هل سألت نفسك؟ من خلقك؟ ولماذا؟ وماذا بعد الموت؟
كتاب: هل سألت نفسك ؟ من خلقك؟ ولماذا ؟ وماذا بعد الموت؟ كتاب مختصر يتحدث عن إجابة أسئلة الإنسان الوجودية ويحرك الفطرة بضرب بعض الأمثلة والحجج العقلية وبيان دلائل الإسلام بأسلوب مختصر.
"Сени ким жараткан? Эмне үчүн жараткан? Өлүмдөн кийин эмне болот?" - деп өзүңдөн өзүң сурап көрдүң беле?
Дүйнө тилдеринде исламдык контентке кызмат кылуу коомунун илимий комитети.
Эй, инсан! Сени ким жаратты? Эгер сен денеңе микроскоп менен карасаң, анда кылдаттыктын жана кереметтин дүйнөсүн көрмөксүң. Анткени, денеңдеги ар бир клетка өз ичине татаал шифрлерден турган тукум куучулук маалыматтарды камтыйт. Сен өзүңдөн бул шифрлерди ким жазды? Аларды ким өз ордуна туура жайгаштырды?» – деп сурап көрдүңбү?
Ар бир асман тиреген имарат жана ар бир жөнөкөй үй анын куруучусу тууралуу айтып турат. Ал эми ушунча кең, кооз, так жана тартипке салынган бул ааламды жаратуучусуз өзүнөн-өзү пайда болду деп айтуу акылга кантип сыйсын?
Эй, инсан! Кылдат жасалган акылдуу телефон жасоочусуз, же татаал шаймандар программалоочусуз эле өзүнөн-өзү пайда болуп, шайкеш иштеп жатканын сенин акылың кабыл кылбаса, анда: «Ичиндеги бүтүндөй тартиби, кереметтүүлүгү, так мыйзамдары жана кынтыксыз системасы менен бул улуу аалам жаратуучусуз эле пайда болуп калган» дегенди кантип акыл кабыл кылсын?
Бул ааламдагы ар бир бөлүк — эң майда атомдон тартып эң чоң галактикага чейин — өзүнүн Жаратуучусунун улуулугуна далил болот. Бул кынтыксыз тартиптин баш аламандыктан пайда болуп калуусу акылга сыйбайт. Бул ааламдын жоктон бар болуп калганын, же бул укмуштуудай татаал тартип кокустуктун натыйжасы экенин акыл эч качан кабыл кылбайт
Тунук акыл жана таза табият инсанды ааламдын Жаратуучусу бар экенине ишенүүгө жетелегендей эле, ал экөө бизди бул Жаратуучунун сыпаттары жана Анын биздин алдыбыздагы акысы тууралуу ой жүгүртүүгө да чакырат.
Бул Жаратуучунун сыпаттарына ой жүгүртүү бизге Анын толук кемчиликсиз болуп сыпатталуусу жана бардык кемчиликтерден аруу болуусунун зарылдыгы тууралуу терең түшүнүк эшиктерин ачат.
Бул Жаратуучунун бардык көркөм жана улуу сыпаттарга ээ экендигин билдирет. Анткени Ал бардык нерсеге Кудуреттүү, бардык нерсени Билүүчү, Өзү жараткан жана тагдыр кылган бардык нерселерде Даанышман. Бул кемчиликсиздик жөн гана ыктымал эмес, тескерисинче, акыл талап кылган зарылдык. Анткени Анын сыпаттарында кандайдыр бир кемчиликтин бар болуусу жаратууда жана башкарууда мүчүлүштүккө алып келет. Бул болсо биз жаратылышта күбө болгон кемчиликсиздикке карама-каршы келет.
Жаратуучуну кемчиликтен аруулоо – Анын Өз макулуктарына муктаж эмес экенин билдирет. Ал эч кимге муктаж эмес. Тескерисинче, бардыгы өз жашоосунда жана бар болуусунда Ага муктаж. Ал шериги жана баласы бар болуудан аруу. Анткени бул экөө кемчиликтин жана алсыздыктын белгилери. Ал эми Аллах ушунун баарынан аруу.
Эгер Аллах Таала – кемчиликсиз жана улуу сыпаттардын Ээси Улук Жаратуучу, Ал бизди жана ааламды жоктон бар кылган, андагы бардык нерсенин Ээси, бизге ырыскы берип, Өз мээримине бөлөп жана бардык нерсени башкарып, тескеп туруучу Зат болсо; анда биз Ага шүгүр кылууга, Анын ыраазылыгына жетүүнүн жолдорун издөөгө, Ага болгон акыбызды аткарууга жана жаралуу максатыбызды ишке ашыруу үчүн аракет кылууга милдеттүү эмеспизби?
Аллах Тааланын бизди жаратып, анан бизден эмнени каалай турганын баяндабай коюсу акылга сыябы? Биз эмне үчүн жаралдык? Жашоодогу бар болуубуздун максаты эмне? Өлүмдөн кийин эмне болот?
Элестетип көрөлү: бир адам заңгыраган сарай куруп, аны эң заманбап технологиялар менен кооздоду. Анан аны куруп бүткөндөн кийин, эч бир себепсиз, күтүүсүздөн аны толугу менен бузуп салды. Мындай адамды акылдуу деп айтууга болобу? Мындай иш-аракет акыл-эстүү адамга жарашпаган маанисиз иш деп эсептелээри анык эмеспи?
Эгер мындай иш пендеге карата туура эмес деп эсептелсе, анда Даанышман, Кабардар болгон Аллахтын ушул ажайып ааламды ушундай чеберчилик менен, кынтыксыз жаратып, анан аны эч бир максатсыз, даанышмандыксыз кыйратып салуусу акылга сыябы?
Аллах адамдарды улуу даанышмандык үчүн жаратты. Ал – Ага эч нерсени шерик кылбастан, жалгыз Өзүнө ибадат кылуу. Аларды бул дүйнөдө сыноо үчүн жаратты жана кылган амалдарына эсеп берүүлөрү үчүн кайра тириле турган Кыямат күнүн белгиледи. Ким Аллахка ыйман келтирип, Анын чакырыгына жооп берсе, ага Бейиштин жыргалчылыгы берилет жана ал анда түбөлүк калат. Ал эми ким акыйкаттан жүз бурса, тозок ээлеринен болот.
Ибадат – бизге жүктөлгөн парз, анткени ал – биздин жаралуубуздун максаты. Ошондой эле ал – шүгүр кылуубуздун жана Аллахтын рубубыясы (Аллахты Өз иштеринде жалгыздоо) менен улухиясын (Аллахты ибадатта жалгыздоо) ырастообуздун далили.
Аллах сени жаратып, сага угуу менен көрүүнү берип сыйлаганы жана сени сансыз жакшылыктар менен курчаганы тууралуу ой жүгүртүп көр. Ал сенин тамырларыңда канды жүгүртүп, сага суу менен абаны ырыскы кылып берди. Сен ар бир көз ирмемде Ага муктажсың. Эгер Анын ырайымы жана камкордугу болбосо, сен жок болуп, күч-кубатыңдан ажырамаксың. Атүгүл, сен энеңдин курсагында эч нерсе колуңдан келбеген алсыз түйүлдүк кезиңде эле, Ал сенин ырыскыңды Өз кепилдигине алган.
Ушул Улук Жаратуучу сен каалагандай эмес, Ал Өзү каалагандай ибадат кылууңа татыктуу эмеспи?! Ойлонуп көрчү, эгер апаңа белек бергиң келсе, өзүңө жакканды тандайт белең, же ага жаккан нерсени тандап, аны кубантууга аракет кылат белең? Аллах Таалага ибадат кылуу да ушундай. Ал биздин каалоолорубузга же ата-бабадан калган салтыбызга ылайык болбошу керек. Тескерисинче, Ал Өзү каалагандай жана бизге буюрган тартипте болуусу керек.
Ибадат жалгыз гана, шериги жок Аллах Таалага калыс аткарылуусу керек. Адам баласына ибадатты өзүнүн Жаратуучусунан башкага багыттоого болбойт. Тозокто түбөлүк калууга себеп болгон күнөөлөрдүн эң чоңу – бул Аллахка шерик кошуу. Ал – адамдын Аллахтан башка Анын жараткан макулуктарына, мисалы: буттарга, күнгө, айга, адамга, айбанга же солих кишиге ибадат кылуусу. Мунун баары ширк менен каапырчылыктын түрлөрүнөн болуп саналат. Ким ушул ширктин үстүндө дүйнөдөн өтсө, анын жазасы тозок отунда түбөлүк калуу болот.
Аллах Таала бизге бул дүйнөдө жашообуздун максаты жана жашоонун маңызы тууралуу кабар берүү үчүн көптөгөн пайгамбарларды жана элчилерди жиберген. Бардык пайгамбарлардын дини (миссиясы) бир болгон: ал – Ислам дини жана шериги жок Жалгыз Жаратканга ибадат кылууга чакыруу. Бирок, мурдагы пайгамбарлар алып келген нерсени бурмалап, өзгөрткөндөр болгон. Ошондуктан, Аллах Таала элчилердин акыркысы Мухаммад, саллаллааху алайхи уа салламды, жиберип, ага адамзат үчүн акыркы китеп – Курани Каримди түшүрдү. Куран Аллахтын сөзү экендигин далилдеген көптөгөн акылдык жана илимий далилдер бар. Ага бурмалоо жана өзгөртүү кирбеген жалгыз китеп. Аллах Таала Куранда адам баласынан Ислам дининен башка динди кабыл кылбай турганын кабарлаган. Жана бардык пайгамбарлардын дини (миссиясы) бир болгонун кабарлаган: ал – шериги жок Жаратканды жалгыздоого жана Ага гана ибадат кылууга чакыруу. Аллах Таала Куранда момундар үчүн бейиш жана түбөлүк жыргалчылык болорун кабарлаган. Ал эми Аллахтан башкага сыйынган же Ислам динине кирүүдөн баш тарткандар үчүн тозок жана катуу азап бар экенин кабарлаган.
Исламдын башка диндерден өзгөчөлүгү – мусулмандар гана ишенимдүү билим булактарына таянып, акылдык жана илимий далилдерди келтирүү менен, бүгүнкү күндө колдорунда турган Ыйык Курандын Жаратуучу Аллахтын өзгөртүүдөн жана бурмалоодон сакталган сөзү экендигин далилдей алышат.
Ыйык Куран – бул Аллахтын Өз пайгамбары Мухаммад, саллаллааху алайхи уа салламга, түшүргөн китеби. Ал аркылуу он төрт кылымдан ашуун убакыттан бери адамзатты ага окшош китепти, же жок дегенде ага окшош бир сүрөнү алып келүүгө чакырып келет, бирок алар андай кыла алышкан жок. Бул чакырык ушул күнгө чейин күчүндө турат жана кылымдар бою эч ким анын чечендигине, көркөмдүгүнө, кереметтүүлүгүнө жана мыйзамдарына тең келе турган, жада калса ага жакын нерсени да алып келе алган жок. Курандагы кереметтүүлүк анын чечендигинин жана көркөмдүгүнүн туу чокусуна жеткен тилинде гана эмес, тескерисинче, анын Аллахтын сөзү экенин тастыктаган акылга сыярлык жана илимий далилдерди да камтыйт. Эгер Ыйык Куран анын Аллахтын сөзү экенин далилдеген ачык-айкын далилдерди камтыса, анда жазылышына адамдар кийлигишкен башка китептерге таянуунун ордуна, ага ыйман келтирип, анда айтылгандарды ээрчүү – акылга сыярлык жана туура иш-аракет болуп саналат.
Тунук акыл ааламды жаратып, анын тартибин эң мыкты кылган Жаратуучунун сөзү – акыйкатты билүүнүн эң ишенимдүү булагы деген жыйынтыкка бизди алып келет. Ал эми Курандагы адамдарды тил жагынан алсыз калтырган кереметти, илимий акыйкаттарды, толук кандуу мыйзам-өкүмдөрдү камтыганын жана кылымдар бою бурмалануудан сакталып келгенин көргөндө, анын Аллахтын сөзү экенин моюнга алуудан башка арга калбайт.
Демек, Куранга ыйман келтирүү – бул жөн гана ыймандык тандоо эмес, тескерисинче, акыйкатты издөөнүн акыл таразасына шайкеш келген акылга негизделген чечим.
Аллах Таала Курани Каримде бизди максатсыз жөндөн-жөн эле жаратпагандыгын, чындыгында Өзүнө ибадат кылуу үчүн жараткандыгын баяндаган.
Аллах Куранда бизге бул жашап жаткан дүйнө жашоосу жакында аягына чыга турган убактылуу гана баскыч экенин кабарлаган. Ал эми чыныгы түбөлүктүү жашоо акыретте болот, ал кезде момундар бейишке, ал эми каапырлар тозокко киришет.
Бизди жоктон бар кылган Жаратуучу, бизди өлгөндөн кийин кайра тирилтүүгө албетте Кудуреттүү. Айланабыздагы Аллахтын ааламдагы аят-белгилеринде, биз Анын өлүк нерсени тирилтүүдөгү чексиз кудуретине ачык-айкын далилге күбө болобуз; Аллах жашыл дарактан отту, кургак жерден эгин менен мөмөлөрдү чыгарып, эненин курсагында түйүлдүктү бел суудан жараткандай эле, Ал кыямат күнү жаза-сыйлык үчүн өлүктөрдү кабырларынан кайра тирилтүүгө да Кудуреттүү. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү. Заалым менен зулум чеккендин жашоосу сураксыз же жаза-сыйлыксыз аяктап калуусу – бул адилетсиздик жана зулумдук.
Адамда: «Эмне үчүн башка диндер эмес, бир гана Ислам дини?!», - деген суроо жаралышы мүмкүн.
Инсанды башка макулуктардан айырмалап турган эң чоң өзгөчөлүк – бул акыл, анын милдети ой жүгүртүү жана акыйкатты изденүү.
Ислам дини тунук акылга жана таза табиятка төп келген дин. Ал жашоодогу улуу суроолорго жүйөлүү жоопторду берет: Биз бул жашоого эмне үчүн келгенбиз? Жашообуздун максаты эмне? Өлгөндөн кийинки тагдырыбыз эмне болот?
Ислам дини Жаратуучуга гана ибадат кылууга жана "Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок" деген күбөлүккө негизделет. Бул биринчи күбөлүк – Исламдагы ыймандын негизи, анын мааниси – жалгыз Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок.
Бул күбөлүк төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
Таухид: жалгыз сыйынууга татыктуу Аллахка ыйман келтирүү. Анын шериги, баласы жана окшошу жок.
Ширктен арылуу: бул – адамдар тарабынан жасалган бардык буттарды жана кудайчаларды четке кагуу.
Ислам бардык пайгамбарларга ыйман келтирүүнү парз кылган. Ошондуктан мусулмандар, Аллах Куранда кабарлагандай, Исаны Аллахтын баласы эмес, Анын кулу жана элчиси деп ыйман келтиришет. Анткени, Аллах Таала Улуу, Анын аялы же баласы болуусу мүмкүн эмес. Ал аларга да, башка эч нерсеге да муктаж эмес. Аллах Таала Куранда бизге Исанын пайгамбар экенин, ага көптөгөн мужизаларды бергенин, аны теңдеши жок жалгыз Аллахка ибадат кылууга элин үндөө үчүн жибергенин кабарлаган. Ошондой эле, Иса адамдарды өзүнө ибадат кылууга буйрубаганын, тескерисинче ал өзү Жаратканга ибадат кылганын кабарлаган. Эгер сен Аллах сүйгөндөй Исага чындап ишенүүнү кааласаң, анда Ислам динин кабыл алышың керек.
Аллах Таала Куранда бизге Иса коомун жалгыз Аллахка ибадат кылууга буйруганын жана аларды ширктен эскерткенин кабарлаган.
Акылдуу адамдын өзү сыяктуу ачка болуп, суусаган, өзүнө келген өлүмдү же зыянды кайтара албаган макулукка ибадат кылуусу акылга сыярлыкпы?! Эй, инсан, тамак-ашка жана суусундукка муктаж болгон, өзүнүн Жаратуучусуна намаз окуп кайрылган пенде – Мариямдын уулу Исага кантип ибадат кыласың?! Кудайдын өзүнө-өзү намаз окуусу акылга сыябы?! Аллах – жалгыз Улуулук менен сыпатталган, кемчиликтен аруу Зат, окшошу жана теңдеши жок, аруу Зат, жана ааламдагы бардык нерсе Анын кудурети менен бийлигинин астында эмеспи? Асмандар менен жердин Жаратуучусунун наристе сыяктуу төрөлүп, андан соң Өзүнүн жараткан макулуктарына айкаш жыгачка асышы үчүн Өзүн тапшыруусу кантип акылга сыйсын? Чындыгында, айкаш жыгачка асылып, өлтүрүлгөндөр – алар өлүмгө дуушар болгон пенделер. Ал эми Жаратуучу болсо – Ал эч качан өлбөс Тирүү, Аны үргүлөө да, уйку да албаган Каййум. Ушул сыяктуу нерселерден аруу болуу Анын улуулугунун жана бийиктигинин кемчиликсиздигинен эмеспи?
Аллах Таала Курани Каримде кабарлагандай, бардык элчилер бир эле кабар менен келишкен, ал: өз коомдорун шериги жок, Жалгыз Аллахка ибадат кылууга чакыруу. Бирок убакыттын өтүшү менен кээ бир адамдар бул түбөлүктүү кабарды бурмалап, пайгамбарлар алып келген таухиддин (бир Аллахка сыйынуу ишеними) нурун өчүрүп салышкан. Ошондуктан, Аллах Таала мурдагы бардык элчилер алып келген таухид кабарын жаңылоо үчүн, акыркы элчиси Мухаммад, саллаллааху алейхи уа салламды, жиберип, ага Курани Каримди түшүргөн.
Эй, инсан! Сөзүбүздүн соңунда сага айтарыбыз:
Ислам – бул акыл-эстин жана таза табияттын дини. Ал Улуу Жаратуучунун адамзат үчүн шарият кылган жалгыз дини. Ошондуктан, ар бир акылдуу адамга Аллахты Рабби деп, Исламды дин деп, Мухаммадды пайгамбар деп ишенүү менен Исламга кирүүгө шашылуу парз. Бул иште инсанга тандоо берилген эмес. Анткени кыяматта Аллах Таала андан пайгамбарларга кандай жооп бергени жөнүндө сурайт. Ошондо ал ыймандуу болсо, ал чон утушка жетет. Эгер каапыр болсо, ачык өкүнүчтө калат.
Эгер сен бул дүйнөдөгү чыныгы бактылуулукту жана акыреттеги ийгиликти издеп жүргөн болсоң, анда жашооңдо кабыл ала турган эң улуу чечимиң – Исламга кирүү экенин билгин. Ал үчүн сага: "Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Анын элчиси экендигине күбөлүк берем" - деп, чын жүрөктөн айтууң жетиштүү. Андан кийин диниңди үйрөнүп, эки күбөлүк келимеси талап кылгандай, Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирип жана Исламдын түркүктөрүн карманууга амал кыла башта.
Аны азыр айт, экиленбе! Анткени ажал капысынан келип калышы мүмкүн. Мындай маанилүү чечимди кабыл алууну кечиктирбе. Сени жакшылыктан кайтарууга шайтанга мүмкүнчүлүк бербе. Кайраттуу бол! Нурга жана хидаятка карай жолуңду башта!
Азыр чечимиңди чыгар да, жан дүйнө тынчтыгы жана ыраазычылыкка толгон жаңы жашоону башта.
Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси деп күбөлүк берем.