إعداد خطيب ماهر

إعداد خطيب ماهر

Чексиз Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын.

Language: lang_ky
Prepared by:
Version: 1.0
Translations 26
Assamese Azerbaijani German English +22
Attachments 7
PDF
Audio
Video
+3

Чексиз Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын.

Албетте бардык мактоолор Аллахка таандык. Биз Аны мактайбыз, Андан жардам сурайбыз жана Андан кечирим тилейбиз. Напсибиздин жамандыктарынан жана жаман амалдарыбыздан Аллахтан коргоо сурайбыз. Аллах кимди туура жолго баштаса, аны эч ким адаштыра албайт, ал эми кимди адаштырса, аны эч ким туура жолго баштай албайт. Мен Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Ал жалгыз жана Анын шериги жок экендигине жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк берем. Ага, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана аларга жакшылык менен ээрчигендерге Аллахтын салам-салаваттары болсун.

Андан соң: Чындыгында адамдар өздөрүнүн абалын оңдоого дайыма муктаж болгондуктан, шарият муну жөнгө сала турган өкүмдөр менен келген. Алардын катарына жума хутбасына тиешелүү өкүмдөр да кирет. Ошондуктан жума хутбачысынын жоопкерчилиги өтө чоң. Ушул себептен биз «Азанчы, имам, хатиб жана мечиттердин өкүмдөрүнүн пайдалуу жана кыскача колдонмосу» ([1]) деген аталыштагы китепти даярдоого жана аны бир нече тилге которууга аракет кылдык. Ал бир нече темаларды камтыган, алардын айрымдары: - https://islamcontent.com/ar/single-content/74839.

Жума намазы жана анын түшүндүрмөсү, убактысы, шарияттын буйруктарын аткарууга милдеттүү болгон инсанга тиешелүү кээ бир өкүмдөрү, ошондой эле жума хутбасы, анын өкүмү, шарттары, рүкүндөрү, сүннөттөрү, аны башка тилге которуу, хутбачыда болушу керек болгон илимий жана адеп-ахлактык сыпаттар, хутбанын жана хутбачынын адептери, анын максаттары, жана аны даярдоонун жол-жобосу.

Бул маселе өтө маанилүү болгондуктан, мурунку китепти кеңейтүү жана толуктоо иретинде «Чебер хутбачыны даярдоо» деп аталган бул экинчи китепче жазылды.

Амалыбыз салих жана калыс Аллахтын ыраазылыгы үчүн болуусун, жана ага береке берүүсүн Аллахтан суранабыз. Аллах Билүүчү, пайгамбарыбыз Мухаммадга Аллахтын тынчтыгы жана саламы болсун.

(Хутбанын маанилүүлүгү)

Жума минбары — эгер туура пайдаланылса, адамдарга таасир этүүнүн эң күчтүү, атүгүл эң башкы куралы болуп саналат. Анткени хутба кылуучу адам жылдар бою жума сайын элге кайрылып турат. Алар болсо ага акыл-эсин ачып, жүрөктөрүн төшөп, атүгүл майда таш менен ойноп алаксыбастан угушат. Ошентип, андан насааттарды, үгүттөрдү, сабактарды жана ибраттуу сөздөрдү кайталап, үзгүлтүксүз кабыл алып турушат.

Аллах Таала ынандырарлык ыкма жана күчтүү баяндоо жөндөмүн берген ийгиликтүү хутбачы — эч бир шексиз, адамдарга өтө терең таасир калтырат. Ал таасир, балким мугалимдин окуучуларына, жада калса социалдык тармактардын тийгизген таасиринен да күчтүүрөөк болот. Анткени хутба улуу ибадат болгон намаз менен байланышкан. Ошондой эле, сөзгө чечен, насааткөй жана көркөм сүйлөгөн хутбачы адамдардын алдында туруп, аларга түздөн-түз кайрылат. Угуучулар анын жүзүндөгү кыймыл-аракетти (мимикасын), көз карашын көрүп турушат. Ошентип ал аларга угуу жана көрүү сезимдери аркылуу таасир этип, жүрөктөрүнө жана акылына жол табат. Адамдар болсо хутбанын аягына чейин ага кулак төшөп, кунт коюп угуп турушат Ал аларга акылга жана диний тексттерге негизделген далилдерди келтирип, ошолор аркылуу – Аллахтын уруксаты менен – аларды ынандырып, түшүнүктөрүн оңдой алат.

Ийгиликтүү хутбачы – минбарды жакшылыкты жана илимди жайылтуунун эң маанилүү жолдорунун бири кылып, аны менен гана чектелбестен, колунан келишинче жакшылык жана такыбалыктын ар бир тармагына катышып, өз салымын кошкон адам. Кайсы жерде жакшылык болсо, сен аны ошол иштин баштоочуларынын катарында көрөсүң. Ал эми кай жерде Аллах үчүн курмандык талап кылынса, сен аны Аллахтын аскерлеринин бири катары табасың.

Мына ушундай хутбачы – пайгамбарлар жана элчилер (алейхимус солату уа-ссалам), ошондой эле Ислам үммөтүнүн ыкластуу аалымдары жана динге чакыруучулары сыяктуу эле, Аллахка даават кылууга жана мусулмандарга пайда алып келүүгө дилин койгон адам. Ал өз угуучулары үчүн жаңыланууга, аларды өзүнө тартууга жана кызыктырууга ынтызаар.

Хутбачыга тиешелүү бардык сыпаттарга ээ болгон көптөгөн хатибтер бар болгону менен, алардын хутбасы күтүлгөн натыйжаны бербей калат. Чынында, аманатты чынчылдык жана ыклас менен аркалаган чыныгы хутбачынын сөзү сөзсүз жемиштүү болушу талап кылынат.

Ар жума сайын элдин сезимин козгоп, муктаждыктарына тийиштүү темалар менен кайрылып, алардын жүрөктөрүнө түнөк табат. Бир жылдын ичинде эле алар менен элүү жолу жүздөшөт. Адамдарга таасир этүүдө мындан өткөн күчтүүрөөк дагы кандай курал (ыкма) болушу мүмкүн?

Ошондуктан жума хутбасы Исламдын эң улук белгилеринин бири, Аллахка даават кылуунун, Анын шариятын жеткирүүнүн жана Анын пенделерине далил келтирүүнүн эң маанилүү майдандарынын бири болгону таң калыштуу эмес. Ислам душмандары өздөрүнүн дининде да ушуга окшош нерсе болушун эңсешет. Атүгүл Исламга каршы согушкан жамааттардын башчыларынын бири мындай деген: «Эх, менде да ушул минбарлардай минбарларым болсо кана?!»

Илимдердин жана өнөрлөрдүн кадыр-баркы алардын максаттарынын улуулугу менен өлчөнөт. Ал эми чечендиктин өтө олуттуу жана маанилүү максаты бар: ал – адамдарды акыйкатка багыттап, аларды бул дүйнөдө жана акыретте пайдалуу болгон нерселерге кызыктырып, шыктандыруу.

Хутба айтуу – башкаруунун жана лидерликтин куралдарынын бири болуп саналат...

Хутба айтуу – бул улуу шарапат. Анын шарапаты – аны аткаруучунун кыраакы, аалым жана чечен болуусунда. ([2]) - «Арабдардагы чечендик», Мухаммад ал-Хидр Хусейн: 178-179-б

Шариат намаз окуучуга сенин хутбаң учурунда сени – эй, урматтуу хутбачы бир тууганым – кунт коюп угууну важиб кылган. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) мындай деген: "Эгер жаныңдагы адамга жума күнү имам хутба айтып жаткан учурда: «Тынчтанып ук» - десең, анда куру сөз сүйлөгөн болосун." Бухарий, Муслим([3]) «куру сөз сүйлөгөн болосун» дегендин мааниси: Жуманын сообунан куру калат дегени. Бухари, 934; Муслим, 851

Атүгүл адамдардын сага жүздөнүүсү мустахаб иш. Имам Навави, Ибнул-Мунзир жана Ибну Абдил-Барр (рахимахумуллах) бул иштин мустахаб экендигине ижма болгонун айтышкан. ([4]) - Ал-Мажмуу, 4/447

Мээримдүү Аллахтын периштелери сени угушат, ошондуктан аларга ылайык сый-урмат көрсөт.

Эй, жума хутбачысы, сага сыймык жана шарапат катары Мээримдүү Аллахтын периштелери сенин хутбаңды жана насааттарыңды угуу үчүн келип турганы жетиштүү. Сахих Бухарий жана Муслимде келгендей, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айткан: ([5]) «Жума күнүндө периштелер мечиттин ар бир эшигинде туруп алып, келгендерди кезеги менен жазып турушат. Имам (минбарга) олтурган соң алар барактарды жаап, хутбаны угуу үчүн келишет». Бухари, 3211; Муслим, 850

Эгер сен бул нерсени сезсең, жүрөгүңдө хутбанын кадыры жогорулап, адамдардан айбыкпастан жана аларга жагынбастан акыйкатты айтууга, аманатты аткарууга, элге насаат кылууга болгон умтулууң артат.

Эй, берекелүү хатиб – сага ким тең келет?

Аллах адамдарга сени угуп, сөзүңө кунт коюларын милдет кылды. Атүгүл сен сүйлөп жаткан кезде аларга майда таштарды оодаруу менен алаксуудан жана жамандыктан кайтаруудан да тыйып, Өзүнүн периштелерин да сени уга турган кылды.

Мына ушул нерсе сага Аллах үчүн ыкластуу болууну, хутбаларыңда жана насааттарыңда чын дилден насаат кылууну милдеттендирет. Ошондой эле хутбаларыңдын максаты – Аллахты эскерүү, адамдарга насаат айтуу, алардын диний иштерин жана дүйнө турмушун оңдой турган нерселерди түшүндүрүү болуусу зарыл.

***

(Кайсынысы абзел: хутбаны жаттан айтуубу же кагаздан окуубу?)

Шек-күмөнсүз, хутбачынын кагаздан окуусунда көптөгөн пайдалар бар жана ал көптөгөн хутбачылар менен сүйлөөчүлөр үчүн жатка айтуудан да ылайыктуураак болушу мүмкүн. Бул – айкын көрүнүп турган чындык.

Жатка айтуу хутбачынын берилип, шыктануу менен сүйлөөсүнө зор таасир этет. Бул болсо, шексиз угуучулардын да таасирленишине, шыктануусуна жана толкундануусуна алып келет. Ал эми мунун тескериси — карама-каршы натыйжаны берет.

Белгилүү болгондой, маалыматты кабыл алууда угуу жана көрүү сезимдери айкалышса, маалыматты өздөштүрүү, андан таасирленүү жана анын эсте бекем сакталышы күчтүүрөөк болот. Ал эми алардын бири менен гана кабыл алса андай таасир болбойт. Ошондуктан, жатка айтып, адамдарга жүзүн буруп, көздөрү менен кайрылган хутбачынын таасири кагаздан окуганга караганда күчтүүрөөк. Бир гана угуу аркылуу кабыл алуу, эркин сүйлөгөндүн таасириндей күчтүү болбойт. Анткени анын үнү кубаттуураак жана угуучулар менен алда канча жандуу байланышта болот.

Кимде-ким хутбаны жаттан айтууну көп жолу сынап, бирок анда көп тартынса, кекечтенсе, унутса же катуу коркуп, сүрдөнсө жана бул абал күндөр өтүп, көп машыгуу менен оңолбосо, анда хутбаларын окуп айтсын. Анткени жаттан айтуу шыгы ар кимге эле бериле бербейт. Аллах Таала адамдардын арасына материалдык ырыскыларды бөлүштүргөндөй эле, алардын арасына руханий ырыскыларды: адеп-ахлакты, жөндөмдөрдү, шык-талантты жана умтулууларды да ошондой бөлүштүргөн.

(Ийгиликтүү хутба айтууну жеңилдетип, ага жол ачкан сегиз кадам)

Биринчи: Хутбанын ийгиликтүү болуусу үчүн жардам сурап, чын ыкластуу дуба кылуу жана Аллах Таалага ыклас, жалбаруу менен кайрылуу.

Экинчиден: Ал иште Аллах Таалага чын дилден тобокел кылуу жана Ага бекем ишенип, таянуу. Анткени, Аллах пендеси Ал тууралуу кандай ойдо болсо, ага ошондой мамиле кылат. Ким Ага тобокел кылса, Аллах анын бардык түйшүктөрүн чечүүгө жана көздөгөн максаттарына жеткирүүгө жетиштүү жана эң ишенимдүү Жөлөк болот!

Үчүнчүсү: Мыкты хутбачыларды угуу жана алардын тажрыйбаларынан пайдалануу.

Төртүнчү: Хутбаны аллгач өзүнчө, жалгыз туруп айтып машыгуу зарыл. Эгер бул машыгуу мечиттин ичиндеги үн күчөткүч аркылуу ишке ашса — бул абзел, ал эми түздөн-түз минбарга чыгып машыгуу — андан да абзел жана жакшы.

Бешинчи: Ички сезимдерди билдирүүгө жана сөздөгү эмоцияналдык демди күчөтүүгө машыгуу.

Мен чечендикте, сөз сүйлөөдө жана таасир калтырууда ийгиликке жеткендердин эң чоң сырлары тууралуу ой жүгүртүп, анын сыры менен себеби – албетте Аллахтын жардамынан кийин – алардын сезимдеринин күчтүүлүгүндө, ошондой эле ал сезимдерди жалпылап эмес, толук кандуу жана шариат эрежелерине ылайык көрсөтө билүү жөндөмүндө экенин байкадым.

Анткени, сезимдин күчү — чечендин чечендигин ашырат, акылмандын акылмандыгын ачыкка чыгарат. Ал өзүнүн сыйкыры менен жүрөктөрдү тартып, сулуулугу жана чеберчилиги менен акылды арбап алат. Ал эми сезими алсыз адамдын — сезими өлгөндө, көбүнчө анын билими да кошо өлөт жана сезимдери өчкөндө, анын адамдарга болгон таасири да жоголот.

«Ошондуктан хутбачы өзү чакырган нерсесине карата дем-күчкө толуп, анын чын экендигине бекем ишенүүсү керек. Анткени жүрөктөн чыккан сөз жүрөккө жетет. Хутбачынын дем-күчү угуучуларынын дем-күчүнөн күчтүүрөөк болуп, аларга таасирин тийгизип, руханий муктаждыгын кандыруусу зарыл. Болбосо, алар анын жан дүйнөсүнүн бошоңдугун сезип, натыйжада сөзүнүн таасири жоголот».

Ошондой эле, үзгүлтүксүз машыгуу керек: алгач ички ой-толгоолоруңду жана сезимдериңди кагазга түшүрүү (жазуу) аркылуу, андан соң аларды өзүңө-өзүң айтып сүйлөө аркылуу, ал эми кийинчерээк аларды сени түшүнгөн жакын адамыңаайтуу аркылуу ишке ашат.

Сезимдер канчалык камалып, туткундалса, ошончолук кургап, соолуп калат. Ал эми шарият эрежелеринин чегинен чыкпастан эркин коюлса, алар ташкындап агып чыгып: барактарды — жазуу жана илимий эмгектер менен, минбарларды — чечендик жана баян менен, ал эми адамдарды болсо мээрим жана сүйүү менен сугарат.

Эй, хутбачы бир тууганым! Сенде жана башкаларда жашоонун, чыгармачылыктын, жандануунун, өсүүнүн жана ырайымдын руху жашашы үчүн сезим-туюмдарыңа эркиндик бер.

Кимдин сезимдери асыл болсо: анын адеп-ахлагы жогорулап, кадыр-баркы көтөрүлөт, достору көбөйүп, душмандары азаят, далили айкын-ачык, таасирдүү болуп, чечендиги күчөп, ал эми сөздөрү маанилүү болот.

Алтынчы: Анын кемчиликтерин, алардан сактануусу үчүн, ал эми жакшы сапаттарын, аларга бекем туруп, аларды арттыруусу үчүн, көрсөтүп турган чынчыл, акылдуу, тажрыйбалуу, жакшы көргөн адамдан насаат суроо.

Жетинчи: Хутбаны алдын ала эрте даярдоо.

Сегизинчи: Хутбаны даярдоого жана баяндама жасоо ыкмаларына байланыштуу китептерди окуу. (6) - «Азанчы, имам, хатиб жана мечиттердин өкүмдөрүнүн пайдалуу жана кыскача колдонмосу»: китебинин 95-бетин караңыз! https://islamcontent.com/ar/single-content/74839.

(Хутба айтуунун башындагы тынчсыздануу жана сүрдөнүү – бул көнүмүш жана кадимки көрүнүш.)

Хутбаларды айта баштаган алгачкы кездериңде тынчсызданууну жана коркууну сезесиң. Бул – бүткүл адамзаттын табиятында бар нерсе. Балким сага бул сезим адамдардын сага карап жатканынан жана илимиңдин аздыгы тууралуу ойлогонуңдан улам келип жаткандай сезилет.

Сиздин тынчсызданууңузду дагы бир нерсе арттырышы мүмкүн: адамдар муну сезип жаткандай жана бул нерсе алардын хутбачыга болгон жек көрүүсүн козгоп, натыйжада алардын сизден алыстап кетишине себеп болот деген сезим.

Эч шек-күмөнсүз, Аллахка болгон байланышың, Ага кылган тобокелиң жана чын ыкластуу дубаларың көбөйүп, тынымсыз машыгууңдун натыйжасында коркуу сезими толугу менен жок болот. Акыры, хутбадан ырахат алып, анын даамын татуу үчүн жума күндү ынтызарлык менен күтө турган даражага жетесиң.

Демек бир гана сабыр адамга ийгиликтин казыналарын жана Жоомарт, Берешен, аруу Заттын ырайымын ачат.

Башталыштагы аракеттин, эмгектин кыйынчылыгын көтөрүү, соңунда нээматтын кененчилигине, бийик мартабага жана бакытка жеткирет.

Ичиңде өзүңө мынтип айт: «Ар бир кыйынчылыктын соңунда — жеңилдик келет жана оор абал сөзсүз жоюлат. Чарчоодон кийин ырахат бар. Бул — болгону аз гана убактылуу сабыр. Ошондуктан сабыр кыл жана чыдамкай бол! Ошондо гана минбарларга көтөрүлүп, Аллахка дааватты ачык айта аласың.» Аллах чындыкты айткан, ал эми Аллахтан да чынчыл ким бар? "Биздин жолубузда (жаман напси, шайтан, Аллахтын душмандары менен) күрөшкөн кишилерди Өз жолубузга баштап койобуз." (Анкабут сүрөөсү, 69-аят).

Катада (рахимахуллах) айткан бул сөздөр кандай гана керемет: «Эй, Адам баласы! Эгер сен жакшылыкты көңүлүң тартып, жигердүү болуп турганда гана кыламын десең, анда сенин напсиң тажап, чарчоого, алсыроого жана зеригүүгө жакын болот. Бирок чыныгы момун — бул өзүн мажбурлай алган, өзүн кайраттандырган жана бекем турган адам». ([7]) «Бекем турган» дегендин мааниси: жакшы иштерди аткарууну жана аны үзбөй улантууну өзүнө милдет кылган адам. «Тафсир ал-Куртуби», 1/251. Ал эми Катаданын (рахимахуллах) сөзүн Абул-Касым ибн Бушран ал-Багдади (өлгөн жылы: х. 430-ж.) өзүнүн «Амаали» китебинде келтирген: (1454).

(Эл алдында сүйлөөдөгү ашыкча коркуудан арылуунун жолдору)

Коркуу — айрыкча башкы учурларда — жогоруда айтылгандай, абдан көнүмүш жана кадыресе көрүнүш. Тескерисинче, бул — оң нерсе: ал хутбага кылдат көңүл бурууга жана ага даярданууга түрткү берет. Ошондой эле напсинин өзүнө ашыкча ишенүүсүн тизгиндейт. Анткени ашыкча ишеним адамдарды тоготпоого, илимий материалдын сапатына көңүл бурбоого, ылайыктуу сөздөрдү жана маанилерди тандабоого алып келет.

Бирок коркуунун ар бир хутбада жана узак убакытка чейин созулушу — терс көрүнүш. Бул азыркы заманда «социалдык фобия» (эл алдында сүйлөөдөн коркуу) деп аталат. Мындай абалдан арылуу үчүн тийиштүү чараларды көрүү зарыл. Алардын айрымдары төмөнкүлөр:

Биринчи: Аллах Таалага ыклас кылуу, Ага жалбаруу, жана Андан сага бейпилдик жана жүрөгүңө тынчтык түшүрүшүн сурап көп дуба кылуу.

Экинчи: Хутбадан мурда жалбыз (мята) сыяктуу тынчтандыруучу суусундуктарды ичүү. Мындай суусундуктар тынчсызданууну жана коркууну басаңдатат.

Үчүнчү: Өзүңдү сын-пикирди угууга көндүрүү жана ага кубануу. Сын-пикирди өсүүгө жана чыгармачыл болууга карай тепкич катары кабыл алуу зарыл. Ошондой эле, ката кетирүүдөн коркпоо керек.

Төртүнчү: (Мечитке) Эртерээк келүү. Убакытка жетишүү үчүн шашып келген хутбачынын деми кысылып, жүрөгү дүрбөлөңгө түшөрү шексиз. Жадагалса хутба учурунда да уланып турган тынчсыздануу менен чыңалуу пайда болорунда шек жок.

Бешинчи: Элди көрүү үчүн башыңды көтөрүп, кээде кагазга карабай сүйлөп тур. Башында кыйынчылык, катачылык жана олку-солкулук байкалса да, башыңды көтөрүп сүйлөөнү уланта бер. Дайыма кагаздагы жазуудан чыкпай, элге тайманбастык менен карабай сүйлөй берүү угуучулардын сөзүңүзгө болгон кызыгуусун кетирет жана сиздин минбардан коркуу, чочулоо сезиминде кала берүүңүзгө себеп болот.

Көп жылдар бою хутба айтып келе жаткан, бирок кагазда жазылгандан чыкпастан, угуучуларга карабаган айрым хутба кылуучулар ар бир хутбада коркуу жана тынчсызданууну сезе тургандыктарын ачык айтышкан. Ал тургай алардын бири: «Мен ар бир хутбамда, тынчсыздануу жана коркуудан улам, биринчи жолу хутба айтып жаткандай болом!» - деп айткан.

Бирок сен хутбаңдын башында адамдардын жүздөрүнө караба. Анткени көзүң сен сүрдөгөн (тартынган) адамга түшүп калып сүрдөшүң, же адамдардын сага тигилгени сени коркутушу мүмкүн. Андан көрө, алардын көздөрүнө тике карабастан, баштарынын үстү жагын кара.

Алтынчы: Минбарга чыгып жатканда болушу мүмкүн болгон терс нерселер же каталар тууралуу ойлонбо. Тескерисинче, Аллахтын уруксаты менен күтүлгөн оң натыйжалар жана хутбаңыздан ала турган жакшы пайдалар жөнүндө ойлон. Мисалы: адамдарга пайда жеткирүү, жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу сыяктуу ибадатты аткарууда Аллахтын сага берген ийгилиги жана Ага даават кылуу жөнүндө ойлон.

Жетинчи: Хутбадан алдын туура дем алуу көнүгүүсүн жаса. Ал мындай аткарылат: мурун аркылуу терең дем алып, аны ичиңе бир азга кармап турасың, андан соң кайра жай чыгарасың. Мындай дем алуу тынчсызданууну жоюуда өтө чоң таасирге ээ. Адистер жана медицина белгилегендей, кадимки дем алуу мээге жетиден он литрге чейин кычкылтек жеткирсе, ал эми туура дем алган учурда болсо жетимиш беш литрге жакын кычкылтек жетет. Мунун натыйжасында тынчсыздануу жана стресс гормондорунун деңгээли төмөндөйт. Бул ыкма тажрыйбада сыналган жана анын тынчсыздануу, кайгы жана санааны жоюуда зор таасири бар экени аныкталган.

Ал эми хутба учурунда, олтургандарга билдирбестен терең дем алууга аракет кылуу керек. Ал үчүн ылайыктуу жерде тыным алганда ооз же мурун аркылуу демди тез жана көп өлчмдө ичиңе тартып ал да, андан кийин сөзүңдү улант. Дээрлик ар бир тыным жасаган сайын ушундай кылуу керек.

Сага айтылган жаңылыш сын-пикирлерди чечүүнүн эң мыкты жолу.

Эй, хутбачы бир тууганым! Эгер сен ой жүгүртүп, терең ойлонгондон жана тажрыйбалуу адамдар менен кеңешкенден кийин кабыл алган чечимиңе, жактырган ыкмаңа же тандаган жолуңа ынанган болсоң, анда сындагандарга жана айыптагандарга көңүл бурба. Анткени эч бир адам, эмне гана кылбасын, канчалык даражасы бийик болбосун, адамдардын сынынан кутула албайт.

Эгер алардын сынына көңүл бурсаң, кайратың алсырайт, көңүлүң кысылат жана өнүгүү менен жаңы нерсе жаратууга болгон умтулууң жоголот.

Кандай гана китеп, макала же амал болбосун, анын айыбын таап, сындай турган адам сөзсүз болот.

Сынчыларга жумшактык жана урмат-сый менен мамиле кыл. Аларга эң жакшы жол менен жооп кайтарууң жана алардагы акыйкатты кабыл алууң керек. Сын айткан адам сенин көз алдыңда кадыр-барксыз болсо дагы, андан текеберленбөө керек.

Хутбадан алдын хутбачыга насааттар

Эй, хутбачы бир тууганым! Сага хутбага чейин бир нече иштерди кылуу зарыл. Алар — минбарга чыгып, хутбаңды айтууда Аллах Тааладан кийин сага жардам бере турган нерселер. Алардын айрымдары төмөнкүлөр:

Биринчи: Аллахтын өкүмдөрүн (динди) жеткирүүгө жана Ага чакырууга бара жатканыңды эсиңе тутуп, кээде Аллах Тааланын бул сөзүн окуп тур: "Алар Аллахтын элчилик милдеттерин (динди) жеткиришет жана Андан гана коркушат, Аллахтан башка эч кимден коркушпайт". Башка учурларда Аллах Тааланын төмөнкү аятын оку: Салих (сооп) иштерди (ыклас менен) жасаган, Аллахка (эч нерсени шерик-ортомчу кошпой) ага гана чакырган жана: «Мен (чыныгы) мусулмандардан боломун!» – деген адамдан мыктыраак сүйлөгөн ким бар? (Фуссилат сүрөөсү, 33-аят)

Аллах Таала мынтип айткан: Айт: «Ушул менин жолум! Мен адамдарды Аллахка (эч нерсени шерик кылбай сыйынууга) чакырамын! Мен жана мага ээрчигендер анык далилдин үстүндөбүз. Аллах (мушриктер сыпаттаган кемчилдиктүү сыпаттардан) Аруу-Таза! Жана мен мушриктерден эмесмин!” (Юсуф сүрөөсү, 108-аят)

Бул сендеги ыкластуулукту жана кайраттуулукту арттырып, Пайгамбарыбыздан (саллаллааху алейхи уа саллам) үлгү алууга түрткү берет. Ошондой эле, бул хутба айтуунун эң улуу максатын эсиңе салат. Аллах Таала Өз пайгамбарларын жана элчилерин эмне үчүн жөнөткөн болсо, ошол эң улуу максатты — динди жеткирүү жана жайылтуу миссиясын — эсиңе салат. Бул — дүйнөдөгү эң бийик даража.

Экинчи: Минбарга чыгаардан алдын Аллахтан сага ыклас, тауфик жана тууралык ыроолосун, ошондой эле айткан сөздөрүң өзүңө жана башкаларга пайда берүүсүн сурап дуба кыл. Анткени канчалаган хутбачылар жана сүйлөөчүлөр өздөрү айткан сөздөрүнөн насаат алышпайт. Атүгүл насаат алышса да, өзгөчө арадан убакыт өткөн сайын, айткандарын бат эле унутуп коюшат.

Аллах Тааладан дайыма чечендик менен көркөм сүйлөөнү сура.

Үчүнчү: Хутбалар топтомун көбүнчө аларды айтуудан бир топ убакыт мурун даярдоо. Аларды даярдоо менен айтуунун ортосунда бир нече ай, ал тургай жылдар болушу мүмкүн.

Качан оюңа бир тема келсе, же окуп жатканда баалуу бир пайданы, же көңүлүңдү бурган хадисти, же терең ой жүгүрткөн аятты кездештирсең – аны кечиктирбестен дароо жазып ал. Анткени мындай учурда сезимдер ташып, ойлор так жана ырааттуу болот. Эгер жазууну кийинкиге калтырсаң, ал ойлор менен пикирлер жоголуп, аларды кайра эстөө кыйынга турат. Ошондуктан, ошол көз ирмемде көңүлүңө эмне келсе, ошонун баарын кагазга түшүр. Андан соң, ашыкча кыйналбай, Курандан, сүннөттөн жана китептерин өзүң окуган же алардан риваят кылынып алынган аалымдардын сөздөрүнөн илимий материалдарды топтой башта. Муктаждык жаралса, «Мактабату Шаамиладан» же интернеттен изде.

Куран аяттарына, Пайгамбардын хадистерине жана салаф аалымдарынын (сахаба, таабииндердин) сөздөрү менен эмгектерине, тарыхка жана учурдагы такыба аалымдардын сөздөрүнө, айрыкча жаңы маселелерге жана окуяларга терең көңүл бур.

Хутбанын темасына тиешелүү эмне тапсаң, аны компьютердеги бир файлга иреттеп же текшерип отурбастан эле сактап кой.

Оюңа келген же алдыңдан чыккан темалар жана пайдалар боюнча дайыма ушундай кыл. Ошол замат оюңа келгенди кагазга түшүрүп, колуңдан келишинче изилдеп жаз. Андан кийин аны калтырып, адаттагы окууңду уланта бер. Эгерде мурда жазган же айрым бөлүктөрүн гана жазган хутбаларыңдын бирине байланыштуу пайдалуу маалымат, аят же хадис тапсаң, аны ошого кошуп кой.

Ошентип, бир хутба сенде бир нече жыл туруп калышы мүмкүн, аны сабактарыңда, лекцияларыңда же сөздөрүңдө айтып жүр. Ошондо сага мурда оюңа келбеген кылдат маанилер жана пайдалар ачылып, унутуп калган нерселериң эсиңе түшөт да, ал жума хутбасында айтылганда мүмкүн болушунча даяр жана толук болот.

Төртүнчү: Аны мечиттерде же жеке олтуруштарыңда толугу менен, же бөлүктөргө бөлүп сөз кыл. Мунун максаты:

1- Маалыматтарды бышыктоо жана жаттоо.

2- Аны эл арасына, айрыкча, сиз хутба кылган мечиттен алыс жайгашкан мечиттерге таратуу. Анткени ал мечиттердин жамааты көбүнчө сиздин хутбаңызга катышпайт.

3- Теманы тереңирээк изилдөөнү арттыруу. Адатта, сен баян айтып жаткан учурда же андан кийин, сөз кылуу зарыл болгон маанилүү жагдайлар оюңа келет, же болбосо сени уккандар тарабынан суроолор жана тактоолор пайда болот.

Бешинчи: Жума күнү хутбага эки сааттай убакыт калганда, аны хутбада айткандай кылып айт.

Алтынчы: Изилдөөдө жана даярданууда аша чаппа, өзүңдү кыйнаба. Эң башкы максатың адегенде өзүңө, андан соң ар түрдүү катмардагы угуучуларга пайдалуу материал топтоо болсун.

Мен ар бир иштеги аша чабууну зыяндуу жана машакаттуу экенин көрдүм. Ал көпчүлүк учурда ээсин үзгүлтүккө учуратууга же зеригип, тажап, көңүлү сууп калууга алып келет.

(Хутбачыга хутба учурундагы осуяттар)

Хутба учурунда аткарууң керек болгон бир нече иш бар, алардын айрымдары:

Биринчи: Окуяларды, кырдаалдарды жана ибраттарды баяндап жатканда, сезимдериңди жасалмалоого же жашырууга өзүңдү мажбурлаба. Жагдайга жараша сезимдериңди жүзүңдүн көрүнүшү, көз карашың жана үнүңдүн ар кандай кубулушу аркылуу билдир.

Билгин! Сүйлөөң канчалык табигый, жасалмасыз болсо, ошончолук таасирдүү болот. Ошондуктан өзүңдүн табигый мүнөзүңдү, хутбадан башка учурда сүйлөгөн стилиңди карман, ошол эле учурда үндүн ыргагына көңүл буруп, сүйлөө чеберчилигин жакшырт.

Көптөгөн хутбачылар хутбаны өздөрүнүн көнүмүш ыкмасынан таптакыр башкача айтышат. Алар хутбанын бир калыптагы, ага гана таандык өзгөчө бир ыкмасы бар деп эсептегендей. Бул аларды угуучуларга таасир этип, жүрөктөрүнө жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.

Экинчи: Хутбаны угуучуга толук угууга тоскоол боло тургандай шашылыш айтпа. Аны шашпай, токтоолук менен айтып, керектүү жерлерде кыска тынымдарды жасап тур. Үндүн деңгээлине ага ылайыктуу жагдайга жараша көңүл бур. Эгер жагдай талап кылса, үнүңдү көтөрүп, сөзүңдү ылдамдат.

Үчүнчү: Хутбанын убактысын так эсептөө. Зарылчылык болбосо хутбаны узартпоо керек.

Төртүнчү: Хутба учурунда намазга келгендерден кээ бир катачылыктарды көргөндө, мисалы: кимдир бирөө сүйлөп жатса, ага жумшактык менен жалпы эскертүү берүү.

(Хутбачыга хутбадан кийинки осуяттар)

Хутбадан кийин бир нече ишти аткаруу керек. Алар төмөнкүлөр:

Биринчи: Хутбаны өтөөгө сага берген ийгилиги үчүн Аллах Таалага мактоо айтуу.

Экинчи: Хутбаларыңды айткандан кийин, жакшы жактарын күчөтүү жана бекемдөө, ал эми терс жактарын жоюу жана алардан алыс болуу максатында угуп чыгуу.

Булардын баары төмөнкүлөр үчүн:

Биринчи: Хутбанын ордун улуктоо, себеби анын Исламдагы орду жана кадыры бийик.

Экинчи: Раббисине баш ийип, Жаратуучусунун чакырыгына жооп берип жана сиздин айтканыңызды угууну сүйүп келген намаз окуучуларды урматтоо.

Ошондой эле андагы жакшы жана жаман жактарды сага көрсөтүп бериши үчүн, аны (хутбаны) чынчыл насаатчыга угузууң.

Ошондой эле аны үн жана жазуу түрүндө жаздырып, таратуу керек. Айрыкча хутба кылуучулар аз болгон өлкөлөрдө сен менен чогуу намаз окубаган жалпы эл дагы андан пайда алсын.

Ага социалдык тармактарда баракча, ошондой эле жеке веб-сайт түзүп берсе, анда жакшы болот.

Ошондой эле хутбаларды жарыялаган сайттар менен кызматташуу жана ал сайттарда өз хутбаларын жайылтуу. Айрыкча которулган хутбалар аз болгондугуна байланыштуу аларды жайылтуу зарыл.

(Хутбачы жана Аллахка чакыруучуга жалпы насааттар)

Жума хутбачысы, бир тууганым! Бул насыйкаттар – биз үчүн эскертме гана:

[1](Сүйүнчүлө, бирок ирээнжитпе,чочутпа!)

Ийгиликтүү хутбачы – сүйүнчүлөйт, бирок үркүтпөйт, адамдарга үмүт жана жакшы тилек рухун жайылтат. Үмүтсүздүк менен жалкоолуктун чаңын арчып, аракет кылууга жана амал кылууга үндөйт.

Хутба айтуучу бир тууганым, хутбаларыңдын темалары дайыма эле ар заманда жана ар жерде болуп туруучу кайгы-кесепеттердин, кырсыктардын жана терс көрүнүштөрдүн айланасында болбосун. Тескерисинче, адамдар бул адеп-ахлакты, жүрүм-турумду жана ошол инсандарды өздөрүнө өрнөк жана шам чырак кылып алышы үчүн, хутбаларыңдын басымдуу бөлүгүн жакшы үмүттөргө, адеп-ахлак жана жүрүм-турумдагы жаркын үлгүлөргө, ошондой эле үлгүлүү инсандарды эскерүүгө арна.

Эгер бир катаны көрсөң, шарият жолу жана ылайыктуу ыкма менен ал жөнүндө билдирип, адамдарды андан эскертүүнүн эч жамандыгы жок.

(2) (Жалпы элди назарыңда тут)

Аллах сени Өз коргоосуна алсын, көңүлүңдүн чордонуна жалпы элди кой. Анткени сенин хутбаларыңа жана насааттарыңа алар эң татыктуу. Себеби Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) Усман ибн Абул Асьты (радыяллаху анху) өз коомуна имам кылган кезде, ага мындай деген: "Эң алсызын карап иш кыл." ([8]) - Абу Дауд: (531), Ибн Маажа: (987), Ахмад: (17906) жана башкалар риваят кылган, аны Альбани сахих деген.

Мааниси: Алсыздардын абалын эске алып, аларга оорчулук жаратпай турган кылып намаз оку. Түшүнүгү же зээни алсызыраак адамдардын абалын эске алуу – денеси алсыздардын абалын эске алуудан кем эмес маанилүү.

Эгерде сен жалпы элге көңүл бурбай, алардын мыктыларына, жакын адамдарыңа, сени жакшы көргөндөргө жана шакирттериңе гана маани берсең, анда бул бир нече коркунучтарга алып келет:

Биринчи: Карапайым элдин басымдуу бөлүгүнө эмес, өздөрүнүн деңгээлине гана ылайык келген темаларда, сөздөрдү жасалмалуулук менен тандап, атайын уйкаштыруу.

Экинчи: Карапайым элди өздөрүнө пайдалуу болгон насааттардан жана коомдук көйгөйлөрдү чечүүдөн куру калтыруу. Анткени сен билимдүүлөр жана элдин башка катмарын кызыктырган нерселер менен алаксып каласың. Алар илимдин терең маселелери, илимий тыянактар, жаңы жана кызыктуу нерселер жөнүндө уккулары келет. Ал эми кээ бирлери саясат жана учурдагы окуяларга терең сүңгүү жөнүндөгү сөздөрдү уккусу келет. Бул нерселердин аларга дининде да, дүнүйөсүндө да пайдасы тийбейт.

Үчүнчү: Ниеттин бузулушу. Ал Аллах үчүн ыкластуу болуунун ордуна, сени сүйгөн адамдардын көңүлүн кароого, аларга жаккан жана аларды ыраазы кылган нерселерге бурулуп калган.

Адамдардын сенин хутбаларыңа суктанып, аны угуу үчүн жарышып жатканын көргөнүңдө, шексиз сен аларды эске алып, аларды ыраазы кылган нерселер жөнүндө хутба айтасың.

Ошондо Аллах Таала сенден берекени, кабыл болууну, пайда менен үзүрдү алып салат.

Хутба кылуучу карапайым элге пайда келтирүүгө көңүл бурушу керек. Бирок бул анын — илим жолундагылар же жетекчи кызматтагы адистер гана түшүнө турган маанилүү маселелерди такыр козгобошу керек дегенди билдирбейт. Мындай темаларга зарылчылыкка жараша токтолуу зарыл.

[3](Өзүңдү жогору көрүп суктануудан жана элдин мактоосуна магдырап, текеберликке алдыруудан сак бол!)

Жума хутбасын айтуучу минбарга чыкканда, ага атайын ниет кылып келген жамаатты, алардын арасындагы аалымдарды, окумуштууларды, дарыгерлерди, аксакалдарды, сотторду, байларды жана жооптуу кызматтагы инсандарды көргөндө, анын жүрөгүнө өзүнө-өзү суктануу сезими кириши мүмкүн. Өзгөчө, элдин көбү дал ушул адамды угуу үчүн келгенин сезгенде бул коркунуч күчөйт. Ошондуктан, көрөгөч хутбачы менменсинүүдөн жана текеберликтен Аллахтан коргоо суроосу зарыл. Ал ар жума сайын өз напсиси менен күрөшүп, жүрөгүн текеберликтен тазартып турушу милдет. Ошондой эле, бул жакшылыкты (адамдардын ага бет алуусун) өзүнөн эмес, жүрөктөрдү бурган Улуу Аллахтан деп билүүсү шарт.

Кээ бир салафтар айтышкан: "Эгер эл алдына насаат айтуу үчүн отурсаң, эң оболу өз жүрөгүң менен напсиңе насаатчы бол. Адамдардын айланаңа чогулганы сени азгырып, алдап койбосун. Алар сенин сырткы гана абалыңа көз салышат, ал эми Аллах сенин ички дүйнөңө (ниетиңе) назар салат." (9) - "Мадариж ас-Саликин байна маназил Иййака наъбуду уа иййака настаъиин": (2/66).

Аллахка болгон ыкласыңды түздөп, ыйманыңды бекемде. Адамдардын мактоосуна мас болуп, оолугуп кетүүдөн сактан. Анткени көпчүлүк мактаган учурда чектен ашып мактап жибериши мүмкүн, ал эми сен өзүңдүн ким экениңди алардан жакшы билесиң.

Ибнул-Жаузий (рахимахуллах) айтты: «Эң чоң сыноо — карапайым элдин мактоосу. Анткени бул мактоолор канчалаган адамдарды алдап, түз жолдон азгырды!» (10). - "Сойдул-хотир", 67-бет

Адамдардын сени же сенин хутбаларыңды мактаганына кубанууң айып эмес. Анткени Аллахтын Элчисинен (саллаллааху алейхи уа саллам): «Жакшы амалдарды жасаган жана ал үчүн адамдардын мактоосуна арзыган киши тууралуу эмне дейсиз?» — деп сурашканда, Ал айтты: «Бул – ыймандуунун бул дүйнөдөгү сүйүнчү кабары» (11). - Муслим, 2642

«Эгерде момун адам ишти Аллахтын ыраазычылыгы үчүн калыс (ыклас менен) аткарып, андан соң Аллах момундардын жүрөгүнө ал адамга карата жакшы мактоо салса, ал эми ал адам Аллахтын бул жакшылыгы менен ырайымына сүйүнсө — анда бул ага эч кандай зыян келтирбейт» ([12]). - Жаамиъул-Улуум уал-Хикам, Ибн Ражаб, 1/ 84

Чыныгы айып жана күнөө — бул элдердин мактоосунан улам ичиңе өзүңө суктануу (манчыркоо) кирип, өз аракет-эмгегиңе маашырланганыңда, ийгиликти өзүңө ыйгарганыңда жана сенин кубанычың — ошол жакшылыкты сага багыттаган, аны сага сүйдүрүп, жеңилдетип берген Аллахтын фазилети, мээрими жана берешендиги үчүн болбой калганында.

Өзүнө-өзү суктануу дартына кабылганыңдын белгиси: сын-пикирди жактырбоо жана насаатчынын насаатын жек көрүү.

[4] (Алардын динине жана дүйнөсүнө пайда келтире турган нерселерди сүйлө!)

Сага кулак салуу үчүн келгендерге динине жана дүйнөсүнө пайдалуу болгон нерселерди угуз. Даярдануу учурунда өзүңө-өзүң: «Адамдар мечиттен чыкканда, мен алардын динине жана адеп-ахлагына кандай пайда берген боломун?» – деген суроону бер.

Аларга пайдасы тийбей турган нерселерди айтпа.

Мисалы, мен саясаттын терең маселелери же мусулман дүйнөсүндөгү мүшкүлдөр тууралуу гана айта берсем, адамдар мындан өздөрүнө кандай пайда алышат?

Маселенин назиктигинен же ачык айтсам өзүмө зыяны тиеби деп корккондуктан, тандалган адамдар (өзгөчө катмар) гана түшүнө турган ишараттар жана кыйытмалар менен бүдөмүк жеткирген сөздөрүмдөн карапайым эл кандай пайда таба алмак эле?

Башчыга эл алдында ачык же кыйытып насаат айтуудан эмне пайда? Илгерки салаф салихтер башчыга эл алдында насаат айтуудан тыйышкан. Анткени бул көбүнчө бүлүккө (фитнага) себеп болуп, хутбачынын өзүнө зыян алып келет.

[5] (Хутба учурунда тынчтыкты сактоо)

Хутба учурунда сабырдуу жана токтоо болуу зарыл. Ашыкча сезимге алдырып, темадан чыгып кетүүдөн же кийин өкүнүп кала турган сөздөрдү айтып алуудан сактануу керек. Эгерде хутбачы ашыкча эмоцияга берилип кетсе, ал көп учурда оюн жана сөзүн башкара албай калат. Ошондой эле анын үнү угуучуларга зыян келтире тургандай (кулак тундуруп) өтө катуу чыгып кетиши мүмкүн.

[6] (Хутбаны узартуудан сактануу)

Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) хутбаны кыска кылчу, ошондой эле анын сахабалары (радыяллаху анхум) жана алардан кийинки үммөттүн салафтары (рахимахумуллах) дагы ушундай кылышчу.

Абу Ваил (рахмахуллах) айтат: «Аммар (радыяллаху анху) бизге абдан таасирдүү жана кыска хутба айтты. Ал минбардан түшкөндө, биз: «Оо, Абу Якзан! Сиз абдан жеткиликтүү жана маанилүү сүйлөдүңүз, бирок дагы бир аз узартсаңыз (кенен айтсаңыз) болбойт беле?» — деп сурадык. Анда ал мынтип жооп берди: «Чындыгында, мен Аллахтын Элчисинин (саллаллаху алейхи уа саллам) мындай дегенин укканмын: "Чындыгында, адамдын намазды узун окуп, хутбаны кыска кылуусу — анын динди терең түшүнгөндүгүнүн белгиси. Ошондуктан намазды узунураак окуп, хутбаны кыскарткыла. Чындыгында, кээ бир сөздөрдө (баяндарда) сыйкырдуу күч бар".([13]) - Муслим, 869

Анын (танаффаста) дегени – тактап айтканда, "хутбаны узартсаң" дегени.

Анын (маиннатун) деген сөзү: «белги» деген мааниде. (Динди) терең түшүнгөндүгүнөн: Бул — кишинин илим деңгээли (факихтиги) эмне менен билине тургандыгын билдирет. Ал эми бир нерсенин бар экенине ишарат кылган нерсе — анын белгиси (далили) болуп саналат.

Хутбанын кыска болушунда үч баалуу пайда бар:

Биринчи: Сүннөттү ээрчүү.

Экинчи: Хутбаны даярдоо жеңил болот. Ошондой эле аны даярдоо учурунда, айтып жатканда жана айтып бүткөндөн кийин да адамдын жан дүйнөсү тынч болот.

Көптөгөн хутбачылар жума күнү таң аткандан баштап, же андан да алдын хутба үчүн санаа тартып, ойлору ага даярдануу менен алек болот эле. Ал эми хутбаны кыскартып, он мүнөттөн ашырбай калышканда, ошол санаанын баары же көпчүлүгү жок болду.

Үчүнчү: Угуучуларга жеңилдик берүү. Дээрлик бардык адамдар хутбасын кыска кылган хутбачыны жактырат, ал эми аны узарткан адамдан тажашат.

Хутба кылуучуга жана угуучуларга ылайыктуу убакыт болжол менен он мүнөттөн он беш мүнөткө чейин. Анткени адамдардын дээрлик бардыгы үчүн хутбанын узун болгонунан көрө, анын кыска болгону жагымдуураак жана жеңилирээк.

[7] (Түшүнүксүз (жат) сөздөрдөн алыс бол)

Жат сөздөрдү сүйлөөдөн алыс бол. Анткени адамдар ага муктаж эмес жана бул аларга эч пайда бербейт. Тескерисинче, мындай сөздөрдү келтирүүдө жана аларды көбөйтүүдө напсинин каалоолору (мактануу, өзүн көрсөтүү) болушу мүмкүн.

Кадыр-барктуу адабиятчылар жана чечендер (сөз чеберлери) түшүнүксүз, оор сөздөрдү колдонуудан эскертишкен.

(8) (Уйкаштык кууп, жасалма сүйлөөдөн алыс бол)

«Ас-сажъ» — бул кара сөздүн (прозанын) аягындагы сөздөрдүн уйкашып келиши. Шарият сажъды атайлап жасоодон (жасалма уйкаштыктан) тыйган, ошондой эле адабиятчылар менен чечендер да муну жактырышкан эмес. Анткени жасалма уйкаштык угуучунун көңүлүн негизги мааниден алаксытып, сөздүн маңызын толук түшүнүүгө жол бербейт. Эгерде сажъ колдонула турган болсо, ал атайын күчкө салынбай, өзүнөн-өзү, табигый түрдө келиши керек. Башкача айтканда, сүйлөөчү уйкаштыкты издебеши керек, тескерисинче, уйкаштык сүйлөөчүнүн өзүн таап келиши зарыл (сөз агымына жараша табигый куралышы зарыл). ([14]) - "Усуул ал-Иншаа уа-л-Хатааба" Ибн Аашур, 126-бет

Сөздө жасалма уйкаштыктан алыс бол, анткени аны күчкө салып жасоо сени кыйнайт жана угуучунун кабыл алуусун оорлоштурат. Ал эми уйкаштык оюңа өзүнөн-өзү келип, тилиңе жеңил, угуучуга түшүнүктүү болсо, анда анын эч кандай зыяны жок.

(9) (Сырткы көрүнүшкө көңүл буруу)

Хутбачынын сырткы келбетине көңүл буруусу – анын ички дүйнөсүнүн тазалыгына көңүл буруусунан кем калбашы керек. Сырткы көрүнүштүн оңолушу же бузулушу – бул ички дүйнөнүн тазалыгынын же бузуктугунун гана натыйжасы. Хутба кылуучунун сырткы келбети төмөнкүлөр менен оңолот:

Биринчи: Аша чаппастан жана ысырап кылбастан кийиминин көрктүү жана таза болушу.

Экинчи: Денесинин таза жана жагымдуу жыттуу болуусу, мурутун алуусу же кыскартуусу жана сакал коюусу.

Үчүнчү: Мечиттин сыртында эл менен саламдашканда, хутбага келгенде жана андан чыкканда жарык маанай жана жылмаюу менен жүзүнүн көркөм болушу. Анткени чын жүрөктөн чыккан жылмаюу, жылуу жүз жана жарык маанай адамдарды хутба айткан адамга, анын хутбаларына жана насааттарына сүйдүрөт. Эгер хутбачы муну Аллах үчүн кылса, бул бир ибадат болуп саналат. Жылуу маанай – акыл-эсти, жүрөктөрдү ээлеп алат. Жаркын жүздүү адамдын иштерин эл мактоого алып, кемчиликтерин кечире билишет. Ал эми кабагы бүркөө, түнт адамдан тескерисинче, алыс болуп, андан сактанышат. Анткени, аны менен жолукканда жүрөктү кайгы жана кысылуу басат.

Оо, хутбачы бир тууганым! Жаркын жүздүү (ачык маанайлуу) бол! Ошондо, жүрөктүн тынчтыгын, адамдардын сага тартылганын, алар сени жакшы ат менен эскеришкенин, багыттоолоруң менен насааттарыңды кабыл алышканын жана ката-кемчиликтериңе кечиримдүүлүк менен мамиле кылышканын көрөсүң.

Төртүнчү: Басуусунда, минбарга чыгуусунда жана ага олтуруусунда кичи пейил жана адептүү болуп олтуруусу. Ошондой эле хутба айтып жатканда элди жылуу кабыл алуусу.

Байкалган нерселерден: кээ бир хутбачылар хутбанын алдында олтурганда, адамдарга көңүл бурбагандай олтуруп, алардын жүздөрүн карап алек болушат. Ал эми хутбаны баштаганда, аларга көңүл кош, кайдыгер экенин сездиргендей карашат. Өздөрүн эр жүрөк жана тайманбас көрсөткөн сымал, аларга катуу жана бийик үн менен кайрылып, буйруктары менен тыюуларын түздөн-түз багытташат. Бул ыкманы адамдардын жан дүйнөсү кабыл албайт, тескерисинче, андан жийиркенип, качышат.

Бешинчи: Зарылчылыксыз сакалын сылап-сыйпоодон жана эки жакка көп кароодон алыс болуу, айрыкча минбарда олтурганда. Анткени бул хутбачынын сүрүн кетирет же алдындагыларга көңүл бурбагандай кылып көрсөтөт.

Алтынчы: Мисвакты аярлап жана адеп менен колдонуу. Кээ бир хутбачылар – Аллах аларга хидаят берсин – мечитке киргенде көзгө урунарлык кылып мисвак колдонушат. Ал эми кээ бирлери хутба башталаардын алдына чейин аны колдонууну улантышат. Натыйжада, анын оозунда мисвактын калдыктары калып, хутба учурунда аларды чыгарат. Бул жагымсыз иш болуп, анын адамдарга жана хутбанын улуу макамына карата сыйлабастыгын көрсөтүшү мүмкүн.

Жетинчи: Кийимди кызыл ашыктан ылдый түшүрбөө жана сакалды коюу менен сүннөттү кармануу. Анткени, хутбачы – үлгү. Айткан сөзү менен кылган иши бири-бирине дал келбеген адамды эл кантип ээрчисин?! Өзүнө таасир этпеген сөздөн эл кантип таасирленсин?!

Сегизинчи: Сүйлөө учурунда денени салмактуу кармоо. Анткени бул жан-дүйнөнүн токтоолугунун далили.

[10](Хутбаны даярдоо убактысынын айырмачылыгы)

Хутбаны даярдоо убактысы: Ал хутба кылуучунун маданиятына, илимине жана айта турган материалына жараша айырмаланат. Ал эми материал эки түрдөн турат:

Биринчи: Хутба фикх же акыйда маселелери жана алардын негиздери сыяктуу илимий хутба болушу керек. Мындай темаларга өз даражасына жараша жетишерлик убакыт бөлүнүшү зарыл, аларга жеңил-желпи мамиле жасап, хутбадан бир нече саат мурун даярдоого болбойт.

Экинчи: Хутба насаат айтуу, коомдук маселелер же ушул сыяктуу багытта болот. Аны даярдоо убактысы көбүнчө кыска болот.

Хутба айтууну жаңы баштаган, тажрыйбасы жана жетиштүү илими жок адамга насаатым: алгач өзүнөн мурункулардын хутбаларынан пайдалансын. Ал пайдалана турган адамдын хутбалары үч сыпатка ээ болуусу керек. Алар:

Биринчи: Аны айтуу ага машакат жаратпашы үчүн кыска болушу керек.

Экинчи: Грамматикалык жана илимий жактан кемчиликсиз болуусу.

Үчүнчү: Сөзүндө да, маанисинде да жасалмалуулуктан алыс болуу.

Убакыттын өтүшү менен ылайыктуу деп көргөнүн оңдоп-түзөп же кошумчалоонун зыяны жок. Андан соң өзүнөн мурункулардан пайда алуу менен хутбаны өзү жазууга аракет кылуусу керек.

[11](Угуучуларга тикелей буйруктарды берүүдөн алыс болуу)

Аллах сени коргоп, туура жолго багыттасын! Сүйлөөчүнү эмес, бир гана угуучуларга буйрук берген «кылгыла» же «кылбагыла» деген сыяктуу сөздөрдөн сактан. Анын ордуна: «келгиле кылалы», «келгиле таштайлы» деген сыяктуу сөздөрдү колдон. Анткени сөздүн бул формасы угуучуларга сенин кичи пейил экениңди, өзүңө каалаган жакшылыкты аларга да каалаарыңды жана сен алардан дин жагынан да, адеп-ахлак жагынан да жогору эмес экениңди сездирет.

Ийгиликтүү хутбачы – сөзүн башкаларга багыттоодон мурун өзүнө багыттайт, башкаларга насаат айтуудан мурун өзүнө насаат айтат. Ошентип анын хутбадагы сөзү адамдарга багытталганга чейин, биринчи кезекте өзүнө багытталган болот. Эгерде ал ушундай кылса, Аллах анын даражасын көтөрүп, айткан сөздөрү менен ага пайда берет. Ошондой эле ага хидаятты, кабыл болууну жана чынчылдыкты көбөйтүп берет.

[12](Хутбада башканы тууроо качан жакшы жана качан жаман болот?)

Белгилүү бир хутбачынын сүйлөө ыкмасын же мазмунун туураба, анткени ага ылайык келген нерсе сага ылайык келбеши мүмкүн. Бирөөнү тууроо сенин чыгармачылыгыңды жана шык-жөндөмүңдү бузат. Ошондуктан хутбаңды Раббиң сага берген жөндөмүңө, шыгыңа жана илимиңе жараша кыл.

Жаңы баштаган адамдын башка бирөөдөн ыкма жана мазмун жагынан пайдаланганы дурус. Бирок, анын көчүрмөсү болбошу керек, тескерисинче, аны өзүнүн өнүгүүсүнө жардамчы кылып алуусу керек.

[13] (Хутбаңа келгендердин аздыгына кайгырба жана алардын көптүгүнө сүйүнбө)

Билип кой — Аллах сени пайдалуу кылсын — адамдын напсиси угуучулардын жана келгендердин көп болушун, өзгөчө алардын арасында жакындарың менен досторуңдун болушун каалайт. Балким сен алардын катышканы жөнүндө сурап, же алардын бири келбей калса, ичиңден нааразы болосуң. Мына ушул дарттан арылуу үчүн напсиң менен күрөш. Анын сага келбей койгону сенин алсыздыгыңды билдирбейт. Анткени ал башка хутбачыдан көңүл тынчтыгын жана пайда табат, же үйүнө жакын болгондугу үчүн, же башка себептерден улам келбейт.

Чынчыл хутбачы эгер адамдардын башка бирөөнүн хутбасына катышып жатканын укса сүйүнөт, ал үчүн Аллахка туура жол жана пайда тилеп дуба кылат жана ал жөнүндө жакшылык билсе, ага мактоо айтат.

Эгер сени уккандар азайып, эл сенден жүз буруп жатканын көрсөң, анда өзүңдү эсепке тарт. Анткени кемчилик өзүңдө болушу мүмкүн: же сүйлөө ыкмаңдын начардыгынан, же айтып жаткан маалыматыңдын (материалыңдын) алсыздыгынан, же хутбаны созуп жибергениңден, же ыкыласыңдын аздыгынан, же болбосо башка себептерден улам.

Чынчыл, насаатчы бир туугандарыңдан кеңеш сура. Алардан сенин жыйындарыңа келүүнү же хутбаңды угууну, жана чын дилден ой-пикирлери менен байкоолорун айтууну суран. Ошондо Аллах Тааланын жардамы менен, сөзсүз пайдалуу натыйжага жетесиң.

[14](Жакшы даярдыктын маанилүүлүгү)

Эгерде сен хутбаны алдын ала даярдыксыз сүйлөгөндөрдөн болсоң, анда ага абдан жакшы даярданууга тийишсиң. Бул ишке эч качан кайдыгер караба. Атүгүл тема сага өтө жеңил сезилип, аны мурда айткан болсоң дагы кайдыгерлик кылба.

Хутбачылар үчүн хутпага жакшылап даярдануу – эң жагымдуу иштердин бири. Ал тургай, алар өздөрү даярдап, үстүндө көп эмгектенген нерсесин айтуу үчүн жума күнүн ашыга күтүшөт.

Ал эми дайыма даярдык көрбөй, башкалардын хутбалары менен чектелүүнүн көптөгөн терс жактары бар, алар:

Биринчи: Ал адамдын дем-күчүн алсыратып, эркти бошоңдотот жана башкаларды тууроо менен гана канааттанып, адамдын өзүн төмөн сезүүгө алып келет.

Экинчи: Ал сени шыктануудан, жигердүүлүктөн жана ырахаттан ажыратат. Натыйжада, хутба сенин мойнуңдагы тезирээк кутулгуң келген оор жүккө айланат. Бул болсо сенин ыкмаңа жана элдин сени кабыл алуусуна терс таасирин тийгизет.

Үчүнчүдөн: Хутбанын стили менен мазмуну хутбачынын өзүнүн стилинен жана деңгээлинен айырмалангандыктан, көптөгөн адамдар анын хутбаны өзү даярдабай, башка бирөөдөн көчүрүп алганын байкашат. Натыйжада, алар мындай хутбадан таасир алышпайт.

Төртүнчү: Андан өзүңө эч пайда ала албайсың, пайда алсаң да, пайдасы өтө аз болот. Анткени, ээси аракет кылып изилдеп, даярданып, мээнет кылбаган иш бат эле унутулуп, жок болот.

Ошондой эле сен өсө албайсың, умтулууң да артпайт, кайратың да бекемделбейт жана илимиңден пайда да чыкпай калат — Аллах Таала кааласа гана (пайда болушу мүмкүн).

Ошондуктан, жакшылап даярдаган хутбаңа карасаң, аны унутпаганыңды көрөсүң. Жылдар өтүп ага кайра кайрылсаң да, жакында эле айткандай, анын мазмунун билесиң.

Ал эми башкалардан көчүрүп айткан хутбаларды болсо, сен тез эле унутуп коёсуң. Муну сынап көр: мындан төрт же беш жыл мурун айткан хутбаларыңа кайрылып көр. Ошондо аларды унутуп калганыңды, же анда айтылгандардын өтө аз бөлүгүн араң эстеп калганыңды байкайсың.

Ошондой эле, ал (даяр) материалдарды чогултуп, пайдалуу китеп кылып топтоодо да андан пайда көрө албайсың.

Хутбаңды аны китеп кылып чыгара тургандай даярдоого аракет кыл. Кээ бир мухаддистердин сөздөрүнө таянып, хадистердин булактарын көрсөтүп, алардын сахихтик даражасын баянда. Хутба даярдоо үчүн пайдаланган булактарды такта, ошондой эле анын грамматикалык, орфографиялык жана тилдик жактан туура болушуна көңүл бур.

[15] (Тыныш белгилерине көңүл берүү)

Эгерде хутбаны окуп айтсаң, анда үтүр жана башка тыныш белгилерине көңүл бур. Ошондой эле ылайыксыз жерлерде көп токтоп, ыңгайсыз абалга кабылбаш үчүн, демиңди эске алып, токтой турган жерлериңе атайын белгилерди коюп ал.

[16](Темалардын жана ыкмалардын түрдүү болуусунун маанилүүлүгү)

Темаларды ар түрдүү кылып баянда жана бир калыпка чектелбе. Хутбаларыңды жүрөктөрдүн абалы, же үммөттүн жалпы иштери жана ушул сыяктуу темалар менен гана чектебестен, адамдардын дининдеги жана дүнүйөсүндөгү муктаждыктарын эске ал.

Тескерисинче ар кандай темаларды айтып, көп түрдүү кыл, бул адамдарды сенин хутбаларыңа куштар кылат.

Эгер аны бири-бирине байланышкан бир канча бөлүктөргө бөлсөң, зарылчылык болгондо аны токтотуп, башка тема жөнүндө хутба кылсаң болот.

Билгиниң, Курандан, сахих сүннөттөн жана ардактуу сахабалардын (радыяллаху анхум) сөздөрүнөн алынган окуялардын угуучуларга тийгизген таасири өтө зор, аларда эң улуу сабактар, өрнөктөр, насааттар жана баалуу кептер бар. Ошондуктан ошол окуяларга дилгир болуп, аларды кызыктуу ыкма менен баяндоого жана алардан пайдалар менен өрнөктөрдү чыгара билүүгө умтул.

Ошондой эле хутбаң тажатма жана оор болуп калбашы үчүн, аны окуялардан, турмуштук мисалдардан жана ушул сыяктуулардан куру калтырба.

Окуялар менен кырдаалдарды баяндоодо эң мыкты ыкманы колдонууга абдан аракет кылып, аларды жан-дилиң менен сезип, анын жүзүңдөн жана үнүңдүн ыргагынан даана байкалып туруусу керек.

Адамдардын чыныгы турмушу жана түйшүктөрү менен бирге жашаганга аракет кыл, ошондо сен бир өрөөндө, алар башка бир өрөөндө болуп калбайсың.

[17] (Эл алдында сүйлөө жана таасир этүүнүн жолдорун жана өнөрлөрүн өздөштүрүүнүн маанилүүлүгү)

Сүйлөө чеберчилигине жана өнөрүнө ээ болууга баарынан да эң биринчи хутба кылуучу муктаж. Анткени хутбачы адамдардын көңүлүн буруп, айткан сөздөрүн кабыл кылуулары үчүн аларды ынандырууга муктаж.

Адатта, элге күчтүү стили жана көркөм сүйлөө чеберчилиги бар хутбачы, андай өзгөчөлүгү жок адамдарга караганда көбүрөөк пайда берет. Ал тургай, тигил адамдын илими тереңирээк же кызматы жогорураак болсо дагы.

Хутба кылуучу сүйлөө чеберчилиги боюнча сабактарды угуусу керек. Эгер аларга катыша алса андан да абзел болот. Же болбосо ошол темага тиешелүү китептерди окушу керек.

Ким Аллахка чынчыл болуп, өзүн жана убактысын Ага арнаса, анда Аллах ага Өзүнүн мээриминен жана артыкчылыгынан анын эч оюна келбеген, санаасына да кирбеген нерселерди берет. Ким Аллахка Анын сүйгөн нерсесин берсе, анда Аллах ага анын өзү сүйгөн нерсесинен да артыгын берет. Ким өзүн Аллахка багыштаса, анда Аллах ага Өз макулуктарын багындырып коёт жана ага бактылуулуктун, бийиктиктин жана күч-кубаттын себептерин багындырып берет.

Улуу Раббинин белектерине (талант-шыктарына) жетүү үчүн сенин алдыңда болгону ниеттин калыстыгы, Аллах жолундагы бекем эрк, өзүң сүйүп-каалаган нерселерди Аллах сүйгөн жана ыраазы болгон нерселер үчүн таштоо, ошондой эле Анын дини менен шариятынын кадыр-баркын көтөрүү үчүн тынымсыз аракет кылуу гана турат. Мейли, бул нерсе сенин даражаңды дүйнө адамдарынын, напсиге берилгендердин жана мансап ээлеринин алдында төмөндөтсө дагы.

18 (Жаңыртуу принциби)

Аллах Таала адам баласын жаңыланууну жана жакшы жакка өзгөрүүнү сүйө турган кылып жараткан. Ошол себептен адамдар бир абалда тура беришпейт, жашоодо жаңы нерсе пайда болгон сайын, күчтөрү жетишинче ага ээ болууга шашылышат.

Анткени бүгүнкү күндөгү адам – он жыл мурунку адам эмес. Тескерисинче, ал бүгүн өзүнүн жашоо-турмушун, унаасын жана үйүн жакшы жакка жаңылап, өзгөрткөнүн көрөсүң.

Жума хутбачысы – өзүнүн стилин жаңылоого, аны жакшыртууга, ошондой эле сөз сүйлөө жана таасир этүү чеберчилигин өнүктүрүүгө адамдардын арасынан эң муктажы. Эгерде ал хутбачылыкты колго алгандан бери калыптанып калган бир гана нукта кете берсе, анда ал шексиз, жакшы жакка өзгөрбөстөн, тескерисинче артка кетет. Анткени адам табиятынан улам жашы өтүп, улгайган сайын кайраты менен жигери алсырап, руху соолуп, таасири азаят. Ошондуктан ал өзүнө, сезимдерине жана кайратына келген алсыздыкты жеңип өтүү үчүн, өзүнө дем-күч берип, кайраты менен рухун күчтөндүрө турган, чеберчилиги менен стилдерин өстүрө турган нерселерге муктаж.

Хутба айтуучулардын көпчүлүгү хутба айта баштагандан бери эч бир байкаларлык өзгөрүлө элек. Алар бул ишти баштаганда эле кемелдикке (идеалдуулук) жеткендигин билдиреби?

Жок (андай эмес).

Андай болсо, ал өзүнүн жашоо-тиричилигин жана дүйнөлүк иштерин жакшыртууга жан үрөп аракет кылганы менен эмне үчүн өзүнүн көнүп калган ыкмасында кала берип, баяндоо стилин оңдоо, жаңылоо жана өнүктүрүү үчүн туура кадамдарды жасабайт?

Хутбанын орду адамдын өмүрүндө аткара турган иштердин эң шарапаттуусу жана эң улуусу болуп турганда, ага кантип аракет кылбай коёт?

(19) (Таасир этүүнүн эки куралына көңүл буруу: Үн жана көз караш)

Ийгиликтүү хутбачы бул эки куралды колдонууга аябай муктаж:

1 - Үн – бул таасир этүүнүн эң күчтүү куралы. Анын таасири төмөнкүлөрдү эске алуу менен толукталат:

а) Үндүн деңгээли угуучуларды зериктирип, шалдырата тургандай өтө төмөн же жай болбостон, ошондой эле алардын тынчын алып же көңүлүн топтоп, аңдап-түшүнүүсүнө тоскоол боло тургандай өтө бийик же ылдам да болбостон, бийиктиги менен пастыгында, ылдамдыгы менен жайлуулугунда орточо болуусу зарыл.

б) Хутба бир калыпта айтылбашы керек, анткени кээ бир хутбачылардын үнү хутба бою бир тондо болот. Эгер үнү акырын болсо, угуучуларды тажатат, ал эми өтө бийик жана катуу болсо, алардын тынчын алат.

Бир калыпта сүйлөө угуучулардын хутбачынын сөзү менен болгон байланышын үзөт. Анткени алар маанилүү жерлерди башка жерлерден айырмалай албай калышат. Маанилүү жана таасирдүү сөз үндү ылдамдатуу менен бирге байкаларлык көтөрүүнү, же аны жайлатуу менен бирге акырындатууну талап кылат.

в) Сүйлөмдөрдү маанисине жараша үн кубултуп айтуу: эгер суроолуу болсо, сураган кишидей, ал эми таң калууну билдирсе, таң калган кишидей айтуу жана ушул сыяктуу.

г) Кадимки сүйлөгөнгө караганда оозду көбүрөөк ачуу – тыбыштардын бири-бирине аралашпай, даана чыгуусуна жана үндү башкара билүүгө жардам берет. Бирок мында аша чаап жибербөө керек, анткени оозду ашыкча ачуу чектен ашкан сезимге алдырууга жана хутбачыга жарашпаган көрүнүшкө алып келет.

д) Хутбаны кадимки үн менен айтып, ага өзгөчө үн жана аткаруу ыкмасын колдонбоо керек. Анткени бул хутбачы менен элдин ортосунда ажырым пайда кылып, угуучуларга таасир этүүнүн эң күчтүү куралдарын жоготууга себеп болот.

Ошондой эле тыным жасоо орундуу болгон учурларда бир азга токтоп туруу зарыл. Эгер хутбачы угуучулардын аң-сезимине бекем орноткусу келген маанилүү бир пикирди айтса, анда ал адамдарга карап, эч нерсе дебестен бир көз ирмемге алардын көздөрүнө тике карашы керек.

Мындай күтүүсүз жымжырттык аларга чоң таасир этип, көңүлдөрүн өзүнө бурат да, алардын ар бирин ошол жымжырттыктан кийинки айтылчу сөзгө кунт коюп, даяр болууга түрткү берет.

Бирок, бул тыным узакка созулбашы жана жасалма болбошу керек.

Мисалы: Али (радыяллаху анху) Пайгамбарга (саллаллаху алейхи уа саллам) бир бөлүк алтынды жөнөткөндө, ал аны кээ бир сахабаларынын арасында бөлүштүргөн.

Ошондо ага бир киши келип: «Аллахтан корк, эй Аллахтын Элчиси!» - деп айтты. (...)

Чынчыл, Аманаткөй Пайгамбарга (саллаллаху алейхи уа саллам) карата кандай гана чектен чыгуу!

Ошондуктан Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) бул бетпактыкка таң калып, мындай деп айткан (...): «Мен Аллахка баш ийбесем, анда ким Ага баш ийет? Аллах мага жер жүзүндөгүлөр үчүн ишеним көрсөтүп турса, а силер мага ишенбейсиңерби?!»

Кашаанын ичиндеги белги кыска тынымды билдирет, анткени бул угуучулардын көңүлүн буруп, андан кийин айтыла турган сөзгө кызыгуусун арттыруу үчүн керек.

Биринчи сүйлөм: «Чынчыл, Аманаткөй Пайгамбарга (саллаллаху алейхи уа саллам) карата кандай гана чектен чыгуу!!» – таң калуу иретинде айтылган, анткени кырдаал анын таң калган адамдын сөзүндөй түзүлүшүн талап кылат.

Экинчи сүйлөм: «Мен Аллахка баш ийбесем, анда Ага ким баш ийет? Аллах мага жер жүзүндөгүлөр үчүн ишеним көргөзүп турса, а силер мага ишенбейсиңерби?!». Бул сүйлөм "тануучу суроо" (ичтифхам инкари) формасында келген. Демек, кырдаал бул сүйлөмдү таң калуу жана четке кагуу иретинде, суроолуу тон менен айтууну талап кылат.

2 - Көз караш: Бул – көз карашты угуучулардын жалпысына бөлүштүрүү жана айтып жаткан сөзүңө көзүң менен реакция кылуу аркылуу болот. Бул төмөнкүдөй болот:

а) Оңго жана солго бурулууда тездик же көп бурулуп аша чаппастан, бир аз гана бурулуу. Мындай кылуу, айрыкча хутба кылуучу үчүн жакшы саналбайт. Анткени бул анын сезимдерине алдырып койгонун көрсөтүп, көңүлдү так топтой албай калууга алып келет.

б) Көздү чоң ачуу же аны бир аз кысуу. Анткени көздүн кыймылдарынын келгендерге тийгизген таасири өтө зор, алар андан тил менен айтып жеткире алгыс маанилерди туюшат.

Үн жана көз караш – хутба кылуучунун угуучуларга таасир этүүсүнүн негизги эки түркүгү болуп саналат. Аларсыз ал каалаган нерсесин жеткирүү, аларды ынандыруу, көңүлүн буруу, шыктандыруу жана жигердүү кылуу жөндөмүн жоготот.

Ар бир хутбачы ал экөөнү эч кыйынчылыксыз жана жасалмасыз колдоно алат, бирок аша чаппастан. Анткени мында аша чаап кетүү – жеңил ойлуулуктун жана ойлонбостуктун белгиси. Ошондой эле өтө оор басырыктуу жана тынч болуу да зериктирип, тажатып жиберет. Ошондуктан иштердин эң жакшысы – орточосу.

Жума хутбачысына жарашпаган айрым нерселер:

1 - Колду кыймылдатуу.

2 - Чапанды же селдени кыймылдатуу, микрофонду кармалоо, алдыга-артка жылуу сыяктуу аракеттер.

(20) (Сахих сүннөттө келбеген белгилүү форманы (сөздү) аткарууну өзүңө милдет кылып алба)

Сахих (туура) сүннөттө бекемделбеген болсо, белгилүү бир форманы (сөздөрдү) дайыма айтууну адат кылып албоо керек, адамдар ал нерсени сүннөт деп ойлоп калбаштыгы үчүн. Мисалы, биринчи хутбанын аягында: "Аллах мага жана силерге Улуу Куран менен береке берсин" деп айтуу сыяктуу.

Көп учурда кээ бир хутба кылуучулар хутбанын аягында бир эле дубаны айтууну адат кылып, андан дээрлик чыгышпайт. Ал тургай, айрымдары ошол эле кайталанган дубаны өтө узакка созуп жиберишет. Мындан улам, хутба кылуучу дуба кыла баштаганда көптөгөн адамдар кысылып, зериге башташат, анткени алар дубанын кургак жаттама түрүндө жана анда талап кылынган берилүүлүк жок кайталана бергенинен тажап калышкан.

[21](Тамгалардын чыгуу иретине (махраждарына) көңүл буруу жана алардын бири-бирине аралашып кетпөөсүн камсыз кылуу)

Тамгаларды өз махраждарынан так чыгарып айтууга аракет кыл, анткени мунун чечендикке, дааналыкка жана сөздүн күчүнө тийгизген таасири өтө зор.

Хутба кылуучунун кемчиликтеринин бири – сөздөрдү шашылыш айтып, биринчи тамга же сөз өз ордунда чыкканга чейин эле, кийинкисин ага улап жиберүүсү. Ал эми эң сонун адеп – тамгаларды өз ордунан даана чыгарып, сөздөрдү бири-биринен так бөлүп айтуу. (15) - Мухаммад ал-Хидр Хусейндин «Арабдардагы хутба кылуу», 189-б.

Ошондой эле жаратылгандардын эң чечени Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи уа саллам) сөзү да ушундай болгон.

Момундардын энеси Айша (радыяллаху анха) айтат: «Чынында Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) сөздү силерге окшоп удаама-удаа сүйлөчү эмес». ([16]) Бухари, 3568; Муслим, 2493

(22) (Хутбанын максаты жана хутбачы козгоосу керек болгон эң маанилүү темалар)

Хутба кылуучу адамдарды бул дүйнөнүн түйшүктөрүнөн жана окуяларынан акырет ааламына жана ага даярданууга алып өтүүсү зарыл. Ошондой эле, мечиттин минбары хутба кылуучу саясий маселелерге токтолуп, угуучуларга дининде да, дүйнөсүндө да пайда алып келбеген иштерге кийлигише турган медиалык аянтчага айланбашы керек.

Ийгиликтүү хутбачынын көпчүлүк хутбалары ыйманды жана Аллах Таалага болгон байланышты күчөтүү жөнүндө болот. Анткени, адамдардын ыйманы күчөп, Раббисине болгон байланышы бекемделсе, бул алардын күнөөлөрдү жана пайдасыз иштерди таштоосуна эң чоң себеп болот.

Хутбачы көңүл сыртында калтырбай, дайыма кайталап туруусу керек болгон темалар:

Таухид жана Исламдын түркүктөрү.

Намаздын окулуу сүрөтү жана аны коркуп берилүү менен окуунун маанилүүлүгү.

Мезгилдерге тиешелүү темалар, мисалы, Рамазан айы келгенде, анын артыкчылыгы тууралуу айтуу.

Фитнадан эскертүү жана ага карата мамиле кылуунун жолдору.

Бидааттардан эскертүү.

Шайтандын айла-амалынан жана азгыруу жолдорунан эскертүү.

Адеп-ахлак жана аларга байланыштуу маселелер.

Ыйманды жана Аллах Таала менен болгон байланышты бекемдей турган темалар:

1 - Аллахтын сыпаттарын жана жакшылыктарын айтуу менен адамдардын жүрөгүндө Аллахты улуктоо.

2 - Аллахтын сөзү болгон Куранды улуктоо.

3 - Пайгамбарлардын (алейхимус-салам), алардын ичинен эң улугу жана акыркысы болгон биздин пайгамбарыбыз Мухаммаддын (саллаллаху алейхи уа саллам) жана ардактуу сахабалардын (радыяллаху анхум) окуяларын эскерүү.

4 - Бейиш, анын сыпаттары жана ага кирүү себептери, ошондой эле тозок тууралуу да айтуу.

5 - Жүрөк менен аткарылуучу ибадаттарга көңүл буруу: тобокел кылуу, Аллахка кайтуу, тообо кылуу, коркуу жана моюн сунуу сыяктуу.

«Ким пайгамбардын (саллаллаху алейхи уа саллам) жана анын сахабаларынын хутбаларына терең көз жүгүртсө, ал хутбалар туура жолду (хидаятты) жана таухидди баяндап берүүгө кепил боло аларын көрөт. Ошондой эле алар Эгебиздин сыпаттарын, ыймандын негизги түркүктөрүн жана Аллахка чакырууну өзүнө камтыйт. Андан сырткары, ал хутбаларда Аллахтын нээмат-жакшылыктары эскерилет — бул нерсе макулуктардын Аны сүйүүсүнө себеп болот. Аллахтын жаза күндөрү эскерилет — бул аларды Аллахтын каарынан коркууга үндөйт. Ошондой эле Аллахты зикир кылууга жана Ага шүгүр келтирүүгө буюрат — бул аркылуу (зикир, шүгүр кылуу) Аллах аларды сүйө баштайт. Алар (пайгамбар жана сахабалар) Аллахтын улуулугун, сыпаттарын жана ысымдарын ушунчалык деңгээлде эскеришет, натыйжада макулуктар Аны сүйүп калышат. Ошондой эле Ага баш ийүүгө, шүгүр кылууга жана зикирине чакырышат, натыйжада Аллах да аларды сүйөт. Ошентип, угуучулар Аллахты сүйгөн жана Аллах тарабынан сүйүлгөн абалда кайтышат. «Ким пайгамбардын (саллаллаху алейхи уа саллам) жана анын сахабаларынын хутбаларына терең көз жүгүртсө, ал хутбалар туура жолду (хидаятты) жана таухидди баяндап берүүгө кепил боло аларын көрөт. Ошондой эле алар Эгебиздин сыпаттарын, ыймандын негизги түркүктөрүн жана Аллахка чакырууну өзүнө камтыйт. Андан сырткары, ал хутбаларда Аллахтын нээмат-жакшылыктары эскерилет — бул нерсе макулуктардын Аны сүйүүсүнө себеп болот. Аллахтын жаза күндөрү эскерилет — бул аларды Аллахтын каарынан коркууга үндөйт. Ошондой эле Аллахты зикир кылууга жана Ага шүгүр келтирүүгө буюрат — бул аркылуу (зикир, шүгүр кылуу) Аллах аларды сүйө баштайт. Алар (пайгамбар жана сахабалар) Аллахтын улуулугун, сыпаттарын жана ысымдарын ушунчалык деңгээлде эскеришет, натыйжада макулуктар Аны сүйүп калышат. Ошондой эле Ага баш ийүүгө, шүгүр кылууга жана зикирине чакырышат, натыйжада Аллах да аларды сүйөт. Ошентип, угуучулар Аллахты сүйгөн жана Аллах тарабынан сүйүлгөн абалда кайтышат.

Андан соң көп убакыт өтүп, пайгамбарлыктын нуру көмүскөдө калды да, шариат өкүмдөрү менен буйруктары чыныгы мааниси жана максаттары эске алынбастан аткарылуучу жөрөлгөлөргө айланды. Алар ага сырткы формасын берип, ар кандай нерселер менен кооздошту. Ошентип, сырткы формаларды жана жасалма эрежелерди "бузууга болбой турган сүннөттөргө" айландырышты да, ал эми негизги максаттарды (бузууга такыр болбой турган нерселерди) болсо таштап коюшту. Хутбаларды уйкаш сөздөр жана көркөм сөз менен кооздошту. Натыйжада жүрөктөрдүн андан ала турган үлүшү (пайда) азайып, алтургай таптакыр жоголду жана андан көздөлгөн максат ишке ашпай калды». ([17]) - Заад ал-Маад фи хадйи хойри ал-Ибаад, 1/409-410

Ибнул-Каййим (рахимахуллах) хутбанын максаты жөнүндө айтып жатып мындай деген: «Анын максаты – Аллах Тааланы мактап-даңазалоо, Анын жалгыздыгына жана Анын Элчисинин (саллаллаху алейхи уа саллам) пайгамбарлыгына күбөлүк берүү, пенделерге Анын күндөрүн эскертүү, аларды Анын азабы менен каарынан эскертүү, Өзүнө жана бейишине жакындаткан нерселерди осуят кылып, Анын каарына жана тозогуна жакындаткан нерселерден тыйуу. Мына ушул – хутбанын жана ага чогулуунун максаты». ([18]) - Жогорудагы булак, 1/386

Хутба айтуучу эл арасындагы акыйда, ибадат, адеп-ахлак, мамиле, жашоо-тиричилик, тарбия жана ушул сыяктуу нерселердеги кеңири тараган каталар тууралуу эскертип, аларды фитналарга аралашуудан эскертип, аларга дин иштерин үйрөтүүсү зарыл.

Туурасын Аллах билүүчү, пайгамбарыбыз Мухаммадка, анын үй-бүлөсүнө жана жалпы сахабаларына Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун.