Мухаммад пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыскача өмүр жолу
Даярдаган: Кириш сөз Аллахтын аты менен баштаймын. Аллахка алкыш-мактоо болсун. Акыркы пайгамбарга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун. Андан кийин айтарым: Бул өмүр баян пайгамбарлардын жана элчилердин төрөсү, пайгамбарлардын акыркысы жана бүткүл адамзаттын төрөсүнүн кыскача өмүр таржымалы. Ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге толук үлгү жана көркөм өрнөк. Дүйнө ага теңдеш улуу инсанды көргөн эмес. Анын кулк-мүнөзү Куран. Момундардын энеси Айшадан (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөзү тууралуу сурашканда, ал…
These files are generated automatically from the book's text; their layout may differ from the printed edition.
Мухаммад пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыскача өмүр жолу
Даярдаган:
Дүйнө тилдеринде исламдык контентке кызмат кылуу уюмунун илимий комитети.
Кириш сөз
Аллахтын аты менен баштаймын. Аллахка алкыш-мактоо болсун. Акыркы пайгамбарга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун. Андан кийин айтарым:
Бул өмүр баян пайгамбарлардын жана элчилердин төрөсү, пайгамбарлардын акыркысы жана бүткүл адамзаттын төрөсүнүн кыскача өмүр таржымалы. Ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге толук үлгү жана көркөм өрнөк. Дүйнө ага теңдеш улуу инсанды көргөн эмес. Анын кулк-мүнөзү Куран. Момундардын энеси Айшадан (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөзү тууралуу сурашканда, ал минтип сүрөттөгөн: (Хадисти риваят кылган сахаба айтат: Айша): «Сен Куран окубайсыңбы?» - деп сурады менден. Мен: «Окуймун» - дедим. Ал: «Аллахтын пайгамбарынын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөзү Куран эле» - деди. [Муслим]. Аллах Таала мындай деген: "Чынында, сен мыкты кулк-мүнөздүн ээсисиң". (Калам сүрөсү, 4-аят).
Биз анын куттуу өмүр баянын андан насаат жана сабак алуу үчүн гана окуйбуз. Ал ыйманда, амалдарда жана сөздөрдө биз ээрчичү имамыбыз. Бул Аллах Тааланын төмөнкү сөзүнө амал кылуу: "(Оо, ыймандуулар!) Силер үчүн Аллахтын элчисинде сонун үлгүлөр бар. (Бул үлгүлөр) Аллахтан жана Акырет күндөн үмүт кылып, Аллахты көп-көп зикир кылгандар үчүн". (Ахзаб сүрөсү, 21-аят).
Биз бул өмүр таржымалды улууларга ылайыктуу, ошондой эле жаш балдарды окутууга жарактуу оңой жана жеңил ыкмада жаздык. Мында окуялар жана андан алынчу пайдалар камтылып, баяндоо түрүндө жазылды. Аны түшүнүүгө жана өздөштүрүүгө жеңил болуусу үчүн сабактарды иреттүү түздүк.
Биз анда бардык майда-чүйдөлөрүнө чейин изилдебестен, өмүр жолунун негиздерине жана эң маанилүү окуяларына басым жасадык. Бул өмүр баян пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төрөлгөнүнөн баштап, дүйнөдөн кайтканга чейинки мезгилди камтыйт.
Улук Аллахтан аны элге пайдалуу кылуусун, (жакшы ниеттербизди) кабыл кылуусун, бизди жана сиздерди кечирүүсүн суранабыз.
Биринчи сабак: Пайгамбарчылыктардын максаттары:
Аллах тарабынан келген бардык пайгамбарчылыктардын түпку максаттары бир; аларды төмөндөгүдөй кыскача жыйынтыктоого болот:
Биринчи: Адамдарды Жалгыз Аллахка гана ибадат кылууга жана Андан башкага ибадат кылууну таштоого чакыруу. Аллах Таала бул тууралуу минтип айтат: "(Оо, Мухаммад!) Сенден мурун жиберген ар бир пайгамбарга Биз: «Менден башка (ибадатка ылайык) кудай жок. Өзүмө гана сыйынгыла» – деп аян-кабар кылдык". (Анбия сүрөсү, 25-аят).
Экинчи: Адамдарды каапырлыктын жана ширктин караңгылыгынан таухиддин (бир кудайга сыйынуу ишениминин) нуруна чыгаруу. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан: "Аллах – ыйман келтирген адамдардын башчысы. Аларды караңгылыктардан (илим, ыйман сыяктуу) нурга чыгарат. Ал эми, каапыр болгон адамдардын башчысы – Тагут (шайтан). Ал аларды нурдан караңгылыктарга чыгарат. Ошолор гана тозок ээлери жана алар анда түбөлүк калышат". (Бакара сүрөсү, 257-аят). Аллах Таала мындай деген: «Аллах ал (Китеп) менен, Өзүнүн ыраазылыгына ээрчиген адамдарды (азаптан) саламатта болуу жолдоруна баштайт. Аларды Өз каалоо-уруксаты менен, (каапырлыктын) караңгылыгынан (Исламдын) нуруна чыгарып, туура жолго баштайт». (Маида сүрөсү, 16-аят).
Үчүнчү: Макулуктар (адамдар, жиндер) бири-бирин Аллахтан башка кудай тутуп албоосу үчүн. Аллах Таала минтип айткан: "Айткын: “Оо, китеп ээлери! Биз менен силердин араңарда окшош болгон сөзгө келгиле. (Ал сөз төмөндөгүчө:) “Аллахтан башкага ибадат-кулчулук кылбайлы, Ага эч нерсени шерик келтирбейли жана Аллахты таштап, кээ бирөөлөрүбүз башка бирөөлөрүбүздү Рабби-Кудай кылып албасын!” Эгер жүз бурушса, айткыла: “Күбө болгула, Биз – мусулмандарбыз”. (Аали Имран сүрөсү, 64-аят), Аллах Таала мындай деген: "Ал (пайгамбар) силерди, периштелер менен пайгамбарларды өзүңөргө Рабби-Кудай кылып алууга да буюрбайт. Мусулман болгонуңардан кийин каапырчылыкка буюрмак беле?!" (Аали Имран сүрөсү, 80-аят).
Төртүнчү: Таагутка каапырлык кылуу, ишенбөө. Аллах Таала минтип айткан: "Ал эми, ким Тагутка каапыр болуп, Аллахка ыйман келтирсе, эч качан ажырап кетпей турган, бекем тутканы кармаганы чын! Аллах – Угуучу, Билүүчү". (Бакара сүрөсү, 256-аят). Мусулман адам Аллахтан башка сыйынылган нерсенин баары жалган, жараксыз сыйынылган нерселер экенине ишенүүсү керек.
Бешинчи: Ширктен жана мушриктерден тазалануу. Аллах Таала минтип айткан: "Силер үчүн Ибрахимде жана аны менен бирге болгон (ыймандуу) адамдард(ын жашоосунд)а өрнөк бар: Бир кезде алар (каапыр) элдерине «Биздин силерге жана силер сыйынган Аллахтан башка кудайларга тиешебиз жок. Биз силерге каапыр болдук! Эми, биз менен силердин араңарда, качан жеке-жалгыз Аллахка ыйман келтиргениңерге чейин түгөнгүс душманчылык жана жек көрүү жаралды!" (Мумтахана сүрөсү, 4-аят).
Бардык пайгамбарлар өз элдерин мына ушул улуу жолдорго чакырышкан.
Алтынчы: Диндин бардыгы Аллахка таандык болушу үчүн. Аллах Таала минтип айткан: "(Оо, ыймандуулар) каапырларга каршы, (жер бетинде) фитна (ширк, исламга тоскоолдук) калбай калганга чейин жана дин-өкүмдүн бардыгы Аллахка таандык болгонго чейин согуша бергиле. Эгерде алар (ширктен, исламга тоскоолдук кылуудан) кайтышса, анда чындыгында Аллах алардын жасап жаткан иштерин Көрүүчү". (Анфал сүрөсү, 39-аят). Аллах Таала дагы мындай деген: «Ал Өз пайгамбарын туура жол жана Акыйкат Дин менен, аны бардык диндерден жогору кылуу үчүн жиберди. Аллах жетиштүү Күбө!» (Фатх сүрөсү, 28-аят). Жаратылгандар бир гана Ислам менен ибадат кыла алышат. Аллах Таала минтип айткан: «... жана ким Исламдан башка динди кааласа, андан (ибадаттары) кабыл алынбайт жана ал Акыретте зыян тартуучулардан болот». (Аали Имран сүрөсү, 85-аят).
Жетинчи: Жашоонун бардык диний жана дүйнөлүк иштеринде Аллахтын шарияты менен амал кылуу жана адамдар Аллахтын шариятынан башка шариятты ээрчибеши үчүн. Аллах Таала минтип айткан: "Же болбосо алардын (Аллахка) шерик кошкон «кудайлары» барбы (жана алар) Аллах уруксат бербеген динди аларга Шарият кылып беришеби?! Эгер («Алардын жазасы Кыяматта берилет» деген) чечүүчү сөз болбосо, алардын арасында (ушул дүйнөдө эле, өлүм менен) өкүм кылынмак. Чынында залымдарга жан ооруткан азап бар!" (Шура сүрөсү, 21-аят).
Экинчи сабак: Пайгамбардын өмүр жолуна киришүү
Биринчи: Пайгамбардын өмүр жолунун аныктамасы:
Сира илими - пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төрөлгөнүнөн баштап, акыретке кеткенге чейинки өмүр жолу, сүннөтү, сырткы келбети жана кулк-мүнөзү, казаттары жана жортуулдары жөнүндө бизге чейин жетип келген бардык маалыматтарды өзүнө камтыган илим.
Экинчи: Пайгамбардын өмүр жолун үйрөнүүнүн пайдалары жана анын маанилүүлүгү:
1- Элчилик күбөлүктү ишке ашыруу: Аллахтын элчисинин өмүр баянын билүү, анын абалдарынан кабардар болуу жана анын жолун ээрчүү менен пенденин ыйманы жана тастыктоосу артат, ошондой эле «Мухаммад Аллахтын элчиси» деген күбөлүк ишке ашат.
2 - Үлгү жана өрнөк: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) биз туура жолду таба турган нур жана жашообуздун бардык иштеринде биз изинен ээрчий турган мисал болушу үчүн. Аллах Таала мындай деген: "(Оо, ыймандуулар!) Силер үчүн Аллахтын элчисинде сонун үлгүлөр бар. (Бул үлгүлөр) Аллахтан жана Акырет күндөн үмүт кылып, Аллахты көп-көп зикир кылгандар үчүн". (Ахзаб сүрөсү, 21-аят).
3 - Ыйык Куранды түшүнүү: Пайгамбардын өмүр баяны – бул Улук Китептин аяттарын иш жүзүнө ашыруу. Анткени пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөзү Куран болгон жана ал аркылуу аяттардын түшүү жагдайы жана аян-кабардын максаттары билинет.
4 - Пайгамбардын сүннөтүн түшүнүү: Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жүрүм-турумдары жана иш-аракеттери аркылуу бизге хадистеринин маанилери жана алардын турмуштагы колдонулушу айкын болот.
5 - Пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүйүүнү жүрөккө киргизүү: Анткени сүйүү таанып-билүү менен келет. Анын артыкчылыктарын жана улук кадыр-баркын, бир гана анын жашоосунун чоо-жайын жана кылган курмандыктарын окуу менен билсе болот.
7 - Ибарат алуу жана терең түшүнүү: Анын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өмүр жолунан сабактарды жана ибараттарды алуу керек. Анткени ал сыноо келгендеги сабырдуулукта, жакшылык берилгендеги шүгүрчүлүктө жана башка бардык абалдарда бекем болууда үлгү.
7 - Эки дүйнө бактысына жетүү: Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жолунда жүрүп, андан үлгү алмайынча, бул дүйнөдө ийгилик, акыретте жеңиш болбойт.
Үчүнчү: Пайгамбардын өмүр баянын үйрөнүүдөгү абалкылардын (салаф солихийн) жолу:
Абалкы салихтер бул илимдин баалуулугун түшүнүп, Курани Каримге бекем болгондой эле, ага да бекем болушкан:
Зайн ал-Абидин Али ибн Хусейн ибн Али (Аллах алардан ыраазы болсун) мындай деген: "Бизге Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) казаттары жана жортуулдары Курандан бир сүрө үйрөтүлгөндөй эле үйрөтүлөт эле."
Исмаил ибн Мухаммад ибн Саъд ибн Абу Ваккас (Аллах алардан ыраазы болсун) мындай деген: "Атам бизге Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) казаттарын үйрөтүп, минтип айтчу: «Балдарым, булар ата-бабаларыңардын даңктуу иштери, ошондуктан аларды эскерүүнү унутта калтырбагыла». [Ал-Хатиб ал-Багдадинин «Ал-Жами’ ли-ахлак ар-рави ва адаб ас-сами’» (2/ 287 - 288) караңыз].
Үчүнчү сабак: Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ардактуу ата теги:
Биринчи: Ата жагынан теги:
Ал – ырайым жана туура жолго баштоочу, жана тартууланган нээмат: Абу Касым Мухаммад, ибн Абдуллах, ибн Абдулмутталиб, ибн Хашим, ибн Абдуманаф, ибн Кусай, ибн Килаб, ибн Мурра, ибн Кааб, ибн Луай, ибн Галиб, ибн Фихр, Ибн Малик, ибн Надр, ибн Кинана, ибн Хузайма, ибн Мудрика, ибн Ильяс, ибн Мудар, ибн Низар, ибн Маад, ибн Аднан.
Бул улук санжыра Аллахтын пайгамбары Ибрахимдин баласы Исмаилге (аларга салам-салаваттар болсун) барып такалат.
Экинчи: Эне жагынан теги:
Амина бинт Вахб ибн Абдуманаф ибн Зухра ибн Килаб ибн Мурра. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) энеси менен атасынын теги чоң атасы «Килаб ибн Муррада» кошулат, бул анын теги эки тараптан тең Курайштын эң ардактуу жана эң таза үй-бүлөлөрүнөн экендигин көрсөтөт.
Алынган пайдалар:
1 - Анын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ата теги пайгамбарлардын атасы Ибрахим пайгамбарга барып такалат, бул болсо ушул берекелүү санжырада пайгамбарчылыктын уланганын тастыктайт.
2 - Анын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ата теги – бардык ата тектердин эң тектүүсү, эң тазасы жана эң жакшысы. Аллах аны уруулардын эң жакшысынан жана үй-бүлөлөрдүн эң урматтуусунан тандап алган. Буга пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү сөзүн мисалы кылсак болот: «Чынында, Аллах Исмаилдин урпактарынан Кинананы тандап, Кинанадан Курайшты тандап, Курайштан Хашимдин урпактарын тандап, ал эми Хашимдин урпактарынан мени тандап алды». (Муслим)
Төртүнчү сабак: Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төрөлүшү жана өсүп-чоңоюшу:
Атасынын кайтыш болушу: Пайнгамбардын атасы ал апасынын курсагында түйүлдүк кезинде эле кайтыш болгон.
Төрөлүшү: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Меккеде "Пил" жылында, дүйшөмбү күнү туулган. Бул күндүн жана айдын датасын тактоодо ар кандай пикирлер айтылган: айрым пикирлерде Рабиул-аввал айынын экинчи күнү, кээ биринде анын үчүнчү күнү, кээ биринде тогузунчу күнү, кээ биринде онунчу күнү, кээ биринде он экинчи күнү деп айтылган. Ошондой эле Сафар айында жана Рабиул-ахир айында туулган деген айтымдар да бар.
Аны эмизген аялдар: Пайгамбарыбызды Халима Саъдия жана амакеси Абу Лахабдын күңү Сувайба эмизген. Ал (Сувайба) апасынан кийин биринчи болуп эмизген. Ал эми аны атасынын кызматчысы Умму Айман Барака Хабашия баккан.
Көкүрөктү жаруу окуясы: Бул окуя ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кичинекей кезинде Бани Саад уруусунун турагында жүргөндө болгон. Ал төрт жаш чамасында болчу. Балдар менен ойноп жатканда ага Жебрейил периште келип, анын көкүрөгүн жарып, андан уюган канды алып чыгып, мындай деди: «Бул – шайтандын сендеги үлүшү», анан жүрөгүн алтын идиште замзам суусу менен жууду. (Муслим)
Апасынын жана чоң атасынын кайтыш болушу: Ал алты жашында апасы кайтыш болуп, аны чоң атасы Абдулмутталиб камкордугуна алган. Анан ал сегиз жашында чоң атасы да кайтыш болуп, андан кийин аны амакеси Абу Талиб өз карамагына алган.
Алынган пайдалар:
1 - Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жетим болуп төрөлгөн жана жаш кезинде энеси кайтыш болгон. Мында жаш кезинде атасынан же энесинен ажыраган адам үчүн, ал эми чоңойгондо экөөнөн тең ажырагандар үчүн жубатуу бар.
2 - Бала чагынан баштап Өзүнүн пайгамбарына болгон Аллахтын камкордугу; бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан: "Ал (Аллах) сени жетим абалда таап, андан кийин башпаанек бербеди беле?" (Духа сүрөсү, 6-аят). Башкача айтканда: Ал сени энең да, атаң да жок абалда тапты. Ата-энең кайтыш болуп калып, өзүңө-өзүң кам көрө албай турган кезиңде, Аллах сага башпаанек берип, сени коргоду. Сага чоң атаң Абдулмутталипти камкорчу кылып койду. Кийин чоң атаң кайтыш болгондо, амакең Абу Талиб сени өз карамагына алды.
3 - Биз Аллах Өз кулунун чыныгы сактоочусу жана камкорчусу экенин билишибиз керек. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жетим өстү, Аллах ага кам көрө турган адамды дайындады. Андан кийин аны адамдарга пайгамбар кылып жиберип, бардык Адам балдарынын эң жакшысы жана ааламдарга үлгү кылды.
4 - Пайгамбардын жүрөгүнүн тазалыгы жана анын бала кезинен эле шайтандын азгырыктарынан сакталуусу. Анткени, Аллах Таала анын жүрөгүн физикалык жана руханий жактан тазалоо менен аны пайгамбарлыкка даярдаган.
5 - Пайда: Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) да, анын сахабаларынан (Аллах алардан ыраазы болсун) да анын туулган түнүн да, күнүн да майрамдоо, же белгилүү бир ибадат кылуу менен өзгөчөлөө тастыкталган эмес. Ошондуктан, жакшылыктын баары алардын жолун ээрчүүдө жана алар жасабаган нерсени таштоодо.
Бешинчи сабак: Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарчылыкка чейинки жашоосу. Бул, аян-кабар түшкөнгө чейинки мезгил жана ал убакта ал пайгамбар да, элчи да эмес болчу.
Аллахтын Өз пайгамбарын сактоосу: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) караңгы доордун терс адаттарынан жана алардын ширкинен оолак чоңойгон. Ал эч качан буркандарга сажда кылган эмес, ичимдик ичкен эмес жана эч убакта бузукулук кылган эмес. Ал адамдардын эң кулк-мүнөзү жакшысы жана эң чынчылы болчу, атүгүл "Чынчыл жана Аманаткөй" деген сыпат менен таанылган. Ал туугандык байланышты улачу, конокту сыйлачу жана кедейлерге жардам берчү.
Шамга болгон биринчи сапары: Он эки жашында амакеси Абу Талиб менен Шамга сапар кылган.
Фижар согушу: Бул согушка ал жыйырма жашында катышкан. Фижар согушу Курайш менен Кинана урууларынын Кайс Айлан уруусуна каршы согушу болгон. Бул согушта пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) милдети амакелерине "жебе алып берүү" болгон, башкача айтканда, алар атуусу үчүн жебелерди даярдап сунуп турган.
Хилф аль-Фудул (аль-Фудул келишими): Бул келишимде Мекке уруулары ар бир зулумдук көргөн адамга акысы кайтарылганга чейин жардам берүүгө убадалашкан.
Эмгек жана ырыскы: Ал Мекке элинин койлорун акыга (акчага) кайтарчу, андан кийин Хадижанын (Аллах андан ыраазы болсун) мал-мүлкү менен соода кылуу үчүн экинчи жолу Шамга сапар тарткан.
Үйлөнүүсү: Хадижа (Аллах андан ыраазы болсун) анын аманаткөйлүгүн жана соодасындагы берекени көргөндө, ага турмушка чыгууну каалады. Ошентип, ал жыйырма беш жашында ага үйлөндү.
Обочолонуусу жана ибадаты: Ал элден обочолонууну жакшы көрчү жана Хира үңкүрүндө Аллахка ибадат кылчу. Тамак-аш жана суусундуктан азык камдап, ага аян-кабар келгенге чейин ал жерде бир нече түн обочолонуп калчу.
Каабаны кайра куруу: Анын жашы отуз бешке толгондо, Курайш уруусу Каабаны кайра курган. Алар "Кара ташты ордуна ким коёт" деп пикир келишпестикке барып, согушуп кете жаздашкан. Ошентип, алар биринчи кирип келген адамды өкүмдар кылууга макулдашышкан, ал адам пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) болгон. Аны көргөндө алар: "Бул – аманаткөй (ишенимдүү) адам, биз ага ыраазыбыз", - дешкен. Ал кара ташты бир кездеменин үстүнө коюп, уруу башчыларына кездеменин бурчтарынан кармоону буйруп, баары көтөрүп бурчка алып баргандан кийин ташты өз колу менен көтөрүп, аны ордуна алып койгон.
Алынган пайдалар:
1 - Аллахтын Өз пайгамбарын, пайгамбарчылыкка чейин ширк жана күнөөлөрдөн сактоосу. Бул пайгамбарлыктын алгачкы белгилеринен жана далилдеринен.
2 - Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чынчыл жана аманаткөй катары белгилүү болчу. Бул сыпаттар анын чынчылдыгына эң күчтүү далил болгон; анткени адамдарга жалган айтуудан оолак болгон адамдын Аллахка жалган айтуусу мүмкүн эмес.
3 - Чынчылдыктын жана аманаткөйлүктүн артыкчылыгы: Алар – ыймандуунун эң улуу сыпаттары, алар аркылуу инсан адамдардын ишенимине жана сүйүүсүнө ээ болот.
4 - Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адал ырыскы табууга жана өз колу менен жумуш кылууга умтулуп, кой кайтарган жана мал-мүлк менен соода кылган. Бул бизге аракет кылууну жана ырыскынын себептерин аткарууну үйрөтөт.
5 - Кичи пейилдик: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбар болгондон кийин да, бизге эмгек кылуу сыймык экенин үйрөтүү үчүн кой кайтарганын айтуудан уялган эмес; пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Аллах жөнөткөн пайгамбардын баары кой кайтарган» [Бухари].
6 - Акыл-эстин тунуктугу: Кара ташты ордуна коюудагы анын чечими кан төгүүнүн алдын алууда жана бардыгын ыраазы кылууда өзгөчө акылдуулукту жана даанышмандыкты тастыктады. Бул – Курайш урууларынын башчыларынын да оюна келбеген пикир эле.
Алтынчы сабак: Аян-кабардын башталышы жана анын пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшүшү:
Аян-кабардын башталышы: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кырк жашка чыкканда аян-кабардын жана пайгамбарлыктын алгачкы белгилери башталган.
Туура түш: Аян-кабардын алгачкы башталышы "туура түш" болгон; ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уйкусунда кандай гана түш көрсө, ал өңүндө таңдын атышындай айкын ишке ашчу.
Хира үңкүрүндө: Ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Хира үңкүрүндө жалгыз калып ибадат кылып жатканда, ага Жебрейил периште Аллах Тааладан алгачкы аян-кабарды алып келди.
Жебрейил периште келип, ага: "Оку" - дейт. Пайгамбар: "Мен окуй албайм" - дейт. Бул үч жолу кайталанат. Үчүнчүсүндө Жебрейил ага "Алак" сүрөсүнүн алгачкы аяттарын окуп берди: "Оку, Жараткан Раббиңдин ысымы менен! Ал инсанды уюган кандан жаратты. Оку, сенин Раббиң Берешен! Ал инсанга калем менен (жазууну) үйрөттү. Инсанга билбегенин (Куранды жана башка илимдерди) билгизди". (Алак сүрөсү, 1-5-аяттар). Бул Курандын биринчи түшүрүлгөн аяттары болгон.
Хадижанын (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарды колдоосу: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) окуянын сүрүнөн дене бою калтырап аялы Хадижага кайтты. Болгон окуяны айтты. Ал анын көңүлүн тынчытып, мындай деди: «Жок, Аллахка ант болсун, Аллах сени эч качан кор кылбайт! Чынында, сен туугандык мамилени бекемдейсиң, чындыкты сүйлөйсүң, алсыздарга жардам бересиң, муктаждарды колдойсуң, конокту сыйлайсың жана элдин башына түшкөн оор кыйынчылыктарда көмөк көрсөтөсүң».
Аян-кабардын токтоп калышы жана кайра уланышы: Аян-кабар кыска убакытка токтоп калды, андан кийин "Муддассир" сүрөсүнүн алгачкы аяттары түштү: "Оо, чүмкөнүп (жатып) алган адам! Туруп (элдерге Акыретти) эскерт! Раббиңдин улуулугун даңазала! Жана кийимиңди тазала! Жана ыпластыктан ыраак бол!" (Муддассир сүрөсү, 1-5-аяттар).
Алынган пайдалар:
1 - Кырк жаш: Аллах аян-кабар түшүрүү үчүн бул куракты тандады, анткени ал акылдын толуктугун жана түшүнүктүн күчтүүлүгүн билдирет. Аллах Таала мындай деген: "...эми, ал качан баралына жетип, кырк жашка чыкканда..." [Ахкаф сүрөсү, 15-аят]
2 - Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыкка чейин өз коомунун арасында кырк жыл жашаган, алардын арасындагы таза өмүр жолу – анын пайгамбарлыгынын жана дааватынын чындык экенине эң чоң далил болот.
3 - Аллах Өзүнүн пайгамбарын улуу аян-кабар милдетине чын түштөр аркылуу даярдады жана ага обочолонууну сүйдүрдү.
4 - Мусулмандын Раббиси менен жалгыз калып, Аллахты зикир кылуу жана Анын мүлкүнө ой жүгүртүү үчүн убакыт бөлүүсүнүн маанилүүлүгү.
5 - Салиха аялдын таасири: Хадижанын (Аллах андан ыраазы болсун) мамилесинде жана күйөөсүн тынчтандыруусунда анын таасири айкын көрүнөт, ал кыйынчылык учурунда колдоо жана жардам берүүдө үлгү.
6 - Хадижа энебиздин (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көркөм мүнөзүн мисал келтирип, Аллах аны эч качан калтырбайт жана коргойт деп ишениши; анткени көркөм кулк-мүнөз жамандыктардан кутулууга себеп.
7 - «Муддассир» сүрөсүндө пайгамбарга эң биринчи буюрулган иш - Аллахтын жалгыздыгына (таухидге) чакыруу жана ширктен эскертүү; анткени таухид - диндин негизи жана милдеттердин эң маанилүүсү.
Имам Табари (ага Аллах Таала ырайым кылсын) өзүнүн тафсиринде бул аят жөнүндө минтип айткан: "Аллахтын: "Туруп (элдерге Акыретти) эскерт!" деген сөзүнө келсек, Аллах Таала пайгамбары Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтып жатат: "Уйкуңдан тургун жана Аллахка ширк келтирген, ошондой эле Андан башкага ибадат кылган коомуңа Аллахтын азабын эскерт".
Жетинчи сабак: Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Меккедеги Исламга чакыруусу:
Жашыруун чакыруу: Меккеде динге чакыруу башталып, үч жылга жакын жашыруун болгон. Ислам динин эң биринчи болуп аялдардан жубайы Хадижа бинт Хувайлид, эркектерден Абу Бакр ас-Сыддык, жаш балдардан Али ибн Абу Талиб, азат кылынган кулдардан Зайд ибн Хариса жана кулдардан Билал Хабаши кабыл алган. Алардын баарына Аллах ыраазы болсун.
Абу Бакрдын чакыруусу (дааваты) менен белгилүү сахабалар ыйман келтиришти, алардын ичинде: Усман ибн Аффан, Абдуррахман ибн Ауф, Саад ибн Абу Ваккас, Саид ибн Зейд жана Абу Убайда ибн аль-Жаррах болгон.
Аркамдын үйү: Алгачкы мусулмандар мушриктердин көзүнөн оолак болуп, дин иштерин үйрөнүү жана Аллахка ибадат кылуу үчүн "Аркам ибн Абу ал-Аркамдын" үйүндө Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жолугуп, чогулуп турушкан.
Ачык даават: Андан кийин Аллах Таала пайгамбарын акыйкатты ачык айтууга буйруп, минтип айткан: "(Сен аларга көңүл бурбай) буюрулган ишке умтул жана мушриктерден жүз бур!" (Хижр сүрөсү, 94-аят). Андан кийин Аллах Таала ага үй-бүлөсүн жана урук-туугандарын даават кылууга буйруду. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан: "... жана (эң оболу) жакын туугандарыңды (тозок азабынан) эскерт!" (Шуара сүрөсү, 214-аят), "Ошондо пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарга кайрылып, аларды Аллахка гана сыйынууга чакырып, ыйман келтиргендерге бейишти сүйүнчүлөп, каапырларга тозокту эскертти.
Мушриктердин зыян көрсөтүүсү жана алгачкы көчүү (хижрат): Мусулмандар өз динин ачык жарыялаганда, мушриктер аларды шылдыңдап, түрдүү азаптарга салып зыян берүүсү күчөдү. Ошондуктан, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына динин сактап калуу үчүн Эфиопия жерине көчүүгө уруксат берди.
Аллахтын Өз пайгамбарын коргоосу: Мушриктер пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өлтүрүүнү каалашкан, ошондо Аллах аны амакеси Абу Талиб аркылуу калкалады. Анткени амакеси өз коомунун дининде калганына карабастан, пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) коргоп турган.
Хамза жана Умардын Исламды кабыл алуусу: Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) амакеси Хамза ибн Абдулмутталибдин жана Умар ибн ал-Хаттабдын (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) Исламды кабыл алуусу менен мусулмандардын күч-кубаты артты. Ибн Масуд (Аллах андан ыраазы болсун) минтип айткан: «Умар Исламды кабыл алгандан бери биз күч-кубаттуубуз».
Бойкот жана курчоо: Курайштар "Бану Хашим" жана "Бану Мутталиб" уруулары менен байланышты үзүүгө макулдашты: аларга эч нерсе сатышпайт жана алардан эч нерсе сатып алышпайт, алар менен кыз алышып-беришпейт жана алар менен бирге отурушпайт. Бул азаптуу бойкот "Абу Талиб капчыгайында" үч жылга созулду. Акыры курайштын бир нече акыл-эстүү адамдары бул адилетсиз келишим баракчасын бузуп, курчоону алып салууга чыгышты. Ошондо алар келишим баракчасын курт жеп салганын, болгону "Оо, Аллах, Сенин ысымың менен" деген жазуу гана калганын көрүштү. Курт андагы Аллахтын ысымы жазылган жерлердин эч бирин жеген эмес эле.
Дин чакырыгын сунуштоо: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажылык учурларында урууларга чакырыгын сунуштоону уланта берди. Акыры ал Медина элинен болгон ансарларга жолугуп, алар ага ыйман келтиришти жана аны колдоого убада беришти.
Алынган пайдалар:
1 - Чакыруу алгачкы мусулмандарды коргоо жана жардамчылар менен колдоочуларды топтоо максатында жашыруун башталып, баскыч-баскыч менен уланган.
2 - Хадижа, Абу Бакр жана алгачкы муундун улуу артыкчылыгы бар; анткени, алар оор мезгилде дин үчүн малын да, жанын да аяган эмес жана кордуктарга сабыр кылышкан.
3 - Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чакырууну үй-бүлөсүнөн жана жубайынан баштаган, ошондуктан ыйманга үгүт кылган адам үй-бүлөсүндөгү адамдарды Аллахка чакырууну, аларга таалим берүүнү жана насаат айтууну көңүл сыртында калтырбашы керек.
4 - Жакшылыкка шашылуу: Алардын өмүр баянынан эч тартынбастан акыйкатка кирүүгө жана ага амал кылууга шашылуунун зарылдыгын алабыз.
5 - Даават жолу узак сабырдуулукту талап кылат; анткени пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) узак жылдар бою сабыр кылган жана башталышында ага аз гана адам ыйман келтирген.
6 - Умар ибн Хаттаб жана Хамзанын (Аллах алардан ыраазы болсун) Ислам динин кабыл алуусу мусулмандар үчүн жеңиш жана күч-кубат болгон, бул нерсе Исламга чакыруу аны коргой турган күчкө муктаж экендигин көрсөтөт.
7 - Сахабалардын Дарул-Аркамда чогулуусу биримдүү болуунун, өз ара карым-катнаштын, жакшылык жана такыбалыкта өз ара жардам берүүнүн, ошондой эле жакшы адамдар менен бирге болуунун маанилүүлүгүнө далил болот.
8 - Таухиддин маанилүүлүгү: Бул – эң биринчи милдет. Ошондуктан "Лаа илааха иллаллах" пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дааватында эң биринчи ачык жарыялаган сөзү болгон.
9 - Мусулман адам дининен уялбашы керек, тескерисинче, жалгыз Аллахтын ыраазычылыгын көздөп, аны ачык-айкын жана даанышмандык менен билдирүүсү зарыл.
10 - Кыйноо, шылдыңдоо жана кысым көрсөтүү – пайгамбарлар жана аларды ээрчиген адамдар кабылган эски ыкмалар. Ал эми пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын сахабаларынын туруктуулугунда биз үчүн үлгү бар.
11 - Көчүүнүн (хижрат) уруксат экендиги: Динин карманууга кудурети жетпеген адамга акыйда жолунда жашаган жерин жана мал-мүлкүн таштап кетүүгө уруксат берилет, анткени дин – адам баласынын эң баалуу байлыгы.
12 - Ыйман байланышы – бул диндеги негиз, ал улут же тек байланышы эмес. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дааватын ачык жарыялап, адамдарды Жалгыз Аллахка ибадат кылууга чакыргандай эле, бул нерсе биринчи көз ирмемден баштап адамдардын алдында элчиликтин максаты жана милдети тууралуу ачык далил болуусу үчүн Аллах Таала ага өзүнүн үй-бүлөсүн жана урук-туугандарын чакырууну буйруган.
13 - Аллахка чакыруу – ар бир мусулмандын милдети: Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чакырыгынын башталышында үйүн чакыруу борбору кылып алган улук сахаба Аркам ибн Абу Аркам аль-Махзуми (Аллах андан ыраазы болсун), он алты жаштар чамасында Ислам динин кабыл алган жаш жигит эле. Кийинчерээк ал пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге казаттарга катышкан жана ошол кезде анын жаштыгы колунан келишинче Аллахка чакыруусуна тоскоол болгон эмес.
Сегизинчи сабак: Хадижа жана Абу Талибдин кайтыш болушу жана Таиф элин динге чакыруу:
Кайгы жылы: Пайгамбарчылыктын онунчу жылында момундардын энеси Хадижа (Аллах андан ыраазы болсун) кайтыш болду жана пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) амакеси Абу Талиб каза болду. Ал аны калкалап жана коргоп келген эле, бирок каапыр бойдон каза тапты. Алардын кайтыш болуусу менен курайштын пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) зыян келтирүүсү мурдагыдан да күчөдү.
Таиф элин Исламга чакыруу: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алардан динине жардам табам деген үмүттө Таифке барды. Бирок алар анын чакырыгынан баш тартып, аны шылдыңдашты. Атүгүл арасындагы акылсыздарды ага каршы тукуруп, таш менен урушкан, натыйжада Анын кадырлуу буттары канаган.
Ырайымдуулуктун көрүнүшү: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Таифтен кайгырган абалда чыкты, ал эми кайтуу жолунда Аллах ага Жебрейилди жана аны менен кошо тоолордун периштесин жиберип, эгер кааласа, Мекке элин жок кылуу үчүн алардын үстүнө эки тоону (Ахшабайнды) бириктирип жаап салууга уруксат берди.
Анын жообу: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тоолордун периштесине сабырдуунун мээрими менен минтип жооп кайтарды: «Жок, мен Аллах алардын урпактарынан бир гана Аллахка ибадат кылган жана Ага эч нерсени шерик кылбаган адамдарды чыгарат деп үмүттөнөм». [Бухари, Муслим.]
Алынган пайдалар:
1 - Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) туруктуулугу: Бир жылдын ичинде эң чоң колдоочуларын (Хадича жана Абу Талибди) жоготууну көтөрүүдө анын сабыры айкын көрүндү, ошого карабастан бул кайгы аны дааватын улантуудан токтото алган жок.
2 - Абу Талибге пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) коргогону тозок отунан кутулууга пайда берген жок, анткени ал ширк үстүндө өлгөн. Эгерде амал Аллахка ыйман келтирүү жана Ага ыклас кылуу негизинде курулбаса, акыретте кылган иштери ээсине пайда бербейт.
3 - Таифте пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) башына түшкөн физикалык жана руханий ызалар – бул мусулман үчүн Аллахтын сөзүн жогорулатуу жолунда курмандыкка баруу жана сабыр кылуу боюнча сабак.
4 - Кудурети жетип турган абалда толук кечирип жиберүү: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах алардын урпактарын туура жолго салар деген үмүттө аларга сабыр кылууну артык көрүп, өзүнө зыян тийгизгендерди жок кылуудан баш тарткан.
5 - Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарга ырайымдуу болгон, аларга кыйроону эмес, туура жолду каалаган. Бул Аллах Тааланын төмөнкү сөзүндө айтылган: "(Мухаммад!) Биз сени ааламдарга ырайым (болушуң) үчүн жибердик". (Анбия сүрөсү, 107-аят).
6 - Милдеттерди аткаруу жана себептерин даярдоо: Мусулман адам Аллахка тобокел кылып, дайыма шариятта уруксат берилген максатын ишке ашырууга умтулууга милдеттүү. Ошондой эле ал бул максатты ишке ашыруу үчүн бардык жеткиликтүү себептерди аткаруусу керек. Бул себептердин бири жок болуп калса же аны колдогондор азайып кетсе да, ал алсыздык кылбашы зарыл.
Тогузунчу сабак: Исра жана Мираж жана айдын экиге бөлүнүү мужизасы:
Исра жана Мираж сапары: Бул улуу керемет пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) элүү жаштан өткөндөн кийин болгон.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көкүрөгүнүн жарылышы: Абу Зарр (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Мен Меккеде болчумун. Үйүмдүн шыбы ачылып, анан Жебрейил периште түшүп келип, көкүрөгүмдү ачты. Андан кийин аны замзам суусу менен жууду. Андан соң акылмандыкка жана ыйманга толгон алтын идиш алып келип, аны көкүрөгүмө куйду да, анан кайра жапты». [Бухари, Муслим].
Исра: Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Меккедеги Харам мечитинен Байтул-Макдистеги Акса мечитине болгон түнкү сапары.
Мираж: Бул пайгамбардын Акса мечитинен бийик асмандарга, жетинчи асмандагы эбегейсиз чоң дарак "Сидра аль-Мунтахага" чейин көтөрүлүүсү.
Аллах Таала бул тууралуу минтип айткан: "Пендесин түн ичинде Харам мечитинен Биз айланасын берекелүү кылган Акса мечитине сейил кылдырган Аллах (каапырлар таңуулаган алсыздык сыпаттарынан) Аруу-Таза! Биз ага (пендебизге) Өзүбүздүн белгилерибизди көргөзүү үчүн (сейил кылдырдык). Ал - Угуучу, Көрүүчү". (Исра сүрөсү, 1-аят).
Ырайымдын жана кудуреттүүлүктүн көрүнүштөрү: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул түнү Раббисинин улуу аят-белгилерин көрдү; бейиш менен тозокту көрдү, пайгамбарлар (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) менен жолугушуп, Акса мечитинде аларга имам болуп намаз окуду. Аллах Таала аны менен ортомчусуз көшөгөнүн артынан сүйлөшүп, ага беш убак намазды парз кылды.
Адамдардын абалы: Качан пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Меккеде таң атырып, адамдарга болгон окуя тууралуу айтып берген соң, момундардын ыймандарына ыйман кошулуп, анын чындык экенине ишеними артты. Ал эми каапырлардын кежирдиги жана аны жалганга чыгарышы күчөдү.
Айдын экиге бөлүнүшү: Мушриктер пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын чынчылдыгына далил болгон көрүнүктүү бир белги сурашканда, Аллах ал үчүн айды экиге бөлдү жана аны адамдар ачык көрүштү. Ошого карабастан, Курайш каапырлары аны четке кагышты жана: "Бул сыйкыр", - дешти.
Аллах Таала бул тууралуу минтип айткан: "Кыямат жакындашты жана Ай (экиге) бөлүндү". "Алар (Курайш каапырлары) мужизаны көрүп турса да, (чындыктан) жүз үйрүп «Бул – ар дайымкы сыйкыр» - дей баштады". (Камар сүрөсү, 1-2-аяттар).
Алынган пайдалар:
1 - Аллах Таала бардык нерсеге кудуреттүү. Исра жана Мираж, ошондой эле айдын жарылуу мужизалары – Аллах Тааланын кудуретинин толуктугун билдирген далилдердин бири гана.
2 - Бул сапар "Кайгы жылынан" кийин болгон. Бул даават жолундагы узак жылдар бою тарткан чарчоо жана кыйынчылыктардан кийин пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көрсөтүлгөн улуу урмат, анын жүрөгүн бекемдөө жана сооротуу сыяктуу болгон.
3 - Намаз – бул асманда, Жебрейил периштенин (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) ортомчулугусуз Аллахтан Анын элчисине түздөн-түз парз кылынган жалгыз ибадат. Бул анын мусулмандын жашоосундагы ордунун улуктугун жана маанилүүлүгүн билдирет.
4 - Аллах бул мужизаларды пайгамбарлыктын чын экендигине айкын далил кылды, бирок акыйкатка жүрөгүн жаап алган адамга аят-белгилер канчалык чоң болсо да пайда келтирбейт.
5 - Пайда: Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) да, анын сахабаларынан (Аллах алардан ыраазы болсун) да Исра жана Мираж түнүн майрамдоо же белгилүү бир ибадат менен өзгөчөлөө тастыкталган эмес. Ошондуктан, жакшылыктын баары алардын жолун ээрчүүдө жана алар жасабаган нерсени калтырууда.
6 - Исра жана Мираж саякаты пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ойгоо кезинде, денеси жана руху менен бирге ишке ашкан. Бул мужизанын улуулугуна жана Аллах Тааланын кудуретинин толуктугуна далалат кылат.
7 - Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар: Мусулман өз жолунда алдыга жылуусу, алдынан чыга турган кыйынчылыктарга көңүл бурбоосу жана Аллах Таалага ишенүүсү зарыл. Ошондой эле жеңиш — сабырдуулук менен, ал эми жеңилдик — кайгы-капа менен бирге экендигин жана кыйынчылыктан соң сөзсүз жеңилдик келерин билиши зарыл.
Онунчу сабак: Ансарлар жана Акабанын биринчи жана экинчи байаты (ант-келишими):
Ансарлар менен жолугушуу: Пайгамбарлыктын он биринчи жылында, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Меккеге жакын Минадагы Акабада ансарлардан (Медина элинен) болгон бир топ адамдар менен жолугушту. Ал алар менен отуруп, аларды Исламга чакырды. Алар анын чакырыгын кабыл алып, ага ишеништи. Алар Мединага кайтып барышканда, анын кабарын жана чакырыгын өз коомуна жеткиришти. Акыры алардын арасында Ислам жайылып, ансарлардын үйлөрүнүн ичинен Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эскерилбеген бир да үй калган жок.
Биринчи Акаба келишими: Пайгамбарлыктын он экинчи жылында, Аус жана Хазраж урууларынан (ансарлардан) өкүлдөр келип, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен "Биринчи Акаба келишимин" түзүштү. Ал аларга Исламды үйрөтүп, келишим кылууга чакырды, анан алар төмөнкүлөр боюнча келишим кылышты: Аллахка эч нерсени шерик кылбоого, уурулук кылбоого, зына кылбоого, балдарын өлтүрбөөгө, колдору менен буттарынын арасынан токуп алган жалааны жаппоого жана жакшы иштерде пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каршы чыкпоого.
Андан кийин аларга сыйлык-жазасын баяндап, мындай деди: «Силерден кимде-ким (убадасына) бекем турса, анда анын сооп-сыйы Аллахтан. Ал эми, кимде-ким ушулардан (күнөөлөрдөн) бир нерсе жасап коюп, бул дүйнөдө жазаланса, анда ал ага кафарат болот. Жана да, кимде-ким ушулардан бир нерсе жасап коюп, кийин Аллах аны жашырса, анда анын иши Аллахка калат; эгер кааласа аны кечирет, эгер кааласа жазалайт». [Бухари, Муслим].
Исламдагы алгачкы элчи: Байат берилип, ажылык учуру аяктагандан кийин, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул байат бергендер менен бирге Мединадагы жаңы мусулмандарга Ислам шариятын үйрөтүү жана аларга динди терең түшүндүрүү үчүн Исламдагы алгачкы элчини жиберди. Бул тапшырмага ал эң алгачкылардан болгон Ислам жаштарынын ичинен бир жигитти тандады, ал – Мусаб ибн Умайр (Аллах андан ыраазы болсун) эле.
Экинчи Акаба байаты: Пайгамбарлыктын он үчүнчү жылында пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен жолугушуу үчүн чоңураак топ чыгып, эгерде ал аларга хижрат кылып барса, аны коргоого жана жардам берүүгө, ошондой эле өз жандарын, үй-бүлөлөрүн жана балдарын эмнеден коргошсо, аны да ошондон коргоого ага "Экинчи Акаба байатын" берип, келишим кылышты.
Улуу пайда: Ансарлар Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип сурашты: «Оо, Аллахтын элчиси, эгер биз бул антты аткарсак, бизге эмне берилет?» – деп сурашканда, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга бир сөз менен: «Силерге бейиш» – деп жооп берди. Ошентип, алар ага толук чынчылдык жана сүйүнүч менен ант беришти.
Алынган пайдалар:
1 - Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Исламды бардыгына чарчабастан жана талыкпастан сунуштоону улантуусу – даават кылгандар үчүн улуу үлгү; анткени туруктуулук жана бекем ишеним ийгиликтин ачкычы.
2 - Ансарлардын артыкчылыгы: Мединанын элинин даражасы алардын акыйкатты тез кабыл алгандыгынан жана туугандары менен кошуналарынын арасында Исламды жайылтууга болгон кызыгуусунан байкалат, натыйжада алардын жергесине жакшылык таралды.
3 - Акабадагы эки байат Ислам мамлекетинин түптөлүшүнүн пайдубалы болгон. Анткени алар баш ийүүгө, пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) коргоого жана анын динине жардам берүүгө болгон келишимди өзүнө камтыган.
4 - Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ансарларга ага жардам бергендиги үчүн кызматтарды да, мал-мүлктү да убада кылган жок, тескерисинче, бизге ыймандуунун чыныгы кирешеси – Аллахтын ыраазычылыгы жана Анын түбөлүктүү жыргалчылыгы экендигин үйрөтүү үчүн аларга бейишти убада кылды.
5 - Ансарлар (Аллах алардан ыраазы болсун) Аллахты жана Анын пайгамбарын сүйгөндүктөн, өз жандарын жана мал-мүлктөрүн аябастан берүүгө пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен антташты. Ошондуктан алар бейиш сыйлыгына татыктуу болушту.
6 - Пайда: Акаба - Меккеге жакын «Минадагы» аймак. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ансарлар менен жашыруун жолугушуу үчүн ал жерди тандаган; анткени ал тоолордун арасындагы, курайштардын көзүнөн оолак, далдоо жер болгон.
Он биринчи сабак: Пайгамбардын Мединага хижрат кылуусу (көчүүсү)
Бул, тарыхтын нугун өзгөрткөн чечүүчү тарыхый сапар жана ал аркылуу Ислам мамлекетин куруу баскычы башталган:
Хижратка (көчүүгө) уруксат берилүүсү жана көчүүнүн башталышы: Экинчи Акаба келишими аяктап, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Медина элинин колдоосуна толук ишенген соң, сахабалардын тынчтыкта жана амандыкта болуулары үчүн аларга көчүүгө уруксат берди. Ошентип, сахабалар Аллахтын алдындагы сооп-сыйлыкты үмүт кылып, мекенин, мал-мүлкүн жана үй-бүлөсүн таштап көчө башташты. Алар Курайштын көзүнөн жашырынып, бөлөк-бөлөк топторго бөлүнүп жөнөп кетишти. Алардын арасында жөөлөрү да, улоо мингендери да бар эле. Ал эми пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббиси көчүп чыгууга уруксат берүүсүн күтүп Меккеде калды. Аны менен бирге сахабасы Абу Бакр жана Али ибн Абу Талиб (Аллах алардан ыраазы болсун) бар болчу.
“Даар ан-Надвадагы” (жыйын үйүндөгү) жашыруун бүтүм жана Аллахтын Өз пайгамбарын коргоосу: Курайштар пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары Мединада күч-кубатка жана коргоого ээ болгонун көргөн соң, анын дини жайылып кетишинен коркушту. Ошондо алардын каапыр башчылары кеңешүү үчүн “Даар ан-Надвага” чогулушту. Алар пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каны уруулар ортосунда чачырап, куну суралбай калышы үчүн ар бир уруудан бирден адам чыгарып, аны бир убакта чогуу өлтүрүүнү макулдашышат. Бирок Аллах Таала Өз пайгамбарына алардын айла-амалын билдирип, ага көчүүгө уруксат берди. Ошентип, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каапырлар аны дагы эле үйдө деп ойлоп калуулары жана аманаттарды өз ээлерине кайтаруусу үчүн Али ибн Абу Талибге (Аллах андан ыраазы болсун) өзүнүн төшөгүнө жатууну буйруду да, өзү алар көрбөгөн абалда алардын арасынан чыгып кетти. Чынында, Аллах алардын көздөрүн көрбөй турган кылып койгон эле.
Саур үңкүрүндө жана Кудайдын колдоосу: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабасы Абу Бакр Сыддык менен жолго чыгып, жашынуу үчүн "Саур" үңкүрүнө барышты жана ал жерде үч күн болушту. Бул учурда, Курайштар аларды издөө үчүн бардык күч-аракетин жумшап, аларды өлтүргөн же алып келген адамга чоң сыйлык (жүз төө) убада кылды. Мушриктер үңкүрдүн оозуна келип токтогондо, Абу Бакр пайгамбардын өмүрү үчүн коркуп, мындай деди: «Эгер алардын бири бутунун астына караса, бизди көрөт». Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны терең ишеним менен тынчтандырып, мындай деген: «Оо, Абу Бакр, үчүнчүсү Аллах болгон экөө жөнүндө эмне деп ойлойсуң?» Өтө жакын калганына карабастан, Аллах Таала мушриктерди алардан алыстатты.
Куба мечитинин курулушу жана Мединага кирүү: Үңкүрдөн чыккандан кийин, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каапырлардын көзүнөн оолак жол менен жүрүп отуруп, "Куба" аймагына жетти. Ал жерде Исламдагы эң биринчи мечит "Куба мечитин" курду. Андан соң, бир нече күндөн кийин Мединага бет алды. Медина эли аны сөз менен жеткире алгыс кубаныч жана шаттык менен тосуп алышты. Анын келишине кубанышкан элдин такбир жана тахмид үндөрүнөн үйлөр жаңырды.
Мамлекетти негиздөө жана жихаддын шариятка киргизилиши: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Мединага жайгашаар замат, мамлекеттин борбору болуусу үчүн "Пайгамбар мечитин" кура баштады. Бирдиктүү болуусу үчүн мухажирлер менен ансарларды туугандаштырды. Абал турукташып, мусулмандар күч-кубатка ээ болуп бекемделгенден кийин, Аллах Таала зулумдукту кайтаруу үчүн аларга Өз жолунда жихадга чыгууга уруксат берди. Аллах Таала төмөнкү аятты түшүрдү: "(Каапырлар тарабынан) чабуулга туш болгон (ыймандуу) адамдарга, зулумдук көргөндөрү себептүү (душмандарына каршы согушууга) уруксат берилди. Албетте, Аллах аларга жардам берүүгө Кудуреттүү!" (Хаж сүрөсү, 39-аят).
Алынган пайдалар:
1 - Курмандыктын улуктугу: Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана сахабаларынын көчүүсү, алардын мекендерин жана мал-мүлктөрүн таштап кетүүсү бир гана Аллах Таала үчүн болгон. Бул бизге диндин бардык нерседен кымбат экендигин үйрөтөт.
2 - Абу Бакр Сыддыктын артыкчылыгы: Ал эң улуу сапарда пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жолдош болуу сыймыгына ээ болгондугу жана Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жалпы адамдардын арасынан эң жакын адам катары анын бийик ордунун тастыкталышы.
3 - Аллах Таала пайгамбарын коргоону Өзүнүн кепилдигине алды жана андан каапырлардын айла-амалдарын кайтарды. Аллах ким менен бирге болсо, аны эч ким жеңе албайт.
4 - Үңкүрдүн ичиндеги эң оор көз ирмемдерде пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисине болгон ишеними айкын көрүндү. Бул бизге, сабырдуулук жана Аллахтын биз менен бирге экендигине толук ишенүү аркылуу жеңиш келерин үйрөтөт.
5 - Ансарлардын артыкчылыгы: Медина элинин пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакшы көрүүсү жана ага кубанганы байкалды. Бул алардын асыл табиятын, ошондой эле Аллахка жана Анын элчисине чын ыкластан жардам беришкенин көрсөттү.
6 - Мамлекет курулгандан жана ага күч-кубат жеткенден кийин ылайыктуу убакытта жихад шариятка киргизилди. Бул мусулмандардын абалына кам көрүүдөгү Аллахтын мээриминен жана даанышмандыгынан.
7 - Мусулмандардын жашоосундагы мечиттин маанилүүлүгү: Мусулмандардын жашоосунда мечиттин кадыры жана мааниси чоң болгондуктан, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Мединага бараткан жолунда эң биринчи кылган иши – Куба мечитин куруу болгон. Андан кийин Мединага киргенде, азыркы белгилүү ордуна "Набави" мечитин курган.
Он экинчи сабак: Аллах Таала жолундагы жихаддын башталышы жана "Чоң Бадр" казаты:
Казаттардын жана чалгындардын башталышы:
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жыйырма бир казатка чыккан, алардын биринчиси хижраттын экинчи жылындагы "Абва" (Ваддан) казаты, ал эми акыркысы хижраттын тогузунчу жылынын Ражаб айындагы "Табук" (У'сра) казаты болгон. Ошондой эле казат деп аталбаган майда чалгындарды жиберип турган учурлары арбын болгон.
Казат: бул пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзү чыккан жана мусулмандарды өзү жетектеген жүрүш, анда согуш болсо да, болбосо да казат деп эсептелет.
Ал эми сария: пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзү катышпаган жортуул. Анда согуш болушу да мүмкүн, болбошу да мүмкүн. Көбүнчө, сариядагы аскерлердин саны аз болот.
"Чоң Бадр" казаты, хижранын экинчи жылы:
Бул согуштун себеби: Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Шамдан Курайштын баалуу мүлкү бар чоң кербени келе жатканы тууралуу кабар жетет. Ошондо ал адамдарды аны тосуп чыгууга чакырды. Мухажирлерди өз шаарынан кууп чыкканы, үйлөрүнө, мүлктөрүнө ээлик кылып, байлыктарын тартып алганы үчүн Курайштарга жаза катары ал үч жүздөн ашуун адам менен жолго чыкты. Бул кабар Курайшка жеткенде, алар бир миң үч жүздөн ашуун кол топтошту. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары менен кеңешип, анан алар беттешүүгө чечим кабыл алышты. Согуш Рамазан айында болду. Ислам кошууну менен каапырлар кошууну беттешип, согуш өтө катуу болду. Ошондо Аллах Өз пайгамбарына кубаттуу жеңиш берди. Мусулмандардан он төрт адам шейит болду, ал эми каапырлардан жетимиши өлтүрүлүп, жетимиши туткунга түштү. Алардын көбү Курайш каапырларынын чоңдору жана башчылары эле. Ошентип, Аллах Исламды жана мусулмандарды кубаттандырып, ширкти жана бутпарастарды кордоду. Ааламдардын Раббиси болгон Аллахка мактоолор болсун.
Алынган пайдалар:
1 - Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн, Исламды жайылтуу, адилеттүүлүктү орнотуу жана зулумдук менен адилетсиздикти жок кылуу үчүн Аллах Тааланын жолунда согушуунун шариятта уруксат экендиги.
2 - Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) – үлгүлүү жетекчи жана өрнөктүү эр жүрөк башчы: ал каапырлар менен согушууга өзү чыккан.
3 - Согушка чыккан каапырлардын мал-мүлкүн колго түшүрүүгө, Курайштын соода жолун тосууга жана аларды экономикалык жактан алсыратууга уруксат берилгендиги. Мына ушул "Чоң Бадр" казатынын негизги себеби болгон.
4 - Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары менен чыгуу жана каршы туруу жөнүндө кеңешүүсү: Мында бардык иштерде, өзгөчө алардын маанилүүлөрүндө кеңешүүнү шарият жактайт.
5 - Аллах саны аз ыймандуу топту саны көп каапырлар тобунун үстүнөн жеңишке жеткирет: пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын сахабаларына Курайш каапырларына каршы жардам берген сыяктуу. Алардын саны мусулмандардын санынан бир нече эсе көп болгон эле.
6 - Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын сахабаларынын эрдиги: Анткени алар саны жана курал-жарагы өздөрүнөн бир нече эсе көп каапырлар менен беттешкен.
7 - Аллах Өзү каалаганын ызаттуу кылат жана Өзү каалаганын кор кылат: Ал "Бадр" согушунда Исламды карманган мусулмандарды ызаттуу кылып, ширкти карманган каапырларды кор кылды.
8 - Аллах жолунда жихадга уруксат берүүнүн кээ бир сырлары:
а) Адамдарды Исламга чакыруу жана аларды пенделерге сыйынуудан пенделердин Раббисине ибадат кылууга алып чыгуу; Алла Таала минтип айткан: "Качан (жер бетинен) фитна (ширк, Исламга тоскоолдук) жок болмоюнча жана дин Аллах үчүн болмоюнча согуша бергиле. Эгер токтошсо, заалымдарынан башкаларына тийбегиле". (Бакара сүрөсү, 193-аят).
б) Мусулмандарга жасалган зулумдукка жооп кайтаруу; Аллах Таала минтип айткан: "(Оо, мусулмандар!) Аллахтын жолунда (Анын дининин жогору болушу үчүн) силерге согуш ачкандарга каршы согушкула жана чектен чыкпагыла. Аллах чектен чыккандарды сүйбөйт". (Бакара сүрөсү, 190-аят).
Он үчүнчү сабак: "Ухуд" казаты жана андан кийинки окуялар:
"Ухуд" баш ийүүнүн сабактары айкын көрүнгөн, сахабалардын пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чындап сүйгөнүн жана ага жандарын арнаганын көрсөткөн согуш.
Казаттын себептери жана ага даярдык көрүү: Хижраттын үчүнчү жылында болгон "Ухуд" казатынын бир канча себептери болгон. Алардын эң негизгиси: мушриктердин "Бадр" күнү жеңилгени жана өлгөндөр үчүн өч алууга даярдануусу. Курайштар Абу Суфянды башчы кылып, үч миң жоокер топтогон. Аларга каршы пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) миң сахабасы менен аттанды. Аскер жолдо бара жатканда, мунафыктардын башчысы Абдуллах ибн Убай ибн Салул аскердин үчтөн бир бөлүгү менен артка кайтып кетти жана алар согушка катышкан жок.
Согуштун окуялары жана баш ийбөөнүн кесепети: Ухудда эки аскер беттешип, айыгышкан согуш жүрүп, башында мушриктер жеңилүүгө учурашты. Андан кийин мусулмандардын арасынан жаачылар тоодон түшүп кетишти. Негизи, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга кандай кырдаал болбосун тоодон түшпөөнү буйруган эле. Жаачылардын бул буйрукка баш ийбей койгону себептүү каапырлардын аскери мусулмандарды айланып келип курчоого алды жана мусулмандар чоң жоготууга учурады. Бул тууралуу Аллах Таала мындай эскерген: "Силер (Ухуд согушу башталганда) Анын уруксаты менен каапырларды талкалап киргениңерде, Аллах (жеңиш беремин) деген убадасынын үстүнөн чыккан болчу. Анан качан, Аллах силер сүйгөн нерсени (жеңишти) көзүңөргө көргөзүп койгондон кийин гана өзүңөр алсыз болуп, (пайгамбар берген) буйрук тууралуу (өз ара) талашып, анын буйругун аткарбай койгонуңарда - силерден кээ бирөөлөр дүйнөнү (олжону), кээ бирөөлөр Акыретти каалайт экен - ошондон кийин гана Аллах, силерди сынаш үчүн силерди(н жүзүңөрдү) алард(ын аркаларын)ан буруп койду. (Кийин алардын жүзү силердин аркаңарды карап, силерди кубалап калды). Жана (андан кийин) Ал силерди кечирди. (Анткени,) Аллах – ыймандууларга берешен!" (Аали Имран сүрөсү, 152-аят).
Сыноонун оордугу жана сахабалардын жан аябас эрдиги: "Ухуд" казаты пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) башынан өткөргөн эң оор казаттардын бири болгон; анда анын маңдай тиши сынып, бетине туулгасынын эки шакекчеси кирип кеткен, абалы абдан оорлошкон, бирок Аллах Таала аны сактап калган. Бул согушта сахабалардан (аларга Аллах ыраазы болсун) жетимиш адам шейит болгон. Алардын катарында шейиттердин мырзасы, пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) амакеси Хамза ибн Абдулмутталиб да бар эле. Бул казатта сахабалардын пайгамбарына болгон чыныгы сүйүүсү байкалып, аны коргоо жолунда жандарын аяшкан эмес. Согуш аяктап, шейиттер жерге берилгенден кийин, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын сахабалары Мединага кайтып келишти.
Окуялардын биринде пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ухуд шейиттеринин башына келип ыйлап, минтип айткан: «Мен Кыямат күнү буларга күбө болом». Аларды жуубай, каны жана кийимдери менен көмүүгө буйрук берди. Бир кабырга эки адамды чогуу коюп, Куран жаттагандардын даражасын көтөрүп, көбүрөөк жаттагандарды алгач коюп жатты. Андан кийин тирүү калгандардан кабар алып, жаракаттарын аарчып, аларга дем-күч берди. Умм Умаранын жана анын үй-бүлөсүнүн эрдигин мактап, алардын өтө чоң туруктуулугун жана аны коргогондорун көрүп, Бейиште өзү менен бирге болууларын тилеп дуба кылды. Көмүү иштери аяктагандан кийин, бардык сахабаларын артына катарга тургузуп, алар Аллахтын буйругуна моюн сунуп, сабырдуулук жана жихад нээматы үчүн Ага шүгүр кылып, Аллахка алкыш-мактоолорду айтышты.
"Хамра ал-Асад" казаты: Бул казат "Ухуд" согушунан бир күн өткөндөн кийин болгон. Анын себеби, Абу Суфян ибн Харбдын пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынан аман калгандарын толугу менен жок кылуу үчүн курайштар менен Мединага кайтып келүүнү каалагандыгы жөнүндө Аллахтын элчисине кабар жеткендиги болгон. Ошондо пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларды казатка аттанууга буйруду жана өзү менен бирге "Ухуд" согушуна катышкандар гана чыгуусун шарт кылды. Ошентип, алар жаракаттарына карабай аттанып чыгышты. Абу Суфян алар жөнүндө укканда коркуп кетип, жанындагылары менен Меккеге кайтып кетип, согуш болбой калды.
Алынган пайдалар:
1 - Күнөөлөрдүн жана баш ийбестиктин кесепети: Жаачылардын Аллахтын элчисине баш ийбегени мусулмандарга чоң жана оор зыян алып келди.
2 - Пайгамбардын орду жана эр жүрөктүүлүгү: Ал өзү согушуп, Аллахтын жолунда жарадар болду.
3 - Сахабалардын артыкчылыктары (аларга Аллах ыраазы болсун): Алардын Аллах жолунда жанын курман кылуусу жана Аллахтын элчисин коргоосу.
4 - Ыймандууну эки жүздүүдөн айырмалоо: Эки жүздүүлөр артка кайтып, "Ухуд" согушуна катышкан жок. Алардын башында эки жүздүүлөрдүн башчысы Ибн Салул бар эле.
5 - Сахабалардын курмандыктарынын таасири: Эгерде Аллах, андан соң сахабалардын курмандыктары болбогондо, Ислам эч кимге тарамак эмес. Аллах сахабаларды себепкер кылып дин таратты. Имам Ибн Каййим (Аллах Таала ага ырайым кылсын) мындай деген:
"Мына ошолор – пайгамбарды ээрчигендер жана анын жамааты. Эгер алар болбогондо, жер бетинде мусулман болмок эмес".
6 - Ухуд согушунан бир күн өткөндөн кийин сахабалардын канжалаган жаракаттарына карабай "Хамра ал-Асад" казатына аттанып чыгуусу — алардын пайгамбарга болгон баш ийүүсү ыймандын күчтүүлүгүнүн жана эч кандай оору-сыркоо жеңе албаган жогорку эрктүүлүктүн эң улуу далили болгон.
Он төртүнчү сабак: Хандак (Ахзаб) казаты, хижраттын бешинчи жылы:
Бул казаттын себеби жөөттөр пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен түзгөн келишимди бузуп, мусулмандарды жана алардын жаңы түптөлүп келе жаткан мамлекетин жок кылуу максатында башка араб урууларын тукуруп, Мединага чабуул жасоо үчүн аларды чогулткан кезде башталган. Ошентип, Абу Суфян ибн Харбдын жетекчилиги менен бутпарас урууларынан он миң жоокерге жеткен эбегейсиз чоң аскер чогулган. Ал эми пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аскеринин саны үч миң болгон.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алардын келе жатканын билгенде сахабалары менен кеңешет. Улуу сахаба Салман ал-Фариси (Аллах андан ыраазы болсун) душмандардын кирип келүүсүнөн коргой турган бекем тосмо болуусу үчүн Мединанын айланасына «хандак» (ор) казууну сунуштаган. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын бул пикирин жактырып, ошондой кылууга буйруду. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көрсөтмө берүү менен гана чектелбестен, сахабалар менен бирге аңгек казууга катышып, алар менен чогуу кыйынчылык тартып кичи пейилдиктин жана өрнөк болуунун эң сонун үлгүсүн көрсөттү.
Бириккен топтор Мединага агылып келишип, Мединаны курчоого алышты. Курчоо узакка созулганы себептүү мусулмандарга кыйынчылык күчөп, коркунуч менен катуу ачкачылык кошумча болду. Аллах Таала бул оор абалды Куранда мындай сүрөттөгөн: "Ошондо силерге жогор жагыңардан, ылдый жагыңардан да (душман басып) келген болчу жана көздөр тунарып, жүрөктөр алкымга тыгылган. Жана (кээ бирөөңөр) Аллахка жаман ойлоп да калгансыңар. Ошол жерде ыймандуулар сыналып, өздөрү (коркуудан) катуу бир чайпалышкан". (Ахзаб сүрөсү, 10-11-аяттар).
Ушул оор кырдаалдын ортосунда Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мужизалары көрүндү. Аллах аз тамакка береке берип, ал бүтүндөй аскерди тойгузду. Абалдын оордугуна карабастан, алардын чечкиндүүлүгүн көтөрүү үчүн сахабаларына Перс жана Рум өлкөлөрүнүн ачыларын сүйүнчүлөдү. Абал өтө курчуган кезде, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандарды кыйынчылыктан куткаруусун тилеп, Раббисине чын жүрөктөн дуба кылып жалбарды. Ошондо Аллах анын дубасын кабыл кылып, топ-топ болуп келген аскерлерге чатырларын жулуп учурган катуу шамалды жиберди. Ошондой эле алардын жүрөктөрүнө коркунуч салган периштелерди түшүрдү. Ошентип, алардын биримдиги чачырап, эч нерсе кыла алышпай артка кайтышты. Ал эми Мединага кайрадан тынчтык орноду. Аллах Таала бул тууралуу минтип айткан: "Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтын силерге берген (төмөндөгү) жакшылыктарын эстегиле: бир кезде силерге (көп сандуу) аскерлер кол салганда, Биз аларга (каршы) шамалды жана силер көрбөгөн (периште) аскерлерди жибергенбиз. Аллах силердин жасаган ишиңерди Көрүүчү". (Ахзаб сүрөсү, 9-аят).
Аллах Таала дагы минтип айткан: "Ал эми, аларды (душмандарды) болсо, Аллах өз ачуулары менен кайтарды. Алар эч бир жакшылыкка жетишпеди. Аллах ыймандууларга согуш жаатынан жетиштүү (жардамчы) болду. Аллах Күчтүү, Кудуреттүү!" (Ахзаб сүрөсү, 25-аят).
Алынган пайдалар:
1 - Ислам душмандары ишенимдеринин ар түрдүүлүгүнө карабастан, мусулмандарга каршы согушуу үчүн биригиши мүмкүн. Бул – чындык менен жалгандын ортосундагы күрөштүн уланып туруусундагы Аллахтын сүннөт-жолу. Бул, дайыма сак болууну жана жакшы даярдык көрүүнү милдет кылат.
2 - Бул казат Салман ал-Фарисинин (Аллах андан ыраазы болсун) артыкчылыгын жана Исламдагы кеңешүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтөт.
3 - Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары менен кыйынчылыкты тең бөлүшүүсү ийгиликтүү жетекчи ишти биринчилерден болуп баштаган, кол астындагыларына жөнөкөй мамиле кылган жана аларга жакшы үлгү болгон адам экендигин тастыктайт.
4 - Ор казуу бизге жакшылыкта жана такыбалыкта көмөктөшүү менен бирге, мүмкүн болгон бардык күч-аракетти жумшоонун, колдо бар уруксат этилген каражаттарды пайдалануунун жана себептерди аткаруунун зарылдыгын үйрөтөт.
5 - Терең ишенимдин жана сабырдуулуктун маанилүүлүгү: Сахабалар курчоого алынганына карабастан бекем ишенимди көрсөтүштү, натыйжада жеңиш Аллахтын убадасына терең ишенген жана сабыр кылгандарга насип болду. Аллах Таала айткан: "Ыймандуулардын арасында (ушундай) эр-азаматтар бар: алар Аллахка берген убадаларында чынчыл экенин көргөзүштү. Кээ бирлери милдетин аткарып (шейит болуп) кетишти. Кээ бирөөлөрү (шейиттикти) күтүүдө. Алар (Аллахка берген) убаданы бузбады". (Ахзаб сүрөсү, 23-аят).
6 - Аллахтын пенделерине болгон мээримдүүлүгү. Анткени пайгамбар эң кыйын учурларда сахабаларына алдыдагы жеңиштерди сүйүнчүлөгөн.
7 - Дуба – жеңиштин ачкычы; анткени пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисине чын жүрөктөн жалынып-жалбаруусу менен согуш майданындагы абал өзгөрдү, бул дубанын маанилүүлүгүн айгинелейт.
8 - Жеңиш Аллахтан: Душмандардын күчү жана санынын көптүгү канчалык деңгээлге жетпесин, Аллах – Өз пенделерине жардам бере турган Күчтүү, Ызаттуу.
Он бешинчи сабак: Худайбия келишими, Хайбар казаты жана Каза умрасы (Ачык баяндалган жеңиш):
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшүндө өзү жана сахабалары «Харам» мечитине тынчтык-бейпилдик менен, чачтарын кырдырткан жана кыскарткан абалда кирип жатканын көрдү. Пайгамбарлардын түшү – вахий (аян). Анан ал тууралуу сахабаларына айтып бергенде, алар кубанып, жакшылыкка жорушкан.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хижраттын алтынчы жылы Зул-Каада айында бир миң төрт жүзгө жакын мухажирлер жана ансарлар менен бирге жөнөп чыгат. Алар Каабаны улуктап курмандыкка мал айдап алышкан жана Курайшка өздөрүнүн согушуучулар эмес, умра кылуучулар экендигин тастыктоо үчүн жандарына жолоочунун гана куралын (кынындагы кылычтарды) алышкан.
Тосуу жана Ризван антташуусу: Курайш алардын келе жатканын билгенде, аларды күч менен тосууну чечишти жана «Зуу Тувага» кошуун топтошту. Ошондо пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жолун өзгөртүп, Худайбияга келип токтоду. Ал жерде узак сүйлөшүүлөр жүрүп, анын жүрүшүндө пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алар менен сүйлөшүү үчүн Усман ибн Аффанды (Аллах андан ыраазы болсун) жөнөттү. Ошол учурда анын өлтүрүлгөнү тууралуу кабар тарап кетти. Мына ушул жерде пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларын согуштан качпоого ант берүүгө чакырды, ошондо алар ага Самура дарагынын астында ант беришти. Бул — Аллах төмөнкү аятты түшүргөн «Ризван антташуусу» эле: "(Худайбиядагы) дарактын түбүндө сага ант (кол) берген кезде, Аллах момундардан ыраазы болду..." (Фатх сүрөсү, 18-аят).
Келишимдин шарттары: Курайштын өкүлү болуп Сухайл ибн Амр келди жана сыртынан оор көрүнгөн шарттарды камтыган келишимге макулдашылды. Алардын ичинде: согушту он жылга токтотуу, мусулмандардын бул жылы умра кылбастан кетүүсү, ал эми кийинки жылы келип умра аткаруусу жана Меккеде үч күн гана туруусу, ошондой эле Курайштан ким Мухаммадга камкорчусунун уруксатысыз келсе, аны аларга кайтарып берүү шартталган. Айрым сахабаларга бул шарттар оор тийгенине карабастан, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисинин буйругуна моюн сунуп, келишимди бекитти. Анан ал курмандыгын союп, ихрамдан чыкты. Мусулмандар да аны ээрчишти. Мунун артынан эле, алар Мединага кайтып баратышкан жолдо, Аллах Таала Өзүнүн төмөнкү сөзүн түшүрдү: "(Мухаммад), Чынында, Биз сага анык жеңиш бердик". "Аллах сенин өткөндөгү жана келерки (бардык) күнөөлөрүңдү кечирип, жакшылыгын толук-кемчилдиксиз берип, туура жолго башташы үчүн жана Аллах сага чоң жардам бериши үчүн". (Фатх сүрөсү, 1-3-аят)
Хайбар казаты (Келишимдин тездетилген жемиши): Келишимдин эң улуу жемиштеринин бири Курайш менен болгон түштүк тараптын турукташуусу жана Мединанын коопсуздугунун камсыздалышы болду. Ошентип, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хижраттын жетинчи жылынын Мухаррам айында түндүк тарапты көздөй бет алды. Ал жер мусулмандарга каршы топторду тукуруп, кутумдарды уюштурган Хайбар жөөттөрүнүн чеби эле. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга сыйлык катары өзү менен чогуу чыгууга Худайбияга күбө болгондорго (Ризван антын бергендерге) гана уруксат берди. Мусулмандар Хайбардын бекем чептерин биринин артынан бирин курчоого алышты. Аллах аларга чептерди багынтып, жөөттөрдүн жүрөктөрүнө коркунуч салды. Ошондо алар каны төгүлбөй аман калуу үчүн мал-мүлктөрүн жана жерлерин мусулмандарга калтыруу, ошондой эле ал жерлерди өздөрү иштетип, түшүмдүн жарымын алуу шарты менен келишим түзүүнү суранышты. Ошентип, Аллахтын тездетилген «көптөгөн олжолор» менен коштолгон жеңиш тууралуу сүйүнчүсү ишке ашты.
Каза умрасы (Түштүн чындыкка айлануусу): Кийинки жылы (хижраттын жетинчи жылы Зул-Каада айында) пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Худайбияга келген сахабалары менен бирге өздөрү тосулуп калган умрасынын казасын аткаруу үчүн чыгат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Меккеге талбия айтып кирет, ал эми айланасындагы мусулмандар тахлил жана такбир айтышат. Алар диний жөрөлгөлөрүн тынчтыкта жана бейпилдикте аткарышат. Ал эми Курайш тоолорго чыгып, аларга сүрдөө жана суктануу менен карап турушат. Бул умра пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көргөн түшүнүн чындыкка айлануусу эле жана ал «Каза умрасы» же «Келишим умрасы» деп таанылды.
1 - Бул келишим мусулмандарга өз дааватын тынчтыкта жайылтууга мүмкүндүк берди, натыйжада адамдар Аллахтын динине мурункуга караганда эселеп көп киришти. Ошондуктан жеңиш дайыма эле кылыч менен болгон эмес.
2 - Казат башында акылга даанышмандык көрүнбөсө да (тынчтык келишиминин шарттарында болгондой), ийгилик Аллахтын жана Анын элчисинин буйругуна баш ийүүдө экенин далилдеди.
3 - Антташууга катышкандардын даражасы: Сахабалар улуу сыймыкка ээ болушту, анткени Аллах алардан ыраазы болду жана бул антташуу "Ризван антташуусу" (Ыраазылык келишими) деп аталды. Бул болсо алардын ыйманынын чындыгына жети асмандын үстүнөн берилген Раббинин күбөлүгү.
4 - Келишимдердин уруксаттыгы: Эгер пайдасы тие турган болсо, анда мусулмандарга душман менен тынчтык келишимин түзүүгө болот. Бул нерсе даанышмандыктын жана шарияттык саясаттын катарына кирет.
5 - Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кийинки жылы "каза умрага" кайтуусу анын түшүнүн чындык экенин далилдеп, Курайштын текебердигин сындырды жана Меккенин чок ортосунда Исламдын улуктугун көрсөттү.
6 - Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) убада-келишимди сактоодо жана аткарууда эң сонун үлгүлөрдү көрсөткөн, дал ушул нерсе адамдардын Исламдын адеп-ахлагына жана динине болгон сүйүүсүн ойготкон.
7 - Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буйруктарын аткаруунун берекеси: Ухуд казатында айтып өткөнүбүздөй, душман менен бет келгенде баш ийбөөнүн кесепети мусулмандарды жеңилүүгө дуушар кылышы мүмкүн. Ал эми пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) баш ийүүнүн жана анын буйруктарын аткаруунун берекеси мусулмандарга жеңиш алып келет. Аллах Таала айтат: "...Эгер ага моюн сунсаңар анда, туура жолго түшөсүңөр..." (Нур сүрөсү, 54-аят).
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Худайбия келишиминен кийин падышаларга жана амирлерге жазган каттары:
Худайбия келишими түзүлүп, согуш токтогондон кийин, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Курайш тарабынан коопсуздукка ээ болду. Ал чакырыкты дүйнөлүк деңгээлге жеткирүүгө жана аны жер жүзүнө таратууга багыт алды. Ошентип, жер жүзүндөгү падышаларга, араб жана араптан башка башчыларга кат жазып, аларды Исламга чакырууну чечти. Үммөтүнө болгон мээримдүүлүгүнөн жана ишти мыкты уюштура билгендигинен улам, ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каттарды мөөрлөө үчүн «Мухаммад Аллахтын элчиси» деген жазуусу бар күмүштөн мөөр жасатып алды. Анткени, падышалардын адаты жана шарты боюнча, алар мөөр басылбаган каттарды окушчу эмес. Андан соң, бул улуу аманатты аткаруу үчүн сахабаларынын (аларга Аллах ыраазы болсун) арасынан эң мыктыларын: тили чечен, жүрөгү кайраттуу жана акылы тунук болгон элчилерди тандап алды.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Дихя ибн Халифа ал-Калбийди (Аллах андан ыраазы болсун) Румдун улугу Ираклийге, Абдуллах ибн Хузафа ас-Сахмийди (Аллах андан ыраазы болсун) Фарс падышасы Кисрага, Амр ибн Умайя ад-Дамрийди (Аллах андан ыраазы болсун) Хабашстандын падышасы Нажашийге жана Хатиб ибн Абу Балтаны (Аллах андан ыраазы болсун) Мисирдин улугу Мукавкиске элчи кылып жиберди. Ошондой эле, Шамдын жана Ямаманын амирлери Харис ибн Абу Шамр ал-Гассаний менен Хавза ибн Али ал-Ханафийге да кат жазды. Бул куттуу элчилер өздөрү менен бирге Исламдын таза чакырыгын, акыл-эске жана жүрөктөргө кайрылган даанышман сөздөрдү камтыган (хидаят) каттарын алып жолго чыгышты. Бул каттар аларды Жалгыз Аллахтын Өзүнө ибадат кылууга, ортодогу бирдей сөзгө чакырды жана өз элдерин акыйкат менен хидаят нурунан тосуунун кесепеттеринен эскертти.
Бул ардактуу каттарга жана жазууларга карата падышалардын мамилелери ар кандай болду. Алардын арасында жүрөктөрү жумшарып, жакшы жооп кайтаргандары болду; мисалы Мукавкис, Нажаши жана Ираклий сыяктуу. Ираклий Абу Суфяндан пайгамбардын сыпаттарын сурап-билип, падышалык бийлиги акыйкатты ээрчүүгө тоскоолдук кылса дагы, анын пайгамбарлыгынын чындыгына толук ынанган. Ал эми айрымдары Кисра сыяктуу чектен чыгып, текеберленип, катты жыртып салышты. Ошондо пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын падышалыгынын быт-чыты чыгып талкалануусун тилеп дуба кылды. Аллах анын дубасын кабыл кылып, анын бийлиги тез эле жок болду. Ушул каттар аркылуу Ислам дааваты жер жүзүндөгү падышаларга жана башчыларга жетти жана ири падышалыктар акыйкат дин жөнүндө билишти. Бул кадам Исламды жайылтуудагы жана анын Араб жарым аралынын чектеринен чыгып, дүйнөнүн калган өлкөлөрүнө таралуусундагы дүйнөлүк баскычтын башталышы эле.
Алынган пайдалар:
8 - Бул Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгы Араб жарым аралынын элине гана чектелбестен, арабдарга жана араб эместерге да жалпы тиешелүү экендигинин анык далили. Муну тастыктап, Аллах Таала минтип айткан: "Биз сени жалпы инсанияттын баарына жибердик..." (Саба сүрөсү, 28-аят).
9 - Шарият саясатын ишке ашыруу: Бул нерсе динди жайылтуу жана даават кылуу үчүн тынчтык жана элдешүү учурларын туура пайдалануудан байкалат. Анткени пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Худайбия келишимин жана ички коопсуздукту жер жүзүндөгү падышаларга жана жетекчилерге кайрылууга, ошондой эле аларды даават кылууга толугу менен киришүү үчүн пайдаланган.
10 - Шариятка каршы келбесе, кат алышууларда жана байланыштарда мамлекеттердин үрп-адаттарын эске алууга уруксат. Буга далилди жеткирүүнү жана дааватты жайылтууну жеңилдетүү максатында, пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Алар мөөр басылбаган катты окушпайт", - деп айтылганда, анын мөөр колдонгондугу далил болот.
Он алтынчы сабак: Меккени каратып алуу казаты, хижраттын сегизинчи жылы:
Эң улуу жеңиш: Бул – эң чоң жана берекелүү жеңиш, Меккенин алынышы. Аллах Өз динин күч-кубаттуу кылып, пайгамбарына жардам берген жана ыйык шаарын, байыркы Үйүн ширктен тазалаган күн.
Аскерди даярдоо: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) казатка даярданып, сахабаларын да даярданууга буйруду. Пайгамбар менен бирге сахабалары он миң жоокер менен жолго чыгышып, Меккенин четине жетип келишти. Абу Суфян мусулмандардын аскеринин күчүн жана он миң жоокерге жеткен санын көргөндө, Мекке элинин аларга каршы турууга күчү жетпесин толук түшүндү. Ошентип, ал багынып берүүгө макул болду. Андан соң Аллах ага Исламды насип кылып, ал Исламды кабыл алды.
Меккеге кирүү: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Меккеге өйдө жагынан сүрдүү көрүнүштө кирди. Ал Аллахка кичипейилдик кылып, моюн сунуп жана Ага шүгүр келтирип, башын ийип турган, ал эми мухажирлер менен ансарлар ар тарапты толтуруп аны курчап турушкан эле.
Каабаны тазалоо: Таухид Аллах үчүн гана калыс болуусу үчүн пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Каабанын айланасындагы жана ичиндеги буркандарды талкалоого жана сүрөттөрдү жок кылууга дароо буйрук берди.
Меккени багынткан күнү элдин ант берүүсү: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Мекке элине амандык бергенден кийин, алардын көпчүлүгү Сафа тоосунун жанына өз ыктыяры менен келишип, Исламды кабылдоого жана моюн сунууга ага ант беришти. Ал эми башкалары артта калып, коркконунан качып кетишкен. Кийин пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга да амандык берген соң, алар кийинчерээк Исламды кабыл алышты. Алардын динге кирүүсү мажбурлоо менен болгон эмес, тескерисинче, пайгамбардын айкөл кечирими себептүү алардын жүрөктөрү өзгөргөн.
Багындыруунун таасири: Бул жеңиштин таасири зор болду. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Курайштарды (алар – арабдардын башчысы эле) жеңгенден кийин жана андан соң ишке ашкан жеңиштерден улам, баары анын пайгамбарлыгынын чындыгына толук ишеништи. Ошентип, Аллахтын динине тайпа-тайпа жана топ-топ болуп кирүү үчүн бардык жерден өкүлдөр келе башташты.
Алынган пайдалар:
1 - Аллах пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын сахабаларына согушуунун кажети жок эле Меккени багындырууну жеңилдетти. Бул – алардын канын төгүүдөн сактап, аларга амандык менен жеңиш тартуулаган Аллахтын гана берешен, артыкчылыгы.
2 - Жеңиш учурундагы кичи пейилдик адеби: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, жана мактоосу болсун) артыкчылык жалгыз Аллахка гана таандык экендигин, Ал Жардам Берүүчү жана Колдоочу экендигин, ошондой эле момун адамдын күч-кубаты канчалык артпасын, анын Раббисине болгон кичи пейилдиги арта берерин бизге үйрөтүү үчүн Меккеге Аллахка баш ийген жана моюн сунган абалда кирди.
3 - Таухиддин маанилүүлүгү: Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эң биринчи аткарган иши буркандарды талкалоо болгон. Бул болсо, диндин негизи жана күчү "Таухидде" экендигин, ошондой эле жүрөктөрдү жана үйлөрдү Аллахтан башка ибадат кылынган бардык нерселерден тазалоодо экендигин тастыктайт.
4 - Араб уруулары күрөштүн жыйынтыгын күтүп турушкан. Алар Аллахтын Өз пайгамбарына коомунун үстүнөн жеңиш бергенин көргөндө, Исламды кабыл алгандарын жарыялап өкүлдөр удаама-удаа келе башташты. Ошентип, Меккени багындыруу – бүтүндөй Араб жарым аралынын жүрөктөрүн ыйманга ачкан ачкыч болду.
5 - Курандагы сүйүнчү: Аллах Таала бул улуу окуяны ыйык китебинде түбөлүккө калтырып, мындай деген: "(Мухаммад, эгер сага) Аллахтын жардамы жана жеңиши келсе жана адамдарды Аллахтын динине топ-топ болуп кирип жатканын көрсөң... Анда, Раббиңе мактоо айтуу менен (Аны жаман-төмөн сыпаттардан) аруула жана күнөөлөрүңдү кечирүүсүн сура! Чынында, Ал тооболорду кабыл кылуучу!" (Наср сүрөсү, 1-3-аяттар).
Он жетинчи сабак: Хунайн казаты:
Казаттын себеби: Меккенин мусулмандардын колуна өтүшүнөн кийин пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) "Хавазин" уруулары (Таиф эли) аны менен согушуу үчүн өтө чоң кол топтоп жаткандыгы тууралуу кабар жетти. Ошондуктан пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алар Меккеге келгенге чейин, алардын жайгашкан жерине жөнөп чыгууну чечти.
Эки аскердин күчү: Хавазин уруусунан жыйырма миңдей жоокер топтолду. Алар өздөрү менен бирге мал-мүлктөрүн, аялдарын жана балдарын ала чыгышты (качып кетпөө үчүн өздөрүн шыктандыруу максатында). Ал эми мусулмандар он эки миң жоокерден турган чоң аскер менен чыгышты; алардын эки миңи жакында эле Исламды кабыл алган Мекке элинен эле.
Көптүктүн сабагы: Кээ бир мусулмандар өздөрүнүн санынын көптүгүн көргөндө, менменсинип: "Биз бүгүн саныбыздын аздыгынан жеңилбейбиз" - дешти. Бул өзүнө суктануу оор сыноонун башталышы болду.
Күтүлбөгөн оор абал: Мусулмандар "Хунайн" өрөөнүнө кире баштаганда, Хавазин жоокерлери аларга жашыруун буктурмаларды куруп коюшкан эле. Алар капысынан мусулмандардын аскерине бир кишидей кол салышты жана жаа окторун жамгырдай жаадырышты. Бул күтүлбөгөн абалдын кесепетинен аскерлердин көпчүлүгү артка чегинип, качып жөнөштү.
Башчынын бекем туруусу: Ошол оор учурда пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өз ордунда сейрек кездешүүчү эр жүрөктүк менен бекем турду. Аны менен бирге мухажирлерден жана ансарлардан аз гана адамдар, алардын ичинде Абу Бакр, Умар жана Али (Аллах алардан ыраазы болсун) бар эле.
Пайгамбардын эр жүрөктүүлүгү: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) качырын минип мушриктердин аскерин көздөй алдыга умтулуп, сахабаларынын жүрөктөрүнө ишенимди кайтаруу үчүн катуу кыйкырып минтип жар салды: «Мен пайгамбармын, жалган эмес, мен Абдулмутталибдин уулумун». Согуш кайрадан күчөдү.
Аллахтын жана периштелердин жардамы: Сахабалар кайтып келип, пайгамбарынын айланасына топтолушканда жана согуш күчөгөндө, Аллах каапырлардын жүрөгүнө коркунуч салды жана кадамдарын титиреткен периштелерди түшүрүү менен ыймандууларды колдоду.
Жыйынтык жана олжолор: Каапырлар жеңилип, качып кетишти, а мусулмандар алардын артынан кубалашты. Каапырлар арттарында чоң олжолорду жана мал-мүлктөрдү таштап кетишти, алар Аллахтын берешендиги менен мусулмандардын мүлкү болуп калды. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Хавазин элинин көңүлүн алуу үчүн балким, алар кайтып келип, Исламды кабыл алып, андан олжолорун кайтарып берүүнү суранышаар деп, олжолорду бөлүштүрбөй сактап турду. Бирок алар кечигишкен соң, ал олжону бөлүштүрдү.
Алынган пайдалар:
1 - Санга эмес, Аллахка таянуу. Мусулмандар Хунайнда жеңиш Аллахтын Өзүнөн гана келерин жана эгерде жүрөктөргө текебердик кирсе, сандын көптүгү пайда бербестигин үйрөнүштү.
2 - Бадр согушунда мусулмандар сабыр жана такыбалык менен "аздык" зыян тийгизбешин үйрөнүштү, ал эми Хунайнда сабыр жана Аллахка таянуу жок болсо, "көптүк" пайда бербешин үйрөнүштү.
3 - Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана аны менен бирге болгондор күчтүү ыйманынын аркасында бекем турушту, бул бизге Аллахтын эң оор кырдаалдарда чын ыкластуу жүрөктөрдү бекем кыларын үйрөтөт.
4 - Бул согушта пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чоң эр жүрөктүүлүктү көрсөттү. Аскерлердин артка чегингенине карабастан, ал толук сыймыктануу жана бекем ишеним менен өз атын жар салып, душманга каршы өзү алдыга чыкты.
5 - Аллахтын Өзүнүн пайгамбарына жана ыймандууларга алар көрбөгөн периштелерден турган аскерлер менен жардам берүүсү – бул Аллахтын ар дайым Өзүнүн олуялары менен бирге болорун тастыктайт.
6 - Кыйынчылыктан жана оорчулуктан кийин, Аллах Таала мусулмандарга сабырдуулугу жана бекем турганы үчүн сыйлык катары жеңишти жана көптөгөн олжолорду тартуулады.
7 - Эскерүүнү түбөлүккө калтырган ыйык аяттар: Аллах Таала минтип айтты: "Аллах силерге көп орундарда жана Хунайн (деген жердеги согуш) күнүндө да жардам берди: бир кезде силерди саныңардын көптүгү кубантып жиберди эле, кийин бул силерге эч кандай пайда бербей калды жана силер үчүн жер кенен болгонуна карабай тар көрүнүп, артыңарга качып калдыңар. Кийин Аллах пайгамбары менен ыймандууларга Өзүнүн тынчтык-бейпилдигин жана силер көрө албаган аскерлерин (периштелерин) түшүрүп, каапырларды (жеңилүү менен) азаптады. Каапырлардын жазасы – ушул! Андан соң, ушундан (каталардан) кийин деле, Аллах Өзү каалаган адамдардын тооболорун кабыл алды (кечирди). Аллах – Кечирүүчү, Боорукер!" (Тообо сүрөсү, 25-27-аяттар).
8 - Иш-аракеттин түрүнө жараша кайтарым болот: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аз сандуу урматтуу сахабалары менен согушта бекем турганда, Аллах Таала убада кылгандай, ага жеңиш келди. Аллах Таала айтат: "Оо, ыйман келтирген адамдар! Эгер Аллахка (Анын динине) жардам берсеңер, Аллах дагы силерге жардам берет жана кадамыңарды бекем кылат". (Мухаммад сүрөсү, 7-аят). Бул жалпыга тиешелүү; эгерде мусулман муну менен Аллах Тааланын ыраазычылыгын көздөп, Аллахтын динин колдосо, ага чакырса жана Анын жолунда жихадга чыкса, Аллах Таала ага жеңиш жана колдоо көрсөтүүгө убада берген.
Он сегизинчи сабак: Элчилерди кабыл алуу жана "Коштошуу ажылыгы":
Мекке мусулмандардын колуна өтүп, жеңишке жетишкенден кийин, араб уруулары Исламды кабыл алышканын билдирүү үчүн ар тараптан Мединаны көздөй агылып келишти жана хижранын тогузунчу жылы «Элчилер жылы» деп аталып калды. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көптөгөн элчилерди кабыл алды. Алардын эң маанилүүлөрүнүн катарында: Бану Тамим элчилери, Нажран элчилери жана Тай уруусунун элчилери (алардын ичинде Адий ибн Хатим) болчу. Бул элчилердин Араб жарым аралын Ислам туусу астында бириктирүүдөгү таасири зор болду. Анткени алар диндин негиздерин үйрөнүп, өз элин динге чакыруу үчүн кайтып кетишкен, бул болсо Исламдын жайылышына жол ачкан.
Хижраттын онунчу жылы, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушул жылы ажылык кылууга ниеттенгенин жарыялады. Ошентип, Мединага ар тараптан өтө көп сандагы адамдар келишти. Алардын баары андан үйрөнүү жана ажы жөрөлгөлөрүндө аны ээрчүү үчүн пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) коштоп барууну каалашкан.
Аталышынын себеби: "Коштошуу ажылыгы" деп аталып калганы, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анда эл менен сөздөрү аркылуу коштошкон жана ал андан кийин башка ажылык кылган эмес.
Ажылардын жамааты: Бул берекелүү сапарга пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге жүз миңден ашуун ажы чыкты жана ал өзү менен бирге тогуз аялын (Аллах алардан ыраазы болсун) алып чыкты.
Нээматтын толук кылып берилүүсү: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажылык амалдарын аткарып жаткан учурда, Арафа күнүндө ага Аллах Тааланын төмөнкү сөзү түшкөн: "Мына бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылып, жакшылыктарымды бирин калтырбай берип, силерге Исламдын гана дин болушуна ыраазы болдум". (Маида сүрөсү, 3-аят). Ошентип, бул аят элчиликтин толукталгандыгын жарыялоо болду.
Улуу осуят: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Арафа күнү жана Курман айт күнү адамдарга кайрылып кутпаларды айтып, анда мусулмандын негизги принциптерин, таухидди, сүннөттү ээрчүүнү жана мушриктерден айырмаланууну бекемдеген, ошондой эле мусулмандардын укуктарын жана жубайлардын укуктарын баяндап берген. Анда ал мындай деген: «Чынында, силердин каныңар, мал-мүлкүңөр, абийириңер бири-бириңерге ушул күнүңөр, ушул айыңар жана ушул шаарыңар сыяктуу ыйык (арам). Мен жеткирдимби?» Мусулмандын өмүрү, мал-мүлкү жана кадыр-баркы ыйык экендигин бекемдөө үчүн айтты.
Адашуудан сактанууну осуят кылып, минтип айтты: «Мен силерге бир нерсени калтырдым. Эгерде аны бекем кармансаңар, андан кийин эч качан адашпайсыңар: Ал - Аллахтын китеби». [Муслим].
Кайтуу: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажы жөрөлгөлөрүн аткарып бүтүп, адамдарга динин үйрөткөн соң, Мединага кайтты.
Алынган пайдалар:
1 - Өкүлдөрдү, элчилерди кабыл алуу бизге Исламдын күч-кубаты акыйкатта биригүүдө, ынтымакта болууда жана илим жайылтууда болорун, ошондой эле ийгиликтүү башчы – жакшылыкты жайылтуу үчүн байланыш көпүрөлөрүн курган адам экендигин үйрөтөт.
2 - Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) китеп жана сүннөттү бекем кармоо осуяты – мусулман үчүн куткаруу жолу, анткени ал экөөндө ар бир заманда жана бардык жерде туура жол, тайып кетүү жана адашуудан сактануу бар.
3 - Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажы амалдарын аткаруу жана аны адамдарга сөз менен гана эмес, "иш жүзүндө" үйрөтүү үчүн, ошондой эле баары көрүп, ээрчий турган жандуу үлгү болуу максатында өзү сапарга чыккан. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Амалдарыңарды кантип аткарууну менден көрүп алгыла». [Ал-Байхаки, Абу Дауд жана ан-Насаи риваят кылган] Сахих Муслимдеги риваятта: «Амалдарыңарды кантип аткарууну көрүп алгыла».
4 - Аллах Таала биз үчүн динди толуктап, нээматын толук кылганын кабарлады. Ошондуктан эч кимге динге өзүнөн «бидат» кошууга же андан кемитүүгө уруксат берилбейт. Анткени Ислам дининде адамдардын дүйнө жана акыреттеги жашоосун оңдой турган бардык нерселер толук камтылган. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайтыш болушу жана аян-кабардын токтошу менен шарият толукталган.
5 - Мусулмандын колтийбестиги: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандардын каны, ар-намысы жана мал-мүлкү арам экенин, жана аларга акысыз душмандык кылууга уруксат эмес экенин бекемдеп айтты.
Он тогузунчу сабак: Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөдөн өтүшү:
Хижраттын он биринчи жылы, Рабиул-аввал айынын он экисинде, дүйшөмбү күнү шашке маалында, жубайы Айшанын (Аллах андан ыраазы болсун) үйүндө пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) оорусу күчөдү.
Өлүм азабы: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өлүмгө алып барчу оорудан жана өлүм азабынан кыйналып, суу менен бетин сүртүп мындай деген: «Лаа илааха иллаллаах. Шексиз, өлүм алдында (жан чыдагыс) кыйынчылыктар бар». [Бухари].
Дүйнөдөн өтүүсү: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Айша энебиздин көкүрөгүнө сүйөнүп турган абалда жан берди. Ошол учурда ал алтымыш үч жаш курагында болчу.
Көмүү: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайтыш болгон жерине көмүлгөн, ал Айша энебиздин (Аллах андан ыраазы болсун) бөлмөсү болгон.
Толук аманат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аманатты толук аткаргандан кийин кайтыш болду жана үммөтүн чак түштөгү күндөй апачык жолдо калтырып кетти. Ал бизге көрсөтпөгөн жакшылык, эскертпеген жамандык калган жок.
Алынган пайдалар:
1 - Бул окуя бизге момундардын энеси Айша энебиздин (Аллах андан ыраазы болсун) артыкчылыгын жана анын пайгамбардын алдындагы бийик даражасын көрсөтөт. Анткени ал акыркы күндөрүн анын үйүндө өткөрүүнү тандап, анын кучагында дүйнөдөн өттү.
2 - Өлүм – бул, Аллахтын Өз макулуктарына койгон мыйзамы. Эгерде бул дүйнөдө кимдир бирөө түбөлүк кала турган болсо, анда Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түбөлүк калмак. Аллах Таала минтип айткан: "(Мухаммад!) Сен да өлөсүң, алар дагы өлүшөт...". (Зумар сүрөсү, 30-аят).
3 - Чынында, пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каза болуусу – мусулмандардын башына түшкөн эң чоң кайгы болду. Кимде-ким пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айрылуу кайгысын эстесе, ага башка бардык кайгылар жеңил болуп калат. Аллахтын элчисинин акыны Хассан ибн Сабит (Аллах андан ыраазы болсун) айткандай:
"Мурункулар Мухаммад сыяктуу инсанды жоготкон эмес.. жана Кыяматка чейин ал сыяктуу эч ким жоготулбайт..."
4 - Даават кылуучуларга кайрылуу: Дин илимин алып жүргөн ар бир адам, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кылгандай өз милдетин аткарган абалда Аллахка жолукканга чейин, аны жайылтууга жана адамдарга үйрөтүүгө колдон келишинче аракетин кылуусу керек.
5 - Чынында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизди ачык акыйкат жана туура жолдо калтырды. Бул жолдон бидаатка же напси кумарына азгырылган адам гана четтейт. Демек, бакыттын баары – пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көрсөткөн жолун ээрчүүдө.
Жыйырманчы сабак: Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдары:
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдары:
1. Хадижа бинт Хувайлид (Аллах андан ыраазы болсун).
2. Сауда бинт Замаъа (Аллах андан ыраазы болсун).
3. Айша бинт Аби Бакр Сыддык (Аллах андан ыраазы болсун).
4. Хафса бинт Умар ибн Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун).
5. Зайнаб бинт Хузайма (Аллах андан ыраазы болсун).
6. Умму Салама (Хинд бинт Аби Умайя) (Аллах андан ыраазы болсун).
7. Умму Хабиба (Рамла бинт Аби Суфян) (Аллах андан ыраазы болсун).
8. Жувайрия бинт Харис (Аллах андан ыраазы болсун).
9. Маймуна бинт Харис (Аллах андан ыраазы болсун).
10. Сафия бинт Хуйай (Аллах андан ыраазы болсун).
11. Зайнаб бинт Жахш (Аллах андан ыраазы болсун).
Алынган пайдалар:
1. Момундардын энелери: Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдары Ыйык Курандын тексти боюнча "момундардын энелери" болуп эсептелет. Аллах Таала айткан: "Пайгамбар ыймандуулар үчүн өз жандарынан да кымбат. Пайгамбардын аялдары – ыймандуулардын энелери..." (Ахзаб сүрөсү, 6-аят). Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тарбия берүүдө жана мээримдүүлүктө момундар үчүн ата даражасында. Ошондуктан анын аялдары өзгөчө урмат-сый көрсөтүү милдетинде жана аларга үйлөнүү арам экендигинде биз үчүн энелер сыяктуу. Бирок алар менен жалгыз калууга же хижабын чечүүгө уруксат берген "махрамдык" маселесинде алар энелердей эмес.
2. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аброюнун улуктугу: Пайгамбардын аялдарынын өзгөчөлүктөрүнүн бири – ал каза болгондон кийин эч кимге аларга үйлөнүүгө эч уруксат жок. Аллах Таала минтип айткан: "Аллахтын пайгамбарын иренжитүү жана андан соң анын (жесир) аялдарына үйлөнүү силерге эч качан мүмкүн эмес! Мунуңар Аллахтын назарында чоң күнөө болмок". (Ахзаб сүрөсү, 53-аят). Бул – пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аброюн сактоо жана аны улуктоо. Анткени аны менен алардын ортосундагы жубайлык мамиле Аллахтын уруксаты менен бейиште да сакталат жана уланат.
3. Жоопкерчиликтин чоңдугу жана сооптун эселенип көбөйүүсү: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдарына дүйнө зыйнаты менен өзүнүн жанында калып, жашоонун кыйынчылыгына сабыр кылуунун ортосунда тандоо бергенде, алар Аллахты, Анын элчисин жана акыретти тандашты. Алардын ээлеген орду жана кадыр-барктуулугу жогору болгондуктан, Аллах алардын кылган жакшылык иштеринин сообун эки эсе жогору кылып берди. Ошондой эле, алардын сактыгы жана Аллахка болгон шүгүрү дайым эң жогорку даражада сакталып калуусу үчүн, алардан кеткен ар кандай катачылыктын жазасын да башка аялдарга караганда катуураак кылды.
4. Алар – пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үй-бүлө мүчөлөрүнөн: Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдары Аллах тазалагандыгын кабарлаган "Ахл ал-Байт", "Үй-бүлө мүчөлөрүнүн" катарына кирет. Аллах Таала алар жөнүндө сөз кылып мындай деген: "Албетте, оо пайгамбардын үй-бүлөлөрү, Аллах силерден зыян, жамандыктарды кетирүүнү жана тап-таза сактоону каалайт". (Ахзаб сүрөсү, 33-аят). Ошондуктан аларды жакшы көрүү, аларга ыраазылык айтуу жана алардын аброюн коргоо – ар бир мусулманга милдет, анткени алар аруу үлгүлөр.
5. Алардын үйлөрүндө аян-кабардын түшүүсү: Алардын эң чоң артыкчылыктарынын бири – пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алардын үйлөрүндө болгон учурда Ыйык Курандын түшүп тургандыгы. Аллах Таала айткан: "Өз үйүңөрдө окулган Аллахтын аяттарын жана пайгамбардын сөздөрүн эскергиле..." (Ахзаб сүрөсү, 34-аят). Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакын болгондуктан, алар анын үйүндөгү сүннөтүн жана көрсөткөн жолун бизге майда-чүйдөсүнө чейин жеткирип беришкен. Ошентип, алардын ар бири бул илимди үммөткө жеткирүү менен динге кызмат кылышкан.
Жыйырманчы биринчи сабак: Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) балдары:
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жети перзенттүү болгон, алар:
Биринчиден: Уулдары (үчөө): Касым: пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын аты менен куняланып, ага "Абу Касым" деп айтылган. Кийинкилери: Абдуллах жана Ибрахим.
Экинчиден: Кыздары (төртөө): Зайнаб, Рукая, Умму Кулсум, Фатима.
Анын бардык перзенттери аялы Хадижадан (Аллах андан ыраазы болсун) болгон. Бир гана Ибрахим күңү Мария Кыбтиядан эле. Алардын ичинен Фатимадан башкасы баары пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көзү тирүүсүндө каза болгон. Фатима пайгамбар өткөндөн кийин алты ай жашап, анан каза болгон.
Алынган пайдалар:
1 - Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) перзенттерден айрылган учурда сабырдуулукту жана сооп үмүт кылууну үйрөнөбүз. Анткени ал өз өмүрүндө алты перзентинин каза болушу менен айрылуунун ачуусун таткан, ошого карабастан бекем туруп, Раббисине шүгүр кылган.
2 - Фатиманын (Аллах андан ыраазы болсун) артыкчылыгы: Аллах аны анын артында калган жалгыз перзенти кылып өзгөчөлөдү, ошентип ал атасынын артынан акыретке кеткенге чейин сабыр кылып, сооп үмүттө жашады.
3 - Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кичинекей кезинде каза болгон уулу «Ибрахимдин» энеси Мария Кыбтия эле. Ал пайгамбардын күңдөрүнөн болгон, момундардын энелери болгон аялдарынан эмес.
Жыйырма экинчи сабак: Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келбетине жана кулк-мүнөзүнө тиешелүү кээ бир сыпаттары:
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын ичинен келбети эң жакшысы эле, анын сыпаттарынын кээ бирлери:
Боюнун узундугу: ал кишилердин арасында орто бойлуу болгон, өтө узун да эмес, кыска да эмес, орточо эле.
Өңү: жүзү аппак, бир аз кызгылт өң ага сулуулук жана көрк берип турган.
Жүзү: көздөрү бакырайган, оозу чоң жана көркөм, сакалы жыш, чачы капкара болчу. Ал эми жашы улгайганда сакалында жана чыкыйында жыйырма талга жетпеген аз гана ак чачтар пайда болгон.
Денеси: далысы кең, атыр себинбесе да дайыма жагымдуу жыт чыгып турчу.
Ал эми кулк-мүнөзүнө (адеп-ахлагына) тиешелүү сыпаттары:
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын ичинен адеби эң толугу эле. Аллах Таала ага бардык жакшы кулк-мүнөздөрдү топтогон, алардын ичинен:
Чынчылдык жана аманаткөйлүк: Ал адамдардын ичинен сөзү эң чынчылы жана убадасына эң бекеми болчу. Ошондуктан пайгамбарлыктан мурун эле ал "чынчыл, аманаткөй" деп аталган.
Берешендик жана жоомарттык: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын эң жоомарты эле, ал жакырчылыктан коркпогон адамдай берчү жана андан эмне суралса да, эч качан "жок" дечү эмес.
Сабырдуулук жана кечиримдүүлүк: Ал адамдардын ичинен ачууланбаганы жана тез ыраазы болгону эле. Өзүнө зулумдук кылганды кечирген, андан мамилесин үзгөн менен байланышты улаган. Наадандын ага кылган наадандыгы анын сабырдуулугун гана арттырган.
Кичи пейилдик жана ырайым: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) момундарга кичи пейил мамиле кылып, өз ишин өзү кылып, чокоюн жамап, үйдөгү жумуштарды аткарып, коногун сыйлап, жолуккан адамдарга жылмайып карап, алсыздарга, жаш балдарга, атүгүл жаныбарларга да ырайымдуу болгон.
Эр жүрөктүүлүк: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын эр жүрөгү эле, согуш күчөгөн кезде сахабалары ага корголошчу жана ал дайыма сап башында болчу.
Ал чындыгында эле ыймандуулардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) мааниси терең бир сөз менен сыпаттагандай: "Анын мүнөзү Куран болчу".
Алынган пайдалар:
1 - Анын келбетинин сыпаттарын билүүнүн пайдаларынын бири – Аллахтын сени аны түшүңдө көрүү менен урматтоосу. Ким аны белгилүү сыпаттары менен көрсө, демек, чындап көргөн болот; анткени шайтан анын сүрөтүндө боло албайт, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан: «Ким мени түшүндө көрсө, мени чындап көрүптүр, анткени шайтан менин кейпиме кубула албайт». [Бухари, Муслим].
2 - Чындап жакшы көргөн адам өзү жакшы көргөнүнүн ар бир өзгөчөлүгүн билүүгө ынтызар болот, мунун эң улугу – адамзаттын мырзасынын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келбетин жана өмүр баянын билүү.
3 - Сахабалардын пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) болгон сүйүүсүнүн жана берилгендигинин канчалык деңгээлде экендигин түшүнөбүз, анткени, алар анын жашоосундагы майда-чүйдөсүнө чейин бизге жеткирип беришкен жана алардан кийинки үммөт бул улуу мурасты сактап калган.
4 - Ар тараптуу жана толук үлгү: Бул сыпаттарды окуп-үйрөнүү мусулманды сырткы келбетиндеги тазалык жана жыпар жыт сүртүнүүдө, ошондой эле ички дүйнөсүндөгү чынчылдык, жумшактык, кичипейилдик жана башка ушул сыяктуу сыпаттарда пайгамбарынан үлгү алууга түрткү берет.
Корутунду
Жыйынтыктап айтканда, ишенимдүү сүннөт жана пайгамбардын өмүр баяны китептери көп. Андыктан мусулман адам пайгамбардын өмүр баянын, анын адеп-ахлагын жана сыпаттарын окуп-билүү үчүн ал китептерди карап чыгуусу тийиш. Алардын кээ бири төмөнкүлөр:
1 - Хафиз Ибн Касирдин (Аллах ага ырайым кылсын) "Пайгамбардын өмүр жолу" китеби.
2 - "Заад ал-Маад", Ибн Каййим (ага Аллах ырайым кылсын).
3 - Тирмизийдин (Аллах ага ырайым кылсын) «Шамаил» китеби.
Бул ишти калыс Аллахтын ыраазылыгы үчүн кылуусун, бизге жана сиздерге асыл пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) туура ээрчүүнү насип кылуусун, бул мээнетти жалпы мусулмандарга пайдалуу кылып, аны Сурак күнүндө биз үчүн сооп кылуусун Улук Аллахтан суранабыз.
Ааламдардын Раббиси Аллахка алкыш-мактоолор болсун. Мырзабыз Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө жана бардык сахабаларына Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун.
Related books
All books
رسول الإسلام محمد صلى الله عليه وسلم81 тилرسولمحمدرسول الإسلام محمد صلى الله عليه وسلم
Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен баштаймын. Ислам дининин элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Бул Ислам дининин элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жөнүндөгү кыскача баяндамада анын ысымы, ата теги, туулуп өскөн жери, аялдары, пайгамбарлыгы жана чакырган дини, пайгамбарлыгынын белгилери, шарияты жана каршылаштарынын мамилеси тууралуу баяндап бермекчимин. Элчи жана Мухаммад деген сөздү дайыма катар коюуга аракет кылдым, котормодо ушуга да көңүл бурулсун. 1- Анын ысымы, ата-теги жана туулуп өскөн жери. Исламдын элчиси – Мухаммад бин…
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтүнө амал кылуунун важип экендиги жана аны четке каккандардын каапыр болуусу.23 тилПайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтүнө амал кылуунун важип экендиги жана аны четке каккандардын каапыр болуусу.
Автор: Абдулазиз бин Абдуллах бин Баз, Аллах аны ырайымына алсын. Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен. Кириш сөз Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун. Бейиш такыбалар үчүн. Аллахтын кулу жана элчиси, ааламдарга ырайым кылуу үчүн жиберилген пайгамбарыбыз Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламга, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына салават жана саламдар болсун. Ал сахабалар Куранды жана Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтүн өздөрүнөн кийинкилерге чынчылдык жана кемчиликсиздик менен, алардын маанилерин жана сөздөрүн толук сактоо менен жеткиришти. Аллах алардан ыраазы…
Эртең менен жана кечинде айтылчу зикирлер57 тилЭртең менен жана кечинде айтылчу зикирлер
Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен. Аллах – Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал (түбөлүк) Тирүү, (бардыгын) башкарып Туруучу. Ал үргүлөбөйт жана уктабайт. Асмандар менен жердегинин баары Ага тандык. Эч ким Анын алдында, Анын уруксаты болмоюнча шапаат-колдоо көрсөтө албайт. Ал алардын келечегиндеги жана өтмүшүндөгү нерселерди билет. Ал эми, алар болсо, Анын илиминен Ал Өзү каалагандан башка эч нерсени билбейт. Анын Курсийи асмандар жана жерди камтып турат. Ал экөөнү (асмандар менен жерди) сактап туруу Ага эч тоскоолдук кылбайт. Ал Бийик жана Улуу Зат! Бакара, 255-аят, (Аят…
Ислам89 тилИслам
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен. Сен өзүңдөн сурап көрдүңбү: Жети кабат асманды жана жерди, алардагы үлкөн макулуктарды ким жараткан? Бул ааламдагы так, кылдат мыйзамдарды ким жасаган? деп.