал айыз болсо да ихрамга ниет кыла берет, анын ихрам кийүүгө болгон ниети орундалат жана ал туура болот. Буга далил: Абу Бакр, радыяллаху анхунун, аялы Асма бинт Амис төрөп Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, коштошуу ажылыгын аткарууга келгенде, ал Пайгамбарга: «Кантип аткарайын? - деп кат жолдойт. Ошондо Пайгамбар ага: «Гусул ал, кездеме менен таң жана ихрамга ниет кыла бер» - деп айтат. Айыз каны нифас каны сыяктуу.
Ошондуктан айыз көргөн аял умра же ажылыкты көздөп микаттан өтө турган болсо, биз ага «гусул ал, жыныс кыныңа жапкан нерсе кой жана ихрамга ниет кыла бер» дейбиз. Жыныстык кынына кездеме коюу дегени: Айыз же нифас көргөн аял жатындын үстүнө кездеме коюп байлайт. Андан кийин ажылык үчүн болобу, умра үчүн болобу, ал ихрамга ниет кылат. бирок ихрамга кирип Меккеге жеткенде үйгө келбейт жана каны токтоп таза болмоюнча таваф кылбайт. Мына ошондуктан Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аиша энебизге умрада айызы келгенде: «Ажылар эмне кылса ошону кыл, кан токтоп таза болмоюнча Каабаны таваф кылба" - деп айткан. Бул Бухарий жана Муслимдин риваяты. Ошондой эле «Сахих аль-Бухариде» Айша энебиз каны токтоп таза болгондон кийин Кабаны таваф кылганын, ошондой эле Сафа жана Марванын ортосунда саъий кылганын айткан. Ошондуктан бул хадис мындай маселеге далил болууда: аял айыз учурунда ажылык же умра үчүн ихрамга ниет кылса, же айызы тавафтан мурда келсе, анда тазаланып гусул алмайынча таваф кылбайт жана саъий кылбайт.
Эгерде ал аял таза абалында таваф кылса, тавафын бүтүргөндөн кийин айызы келсе, анда андан ары уланта берет. Айызы келип жатса да саъий кылып, чачын кыскартып умрасын бүтүрө берет. Анткени Сафа менен Марванын ортосундагы чуркоо тазалыкты талап кылбайт.
Мен жана үй-бүлөм умра үчүн Янбудан келдик. Бирок Жиддага келгенде аялымдын айызы келе баштады. Мен өзүм эле умраны бүтүрдүм. Аялымдын өкүмү кандай болот?
Аялыңдын өкүмү: Ал таза болгонго чейин туруп турат. Таза болгондон кийин умрасын өтөп берет. Себеби, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Сафия, радыяллаху анханын, айызы келгенде: «Ал бизге (Меккеден чыгууга) тоскоол болуп жатабы?» – деп сурады. Алар Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, ал таваф ифада кылганын айтышканда: «Анда кете берсин» - деп айтты. Ошентип, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын: «Ал бизге (Меккеден чыгууга) тоскоол болуп жатабы?» – деген сөзү Ифада тавафынан мурда айыз көргөн аялдын гусул алып, андан кийин таваф ифада кылганга чейин калуусу важиб экендигине далил болот.
Ошондой эле умранын тавафы таваф ифадага окшош. Анткени умра тавафы умранын түркүгү. Умра кылып жаткан аял тавафтан мурун айызы келсе, анда айызы тазаланганча күтөт. Айызы токтоп гусул алып тазалангандан кийин умра тавафын кылат.
Сафа тоосу менен Марва тоосунун ортосунда чуркай турган жол Харам мечитине киреби? Ал жерде айыз аял саъий ибадатын кылабы? Ал жактан Харам мечитине кирген тахиятул-масжид намазын окуйбу?
Көрүнүп тургандай, ал чуркай турган жол Харам мечиттин бир бөлүгү эмес. Ошондуктан алардын ортосун бөлүп турган дубал тургузулган. Бирок ал кыска дубал. Ошондой болсо да бул адамдар үчүн жакшы экени шек жок. Эгерде ал дубал мечит жака киргизилгенде, анда мечиттен болмок. Эгерде аял таваф кылгандан кийин жана саъий кылаардан мурда айыз көрсө, анда ага саъий кылууга тыюу салынат.
Бирок мен төмөнкүчө фатва берем: Тавафтан кийин жана саъийдан мурда айыз келсе, саъий кыла берет. Анткени Сафа тоосу менен Марва тоосунун ортосунда чуркай турган жол мечитке карабайт.
Ал эми тахийятул-масжит тууралуу мындай деп айтууга болот: Тавафтан кийин саъий кылып анан мечитке кайра кирсе, анда тахийятул-масжит окуйт. Эгерде аны окубаса, анда ага эч нерсе болбойт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, эки рекет намаз окуганы жакшы. Себеби бул жерде намаз окуунун пазилети артык.
Айызым келсе да ажылык кылдым. Бирөөгө айтуудан уялдым. Харам мечитине кирип намаз окудум, таваф кылдым жана саъий кылдым. Эми мен эмне кылышым керек? Бул кан Нифастан кийин келгенин билип туруп ушуларды аткардым.
Аял айыз же нифас болсо, анда ал Меккеде болобу, өз өлкөсүндө болобу же кайсыл жерде болбосун намаз окуусу туура эмес. Себеби Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир аялга мындай деген: "Эгерде аялдын айызы келсе намаз окубайт жана орозо кармабайт эмеспи?". Мусулмандар айыз көргөн аялга орозо кармоого жана намаз окууга болбойт деп бир сөздү айтышкан.
Ушундай кылган аял Аллага тообо кылып жана кылган иши үчүн Алладан кечирим сурашы керек.
Ал аялдын айыз учурунда кылган тавафы туура эмес. Ал эми саъий кылганы туура. Анткени, эң туура сөз – ажылыкта саъий кылууну таваф кылуудан алдын кылуусу. Ошонун негизинде ал аял тавафты кайталоосу керек. Анткени таваф ифада ажылыктын түркүктөрүнүн бири. Таваф ифада кылуу менен ажылык убагында тыюу салынган нерселердин баарына уруксат берилет.
Ошого ылайык, бул аял никелүү болсо, таваф кылмайынча жыныстык катнашка барбайт. Эгерде бойдок болсо, нике кыйылбайт. Туурасын Алла Таала билет.
Арафа күнү айыз көргөн аял эмне кылышы керек?
Аялга Арафа күнү айызы келсе, ажылыгын улантат, адамдардын кылганын кылат жана каны токтоп тазаланганга чейин Каабаны таваф кылбайт.
Жамратул-Акабада шайтанга таш аткандан кийин жана таваф ифададан мурда аял айыз көрсө, күйөөсүнүн коштоосунда жүрсө жана сапардан кийин кайра келе албасын билсе, эмне кылышы керек?
Ал аял кайтып келе албаса, анда жапкан нерсе коет жана зарылдык болгондуктан таваф кыла берет. Ага күнөө жазылбайт. Ошентип калган ажылык амалдарын бүтүрө берет.
Төрөттөн кийин нифас көргөн аял кырк күнгө чейин каны токтоп тазаланса, анын ажылыгы туурабы? Эгерде тазаланганын көрбөсө жана ажылыкка ниет кылганын билип турса, эмне кылышы керек?
Ал аялдын кырк күнгө чейин нифас каны токтоп калса, гусул алат, намаз окуйт, таза аялдар аткарган амалдардын баарын тавафты да аткарат. Анткени нифастын азында чек жок.
Ал эми нифас канын токтогонун көрбөсө, анда анын ажылыгы туура боло берет. Бирок каны токтоп таза болгонго чейин Каабаны таваф кылбайт.
*
Related books
All books
Азанчы, имам, хатиб жана мечиттердин өкүмдөрүнүн пайдалуу жана кыскача колдонмосу47 тилАзанчы, имам, хатиб жана мечиттердин өкүмдөрүнүн пайдалуу жана кыскача колдонмосу
Бул китепте азан, комат, намазга имам болуу, жума хутбасы жана мечиттин адеби боюнча өкүмдөр кеңири каралат. Ошондой эле китепте азанчылардын, имамдардын жана хатибдердин милдеттери талкууланып, бул милдеттерди туура аткаруу үчүн аларга тиешелүү шарият өкүмдөрүн үйрөнүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленет. Мындан тышкары, китепте Пайгамбардан ﷺ келген хадистер жана аларды туура колдонууну камсыз кылуу үчүн алардын түшүндүрмөлөрү да камтылган.
Мени ким жараткан? Эмне үчүн жараткан?75 тилМени ким жараткан? Эмне үчүн жараткан?
Ар бир нерсе Жаратуучунун бар экенине далил боло алат. Асмандар менен жерди жана алардагы курчап алгыс улуу макулуктарды ким жараткан? Асман жердеги так жана кемчиликсиз тартипти ким орноткон? Инсанды ким жаратты, ага угуу, көрүү касиеттерин, акылды ким берди? Аны илим алууга жана нерселердин маңызын түшүнүүгө жөндөмдүү кылып жараткан ким? Өз денеңдеги жана тирүү организмдердин денесиндеги бул кылдат жасалган системаны кандай түшүндүрөсүң? Аны эң биринчи ким жоктон бар кылган? Бул эбегейсиз аалам ушунча жылдар бою өзүнүн так, чебер мыйзамдарын кантип өзгөртпөй сактап келе жатат?
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтүнө амал кылуунун важип экендиги жана аны четке каккандардын каапыр болуусу.23 тилПайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтүнө амал кылуунун важип экендиги жана аны четке каккандардын каапыр болуусу.
Автор: Абдулазиз бин Абдуллах бин Баз, Аллах аны ырайымына алсын. Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен. Кириш сөз Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун. Бейиш такыбалар үчүн. Аллахтын кулу жана элчиси, ааламдарга ырайым кылуу үчүн жиберилген пайгамбарыбыз Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламга, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына салават жана саламдар болсун. Ал сахабалар Куранды жана Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтүн өздөрүнөн кийинкилерге чынчылдык жана кемчиликсиздик менен, алардын маанилерин жана сөздөрүн толук сактоо менен жеткиришти. Аллах алардан ыраазы…
Ислам89 тилИслам
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен. Сен өзүңдөн сурап көрдүңбү: Жети кабат асманды жана жерди, алардагы үлкөн макулуктарды ким жараткан? Бул ааламдагы так, кылдат мыйзамдарды ким жасаган? деп.