المختصر في صفة العمرة وأحكامها
Умранын жана анын өкүмдөрүнүн кыскача баяндамасы
Умранын жана анын өкүмдөрүнүн кыскача баяндамасы
Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун. Пайгамбарыбыз Мухаммадга жана анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун.
Андан кийин:
Бул умра ибадатынын аткарылуу сыпаты, өкүмдөрү, жана адептерин камтыган кыскача китепче. Мында көбүнчө умра ибадатын аткарган адамга зарыл болгон маселелерди баяндоого аракет кылдык.
Бул эмгегибиз калыс Аллахтын ыраазылыгы үчүн болуп, жалпы мусулмандарга пайдалуу болуусун Аллахтан суранабыз.
Дүйнө тилдеринде Ислам контенттин тейлөө ассоциациясынын илимий комитети
Киришүү
Биринчи: Ибдаттын кабыл болуу шарттары
Эки шарт аткарылмайынча Аллахтын алдында ибадат кабыл кылынбайт:
Ыклас, мунун мааниси ибадаттын максаты Аллахтын ыраазылыгы жана акырет гана болушу керек. Аллах Таала минтип айткан: "Алар бардык ибадаттарды калыс Аллах үчүн аткарууга буйрулган эле..." (1). (Баййина, 5-аят) Тактап айтканда, ибадаттарын бир гана Аллахка арнап аткарууга, андан башкага ибадат кылуудан жүз бурууга буйрулушкан. Саадинин тафсири (538-бет).
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынында, амалдар ниетке жараша. Ар бир адамга ниетиндегиси берилет". (2) Имам Бухари, 1; Имам Муслим 1907.
Ибадатты пайгамбарды сөздө да, амалда да пайгамбарды ээрчип аткаруу. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким биздин шариятыбызга анда болбогон жаңы ишти киргизсе, ал артка кайтарылат". Муслимдин риваятында (1718): "Кимде-ким биздин шариятыбыз болбогон ишти кылса, ал артка кайтарылат" деп айтылган. (3) Имам Бухари, 2697; Имам Муслим, 1718. (4) Имам Муслим, 1718.
***
Экинчи: Умранын сыпатын жана өкүмдөрүн билип, үйрөнүүнүн өкүмү
Аллах Таалага ибадат кылууну каалаган адамга ошол ибадатты аткаруудагы пайгамбардын жолун билүүсү зарыл: кылган амалы сүннөткө ылайык болуусу үчүн. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды өзүнө ээрчүүгө, өзүнүн жолу менен жүрүүгө кызыктырып, үндөгөн. Малик бин Хувайристин (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Намазыңарды менин намаз окуганымды көргөнүңөрдөй окугула!" (5) Имам Бухари, 6008.
Жаабир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Курмандык чалуу күнү пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төөсүнүн үстүндө шайтанга таш атып жатканын көрдүм. Ал: "Ажыда аткара турган амалыңарды көрүп калгыла! Бул ажылыктан кийин силер менен дагы ажылык кылар-кылбасымды билбеймин" - деди. (6) Имам Муслим, 1297.
***
Үчүнчү: умранын артыкчылыгы
Умранын эки артыкчылыгы бар: бири жалпы артыкчылыгы, экинчиси белгилүү бир убакытка тиешелүү гана артыкчылыгы
Жалпы артыкчылыгы:
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтты: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Умра эки умранын ортосундагы (майда) күнөөлөргө каффарат (өчүрүүчү болот). Ал эми кабыл болгон ажылыктын сыйы - бейиш". (7) Имам Бухари, 1773; Имам Муслим, 1349.
Абдуллах бин Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтты: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ажы менен умраны биринин артынан бирин аткаргыла. Анткени ал экөө көөрүк (2) темирдин, алтындын жана күмүштүн датын кетиргендей, жакырлыкты жана күнөөнү кетирет. Кабыл болгон ажылыктын сыйы - бейиш". Темир устанын отту үйлөгөн жери. "Ат-Тамхид ибн Абдулбарр" (15\102). (9) Имам Тирмизи, 810; Насааи, 2631.
Ал эми убакытка тиешелүү артыкчылыгы, бул Рамазан айына байланыштуу: Ибн Аббастын (аларга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) риваятында пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Рамазан айында аткарылган умранын сообу - мени менен ажы аткаргандай соопко тете" (3). Тактап айтканда, башка риваятта айтылгандай "Мени менен ажылык кылганга барабар".
***
Умранын аткарылуу сыпаты
Биринчи: мийкаттардын өкүмдөрү
Мийкаттар: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дайындап көрсөтүп берген, ажы жана умра кылуучу адамдар ихрамга кире турган орундар.
Ушул мийкаттардын кайсы биринен ажылыкты же умраны ниет кылып өткөн адамга ошол жерден ихрамга кирүү ваажыб болот. Ал жерден ихрамсыз өтүп кетүүсү жайыз эмес.
Кимде-ким бул мийкаттардын ичинде, тагыраагы Меккеге жакын болсо, анын ихрамга кире турган жери өзүнүн жашаган жери болуп эсептелет. Ажыга да, умрага да ошол жерден ихрамга кирет.
Ал эми Меккенин тургундарынан ким ихрамга кирүүну ниет кылса, ажылык үчүн Меккеден эле ихрамга кирет. Ал эми умра үчүн "Таним" сыяктуу "хилге" (Харамдын чегинен сырткары жерлер) чыгып, ошол жерден ихрамга кирет.
Самолет менен барган адам мийкаттын үстүнөн өткөн учурда ихрамга кирет, б.а. чектен өтө элек учурда даярданып ихрам кийимин киет. Мийкаттын тушуна келген кезде, дароо ниет кылып, талбия айтат, аэропортко келип түшкөнгө чейин кечиктирүүгө болбойт. Этияттык үчүн мийкатка жеткенге чейин деле талбия айта берсе болот, анткени самолет бат учуп, чектен өтүп кетүү коркунучу бар.
Экинчиси: ихрамдын сыпаты жана өкүмдөрү
Ихрамга кире турган адам төмөнкү амалдарды аткарат:
Жуунуу, эркектерге да, аялдарга да бекемделген сүннөт. Мейли аял кишинин айызы же нифасы келип жаткан болсо да.
Эң жыттуу атыр ж.б. менен чач-сакалына сүртүү. Анын жыты ихрамдан кийин калып калса деле зыяны жок. Ал эми аялдарга андай жыттуу нерсени колдонгонго болбойт. Анткени, бөтөн эркектер алардын жытын искебеши керек.
Ихрам кийимин кийүү, ал эки бөлүктөн турат - изар жана рида. Ак түстө, таза же жаңы болгону сүннөт. Аялдар өзү каалаган кийими менен ихрамга кире берет, бирок кийим өтө жасалгалуу болбошу керек. Ошондой эле аялдар никаб жана кол кап кийбейт. Бетин жана эки колун башка нерсе менен жапса болот.
Ихрамга намаздан кийин кирсе болот. Мейли ал намаз парз болсун, мейли напил болсун айырмасы жок, бул ваажыб амал эмес.
Ихрамды ниет кылганда "Лаббайка Аллахумма умратан" (Аллахым Өзүңө умра кылуу үчүн даярмын) деп айтат. Эгер башка бирөө үчүн умра кылганы келген болсо, анда: "Лаббайка аллахумма умратан ън фулан" (Аллахым мен баланчанын атынан Өзүңө умра кылганга даярмын" дейт.
Эгерде ихрамга кирмекчи болгон адам амалдарын толук аткарууга кайсы бир нерсе тоскоол болорунан корксо, анда ихрамды ниет кылган учурда "Аллахым Өзүңө умра кылууга даярмын, эгер мага тоскоолдук болсо, ошол учурда ихрамдан чыгам" деп кошумчалап айтат. Ошондон кийин ага кокус тоскоолдук жаралып калса, ошол замат ихрамдан чыга берет, ага эч кандай жаза каралбайт.
Андан кийин талбия айтууну көбөйтөт. "Лаббайка аллхумма лаббайк. Лаббайка лаа шарика лака лаббайк. Иннал хамда, ванниъмата лака валмулк, лаа шарика лак" (4). Эркектер талбияны бийик үнү менен айтат. Эгер бөтөн эркектерге аралаш эмес болсо, аялдар деле бийик үнү менен айтса болот. Талбияны абал, убакыт өзгөргөндө көбүрөөк айтуу зарыл. Мисалы өйдөгө чыкканда, ылдыйга түшкөндө, же таң атып баратканда, кеч крип баратканда ж.б. "Лаббайка" деген сөздүн мааниси: Раббим сенин буйругуңа дайым даярмын деп, инсан Аллахтын буйругун аткарууга даяр туруусу. "Иннал хамда, ванниъмата лака вал мулк": "хамд" айтуу Аллахты сүйүү, улуктоо менен бирге Аны толук мактап сыпаттоо. "Ниъма": бул Аллах Таала Өз берешендиги менен пенде талап кылганды берип, жамандыктан сактаганы. "Мүлк": бийлик, падышалык Аллахка таандык, Аллах Жалгыз падыша. "Ла шарика лак": Аллахтын Өзүнө гана тиешелүү болгон толук сыпаттарында Ага эч ким шерик боло албайт, Жаратууда, башкарууда, падышалыкта, илахиятта Ал жалгыз деп билүү. (Мажмуь фатаава ва расааил ал-Усаймин, (22\96).
Умарда талбияны ихрамга киргенден баштап тавафты баштаганга чейин айтуу шарияттын талабы.
Ихрамга кирген адам ихрамдан кайра чыкканга чейин ихрамды буза турган иштерден этият болуусу ваажыб.
Үчүнчүсү: Тавафтын сыпаты
Ихрамга кирген киши Харам мечитине киргенде оң буту менен кирип мечитке киргенде айтылчу дубаны айтканы сүннөт. Бул дубанын эң туурасы: "Аллахумма ифтах лии абвааба рохматика" (Аллахым, мага рахмат эшиктериңди ач). Бул дуба бир эле Харам мечитине эмес, бардык мечиттерге киргенде айтылат.
Таваф кылууга киришерде талбия айтууну токтотот. Анан "Изтиба" кылат. Изтиба дегени: ридасынын тең жарымын он колтугунун астынан алып сол ийнине таштап, оң колуна ачып алат. Таваф бүткөндөн кийин ридасын кайра мурдагы тавафка чейинки абалына келтирип алат. Анткени, изтиба кылуу тавафка эле тиешелүү.
Анан кара ташка жакын келип оң колу менен сылап, өбөт. Эгер өбүүгө мүмкүнчүлүк болбосо, колу менен сылап, анан колун өөп койот. А эгер колу менен сылоого да мүмкүн болбосо, анда таягынын учун тийгизип, аны өөп койсо болот. Эгер таяктын учун тийгизүүгө да мүмкүн болбосо, анда кара таш тарапка жүзүн буруп, колун ошол тарапка ишара кылып койот, колун өбүү керек эмес. Башкаларга тыгын жаратып, зыян берип, өзү да кыйналбоосу үчүн алыстан таваф кылганы жакшы.
Ташты сылаганда же ага ишаара кылганда "Аллаху Акбар" деп айтат.
Анан он тарабын жүздөнүп, Каабаны сол тарабына кылып айлана баштайт. Йемен бурчуна жеткенде колу менен сылайт, өппөйт. Эгер колу менен сылоого мүмкүн болбосо, тыгын жаратууга болбойт, колу менен ишаара да кылбайт, жөн эле өтө берет.
Йемен бурчу менен кара таштын ортосунда: "Робанаа аатина фиддуня хасана ва фил аахирати хасана ва кына азаабаннаар" деп дуба кылып өтөт.
Кара таштын тушунан өткөн сайын "Аллаху акбар" деп ишаара кылып өтөт.
Ал эми тавафтын башка учурларында өзү каалаган дубаларды айтып, зикир кылып, Куран окуса болот.
Алгачкы үч тавафта "рамл" кылуу сүннөт. Рамл: кадамдарды жакын коюп, желип-жортуп басуу. Ал эми калган төрт тавафта рамл кылынбай, адаттагыдай эле жай басылат.
Жети жолу таваф кылып бүткөндөн кийин "Макам Иброхим"ге келип, бул аятты окуйт: "Ибрахимдин ордун намаз окуучу жай кылып алгыла". (Бакара, 125-аят). Макам Ибрахимдин артында намаз окуу мүмкүнчүлүгү болсо, эки ирекет намаз окуйт. А эгер тыгын болсо мечиттин каалаган жеринде окуса болот. Намаздын биринчи ирекетинде "Фатихадан" кийин "Кул йаа аййухал каафируун" сүрөсүн окуйт. (Каафирун, 1-аят). Экинчи ирекетинде "Фатихадан" кийин "Кул хуваллаху ахад" сүрөсүн окуйт. (Ихлас, 1-аят).
Төртүнчү: Саъй кылуунун сыпаты
Тавафты бүтүрүп, эки ирекет намаз окугандан кийин саъй кылуучу жакка чыгат. Сафага жакындаганда: "Сафа жана Марва Аллахтын белгилеринен" деген аятты окуйт. (Бакара, 158-аят). Анан: "Аллах баштаган жактан баштайм" деп айтат. "Аллах баштаган жерден баштаймын" (12). (12) Имам Муслим, 1218.
Андан кийин Сафага чыгып Кааба көрүнгөндө ага (же Кааба тарапты) жүздөнүп турат да, Аллахты жалгыздап, такбир айтып: "Лаа илааха иллаллаху вахдаху лаа шарика лах. Лахул мулку валахул хамду. Ва хува алаа кулли шайиң кодир. Лаа илааха иллаллааху вахдаху, анжаза ваъдаху, ва насаро абдаху, ва хазамал ахзабу вахдаху" дейт. Бул дубаны үч жолу кайталап, арасында башка дубаларын да кылат. "Лаа илааха иллаллаху вахдаху лаа шарика лах. Лахул мулку валахул хамду. Ва хува алаа кулли шайиң кодир. Лаа илааха иллаллааху вахдаху, анжаза ваъдаху, ва насаро абдаху, ва хазимал ахзабу вахдаху". Ушинтип үч жолу айтат. Биринчи жана экинчисинен кийин дуа кылат. (13). (13) Имам Муслим, 1218.
Андан кийин Сафадан Марвага басып жөнөйт. Жашыл белгилер турган жерге жеткенде желип-жортуп жөнөйт. Экинчи жашыл белгиге жеткенде акырындап адатындагыдай баса баштайт. Аялдар жашыл белгиде деле чуркабай, акырын басат.
Марвага жеткенде Сафада кылган амалдарын кылат.
Анан Марвадан Сафага карай басып жөнөйт. Жашыл белгилер турган жерге жеткенде желип-жортуп жөнөйт. Экинчи жашыл белгиге жеткенде акырындап адатындагыдай баса баштайт.
Ошентип ары-бери басып жети "шавт" кылат. Сафадан Марвага барганы бир шавт, кайра Марвадан сафага кайтып келгени бир шавт болуп эсептелет.
Саъй кылып жүргөндө да өзү каалаган дубасын, зикирин айтып, Куран окуса болот.
Бешинчиси: чачты алуунун жана кыскартуунун сыпаты:
Умра кылган эркек киши тавафты бүтүп, саъй кылгандан кийин чачын алдыруу же кыскартуу ваажыб. Чач алууда же кыскартууда баштын бардык тарабынан болуусу сүннөткө ылайык болот.
Чачты кырып алдыруу кыскартуудан жакшы. Бирок умрадан кийин ажылык убагы чач кайра өсүп жетишпей тургандай жакын калса, анда кыскартуу жакшы.
Ал эми аялдар чачынын уч жагынан бир сөөм кыскартып кыркып койот.
Ихрамда тыюу салынган иштер.
Ихрамда тыюу салынган иштер, булар:
Денесинин кайсы жерине болсо да чач, түктөрдү жулуу, кыркуу жана алуу.
Буттун же колдун кээ бир же бардык тырмактарын алуу.
Башты жабышкан нерсе менен жаап алуу, мисалы: такыя, селде, чалма, же риданын бир учун жаап алуу, чачык, жууркан, картон менен жаап алуу, ж.б. Бул өкүм эркектерге гана тиешелүү, аялдарга тиешеси жок.
Дененин формасына жараша тигилген адаттагы кийимдерди кийүү: узун көйнөк, ыштан, көйнөк, байпак, колкап ж.б. Бул тыюу эркектерге гана тиешелүү. Ал эми аялдар төмөнкү нерселерден тыйылат:
Никаб, паранжа же никаб сыяктуу кийим кийүүдөн. Жат эркектердин жанында жүзүн адаттагыдай маска менен жабуусу ваажыб, жабуусу бетине тийип калса деле эч нерсе эмес. Жабууну бетине тийгизбөө үчүн башына бир нерсе коюп жабуу шариятта жок.
Колдорун колкап кийүүдөн. Жат эркектердин арасында колдорун жоолугунун алдына жашыруусу ваажыб.
Денесине жана ихрамда кийген кийимине жыттуу нерселерди сүртүүдөн.
Кургактыктагы жан-жаныбарды өлтүрүүдөн же өлтүрбөй эле аңчылык кылуудан.
Өзүнө же башка бирөөгө (нике) жуучулук кылуудан.
Нике келишимин кылуудан.
Жакындык кылбастан, өбүшүү, кармалоо сыяктуу иштерден.
Жыныстык катнаш кылуудан.
Умра амалынын кыскача мазмуну (мукбада же акыркы бетте болот).
Жууну
Жыттуу нерселерди себинүү
Ихрам кийимин кийүү
Ихрам - амалдарды аткарууга кирүүгө ниет кылуу.
Талбия
Каабаны таваф кылуу
Макам Ибрахимдин арт жагында эки ирекет намаз окуу
Сафа жана Марванын ортосунда ары-бери басуу
Чачты кырдыруу же кыскартуу Аллах Билүүчү, Мухаммад пайгамбарга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун.