العقيدة الصحيحة وما يضادها
تكلم المؤلف في هذا الكتيب الصغير عن العقيدة الصحيحة التي تتلخص في: الإيمان بالله، وملائكته، وكتبه، ورسله، واليوم الآخر، وبالقدر خيره وشره، فهذه الأمور الستة هي أصول العقيدة الصحيحة عند أهل السنة والجماعة. وقد شرح الشيخ في الكتاب هذه الأصول الستة مستدلًا بالكتاب والسنة وما عليه سلف هذه الأمة، ثم تكلم عن مسألة الإيمان وقرر أنه قول وعمل يزيد بالطاعة وينقص بالمعصية. ثم ذكر مسألة الولاء والبراء وواجب المسلم تجاه أخيه في الدين. ثم شرع في ذكر المنحرفين عن هذه العقيدة الصحيحة مع ذكر أصنافهم، وذكر شبهة المعاصرين وأنها هي نفس شبهة الأولين، وذكر بعض العقائد الكفرية وما زاده المشركون المتأخرون على الأولين. وأكد الشيخ أن النصر لا يأتي إلا بإخلاص العبادة لوجه الله تعالى وحده لا شريك له، ثم ختم هذا الكتيب بذكر نواقض الإسلام.
Туура акыйда жана ага каршы келген пикирлер.
Автор.
Урматтуу шейх Абдулазиз бин Абдулла бин Баз.
Мээримдүү жана Ырайымдуу Алланын аты менен
Кириш сөз
Бардык алкыш-мактоолор жалгыз Аллахка айтылсын. Андан кийин пайгамбар келбей турган пайгамбарга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун.
Андан кийин айтарым: Туура акыйда (ишеним) Ислам дининин негизи, ыймандын пайдубалы болгондуктан, лекцияны ушул темада кылууну эп көрдүм. Шарияттын негизги далилдери болгон Куран жана сүннөттөн белгилүү болгондой, амалдар жана сөздөр эгер туура акыйдага негизделсе гана туура болуп, кабыл кылынат. Ал эми акыйда туура эмес болсо, андан келип чыккан амалдар да, сөздөр да жараксыз болот. Бул тууралуу Аллах Таала мынтип айткан: "Бүгүн силерге таза нерселер адал кылынды. Китеп берилгендердин тамактары силерге адал, силердин тамактарыңар аларга адал. Эгер зына кылбай, ойнош кылып албай, махрын берип, никелеп ала турган болсоңор, силерге ыймандуу мусулмандардын таза аялдары да, силерден мурда китеп берилгендердин таза аялдары да адал. Ким ыйманга каапырлык кылса, анын иш-амалдары текке кетип, акыретте зыян тартуучулардан болот". (Маида, 5-аят). Аллах Таала дагы мындай деген: "Чындыгында, сага да, сенден мурункуларга да: "Эгерде сен ширк кылсаң, анда иш-аракеттериң текке кетет жана сөзсүз зыянга учуроочулардан болосуң" - деп вахий кылынды". (Зумар, 65-аят). Бул маанидеги аяттар өтө көп. Аллах Тааланын ачык-айкын китеби жана чынчыл пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана эң абзел алкышы болсун) сүннөтү далилдеп тургандай, туура акыйда Аллахка, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын элчилерине, акырет күнүнө, тагдырдын жакшы-жаманы Аллахтан экенине ишенүүдөн турат. Мына ушул алты нерсе - Аллахтын үстөмдүк кылуучу китеби алып түшкөн туура акыйданын негиздери жана ушул акыйда менен Аллах элчиси Мухаммадды (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) жиберген. Бул негиздер ар бирине ишенүү ваажыб болгон бир канча кайып иштерге бөлүнүп кетет. Бул алты негиз тууралуу Аллах Таала жана Анын элчиси кабар берген далилдер көп. Ошолордун бири Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Жүзүңөрдү күн чыгышка жана күн батышка бурганыңар чыныгы жакшылык эмес. Аллага, акыретке, периштелерге, китепке, пайгамбарларга ишенген адамдын ыйманы чыныгы жакшылык". (Бакара, 177-аят). Аллах Тааланын бул сөзү: "Пайгамбар да, ыймандуулар да Раббисинен түшүрүлгөн нерсеге ишенди. Баары Аллага, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын пайгамбарларына ишеништи. Анан "биз Анын пайгамбарларынан эч кимисин (аларга ыйман келтирүүдө) бөлбөйбүз" дешти". (Бакара, 285-аят). Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "О ыйман келтиргендер! Аллахка, Анын пайгамбарына, пайгамбарына түшүргөн китепке, андан мурун түшүргөн китептерге ыйман келтиргиле. Кимде-ким Аллахка, анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына жана Акырет күнүнө каапырлык кылса, анда ал терең адашты". (Ниса, 136-аят). Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: «(Мухаммад!) Сен Аллах асман жана жердеги бардык нерселерди билишин, бул нерселер Китепте (Лавхул Махвузда) жазылуу экенин жана бул Аллахка оңой экенин билбедиңби?!» (Хаж, 70-аят). Ал эми бул негиздерге далил боло турган ишенимдүү хадистерге келсек, алар өтө эле көп. Мисалга Имам Муслим китебинде жазып калтырган момундардын башчысы Умар бин Хаттабтын (ага Аллах ыраазы болсун) белгилүү хадисин алсак болот. Анда Жебрейил периште пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыйман жөнүндө сураганда ага мындай жооп берет: "Ыйман - Сенин Аллахка, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын элчилерине, акырет күнүнө жана тагдырдын жакшылык жана жаманына ишенүүң". (1). Бул Бухари, Муслим сахих китептеринде алып келген Абу Хурайранын хадистеринен. Мына ушул алты негизден мусулман адам этикад кылып ишенүүсү зарыл болгон Алла Тааланын акысына тиешелүү, кайра тирилүүгө тиешелүү ж.б. кайып иштерге тиешелүү бир канча бутактар бөлүнүп чыгат. (1) Муслим, Ыйман (8). Тирмизи, Ыйман (2610). Насаи, Ыйман ва шарааиуху, (4990). Абу Дауд, Сунна, (4695). Ибн Маажа, Мукаддама, (63). Ахмад, (1\27).
Аллахка ыйман келтирүү.
Аллах Таала Өзү жалгыз ибадат кылууга татыктуу Кудай, Андан башкасы татыксыз деп ыйман келтирүү.
Аллах Таалага ыйман келтирүүдөн болуп эсептеле турган амалдардан булар: Аллах Таала Өзү жалгыз ибадат кылууга татыктуу Кудай деп ыйман келтирүү. Анткени Ал пенделердин Жаратуучусу, аларга жакшылык кылуучу, ырыскыларын берүүчү, жашыруу сырларын да, ашкере иштерин да билүүчү, алардын баш ийгендерин сыйлоого жана күнөөкөрлөрүн жазалоого кудуреттүү. Аллах Таала жиндерди жана инсандарды ушундай ибадат үчүн жаратып, ушуга буйруган. Аллах Таала мынтип айткан: "Жиндерди жана адамдарды Өзүмө ибадат кылуусу үчүн гана жараттым" (Зарият, 56-аят). "Мен алардан ырыскы сурабаймын. Мени тамактандырууларын да сурабаймын". (Зарият, 57-аят). "Чынында, Алла Өзү ырыскы Берүүчү, бекем күч-кубат Ээси". (Зарият, 58-аят). Аллах Таала дагы мынтип айткан: «Эй, адамдар! Силерди жана силерден алдынкыларды жараткан Жаратуучу Кожоюнуңарга ибадат кылгыла! (Балким) Такыба болорсуңар". (Бакара, 21-аят). "Ал силер үчүн жерди төшөк кылды, асманды куруп берди, асмандан сууну түшүрдү жана аны менен (түрлүү) мөмөлөрдү силерге ырыскы кылып чыгарды. Андыктан силер ошондой болгонун билип туруп, Аллахка (башка нерселерди) теңеп албагыла!" (Бакара, 22-аят). Ушул акыйкатты баян кылуу, ага чакыруу үчүн жана буга каршы нерселерден эскертүү үчүн Аллах Таала элчилерин жиберип, китептерин түшүрдү. Аллах Таала бул тууралуу мынтип айткан: «Биз ар бир элге: «Аллахка ибадат кылгыла жана тоогуттан (чектен чыккандар) алыс болгула» - деп айткан элчи жибердик». (Нахл, 36-аят). Аллах Таала дагы мындай деген: «Сенден абалкы жиберген элчилерге: «Менден башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мага гана ибадат кылгыла» - деп аян-кабар кылдык» (Анбия, 25-аят). Улуу Аллах дагы мынтип айткан: «Алиф, Лаам, Роо. Бул китептин аяттары (эч качан бурмаланбай турган кылып) бекемделди жана Даанышман, Кабардар (Аллах) тарабынан баян кылынды». "(Мунун себеби) Аллахтан башка кудайларга ибадат кылбашыңар үчүн. Чынында, мен силерге Аллах тарабынан (жиберилген) эскертүүчү жана куш кабар берүүчүмүн". (Худ, 1-2-аяттар). Бул ибадаттын акыйкаты пенделер бардык ибадатын жалгыз Аллахка арнап аткаруусунда. Дуба кылуу, коркуу, үмүт кылуу, намаз, орозо, курмандык чалуу, назр кылуу ж.б. ибадаттардын түрлөрүн Ага берилүү менен, кызыгуу, моюн сунуу менен Аны толук жакшы көрүү жана Анын улуктугуна таазим кылуу менен аткаруу зарыл. Курандын көптөгөн аяттары ушул улуу негиз жөнүндө түшкөн. Алла Таала айткан: "Аллахтын дининде Ага чын ыкласың менен ибадат кыл!" "Билип алгыла, калыс дин Аллах үчүн!" (Зумар, 1-2-аяттар). Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: "Раббиң Өзүнөн башкага ибадат кылбооңорго өкүм кылды...!" (Исра, 23-аят). Аллах Таала дагы мынтип айткан: "Эгер каапырлар жек көрсө да Аллахка динде калыс ибадат кылгыла!" (Гаафир, 14-аят). Эки ишенимдүү хадистер топтомунда Муаз (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадисин айткан: "Аллахтын пенделердин мойнундагы акысы - Ага эч нерсени шерик кылбай ибадат кылуулары!" (2) Бухари, Жихад ва Сияр, (2701). Муслим, Ыйман, (30). Тирмизи, Ыйман, (2643). Ибн Маажа, Зухуд, (4296), Ахмад, (5\238).
Аллах Таала пенделерине парз кылган Исламдын беш түркүгүнө ишенүү.
Булар Аллах Таалага ишенүүдөн болуп саналат: Аллах Таала пенделерине парз кылган Исламдын беш түркүгүнө ишенүү. Алар: "Аллахтан башка ибдатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын элчиси" - деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, Рамазан айында орозо кармоо, мүмкүнчүлүгү бар адамга өмүрүндө бир жолу ажы амалын аткаруу ж.б. катадан таза шариятта келген парз буйруктар.
Бул негиздердин же түркүктөрдүн эң зарылы жана улуусу "Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын элчиси" деген күбөлүк. "Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок" күбөлүгү Анын Өзүнө ыклас менен ибадат кылууну жана Андан башкага ибадат кылууну четке кагууну ичине камтыйт. Ушул Аллахтан башка кудай жок келмесинин мааниси. Мааниси Аллахтан башка ибадат кылууга ылайыктуу, татыктуу эч кандай "кудай" жок, Аллахтан башка ибадат кылынып жаткан нерсенин баары, мейли ал адам болсун, мейли периште болсун, мейли жин болсун, мейли башка нерсе болсун, баары ибадатка татыксыз, жалган нерселер. Ибадатка бир гана Аллах Өзү татыктуу. Ал мынтип айткан: "Анткени, Аллах акыйкат. Андан башка (мушриктер) дуба кылып жаткан нерсенин баары жалган". (Хаж, 62-аят). Жогоруда Аллах Таала инсандарды жана жиндерди ушул негиз үчүн жаратып ага буйруганын, элчилерин ушул үчүн жиберип, китебин ушул үчүн түшүргөнүн айтканбыз. Буга жакшы ой жүгүртүп, көбүрөөк акыл калчап көр, ошондо сага көп мусулмандар ушул негиздерде билимсиз болгондуктан Аллах менен бирге башка нерселерге да ибадат кылышканы, ыкласын башка нерсеге кетирип жатканы ачык болот. Аллах Өзү жардамчы болсун.
Аллахтын ааламды жаратуучу экенине, аларды башкарып турарына, аларга илими жана кудурети менен буйрук кылып турарына ишенүү да ыймандан.
Булар Аллахка ыйман келтирүү болуп саналат: Аллах ааламдардын Жаратуучусу, алардын башкаруучусу, илими жана кудурети менен аларга Өзү каалагандай буйрук кылып туруучу экенине ишенүү. Ал дүйнө жана акыреттин Падышасы, бардык ааламдардын Жаратуучусу, Андан башка жаратуучу да жок, Рабби да жок. Ал пенделерди оңдоо, аларды дүйнө жана акыретте ийгилиги жана оңолуусу бар нерсеге чакыруу үчүн элчилерин жиберип, китептерин түшүргөн. Бул нерселерде Анын эч кандай шериги жок, кемчиликтен таза. Аллах Таала мынтип айтат: "Аллах бардык нерсенин Жаратуучусу жана Аллах бардык нерсенин Сактоочусу". (Зумар, 62-аят). Аллах Таала дагы мындай деген: “Чынында, силердин Раббиңер Аллах. Ал асмандар менен жерди алты күндө жаратты. Андан соң Аршка көтөрүлдү. Түн караңгылыгы менен күндүздү каптайт жана түн күндүздү ээрчип жүрөт. Күн, Ай жана жылдыздар Анын буйругуна баш иет. Жаратуу жана башкаруу Ага гана таандык эмеспи?! Ааламдардын Раббиси Аллах эзелтен улуу”. (Аараф, 54-аят).
Аллах Тааланын көркөм ысымдарына жана бийик сыпаттарына бурмалабастан, маанилерин жокко чыгарбастан, элестетпестен жана окшотпостон ишенүү.
Булар Аллах Таалага ыйман келтирүү болуп саналат: Ыйык Куранда жана хадистерде айтылган Анын көркөм ысымдарына жана улуу сыпаттарына эч бурмалабастан, маанилерин жокко чыгарбастан, элестетпестен жана эч бир нерсеге окшотпостон ишенүү. Тескерисинче, ысым-сыпаттар айтылгандай, келбет бербестен, Аллахтын сыпаттары улуу маанилерди билдирип тургандай ошого ыйман келтирүү менен өтүү важыб. Аны Өзүнө ылайык сыпаттар менен, сыпатында эч бир жаратылгандарга окшотпостон сыпаттоо важыб. Алла Таала айткан: "Ага окшош эч нерсе жок, Ал Угуучу жана Көрүүчү" (Шуура, 11-аят). Улуу Аллах дагы мынтип айткан: "Аллахка эч нерсени окшотпогула! Аллах билет, силер билбейсиңер!" (Нахл, 74-аят). Мына ушул пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынан турган ахлу сунна вал жамааттын акыйдасы. Мына ушул Имам Абу Хасан ал-Ашари "Ал-Макалаат ас-асхаабул хадис ва ахлу сунна" деген китебинде жазган ж.б. аалымдар жазган акыйда.
Ал-Авзаий (ага Аллах ырайым кылсын) мынтип айткан: "Зухрий менен Макхулдан сыпат аяттары жөнүндө суралганда, алар экөө тең: "Кандай айтылса, ошондой" - деп жооп беришкен. Ал-валид бин Муслим (ага Аллах ырайым кылсын) айтат: "Мааликтен, ал-Авзаийден, Лайс бин Саъддан жана Суфян ас-Савриден сыпат тууралуу келген кабарлар жөнүндө суралды эле, алардын баары: "Кандай экенин элестетпестен, кандай айтылса ошондой кабыл алабыз" - дешти. Ал-Авзаий (ага Аллах ырайым кылсын) айтат: "Биз жана таабийиндер Аллах Таала Аршында деп айтчубуз жана сүннөттө айтылган сыпаттарга ишенчүбүз". Рабиа бин Абдурахман устазы Маликтен (ал экөөнө Аллах ырайым кылсын) истива (Аллахтын көтөрүлүүсү) жөнүндө сураганда, ал мынтип жооп берген: "Истиванын мааниси белгисиз эмес. Анын кандайлыгы белгисиз. Рисала Аллахтан, аны анык жеткирүү элчинин моюнунда, а бизге болсо ишенип тастыктоо гана". Имам Маликтен (ага Аллах ырайым кылсын) ушул тууралуу суралганда ал минтип жооп берген: "Истива белгилүү, кандай экени белгисиз, ага ишенүү ваажыб, ал жөнүндө суроо бидат". Анан сураган адамга: "Сенин жакшы эмес адам экениңди көрүп турам" - деп, аны чыгарып жиберүүгө буйруган.
Ушул сыяктуу маани момундардын энеси Умму Саламадан (ага Аллах ыраазы болсун) да айтылган. Имам Абу Абдурахман бин Мубарак (ага Аллах ырайым кылсын) мынтип айткан: "Раббибиз асмандарынын үстүндө Арштан жогору, жараткандарынан ажыраган абалда экенин билебиз". Аалымдардын бул жаатта айткан сөздөрү өтө көп. Анын баарын бул кыска лекцияга батыруу мүмкүн эмес. Ким көбүрөөк маалымат алгысы келсе, сүннөт аалымдарынын жазган китептерине кайрылсын. Мисалы, Абдулла бин Имам Ахмаддын "Сунна" китебине, улуу имам Мухаммад бин Хузайманын "Тавхид" китебине, Абу Касым ал-Лаалкаий ат-Табаринин "Сунна" китебине, Абу Бакр бин Абу Аасимдин "Сунна" китебине кайрылса олот. Ошондой эле шейхул Ислам Ибн Таямиянын Хама элине берген жоопторунун топтомуна кайрылса болот. Ал жооптордо шейх ахлу суннанын акыйдасын ачыктап, алардын көптөгөн сөздөрүн келтирген. Ахлу суннанын айтканынын тууралыгына жана алар менен талашкандардын сөзүнүн ката, жараксыз экенине көптөгөн шарий жана акылий далилдерди келтирген өтө пайдалуу китеп. Ушинтип анын "тадмурия" деп аталган китебинде бул теманы кеңири чечмелеген жана ахлу суннанын акыйдасын вахий жана акыл далилдери менен баяндаган. Ошондой эле карама-каршы сүйлөөчүлөргө акыйкатты көрсөткөн, жакшылыкты көздөгөн жана чыкдыкты билүүнү каалаган илимдүүлөр үчүн бул ачык байкалат. Ысым-сыпат маселесиндеги этикадда ахлу суннага каршы сүйлөгөндүн баары сыпаттардан бекемдегенинде да, четке какканында да вахий жана акыл далилдерине карама-каршылыкка дуушар болот.
Ал эми ахлу сунна вал жамаат аалымдары Аллах Таала китебинде Өзүнө тиешелүү кылган жана Анын элчиси Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ишенимдүү хадистеринде Аллахтын сыпаты деп айткан сыпаттарды кандай айтылса ошондой Аллахка тиешелүү кылып бекемдешет. Алар Аллах Тааланы жаратылгандарга окшотуудан, (маанинин) бузулуусунан тазалашты. Кемчилик кетирүүдөн аман болушту. Жалаң гана далидерге таянышты. Бул Аллахтын сүннөт жолу - Ал элчилерин жиберген акыйкатты карманган, акыйкатка жеткирип, ачык далилин көрсөтүүнү Аллахка ыклас кылып талап кылгандар үчүн. Аллах Таала айткан: "Биз акыйкатты жалгандын үстүнө таштайбыз, ал аны жанчыйт, ошондо жалган жок болот". (Анбия, 18-аят) Аллах Таала дагы мындай деген: "Алар сага мисалдарды келтирсе, Биз сага акыйкатты жана эң жакшы түшүндүрмөлөрдү келтиребиз". (Фуркан, 33-аят). Ал-Хаафиз бин Касир (ага Аллах ырайым кылсын) белгилүү тафсир китебинде Аллах Тааланын: "Раббиңер асмандар менен жерди алты күндө жаратып, анан Аршка көтөрүлгөн Аллах" - деген аяты боюнча сөз кылганда (Аараф, 54-аят). Бул бөлүмгө тиешелүү абдан жакшы сөздү айткан, анын пайдасы чоң болгону үчүн бул жерде айтып коюу жакшы. Ал мынтип айткан: "Бул тууралуу аябай көп сөздөр айтылган, бул жерде анын баарын айтууга мүмкүн эмес. Биз бул жерде жалаң гана абалкы өткөндөрдүн мазхабына токтолобуз: Малик, ал-Авзаий, Ас-Саврий, Лайс бин Саад, Шаафи, Ахмад, Исхак бин Рахавай ж.б. мурдагы жана азыркы аалымдар Аллахтын сыпаттары кандай айтылса, элестетпестен, маанилерин бурмалабастан ишенебиз дешкен. Окшоштуруучулардын зээнине келип жаткан сырткы мааниси Аллахтан кайтарылган. Анткени Аллах Таала жаратылгандарга окшобойт жана Ага окшош нерсе жок, Ал Угуучу жана Көрүүчү. Тескерисинче, алардын кээ бири, мисалы, Имам Бухаринин устазы Наим бин Хаммад ал-Хузаий айткандай: "Ким Аллахты жаратылгандарга окшотсо, каапыр болот. Ким Аллах Өзүнө таандык кылган сыпатты четке какса, ал да каапыр болот. Аллах жана Анын элчиси Аллахты сыпаттаган сыпаттарда окшоштук жок. Ким ачык айкын аяттарда айтылган жана ишенимдүү хадистерде айтылган Аллахка таандык сыпаттардын баарын Аллахтын Өзүнө ылайык таандык кылып бекемдесе жана Аллахтан кемчиликтүү сыпаттарды кайтарса, мына ошол туура жолдо жүргөн болот".
Периштелерге ыйман келтирүү.
Ал эми периштелерге ыйман келтирүүгө келсек: аларга ыйман келтирүү жалпылай жана өз-өзүнчө болгон бир канча нерсени ичине камтыйт. Мусулман адам Аллах Тааланын периштелери бар экенине, аларды таат-ибадат үчүн жаратканына, алар Аллахтан озуп сүйлөбөстүгүнө, буйругун дароо аткарган урматтуу кулдары деп сыпаттаганына ишенет. "(Аллах) Алардын келечектерин да, өтмүштөрүн да билет. Алар (Аллахтын алдында) Ал каалагандар үчүн гана шапаат кыла алышат. Алар Аллахтан коркуп, ырайымына жалдырап турушат". (Анбия, 28-аят). Периштелердин түрлөрү көп, Аршты көтөрүп турууга буйрулгандары бар, бейиш менен тозокту көзөмөлдөгөндөрү бар, пенделердин иш-амалдарын жазып, сактап тургандары бар ж.б. Аллах Таала жана Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) атын атаган периштелерге, мисалы Жебрейил, Микайил, тозоктун көзөмөлчүсү Малик, сурнайды үйлөй турган Исрафил периштелерге ушундай аттары менен ишенебиз. Булар ишенимдүү хадистерде айтылган. Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дегенин айткан: "Периштелер нурдан жаратылган. Жиндер оттун жалынынан жаратылган. Адам болсо силерге айтылган нерседен (топурактан) жаратылган" (3). Имам Муслим "Сахих" китебинде жазган. (3) Муслим, Зухд ва Ракааик (2996). Ахмад (6\153).
Китептерге ыйман келтирүү
Китептерге да жалпы ыйман келтирүү важыб. Аллах Таала акыйкатын билдирүү жана ага чакыруу үчүн элчи-пайгамбарларына китептерин түшүргөн. "Биз аят-белгилер менен элчилерибизди жибердик жана алар менен кошо адамдар адилеттүүлүк менен жашоолору үчүн китептерди жана таразаны түшүрдүк. (Хадид, 25-аят). Аллах Таала дагы мындай деген: "Адамдар бир үммөт болчу. Анан (келишпестик күчөп) Алла аларга сүйүнчүлөөчү жана эскертүүчү пайгамбарларды жиберди жана адамдар арасындагы талаш нерседе (динде) өкүм чыгаруу үчүн чындыкты камтыган китепти (Тоорат, Инжилди) түшүрдү...". (Бакара, 213-аят).
Аллах Таала аттарын атаган китептерге, мисалы, Тоорат, Инжил, Забур жана Куранга ишенебиз. Куран бардык китептердин абзели, акыркысы, үстөмдүк кылуучу жана тастыктоочу. Куран бардык үммөт ээрчий турган жана Аллахтын элчисинин сүннөтү менен бирге өкүм жүргүзө турган китеп. Анткени Аллах Таала пайгамбарыбыз Мухамадды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарга жана жиндерге пайгамбар кылып жиберген. Ага аны менен өкүм кылуусу үчүн Куранды түшүргөн. Куранды жүрөктөргө шыпаа, бардык нерсенин баяны бар, туура жол көрсөтүүчү, ыймандууларга ырайым катары түшүргөн. Аллах Таала мынтип айткан: "Бул Биз түшүргөн берекелүү китеп. Аны ээрчигиле жана такыба болгула, балким Анын ырайымына жетерсиңер". (Анаам, 155-аят). Аллах Таала мынтип айткан: "Биз сага китепти (Куранды) бардык нерсени баяндоочу жана мусулмандар үчүн туура жол, ырайым жана сүйүнчү катары түшүрдүк". (Нахл, 89-аят). Аллах Таала дагы мындай деген: "Айткын: Эй адамдар! Чынында, мен баарыңарга Аллах жиберген элчимин. Асмандардын жана жердин падышалыгы Ага гана таандык. Андан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок. Ал Тирилтүүчү жана Өлтүрүүчү. Ошондуктан, Аллахка жана Анын элчиси болгон кат тааныбаган пайгамбарга ыйман келтиргиле, ал пайгамбар Аллахка жана Анын сөздөрүнө ыйман келтирген. Аны ээрчигиле. Балким, туура жолго түшөсүңөр". (Аараф, 158-аят). Мындай маанидеги аяттар өтө көп.
Элчилерге ыйман келтирүү
Ошондой эле элчилерге да жалпылай жана өз-өзүнчө ыйман келтирүү важыб. Аллах Таала пенделерине элчилерди жибергенине ишенебиз. Алар бейишти сүйүнчүлөп, тозокту эскертип, акыйкатка чакырышат. Ким алардын чакырыгын кабыл кылса, бакытты утуп алат. Ким алардын чакырыгын кабыл кылбаса, өкүнүч менен уттурат. Пайгамбарлардын акыркысы жана эң абзели ал биздин пайгамбарыбыз Абдуллахтын уулу Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун). Аллах Таала айткан: "Биз ар бир элге: "Аллахка ибадат кылгыла жана тоогуттан (чектен чыккандар) алыс болгула" - деп эскерткен элчини жибердик". (Нахл, 36-аят). Аллах Таала айткан: "Пайгамбарлардан кийин адамдарда Аллага каршы далил (шылтоо) болуп калбоосу үчүн сүйүнчүлөөчү жана эскертүүчү элчилерди жибергенбиз". (Ниса, 165). Аллах Таала айткан: "Мухаммад араңардагы эч бир эркек-кишиңердин атасы эмес. Ал Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысы". (Ахзаб, 40-аят). Аллах Таала атын атаган жана пайгамбарыбыз хадистерде атын айткан пайгамбарларга кандай баяндалса, ошондой ишенебиз. Мисалы, Нух, Худ, Салих, Ибрахим ж.б. алардын баарына жана пайгамбарыбызга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун.
Акырет күнүнө ыйман келтирүү.
Ал эми акырет күнүнө ыйман келтирүүгө келсек:
Аллах Таала жана Анын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлаган өлүмдөн кийин болуучу кабыр азабы, кабыр ырахаты, кабырдагы суроолор сыяктууларга жана кыяматка тиешелүү абалдар, кыл көпүрөдөн өтүү, амалдардын таразага тартылуусу, эсеп-кысап берүү, сый же жаза алуу, амал китептердин таратылуусу, аны оң жагынан алуу же сол жагынан алуу сыяктуу иштердин баарына ыйман келтирүү важыб. Мындан сырткары пайгамбарыбызга таандык болгон Хавз көлүнө, бейиш менен тозокко, ыймандуулардын Аллахты көрүүсүнө жана түз сүйлөшүүсүнө ж.б. Куранда жана сүннөттө айтылган нерселерге ыйман келтирүү да кирет. Булардын баарына Аллах жана Анын элчиси баяндагандай таризде ыйман келтирип, тастыктоо ваажыб.
Тагдырга ыйман келтирүү
Ал эми тагдырга ыйман келтирүүгө келсек, ал төрт нерсени камтыйт:
Биринчиси: Аллах Таала болгонду да, эми боло турганды да билет. Ал пенделеринин абалын билген, алардын ырыскысын, ажалын, кыла турган амалдарын ж.б. иштерин билген. Ага булардын эч бири жашыруун эмес. Ал айтат: "Чынында, Аллах бардык нерсени Билүүчү". (Бакара, 231-аят). Аллах Таала дагы минтип айткан: "Аллах бардык нерсеге кудуреттүү экенин жана Аллах бардык нерсени илими менен камтып алганын билүүңөр үчүн...". (Талак, 12-аят).
Экинчиси: Аллах Таала бардык тагдыр кылган жана буйругун иштерди жазып койгон. Аллах Таала айткан: "Биз жер алардан кемиткен нерсени билдик. Биздин алдыбызда сакталган китеп (Лавхул Махфуз) бар. (Коф, 4-аят). Аллах Таала айткан: "Биз бардык нерсени анык китепте эсептеп койгонбуз". (Йасин, 12-аят). Аллах Таала айткан: "(Мухаммад!) Сен Аллах асман жана жердеги бардык нерселерди билишин, бул нерселер китепте (Лавхул Махвузда) жазылуу экенин жана бул Аллахка оңой экенин билбедиңби?!" (Хаж, 70-аят).
Үчүнчүсү: Аллахтын каалоосуна ыйман келтирүү. Ал эмнени кааласа болот, каалабаганы болбойт. Аллах Таала айткан: "Чынында, Алла каалаганын кылат". (Хаж, 18-аят). Аллах Таала дагы минтип айткан: "Эгер бир нерсени (жаратууну) кааласа, Анын иши "Бол!" деп айтуудан гана турат, ошондо ал нерсе дароо болот". (Йасин, 82-аят). Аллах минтип айткан: "Силер Аллах каалаганды гана каалай аласыңар. Чынында, Аллах эзелтен бери Билүүчү, Даанышман". (Инсан, 30-аят).
Төртүнчү: Бардык нерсени Аллах жаратканына ыйман келтирүү. Андан башка Жаратуучу да, Рабби да жок. Аллах Таала минтип айткан: "Аллах – бардык нерселердин Жаратуучусу. Ал – бардык нерсенин Сактоочусу". (Зумар, 62-бет). Аллах Таала айткан: "О адамдар! Аллахтын берген жакшылыктарын (көп) эстегиле! (Антпегидей) Силерге асман-жерден ырыскы берген Аллахтан башка Жаратуучу бар беле?! Эч бир кудай жок, бир Өзү бар: (Өзүнө ибадат кылбай) дагы кайда адашып баратасыңар?!». (Фатир, 3-аят). Тагдырга ыйман келтирүү ушул төрт ишке ишенүүнү өзүнө камтыйт. Бул ахлу сунна вал жамааттын ишеними. Бул булардын кээ бирин четке каккан бидаатчылардын ишенимине тескери келет.
Ыйман – бул, сөз жана амал. Ал ибадат кылуу менен көтөрүлүп, күнөө кылуу менен азаят.
Аллахка ыйман келтирүүгө ыйман сөз жана амалдан турат, таат-ибадат менен көбөйүп, күнөө менен азаят деген ишеним да кирет. Андыктан мусулмандардан кимдир бирөөнү ширк же каапырлыктан башка зына, уруулук, сүткордук, арак ичүү, ата-энени нааразы кылуу сыяктуу күнөөлөрү үчүн каапырга чыгарууга болбойт, эгер ал бул күнөөлөрдү адал деп эсептебесе. Аллах Таала айткан: "Албетте, Аллах Өзүнө ширк кылынышын кечирбейт. Мындан башка күнөөлөрдү каалаган пендеси үчүн кечирет". (Ниса, 48-аят). Ошондой эле пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ишенимдүү мутаватир хадисинде айтылган. Аллах Таала кимдин жүрөгүндө сары кычынын данындай ыйманы болсо, аны тозоктон чыгарат.
Аллах үчүн жакшы көрүү, Аллах үчүн жек көрүү жана Аллах үчүн достошуу, Аллах үчун душмандашуу
Булар да Аллахка ыйман келтирүүдөн болуп эсептелет: Аллах үчүн жакшы көрүү, Аллах үчүн жек көрүү, Аллах үчүн достошуу жана Аллах үчун душмандашуу. Ыймандуу адам ыймандуу адамды жакшы көрүп, аны менен достошот. Каапырларды жек көрүп, душмандашат. Бул үммөттө ыймандуулардын башында пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары турат. Ахлу сунна вал жамаат аларды жакшы көрөт, дос тутат. Алар пайгамбарлардан кийинки эле эң жакшы адамдар деп этикад кылып ишенишет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан: "Муундардын эң жакшысы - менин муунум. Андан соң алардан кийин келгендер. Андан соң алардан кийин келгендер". (4). Бухари жана Муслимде келген. Ахлу сунна вал жамааттын ишениминде, сахабалардын эң абзели Абу Бакр Сыддык, андан кийин Умар ал-Фарук, андан кийин Усман Зуннуройн, анан Али (аларга Аллах ыраазы болсун). Булардан кийин бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он сахабанын калгандары, андан кийин башка сахабалар экенине этикад кылып ишенишет. Сахабалардын ортосунда болгон кээ бир иштерге кийлигишпейт. Бул иштерде сахабалар ижтихад кылган деп ишенишет. Алардын кимиси туура болсо, ага эки сооп. Кимиси ката болсо, ага бир сооп. Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үй-бүлө мүчөлөрүнөн болгон ыйман келтиргендерди жакшы көрүшөт жана аларды өздөрүнө жакын тутушат. Аллахтын элчисинин аялдарын ыймандуулардын энеси деп кам көрүшөт жана алардын баарына ыраазы болушат. Рофидалардын жаман жолунан таза деп эсептешет. Алар болсо Аллахтын элчисинин сахабаларын жек көрүшөт, тил тийгизишет. Үй-бүлөсү тууралу чектен чыгышат. Аларды Аллах берген орундан жогору коюшат. Ошондой эле навасибдердин жолунан таза деп эсептешет. Алар болсо Аллахтын элчисинин үй-бүлөсүнө тили жана амалы менен ыза жеткиришет. (4) Бухари, Шахада, (2509). Муслим, Фазаил Сахаба, (2533). Тирмизи, Манаакыб, (3859). Ибн Маажа, Ахкам, (2362). Ахмад, (1\434).
Бул кыска сөзүбүздө биз айтып өткөндөрдүн баары Аллах Таала Өзүнүн Элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жөнөткөн туура акыйдага кирет. Бул адашуудан кутулган Ахли Сунна вал жамаат мазхабынын акыйдасы. Бул тууралуу пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан: "Меним үммөтүмдөн акыйкатты карманган, (Аллахтын) жардамы келип турган топ болот, аларга жардам бербегендер зыянын тийгизе албайт. Бул Аллахтын буйругу (кыяматтын башталышы) келгенге чейин уланат" (5). Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан: "Яхудилер жетимиш бир агымга бөлүнгөн. Христиандар жетимиш эки агымга бөлүнгөн. Бул үммөт болсо жетимиш үч агымга бөлүнөт. Анын бирөөнөн башкасы баары тозокто болот". Сахабалар: "Ал бирөөсү кимдер?" - деп сурайт. "Мен жана менин сахабаларым карманган жолду кармангандар" - деп жооп берген. Мына ушул бекем кармай турган, анын үстүндө туруктуу боло турган, ага каршы ишенимдерден сактана турган таза акыйда. (5) Муслим, Имаара, (1920). Тирмизи, Фитан, (2229). Абу Дауд, Фитан ва Мулахим, (4252). Ибн Маажа, Фитан, (3952). Ахмад, (5\279). (6) Ибн Маажа, Фитан, (3992).
Бул акыйдадан четтеп, анын каршысын кармангандар тууралуу
Алардын түрлөрү
Ал эми бул акыйдадан четтеп, анын каршысын кармангандар тууралуу айтсак, алардын түрү көп. Алардан буркандарга, айкелдерге, периштелерге, олуяларга, жиндерге, бак-даракка, тоо-ташка ж.б. сыйынгандары бар. Булар элчи-пайгамбарлардын чакырыгын кабыл кылышкан эмес. Тескерисинче, аларга каршы болуп, тоңмоюндук кылышкан. Курайштар жана башка араптар пайгамбарыбызга каршы чыкканы сыяктуу. Алар өздөрү сыйынган нерседен муктаждыктарын чечүүнү суранышкан, ооруга шыпаа тилешкен, душманга каршы жардам күтүшкөн, аларга арнап курмандык чалып, аларга назр кылышкан. Качан Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларды бул иштеринен тыйып, жалгыз Аллахтын Өзүнө ыклас менен ибадат кылууга чакырганда, ага таң калышып, андан баш тартышты. Алар мындай дешти: "Ал кудайларды бир кудай кылат бекен, бул таң калыштуу нерсе". (Сад, 5-аят). Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларды Аллахка чакырып, ширктен тыйып эскертип, аларды чакырып жаткан диндин акыйкатын аларга түшүндүрүп, анан алардын ичинен Аллах туура жолго салгандары динди кабыл кыла баштады. Андан кийин Аллахтын динине топ-топ болуп киришти. Пайгамбарыбыздын, анын сахабаларынын жана аларды ээрчигендердин талыкпаган чакырыгынан жана жихадынан кийин Ислам дини башка диндерден бийик болуп ачыкка чыкты. Кийин абал кайра өзгөрүп, көпчүлүк адамдарда илимсиздик күчөдү. Көп адамдар жахилият динине кайтып кетишти. Алар пайгамбарларды, олуяларды чегинен ашырып, аларга дуба кылып, жардам тилеп ж.б.ширктин түрлөрүн кылышты. Арап каапырлары "Лаа илааха иллаллах" келмесинин маанисин билгендей да алар мунун маанисин билбей калышты.
Пайгамбарчылыктан кийинки доорлордо илимсиздиктин айынан бул ширктер адамдарга жайылып биздин заманга чейин жетти.
Кийинкилердин шубха-күмөнү да мурдакылардыкы сыяктуу экени жана кээ бир каапырлык этикад-ишенимдер тууралуу.
Кийинкилердин шубха-күмөнү деле мурункулардыкына окшош, бул алардын "булар Алланын алдында биздин колдоочуларыбыз, буларга Аллахка жакындоо үчүн гана сыйынабыз" деген сөздөрү. Ал эми Аллах Таала алардын бул шубхасын жалганга чыгарып, ким Андан башка эмнеге сыйынбасын, Аллахка шерик кошуп, каапыр болорун айткан: "Алар Аллахты таштап, өздөрүнө зыяны да, пайдасы да тийбеген нерселерге ибадат кылып "мына ушулар Алланын алдында бизди колдоочулар” дешет". (Юнус, 18-аят). Аллах Таала алардын айтканын төмөнкү сөзү менен жокко чыгарат: “Силер Аллахка асмандардагы жана жердеги билбеген бир нерсесин билдирип жатасыңарбы?!” - деп айткын. Ал Аруу жана алар шерик кылган нерселерден Бийик". (Юнус, 18-аят). А төмөнкү аятта Аллах Таала Өзүнөн башкага болгон ибадат, мейли ал пайгамбар, олуя ж.б. болсун, аны кандай ат менен аташпасын баары бир ал чоң ширк экенин баяндаган: "Андан башканы колдоочу дос кылып алгандар (мынтип айтышат): “Биз буларга бизди Аллага жакындатуулары үчүн гана ибадат кылып жатабыз”. (Зумар, 3-аят). Аллах алардын айтканын четке кагып: "Чынында, Аллах алар талашып жаткан нерсе тууралуу өкүм кылат. Чынында, Алла жалганчы каапырларды туура жолго баштабайт". (Зумар, 3-аят). Аллах Таала Өзүнөн башкага дуба кылуу, коркуп, үмүт кылуу сыяктуу ибадаттар менен сыйынуу Өзүнө (Аллахка) каапырлык кылуу экенин жана алар кудайларыбыз Аллахка жакындатат деген сөздөрүндө жалганчы экенин баяндаган.
Таза акыйдага каршы, пайгамбарлар алып келген динге тескери келген акыйдалардын дагы бири азыркы замандагы Марк, Ленин ж.б. түзгөн атеисттик көз караштагы каапыр акыйдасы. Аны социализм деп атайбы, коммунизм деп атайбы, же басизм дейби, же башка аталыш менен атайбы айырмасы жок, бул атеисттик көз караштын негизи - кудай жок, тирүүлүк бул материя деген көз караш. Алардын ишениминин негиздеринде кайра тирилүүнү четке кагуу, бейиш менен тозокту четке кагуу, бардык диндерге ишенбөөчүлүк бар. Алардын китептерин карап, алар көрсөткөн нерселерди изилдеген адам муну анык билет. Бул ишеним бардык асмандан түшкөн диндерге каршы келеринде жана буга ишенгендер бул дүйнөдө жана акыретте эң жаман кесепеттерге туш болору шексиз.
Акыйкатка каршы келген акыйдалардын дагы бири, кээ бир суфийлер менен эзотериктердин өздөрү олуя деп атаган адамдарды Аллахка ааламды башкарууда шерик кылып алышканы. Аларды Актаб, Автад, Агвас ж.б. аталыштар менен кудай кылып атап алышкан. Бул рубубияттагы (Аллахтын жаратуучулугу жана башкаруучулугу) эң чоң ширк. Бул жахилияттагы араптардын ширкинен да жаман. Анткени, алар рубубиятка ширк кылышкан эмес, алар ибадатта гана ширк кылышкан. Алардын ширки бейпил, тынч мезгилде болгон. А кыйынчылык мезгилде Аллахка калыс ибадат кылышкан. Бул тууралуу Аллах Таала мынтип айткан: "Алар кемеге чыкканда (кеме чайпалып коркушканда) чын ыклас менен Аллахка дуба кылышат. (Аллах) аларды кургактыкка куткарып чыгарып койсо, кайра Ага шерик кошо башташат". (Анкабут, 65-аят). Ал эми рубубиятта Аллахтын жалгыз экенин моюндашкан. Алла Таала айтат: "Эгер алардан "силерди ким жараткан" деп сурасаң, Алар "Аллах" деп жооп беришет". (Зухруф, 87-аят). Аллах Таала айткан: «Аларга ушинтип айт: «Силерди асман жана жерден ырыскыландырган ким? Же угуу жана көрүү сезимдеринин ээси ким? Өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгарган ким? Ааламдагы иштерди башкарган ким?» Алар дароо: «Аллах» - деп жооп беришет. Сен ушинтип айткын «(ошол Аллахтан) коркпойсуңарбы?!» (Юнус, 31-аят). Бул маанидеги аяттар өтө көп.
Кийинки мушриктердин мурдагыларга кошкон ширктери
Кийинки мушриктер мурдагы мушриктерге эки тараптан кошумча кылышты. Биринчиси: кээ бирлеринин рубубияттагы ширки. Экинчиси: бейпилдиктеги жана кыйынчылыктагы ширктери. Муну аларга аралашып, алардын иштерин изилдеп көргөндөр жана алардын төмөнкүлөрдүн кабырына барып дуба кылып жатканын көргөндөр жакшы билет. Мисирдеги Хусейндин, Бадавинин, Адендеги ал-Айдарустун, Йемендеги ал-Хаадинин, Шамдагы Ибн Арабинин, Ирактагы Абдулкадыр Жайланинин ж.б. белгилүү кабырларды ыйыктап, Аллахтын көп акыларын аларга арнашат. Аларды мындан тыйган, Аллах Таала пайгамбарыбызды жана мурдагы пайгамбарларды жиберген таза акыйданы баяндаган адамдар аз. Баарыбыз Аллахка таандыкпыз, баарыбыз Ага кайтабыз. Аллах Тааладан аларды акылына келтирүүсүн, алардын арасынан туура жолго чакыруучуларды көбөйтүүсүн, чыгаруусун, бул ширк менен күрөшө турган, ага алып бара турган иштерге өкүм чыгаруучу аалымдарга жана мусулмандардын башчыларына Аллах ийгилик берүүсүн тилейбиз. Ал - Жакын жана Угуучу.
Дагы ошондой туура акыйдага каршы келген акыйдалардын бири - Аллах Тааланын ысым-сыпаттарына байланыштуу бидаатчы жахмия, мутазила жана алардын жолун жолдогондордун акыйдасы. Алар Аллахтын сыпаттарын жокко чыгарган, Аны кемчиликсиз сыпаттарынан ажыратып, такыр жок болгон, жансыз жана болбой турган сыпаттар менен сыпатташат. Аллах алардын айткан сөздөрүнөн өтө бийик, таза. Дагы мындай акыйдага ашарилер сыяктуу Аллахтын кээ бир сыпатын бекемдеп, кээ бир сыпатын жокко чыгаргандар да кирет. Алардын кайсы бир сыпатты бекемдөөсү, алар далилдеринде жокко чыгарган же бурмалаган сыпаттардан качуу үчүн. Мунусу менен алар самий (Куран, хадисте келген) жана аклий далилдерге каршы болушту. Ушинтип мында ачык-айкын адашышкан. Ал эми ахлу сунна вал жамат Аллах Таала Өзүнө жана Анын элчиси Ага таандык кылган ысым-сыпаттардын баарын толук бойдон Ага таандык деп эсептеп, бекемдешет. Аны жаратылгандарга окшотуудан таза тутуп, маанилерин жокко чыгаруудан таза аруулашты. Бурмалабастан, маанилерин жокко чыгарбастан далилдердин баарына амал кылышты. Ошондуктан алар башкалар дуушар болгон карама-каршылыктан саламат болушту, жогоруда баяндалгандай. Мына ушул кутулуунун, дүйнө жана акыреттеги бакыттын жолу. Бул - үммөттүн башында турган абалкы мусулмандар жана алардын имамдары карманган туура жол. Кийинки келгендер мурдагы келгендер оңолгон нерсе менен гана оңоло алышат. Ал Аллахтын китебине жана сүннөткө ээрчүү жана аларга каршы келген нерсени таштоо.
Аллахтын Өзүнө ибадат кылуунун важиб экендиги жана Аллахтын душмандарына каршы түшө турган жардамдын себептери тууралуу баян.
Моюнуна ибадат жүктөлгөн адамдын негизги милдети жана эң чоң аткара турган иши - жети кабат асман менен жердин жана Арштын улуу Раббиси Аллахка гана ибадат кылуу. Ал ыйык китебинде мынтип айткан: "Чынында, силердин Раббиңер Аллах. Ал асмандар менен жерди алты күндө жаратты. Андан соң Аршка көтөрүлдү. Ал түндүн караңгылыгы менен күндүздү каптайт жана түн күндүздү ээрчип жүрөт. Күн, Ай жана жылдыздар Анын буйругуна баш иет. Жаратуу жана башкаруу Ага гана таандык эмеспи?! Ааламдардын Раббиси Аллах эзелтен улуу". (Аараф, 54-аят). Аллах Таала Курандын башка аятында инсан жана жинди Өзүнө гана ибадат кылуусу үчүн жаратканын айткан: "Жиндерди жана адамдарды Өзүмө ибадат кылуусу үчүн гана жараттым". (Зарият, 56-аят). Адамдар менен жиндерди ибадат үчүн жараткан ибадаттар булар: намаз, орозо, зекет, ажалык, рүкү, сажда, таваф, курмандык чалуу, назр, коркуу, үмүт кылуу, куткаруусун суроо, жардам суроо, коргоо тилөө, дубанын бардык түрлөрү мына ушуларды аткарууда Аллахты жалгыздоо. Буга дагы Аллахтын китеби жана Анын элчисинин сүннөтү далил болгон Аллахтын бардык буйруктарына жана тыюуларына баш ийүү кирет. Аллах Таала адамдарды жана жиндерди алардын жаралуусуна себеп болгон ибадатка буйруган. Аларга бул ибадаттарды баяндап, чечмелөө үчүн жана ага чакырып, Аллахка ыклас кылууга үндөө үчүн элчилерди жиберип, китептерди түшүргөн. Алла Таала айтат: "Эй адамдар! Силерди жана силерден алдыңкыларды жараткан Жаратуучу Кожоюнуңарга ибадат кылгыла! (Балким) Такыба болорсуңар". (Бакара, 21-аят.) Аллах Таала дагы мынтип айткан: "Раббиң Анын Өзүнө гана ибадат кылууга жана ата-энеге жакшылык кылууга өкүм кылды". (Исра, 23-аят). Бул аяттагы "өкүм кылды" деген сөздүн мааниси буйруду жана осуят кылды дегенди туюндурат. Аллах Таала айткан: "Алар динде ширктен таза болуп, Аллахка гана чын ыкластан ибадат кылууга, намаз окууга жана зекет берүүгө буйрулушту. Мына ушул туура дин". (Баййина, 5-аят). Бул маанидеги аяттар Куранда өтө көп. Алардын бири: "Аллахтын элчиси силерге (Исламдан) эмнени алып келсе, аны кабыл алгыла. Эмнеден тыйса, ошол замат андан тыйылгыла! Аллахтан корккула. Чынында, Аллахтын азабы катуу". (Хашр, 7-аят). Аллах Таала минтип айткан: "Эй, ыйман келтиргендер! Аллахка моюн сунгула, Элчиге жана өзүңөрдөн болгон башчыларга моюн сунгула. Эгерде бир нерседе талашып-тартышып калсаңар, анда Аллахка жана пайгамбарга кайткыла, эгерде Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтирген болсоңор. Мында жакшылык жана эң жакшы натыйжа бар". (Ниса, 59-аят). Аллах Таала дагы мынтип айткан: "Ким Аллахтын элчисине баш ийсе, Аллахка баш ийген болот". (Ниса, 80-аят).
Аллах Таала мынтип айткан: "Биз ар бир элге: "Аллахка ибадат кылгыла жана тоогуттан (чектен чыккандар) алыс болгула" - деп эскерткен элчини жибердик". (Нахл, 36-аят). Аруу Аллах мынтип айткан: «Сенден абалкы жиберген элчилерге: «Менден башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мага гана ибадат кылгыла» - деп аян-кабар кылдык». (Анбия, 25-аят). Аллах Таала айткан: «Алиф, Лаам, Роо. Бул китептин аяттары (эч качан бурмаланбай турган кылып) бекемделди жана Даанышман, Кабардар (Аллах) тарабынан баян кылынды». "(Мунун себеби) Аллахтан башка кудайларга ибадат кылбашыңар үчүн. Чынында, мен силерге Аллах тарабынан (жиберилген) эскертүүчү жана куш кабар берүүчүмүн". (Худ, 1-2-аяттар).
Бул өкүм аяттары жана ага маанилеш болгон Курандагы башка аяттардын баары ибадатты калыс Аллахтын Өзүнө аткаруунун важыбдыгына далил. Анткени диндин негизи жана пайдубалы ушул. Ошондой эле инсан менен жиндин жаратылуусундагы, элчилердин жиберилүүсүндөгү жана китептердин түшүрүлүүсүндөгү негизги сырынын далили да ушул. Моюнуна ибадат жүктөлгөндөрдүн баарына ушул ишти колдоо, аны түшүнүү жана көпчүлүк мусулмандар кабылып калып жаткан төмөнкү иштерден сактануусу важыб. Ал иштер: пайгамбарлардын жана саалихтердин даражасын ашыкча көтөрүп жиберүү, алардын кабырларынын үстүнө сыйынуучу жайларды куруп алуу, алардан жардам, колдоо суроо, аларга таянуу, алардан муктаждыгын чечип, кыйынчылыктан чыгаруусун сурануу, ооруга шыпаа тилөө, душманга каршы жардам жеңиш суроо ж.б. ширктин түрлөрүн кылуу. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын китебинин далилине дал келген ишенимдүү хадиси бар. Анда Муаздын (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында ага пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: ""Аллахтын пенделерине жана пенделердин Аллахка болгон акысын билесиңби?" Муаз: "Аллах жана Анын элчиси жакшы билет деп айттым" - дейт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Пенделердин моюнундагы Аллахтын акысы - Ага эч нерсени шерик кылбай ибадат кылуулары. Аллахтагы пенделердин акысы - Ага эч нерсени шерик кылбаган пенделерин азаптабоосу" - деди". (7). "Сахих Бухариде" Ибн Масуддун (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Кимде-ким Аллахка башка нерсени шерик кылып өлсө, тозокко кирет". (8). Имам Муслим "Сахих" китебинде Жаабирдин хадисин айтат, анда пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт: "Кимде-ким Аллахка Ага эч нерсени шерик кылбай жолукса, бейишке кирет. Ал эми ким Ага бир нерсени шерик кылып жолукса, тозокко кирет" (9). Бул мааниде айтылган хадистер көп. Бул маселе маселелердин эң зарылы жана эң чоңу. Аллах Таала пайгамбарыбызды тавхидге чакыруу жана ширктен тыюу үчүн жиберди. Аллах жиберген ишти пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) толук аткарды. Аллах үчүн өтө көп азап чекти, бирок сабыр кылду. Аны менен бирге динди таркатууда сахабалары да сабыр кылып чыдашты. Ошентип Аллах Таала арап жарым аралынан бардык буркан, айкелдерди жок кылды. Адамдар Аллахтын динине топ-тобу менен киришти. Каабанын айланасындагы жана ичиндеги буркандарды, Лат, Узза, Манат деп аталган буркан таштарды талкалашты. Арап урууларынын баарындагы бут-буркандарды талкалап жок кылышты. Өздөрү сактап жүргөн бут-айкелдердин баарын талкалап, Аллахтын сөзү бийик болуп, арап жарым аралында Ислам дини үстөмдүк кылды. Андан кийин мусулмандар жарым аралдын сыртындагыларга даават жана жихад кыла башташты. Алардын себеби менен кимдин бешенесине бакыт жазылган болсо ошолорду Аллах Таала алгачкылардан кылып туура жолго салды. Алар аркылуу дүйнөнүн көп бөлүгүнө акыйкатты жана адилеттикти жайды. Ошол аркылуу алар туура жолдун имамдары, акыйкаттын жарчылары, адилдиктин жана оңдоонун үгүтчүлөрү болуп калышты. Алардын жолун таабийиндер жана жакшылык менен аларды ээрчигендер басышты. Алар Аллахтын динин жайылтышты, адамдарды бир Аллахка сыйынуу ишенимине чакырышты, Аллах жолунда малы-жаны менен жихад кылышты. Алар Аллах үчүн жемелөөчүнүн жемесинен коркушкан жок. Аллах аларды колдоп, жардам берип, аларга каршы болгондорго үстөмдүк кылдырды. Аларга берген убадасын аткарды. Аллах Таала айтат: "Оо, ыйман келтиргендер! Эгер Аллахка (анын динине) жардам берсеңер, Аллах да силерге жардам берет жана кадамыңарды бекем кылат". (Мухаммад, 7-аят). Аллах Таала дагы мынтип айткан: "Ага (динине) жардам бергендерге Аллах да жардам берет. Чынында, Кубаттуу да, Кудуреттүү да – Аллах". "Аларды (динге жардам бергендер) жерде үстөмдүк кылдырып койсок, намаздарын окушту, зекеттерин беришти, жакшылыкка буйрушту жана жамандыктан тыйышты. Иштердин акыбети Аллахка таандык". (Хаж, 40-41-аяттар). Андан кийин адамдар өзгөрүп, бөлүнүп-жарылып, жихад иштерине маани бербей калышты. Ырахаттуу жашоого берилип, көнүл каалоолорун ээрчип кетишти. Ошентип Аллах сактагандардан башкасында жаман иштер көбөйүп ачыкка чыкты. Аллах Таала аларды өзгөртүп, кылган иштерине жаза катары душмандарын үстөм кылып койду. Аллах пенделерине эч качан зулум кылбайт. Аллах Таала айтат: "Анткени, Алла кайсы бир элге берген жакшылыктарын алар өздөрүн өзгөртмөйүнчө өзгөртпөйт". (Анфал, 53-аят). Демек, бардык мусулмандарга, өкмөттөргө, элдерге Аллахка кайтуу, Ага ыклас менен ибадат кылуу, кылган күнөө, кемчиликтер үчүн Ага тообо кылуу ваажыб. Аллах буйруган парз амалдарды аткаруу, Ал арам кылып тыйган иштерден алыс болуу, ушул иште бири-бирине насаат айтып, бири-бирине жардам берүүсүү зарыл. (7) Бухари, Истизан (5912). Муслим, Ыйман (30). Тирмизи, Ыйман (2643). Ибн Маажа, Зухд (4296). Ахмад (5/238). (8) Бухари, Тафсир Куран (4227). Муслим, Ыйман (92). Ахмад (1/374). (9) Бухари, Илим (129). Муслим, Ыйман (32). Ахмад (3/157).
Ошондой эле шарият өкүмдөрүн адамдар арасында жайылтуу керек. Аалымдар эл арасына дин илимин таратып, Исламдын артыкчылыктарын жайылтып, акыйкатка, сабырга чакырып, жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтарып туруусу зарыл. Ошондой эле социализмдин кыйратуучу принциптерине, баасчылыкка, улутчулдук фанатизмге жана башка шариятка каршы келген негиздер жана акыйдаларга сак мамиле жасоо керек. Ошондо Аллах мусулмандарды бузукулуктан оңдоп, алар жоготконду кайтарып, мурдагы атак-даңкына кайра чыгарып, душманга каршы жардамын көрсөтөт. Аллах Таала мынтип айткан: "Ыймандууларга жардам берүү Биздин милдетибиз болгон". (Рум, 47-аят). Аллах Таала айткан: "Силердин араңардан ыйман келтирип жакшы амал кылгандарга Аллах алардан илгеркилерди өкүмдар башчы кылгандай, аларды да жер бетине сөзсүз түрдө өкүмдар кылаарын, алар үчүн ыраазы болгон динин орнотуп берерин жана алардын коркууларын тынчтык-бейпилдикке айлантаарын убада кылды. (Дагы айтты): "Алар мага гана ибадат кылышат. Мага эч нерсени шерик кылышпайт. Мына ушундан кийин ким каапыр болсо, ошолор анык бузуку кишилер" (Нур, 55-аят). Аллах Таала дагы мынтип айткан: "Биз элчи-пайгамбарларыбызга жана ыймандуу пенделерге дүйнө жашоосунда да, күбөлөр тартылган (кыямат) күндө да жардам беребиз". (Гафир, 51-аят). "Ал күнү заалымдарга шылтоолору жардам бербейт. Аларга каргыш жана жаман турак жай (тозок) бар". (Гафир, 52-аят).
Аллах мусулмандардын башчыларын жана жалпы эле мусулмандардын абалын оңдосун. Аларды динде илимдүү кылсын. Сөздөрүн такыбалыктын сөзү кылсын. Баарын туруктуу түз жолго баштасын. Аларга акыйкат иште жардам берип, туура эмес иштен өзү сактасын. Баарын жакшылык иште бири-бирине жардам берүүгө, акыйкатка чакырууда сабырдуу болууга насип кылсын. Аллах буга кадыр. Анын элчиси, кулу жана эң жакшы пендеси Мухаммад пайгамбарга, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана анын туура жолун ээрчигендерге Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун. Ассаламу алайкум ва рахматуллахи ва баракатух.