رسالتان موجزتان في الزكاة والصيام
Зекет жана орозо тууралуу эки кыска китепче
Зекет жана орозо тууралуу эки кыска китепче
Урматтуу шейх
Абдулазиз ибн Абдуллах ибн Баазга таандык
(рахимахуллах)
Биринчи китепче
Зекетке тиешелүү маанилүү изилдөөлөр
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын.
Бардык алкыш-мактоолор жалгыз Аллахка болсун. Өзүнөн кийин пайгамбар келбей турган акыркы Пайгамбарга, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына Аллахтын саламы жана салаваттары болсун. Андан кийин айтарым:
Бул сөздөрдү жазууга түрткү болгон нерсе – анын даражасы улуу жана ансыз ислам имараты бекем турбай турган ислам дининин беш түркүгүнүн бири болгонуна карабастан, көптөгөн мусулмандар кайдыгерлик кылып, шариятта буйрулгандай бербей калган зекет парзы тууралу насаат айтуу жана эскертүү. Анткени Пайгамбар (саллалаху алейхи уа саллам) айткан: "Ислам беш нерсенин үстүнө курулган: Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, Рамазан айында орозо кармоо жана ажылык амалын аткаруу."(1) Хадистин сахих экендиги бир ооздон бекемделген. (1) Бухари, 8; Муслим, 16
Зекеттин мусулмандарга парз кылынышы – исламдын эң көрүнүктүү жакшы жактарынан жана анын жолун жолдоочуларга кылган камкордугунан. Себеби анын пайдалары көп жана мусулмандардын кедей-кембагалдары ага өтө муктаж.
Зекет берүүнүн пайдаларынан: 1 - Бай менен кедейдин ортосундагы сүйүү байланышын бекемдөө. Анткени адамдын табияты өзүнө жакшылык кылганды жакшы көрүүгө ылайыкташкан.
2 - Нафсини тазалап, аруулап, аны сараңдык жана кызганчаактыктан алыстатат. Бул мааниге Курани Каримде да ишарат кылынып, Аллах Таала мындай деген: "(Оо, Мухаммад!) Сен алардын мал-мүлкүнөн аларды (сараңдыктан жана башка күнөөлөрүнөн) тазалай турган жана алдарды(н байлыгын, адеп-ахлагын, Акыреттик сообун) өстүрө турган (зекет) садакасын ал..." (Тообо сүрөсү, 103-аят)
3 - Мусулманды берешендикке, жоомарттыкка жана муктаждарга боорукер болууга үйрөтүү.
4 - Аллах Таала береке берип, көбөйтүп, анын ордун толтурат. Аллах Таала айткан: "Эмнени (Аллах үчүн) сарптасаңар, Аллах (бир нече барабар көбөйтүп) өзүңөргө кайтарат. Ал эң жакшы ырыскы берүүчү." (Саба сүрөсү, 39-аят) Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) сахих хадисте Аллах Тааланын мындай дегенин айткан: "Оо, Адам баласы! Нафака бер, сага да нафака беремин..."[2] Мындан сырткары дагы көптөгөн пайдалары бар. (2) Муслим, 993
Зекет берүүдө сараңдык кылган же аны берүүдө кайдыгерлик кылган адамга катуу азап убада кылынды. Аллах Таала мындай деди: "Ал эми, алтын-күмүштөрдү жыйнап, аларды Аллахтын жолуна иштетпегендерге жан ооруткан азаптын кабарын бергин." "Ал (Кыямат) Күндө аны (алтын-күмүш, теңгелерди) тозок отуна кызытылып, алардын маңдайына, жамбаштарына, аркаларына тамга басылат жана: Бул өзүңөр үчүн жыйнаган (бирөөгө же динге пайдасы тийбеген) нерсеңер! Эми, жыйнаган нерсеңердин даамын таткыла (деп айтылат)." (Тообо сүрөсү, 34-35-аяттар) Зекети берилбеген ар бир мал-мүлк – бул кенч деп аталат жана анын ээси кыямат күнү ал себептүү азапталат. Бул тууралуу сахих хадисте Пайгамбарыбыз (саллалаху алейхи уа саллам) мындай деген: "Алтыны жана күмүшү бар болуп, бирок анын акысын бербеген адамга, кыямат күнү оттон тактайчалар жасалып, тозок отуна кызытылат да, ал анын капталына, бешенесине жана аркасына басылат. Ал тактайчалар муздаган сайын кайра ысытылып, бул азап узундугу элүү миң жылга тете болгон күндө пенделердин арасында өкүм чыгарылып, ал өз жолун – же Бейишке же Тозокко барарын көргөнгө чейин уланат." (3) (3) Муслим, 987
Андан кийин Пайгамбарыбыз (саллалаху алейхи уа саллам) төө, уй жана койлорунун зекетин бербеген адам тууралуу айтып, ал кыямат күнү ошол малдары менен азапталаарын кабарлады.
Аллахтын Элчиси (саллалаху алейхи уа саллам) сахих хадисте айткан: "Кимге Аллах мал-дүйнө берип, ал анын зекетин бербесе, кыямат күнү ага (бербеген) малы көзүнүн үстүндө эки кара чекити бар кашка баш, уулуу жылан кейпинде келтирилет да, мойнуна оролот. Андан соң анын эки жаагынан (башкача айтканда, оозунун эки тарабынан) кармап: «Мен сенин малыңмын, мен сенин казынаңмын», – дейт». Андан кийин Пайгамбарыбыз (саллалаху алейхи уа саллам) Аллах Тааланын бул сөзүн окуду: "Аллах Өзүнүн пазилети себептүү берген (байлык, мансап, ж.б.у.с.) нерселерден кызганган адамдар, бул жоругу өздөрүнө жакшы (пайда) деп ойлобосун. Бул алар үчүн жамандык: жакында, кыямат күндө алардын кызганган нерселери моюндарына оролуп муунтат..."" (Аали Имран сүрөсү, 180-аят) [4] (4) Бухари, 1338
Зекет төрт түрдүү нерседен берилет: жерден чыккан дан-эгиндер, мөмө-жемиштер, жайыттагы мал-жандыктар, алтын менен күмүш жана соодадагы буюмдар.
Бул төрт түрдүн ар биринин белгилүү бир чен өлчөмү бар, андан аз болсо зекет берилбейт. Дан жана мөмө-жемиштердин чен өлчөмү: беш васак. Васак – Пайгамбардын (саллаллаху алейхи уа саллам) саа’гы менен алтымыш саа’га барабар. Курма, мейиз, буудай, күрүч, арпа жана ушул сыяктуулардын чен өлчөмү Пайгамбардын (саллаллаху алейхи уа саллам) саа’гы менен үч жүз саа’ болот. Ал эми бир саа’ – орто бойлуу кишинин эки алаканын толтуруп төрт жолу сузуп алганына барабар.
Эгерде курма дарактары жана эгиндер жамгыр, дарыя жана булак суулары сыяктуу эч кандай чыгым-мээнетсиз сугарылса, анда түшүмдүн ондон бири (10%) зекетке берилүүсү парз болот.
А эгерде ал чыгым жана мээнет менен сугарылса, мисалы: суу ташыган мал, суу чыгаруучу жабдуулар жана ушул сыяктуу мээнет менен сугарылса, анда анын түшүмүнүн ондон биринин жарымын (5%) берүү парз болот. Бул тууралуу Аллахтын Элчисинен (саллалаху алейхи уа саллам) сахих хадис келген.
Ал эми жайытта багылган төө, уй жана койдун чен өлчөмүнө келсек, ал жөнүндө Аллахтын Элчисинен (саллалаху алейхи уа саллам) келген сахих хадистерде кеңири баяндалган. Аны билгиси келген адам бул тууралуу илим ээлеринен сураса болот. Эгерде сөздү кыскартуу максаты болбогондо, пайдасы толук болушу үчүн аны дагы айтмакпыз.
Ал эми күмүштүн чен өлчөмү жүз кырк мискол, анын Сауд Арабия дирхамы менен өлчөмү – элүү алты риал болот.
Алтын зекетинин өлчөмү жыйырма мискол, анын Сауд Арабия риалындагы өлчөмү он бир риял жана риялдын жетиден үч бөлүгү, ал эми грамм менен токсон эки граммга барабар. Кимдин алтыны же күмүшү зекет берүү чегине жетип, арадан бир жыл өтсө, ага байлыгынын кырктан бир бөлүгүнүн (2.5%) берүү парз болот.
Пайда (соодадагы) негизги капиталга ээрчийт, ошондуктан ага өзүнчө жыл айлануусу шарт эмес. Ошол сыяктуу эле, жайыт малынын төлү да, эгер негизги малы нисабга жеткен болсо, төлү ага ээрчийт. Ал төл үчүн өзүнчө жыл айлануусу шарт эмес.
Азыркы күндө адамдар колдонуп жүргөн кагаз акчалардын өкүмү да алтын менен күмүштүн өкүмүндөй. Аты дирхам, динар, сом, доллар же башкача аталса да, эгер анын баасы күмүштүн же алтындын чен өлчөмүнө жетип, бир жыл айланса, андан зекет берүү парз болот.
Аялдардын алтын же күмүш зер буюмдары да акчанын өкүмүнө кирет. Эгер алар чен өлчөмгө жетип, ага бир жыл айланган болсо, аалымдардын эки пикиринин эң туурасына ылайык, ал буюмдар колдонуу же карызга берүү үчүн даярдалган болсо дагы, алардан зекет берилет. Бул Пайгамбарыбыздын (саллалаху алейхи уа саллам) жалпы сөзүнө негизделген: "Алтыны жана күмүшү бар болуп, бирок анын зекетин бербеген адамга, кыямат күнү оттон тактайчалар жасалат." [5] Жогоруда айтылган (өткөн) хадистин акырына чейин. (5) Муслим, 987
Пайгамбар (саллалаху алейхи уа саллам) бир аялдын колунан алтындан жасалган эки билерикти көрүп, мындай деген: "«Мунун зекетин бересиңби?» Ал айтты: «Жок». Пайгамбар (саллалаху алейхи уа саллам) айтты: «Кыямат күнү Аллах сага булардын ордуна оттон болгон эки билерик тагышы сени кубандырабы?!». Ошондо аял аларды ыргытып жиберип: «Булар Аллахка жана Анын Пайгамбарына!» – деди." [6] (6) Абу Дауд, 1563; Насаи, 2270; иснады хасан.
Умму Салама (радыяллаху анха) алтын жасалгаларды тагынчу. Ал: «Оо, Аллахтын Элчиси! Бул кенч деп эсептелеби?» – деп сурады. Ошондо ал мындай деди: "Кайсы мал-мүлк өлчөмүнө жетип, зекети берилсе, ал кенч эмес."[7] Бул маанидеги башка хадистер да бар. (7) Абу Дауд, 1564
Ал эми сатуу үчүн даярдалган соода буюмдары жылдын аягында бааланат да, наркы сатып алынган баасына барабар, көп же аз болгонуна карабастан, анын наркынын кырктан бирин (2.5%) чыгарат. Самура (радыяллаху анху) мындай деп айткан: "Аллахтын Элчиси (саллалаху алейхи уа саллам) сатуу үчүн даярдаган мал-мүлкүбүздөн садака (зекет) чыгарууну бизге буйручу." (8) (8) Абу Дауд, 1562
Буга соода үчүн даярдалган жерлер, имараттар, машиналар, суу чыгаруучу жабдыктар жана башка соода үчүн даярдалган товарлардын түрлөрү кирет.
Ал эми сатуу үчүн эмес, ижарага берилген имараттардын ижара акысынан, эгер ага бир жыл толсо, зекет берилет. Ал эми имараттардын өзүнө зекет берилбейт. Анткени алар сатуу үчүн даярдалган эмес. Ошол сыяктуу эле, сатуу үчүн даярдалбаган жеке унааларга жана таксилерге зекет берилбейт. Анткени аларды ээси жеке колдонуу үчүн гана сатып алган.
Такси айдоочусунун же башка бирөөнүн акчасы зекеттин өлчөмүнө жетип, ага бир жыл өтсө, ал акчаны жашоосуна, үйлөнүүгө, кыймылсыз мүлк сатып алууга, карызын төлөөгө же ушул сыяктуу башка максаттарга даярдаганына карабастан, анын зекетин берүүсү парз болот. Себеби шарияттын жалпы далилдери ушул сыяктуу нерселерге зекет берүүнүн парз экенин көрсөтөт.
Аалымдардын туура пикири боюнча, жогоруда айтылгандай, карыз зекетке тоскоол болбойт.
Ошондой эле аалымдардын көпчүлүгүнүн пикири боюнча, жетимдердин жана жиндилердин мал-мүлкү нисабка жетип, ага бир жыл толсо, андан зекет берилет. Далилдер жалпы айтылганы үчүн, алардын валилерине (жоопкер адам) жыл толгондо алар үчүн ниет кылып, зекетти чыгарып берүү парз болот. Мисалы: Пайгамбарыбыздын (саллалаху алейхи уа саллам) Муазды (радыяллаху анху) Йемен элине жиберип жатканда айткан сөзү: "Чындыгында Аллах аларга мал-мүлкүнөн садаканы (зекетти) байларынан алып, кедейлерине берүүнү парз кылды."[9] (9) Бухари, 1395. Муслим, 19
Зекет – бул Аллахтын акысы, ага татыктуу эмес адамдарга жан тартып берүүгө болбойт. Ошондой эле адам зекет аркылуу өзүнө пайда келтирүүгө, зыянды кайтарууга, мал-мүлкүн сактоого же өзүн жаман сөздөн коргоого да болбойт. Тескерисинче мусулманга зекетин башка бир максат үчүн эмес, бир гана алар зекет алууга татыктуу болгондугу үчүн, чын көңүлдөн жана Аллах үчүн ыклас кылып, татыктууларга берүүсү парз. Ошондо гана ал мойнундагы милдеттен кутулуп, улуу соопко жана анын ордун толтуруп берүүсүнө татыктуу болот.
Аллах Таала Өзүнүн улуу китебинде зекет алуучулардын түрлөрүн баяндап, мындай деген: "(Зекет) садакалар жакырларга, кедейлерге, зекет боюнча иштегендерге, көңүлдөрү Исламга буруулуусу үмүт кылынган кишилерге, моюнду (кулчулуктан) азат кылууга, карыз болуп калган кишилерге, Аллахтын жолунда жихад кылгандарга жана мусапырларга Аллах тарабынан (буюрулган парыз) иретинде берилет. Аллах - Билүүчү, Даанышман." (Тообо сүрөсү, 60-аят)
Бул улуу аяттын ушул эки улуу ысым (Билүүчү, Даанышман) менен аякташында Аллах Таала пенделерине эскертүү кылат: Ал пенделеринин абалын, алардын кимиси садакага татыктуу, кимиси татыктуу эместигин Билүүчү. Ал Өзүнүн шариятында жана тагдырында Даанышман болгондуктан, даанышмандыгынын кээ бир сырлары айрым адамдарга жашыруун болсо да, Ал бардык нерсени өзүнө ылайыктуу орундарына гана коёт. Бул нерсе пенделер Анын шариятына жүрөктөрү тынчтанып, өкүмүнө моюн сунуулары үчүн.
Аллах бизди жана мусулмандарды Анын дининде туура түшүнүк алууга, Ага болгон мамиледе чынчыл болууга, Аны ыраазы кыла турган нерселерге шашылууга жана Анын каарына себеп боло турган нерселерден сактанууга ийгилик берсин. Албетте Ал Угуучу, Жакын.
Аллахтын кулу жана элчиси Мухаммадка, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына Аллахтын салам-салаваттары болсун.
Илимий изилдө,
фатва чыгаруу, даават үгүт берүү башкармалыктарынын мүдүрү
Урматтуу шейх: Абдулазиз ибн Абдуллах ибн Баз
Экинчи китепче
Рамазан орозосунун жана андагы кыямдын пазилети, ошондой эле кээ бир адамдарга белгисиз болгон маанилүү өкүмдөрдүн баяны
Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен
Абдулазиз ибн Абдуллах ибн Баздан аны көргөн мусулмандарга. Аллах мени да, аларды да ыйман ээлеринин жолуна салып, Куран менен сүннөттү терең түшүнүүгө ийгилик берсин. Амин
Сиздерге Аллахтын саламы, ырайымы жана берекеси болсун
Андан соң: Бул — Рамазан орозосунун жана түнкү намазынын артыкчылыгы, анда жакшы амалдарды аткарууда жарышуу жана айрым адамдарга белгисиз болгон маанилүү өкүмдөр жөнүндөгү кыскача насаат.
Аллахтын Элчиси (саллалаху алейхи уа саллам) сахабаларын Рамазан айынын келиши менен сүйүнчүлөп, аларга бул айда ырайым эшиктери жана бейиш эшиктери ачыларын, тозок эшиктери жабылып, шайтандар кишенделерин кабарлап, мындай дечү: "Рамазандын биринчи түнү келгенде бейиш эшиктери ачылат да, алардан бири да жабылбайт. Тозок эшиктери жабылат да, алардан бири да ачылбайт. Шайтандар кишенделет. Анан бир жарчы: «Эй, жакшылык каалоочу, бери кел! Эй, жамандык каалоочу, токтот!» – деп жар салат. Ошондой эле Аллахтын тозоктон бошотулган (куткарылган) пенделери бар жана бул (артыкчылык) ар бир түнү болот."[1] (1) Тирмизи, 682; Ибн Маажа, 1642
Пайгамбарыбыз (саллалаху алейхи уа саллам) айткан: "Силерге берекелүү Рамазан айы келди. Бул айда Аллах Өз ырайымын түшүрүп, күнөөлөрдү кечирет жана дубаны кабыл кылат. Аллах силердин бул айдагы (жакшылыкта) жарышканыңарды көрүп, силер менен периштелерине мактанат. Андыктан Аллахка өзүңөрдүн жакшылыгыңарды көрсөткүлө. Анткени чыныгы бактысыз адам – бул айда Аллахтын ырайымынан куру калган адам."[2] (2) Табарани, Муснадында, 2238
Пайгамбарыбыз (саллалаху алейхи уа саллам) айткан: "Кимде-ким Рамазанда ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып орозо кармаса, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет. Кимде-ким Рамазанды ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып, ибадат менен өткөрсө, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет. Ал эми кимде-ким Кадыр түндү ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып ибадат менен өткөрсө, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет."[3] (3) Бухари, 2014. Муслим, 760
Пайгамбарыбыз (саллалаху алейхи уа саллам) айткан: "Аллах Таала айтат: Адам баласынын ар бир амалы өзү үчүн. Ар бир жакшылыкка он эседен жети жүз эсеге чейин сооп көбөйтүлөт. Бир гана орозо андай эмес. Ал Мен үчүн, жана анын сооп-сыйлыгын Мен Өзүм берем. Ал Мен үчүн кумар каалоосун, тамагын жана суусундугун таштады. Орозо туткан адамга эки кубаныч бар: ооз ачкандагы кубанычы жана Раббисине жолуккандагы кубанычы. Орозо кармаган адамдын оозунан чыккан жыт Аллахтын алдында мисктин жытынан да жыттуу."[4] (4) Ибн Маажа, 1638
Рамазан айынын орозосу менен түнкү намазы жана жалпы эле орозонун артыкчылыгы тууралуу хадистер өтө көп.
Ошондуктан ыймандуу адам Аллах Таала жакшылык кылып жеткирген Рамазан айындагы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоосу керек. Ал жакшы амалдарга шашып, жаман иштерден сактанып, Аллах парз кылган нерселерди, айрыкча беш убак намазды аткарууга аракет кылуусу керек. Анткени ал (намаз) – исламдын түркүгү жана эки шахадат келмесинен кийинки эң улуу парз. Ошондуктан ар бир мусулман эркек менен аялга намазды өз убагында Аллахтан коркуу жана бейпилдик менен калтырбай аткаруусу милдет.
Эркектерге карата анын эң маанилүү милдеттеринин бири – аны Аллах (курулушу жана даражасы бийик) көтөрүлүүсүнө жана анда Өзүнүн ысымы эскерилүүсүнө уруксат берген Анын үйлөрүндө (мечиттерде) жамаат менен аткаруу. Аллах Таала айткандай: "Намазды (толук) аткаргыла, зекет бергиле жана рүкү кылуучулар менен бирге рүкү кылгыла." (Бакара сүрөсү, 43-аят) Аллах Таала мындай деген: "Намаздарга, айрыкча ортолук намазга бекем болгула! Жана (намазда) Аллахка толук моюн сунган абалда тургула." (Бакара сүрөсү, 238-аят) Жана мындай деп айткан: "Чынында, ыймандуулар жеңишке (бейишке) жетишти." "Алар намаздарында (Аллахтан) коркуп турушат." (Муьминун сүрөсү, 1-2-аяттар) Акырында мынтип айтылат: "Дагы алар намаздарын сактоочулар. Дал ошолор мурас алуучулар. Алар анда түбөлүк кала турган Фирдаус бейишин мурас кылып алышат." (Муьминун сүрөсү, 9-11-аяттар) Пайгамбар (саллалаху алейхи уа саллам) айтты: "Биз менен каапырлардын ортосундагы келишим – бул намаз, ким аны таштаса, анда ал каапыр болот."[5] (5) Тирмизи, 2621; Ибн Маажа, 1079
Намаздан кийинки эң маанилүү парз – зекет берүү, бул тууралуу мындай деп айтылат: "Алар бардык ибадаттарды калыс Аллах үчүн гана кылууга, андан (жеке кудайга сыйынуудан) башка динден жүз бурууга, намаз окууга, зекет берүүгө буюрулушкан эле жана дал ушул гана Туура Дин!" (Баййина сүрөсү, 5-аят) Аллах Таала мындай деген: "Жана (силер оо, момундар) намазды (так) аткаргыла, зекетти бергиле жана пайгамбарга моюн сунгула! Ажеп эмес (Аллахтын) ырайымына бөлөнсөңөр!" (Нур сүрөсү, 56-аят)
Аллах Тааланын Улуу Китеби жана Анын ардактуу Элчисинин сүннөтү, мал-мүлкүнүн зекетин бербеген адам кыямат күнү ошол малы менен азаптала турганына далаалат кылат.
Намаз менен зекеттен кийинки эң маанилүү амал – Рамазан орозосу, ал болсо Пайгамбардын (саллаллаху алейхи уа саллам) сөзүндө айтылган исламдын беш түркүгүнүн бири: "Ислам беш нерсенин үстүнө курулган: Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын Элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, Рамазан айында орозо кармоо жана ажылык амалын аткаруу." (6) (6) Бухари, 8; Муслим, 16
Мусулман адам орозосун жана түнкү намазын Аллах арам кылган сөздөрдөн жана иштерден сактоого милдеттүү. Анткени орозонун максаты – бул Аллах Таалага моюн сунуу, Анын тыюуларын улуктоо, Жаратуучусуна баш ийүү үчүн напсинин каалоолоруна каршы күрөшүү жана аны Аллах арам кылган нерселерге сабыр кылууга үйрөтүү. Орозодон максат – жөн гана тамак-аштан, суусундуктан жана орозону бузуучу башка нерселерден тыйылуу эмес. Ошондуктан Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) сахих хадисте мындай деп айткан: "Орозо - бул калкан. Эгер силердин бириңер орозо кармаса, жаман сөздөрдү сүйлөбөсүн, кыйкырып, талашып-тартышпасын. Эгер орозо туткан адамды бирөө сөгүп же мушташмакчы болсо, ага "мен орозомун" деп айтсын."[7] Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллам) ишенимдүү хадисинде мындай деп айткан: "Кимде-ким жалган сүйлөөнү, ага амал кылууну жана наадандыкты таштабаса, анда Аллах анын жеп-ичүүдөн тыйылганына муктаж эмес."[8] Демек бул жана башка далилдерден белгилүү болгондой, орозо туткан адамга Аллах тыйган бардык нерселерден сактануу жана Ал милдеттендирген бардык нерселерди аткаруу важиб. Ушуну менен ага күнөөлөрүнүн кечирилиши, тозок отунан кутулуу, ошондой эле орозосу менен түнкү намаздары кабыл болушу үмүт кылынат. (7) Бухари, 1904. Насаи, 2537 (8) Бухари, 1804; Абу Дауд, 2362
Кээ бир адамдарга жашыруун болгон маселелер:
Биринчи: Мусулманга орозону ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып кармоо парз. Аны эл көрсүн, эл уксун деп, же адамдарды туурап же үй-бүлөсүн же өз элин ээрчип кармабашы керек. Тескерисинче анын орозо кармоосуна түрткү болгон нерсе – Аллахтын ага орозону парз кылгандыгына болгон ыйманы жана ошол иши үчүн Раббисинен сооп үмүт кылуусу болушу керек. Дал ушундай эле, мусулман адам Рамазандын түнкү намаздарын да башка бир себеп үчүн эмес, ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып аткаруусу керек. Ошондуктан Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) мындай деген: "Кимде-ким Рамазанда ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып орозо кармаса, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет. Жана кимде-ким Рамазанды ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып, түнкү намаз окуу менен өткөрсө, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет. Жана кимде-ким Кадыр түндү ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып, түнкү намаз окуу менен өткөрсө, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет."[9] (9) Бухари, 2014. Муслим, 760
Экинчи: Орозо кармаган адамдын жаракат алышы, мурдунун каноосу, кусуусу, же тамагына ыктыярсыз суу же бензиндин кирип кетиши – булардын баары орозону бузбайт. Бирок ким атайлап кусса, анын орозосу бузулат. Анткени Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айткан: "Кимде-ким кускусу келип кусса, ал казасын тутпайт, ал эми ким атайлап кусса, ал казасын тутат."[10] (10) Тирмизи, 720; Ибн Маажа, 1676
Үчүнчү: Орозо кармоочунун жунуб гусулун багымдаттын убагы киргенден кийинкиге калтыруусу, ошондой эле кээ бир аялдардын багымдаттын убагы киргенге чейин айыздан же нифастан тазаланса да, гусулду багымдаттын убагы киргенден кийинкиге калтыруусу. Мындай учурда ага орозо кармоо милдеттүү болот жана гусулду багымдаттын убагы киргенден кийинкиге калтыруунун зыяны жок. Бирок ал гусулду күн чыкканга чейин кечиктирүүгө болбойт. Анткени ал күн чыкканга чейин гусул алып, багымдат намазын окууга милдеттүү. Ошондой эле жунуб адам гусулун күн чыккандан кийинкиге калтырбастан, күн чыгардан алдын гусул алып, багымдат намазын окуусу парз. Эркек киши багымдат намазын жамаат менен окууга жетишүү үчүн буга шашылууга милдеттүү.
Кан анализин тапшыруу жана азыктандыруучу эмес ийне сайдыруу орозону бузбайт, бирок мүмкүн болсо, бул иштерди түнгө калтыруу абзел жана сактыкка ылайык. Анткени Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айткан: "Шек-күмөндүү ишти таштап, күмөнү жок ишти кыл."[11] (11) Тирмизи, 2518
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллам) дагы мындай деген: "Ким шек-күмөндүү иштерден сактанса, анда ал өзүнүн динин жана намысын тазалаган болот."[12] (12) Бухари, 52. Муслим, 1599
Төрүнчү: Мейли ал парз же нафил намазы болсун, анда тынчсыздануу. Аллахтын Элчисинен (саллаллаху алейхи уа саллам) келген сахих хадистерде намазда тынч, бейпилдикте туруу намаздын рүкүндөрүнүн бир рүкүнү экени, ансыз намаз туура болбой турганы көрсөтүлгөн. Ал (тынчтануу) - намазда токтоо болуу, анда кичи пейилдик менен туруу жана ар бир муун өз ордуна келгенге чейин шашпоо. Көптөгөн адамдар Рамазанда таравих намазынын маанисин түшүнбөй, тынчтанбастан, тескерисинче тоок жем чокугандай тез окушат. Мындай жол менен окулган намаз жараксыз, аны окуган адам сооп албастан, тескерисинче күнөөкөр болот.
Бешинчи: Кээ бирөөлөр Таравих намазын жыйырма рекеттен кем окууга болбойт деп ойлошот, дагы бирөөлөр аны он бир рекеттен же он үч рекеттен ашырууга болбойт деп ойлошот. Мунун баары орунсуз жана далилдерге каршы келген ката.
Аллахтын Элчисинен (саллаллаху алейхи уа саллам) келген сахих хадистерде түнкү намазга кеңчилик берилгени, анда сөзсүз кармануу керек болгон белгилүү бир чек жок экени айтылган. Тескерисинче Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи уа саллам) Рамазанда да, андан башка убактарда да түндө он бир рекет, кээде он үч рекет, кээде андан да аз окуганы бекемделген. Андан түнкү намаз тууралуу суралганда, ал (саллаллаху алейхи уа саллам) мындай деген: "Эки-эки рекеттен. Эгер силерден бирөөңөр таң атып калуусунан корксо, бир рекет окусун, ал анын окуган намаздарын витир кылат."[13] Сахих бекемделген хадис. (13) Бухари, 946. Муслим, 749
Ал түнкү намазды Рамазанда да, башка убактарда да белгилүү сандагы рекеттерге чектеген эмес. Ошондуктан Умардын (радыяллаху анху) доорунда сахабалар кээде жыйырма үч рекет, кээде болсо он бир рекет окушкан. Мунун баары Умардан (радыяллаху анху) жана анын доорундагы сахабалардан тастыкталган.
Кээ бир салафу-соолихтер Рамазанда отуз алты рекет намаз окуп, үч рекет витир кылышчу, ал эми кээ бирөөлөрү кырк бир рекет окушчу. Бул тууралуу Шейхул-Ислам Ибн Таймия жана башка аалымдар китептеринде эскеришкен. Ошондой эле ал (рахимахуллах) бул маселеде кеңчилик бар экенин, жана дагы кыраатты, рүкүнү жана сажданы узарткан адам рекеттин санын азайтканы, ал эми аларды кыскарткан адам рекеттердин санын көбөйткөнү абзел экенин айткан. Бул анын (рахимахуллах) сөзүнүн мааниси.
Ким Пайгамбардын (саллаллаху алейхи уа саллам) сүннөтүнө терең ой жүгүртсө, Рамазанда жана андан башка убактарда он бир же он үч рекет намаз окуу эң абзел экенин билет. Анткени бул Пайгамбардын (саллаллаху алейхи уа саллам) көпчүлүк учурда кылган ишине дал келет. Ошондой эле бул намаз окуучулар үчүн жеңилирээк, хушууга жана бейпилдикке жакыныраак. Ал эми ким мындан ашырып окуса, жогоруда айтылгандай, ага күнөө жок жана макүрү да эмес.
Рамазандын кыямында имамга уюган адам имам менен кошо кеткени абзел. Анткени Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) мындай деген: "Чындыгында, бир киши имам намаздан кайтканга чейин аны менен бирге турса, Аллах ага бир түн ибадат кылгандын сообун жазат."[14] (14) Тирмизи, 806; Абу Дауд, 1375
Бул берекелүү айда бардык мусулмандарга нафил намаздарын окууну, Куранды ой жүгүртүп, маанисин түшүнүп окууну, тасбих, тахлил, тахмид, такбир жана истигфар айтууну, шариатта келген дубаларды кылууну, жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарууну, Аллахка даават кылууну, кедей-кембагалдарга жардам берүүнү, ата-энеге жакшылык кылууну, туугандык мамилени улоону, кошунага сый-урмат көрсөтүүнү, оорулууну зыярат кылууну жана башка ушул сыяктуу жакшылык иштерди аткарууну көбөйтүү керек. Анткени Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) жогоруда өткөн хадисте айткан: "Аллах силердин андагы жарышыңарды көрүп, периштелерине силер менен мактанат. Андыктан Аллахка өзүңөрдүн жакшылыгыңарды көрсөткүлө. Анткени чыныгы бактысыз – анда Аллахтын ырайымынан куру калган адам."[15] (15) Табарани, Муснадында, 2238
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллам) дагы мындай деген: "Кимде-ким анда бир жакшылык иш аткарса, ага башка убактарда бир парзды аткаргандын сообу берилет, ал эми кимде-ким анда бир парзды аткарса, ага башка убактарда жетимиш парзды аткаргандын сообу берилет."[16] (16) Ибн Хузайма, сахихинде,1887
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллам) сахих хадисте мындай деген: "Рамазан айында аткарылган умра ажыга тете, же (ал айткандай): мени менен ажылык кылганга тете." [17] (17) Бухари, 1863
Бул улуу айда жакшы иштерде жарышуунун шариятта бар экени тууралуу хадистер жана аалымдардын сөздөрү өтө көп.
Аллах бизди жана жалпы мусулмандарды Өзү ыраазы болгон иштерге багыттасын, орозобузду жана түнкү ибадаттарыбызды кабыл кылсын, абалыбызды оңдосун жана баарыбызды адаштыруучу фитналардан сактасын. Ошондой эле мусулмандардын башчыларын оңдосун жана алардын сөздөрүн акыйкаттын үстүнө бириктирсин. Аллах – бул иштердин Ээси жана Ал буга Кудуреттүү.
Сиздерге Аллахтын саламы, ырайымы жана берекеси болсун.