فتاوى الحج والعمرة والزيارة

فتاوى الحج والعمرة والزيارة

Ажы, умра жана зыяраттар тууралуу фатвалар.

Language: lang_ky
Prepared by: Дүйнө тилдеринде Ислам контенттин тейлөө ассоциациясынын илимий комитети.
Version: 2.0
Translations 21
Assamese Bengali English Spanish +17
Attachments 7
PDF
Audio
Video
+3

Ажы, умра жана зыяраттар тууралуу фатвалар.

Умра кылуучулар муктаж болгон фатвалар (1). Сауд Аравия Королдугундагы "Туруктуу фатва берүү комитетинин" фатвалар томтомунан тандалып, абалга жараша суроолор кыскартылып даярдалган.

Дүйнө тилдеринде Ислам контенттин тейлөө ассоциациясынын илимий комитети.

Биринчи: Жалпы фатвалар

Суроо: Атам банктан карызга алган акча менен умра амалын аткарса болобу?

Жооп: Ажы же умра амалын өзү үчүн же башка бирөө үчүн аткарууну каалаган адамдын каражаты адал, таза болуусу важыб. Анткени, Аллах Таала таза, тазаны гана кабыл кылат.

Эми банктан же башка жактардан кошумча төлөм менен берилген карызды алууга болбойт. Бул сүткордуктун бир түрү. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үстөк пайызды жегенди, жедиргенди, жазып турганды жана күбөгө өткөндөрдү наалаттап: "Алардын баары (күнөөдө) бирдей" - деген. Арамды жеш дубанын артка кайтарылуусуна, амалдардын кабыл болбой калуусуна себеп болот. А эгер ашыкча төлөмсүз карыз болсо, анда эч нерсе эмес.

Фатаваа ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\353).

Суроо: Ким Меккеден 40 күнгө чыгып кетсе, ага умра кылуу лаазым болуп калат деген туурабы, ал мурда бир канча жолу умра кылган болсо да?

Жооп: Балакатка жеткен, мүмкүнчүлүгү бар мусулманга өмүрүндө бир жолу умра кылуу важыб. Бирден кийинкилер сүннөт. Умраны бардык убакта аткарса болот, анын атайын убактысы жок.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\20).

Суроо: Умраны жылдын бардык мезгилинде аткара берсе болобу?

Жооп: Умраны жылдын бардык мезгилинде аткарса болот, атүгүл ажы айларында да аткарса болот. Умраны ажы айында аткарып, анын артынан ажы кылуу таматту деп аталат. Эгер умраны ажы менен бирге аткарса, Кыраан деп аталат. Таматту кылуучуга да, кыран кылуучуга да курбандыкка жараган хадия малы болуусу керек, эгер ажылыкка харамдын сыртынан келген адам болсо. Эгер ажы кылуучу аны Зул-хиджа айында, ташрик күндөрүнөн кийин аткарса да жарактуу болот, ага хадия малдын кереги жок.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\316).

Суроо: Парз ажылыкты аткара элек адам умра кылса болобу?

Жооп: Ооба, ажы кыла элек адам умра кылса болот; анткени пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын сахабалары парз ажылыктарын аткара электе умра кылышкан.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\318).

Суроо: Бир жылда бир канча жолу умра кылуунун өкүмү кандай?

Жооп: Туурасы, бир жылда бир канча жолу умра кылууга болот. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Азыркы аткарылган умра мурдагы аткарылган умранын ортосундагы күнөөлөрдү өчүрөт. Кабыл болгон ажылыктын сыйы - бейиш". Ишенимдүүлүгү бир ооздон бекемделген хадис.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\334).

***

Суроо: Кээ бир адамдар ажыга келип, таматтунун умрасын аткаргандан кийин, атасы же энеси үчүн умра кылууну кааласа, эмне кылуу керек?

Жооп: Таматту үчүн ихрамга кирген адам таматтунун умрасын аткаргандан кийин ажы күндөрү башталганга чейин Меккеде турганы абзел. Ажы күндөрү башталганда ихрамга кирип, ажы кылганга чейин умраны кайта кылбайт. Ажы кылгандан кийин Танимге же башка бир Хилге чыгып келип умра кылса боло берет. Өтүп кеткен ата-энесине, же ооруп, картайып келе албай, келүүдөн үмүтү үзүлгөндөр үчүн умра кылса болот. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жалпылай минтип айткан: "Умра эки умранын ортосундагы (майда) күнөөлөргө каффарат (өчүрүүчү болот). Ал эми кабыл болгон ажылыктын сыйы - бейиш". Ишенимдүүлүгү бир ооздон бекемделген хадис.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\117).

***

Суроо: Бир канча умра кылган адамдын өкүмү кандай? Ар бир умра үчүн ихрамга Танимге чыгыш керекпи?

Жооп: Меккеге келип аз убакыттын ичинде бир канча жолу умра кылуу пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жолунан эмес. Анын сахабалары да андай кылышкан эмес. Эгер мындай кылуу жакшы болгондо, анда алар ошондой кылмак. Шарияттын талабы - Меккеге келип умра амалын аткарган адам Каабаны таваф кылууну, Куран окууну, намазды, садаганы, ж.б. ибадаттарды көбөйтүшү керек. Эгер өзүнө же тыгындан улам башкаларга машакат жаралбаса, өзүнө же өтүп кеткен бирөөлөргө, же карылык, оору себептүү умрага барууга үмүтү үзүлгөн бирөөлөргө умра кылса болот. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Умра эки умранын ортосундагы (майда) күнөөлөргө каффарат (өчүрүүчү болот). Ал эми кабыл болгон ажылыктын сыйы - бейиш". Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Айша энебиз ажылыкты бүткөндөн кийин, аны Танимге чыгып келип умрасын аткарууга буйруган.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\355).

***

Экинчи: Мийкоттор тууралуу фатвалар

Суроо: Ажы же умрага жөнөгөн адамга самолетто ихрам кийүү машакат болсо, анын үстүнө ал мийкоттун чегин да билбесе, Жиддага жеткенче ихрамга кирбей бара берсе болобу?

Жооп: Ажы же умра кылуучу адам самолетто ихрамга кириши керек болсо, ал үйдөн жуунуп, ихрам кийимин кийип алышы керек. Мийкот чегине жакындаганда ажы же умрага ниет кылып ихрамга кире берет, ушундай кылса ага машакат деле болбойт. Эгер мийкоттун чегин билбесе самолеттун капитанына же жардамчыларына же стюардессаларга же айланасындагы тажрыйбалуу өзү ишенген жүргүнчүлөргө кайрылсын.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\153).

***

Суроо: Умраны ниет кылып кетип жаткан адам самолет менен баратып ихрам кийимин кийбей эле умрага талбия айта берсе болобу? Анткени ал Жидда шаарында кээ бир иштерин бүтүрүп, анан Жиддада ихрам кийимин кийип умрага жөнөйт, же башка нерсе кылуу важыббы?

Жооп: Ажы же умра амалдарын аткаруу үчүн жөнөгөн адам мийкотон ихрамсыз өтүп кетүүгө болбойт, ал эмнени ниет кылса ошол ниети менен, тигилбеген кийимде, ихрамдын эрежелерии бузбастан ихрамга кирип анан өтүшү керек.

Сен суроодо айткандай кылууга болбойт, анткени ал шарият өкүмүнө туура келбейт. Бирок, кайсы бир кажети үчүн Жиддага ихрамсыз барып, анан кайра мийкотко келип ажыга же умрага ихрамга кирсе болот.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\81).

***

Суроо: Ажы же умра кылуучу адам, алгач Жиддага түшүп, анан Мадинага барып, кайра кайтканда "Абаар Али" мийкотунан ихрамга кирсе болобу?

Ажы кылчу адам Жиддага түшүп, ажыга чейин Мадинага барып Мадинаны зыярат кылса турган болсо, андан кийин ажы же умра үчүн Меккеге кайта турган болсо, анда ал мадиналыктардын мийкоту эсептелген "Абаар Али" деп аталган "Зулхулайфа" мийкотунан ихрамга кирет. Анткени мындай адамдардын өкүмү мадиналыктардын өкүмүндөй болот. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мийкаттар тууралуу минтип айткан: "Бул мийкат ушул жерликтер жана ажы же умра кылуу үчүн башка жактан келгендер үчүн". Ишенимдүүлүгү бир ооздон бекемделген хадис.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\94).

***

Суроо: Кайсы ай болсо да жума күнү умра кылса жана башка бир жерге барууну кааласа, анан эки же үч күндөн кийин Меккеге кайтып келсе, анан экинчи жолу умра кылмакчы болсо, ихрам кийими жок эле умра кыла берсе болобу?

Жооп: Умра кылууну каалаганн адам Меккеге келе жаткан жолундагы мийкоттон ихрамга кирүүсү зарыл. Ал жерден ихрамсыз өтүп кетүүгө болбойт. Анткени пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажы же умра кылуучулар үчүн атайын чектеп берген. Мейли ал биринчи умра үчүн келсин же экинчи, үчүнчү үчүн келсин айырмасы жок. Ал эми мийкат чегинин ичиндегилер болсо, умра кылууну каалаган жеринен ихрамга кире берет. Бир гана Меккенин ичиндегилер, Хилге чыгып ихрамга кирип кайра келиши керек. Пайгамбарыбыздын буйругу менен Айша энебиз ушундай кылган.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\354).

***

Суроо: Өзүнө умра кылып, анан атасы үчүн умра кылган адам атасы үчүн кыла турган умраны Меккенин ихрамга кирчү жеринен (Таниймден) ихрамга кирип аткарса мунун өкүмү кандай?

Жооп: Эгер өзүң үчүн умра кылып, анан ихрамдан чыгып, анан өтүп кеткен, же оорукчан атаң үчүн умра кылууну кааласаң, Танийм сыяктуу хилге чыгасың, анан ошол жерден умра үчүн ихрамга киресиң. Мийкотко чейин чыгып келүүнүн кажети жок.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\135).

***

Үчүнчү: Ихрам жана ага тиешелүү (бузуучу) нерселер тууралуу фатвалар

Суроо: Эгер умра же ажы үчүн ихрам кийимин кийип анан бул ниетин жокко чыгарса (аткарууну каалабаса) эмне кылуу керек?

Жооп: Эгер ихрамдын кийимин ажы же умраны ниет кылбастан кийсе, ал адам ыктыярдуу болот: кааласа ажыга же умрага кирет, кааласа аткарбай таштап койот. Эгер буга чейин парз ажысын жана умрасын аткарган болсо.

Ал эми эгер ажыга же умрага киришүүнү ниет кылган болсо, анда аны жокко чыгарууга, кайра кайтууга болбойт. Ал эмнени ниет кылган болсо шарият талабындай аны аткаруусу керек. Алла Таала айткан: "Ажы жана умраны Аллах үчүн толук аткаргыла"

Ушундан улам сага белгилүү болду: эгер киши ажы же умрага ниет кылып кирген болсо, андан баш тартууга болбойт. Ага ниет кылган ибадатын шарият талабындай толук аткаруу милдет. Жогорудагы аятта айтылгандай. Бирок бир себептерден улам ихрамдан чыгууну шарт кылса, анан ал коркунуч тыйып калса, ал учурда ихрамдан чыкса болот. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Забаъта бинт Зубайрга: О Аллахтын элчиси, мен ажы кылууну каалаймын бирок оорумдан коркуп турам -дегенде, ал: "Ажы кыла бер. Бирок ниет кылганда кайсы учурда аткара албай калсам ошол учурда ихрамдан чыгам деп шарт кыл" - деген. Ишенимдүүлүгү бир ооздон бекемделген хадис.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\166).

***

Суроо: Аял киши умра үчүн ихрамга кирсе, анан Каабаны таваф, Сафа менен Марваны сайъ кыла элегинде айызы келип калса, кайра үйүнө келип ихрамдан чыкса, ага бир нерсе важыб болобу? Же ихрамдан чыга элек болсо ага бир нерсе важыб болобу?

Жооп: Ким умра үчүн ихрамга киргенден кийин айыз көрүп калып, таваф жана сайъ кылуудан мурда ихрамдан чыгып кетсе, эгер ал өкүмдү билбей ушинтсе жана күйөөсү менен кошула элек болсо, айызы токтогон соң, жунубдан жуунгандай жуунуп, тазаланып умрасын толуктоо важыб болот. Каабаны таваф кылат, Сафа менен Марваны сайъ кылат, анын чачын кыскартып ихрамдан чыгат, ага эч нерсе важыб болбойт.

Эгер күйөөсү менен жакындык кылган болсо, умрасы жокко чыгат. Таваф, сайъ жана чач кыскартып толуктап койо берет. Анан алгач ихрамга кирген мийкотуна барып кайра башынан ихрамга кирип, ал умаранын казасын аткаруу важыб болот. Ага кан чыгаруу да важыб болот: алты айдан өткөн кой, же бир жаштан өткөн эчки, муну Меккеде союп, ошол жердеги кедей-кембагалдарга таркатып берет.

Ал эми умрасынын ихрамынан чыгып кете элек болсо, умрасын толуктоо зарыл, таваф, сайъ, чач кыскартып ихрамдан чыгат, айыз келүү менен эч кайсы абалда умра жокко чыкпайт.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\323).

***

Суроо: Харамдагы адамга атыр самын колдонууга болобу?

Жооп: Жок, ихрамдагы адамга мейли эркек болсун, мейли аял болсун жыттуу нерсени колдонууга болбойт. Ошонун ичинде атыр самын да бар. Ким билип туруп атыйын жыттууланса, ага фидия важыб болот. Ким өкүмүн билбестен же унутуп калып колдонуп алса, ага эч нерсе эмес. Аллах Таала минтип айткан: "“Раббибиз! Эгер биз унутсак, же ката кылсак, бизди жазалай көрбө!" Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Менин үммөтүмдүн ката кетирип, унутуп жана мажбурланып жасаган нерселери кечиримдүү".

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\137).

***

Суроо: Харамага кирүүдөн мурда ажатканага кирип, эсимден чыгарып ихрамдын этегин башыма орой коюпмун. Анан бир аздан кийин эсиме түшүп кайра алдым. Мага эч нерсе болбойбу?

Жооп: Ихрамдагы адам эсинен чыгарып кайсы бир бузуучу ишти жасап алса, эсине түшөр замат аны таштоо важыб. Ага күнөө да болбойт, штраф да болбойт. Аллах Таала айткан: “Раббибиз! Эгер биз унутсак, же ката кылсак, бизди жазалай көрбө!" Бул дубага Аллах Таала: "Ошондой кылдым" деп жооп берген. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Менин үммөтүмдүн ката кетирип, унутуп жана мажбурланып жасаган нерселери кечиримдүү".

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\149).

***

Суроо: Мен аялым жана карындашым Рамазанда умрага келгенбиз. Умра аткарып жаткан учурда менин сөзүм менен аялым да карындашым да колкап кийип алышкан. Мен мунун өкүмүн билген эмесмин. Биз эмне кылышыбыз керек?

Жооп: Ихрамдагы адам билбестен колкап кийип алса ага эч нерсе эмес. Бирок өкүмүн билер замат колкапты чечиши керек.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\156).

***

Суроо: Аялым экөөбүз ихрамга кирдик. Киргенден кийин аялымдын этек кири келип калды. Өкүмүн билбегендиктен мен да ихрамдан чыгып кеттим. Ихрам кийимин чечип, Меккеге барбай калдык. Кийин ушул жылдын Рамазан айында аялым экөөбүз умра аткардык. Ушул абалдын өкүмүн айтып берсеңиз, мен эми эмне кылышым керек?

Жооп: Силер умраны бузбай аткарып бүтүшүңөр керек болчу. Ниетиңерден кайтуу жана адаттагы кийимди кийип алуу эч нерсени өзгөртпөйт. Ихрам бузулбай кала берет. Кийинки жасаган умраңар ошол биринчи умранын уландысы болуп эсептелет. Кийинки умраны аткарганга чейин ортодо жыныстык катыш болсо, ошол себептүү бузулган умранын казасы катары биринчи умрага ихрамга кирген мийкаттан ихрамга кирип, дагы бир умра кылыш керек болот. Силерге экөөңө бирден кой союу важыб болот. Койлорду Меккеде союп харамдагы муктаждарга таратып бересиңер.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\384).

***

Суроо: Кайыштан жасалган кур тагынуунун жана тигилген бут кийим кийүүнүн өкүмү кандай? Алар машинка менен тигилген болсо?

Жооп: Ихрамдагы адамга кайышкур тагынууга жана бут кийим кийүүгө болот. Эгер тигүүчү машина менен тигилген болсо да.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\170).

***

Суроо: Абар Али мийкотунан ихрамга кирип Меккеге карай жолдо баратканда катуу ысытмалап ооруп калдым. Уктап, башымды жаап алдым. Бул кылганым үчүн бир нерсе важыб болобу?

Жооп: Сага фидия важыб болот. Фидия үч күн орозо кармоо, же алты жакырды тойгузуу, же Харамда бир кой союу.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\181).

***

Суроо: Таваф кылганда бутка байпак кийүүнүн өкүмү кандай? Байпак тигилген болуп эсептелеби?

Жооп: Эркек кишиге ажыда да, умрада да бутка байпак кийүүгө болбойт. Эгер оору себептүү кийүү зарыл болсо, кийип, бирок фидия төлөшү керек. Фидия үч күн орозо, же алты жакырды тойгузуу (курма ж.б. жарым саъадан), же кой союу.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\183).

***

Суроо: Ихрамдагы адам салкындоо үчүн денесин толук жууса болобу?

Жооп: Эгер ысык болсо салкындоо үчүн жуунса болот. Мунун менен ал жакшы ибадат кылууга күч-кубат алат. Бирок жуунганда денесинен түктөрдү түшүрүп албоого этият кылуусу керек.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\184).

***

Суроо: Ихамдагы адам жолунда дарактын бутагын же башка чөптү тебелеп сындырса эмне болот?

Жооп: Эгер харамдын чегинен сырткары жерде болсо эч нерсе эмес. Болгону эгер ал өсүмдүктүн ээси болсо ага анын баасын төлөп берет. А эгер харамдын чегинде ушундай кылса, анда алгач ээси болсо ээсине баасын төлөп берет. Эгер ээси жок болсо эч нерсе важыб болбойт. Бирок атайылап кылбоо керек. Анткени пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) андай кылуудан кайтарган.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\185).

***

Суроо: Ихрамдагы эркек же аял умра же ажылыктагы ихрамын башка ихрамга өзгөртсө болобу?

Жооп: Ажыга же умрага ихрамга кирген адам ихрамын башка ихрам кийимине өзгөртсө болот. Мунун ажыга же умрага зыяны жок.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\185).

***

Суроо: Мултазамда Каабаны сылап дуба кылып жатып колума Каабаны жыттуулаган маайга колум тийип кетти. Аны менен денемди, чачымды, кийимимди жыттуулап алдым. Мунун өкүмү кандай болот. Мен муну атайлап жасаганым жок. Кийин даарат алганымда жыттын күчү кеткендей болду?

Жооп: Каабага себилген жыттууларга кокус кол тийсе кечиримдүү. Бирок андан кийин аны дене-башыңа сүртүп алганың өтө туура эмес. Буга штраф важыб болот. Штраф - үч күн орозо кармоо, же алты жардыны тамактандыруу (ар бирине жарым саъадан) же кой союу. Эгер шарият өкүмүн билбей же унутуп кылган болсоң, эч нерсе эмес.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\186).

***

Суроо: Бир аял үч жолу умра кылыптыр. Үчөөндө тең бетти жапкан буркин кийип алган. Анын үстүнөн жука кездемени жаап, кээде букиндин үстүнөн жаап, кээде ачып алып жүргөн. Чыны ал умрада буркин кийгендин өкүмүн билген эмес. Эми ал эмне кылышы керек?

Жооп: Ажы же умра кылуу үчүн ихрамга кирген аялга бетин никаб менен жабууга болбойт. Буркин дегени ушул. Бирок бөтөн эркектердин арасында жоолугунун учу менен бетин жапса болот. Коштошуу ажылыгында пайгамбарыбыздын аялдары ушундай кылган. Ал эми өкүмдү билбестен кылганы үчүн бул аялга эч нерсе важыб болбойт. Анткени билбегени үчүн ага кечиримдүү.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\194).

***

Төртүнчү: Тавафка тиешелүү фатвалар.

Суроо: Умранын амалдарын аткара баштагам. Амалдарды толук билбегендиктен, тавафты баштаганда кара таштын тушунан эмес Йемен бурчунан баштап алыпмын. Шарт жана важыбдарды билбегеним үчүн ушундай кылдым. Ал эми башка амалдарын туура аткардым. Мен эми эмне кылышым керек?

Жооп: Сурап жаткан адам айткандай тававфты Йемен бурчунан баштоо ката болуп эсептелет. Туурасы таваф кара таштын тушунан башталышы керек. Бирок бул ката тавафтын толук болуусуна зыянын тийгизбейт. Бул биринчи шартка кошумча болуп калат. Эгер толук жети айлануу болуп, кара таштын тушунан бүтсө, ашыкча кылганы эч нерсе эмес.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\210).

***

Суроо: Тавафта истиба кылуу сүннөтпү? Эгер унутуп кылбай калса эмне болот? Кара ташты өбүү "бисмиллахи, Аллаху акбар" деп айтуунун ордуна өтөбү? Унуткандыктан улам ташты өбүү менен эле чектелип, бул сөздү айтпай калган адамга эмне болот? Макаам Ибрахимге баратканда эстеп, айтып койсо эмне болот?

Жооп: Истиба дегени - оң жак ийинин ачып колун чыгарып, жамынчынын оң жагын сол ийнине таштап койгону. Мындай кылуу Меккеге келгендеги алгачкы тавафта сүннөт. Таматту кылуучулардын умрасында, кыран жана муфрад кылуучулардын кудум тавафында ушундай. Ким муну аткарбаса, эч нерсе эмес.

Тавафты баштаганда такбирди, бисмилланы айтпай калса эч нерсе эмес. Анткен тавафтагы жана сайдагы зикир, дуба, такбирлердин баары сүннөт, важыб эмес. Таваф менен сайды баштоодо ниет кылуу важыб.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\210).

***

Суроо: Тавафта кичинекей кызымды көтөрүп жүргөм. Ага памперс кийгизип алган элек. Кийин уксам памперске сийдик толуп калгандыктан аны менен таваф кылуу жарабайт экен. Ушунун өкүмү кандай болот?

Жооп: Памперс кийген баланы көтөрүп таваф кылууга болот. Эгер таваф кылган адамдын денесине же кийимине нажас тийбесе эч нерсе болбойт. Памперс кийген баланы көтөрүп намаз окуунун өкүмү деле ушул сыяктуу.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\236).

***

Суроо: Этек кири келген аялдын таваф кылганы жарактуу болобу?

Жооп: Этек кири келген аял таза болуп, анан жуунуп тазаланмайынча таваф кылууга болбойт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Айша энебиздин этек кири келип калганда мындай деген: "Таза болмоюнча Каабаны таваф кылба".

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\249).

***

Суроо: Аял киши таваф жана сай кылып умрасын толук бүткөнчө күйөөсү же махрамы анын жанында болбой, харамда күтүп турса болобу?

Жооп: Аял киши умранын же ажылыктын тавафын кылганда күйөөнүн же махрамдын анын жанында болушу тавафтын жарактуу болуусуна шарт эмес. Аял менен сапарда бирге болуу шарт.

Фатаваа ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\353).

***

Суроо: Бир киши таваф кылып жатканда намаз башталып калса, мисалы бешинчи тавафты айланып жатат дейли. Намаздан кийин ошол жерден бешинчи тавафын улантып кетсе жарайбы? Же бешинчи тавафы жокко чыгып, аны кайрадан кара таштын жанынан баштап кетиши керекпи?

Жооп: Туурасы: Мындай абалда айлануу жокко чыкпайт. Имам менен бирге намаз окуу үчүн токтогон жерден улантып кете берет.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\230).

***

Суроо: Кара таш асмандан түшкөнү чынбы? Же жөнөкөй эле ташпы?

Жооп: Кара ташты өбүүнү, сылоону Аллах Таала бизге шарият кылган. Биз намаз окуганда жүздөнгөн Каабанын бурчунда туруусун каалаган. Таваф кылуучуларга аны өбүүнү, же сылап өтүүнү сүннөт кылган. Эгер андай кылууга мүмкүнчүлүк болбосо, анда такбир айтып, колду көтөрүп ишаара кылып өтүү керек. Ал эми кара таштын бейиштен тушкөндүгү тууралуу Имам Тирмизинин жана башкалардын жазып калтырган хадистери бар. Бирок ал хадистердин чынжыр тизмегинде алсыздык (ишеничсиздик) бар.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\228).

***

Суроо: Ажы же умра амалдарын аткарууда Каабаны өбүү адалбы же тыюу салынганбы?

Жооп: Кара ташты өбүү шариятта бар. Пайгамбарыбыздын кара ташты өпкөнү тууралуу хадистер бар. Ал эми андан башкасын өпкөн эмес.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\228).

***

Суроо: Тегерегинде бөтөн эркектер турганда аял кишинин кара ташты өпкөнү болобу?

Жооп: Таваф учурунда кара ташты өбүү бекемделген сүннөт. Эгер тыгын болбосо жана эч кимге зыян тийбесе өбүү керек. Анткени пайгамбарыбыз ушундай кылган. Эгер мүмкүн болбосо т.а. тыгын жаратуу жана башкаларга зыян берүү коркунучу болсо, ал учурда колду көтөрүп ишара кылып өтүү жетиштүү. Айрыкча аял кишилерге, анткени алар аврет. Тыгын учурда эркектерге ташты өбүүнүн зарылдыгы жок. Демек аялдарга андан бетер зарыл эмес. Тыгын болбогон учурда деле айланасында бөтөн эркектер турганда бетин ачып ташты өпкөнү туура эмес.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\229).

***

Суроо: Ажы же умра амалын аткарып жаткан киши таваф учурунда "Хижир Исмайил" деп аталган орунга киргени туурабы?

Жооп: Ажы же умра тавафын кылып жаткан адам, же жөн эле нафил таваф кылып жаткан адам "Хижир Исмайил" деген орунга кирүүгө болбойт. Эгер ошол орундун ичинен өтүп кетсе, ошол тавафы жараксыз болот. Анткени таваф Каабанын айланасында аткарылат. "Хижир Исмайил" болсо, Каабанын бир бөлүгү болуп эсептелет. Аллах Таала минтип айткан: "Эски Үйдү (Каабаны) айланып, тооп кылышсын". Имам Муслим Айша энебизден риваят кылган хадисте, ал минтип айткан: "Аллахтын элчисинен "Хижр" жөнүндө сурасам, ал: "Хижр Каабадан" - деди. Башка риваятта, мен: "Каабанын ичинде намаз окуюн деп назир кылып койдум эле" десем, ал мындай деди: "Хижрдин ичинде намаз оку, ал Каабанын бир бөлүгү".

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\233).

***

Бешинчи: Сайъ тууралуу фатвалар

Суроо: Сайъ кылган учурда жашыл сызыктардын ортосунан желип-жортуп өтүү тууралуу ажы жана умра маселелери жазылган китептерден аялдарга тыюу салынган эч көрбөдүм. Бир жолу аалымдардын бири телевизордон: Сайъ кылганда аялдар жашыл сызыктын ортолугунан желип-жортуп өтпөйт, бул эркектерге гана тиешелүү сүннөт дегенин угуп калдым. Анткени, аялдардын желип-жортуусу аврети ачылып, фитна пайда кылуусу мүмкүн деди. Бирок буга эч кандай далил айткан жок. Мен өзүмчө: эгер мында өз акылына сала турган болсо, анда бул сүннөт Хажар энебизден калган эмес беле, бул дагы акылга сыярлык го деп ойлодум. Бирок Аллахка шүгүр, мен дин акыл менен болбостугун жакшы билем. Али (ага Аллах ыраазы болсун) айткандай: Дин акылга салынбайт. Ушул тууралуу айтып бериңизчи?

Жооп: Ибн Мунзир минтип айткан: "Аялдарга Каабаны айланганда "ромл" бат-бат басууга, Сафа менен Марванын ортосунда "харвала" желип-жортуп өтүүгө, "изтиба" бир ийинин ачып алууга болбойт. Булардын негизи шамдагайлыкты көрсөтүү. Ал эми аялдар денени жашыруусу керек. Ал эми ромл менен изтиба болсо ачылууга алып келет.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\226).

***

Алтынчы: Умранын ихрамынан чыгуу тууралуу фатвалар

Суроо: Бул аптада умрадан чачын алдырып чыккан адам кийинки апта кайра умра кылса, эмне кылуусу керек? Анын чачы кырдырганга кыскалык кылат да?

Жооп: Ажы болобу, умра болобу чачын кырдыруу же кыскартуу важыб болот. Эгер башында такыр чачы болбосо (важыб сакыт болот) башын кырдырып койот. Ушуну менен ажысы же умрасы жарактуу боло берет.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\327).

***

Суроо: Бир жамаат умра амалын аткарып бүткөндөн кийин бирөөсү экинчисинин чачын алып, андан кийин ал мунун чачын алып, кыскасы бири-биринин чачын алып ихрамдан чыгышыптыр. Мунун өкүмү кандай?

Жооп: Эгер ихрамдагы адам ихрамдагы адамды ихрамдан чыгаруу үчүн чачын алса, эч нерсе эмес. Ихрамдагы адамга чач алууга уруксат.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\146).

***

Суроо: Чачты устара менен алган жакшыбы же станок менен алган жакшыбы же экөө тең бирдей элеби?

Жооп: Кандай аспап болсо да чачты алууга же кыскартууга болот. Болгону чачты алдыруу кыскартуудан жакшы экенин билишибиз керек. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чачын кырдыргандарга ырайым жана кечирим тилеп үч жолу, кыскарткандарга бир жолу дуба кылган.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\201).

***

Суроо: Эгерде Жидданын тургуну умра кылып, бирок чачын Жиддага келип алдырса, мунун өкүмү кандай?

Жооп: Ажылык кылабы же умра кылабы чачын харамдын ичинде алдырса да, сыртында алдырса да боло берет. Бирок умра кылуучу чачын алдырып же кыскартмайынча ихрамдан чыкпай турушу керек. Ажы кылуучу эгер шайтанга таш атып, таваф кылып, сайъ кылып бүткөн болсо, ихрамдан чыга берет, бирок чачын алдырмайынча аялына кошулбай турат.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\203).

***

Суроо: Бир киши Жиддага келип, кийинки күнү биринчи жолу умра кылуу үчүн жөнөдүк. Умраны аткарып бүткөндөн кийин ага: чачыңды кыскартасыңбы же алдырасыңбы? - десем, ал үйгө барып алдырам - деди. Үйгө келгенден кийин чачты алдырууну унутуп калып, ихрам кийимин чечип салдык. Бизге эмне важыб болот?

Жооп: Ким таваф кылып, сайъ кылып анан чачын алуудан мурда ихрам кийимин чечип алса, эстер замат кийимин кайра киет жана чачын алдырат же кыскартат. Анан кийимин кайра чечет. Унутуп калганы үчүн ага эч нерсе важыб болбойт.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\206).

***

Ажылар муктаж болгон фатвалар (2). Сауд Аравия Королдугундагы "Туруктуу фатва берүү комитетинин" фатвалар томтомунан тандалып, абалга жараша суроолор кыскартылып даярдалган.

Ажылыктын өкүмү, анын орду жана ажы бадал

Суроо: Ислам ааламында Меккенин орду кандай?

Жооп: Аллах Таала Меккени адамдар үчүн аман, тынч, харамжай кылган. Ага ажылар жана аалымдар Аллахтан сооп үмүт кылып, Аллахтын каарынан коркуп, ажы амалдарын аткаруу үчүн чогулат. Ал жерде мусулмандар бири-бири менен таанышат, бири-бирине насаат айтышат, бири-бири менен кеңешет. Ал жерде алардын жакшы амалдары, окуган намаздары эселеп көбөйөт.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (8\11).

***

Суроо: Атам болжолдуу мындан 40 жыл мурда жөө барып ажылык кылган. Эки жолу умра кылды. Экинчи умрасын өлөрдөн үч жыл мурда аткарган. Бирок атам окуганды, жазганды билбеген киши эле. Ажылыкты кандай аткарганын билбейм. Эми мага анын атынан ажылык кылуу зарылбы?

Жооп: Ажылык өмүрдө бир эле жолу аткарылат. Экинчи жолу ажы кылуу важыб эмес. Эгер сен атаңдын атынан ажылык кылсаң да, ал нафил болуп эсептелет. Ошентсе да Аллах кабыл кылса, сага да, атаңа да сооп болот.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\15).

***

Суроо: Аял кишинин күйөөсүнүн уруксатысыз парз ажылыкка чыгуусу кандай?

Жооп: Парз ажылыкты аткаруу зарыл милдет, эгер бардык шарттар табылса. Шарттардын арасында күйөөнүн уруксаты жок. Күйөөсү аялын тыйбастан, тескерисинче аны колдоп, аны менен бирге ажыга барганы жакшы.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\20).

***

Суроо: Күйөөсү бар аял күйөөсүнүн ыраазылыгы жок эле жакын туугандары (бир тууган ага-инилери) менен ажыга кете берсе болобу?

Жооп: аял кишиге парз ажылыкка гана күйөөсүнүн уруксатысыз барса болот. Эгер башка махрамы болсо күйөөсү аялын парз ажылыктан тыя албайт. Ал эми махрамы жок болсо, ажылыкка да, башка сапарга да чыгууга болбойт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллахка жана кыямат күнүнө ишенген аялга махрамы жок сапарга чыгуу адал болбойт". Аялдардын жамааты махрамдын ордуна жүрбөйт. Парз ажылык болобу, башка сапар болобу баары бирдей.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\40).

***

Суроо: Эгер балакат жашына жетет элек балам мени менен ажыга барса, ага да ихрам кийимин кийгизүү керекпи? Жана анын ордуна бардык амалдарды кошо аткарамбы? Же адаттагыдай эле кийинтип, ал үчүн эч кандай амал кылбаймынбы? Анткени ал кичинекей да, ага ажылык парз эмес.

Жооп: Эгерде бала ак-караны ажыраткан жашка жетип, бирок толук балакатка чыга элек болсо, аны ихрам кийүүгө жана бардык амалдарды аткарууга, мийкаттан ихрам кийгенден баштап, ажылыктын акыркы амалына чейин аткарууга буйруу керек. Эгер таш ата албаса, анын ордуна таш атып берсе болот. Ошондой эле ихрамдагы адам сактана турган иштин баарынан сактанууга буйруу керек. Ал эми бала ак-караны ажыратпаган жашта болсо, анын атынан ажы же умраны ниет кылып, таваф кылып, сайъ кылып, башка амалдарды да аны менен бирге аткарып, анын ордуна шайтанга таш атуу керек болот.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\22).

***

Суроо: Жаш бала же кыз парз ажылыкты аткарса, ажылыкты аткарган болуп эсептелеби, же напил болуп сообу ата-энесине жазылабы?

Жооп: Ажы да, умра да напил болуп эсептелет. Муну менен ажылыктан да, умрадан да кутула албайт.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\23).

***

Суроо: Сауд Арабия Падышалыгына конокко келип, үй ээсинин каражаты менен ага парз ажылыкты аткарууга мүмкүнчүлүк болуп калды. Ушул ажылык менен ал моюнундагы ажылыктан кутулабы? Анткен менен ал өзүнөн эч кандай каражат кетирген жок.

Жооп: Өзүнүн малынан каржылабаганы анын аткарган ажылыгына зыянын тийгизбейт. Өз байлыгынан азыраак иштетеби, же башка бирөө аны толук каржылайбы, эгер ажылыктын шарттарын, ваажыбдарын, үрүкүндөрүн толук аткарса, ажылык анын моюнунан сакыт болот. Кийин кайра аткаруунун кажети жок.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\34).

***

Суроо: Бирөө банкка мисалы 125 миң салып койгон. Эми ошол акча менен ажыга барууга ниет кылса жана мындан башка жолу жок болсо, ушул акча менен ажыга барууга болобу? Эгер барса ажысы жарактуу болуп эсептелеби? Себеби бардык банктар үстөк пайыз менен иштегени белгилүү.

Жооп: Ажылыгы жарактуу болот. Бул ажылыкка кадыр болуп турганда аны кечиктирүүгө себеп боло албайт.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\42).

***

Суроо: Арамдан тапкан акча менен ажыга баруунун өкүмү кандай? Мындай ажылык кабыл болобу же жокпу?

Жооп: Арам акча менен ажылык кылуу ажылыктын жарактуу болуусун бузбайт. Бирок арамдан акча тапканы үчүн күнөөкөр болот. Бул ажылыктын сообун кетирет, бирок ажылыкты жокко чыгарбайт.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\43).

***

Суроо: Мен банктан жыл сайын бөлүп төлөп туруу шарты менен акча алганмын. Банкка ушул суммада карыз болуп турганда ажылыкка барууга укугум барбы?

Жооп: Ажыга барууга мүмкүнчүлүктүн табылышы анын важыб болуусунун бир шарты. Эгер алган акча ажылыкка барууга жетсе жана анын төлөмүн өз убагында төлөөгө да кудуретиң жатип турса, сага ажыга баруу лаазым болот. Эгер анын взносун төлөө жана кайтарымы чогуу келип калып, ажыга барууга чамаң жетпей калса, анда ажыны кийинкиге калтырып тур. Аллах Таала минтип айткан: "Адамдардын моюнунда Аллах үчүн (ыйык) үйдү ажылык кылуу милдети бар, (бул) жолго кудурети жеткендер үчүн гана".

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\45).

***

Суроо: Өтүп кеткен адамга же ажыга барууга жарабай калган картаң адамга ажылык өтөө үчүн өзүнүн акчасы жок жөнөткөн адамдын акчасы менен барган адам, алгач өзүнө ажы кылабы же ордуна барган адамгабы?

Жооп: Өзүнө ажы кыла элек адамдын башка бирөөгө ажы кылуусу жарактуу болбойт. Буга Ибн Аббас (аларга Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадис негиз болот. "Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир кишинин: Лаббайка ан Шабрума (Шабруманын атынан ниет кылдым) дегенин угуп: "Сен өзүң ажы кылдыңбы?" - деп сурайт. Тиги киши: Жок - дейт. "Анда алгач өзүң ажы кылып, анан Шабрумага ажы кыл" - дейт.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\50).

***

Суроо: Өзүнүн ажылыгын өтөгөндөн кийин башка бир келүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон жакыны үчүн ажылык кылса болобу?

Жооп: Өзүнүн ажылыгын өтөгөндөн кийин башка бирөөгө ажы кылса болот. Бирок башка бирөө жашы аябай улуу, же такыр айыкпай турган оорулуу, же дүйнөдөн өтүп кеткен адам болушу керек. Бул тууралуу ишенимдүү хадистерде айтылган. А эгер бара албаган киши эртедир-кечтир баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турган болсо, мисалы айыга турган оору, жолдун жабыктыгы, же жашаган жериндеги саясий абал, ж.б. мындай адамдын атынан ажылык кылганга болбойт. Себеби бул тыюулардын жоюлуу үмүтү бар.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\51).

***

Суроо: Ата-энем дүйнөдөн өтүп кеткен. Алар кембагал болгону үчүн парз ажылыкка барган эмес. Эми мен алардын атынан ажылык кылгым келет. Ушул тууралуу шарият өкүмүн билгим келет.

Жооп: Эгер сен өзүң ажылык кылган болсоң ата-энеңдин атынан ажы кылсаң болот. Же ажы кылган бирөөнү ата-энеңдин атнан ажы кылууга жиберсең да болот. Абу Даудда Абдулла бин Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадис бар: "Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир кишинин: Лаббайка ан Шабрума (Шабруманын атынан ниет кылдым) дегенин угуп: "Сен өзүң ажы кылдыңбы?" - деп сурайт. Тиги киши: Жок - дейт. "Анда алгач өзүң ажы кылып, анан Шабрумага ажы кыл" - дейт Бул хадисти Ибн Маажа да жазып калтырган. Байхаки бул хадис тууралуу: Чынжыр тизмеги ишенимдүү, бул бөлүмдө мындан өткөн ишенимдүү хадис жок деген.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\53).

***

Суроо: Бир эле ажылыкта өзүнө, атасына жана энесине ажылык кылса болобу?

Жооп: Ажылыкты өтүп кеткен жана тирүү бирок келе албаган адамга аткарса болот. Бирок бир ажылыкта эки адамга ажылык кылууга болбойт. Ажылык бир гана адамга өтөт. Умра да ошондой. Бирок бир ажылыкта бир кишиге ажы, дагы бир кишиге умра кылса болот. Мында да ажы жана умра кылган киши мурда өзү ажы жана умра кылган болушу керек.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\57).

***

Суроо: Ажыга жөнөп атасына ажыны, энесине умраны ниет кылса, кийинки жылы тескерисинче, атасына умраны, энесине ажыны ниет кылса болобу?

Жооп: Ажынын да, умранын да өз-өзүнчө амалдары бар. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыран кандай, таматту кандай, ифрад кандай баарын бизге баяндап берген. Мисалга, ким энесине умра кылуу үчүн ихрамга кирсе же атасынын умрасынын ихрамынан чыгып энесинин ажысына ихрамга кирсе, же ушунун тескерисин кылса, бул жарактуу болот. Бирок ажыны да, умраны да өзү аткарган болушу керек. Анткени амалдар ниетке жараша болот.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\58).

***

Суроо: Күйөөм каза болуп калган. Быйылкы жылы анын атынан ажы кылуу үчүн бирөөнү жиберүүнү ниет кылып жатам. Анын ордуна бара турган адам жол киреси, ичкен-жегени, жатаканасынан сырткары дагы акча алуусу дуруспу?

Жооп: Бирөөнүн ордуна ажы амалын аткаруу үчүн барган адам бул амалды аткарып бергени үчүн акы алуусу дурус. Тамагы, жатаканасы, жол киресинен, жана башка муктаждыктарынан ашыкча болсо да. Ошентсе да, ыйык харамда ибадат кылуу мүмкүнчүлүгү берилгенине көңүл буруп, максаты жалаң акча эмес, ибадат болгону жакшы.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\60).

***

Суроо: Биз ажы кылганда жаш балабыз жаныбызда болчу. Ага бир дүйнөдөн өткөн аялдын атынан ниет кылдырып, таваф кылдык, бардык амалдарды аткардык, фидия да бердик. Мунун өкүмү кандай болуп калат?

Жооп: Жаш баланын аткарганы өзү үчүн напил болуп эсептелет. Ал өзүнө ажы кылмайынча башка бирөөгө ажалык кыла албайт. Ал балакатка жеткенден кийин гана парз ажылыгы өтөт.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\68).

***

Суроо: Өзү ажыга бара элек баласы ата-энесин ажыга жиберсе болобу?

Жооп: Ажылык ар бир балакатка жеткен, акылы жайында, эркин, барууга мүмкүнчүлүгү бар мусулманга өмүрүндө бир жолу милдет. Ата-энеге жакшылык кылуу, милдетти аткарууда аларды колдоо таакатка жараша аткарыла турган иш. Сага оболу өзүңдүн ажы кылганың важыб. Эгер өзүң менен чогуу алып бара албасаң, андан кийин аларды жиберсең болот. Ошентсе да, өзүң барбай туруп аларды жиберсең деле алардын ажысы жарактуу боло берет.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\70).

***

Суроо: Апамдын жашы жүзгө жакындап калды, парз ажылыгын аткарууга кудурети жетпеши анык. Өткөн жылы анын атынан ажы жана умра кылганмын. Бирок кээ бирөөлөр ал тирүү турганда ажылык кылганың болбойт, дүйнөдөн өткөн адамга гана ажылык кылат деп жатышат.

Жооп: Эгер энең өзү ажы кылууга кудурети жетпей калган болсо, сенин ал үчүн аткарган ажы жана умраң жарактуу. Эгер өзүң үчүн ажы жана умра кылган болсоң.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\71).

***

Суроо: Ажы амалдарынын ичинен кайсы амалды бирөөнүн ордуна аткарса болот? Жана кайсы учурда башка бирөөнүн атынан ажы кылууга болот?

Жооп: Ажы жана умра дүйнөдөн өтүп кеткен мусулман адамга, жашы улуулуктан, айыкпас оорудан улам ажы же умра кыла албаган тирүү мусулманга ажы же умраны башка бирөө аткарса болот. Ал эми ажы амалдарынан таш атууну жаш баланын, картаң кишинин же ооруп калган адамдын атынан аткарса болот. Мында аткарган адам ошол жылы ажыга келген жана өзү үчүн таш атууну аткарган адам болушу керек.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\76).

***

Суроо: Башка бир мусулман өлкөдө бир тууганыбыз каза болду. Ал ажылык кылган эмес эле. Бирок ага ажылык милдет болгон эле. Эми мен бул жактан анын атынан ажылык кылып койсом болобу? Анткени мен азыркы учурда Сауд Арабиясында турам. Башка өлкөдөн келип ажы кылган менен бул жерден ажы кылгандын соопто айырмасы болобу?

Жооп: Башка кайсы өлкөдө өлсө да анын атынан сен бул жактан ажы кылсаң болот. Аралыктын эч кандай мааниси жок. Бирок ыкласка, каражатка жана шарият амалдарын так аткарганга жараша соопто айырма болот.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\77).

***

Суроо: Эркекпи, аялбы, өтүп кеткен адам үчүн же оорусу айыкпаган жана картаң адам үчүн ажы кылып берүүгө акы алса, бул акыдан тышкары Аллахтан сооп да алабы?

Жооп: Ажы болобу, умра болобу акы алабы, албайбы сообу аткарткан адамга болот. Ал эми аткарган адам үчүн ыкласына, жакшы ишке умтулганына, харамда окуган намаздарына, напилдерине, кыскасы кылган амалдарына жараша сообу берилет деп үмүт кылабыз.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\77).

***

Суроо: Африкада жашаган бирөө энесинин атынан ажылык кылдыруу үчүн бирөөнү жалдаса, ага Африкадан келип кете тургандай акча төлөшү керекпи, же андан аз төлөсө боло береби?

Жооп: Бул киши Меккеден же башка жерден энеси үчүн ажылык кылдырууга киши жалдаса болот. Эгер энеси өтүп кеткен болсо, же айыгышына үмүт болбогон оору менен ооруса. Ага аз төлөйбү, көп төлөйбү, же төлөбөйбү айырмасы жок, аткарткан ажылыгы жарактуу болот.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\80).

***

Суроо: Атам каза болуп, парз ажылыгын өтөй албай калды. Анын атынан ажы кылуу мага важыб экенин билдим. Бир адам менен атам үчүн ажылык кылууга келиштик. Бирок ал менден өтүп кеткен атамдын жанын анын энесинин (чоң энемдин) атын сураганда биз билбей калдык. Чоң энебиздин атын билбегендиктен атамдын эле атын атоо жетиштүүбү?

Жооп: Башка бирөөнүн атынан ажы кылганда аны ниет эле кылуу жетиштүү. Ажы кылына турган адамдын атын атоо зарыл эмес. Анын өзү эмес, ата-энесинин атын атоо да зарыл. Ихрамга киргенде, талбия айткан учурда, таматтуга курмандык чалганда эгер кыран же таматту кылуучу болсо, атын атаганы жакшы. Абу Давуд жана Ибну Мажа кылган, Ибну Хиббан сахих деген хадисте Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) айтты: "Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир кишинин: Лаббайка ан Шабрума (Шабруманын атынан ниет кылдым) дегенин угуп: "Сен өзүң ажы кылдыңбы?" - деп сурайт. Тиги киши: Жок - дейт. "Анда алгач өзүң ажы кылып, анан Шабрумага ажы кыл" - дейт

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\81).

***

Суроо: 25 жаштагы бир адам каза болуп калды. Ажы кыла элек болчу. Анын атынан ажы кылсак болобу? Эгер анын каражаты бар болсо, умра кылбай эле ажы кылса жетиштүүбү?

Жооп: Кимге ажылыкты аткаруу парз болсо жана ал ажылык кылганга чейин дүйнөдөн өтүп кетсе, ага ажы жана умра кылуу үчүн анын жалпы байлыгынан каражат чыгарылат. Эгер аны аткарып бере турган адам табылса, байлыгынан чыгарбай деле ажы кылдырса болот. Ажылык - Исламдын бир парзы. Адам өлүү менен моюнунан сакыт болбойт. Имам Бухаринин ишенимдүү хадис китебинде хадис бар. "Жухайна уруусунан бир аял пайгамбарыбызга келип: "Энем ажы кылам деп назир кылган эле, бирок ага чейин каза болуп калды. Ал үчүн ажы кылышым керекпи?" - деп сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ооба, анын атынан ажылыкты аткар. Эгер энеңдин карызы болсо, аны төлөйт белең? Аллахтын карызын төлөө андан да зарыл" - дейт. "Хасаъм уруусунан болгон бир аял пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "О Аллахтын элчиси, ажылык кылуу пенденин моюнундагы парз, менин атам картайып улоодо жүрүүгө жарабай калган кезде милдет болду. Анын атынан ажылык кылышым керекпи?" - деп сурады эле, ал: "Атаңдын атынан ажылык кыл" - деди. Ал эми умра боюнча беш имам риваят кылган хадисте: "Абу Разин Акилий пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Менин атам картайып, ажыга да, умрага да сапарга чыгууга дажарабай калды" - дегенде, ал: "Атаң үчүн ажы жана умра кыл" - деди.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Уула (11\87).

***

Суроо: Мусулман аялга ишенимдүү аялдардын жамааты менен парз ажылыкты аткарууга болобу? Эгер аны менен барууга жакындарынан эч кимдин мүмкүнчүлүгү болосо, же атасы кайтыш болуп калган болсо. Аны менен энеси, же таежеси, же атасы менен бир тууган эжеси же башка бир өзү тандаган ылайыктуу аял кошо барышы кандай?

Жооп: Туурасы аял киши ажылык сапарына күйөөсү же башка эркек махрамы менен гана барышы керек. Ишеничтүү аялдар жамааты болобу, махрам болбогон эркектер жамааты болобу барууга болбойт. Ошондой эле энеси, таежеси, эжеси менен да бара албайт. Күйөөсү же эркек махрамы менен барышы зарыл. Эгер андай адам табылбаса, анда табылганга чейин аткарууга мүмкүндүк шарты табылбагандыктан ага ажылык парз эмес. Аллах Таала минтип айткан: "Адамдардын моюнунда Аллах үчүн (ыйык) үйдү ажылык кылуу милдети бар, (бул) жолго кудурети жеткендер үчүн гана".

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\91).

***

Суроо: Өзү ажыга барууга кадыр болуп турган аял күйөөсүнөн же махрамынан ажырап калса, же аза күтүү мөөнөтүндө отурган болсо, ага ажылык парз болуп эсептелеби?

Жооп: Сапарга чогуу чыга турган махрамы жок аялга ажылык парз болуп эсептелбейт. Ошондой эле аза күтүү мөөнөтүндө отурганда ажылык кылууга болбойт.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\94).

***

Суроо: Бир аял ыймандуу курбусуна кошулуп, махрамы жок эле парз ажылыкты аткарып келди. Анын моюнунан ажылык сакыт болдубу?

Жооп: Эгер чындап ушундай болсо, ажылык анын моюнунан сакыт болду. Бирок махрамы жок сапарга чыкканы үчүн күнөөкөр болду. Аллахка тообо кылып, истигфар айтышы ваажыб.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\97).

***

Суроо: Бир киши парз ажылыкты аткарганга чейин дүйнөдөн өтүп кетти. Ал өзүнүн байлыгынан сарптап бирөөнү ажыга жиберүүнү мураскерлерине осуят кылды жана ушинтсе ажылыгы жарактуу болорун сурады. Башка бирөөнүн кылган ажылыгы өзү аткарган ажылыктай эле болобу?

Жооп: Өлгөн адам ажылык кылууга татыктуу болуп туруп ажы кылбай кеткен болсо, анын атынан андан калган байлыктан сарптап ажылык кылуу важыб. Мейли ал осуят кылсын, же кылбасын айырмасы жок. Анын атынан ажы кылган адам мурда ажы кылган болсо, анын ажылыгы жарактуу болот жана моюнунан сакыт болот. Ал эми башка бирөөнүн аткарган ажылыгы өзү аткарган ажылыктай эле болобу деген маселе, бул Аллах Таалага кайтарылат. Эгер өлгөнгө чейин ажы кылууга шашылуу ага важыб экендигигнде шек жок. Буга ачык далилдер бар. Өз убагында аткарбай кечиктиргени үчүн күнөөкөр болуу коркунучу бар.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\100).

***

Суроо: Эгер ажыга келген адам менен жолдошторунун ортосунда анча-мынча талаш-тартыш болуп калса, ажылыгы жарактуу боло береби?

Жооп: Ажысы жарактуу, парздын ордуна өтөт. Бирок талаш-тартышынын чегине жараша сообу азаят. Ага тообо кылуу важыб. Аллах Таала минтип айткан: "Оо, ыймандуулар! Баарыңар Аллахка тообо кылгыла, ажеп эмес жеңишке (бейишке) жетсеңер!".

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\112).

***

Мийкаттар жана ихрам тууралуу фатвалар

Суроо: Жиддадан ихрамга кирүүгө болобу?

Жооп: Жидда ажы жана умра үчүн мийкат эмес, бирок жергиликтүүлөр үчүн болот. Ошондой эле Жиддага ажы жана умраны ниет кылбай башка максатта келип, кийин ажы же умра кылмакчы болсо ошол жерден ихрамга кирсе болот. Ал эми кимде ага чейин мийкаты болсо, мисалы мединалыктар же ошол тараптан келгендер Зул-хулайфадан, же Жухфадан, же Йаламламдан ихрамга кирүүчүлөр асмандан өтөбү, деңизден өтөбү же кургактан өтөбү ушул жерлерден гана ихрамга кире алат.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\130).

***

Суроо: Эгер ихрамдан мурда жыттууларды себинүүнү кааласа, жуунуудан мурда себинеби же жуунгандан кийинби?

Жооп: Эгер умра же ажынын амалдарын баштамакчы болгон адам жыттууларды себингиси келсе, талбия айтуудан мурда себинсин. Жакшысы жуунгандан кийин себингени. Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айткан: "Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ихрамга кирерден мурда жана биринчи ихрамдан чыгып, Каабаны таваф кылардан мурда ага (денесине) жыттууларды сүртүп берчү элем". Ишенимдүүлүгү бир ооздон бекемделген хадис.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\168).

***

Суроо: Эмне үчүн Аллах Таала ажыларга тигилген кийим кийүүгө тыюу салынган, мунун кандай сыры бар?

Жооп: Биринчиден: Аллах Таала ажылыкты чамасы жеткен адамга өмүрүндө бир жолу аткарууну милдет кылган. Аны Исламдын бир түркүгү кылган. Ал баарына белгилүү болгон диндеги эң зарыл амал. Мусулман адам Аллах Таала милдет кылган парзды Аллахтын ыраазылыгы үчүн Ага моюн сунуп, сообун үмүт кылып, азабынан коркуп аткарат. Аллах Таала бардык шарият өкүмдөрүн даанышмандык менен буйруганына, пенделерине ырайымдуу экенине, аларга дүйнө жана акыретине пайдалуу нерсени гана шарият кылып буйруганына ишениши зарыл. Раббибиз шарияттын Эгеси, Даанышман, пенделер болсо Анын буйругун баш ийүү менен аткарууга милдеттүү.

Экинчден: Ажы жана умрада тигилген кийим кийүүгө тыюу салуунун көп сырлары бар. Анын бири: кайра тирилүү күндөгү адамдардын абалын көз алдыга келтирүү. Кыяматта адамдар жылаңач, жылаңаяк, сүннөткө отургузулбаган абалда тирилет да, анан кийим кийгизилет. Кыяматтагы абалды эстөөдө чоң үлгү, өрнөк бар. Дагы бири: Напсини сындыруу, кичипейилдикке тарбиялоо жана текебердиктен тазалоо. Дагы бири: мусулмандардын ортосундагы жакындыкты, биримдикти сездирип, бөлүнүп-жарылуудан алыстоо. Дагы бири: кедей-кембагалга жакын болуу, ж.б. Аллах Таала буйруган жана Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) баяндаган максаттар.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\179).

***

Суроо: Эмне үчүн ажылыкта ушул кийимдерди кийебиз?

Жооп: Аллах Таала пайгамбарыбыздын тили менен ажы жана умрада ушул эки кийимди кийүүгө буйруган, анын Өзүгө гана белгилүү хикмет, сыры бар. Анын сырын билсек, билбесек сооп үмүт кылып, аны аткаруу бизге важыб. Ошентсе да кээ бир аалымдар: бул кыяматтагы адамдардын Аллахтын алдына чогулган учурун эстөө үчүн, кичипейилдикти, бай менен кедейдин ортосундагы теңдикти сезүү үчүн деп айтышкан. Аллахтан бизге жана сиздерге ийгилик, хидаят жана Ага жолукканга чейин акыйкат жолунда туруктуулукту сурайбыз.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\171).

***

Суроо: Этек кири келип калган аялдын ажылыгын өкүмү кандай?

Жооп: Этек кир ажылыкты тоспойт. Ихрамга кирген аял этек кир көрсө, ажылыктын амалдыран аткара берет. Болгону Каабаны таваф кылбай турат. Тазаланып, жуунгандан кийин гана таваф кылат. Төрөттөн кийинки каны келип турган аялдар да ушундай. Эгер ажылыктын үрүкүндөрүн (парздарын) аткарса - ажылыгы жарактуу.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\172).

***

Суроо: Ажылыкты аткаруу үчүн барган аял учурашуу тавафынан мурда этек кири келип калды, анын өкүмү кандай? Этек кири келип турган учурда Арафатка бара берсе болобу?

Жооп: Ихрам боюнча кала берет да, ажылар эмне амал аткарса, ошонун баарын аткара берет, бирок таза болуп, жуунмайынча Каабаны таваф кылбай турат.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\173).

***

Суроо: Мийкаттан ихрамга киргенден кийин тырмагын алууга болобу, же курмандыгын чалмайынча албай туруш керекпи?

Жооп: Эгер ихрамга кирбестен мурда мындай кылса, эч нерсе эмес. Болгону эгер курмандык чалам деп ниет кылган болсо ажылык айы киргенден баштап тырмагын албай турушу керек. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындан тыйган. Ал эми ниет кылып ихрамга киргенден кийин тырмак алуу бардык адамга бирдей тыюу салынат. Ихрамга кирген адамга тырмагын кыскартууга, денесинен түктү алууга болбойт. Умранын таваф жана сайъ кылгандан кийин гана уруксат. Ушундан кийин ал чачын алуу же кыскартуу менен ихрамдан чыгат. Ал эми ажылыкта шайтанга таш аткандан кийин чачын алдырып же кыскартып ихрамдан чыгат. Чачты алдыруу кыскартуудан абзел. Ушундан кийин курмандык чалса, чалбаса ихрамдан чыкса болот. Бирок чалгандан кийин чыкканы дагы жакшы.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\178).

***

Суроо: Өткөн жылы атам ажылык кылды. Бирок катуу оорунун айынан ихрам кийимин кие албады, ага эмне важыб болот?

Жооп: Эгер ажы кылган киши оору ж.б. себеп менен ихрам кийбесе, бул себептүүлөрдүн өкүмүнө кирет. Тигилген кийим кийип алганы үчүн үч күн орозо кармашы керек, же алты жакыр адамды тойгузушу керек, ошол жердин азыктарынан жарым сааъ ар бир кишиге берилет. Же курмандык кылып бир кой союшу керек. Башын жаап алган адамга да ушундай. Орозону кайсы жерде болсо да кармай берсе болот. Тойгузуу менен кой сою харамдын ичинде гана болушу керек.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\180).

***

Суроо: Мен ажылык кылууну ниет кылып, кызыгып турган чагым. Бирок менин бир көйгөйүм бар. Менин башым таз жана ага күн нуру тийсе ооруп калам. Боюм кыска болгону үчүн элдин арасында кол чатыр көтөрсөм башкаларга зыяным тийиши мүмкүн. Мага кандай кеңеш бересиз?

Жооп: Иштин баары сен айткандай болсо, сен ихрамда башыңды бир нерсе менен жаап жүрсөң болот. Анан фидия кылып кой союп, Меккеде жардыларга бересиң. Же алты жакыр адамды тойгузасың. Ар бирине ошол жердин азыгынан жарым сааъ өлчөмдө берилет. Же үч күн орозо кармайсың. Бул ажылыктын фидиясы. Эгер умра да кылсаң ага өзүнчө фидия кыласың.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\181).

***

Суроо: Ажы кылып жаткан бир киши жаман абалга туш болду. Ал Акабада таш атып, чачын алдыргандан кийин аялын өөп, кумарлануу менен уруктук суусун түшүрүп алыптыр. Аялы ажы кылган эмес. Ушуга кеңеш бериңизчи?

Жооп: Ажыга же умрага же экөөнө тең ихрамга кирген адам ихрамын буза турган же сообун кемите турган иштерден оолак болушу керек. Өбүү толук ихрамдан чыкканга чейин тыюу салынган. Б.а. Акабада таш атуу, чачты алдыруу же кыскартуу, ифада (парз) тавафы, сайъ ушуларды бүткөндөн кийин ихрамдан чыгат. Анткени, аялды өбүү тыюу салынган ихрам абалында болот. Биричи ихрамдан чыккандан кийин аялын өбкөн же суусун түшүргөн адамдын ажылыгы бузулбайт. Ал Аллахка тообо кылып, экинчи мындай кылбашы керек. Ал курмандыкка жараган бир кой союп, Меккенин жакырларына таратып берет. Муну мүмкүн болушунча тезирээк кылууга шашылуу керек.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\188).

***

Суроо: Парз ажылыкты аткардым. Минада жаткан түнү түшүмдө жунуп болуп калып, жуунууга мүмкүн болбой калды. Мага бир нерсе важыб болобу?

Жооп: Ажы же умрага ихрамга кирген адамдын түшүркөп жунуб болуусу ажылыгына да, умрасына да таасир бербейт жана бузбайт. Кимде мындай болсо, ойгонгондо урук суусун көрсө дароо жуунуп алышы керек. Бул үчүн фидия берилбейт, анткени түш көрүп жунуп болуу сенин ыктыярындагы иш эмес.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\188).

***

Суроо: Мекке менен Мединанын көгүчкөндөрүндө (уулоодо) өзгөчөлүк барбы?

Жооп: Меккенин да, Мединанын да көгүчкөндөрүндө өзгөчөлүк жок. Экөөндө тең харамдын чегинде болсо, аларга уучулук кылынбайт жана кубаланбайт. Хадис жалпы айтылган: "Аллах Таала Меккенин арам кылган. Менден мурда арам болгон, Менден кийин да арам боюнча калат. Мага күндүздүн бир аз бөлүгүндө гана (басып кирүүгө) адал кылынды. Чөбү жулунбайт, дарактары кыйылбайт, жаныбарларына аңчылык кылынбайт". Имам Бухраи риваят кылган хадис. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дагы мындай деген: "Ибрахим пайгамбар Меккени арам кылган, мен болсо Медина жана анын айланасын арам кылдым. Анын дарактары кыйылбайт, жаныбарларына аңчылык кылынбайт". Муслим риваят кылган.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\202).

***

Суроо: Өзүнүн таматту ажы кылып жатканын билип туруп умрадан кийин ихрам кийимин чечип салса болобу?

Жооп: Таматту ажылыгын кылып жаткан адам умрадан кийин ихрамын чечүүгө болот. Умра - таваф, сайъ, чач алдыруу же кыскартуу. Андан кийин адаттагы кийимин киет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) коштошуу ажылыгында, хадия мал алып келбеген сахабаларын ушундай кылууга буйруган. Анан ажынын сегизинчи күнү кайрадан ажылык үчүн ихрамга кирет.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\202).

***

Суроо: Таматту ажылыгын кылган адам, умраны аткаргандан кийин ихрамдан чыккан учурунда кандай мубах иштерди аткара берсе болот?

Жооп: Ким ажылыкка таматту умрасын аткарса, б.а. таваф, сайъ кылып, чачын алдырса же кыскартса, ал умрадан ихрамдан чыккан болот. Ага эми ихрам учурунда тыюу салынган тырмак алуу, түктөрдү жулуу, тигилген кийим кийүү, башты жабуу, атыр себинүү, кургактыктагы жан-жаныбарга аң кылуу, нике келишимин кылуу жана жыныстык катыш, ага алып баруучу иштер адал.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\204).

***

Суроо: Талбияны бирөө айтып, башкалар аны жамаат менен кайталагандын өкүмү кандай?

Жооп: Мындай кылган болбойт, анткени мындай пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана туура жолго баштоочу халифтерден келген эмес, бидат амал.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\358).

***

Суроо: Ажы амалдарын аткарып жатканда этек кири келип калган аялдын өкүмү кандай? Ажынын бардык амалдарын аткара береби, ага жуунуу зарылбы? Же аткарбай турган амалдар да барбы жана анын орду кантип толтурулат? Аллах сизди жакшылык менен сыйласын!

Жооп: Ажылык кылууну каалаган аял аял этек кир көрүп калса, ихрамга кирип, андан чыкпай кала берет жана ажылыктын амалдарын аткара берет. Арафатка барат, Муздалифада, Минада түнөйт, шайтанга таш атат, болгону таза болуп, анан жуунмайынча Каабаны таваф кылбай турат.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\128).

***

Суроо: Парз ажылыкты аткарып жаткан аялга жасанууга болобу?

Жооп: Ажылык амалдарын аткарып жаткан аял сулууланбашы керек. Бирок өзүндө болгон тагынчактарын колунан же башка жеринен чечип салуунун кереги жок. Болгону бөтөн эркектерге көрсөтпөгөнү жакшы.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\144).

Суроо: Ажылык кылып, мийкатта муфрад ажылыкты ниет кылып: "Лаббайка Аллахумма хажжан" деп, кийин унутуп калып: "Лаббайка аллахумма хажжан ва умратан" деп айтып алыпмын, мага эмне кылуу важыб? Аллах сизди жакшылык менен сыйласын!

Жооп: Эгер сен айткандай болсо, тилиң адашкан болуп эсептелет да сага эч нерсе кылуу важыб болбойт. Аллах Таала минтип айткан: “Раббибиз! Эгер биз унутсак, же ката кылсак, бизди жазалай көрбө!" Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Чынында, амалдар ниетке жараша. Ар бир адамга ниетиндегиси берилет".

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\132).

***

Суроо: Кээ бир ажылар дарактын бутагын кесип мисвак кылып жатканын көрдүм. Минадагы дарактарды кесүүнүн өкүмү кандай? Жана ошол Харамдын ичиндеги дарактардан кесип алынган мисвактарды белекке беришсе, алса болобу?

Жооп: Харамдын чегиндеги даракты ихрамдагы адамга да, башкага да кыюуга болбойт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) минтип айткан: "Тикенин сындырбайт, дарагын кайрыбайт". Муслим риваят кылган.

Ким дарактын бутактарын сындырса, Аллахка тообо кылып, экинчи мындай кылбашы керек. Эгер харамдын дарагынан алынганы анык болсо белекке берилген мисвагын алууга болбойт. Анын себеби - бул арам болгон ишке макул болуу жана колдоо болуп эсептелет.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\166).

***

Минада түнөө тууралуу.

Суроо: Компания менен ажыга келип, Зулхиджанын тогузунчу түнү Минада түнөдүк. Багымдат намазынан мурда Арафатка жөнөдүк, себеби тыгындан корктук. Арафатта багымдат намазын окудук. Тыгындан корккондуктан уюштуруучулар ушул кадамга барышты. Бизге эч нерсе важыб эмеспи?

Жооп: Силерге эч нерсе важыб эмес. Бирок жакшысы ажылар Зулхиджанын тогузунчу күнү күн чыккандан кийин Арафатка жөнөшү керек.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\210).

***

Суроо: Мен дагы ички фирмалардын бири менен ажылык кылып, Минада түнөгөндө Зулхиджанын тогузунчу түнү Минанын чегинен сыртта жатып калдым. Бирок кийинки ташрик күндөрү Минанын ичинде жаттым. Тогузунчу түнү Минада жатуу сүннөтпү, же важыббы? Эгер важыб болсо мен эмне кылышым керек? Аллах жакшылык менен сыйласын!

Жооп: Тогузунчу түнү Минада түнөө сүннөт, важыб эмес. Бул түнү чектен сырт түнөгөн үчүн сага эч нерсе важыб болбойт. Ичинде түнөгөн сүннөттүн сообу гана жок болуп калат.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\177).

***

Арафатта туруу тууралуу.

Суроо: Бирөөлөр быйылкы жыл сыяктуу Арафа күнүнө Жума күнү туш келип калса, жети жолу ажылык кылгандын сообу болот деп айтышат. Буга хадистен далил барбы?

Жооп: Буга сүннөттө ишенимдүү далил жок. Атүгүл кээ бирөөлөр жетимиш ажылыктын, кээлери жетимиш эки ажылыктын сообу болот деп айтышат. Мунун эч бирине далил жок.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\211).

***

Суроо: Ажы кылган адам Арафатта бешим жана дигер намаздарын имам менен окугандан кийин күн батканча нафил окуса болобу?

Жооп: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Арафатта бешим менен дигерди алгачкы убакта чогуу окугандан кийин напил намаз окуган эмес. Эгер намаз окуу жакшы болгондо окумак. Аны ээрчүү жана сүннөттү кармануу жакшынын жакшысы.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\211).

***

Суроо: Арафаттан чыкканда шам намазына белгиленген убактан бир мүнөт эрте чыгып кетсе анын өкүмү кандай, автобустун жүргүнчүлөрү: "Күн батты" деп шаштырганда ушундай болду.

Жооп: Негизи тогузунчу күнү ажылар Арафатта калуусу керек. Күн батканы анык болмоюнча андан кетпейт. Андан мурда кетип калууга болбойт. Күндүн батуусу этибарга алынат. Эгер күндүн батканы анык болуп анан чыкса, важыбды аткарган болот, жана ага эч нерсе кылуу важыб эмес. Эгер күн батканга чейин чыгып кетсе, же анык билбесе, анда кайтып келип, күн батканча турушу керек. А эгер кайтып келбесе, анда важыбды аткарбаганы үчүн кой союу важыб болот.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\181).

***

Муздалифада түнөө тууралуу

Суроо: Бир үй бүлө мени машинам менен жалдап ажыга барышты. Саат кечки тогузда Арафаттан түштүк. Түнкү саат экиде Муздалифага бардык. Алар үй бүлөлүү (жаш бала, аял, ж.б.) болгону үчүн Муздалифага түнөбөйбүз, шарият уруксат берген деди да он беш мүнөттөн ашыгыраак отуруп эле чыгып кеттик. Ушул туура элеби?

Жооп: Эгер сен айткандай болсо, үй бүлөсү үчүн Муздалифада таң атканча түнөөдөн корксо, анда эч нерсе эмес, Муздалифадан түнкү саат экиде кетсе, бул түндүн жарымынан кийин болуп эсептелет. Алсыз, аял, оорукчан адамдарга ушундай кылууга болот.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\212).

***

Суроо: Былтыркы жылы элдин көптүгүнөн кээ бир ажылар Муздалифага жетүү оор болгондуктан түнөй алышкан жок. Кээ бирлери адашып да кетишти. Алар эмне кылыш керек?

Жооп: Элдин көптүгүнөн Муздалифага түнөй албаган адамдын моюнунан түнөө сакыт болот. Ал эми аны таппай башка жерде түнөгөн адамга кан чыгаруу важыб болот. Анткени, ал бирөөлөрдөн сурап таап алууга мүмкүн эле.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\189).

***

Суроо: Ажыга келгендердин бири сурап жатат, ал Муздалифадан түндүн биринчи бөлүгүндө эле, болжолдо саат ондордо чыгып кетиптир, себеби аны менен аялдар бар экен. Ага жана аялдарга эмне кылуу ваажыб?

Жооп: Түн ортосуна чейин Муздалифадан чыгып кетүү, ваажыб болгон түнөөнү калтырган болуп эсептелет. Алар Меккеде курмандыкка жараган кой союп, жакырларга таратып бериши ваажыб. Себеби түнөөнүн эң азы түндүн тең жарымына чейин. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдарга жана алсыздарга түн жарымынан оогонго чейин Муздалифадан кетүүгө уруксат берген эмес.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\194).

***

Курмандык чалуу күнүндөгү амалдар тууралуу

Суроо: Эгер алсыз адамдар Муздалифадан түн жарымынан кийин чыгып, курмандык күнү күн чыкканга чейин Минага келип калса, эгер таң атканга чейин ифада тавафын кыууга да убактысы болсо Акабада шайтанга таш ата берсе болобу?

Жооп: Алсыз аялдар жана жашы улгайып калгандар ж.б.у.с. адамдар Муздалифадан түн жарымынан кийин чыкса, таң атканча аларга таш атууга, ифада тавафын кылууга, чач алдырууга уруксат. Мына ушул алар үчүн жеңилдик болот.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\190).

***

Суроо: Ажы кылган адамга Акабада таш атууну себепсиз эле ташрик күндөрүнүн экинчи же үчүнчү күнүнө калтырса болобу? Мындай кылган адамдын өкүмү кандай?

Жооп: Таш атууну ташриктин экинчи же үчүнчү күнүнө себепсиз калтырууга болбойт. Анткени пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айт күнү таш аткан. Сахабалар да анын кылганын кылган. Себепсиз кийинки күнгө калтырган эмес. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Амалдарыңарды кантип аткарууну менден көрүп алгыла". Ким таш атууну себепсиз кечиктирсе, сүннөткө тескери иш кылган болот. Кээ бир амалдарынын сообунан куру калат. Кылганы үчүн Аллахка тообо кылышы керек. Келечекте ажы амалдарынын баарын шарият талабындай аткарууга аракет кылсын.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\217).

***

Суроо: Ажыда кээ бир адамдар чачын кыскартканда баштын бардык тарабынан чачтын ылдый жагын тегерете кыркып койгонун көрдүк. Калган жактарына тийген жок. Кыскартканда толук кыскартыш керек десек, алар: талап кылынганы ушунча эле - деп макул болбоду. Чачты кыскартууда кандай кылуу важыб?

Жооп: Ажыда да, умрада да чачты толук алуу же кыскартуу важыб. Ар бир чачты өзүнчө кыскартуу лаазым эмес. Сен айткандай кылуу сүннөткө жана аалымдардын айтканына дал келбейт.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\217).

***

Суроо: Бир ажы Арафатта туруп, Муздалифада түнөп, айт күнү Минада таң атырып, Акабада таш атып, курмандык чалып, чачын алдырып, анан Минада эле ихрам кийимин чечип, анан Меккеге барып, ифада тавафын да аткарыптыр. Ушул кылганы туурабы? Жергиликтүү тургундардын бири: ифада тавафын аткармайынча чач алдырууга жана ихрам кийимин чечүүгө болбойт деп айтышты.

Жооп: Чач алдыруу парз тавафтан мурда да, кийин да уруксат. Эгер айт күнү таш атып, анан курмандык чалып, анан чачын алып, анан таваф кылса, мына ушул сүннөт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) коштошуу ажылыгында ушундай кылган.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\218).

***

Суроо: Ифада тавафы качан бүтөт?

Жооп: Ифада (парз) тавафы алсыздар үчүн курмандык түнү түн жарымдан кийин башталат. Бүтүүсүнө чектелген убакыт жок. Бирок мүмкүн болушуна эртерээк аткарууга аракет жасоо керек. Ушинткенде өзүнө жеңил болот. Өзүнө да, башкага да зыян кылбоо үчүн тыгын аз учурда аткарып алганы жакшы.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\227).

***

Суроо: Ифада тавафын кылып, бир айланууну унутуп, мечиттен чыгып кеткенден кийин эстесе, өкүмү кандай? Эгер ошол айланууну аткарбай калгандыгын биринчи тахаллүлдөн кийин билсечи?

Жооп: Ифада тавафын кылып бир айлануусун унутуп калган адам, эгер көп убакыт болсо, кайра башынан таваф кылат. Убакыт кыска болсо, калып калган айлануусун аткарат.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\253).

***

Суроо: Ифада тавафын кылып, ташриктин акыркы күнү күн батканча сайъ кылбаса, мунун өкүмү кандай? Бул күнү күн баткандан кийин же ташрик күндөрүнөн кийин сайъ кылса эмне болот?

Жооп: Ташриктин акыркы күнү же андан кийинки күнү сайъ кылуу дурус. Кечиктиргени үчүн эч нерсе болбойт. Анткени сайъ тавафтын артынан эле болушу шарт эмес. Бирок тавафтын артынан дароо сайъ кылуу жакшы. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушундай кылганы үчүн.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\262).

***

Суроо: Чачты кыскартып же алдырып биринчи (кичине) ихрамдан чыккандан кийин экинчи (чоң) ихрамдан чыгуу үчүн чачты алдыруу же кыскартуу важыббы? Б.а. таш атып бүткөндөн кийин.

Жооп: кичине ихрамдан чачты кыскартып же алдырып чыккандан кийин, таш атуудан кийинки чоң ихрамдан чыгууда чач алдыруу же кыскартуу важыб да, мустахаб да эмес. Анткени чач алдыруу ажылыкта ибадат. Ибадат далил менен болууга тийиш. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чоң ихрамдан чыгууда чачын алдырган эмес, кичине ихрамдан чыкканда гана алдырган. Ал мындай деген: "Амалдарыңарды кантип аткарууну менден көрүп алгыла".

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\263).

***

Суроо: Умранын амалдарын өтөдүм, өтөгөндөн кийин өлкөмө келдим. Ушул жылы парз ажылыкты кылууга ниетим бар болчу. Мага фидия важыб болуп калабы? Аллах сизди жакшылык менен сыйласын!

Жооп: Сага фидия важыб эмес, жалпы аалымдардын пикири ушундай. Анткени сен бир сапарда ажы менен умрасы чогуу болуучу таматту ажылыгын кылган жоксуң. Айтканың боюнча сен 1395-жылдын Шаввал айында умраны өтөп келдиң. Ажылыкты өтөөгө чейин Меккеде калбадың.

Кээ бир аалымдар сага кан чыгаруу ваажыб деп айтат. Сен эгер ушул жылы кайра ажылыкка келсең, шаарыңа чыгып кетесиңби же башка алыс жакка кетесиңби айырмасы жок. Алар Аллах Тааланын төмөнкү жалпылай айткан аятын далил кылышат: "... эгер (кармалбай) аман болсоңор жана ким ажылыкка чейин умра да кылса, кудурети жеткен бир курмандык чалсын..." Бирок фатва жана амал басымдуу аалымдар айткандай, сага эч нерсе важыб болбойт.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\366).

***

Суроо: Ажылык амалдарын аткарып бүтүп, чач кыскартууну унутуп калып көп убакыттан кийин эстесе, мунун өкүмү кандай?

Жооп: Чачты алдыруу же кыскартуу ажынын жана умранын важыб амалдарынын бири. Унутуп калган адам эстер замат кыскартып же алдырышы керек. Эгер чачын алдырганга чейин жыныстык катыш болсо, анын фидиясын бериш керек. Меккеде курмандыкка жараган бир кой союп, харамдагы муктаждарга таратат. Анткени, ажылыкта экинчи ихрамдан чыгуу толук болбой калды да, андан мурда жыныстык катыш кылуу фидияны важыб кылат. Ошол сыяктуу эле умрада да ихрамдан чыгуу толук болбой калган.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\204).

***

Суроо: Кыран ажылыгын кылуучу адам учурашуу тавафын кылса, ифада тавафын кылуу да зарылбы?

Жооп: Кыран жана муфрад ажылык кылган адамга учурашуу тавафы ифада тавафынын ордуна өтпөйт. Анткени, бул ифада тавафынын убактысы эмес. Ифада тавафы ажылыктын бир парзы, ансыз ажы толук болбойт. Анын убактысы Арафада туруп Муздалифада түнөгөндөн кийин. Ал эми учурашуу тавафы сүннөт, кааласа аткарат, каалабаса аткарбайт.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\217).

***

Суроо: Менин жашым улуу, ден соолугум начар болгону үчүн Меккеге кайтып баруу оор болуп, бирөөнү мен үчүн ифада жана коштошуу тавафын өкүл кылып дайындасам болобу?

Жооп: Жок, ифада тавафын да коштошуу тавафын да бирөөгө аткартууга болбойт. Эгер өзү басып аткара албаса, көтөртүп, же арабага отуруп айлануусу керек. Фатваларда ушундай айтылган. Аллах ийгилик берсин! Пайгамбарыбыз Мухаммадка, үй-бүлөсүнө жана сахабаларына (Аллахтын салам-салаваты болсун).

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\271).

***

Ташрик күндөрү жана таш атуу тууралуу

Суроо: Айттын экинчи күнү чашке маалында таш атып, анан таш атуунун убагы бешимден кийин экенин билген адамга эмне важиб болот?

Жооп: Ким айттын экинчи күнү түшүкө чейин таш атып алса, ошол күнү түштөн кийин кайра атуусу керек. Ката кетиргенин үчүнчү же төртүнчү күнү эстесе, үчүнчү же төртүнчү күнү түштөн кийин кайра атат. Ошол эстеген күнүнүн таш атуусунан мурда атуу керек. А эгер төртүнчү күнү күн батып кеткенге чейин эстебесе, анда ага кан чыгаруу важыб, харамда кой союп муктаждарга таратат.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\273).

***

Суроо: "Эки күндө шашылыш бүтүргөн кишиге да күнөө эмес..." деген аятты чечмелеп берсеңиз?

Жооп: Аллах Таала мындай деген: "Саналуу күндөрдө да Аллахты эстегиле. Эки күндө шашылыш бүтүргөн кишиге да күнөө эмес. Кечиктирип бүтүргөн кишиге да күнөө эмес. (Бул өкүмдөр) такыба кишилер үчүн" аят Саналуу күндөр дегени - ташриктин үч күнү: зулхиджанын он бири, он экиси, он үчү. Ким он экинчи күнү түштөн кийин таш атып, анан күн батканга чейин кетип калса, ал "эки күндө шашылыш бүтүргөн" киши болот. Ал эми он үчүнчү күнү да таш атуу үчүн Минада калган адам "кечиктирип бүтүргөн" киши болот. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушундай кылганы үчүн, ушундай кылуу абзел.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\297).

***

Суроо: Айттын биринчи күнү аткарылбай калган таш атууну, эртеси эртең менен каза кылса болобу же түш оогондон кийин ушул күндүн таш атуусунан мурда каза кылып аткаруу керекпи?

Жооп: Ташрик күндөрү таш атуу түштөн кийин гана уруксат. Эртең менен атууга болбойт, атса да жарактуу болбойт. Анткени, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түштөн кийин гана таш аткан жана мындай деген: "Амалдарыңарды кантип аткарууну менден көрүп алгыла". Ким бир күндүк таш атууну өткөрүп жиберсе, кийинки күнү түштөн кийин аткарат. Адегенде биринчи күндүн ташын атып, кийин акыркы таш атуудан кийин экинчи күндүн үч таш атуусун кайра аткарат.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\189).

***

Суроо: Мурдагы жылдардын биринде ажы кылып, айттын экинчи күнү түштөн мурда таш атып алган элем, билбегендиктен кылган бул ишиме эмне кылышым керек?

Жооп: Ташрик күндөрү түштөн мурда таш атуу жарактуу болбойт. Анткени, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түштөн кийин таш аткан жана мындай деген: "Амалдарыңарды кантип аткарууну менден көрүп алгыла". Ошого ылайык, сага түшкө чейин таш атканың үчүн курмандыкка жараган бир кой союп, харамдын муктаждарына таркатып беришиң керек, андан өзүң эч нерсе жебегин.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\293).

***

Суроо: Бирөөдө Минадан алган таштары кошо келиптир. Ага бирөөлөр Минадан алган ташты кайра Меккеге алып барып ташташ керек дептир. Ушул туурабы?

Жооп: Минадан алган таштары өзү менен кошо келип калса, аны кайра алып баруунун кереги жок. Буга эч кандай далил жок.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\294).

***

Суроо: Акабада бир адам бир атканда жети ташты атыптыр?

Жооп: Жети ташты бир жолу аткан адам, ошол күнү кайра кайтарып атышы важыб. Анткени, ташты бир-бирден атуу важыб. Жети ташты бир атуу бир эле ташты атуу болуп эсептелет. Эгер кайра аткарбаса, важыбды таштаганы үчүн кан чыгаруу важыб болот. Ал курмандыкка жараган бир кой союп Меккедеги муктаждарга таратышы керек. Эгер ага кадыр болбосо, катары менен же бөлүп-бөлүп он күн орозо кармайт.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\310).

***

Суроо: Өткөн жылы таежем ажы кылды. Бирок таш атканда элдин көптүгүнөн ташты каякка атканын билбей калыптыр. Таш аткан учурда жамараны көрүп турган. Таштын кайда түшкөнүн билбей калган. Ага эмне важыб болот?

Жооп: Таш атуу жарактуу болуусу үчүн таштын чуңкурга түшүүсү керек. Эгер аткан учурда туура чуңкурга атканы ишенимдүү болуп, бирок кийин туура аттымбы деп шектенсе, эч нерсе эмес, атканы жарактуу эсептелет. А эгер атып жаткан учурда чуңкур тарапка атканына шектенсе, ага кан важыб болот. Меккенин муктаждарына кой союп таркатышы керек. Эгер андай кыла албаса, он күн орозо кармайт.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\311).

***

Суроо: Кээ бир ажылар (Аллах аларды туура жолго салсын) шайтанга таш атканда колуна кирген нерсе менен бут кийиминен баштап, бошогон бөтөлкөлөргө чейин ыргытат. Бул алардын таш атуусун бузуп койбойбу, же билбегени үчүн аларга кечиримдүүбү?

Жооп: Таш атканда бут кийим, бөтөлкө, ж.б.у.с. нерселерди ыргытуу туура эмес. Бул шариятка, пайгамбардын сүннөтүнө каршы. Анткени пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) таш атканда буурчактан бир аз чоңураак таштар менен гана аткан. Ал минтип айткан: "Амалдарыңарды кантип аткарууну менден көрүп алгыла". Алар бул кылганы үчүн күнөөкөр болот. Аларды көргөндөр түшүндүрүп айтып, туура жол көрсөтүшү керек. Ошентсе да, эгер таш атышкан болсо, алардын бул кылганы таш атуунун жарактуулугун бузбайт.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\324).

***

Суроо: Ажылык кылып, ташрик күндөрү башталганда эртерээк бүтүрүүнү каалап, үч таш атуунун баарын биринчи жана экинчи күнү эле бүтүрүп, анан экинчи күнү күн батканга чейин Меккеге келип түнөп, үчүнчү күнү таш атпаса, аларга кан важыб болобу?

Жооп: Кимде-ким үч таш атууну Зулхиджанын он экинчи күнү атып, шашылып Минадан күн батканча чыгып кетсе, он үчүнчү күнү ага таш атуу зарыл эмес. Мейли ал Меккеде түнөсүн, мейли башка жерде түнөсүн айырмасы жок.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\335).

***

Коштошуу тавафы тууралуу

Суроо: Жидда шаарында турам. Дайыма Мекке шаарына барып турам. Ажылыктан кийин коштошуу тавафын кыламбы, же аны шаарыма кайткан учурга чейин кечиктиремби? Коштошууну кечиктирген үчүн каффарат жокпу?

Жооп: Эгер ажылык кылсаң, коштошуу тавафын кылмайынча ажылыктан кийин дароо Жиддага кетпе. Эгер коштошууга чейин шаарыңа кетип калсаң, харамда кой союу сага важыб болот. Андан өзүң жебей муктаждарга гана бересиң. Анткени, ажыдан кийин коштошуу тавафы важыб амал. Ибн Аббас риваят кылган хадисте минтип айтылган: "Адамдарды эң акыркы амалыңар харам мечити менен коштошуу болсун деп буйруган, этек кири келип калган аялдарга гана жеңилдик берген". Ишенимдүүлүгү бир ооздон тастыкталган хадис. Коштошуу тавафын аткарбай Жиддага чыгып кеткениң үчүн Аллахка тообо кылууң керек.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\303).

***

Суроо: Ажы кылган киши Мина күндөрү Таифке барып жыйырма күндөн кийин келип коштошуу тавафын кылууга болобу?

Жооп: Ажы кылган кишиге ажы амалдарын толук бүтмөйүнчө, анын ичинде коштошуу тавафы да бар, башка жакка чыгып кетүүгө болбойт.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\307).

***

Суроо: Этек кир келген, төрөттөн кийинки каны токтой элек аялдарга коштошуу тавафын аткаруу важыбы, оорукчан, алсыз адамдаргачы?

Жооп: Этек кири келген, же төрөт каны токтой элек аялдарга коштошуу важыб эмес. Алсыз же ооруган адамды көтөрүп, же араба менен таваф кылдыруу керек. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Акыркы амалыңар Харам менен коштошуу болмоюнча эч кимиң тарап кетпегиле". Эки ишенимдүү китепте Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадис бар: "Адамдарды эң акыркы амалыңар харам мечити менен коштошуу болсун деп буйруган, этек кири келип калган аялдарга гана жеңилдик берген". Башка хадисте төрөт каны бүтө элек аялдар да этек кири келип жаткан аялдар сыяктуу, аларга да коштошуу тавафы важиб эмес.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\307).

***

Суроо: Коштошуу тавафы учурунда ооруп калып, акырына чыгара албай калдым. Калган шериктерим айланып бүтүштү. Алар бүткөндөн кийин алардын бири менен барып калган тавафымды аткардым. Бирок бир тавафты унутуп калып, шаарыма келгенден кийин гана эстедим. Эми фидия беришим керекпи?

Жооп: Эгер бир тавафтын калып калганын анык билсең, фидия беришиң керек болот. Меккеде курмандыкка жараган бир кой союп, ошол жердин муктаждарына бересиң. Эгер фидия бере албасаң, он күн орозо кармайсың.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\126).

***

Суроо: Ажылык кылдым, ташриктин экинчи күнү дигерден кийин коштошуу тавафын кылдым, бирок мен Меккеде түнөдүм. Кийинки күнү эртең менен анан Таифке жөнөдүм. Мен аткарган таваф жетиштүүбү же мага каффарат важыб болуп калдыбы? Айтыңызчы, Аллах сизге сооп берсин. Же мени менен үй-бүлөмө кайра таваф кылуу керекпи?

Жооп: Коштошуу тавафын кылгандан кийин Меккеде азыраак турса, ага кайра таваф кылуу важыб эмес. А эгер көпкө туруп калса, анда кайра таваф кылуу керек. Силер дигерде таваф кылып, анан эртеси Таифке кетсеңер, ар бириңер үчүн Меккеде курмандыккка жараган кой союп муктаждарга берүү важыб болот. Эгер араңарда этек кири келген же төрөттөн кийинки каны бүтө элек аялдар болсо, аларга кан чыгаруу важыб эмес.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\337).

***

Суроо: аялым өткөн жылы ажылык кылды. Аялымдын ажылыгы таматту болчу. Коштошуу тавафынан башка бардык амалдарды бүткөндөн кийин, айлык этек кири келип калып, коштошуу тавафын аткара албай калды. Атам аны алып барып харам мечитине киргизип Каабаны көрсөтүп келди. Мунун өкүмү кандай?

Жооп: Этек кири келген аялга коштошуу тавафын кылуу моюнунан сакыт болот. Аялыңа эч нерсе важыб эмес. Ибн Аббас риваят кылган хадис буга далил: "Адамдарды эң акыркы амалыңар харам мечити менен коштошуу болсун деп буйруган, этек кири келип калган аялдарга гана жеңилдик берген". Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айткан: "Сафия бинт Хуйай ифада тавафын аткаргандан кийин этек кири келип калды. Аны Аллахтын элчисине айтсам, ал: "Ал бизди жолдон кармап калат окшойт" - деди. Мен: О Аллахтын элчиси, ал ифада тавафын аткарган, Каабаны таваф кылган, анан этек кири келип калды - десем, ал: "Андай болсо жолго чыга берсин" - деди.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\342).

***

Суроо: Меккеге умра да, ажы да кылбай жөн эле кирген адам кайра чыкса коштошуу важыб болуп калабы? Ошондой эле умра кылган адам Меккеде бир же эки күн туруп калса, ага коштошуу тавафы важыб болобу? Өзү пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) коштошуу тавафын аткарганбы, же аткарып туруп Меккеден чыгып кеткен тавафтын баары коштошуу тавафы болобу? Ушуга жооп берип коюңузчу? Аллах сизди бейиштен куру калтырбасын! Оомиин!

Жооп: Коштошуу тавафы ажы кылган адам Меккеден кетерде ага важыб болот. Ибн Аббас риваят кылган: "Адамдарды эң акыркы амалы Каабаны таваф кылуу болуусун буйруду. Этек кири келип калган аялдарга гана жеңилдик берди" деген хадис бар. Төрөт каны бүтө элек аялдар да ушул өкүмдө. Ал эми ажы эмес адамдарга коштошуу важыб эмес, туурасы ушул. Анткени пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) умра аткаруучуларды буга буйруган эмес. Коштошуу тавафы ажылар үчүн ниетинде болушу керек, анткени ал ибадат, амал. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Амалдар ниетке жараша болот. Ар бир адамга ниетиндегиси берилет". Туурасын Билүүчү Аллах.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\344).

***

Суроо: Коштошуу тавафынан кийин кээ бир зарыл нерселерди сатып алып соода кылса болобу? Ал адамга эмне важыб болот?

Жооп: Коштошуу тавафы ажы кылган адамдын ажылыгындагы эң акыркы амалы болушу керек. Андан кийин дароо Меккеден чыгып кетет. Ошентсе да, жолдошторун күтүп, жүктөрүн салыштырып, же майда-чүйдө соода кылып бир азга кармалса, эч нерсе эмес.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\345).

***

Суроо: Ажылардын бири он экинчи күнү коштошуу тавафын аткарып, анан Минага барып таш атыптыр. Анын таш атуудан мурда кылган тавафы дуруспу? Ал өзү Жиддалык болот, ага эмне кылуу важыб болот?

Жооп: Таш атуудан мурда коштошуу тавафын кылса, ал өтпөйт. Анткени, коштошуу тавафы ажылыктын эң акыркы амалы болуш керек. Качан ал коштошуу тавафын кайра аткарбай таш аткандан кийин сапрага чыгып кетсе, Меккеде курмандыкка жараган бир кой союп, аны харамдын муктаждарына таркатып берүүсү важыб болот. Анын этинен өзү жебейт. Эгер анте албаса, он күн орозо кармайт.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\345).

***

Суроо: Замзам суусунун сыпаты тууралуу көптөгөн өзгөчөлүктөр айтылып жүрөт. Бул тууралуу ишенимдүү далилдер барбы?

Жооп: Замзам суусу жер бетиндеги эң шарапаттуу суу. Анын артыкчылыгы тууралуу айтылган эң ишенимдүү хадис Сахих Муслимде келген, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Замзам туурралуу мындай деген: "Замзам суусу берекелүү, ал тойгозуучу касиетке ээ". Абу Даудда ишенимдүү чынжыр тизмек менен буга кошумча минтип айтылган: "...ооруга шыпаа". Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дагы мындай деген: "Замзам суусун эмнеге ичсең ошого жарайт". Имам Ахмад, Ибн Маажа ж.б. риваят кылган.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\168).

***

Мединаны зыярат кылуу тууралуу фатвалар

Суроо: Рамазан айында умра кылууну жана Мединаны зыярат кылууну ниет кылып жатам, эмне кеңеш бересиз?

Жооп: Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитине атайын даярданып баруу шарияттын талабы. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) же башка бирөөнүн кабырын зыярат кылуу үчүн эмес. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Үч эле мечитке атайын сапар кылып барып намаз окууга болот: Харам мечити, менин ушул мечитим, Акса мечити". Бирок пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитин зыярат кылганда пайгамбарыбызга, жана анын эки жолдошу Абу Бакр менен Умарга (аларга Аллах ыраазы болсун) салам айтса болот. Дагы "Баки" көрүстөнүн, шейиттерди зыярат кылып, аларга ырайым тилеп, дуба кылса болот. Өлүмдү жана андан кийинки абалды эстөө керек. Дагы "Куба" мечитинде намаз окуу үчүн зыярат кылса болот. Хадисте минтип айтылган:

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\78).

***

Суроо: Ажыга келген эркек, аялдарга Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабырын, "Баки" көрүстөнүн, Ухуд шейиттерин, "Куба" мечитин зыярат кылуу зарылбы, же эркектер үчүн элеби?

Жооп: Ажыга келген эркекке да, аялга да Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабырын зыярат кылуу лазым эмес. Атүгүл, эгер атайын зыярат үчүн чыкса бул арам. Аялдарга болсо атайын чыкпаса да арам. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан: "Үч эле мечитке атайын сапар кылып барып намаз окууга болот: Харам мечити, менин ушул мечитим, Акса мечити". Ишенимдүүлүгү бир ооздон тастыкталган хадис. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабырды зыярат кылгандарга наалат айткан. аялдарга пайгамбардын мечитинде намаз окуу жетиштүү. Ошондой эле анын мечитинде жана башка жерде да пайгамбарга көп-көп салават айтуулары зарыл.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ал-Уула (11\362).

***

Суроо: Менин бир тууганым Мединага келген ажы жана умрачыларды ар кайсы жерге зыярат кылдырып, акы алат. Ал зыярат кылдырган жерлердин кээси шариятта жок. Анын кылып жаткан иши шариятта туура элеби?

Жооп: Бир тууганыңдын шариятта жок жерлерге ажыларды же умра кылуучуларды зыярат кылдырганы туура эмес, арам иш. Анын акысына акча алуу да арам кесип болот. Ага бул ишин таштоого насаат кылышың керек.

Фатаава ал-Лажна ад-Даима, ал-Мажмууа ас-Сания (10\390). Кыскартылып алынды.

***