المختصر المفيد للمسلم
Мусулманга пайдалуу китепче
Мусулманга пайдалуу китепче
Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын).
Киришүү.
Ааламдардын Раббисине алкыш-мактоолор болсун! Пайгамбарлардын жана элчилердин эң шарапаттуусу, пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын үй бүлөсүнө жана сахабаларына Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун.
Андан кийин айтарым:
Аллах Тааланын инсанга ыроологон жакшылыктарынын бири - Ислам дини менен сыйлаганы, динде бекем болуусу жана диндин өкүм, шарияттарын аткаруусу. Бул китепте мусулман адам өз динин бекемдей турган негиздерди кыскача стилде үйрөнөт. Китеп бул улуу диндин өзгөчөлүктөрүн ачыктап берет; натыйжада, ал адамдын Раббисине, Ислам динине жана Мухаммад пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) болгон таанып-билүүсү артып, Аллах Таалага илим жана терең түшүнүк менен ибадат кыла баштайт.
Пенделерди жаратуудагы даанышмандык сыр.
Аллах Таала бизди улуу бир даанышмандык үчүн – Ага гана, эч кандай шерик кошпостон ибадат кылуубуз үчүн жараткан. Бул тууралуу Аллах Таала мындай дейт: "Мен жин жана инсанды Бир Өзүмө ибадат кылуусу үчүн гана жараттым". (Зарият сүрөсү, 56-аят). Тактап айтканда, Ага эч нерсени шерик кошпой, жалгыз Өзүнө гана ибадат кылуусу үчүн. Биздин бул дүйнөдөгү бардык максаттарыбыз, аткарган иш-аракеттерибиз мына ушул улуу максаттын айланасында болот. Аллах Таала минтип айткан: «Оюңарда Биз силерди максатсыз (жөн эле) жаратыпбызбы жана Бизге (сурак бергени) кайтып келбейт бекенсиңер?». "Чыныгы Падыша – Өзүнөн башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок (жана) Улуу Арштын Ээси болгон Аллах (бир нерсени максатсыз жаратуудан алыс) Бийик!" (Муминун сүрөсү, 115-116-аяттар).
Раббим Аллах.
Аллах Таала айтты: "О адамдар! Силерди жана силерден мурдагыларды жараткан Раббиңерге ибадат кылгыла, такыба болсоңор ажеп эмес". (Бакара, 21-аят.)
Аллах Таала минтип айткан: "Ал – Аллах! Бир Өзүнөн башка эч бир ибадат кылууга татыктуу кудай жок!" (Хашр сүрөсү, 22-аят).
Аллах Таала дагы минтип айткан: "Ага (Аллахка) эч нерсе окшобойт. Ал – Угуучу, Көрүүчү!" (Шуура сүрөсү, 11-аят).
Аллах – Ал Менин Раббим жана бардык нерсенин Раббиси. Падыша, Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, бардык нерсени Башкаруучу.
Ал Өзү гана ибадат кылууга татыктуу. Андан башка Рабби да жок, ибадатка татыктуу Зат да жок.
Ал Өзү жана Анын пайгамбары Ага таандык кылган, Анын Өзүнө гана тиешелүү көркөм ысымдары жана бийик сыпаттары бар. Бул ысым-сыпаттар толуктугунда жана көркөмдүгүндө эң жогорку чекке жеткен. Ага окшош эч нерсе жок, Ал - Угуучу жана Көрүүчү.
Анын көркөм ысымдарынын кээ бири төмөнкүлөр:
Ар-Раззак, Ар-Рахман, Ал-Кодир, Ал-Малик, ас-Самиъ, ас-Салам, Ал-Басир, Ал-Вакил, Ал-Халик, Ал-Латиф, Ал-Каафи, Ал-Гафур.
Ар-Раззак: (Ырыскы берүүчү) Пенделердин жүрөктөрү жана денелери муктаж болгон ырыскынын баарын Өз моюнуна алган Зат.
Ар-Рахман: бардык нерсени өзүнө ороп ала тургандай кенен, улуу ырайымдуулуктун ээси.
Ал-Кодир: Эч кандай алсыздык жана чарчоо-чаалыгууну билбеген, толук жана чексиз күч-кудреттин Ээси.
Ал-Малик (Падыша): Ал улуулук, үстөмдүк жана башкаруу сыпаттары менен сыпатталган, бардык нерселердин Ээси жана аларды Өз каалоосуна жараша башкарган Зат.
Ас-Самиъ (Угуучу): Бардык угула турган нерселерди – мейли ал жашыруун болсун, мейли ачык болсун угуучу Зат. Ошондой эле Ал пенделеринин дубаларын жана Ага жалбарып кылган кайрылууларын угат.
Ас-Салам (Тынчтык берүүчү) : Ар кандай кемчиликтен, кырсыктан жана айыптан аруу (таза) болгон Зат.
Ал-Басир (Көрүүчү): Көрүүсү бардык нерсени - ал канчалык назик же кичинекей болсо да - камтыган Зат. ал бардык нерселерди көрө билүүчү, алардан кабардар жана алардын ички сырларын (көмүскө жактарын) билүүчү.
Ал-Вакил (Өкүл/Көздөөчү): Өз макулуктарынын ырыскыларына Кепил болгон жана алардын кызыкчылыктарын (иштерин) башкарып турган Зат. Ал Өзүнүн сүйүктүү пенделерине (олуяларына) Өзү камкордук кылып, алардын иштерин жеңилдетет жана аларга жетиштүү болот.
Ал-Халик: нерселерди жаратуучу, аларды эч бир үлгүсүз жоктон бар кылуучу.
Ал-Латиф: пенделерин урмат кылуучу, аларга ырайым кылып, сураганын берүүчү.
Ал-Каафи (Жетиштүү болуучу): Пенделерине керектүү болгон бардык нерселерде аларга жетиштүү болгон Зат. Анын жардамы башкалардын көмөгүнө муктаж кылбайт жана Ал аркылуу башкалардан көз карандысыз болушат.
Ал-Гафур: пенделерин күнөөлөрүнүн жамандыгынан сактоочу, кылган күнөөлөрү себептүү жазалабайт.
Менин пайгамбарым Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун).
Аллах Таала айтты: "(О, ыймандуу пенделер!) Силерге өз араңардан болгон, силердин кайгыңар үчүн азап чеккен (тозоктон кутулуп калышыңарга) катуу умтулган жана ыймандуулар үчүн ырайымдуу, боорукер пайгамбар келди го!" (Тообо сүрөсү, 128-аят).
Аллах Таала айтты: "(О Мухаммад!) Биз сени ааламдарга ырайым (болушуң) үчүн жибердик". (Анбия сүрөсү, 107-аят).
Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) рахмат жана туура жолго баштоочу.
Ал Хашимдин уулу Абдулмуталибдин уулу Абдулланын уулу Мухаммад. Хашим Курайш уруусунан, ал эми Курайш араб улутунан тараган.
Анын энеси: Вахбдын кызы Амина. Эмчек энеси: Халима Саъдия. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) он бир аялга үйлөнгөн. Көзү өткөндө аялдарынан тогузу бар эле.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жети перзенти, үч уул, төрт кызы болгон. Уулдары: Касым, Абдуллах жана Ибрахим. Кыздары: Зайнаб, Рукая, Умму Кулсум жана Фатима.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буйругуна баш ийүү, ал айткан кабарларга ишенип тастыктоо, ал эскертип, тыйган иштерден тыйылуу жана Аллахка анын көрсөткөн шариятындай ибадат кылуу милдет.
Анын да, ага чейинки өткөн пайгамбарлардын да миссиясы - шериги жок жалгыз Аллахка ибадат кылууга чакыруу болгон. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан: "(О Мухаммад!) Сенден мурун жиберген ар бир пайгамбарга Биз: «Менден башка (ибадатка ылайык) кудай жок. Өзүмө гана ибдат кылгыла деп аян-кабар кылдык". (Анбия сүрөсү, 25-аят).
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлардын жана элчилердин акыркысы. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан: "(О, ыймандуулар!) Мухаммад силердин араңардагы эч бир эркектин атасы эмес. Ал болгону Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысы. Аллах – ар нерсени Билүүчү". (Ахзаб сүрөсү, 40-аят).
Аллах Таала аны жалпы адамзатка Ислам динин жеткирүү үчүн жиберген. Аллах Таала минтип айткан: "Биз сени (бейиштен) сүйүнчү кабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү кылып, жалпы инсанияттын бардыгына жибердик. Бирок, адамдардан көпчүлүгү муну билишпейт". (Саба сүрөсү, 28-аят).
Анын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир мусулмандын алдында өтө чоң укуктары (милдеттери) бар. Алардын кээ бирлери төмөнкүлөр:
1- Анын пайгамбарлыгына, чынчылдыгына жана ал алып келген улуу шарияттын кемчиликсиз экендигине ыйман келтирип, ага баш ийүү жана анын жолуна ээрчүү. Аллах Таала минтип айткан: "... жана ал абадан (өзүнүн ой-каалоосунан чыгарып) сүйлөбөйт". "Алар (ал сүйлөгөн сөздөр - Аллахтан келген) аян-кабарынан башка эмес". (Нажм сүрөсү, 3-4-аяттар).
2- Пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүйүү важиб. Аны өз жанынан, баласынан, дегеле бардык жаратылгандардан артык сүйүү. Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) карата болгон мындай сүйүү ага баш ийүүгө, сүннөттөрүн ээрчүүгө, буйруктарын аткарып, тыюуларынан тыйылууга себеп болууга тийиш.
3- Пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) урматтоо, улуктоо жана ага жардам берүү важиб.
4- Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) салават айтуу. Салават айтуунун мааниси: Аны мактап, Аллахтан анын атын бийик кылууну, кадыр-баркын арттырууну сурануу болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким мага бир салават айтса, Аллах Таала ага он салават айтат". Муслим риваят кылган.
5- Анын укугун чектен ашыра, Аллах Таала ага берген орундан жогору көтөрүп жиберүүдөн сактануу керек. Ал өзү мындай чектен чыгуудан катуу тыйып, минтип эскерткен: «Христиандар Мариямдын уулун (Исаны) аша чаап көкөлөткөндөй, мени да аша чаап көкөлөтпөгүлө! Болгону, мен Анын кулумун. Ошондуктан, (мени) Аллахтын кулу жана элчиси деп айткыла!». (Бухарий)
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сыпаттарынын кээ бирлери төмөнкүлөр:
Анда чынчылдык, ырайымдуулук, жумшактык, сабырдуулук, эр жүрөктүүлүк, жоомарттык, жакшы кулк-мүнөз, адилдик, кичи пейилдик, кечиримдүүлүк, ж.б. сыпаттары болгон.
Ыйык Куран - Раббимдин сөзү.
Аллах Таала айтты: "(О, адамдар) Силерге Раббиңер тарабынан анык далилдер келди жана Биз силерге анык Нурду (Куранды) түшүрдүк". (Ниса сүрөсү, 174-аят).
Ыйык Куран – Аллах Тааланын акыйкатта сүйлөгөн сөзү. Адамдарды караңгылыктардан нурга чыгарып, түз жолго салуу үчүн аны пайгамбары Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшүргөн. Куранды ким окуса, ал чоң сооп-сыйга ээ болот, ким анын өкүмдөрүнө амал кылса, бекем, туура жолго түшөт. Абдуллах бин Масуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким Аллахтын китебинен бир тамга окуса - бир сооп берилет жана бир сооп он эсе көбөйтүлөт. Мен: "алиф, лам, мим" бир тамга дебеймин. "Алиф - бир тамга, "лам" - бир тамга, "мим" - бир тамга". Тирмизи риваят кылган.
Куранды өзгөртүүдөн, бурмалоодон Аллах Таала Өзү сактады жана аны Кыямат күнгө чейин өзгөрүүсүз сакталып кала турган аят-белги кылды. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан: «Биз Зикирди (Куранды) Өзүбүз түшүрдүк жана аны Өзүбүз сактайбыз». (Хижр сүрөсү, 9-аят). Куранды кемчиликтүү же өзгөртүлгөн деп айткандардын баары Аллахты жана Анын элчисин жалганга чыгарган болот жана алар Исламдан чыгат.
Ыйык Куран мурдагы китептер ичине камтыган нереселерди өз ичине камтыйт. Ага кошумча илахий талаптарды жана жакшы ахлактарды ичине камтыйт. Мурдагы китептерде айтылган акыйкат, чындыктарды тастыктайт. Азыркы заманда ал көрсөткөн жолго ээрчип, ыйыктап, окуп-тилават кылуу аркылуу ибадат кылып, анда айтылгандарга амал кыла турган Аллахтан түшкөн Ыйык Курандан башка китеп жок.
Менин диним – Ислам.
Диндин мартабасы үчөө: Ислам, ыйман жана ихсан.
Биринчи мартаба: Ислам.
Ислам – бул, Аллахты жалгыз деп билип, Ага өзүн тапшыруу, Ага баш ийип моюн сунуу, ширк жана ширк ээлеринен алыс болуу.
Исламдын негиздери.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) минтип айткан: "Ислам беш нерсеге негизделген: Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, Рамазан айында орозо кармоо жана ажылык амалын аткаруу". Бухарий менен Муслим риваят кылган.
Исламдын бул түркүктөрү ар бир мусулмандын аткаруусу милдет болгон ибадаттар. Инсан бул түркүктөрдүн милдеттүү экенин моюнга алып, аларды иш жүзүндө аткармайынча анын Исламы жарактуу болбойт. Анткени Ислам ушул нерселердин үстүнө курулган, ошон үчүн булар Исламдын түркүктөрү деп аталат.
Эми ушул түркүктөргө кененирээк токтолобуз:
Биринчи түркүк: Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси деп күбөлүк берүү.
Аллах Таала айтты: "Билгин, эч бир кудай жок, жалгыз Аллах бар!" (Мухаммад сүрөсү, 19-аят).
Аллах Таала дагы мындай деген: "(О, ыймандуу пенделер!) Силерге өз араңардан болгон, силердин кайгыңар үчүн азап чеккен (тозоктон кутулуп калышыңарга) катуу умтулган жана ыймандуулар үчүн ырайымдуу, боорукер пайгамбар келди го!" (Тообо сүрөсү,128-аят).
Бул күбөлүктүн "Лаа илааха иллалаах" деген бөлүгүнүн мааниси: Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай (сыйыныла турган эч нерсе) жок дегенди туюндурат.
"Мухаммад Аллахтын элчиси" деп күбөлүк берүүнүн мааниси: ал буйруган ишке баш ийүү, ал айткан кабарларды тастыктоо, ал эскертип, тыйган иштерден тыйылуу жана Аллахка ал көрсөткөндөй тартипте ибадат кылуу.
Экинчи түркүк: Намаз окуу.
Аллах Таала айтты: "Намазды толук аткаргыла". (Бакара сүрөсү, 110-аят).
Намазды тургуузу дегени, намазды Аллах Таала шариятта буйругандай жана аны пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге үйрөткөндөй аткаруу болуп эсептелет.
Үчүнчү түркүк: Зекет берүү
Аллах Таала айтты: "... зекетти бергиле". (Бакара сүрөсү, 110-аят).
Аллах Таала зекетти мусулмандын ыйманынын чындыгын сыноо үчүн, өзүнө берилген мал-мүлк нээматы үчүн Раббисине шүгүр кылуу катары жана кедей-кембагалдарга, муктаждарга жардам берүү үчүн парз кылган.
Зекет берүү, зекетке муктаж болгон адамдын колуна тийгизүү менен гана ишке ашат.
Зекет – мал-мүлк белгилүү өлчөмгө жеткен учурда берилүүсү милдет болот. Зекетти Аллах Таала Куранда дайындап айткан сегиз түрдүү адамдарга берүү зарыл. Алардын ичинде кембагалдар жана жарды-жармачтар да бар.
Зекетти берүүдө ырайымдуулук жана боорукердик сыпаттары бар. Ал мусулмандын кулк-мүнөзүн жана мал-мүлкүн тазалайт, кедей-кембагалдардын көңүлүн көтөрөт (ыраазы кылат) жана мусулман коомунун мүчөлөрүнүн ортосундагы сүйүү менен бир туугандык байланыштарды бекемдейт. Ошондуктан, салих (жакшы) мусулман зекетти башка адамдарды кубантканы үчүн өзү да бактылуу болуп, чын дилден, сүйүнүү менен берет.
Зекеттин бериле турган өлчөмү, сакталып коюлган байлыкта, мейли ал алтын, же күмүш, же нак акча, же алды-сатты кылып пайда көрүү үчүн коюлган буюм болсун, 2,5 % болуп эсептелет. Эгер белгиленген өлчөмгө жетсе жана ошол өлчөмдө жыл бою кармалып турса, анда жогоруда айтылган өлчөмдө зекет берүү милдет болот.
Ошондой эле белгилүү санга жеткен мал-жандыгы (төө, уй, кой) бар адамга да мал-жандыктарынан зекет берүү милдет. Эгерде мал-жандыктары жылдын жарымынан көп бөлүгүндө талаадан оттоп багыла турган болсо, ошондо гана зекет берүү милдет болот.
Дагы "Риказ" сыяктуу жерден чыккан нерселерге да зекет берилет. Риказ дегени, Исламга чейинки заманда жерге жашырып көөмүлүп коюлган байлыктар. Ошондой эле жерден өндүрүлгөн дан эгиндеринен, мөмө-жемиштерден жана кен байлыктардан да зекет (үшүр) берилет. Булар да атайын белгиленген чен-өлчөмгө жетүүсү керек.
Төртүнчү түркүк: Рамазан айында орозо кармоо.
Аллах Таала айтты: "О ыйман келтиргендер! Силерден мурунку элдерге парз кылынганы сыяктуу, силерге да орозо кармоо парз кылынды. Такыба болушуңар үчүн". (Бакара сүрөсү, 110-аят).
Рамазан – бул, хижрий жыл санагы боюнча тогузунчу катарда келген айдын аталышы. Мусулмандар үчүн бул ай ыйык болуп эсептелет, башка айлардан айырмаланып, бул айдын өзгөчө артыкчылыгы бар. Бул айда толук орозо кармоо - Исламдын бир түркүгү.
Рамазанда орозо кармоо деген сөз: Рамазан айынын башынан аягына чейин күн сайын таңдан күн батканга чейин тамактануудан, суусундук ичүүдөн жана аял-эркектин жыныстык катташуусунан ж.б. орозону бузуп коюучу иштерден Аллахка ибадат кылуу максатында тыйылуу дегенди билдирет.
Бешинчи түркүк: Аллахтын үйү болгон "Харам" мечитине барып ажылык кылуу.
Аллах Таала айтты: "... адамдардын мойнунда Аллах үчүн ошол (Ыйык) Үйгө ажылык кылуу милдети бар. (Бирок, ар кимге эмес) жолго (материалдык жана денелик) кудурети жеткендерге гана". (Аалу Имран, 97-аят).
Ажылык бул, мүмкүнчүлүгү болгон адамга өмүрүндө бир жолу аткаруу милдет болгон ибадат. Бул ибадат, белгилүү бир убакта, дайындалган ибадатты аткаруу үчүн "Харам" мечитин, тагыраагы, Каабаны жана Меккедеги ыйык саналган жерлерди максат кылып баруу. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) да, ага чейинки пайгамбарлар да ажы амалын аткарган. Аллах Таала Ибрахим пайгамбарды адамдарды ажылык кылууга чакырууга буйруган. Бул тууралуу Аллах Таала Ыйык Куранда минтип кабар берген: "Адамдарды ажы кылууга чакыр! Сага алар жөө басып, тапталган улоолор менен келишсин. Алар сага ар кайсы алыс өлкөлөрдөн келишсин!" (Хаж сүрөсү, 27-аят).
Диндин экинчи мартабасы: ыйман.
Ыйман - бул, (тил менен) айтуу, (жүрөк менен) бекемдеп тастыктоо, Аллах жана Анын элчиси ыйман келтирүүгө буйруган нерсенин баарын моюнга алып толук ишенүү жана анын ички-тышкы талаптарына баш ийүү. Баш ийүү жүрөктүн тастыктоосу менен болот. А жүрөктүн тастыктоосу жүрөк жана дене-мүчөлөр менен боло турган амалдарды ичине камтыйт. Бул динди толук кармануу дегенди билдирет. Ыйман таат-ибадат кылуу менен көбөйүп, күнөө-ката кылуу менен азайып турат.
Ыймандын түркүктөрү (негиздери).
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыйман тууралуу суралганда, минтип жооп берген: «Ыйман – бул, сенин Аллахка, Анын периштелерине, китептерине, элчилерине, акырет күнүнө жана жакшы-жаман тагдырына ыйман келтирүүң».
Ыймандын түркүктөрү бул жүрөккө тиешелүү ибадаттар болуп, ар бир мусулманга милдет болуп эсептелет. Ыйман түркүктөрүнө ишенмейинче жана алар талап кылган амалдарды аткармайынча адамдын Исламы жарактуу болбойт. Ошон үчүн булар ыймандын түркүктөрү деп аталат. Ыйман түркүктөрү менен Ислам түркүктөрүнүн айырмасы мындай: Ислам түркүктөрү ачык көрүнүп турган амалдар, аларды инсан дене-мүчөлөрү менен аткарат. Мисалы, келимени айтуу, намаз окуу, зекет берүү, ж.б. Ал эми ыймандын түркүктөрү жүрөккө байланыштуу амалдар, аларды инсан жүрөгү менен аткарат. Мисалы, Аллахка, Анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына ыйман келтирүү, ж.б.
Ыймандын биринчи түркүгү: Аллах Таалага ыйман келтирүү.
Аллах Таала айтты: "Албетте, ыймандуулар – Аллахка ыйман келтирген адамдар". (Нур сүрөсү, 62-аят).
Биз Аллахтын бардыгына ишенебиз. Анын рубубиятта, улухиятта жана ысым-сыпаттарында жалгыз экендигине ишенип этикад кылабыз. Аллахка ыйман келтирүү төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
Аллахтын бадыгына ыйман келтирүү.
Аллах Тааланын рубубиятына ыйман келтирүү бул, Ал бардык нерсенин Эгеси, Падышасы, Жаратуучусу, ырыскы берүүчүсү жана иштерин башкарып туруучу деп ыйман келтирүү.
Аллах Тааланын улухиятына ыйман келтирүү бул, ибадат кылууга эч кандай шериги жок Аллах гана татыктуу деп ыйман келтирүү. Мисалы намаз, дуба, назир, курмандык, жардам суроо, коргоо суроо, ж.б. бардык ибадаттарды аткарууда Аллахка эч нерсени шерик кылбай аткаруу.
Ал эми ысым-сыпаттарына ыйман келтирүү бул, Аллах Тааланын Өзү же Анын пайгамбары Ага бекемдеген ысымдарына жана сыпаттарына ыйман келтирүү, Өзү же пайгамбары Андан четке каккан сыпаттарды четке кагуу болуп эсептелет. Аллахтын ысым-сыпаттары толуктугунда жана көркөмдүгүндө эң жогорку чекте. Ага окшош эч нерсе жок, Ал - Көрүүчү жана Угуучу.
Ыймандын экинчи түркүгү: периштелерге ыйман келтирүү.
Аллах Таала айтты: "Бардык мактоо-даңазалар асмандар жана жердин жаратуучусу Аллахка таандык. (Ал) периштелерди эки, үч, төрт канаттуу элчилер кылып жаратты. Аллах (Өзү жараткан) макулуктарда Өзү каалаган нерсени көбөйтөт. Аллах ар нерсеге Кудуреттүү!" (Фатир сүрөсү, 1-аят).
Периштелер кайып ааламы экенине, алар Аллахтын нурдан жараткан кулдары, аларды дайыма Өзүнө баш ийип, жүгүнүп туруучу кылып жаратканына ыйман келтиребиз.
Периштелер өтө чоң калайык, алардын кубатын жана санын бир гана Аллах билет. Алардын ар биринин сыпаттары, ысымдары жана Аллах Таала дайындап койгон өзүнө тиешелүү озуйпа-милдеттери бар. Алардын ичинен Жебирейил (ага Аллахтын саламы болсун) Аллах Тааладан Анын элчилерине аян-кабар алып түшүүгө милдеттендирилген.
Ыймандын үчүнчү түркүгү: китептерге ыйман келтирүү.
Аллах Таала айтты: "Айткыла (О, ыймандуулар): “Биз Аллахка, Бизге түшүрүлгөн нерселерге жана Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Яькубга жана ошолордун урпактарына түшүрүлгөн нерселерге, жана Мусага, Исага жана башка пайгамбарларга Раббиси тарабынан берилген нерселерге ыйман келтирдик. Биз пайгамбарлардын эч биринин арасын ажыратпайбыз жана биз Аллахка моюн сунуучуларданбыз”. (Бакара сүрөсү, 136-аят).
Ааламдарга далил жана амал кылуучуларга багыт катары Аллах Таала элчилерине китептерди түшүргөнүнө ыйман келтиребиз.
Пайгамбарлар ал китептер аркылуу адамдарга илим-даанышмандыкты үйрөтүп, күнөө-катадан тазалашты.
Аллах Таала пайгамбары Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жалпы адамзатка жөнөткөндө, анын шарияты менен мурдагы шарияттардын баарын жокко чыгарды. Ыйык Куранды бардык асман китептеринин артыкчылыктарын камтыган жана алардын баарынын өкүмүн өчүрүүчү кылды. Аллах Таала Куранды ар кандай өзгөртүү жана бурмалоолордон сактоону Өзүнүн кепилдигине алды. Аллах Таала минтип айткан: «Биз Зикирди (Куранды) Өзүбүз түшүрдүк жана аны Өзүбүз сактайбыз». (Хижр сүрөсү, 9-аят). Анткени, Ыйык Куран Аллах Тааланын адам баласына түшүргөн акыркы китеби, ал эми Мухаммад пайгамбар болсо (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) акыркы элчиси. Ислам дини болсо, кыямат күнгө чейинки пенделерине дин болуусуна Аллах ыраазы болгон дин. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан: Албетте, Аллахтын алдында (кабыл боло турган) дин – бул, Ислам. (Аалу Имран сүрөөсү, 19-аят).
Аллах Таала Куранда айтып эскерген асман китептери төмөнкүлөр:
Ыйык Куран, аны пайгамбары Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшүргөн.
Тоорат, аны пайгамбары Мусага (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) түшүргөн.
Инжил, аны пайгамбары Исага (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) түшүргөн.
Забур, аны пайгамбары Даудга (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) түшүргөн.
Ибрахимдин барактары, аларды пайгамбары Ибрахимге (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) түшүргөн.
Ыймандын төртүнчү түркүгү: пайгамбарларга ыйман келтирүү.
Аллах Таала айтты: "Биз ар бир элге «Аллахка гана ибадат кылгыла, (башка) “кудайлардан” алыс болгула (деп айта турган) пайгамбарларды жибергенбиз". (Нахл сүрөсү, 36-аят).
Аллах Таала адамдарга элчилерди жибергенине ишенебиз. Алар адамдарды шериги жок жалгыз Аллахка ибадат кылууга чакырып, Андан башка ибадат кылынып жаткан нерселерге ишенбөөгө чакырган.
Пайгамбарлардын баары адам баласы, Аллахка кулдук кылган эркек кишилер. Алар - чынчыл, чынчыл экендиги тастыкталган, такыба, аманаткөй, туура жолдо жүрүүчү жана туура жолго баштоочу. Аллах Таала алардын чынчыл экенине далил кылып ар түрдүү муъжиза-белгилер менен кубаттаган. Алар Аллах жеткирүүнү милдет кылган нерсени толук жеткирген. Ошондой эле алардын баары анык акыйкатта жана ачык-айкын туура жолдо болушкан.
Негизинен алардын биринчилеринен баштап акыркыларына чейин баарынын чакырыгы Аллахты жалгыздоо жана ибадатта ага эч нерсени шерик кылбоого чакыруу болгон.
Ыймандын бешинчи түркүгү: Кыямат күнгө ыйман келтирүү.
Аллах Таала айтты: "Эч бир илах жок, бир гана (затында, сыпатында, пейилинде, ысымында эч кимге окшобогон) Аллах гана бар. Ал силерди анда шек болбогон Кыямат Күн үчүн (ар бир адамга өз иштерине жараша сыйлык же жаза берүү үчүн) чогултат. Аллахтан туурараак сүйлөгөн эч ким жок". (Ниса сүрөсү, 87-аят).
Акырет күнүнө ыйман келтиребиз. Ал бул дүйнө күндөрүнүн акыркысы болгон кыямат күнү. Раббибиз Аллахтын ыйык китебинде жана пайгамбарыбыз Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадистеринде айтылган кыямат күнүнө тиешелүү кабарлардын баарына ишенебиз. Мисалы: адам баласынын өлүүсү, кайра тирилүүсү, эсеп-кысап үчүн чогулуусу, пайгамбардын колдоо-шапааттары, амалдардын таразага тартылуусу, эсеп-кысаптын болуусу, бейиш, тозок, ж.б. кыяматка тиешелүү иштердин баарына ишенебиз.
Ыймандын алтынчы түркүгү: тагдырдын жакшы-жаманына ыйман келтирүү.
Аллах Таала айтты: "Биз бардык нерсени тагдыр-өлчөм менен жаратканбыз". (Камар сүрөсү, 49-аят).
Тагдырдын жакшы-жаманы баары Аллахтан болоруна ишенебиз. Тагдыр - бул, Аллах Тааланын чексиз билиминин негизинде жана даанышмандыгына ылайык бардык жандуу-жансыз жаратылыштын тагдырын алдын-ала билгилөөсү. Бул дүйнөдө макулуктарга болуп жаткан иштин баары шериги жок Жалгыз Аллахтын билүүсү, тагдыры жана башкаруусу менен болуп жатканына ишенебиз. Бул тагдырлар инсанды жаратуудан мурда жазылган. Инсанда каалоо жана тандоосу бар. Ал чынында өз каалаган ишин кылат, бирок мунун баары Аллахтын билиминен жана каалоосунан сыртка чыгып кетпейт.
Тагдырга ишенүү төрт баскычтан турат, алар төмөнкүлөр:
Биринчиси: Аллах Тааланын илими бардык нерсени ороп алганына ишенүү.
Экинчиси: Аллах Таала кыяматка чейин боло турган бардык нерсени жазып койгонуна ишенүү.
Үчүнчүсү: Аллах Тааланын сөзсүз болуучу каалоосуна жана кудуретинин толуктугуна, Ал каалаган нерсе болуп, каалабаган нерсе болбостугуна ишенүү.
Төртүнчү: Бардык нерсенин жаратуучусу Аллах жана жаратууда эч кандай шериги жок экендигине ишенүү.
Үчүнчү мартаба: Ихсан.
Ихсан - бул, Аллахты көрүп турганыңдай ибадат кылууң. Эгер сен Аны көрбө албасаң, Ал сени көрүп турат. Аллах Таала минтип айткан: "Албетте, Аллах такыбалар жана жакшылык кылуучулар менен бирге!" (Нахл сүрөсү, 128-аят).
Даарат.
Аллах Таала минтип айткан: "Аллах тообо кылуучуларды жана таза-пакиза адамдарды сүйөт". (Бакара сүрөсү, 22-аят).
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким менин ушул дааратымдай даарат алып, дүйнө иштерине алаксыбай берилүү менен эки ирекет намаз окуса, Аллах Таала анын мурдагы жасаган (майда) күнөөлөрүн кечирет". Бухари риваят кылган.
Намаздын ордунун маанилүүлүгүнөн Аллах Таала намаз окуудан мурда даарат алууну буйруду жана намаздын жарактуу болуусуна дааратты шарт кылды. Даарат - намаздын ачкычы. Даараттын артыкчылыгын сезүү аркылуу жүрөк намаз окууга умтулат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Тазалык - ыймандын жарымы. Алхамду лилла деп айтуу - амал таразасын толтурат, Субханаллахи валхамду лиллахи деп айтуу асмандар менен жердин ортосун толтурат. Намаз - нур, садага - далил, сабырдуулук - жарык, Куран (ага амал кылсаң) сенин пайдаңа же (ага амал кылбасаң) зыяныңа күбө. Адамдардын баары эртелеп чыгып, өз жанын (жакшы амал кылып Аллахка, же жаман амал кылып шайтанга) сатат: аны же тозоктон сактайт же тозокко таштайт". Муслим риваят кылган.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) минтип айткан: "Ким даарат алганда жеткиликтүү жакшы даарат алса, денесинен күнөөлөрү төгүлүп, тырмактарынын астынан чыгып кетет". Муслим риваят кылган.
Ошентип пенде даарат менен сырткы денесин тазаласа, Аллахка ыклас кылып, пайгамбардын жолуна ээрчип ушул ибадат аткаруу аркылуу жан дүйнөсүн тазалап, Аллахка жүздөнөт.
Даарат алуу зарыл болгон амалдар:
1- Бардык намаздар, мейли парз болсун, мейли напил болсун.
2- Каабаны айланып тооп кылуу.
3- Куран китебин кармоо.
Даарат жана гусулду таза суу менен аламын:
Таза суу дегенибиз: асмандан түшкөн же жерден чыккан жана суулук табияты сакталган суулар. Суулук табиятынан чыкпоо үчүн суунун тазалыгын буза турган нерселер анын төмөнкү үч сыпатын өзгөртпөөгө тийиш: түсүн, даамын, жытын.
Даарат алуунун тартиби:
Биринчи кадам: Ниет, ниеттин орду жүрөктө. Ниет кылуунун мааниси: кайсы бир ибадатты Аллахка жакындоо максатында аткарууга жүрөк менен чечим кылуу.
Экинчи кадам: Бисмиллах (Аллахтын ысымы менен) деп - айтамын.
Үчүнчү кадам: эки колду кырк муунга чейин үч жолудан жууйбуз.
Төртүнчү кадам: Оозду, мазмаза кылып үч жолу жууйбуз.
Мазмаза дегенибиз: оозго суу алып, аны тамакка чейин жеткирип ары-бери чайкап кайра түкүрүү.
Бешишчи кадам: мурунга истиншак кылабыз. Истиншак дегенибиз: мурунга суу алып, аны кеңилжээрге чейин тартып чайкоо. Анан истинсар кылабыз.
Истинсар дегенибиз: кеңилжээрге чейин тартылган сууну кайра (сол кол менен) чимкирип салуу.
Алтынчы кадам: бетибизди үч жолу жууйбуз.
Беттин чеги:
Бет дегенибиз бет маңдай турган адамга көрүнө турган адамдын жүзү.
Анын чеги туурасынан алганда бул кулактан тиги кулакка чейинки аралык.
Ал эми узунунан алганда кишинин маңдай чачы өскөн бешенесинен баштап, ээгинин түбүнө чейин.
Бет жууганда андагы майда түктөр, баяз жана иъзар да жуулууга тийиш.
Баяз дегени, сакалга кошулган чачтан кулакка чейинки аралык.
Иъзар дегени, чачтын ылдый карай өсүп келип сакалга кошулган жери (бакенбард).
Ошондой эле, бетти жууганда сакалдын калың өскөн сырткы бөлүгү жана анын төмөн карай түшүп турган (узун) бөлүгү кошо жуулушу керек.
Жетинчи кадам: манжалардын учунан баштап чыканакка чейин үч жолу жууйбуз.
Колду жууганда чыканактын кошо жуулусу зарыл.
Сегизинчи кадам: башка, эки кулакты кошуп толук бир жолу масх тартабыз.
Масх бешене тараптан желке тарапка тартылып барып кайра артка тартылат.
Сөөмөйлөрү менен кулактын ички каналына, бармактары менен кулактын артына коюп, ушул тартипте кулактын ичине да артына да масх тартабыз.
Тогузунчу кадам: бутту мажалардын учунунан баштап кызыл ашыкка чейин үч жолу жууйбуз. Кызыл ашыкты кошо жуу зарыл.
Кызыл ашык бул: шыйрактын төмөнкү жагындагы эки жактагы чыгып турган сөөктөр.
Онунчу кадам: мусулман адамга даарат алып бүткөндөн кийин төмөнкү дубаны айтуу сүннөт: "Ашхаду ал-лаа илааха иллаллаху вахдаху лаа шарика лах, ва ашхаду анна Мухаммадан аъбдуху ва расуулух. Аллахум-мажалнии минат-таввабийна, важалнии минал мутатоххирийн". Анткени пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким даарат алганда жеткиликтүү толук даарат алып, анан: "Ашхаду аллаа илааха иллаллаху вахдаху лаа шарика лах, ва ашхаду анна Мухаммадан аъбдуху ва расуулух. Аллахум-мажалнии минат-таввабийна, важалнии минал мутатоххирийн" деп айтса, ага бейиштин сегиз эшиги ачылып, каалаганынан кирет". (Имам Тирмизи риваят кылган). Дубанын мааниси: "Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Ал жалгыз, Анын шериги жок жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берем. Аллахым мени тообо кылуучулардын жана тазалануучулардын катарына кош".
Дааратты төмөнкү иштер бузат:
1. Адамдын арткы жана алдыңкы авреттеринен заара, заң, жел, мани, маази чыкса.
2. Терең уйку, эстен тануу, мас болуу, жинди болуу сыяктуу акылдан аздыра турган иштер.
3. Жуунууну милдет кылган жунубдук, этек кир жана нифас (төрөттөн кийинки кан) сыяктуу иштер.
Инсан ажетин өтөгөндөн кийин авретин нажастан тазалоосу важиб, суу менен жууса дагы жакшы болот. Же болбосо таш, кагаз, чүпүрөк сыяктуу нажасты кетирүүчү нерселер менен тазалоого да болот. Ушинтип таза жана мубах болгон нерсе менен үч же андан көп так санда тазалоо керек.
Маасыга жана байпакка масх тартуу.
Маасы же байпак кийген абалда буттарды жуубастан масх тартып коюуга болот, бирок мунун бир канча шарты бар:
1. Буларды кийген учурда киши чоң жана кичине дааратсыздыктан таза, б.а. даараттуу болуусу керек.
2. Бул бут кийимдер нажастан таза боуусу керек.
3. Масх атайын белгиленген масх тартуу мөөнөтүндө гана болууга тийиш.
4. Бул бут кийимдер адалдан табылган болуусу керек, уурдалган, же тартып алынган сыяктуу арам болбоосу керек.
Маасы дегенибиз: Жука териден же ушул сыяктуу материалдан жасалган бут кийим, ал буттун кадамдарын кызыл ашыкка чейин жаап турууга тийиш. Байпак дегенибиз: чүпүрөк же ушул сыяктуу башка материалдан тигилген бут кийим.
Маасыга масх тартуунун шарияттагы даанышмандыгы: Маасыга масх тартуунун сыры – мусулмандарга жеңилдик берүү жана алардын түйшүгүн жеңилдетүү. Айрыкча кыштын күнү, катуу суукта же сапарга чыкканда маасыны же байпакты чечип, бутту жуу кыйынчылык жараткан учурларда бул чоң жеңилдик болуп саналат.
Масх тартуунун мөөнөтү үйдөгү, тагыраагы, сапарга чыкпаган киши үчүн бир күн бир түн (24 саат). Ал эми мусапыр үчүн үч күн үч түн (72 саат).
Маасыга же байпакка масх тартуу мөөнөтүнүн эсеби – даарат бузулгандан кийинки эң биринчи жолу масх тартылган учурдан башталат.
Маасыга же байпакка масх тартуунун сыпаты:
1. Эки колду суулайбыз.
2. Буттун үстүнө суу кол менен из түшүрөбүз (манжанын учу тарабынан буттун шыйрак тарабына өйдөнү көздөй тартылат).
Оң бутка оң кол менен, сол бутка сол кол менен тартабыз.
Масхты бузуучу иштер: 1. Гусул алууну важиб кылган иштердин баары. 2. Масх тартуу мөөнтүнүн бүтүүсү.
Гусул - Жуунуу.
Эркек же аял жыныстык катнашка барса, уруктук чыкпаса дагы, же ойгоо кезинде кумарлануу менен уруктук чыкса, же уктап жатканда түшүркүрөп уруктук чыкса, анда намаз окуу же дааратты талап кылган башка амалдарды аткаруу үчүн экөөнө тең гусул алуу важиб болот. Ошондой эле аял кишинин этек кири, же төрөттөн кийинки нифас каны токтосо, намазга же башка тазалыкты талап кылган ишке киришүүдөн мурда толук жуунуусу милдет болот.
Жуунуунун тартиби төмөнкүдөй болот:
Кандай абалда болбосун бүт дене мүчөлөрүнө суу жеткирип, ооз менен мурунду жеткиликтүү жууп чыкса, чоң дааратсыздыктан арылган болот, б.а. тазалыгы толук болот.
Ошондой эле, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аткарган дагы бир эң толук жана абзел болгон тартип бар, ал төмөнкүдөй.
1. Дааратсыздыктан тазаланууну ниет кылуу.
2. Бисмиллах деп айтуу жана эки колду кырк муунга чейин үч жолу жууп, анан жыныстык мүчөнү жуу.
3. Намазга даарат алган сыяктуу толук даарат алуу.
4. Башка үч мертебе суу куюп, чачты ышкалап чач түбүнө суу жетирүү.
5. Жалпы денеге, алгач оң тарабына, анан сол тарабына суу бүт денеге тийүү үчүн кол менен жышыганча сууну куюу.
Жунуб киши жуунганга чейин төмөнкү иштерди аткарууга тыюу салынат:
1. Намаз окууга.
2. Каабаны айланып тооп кылууга.
3. Мечитте көпкө отуруп алууга. Эгер дароо кирип чыкса, уруксат.
4. Куран китебин кармоого.
5. Куранды окууга.
Таяммум.
Мусулман адам даарат алганга суу таба албай калса, же оору ж.б.у.с. себептен улам сууну пайдалана албаса, ошол эле учурда намаздын убактысы өтүп кетүү коркунучу болуп калса, анда топуракка таямум кылса болот.
Анын тартиби мындай: эки алаканы менен жерди (же топуракты) бир жолу чаап, андан соң алар менен бетин жана эки колун (билекке чейин) гана сылайт. Ошондой эле колдонулган топурактын таза болушу шарт кылынат.
Таямум төмөнкү нерселер менен бузулат:
1- Дааратты бузуучу иштердин баары таямумду да бузат.
2- Таямум кылып аткармакчы болгон ибадатына кирише электе суу табылып калса таямум бузулат.
Намаз.
Аллах Таала мусулман пендеге бир сутканын ичинде беш жолу намаз окууну парз кылган. Алар: багымдат, бешим, дигер, шам жана куптан.
Намазга даярдык көрүү.
Намаз убактысы киргенде мусулман киши кичине дааратсыздык абалда болсо даарат алат, эгер чоң дааратсыздык абалда болсо, анда жуунат.
Чоң дааратсыздык – бул мусулман адамга гусул алууну милдеттүү (фарз) кылган нерсе.
Кичинекей дааратсыздык – бул мусулман адамга даарат алууну милдеттүү (фарз) кылган нерсе.
Мусулман адам таза кийим менен, нажасаттардан таза болгон жерде жана аврат жерлерин жаап намаз окуйт.
Мусулман адам намаз убактысында өзүнө ылайыктуу (жакшы) кийимдерди кийип, жасанат жана алар менен денесин жабат. Намазда эркек кишиге киндиги менен тизесинин ортосундагы мүчөлөрүнүн бир бөлүгүн болсо да ачып алууга болбойт (уруксат берилбейт).
Аял киши намазда жүзү жана эки колунан (билекке чейин) башка бүткүл денесин жабуусу милдеттүү (фарз).
Мусулман адам намаз учурунда намазга тиешелүү сөздөрдөн башканы сүйлөбөйт, имамды кунт коюп угат жана намаз окуп жатканда ары-бери карабайт. Эгерде намаздагы атайын сөздөрдү (сүрөө жана дубаларды) жаттай элек болсо, анда намаз аяктаганга чейин Аллахты эстеп, Аны даңазалап (тасбих айтып) турат. Ошону менен бирге, ал намазды жана анын сөздөрүн тезирээк үйрөнүүгө милдеттүү.
Намазды Аллахтын каалоосу менен туура окуу үчүн, биз төмөнкү кадамдарды аткарабыз жана аларды бекем сактайбыз:
1-кадам: Кайсы парз намазды окумакчы болсо ошол намазды ниет кылуу, а ниеттин орду жүрөктө.
Даарат алгандан кийин, кыбылага жүздөнөмүн, эгер туруп окууга кадыр болсом, намазды туруп окуймун.
2-кадам: эки колумду ийиндин тушуна чейин көтөрүп: "Аллаху Акбар" деп айтамын, ушул учурда намазга кирүүнү ниет кылам.
3-кадам: Намазды баштоочу дубаны (сананы) келген риваяттарга ылайык окуйм. Алардын бири төмөнкүдөй: "Субхаанака Аллахумма ва бихамдика, ва табаарокасмука, ва таъала жаддука, ва лаа илааха гойрук". Мааниси: «Оо, Аллахым! Сени (бардык кемчиликтерден) аруулаймын (тасбих айтам) жана Сага мактоолорду айтам. Сенин ысымың – берекелүү, Сенин улуулугуң баарынан бийик жана Сенден башка илах (кудай) жок».
4-кадам: Куулган шайтандын жамандыгынан коргоосун Аллахтан сурап, мындай деймин: "Ауъзу биллаахи минаш-шайтоонир-рожим". Мааниси: "Куулган шайтандын жамандыгынан Аллахтын (жардамы менен) коргоном".
5-кадам: Ар бир рекетте Фатиха сүрөсүн окуймун. Ал төмөнкүдөй: "Ааламдардын Раббиси – Аллахка алкыш-мактоолор болсун!" "Ал - Ырайымдуу, Мээримдүү". "Кыямат Күндүн падышасы". "Жалгыз Сага гана сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз!" * "(О, Жараткан!) Бизди туура жолго баштагын!" * "Өзүң жакшылык берген адамдардын жолуна (баштагын). Каарыңа учурагандардын жана адашкандардын жолуна эмес".
Андан кийин: Амин деймин, мааниси: Аллахым, кабыл кыл дегенди билдирет.
Ар бир намаздын биринчи жана экинчи рекетинде гана Фатиха сүрөөсүнөн кийин Курандан билген (жеңил келген) сүрөөлөрдү окуйм. Бул милдеттүү (важиб) эмес, бирок муну аткарууда чоң сооп бар.
6-кадам: "Аллаху Акбар" деп айтып белимди түз кармап, эки колум менен тиземди таянып, тизенин томугун манжаларымды ачып чеңгелдеп руку кылам. Рукуда үч жолу "Субхана Робиял аъзиим" деп айтам.
7-кадам: "Самиъ Аллаху лиман хамида" деп, колдорумду эки ийиндин тушуна чейин көтөрүп, рукудан өйдө болом. Денем толук түздөлгөндөн кийин "Роббанаа ва лакал хамду" деп айтам.
8-кадам: "Аллаху Акбар" деп айтып, эки колго, эки тизеге, эки бутка (манжалардын учуна), маңдайга жана мурунга таянып сажда кылам. Саждада: "Субхаана роббиял-аълаа" – деп үч жолу айтам.
9-кадам: "Аллаху Акбар" деп айтып, саждадан башымды көтөрөм. Аркамды түз кармап, сол бутумдун үстүнө отуруп, оң бутумду (манжаларын кыбылага каратып) тике кармайм. Отурган абалда: "Робби-гфир лии" – деп үч жолу айтам.
10-кадам: "Аллаху Акбар" деп айтып, биринчи саждадагыдай эле дагы бир жолу сажда кылам.
11-кадам: "Аллаху Акбар" деп айтып, саждадан башымды көтөрөм жана түз турам. Намаздын калган рекеттеринде да биринчи рекетте кылган иштеримди кайталайм.
Бешим, дигер, шам жана куптан намаздарынын экинчи рекетинен кийин алгачкы "ташахуд" дубасын окуу үчүн отурамын. Ал: "Аттахияту лиллаахи вассолаваату ваттойибаат, асслааму алайка айюхан-набию ва рахматуллаахи ва баракатух. Ассалааму аълайнаа ва аълаа иъбаадиллахис-соолихийн, ашхаду ал-лаа илааха иллаллаху ва ашхаду анна Мухаммдан аъбдуху ва расуулух". Мааниси: "Бардык саламдар, жүгүнүүлөр жана таза (дубалар) жалгыз Аллахка! О, Аллахтын пайгамбары! Сага Аллахтын саламы, мээрими жана берекеттери болсун! (Ошондой эле) Бизге жана Аллахтын бардык салих (ибадат кылган) пенделерине Аллахтын саламы болсун! Мен: "Жалгыз Аллахтан башка кудай жок, Мухаммад анын кулу жана элчиси" деп күбөлүк берем". Андан кийин үчүнчү рекетти окууга турамын.
Бардык намаздарда акыркы рекеттен кийин акыркы "ташахуд" дубасын окууга отурмын. Ал: "Аттахияту лиллаахи вассолаваату ваттойибаат, асслааму алайка айюхан-набию ва рахматуллаахи ва баракатух. Ассалааму аълайнаа ва аълаа иъбаадиллахис-соолихийн, ашхаду ал-лаа илааха иллаллаху ва ашхаду анна Мухаммдан аъбдуху ва расуулух". "Аллахумма солли аълаа Мухаммад, ва аълаа аали Мухаммад, камаа соллайта аълаа Ибрахима, ва аълаа аали Ибрахим, иннака Хамидум Мажиид. Аллахумма баарик аълаа Мухаммад ва аълаа аали Мухаммад, камаа бааракта аълаа Ибрахим ва аълаа аали Ибрахим, иннака Хамидум Мажиид". Мааниси: "Бардык саламдар, жүгүнүүлөр жана таза (дубалар) жалгыз Аллахка! О, Аллахтын пайгамбары! Сага Аллахтын саламы, мээрими жана берекеттери болсун! (Ошондой эле) Бизге жана Аллахтын бардык салих (ибадат кылган) пенделерине Аллахтын саламы болсун! Мен: "Жалгыз Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Мухаммад анын кулу жана элчиси" деп күбөлүк берем". "О, Аллах, Ибрахимге жана анын үй-бүлөсүнө ырайым кылган сыяктуу, Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө ырайым кыл. Албетте, Сен мактоого татыктуу, Улуу Затсың! О, Аллах, Ибрахим жана анын үй-бүлөсүн берекелүү кылган сыяктуу, Мухаммадды жана анын үй-бүлөсүн да берекелүү кыл. Албетте, Сен мактоого татыктуу, Улуу Затсың!".
12-кадам: Андан соң намаздан чыгууну ниет кылып, оң тарабыма: (Ассалааму алайкум ва рохматуллоо) – деп салам берем, андан кийин сол тарабыма: (Ассалааму алайкум ва рохматуллоо) – деп салам берем. Ушуну менен мен намазды аткарып бүткөн болом.
Мусулман аялдын хижабы.
Аллах Таала айтты: "О пайгамбар! Аялдарыңа, кыздарыңа жана ыймандуулардын аялдарына айткын: жоолуктарын өздөрүнө жакындатып (көкүрөк-баштарын жаап) алышсын! Ушул алардын (күңдөрдөн ажыралып) таанымал болууларына жана иренжитилбей жүрүүлөрүнө жакыныраак (жорук). Аллах Кечиримдүү, Ырайымдуу". (Ахзаб сүрөсү, 59-аят).
Аллах Таала мусулман аялга хижаб кийүүнү, бөтөн эркектерден (махрам эместерден) өзүнүн авратын жана бүткүл денесин өз өлкөсүндө кабыл алынган (шариятка төп келген) кийим менен жабууну парз кылды. Аял кишиге хижабын (жоолугун) бир гана күйөөсүнүн же махрамдарынын алдында чечүүгө уруксат берилет. Махрамдар – бул аял кишиге турмушка чыгууга түбөлүккө тыюу салынган эркектер. Алар төмөнкүлөр: (атасы, канча өйдө карап кетсе да, баласы, канча ылдый кетсе да, атасы менен бир тууган ага-инилери, таекелери, ага-инилери, ага-инилеринин балдары, эже-сиңдилеринин балдары, апасынын күйөөсү (өгөй атасы), кайнатасы, канча өйдө кетсе да, күйөөсүнүн (өгөй) балдары, канча ылдый кетсе да, эмчектеш ага-инилери, эмизген аялдын күйөөсү, тек тарабынан махрам болгондордун баары, эмчектештик тараптан да махрам болот).
Мусулман аял өзүнүн кийиминде (хижабында) бир нече талаптарды жана эрежелерди сактоосу керек:
Биринчиден: Бардык дене-мүчөсүн жабуу.
Экинчиден: Бөтөн (махрам эмес) эркектердин көзүнчө кийилген кийим аял кишинин жасалгасы (кооздугу) катары колдонулбашы керек.
Үчүнчүдөн: Дене-мүчөлөрү көрүнө турган жука болбоого тийиш.
Төртүнчүдөн: Кийим кенен болушу шарт. Дененин мүчөлөрүн (фигурасын) билгизе тургандай тар болбошу керек.
Бешинчиден: Эгерде аял киши бөтөн (махрам эмес) эркектердин жанынан өтө турган болсо жана алар анын жытын сезе турган болсо, анда кийимине атыр (жыпар жыт) себилбеши керек.
Алтынчыдан: Кийими эркектердин кийимине окшошпошу керек.
Жетинчиден: Кийими мусулман эмес аялдардын ибадаттарындагы же майрамдарындагы өзгөчө кийимдерине окшошпошу керек.
Сегизинчиден: Текеберликтин (шухрат) кийими болбошу керек.
Ыймандуу адамдын сыпаттарынан:
Аллах Таала айтты: "Чынында, ыймандуу адамдарга Аллах эскертилгенде, жүрөктөрү титиреп, аяттары окулганда ал аяттар алардын ыйманын көбөйтөт жана алар Раббисине гана тобокел кылышат". (Анфал сүрөсү, 2-аят).
Сөзүндө чынчыл болот, жалган сүйлөбөйт.
Келишимге жана убадага бекем турат.
Талаш-тартышта жаман сөздөрдү сүйлөбөйт.
Аманатты бек сактайт.
Өзүнө жакшы көргөн нерсени мусулман бир тууганына да жакшы көрөт.
Берешен, жоомарт болот.
Адамдарга жакшылык кылат.
Туугандык мамилени бекемдейт.
Аллахтын тагдырына ыраазы болот, ырахаттуу жашоо болсо шүгүр кылат, машакаттуу жашоо болсо сабыр кылат.
Уяттуу болот.
Бардык жандууларга ырайымдуу болот.
Анын жүрөгү көрө албастыктан жана жек көрүүдөн таза, ал эми дене мүчөлөрү башкаларга зыян берүүдөн (кол салуудан) алыс.
Адамдардын баарына кечиримдүү болот.
Сүткордук кылбайт жана анын пайдасын жебейт.
Ойноштук кылбайт.
Мас кылуучу ичимдиктерди ичпейт.
Кошуналарына жакшы мамиле кылат.
Зулумдук, кыянаттык кылбайт.
Куулук кылбайт, уурдабайт.
Ата-энесине жакшылык кылат (сыйлайт), атүгүл алар мусулман болбосо дагы. Жакшылык иштерде (шариятка каршы келбеген буйруктарында) аларга баш иет.
Балдарын асыл сапаттарга (адептүүлүккө) тарбиялайт, аларга шарияттагы милдеттерди (фарздарды) аткарууну буюрат жана аларды адепсиздиктен (жаман иштерден) жана арам нерселерден кайтарат.
Ал мусулман эместердин диний өзгөчөлүктөрүнө же алардын өзгөчө белгисине (символуна) айланган үрп-адаттарына окшошууга аракет кылбайт.
Кылган кемчиликтери жана күнөөлөрү үчүн Аллахка тооба кылып, Андан кечирим сурайт (истигфар айтат).
Мусулмандын акыйдасындагы зарыл эрежелер:
1. Аллах - биздин Раббибиз, Андан башка ибадатка татыктуу "кудай" жок, Андан башка Рабби да, Андан башка кудай да жок. Ага окшош эч нерсе жок, Анын күч-кубаты жетпей кала турган нерсе да жок. Ал - Угуучу, Көрүүчү.
2. Аллах Таала асманда бардык макулуктарынан бийик, алардан ажыралып турат. Анын бийиктиги жалпы, бардык тараптан бийик, Заты да бийик, Кадыры да бийик, Каары да бийик, Ал бардык нерсени ороп алган.
3. Аллах Таала Өзү же пайгамбары Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ага таандык кылган бардык ысым жана сыпаттарын Ага таандык деп билебиз. Ошондой эле Өзү же пайгамбары (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Андан кайтарган нерселерди (ысым-сыпаттарды) биз да Андан кайтарабыз.
4. Аллах Таала дубаларды кабыл кылат, муктаждыктарды чечет, бардык нерсеге ээлик кылат. Андан башка эч нерсе зыян да, пайда да бере албайт. Пенде бир көз ирмем да Ага муктаж болбой тура албайт. Мусулман кишиге ибадаттын кайсы түрү болбосун, дуба, намаз, назири, курмандык, коркуу, үмүт кылуу, тобокел кылуу, ж.б. ички жана тышкы ибадаттардын баарын Аллахтан башкага арнап аткарууга болбойт. Кайсы ибадат болбосун, аны Аллахтан башкага арнаса, ал Аллахка шерик кошкон болот.
5. Күнөөнүн эң оору, чоң күнөөлөрдүн эн чоңу - Аллахка шерик кошуу. Ким Аллахка шерик кошкон тейде дүйнөдөн өтүп кетсе, ал бейишке кирбейт, анын барар жери тозок. Бул күнөө, эгер пенде андан тообо кылбай жүрүп өтүп кетсе, Аллах Таала кечирбей турган күнөө.
6. Пенденин башына келбеген сыноо ага эч качан тиймек эмес, ал эми башына келген нерсе андан эч качан кыя өтмөк эмес. Мусулман адам Аллахтын каза жана тагдырына ишенип, Аллах Тааланын тагдыр кылган ар бир ишине ыраазы болушу, ошондой эле кандай гана абал болбосун, Раббысына мактоолорду айтып, шүгүр кылуусу зарыл.
7. Биздин пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Мухаммед (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) – биздин пайгамбарыбыз, адамзаттын эң абзели жана пайгамбарлардын мөөрү (акыркысы). Ал – Кыямат күнү шапаат кылуучу жана шапааты кабыл болуучу зат. Аллах Таала Ибрахим алейхиссаламды дос (халил) туткандай эле, Мухаммедди (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) да Өзүнө жакын дос (халил) кылды.
10. Биздин китебибиз - Ыйык Куран, муъжизалуу, тууралыгында шек-күмөн жок, окулуусу да ибадат болгон ыйык китеп. Аны Аллах Таала Мухаммед пайгамбарыбызга периштелердин абзели болгон Жебирейил периштенин ортомчулугу менен түшүргөн. Ошондой эле аны бурмалоо жана өзгөртүүдөн Аллах Өзү сактаган. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан: «Биз Зикирди (Куранды) Өзүбүз түшүрдүк жана аны Өзүбүз сактайбыз». (Хижр сүрөсү, 9-аят).
11. Аллахка эң жакын адамдар – Анын буйруктарын эң жакшы аткаргандар жана Анын мыйзамдарын (шариятын) бекем кармангандар. Арабдын араб эместен артыкчылыгы жок, араб эместин арабдан артыкчылыгы жок. Ошондой эле актын карадан, каранын актан артыкчылыгы жок, болгону такыбалыгы (Аллахтан коркуусу) менен гана айырмаланат. Адамдардын баары Адам атадан, ал эми Адам ата топурактан жаралган. Аллах Таала минтип айткан: "Аллахтын назарында силердин эң улугуңар – такыба болгонуңар". (Хужурат сүрөсү, 13-аят).
Мусулман адам анын кылган амалдарын жазып туруучу периштелерге, алардын барлыгына, алар дагы Аллахтын жаратылган пенделери экенине ишенет. Аллах Таала периштелерди нурдан жараткан, алар да Аллах жараткан макулуктардан. Алардын ичинен Жебирейил периште аян-кабар жеткирүүгө, Микаил периште жамгыр жаадырууга, Исрафил периште сурду үйлөөгө, өлүм периштеси болсо пенделердин жанын алууга милдеттендирилген.
13. Мусулман адам кыяматтын белгилерине, Дажжалдын чыгуусуна, акыр заманда Мариямдын уулу Исанын асмандан түшүүсүнө жана күндүн батыштан чыгарына ишенет.
14. Мусулман адам, азапка татыктуу адамга кабырдын азабы болоруна жана жыргалга татыктуу адамга кабырдын жыргалы болоруна ишенет. Ошону менен бирге кабырында Мункар жана Накир деген периштелер, Раббиси, дини, пайгамбары тууралуу сурак кыларына, кабыр же бейиш бакчаларынын бири, же тозок чуңкурларынын бири болоруна ишенет.
15. Кыямат күнү кайра тирилүүгө жана аткарган амалдарга жараша жаза же сый аларына, ошондой эле бейиш менен тозок жаратылгандыгына жана алардын эч качан жок болуп кетпестигине ишенет.
16. Сыйкырчылык - Аллахка болгон каапырдык. Аны үйрөнүүгө, сыйкырчы, жалганчыларга барууга болбойт. Мусулман киши көзү ачык, төлгөчүлөрдүн айтканына ишенбөөгө тийиш. Ким алардын айтканына ишенсе, Мухаммед пайгамбарга түшүрүлгөн Куранга (динге) каапыр болот.
17. Мусулман адам Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларын жакшы көрөт. Сахабаларды жакшы көргөндөрдү да жакшы көрөт, сахабаларды жаман көргөндөрдү жаман көрөт. Анткени, сахабаларды жакшы көрүү дин жана жакшылык, аларды жаман көрүү эки жүздүүлүк жана каапырдык. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Менин сахабаларыма тил тийгизбегиле" - деп эскерткен (Муслим риваят кылган). Кимде-ким сахабалардын (Аллах алардан ыраазы болсун) бирин жамандаса, тил тийгизсе же алардын кадыр-баркын түшүрсө, анда ал – адашкан жана бидаатчы болуп саналат.
16. Мусулман адам Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кийинки халифалыкка биринчи кезекте, бардык үммөттөн артык деп жана алдыга коюп Абу Бакр Сыддыкты (Аллах андан ыраазы болсун) татыктуу деп эсептейт. Андан кийин Умар бин Хаттабды (Аллах андан ыраазы болсун), андан кийин Усман бин Аффанды (Аллах андан ыраазы болсун), андан кийин Али бин Абу Талибди (Аллах андан ыраазы болсун) эсептейт. Алар туура жолдогу халифалар жана туура жолго багыттоочу имамдар.
17. Ибадаттар «таукифий» (чектүү жана так көрсөтүлгөн) болуп саналат. Ошондуктан, Аллах Таалага ибадат кылууда ал ибадат Аллахтын Китебинде же Анын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтүндө бекемделген болсо гана уруксат берилет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайтыш болгондон кийин адамдар тарабынан ойлоп табылган жана анын жолуна (хидаятына) туура келбеген ар бир ибадат – бул бидаат (жаңылык) жана ал кабыл алынбайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан: «Ким биздин бул ишибизге (динибизге) андан болбогон бир жаңылык киргизсе, ал кайтарылат (кабыл болбойт)» (Бухари риваяты).
18. Ибадаттын кабыл болушу эки негизги түркүккө байланыштуу: биринчиси – ибадатта Аллах Таалага карата ыкыластуулук (чын дилден болуу), экинчиси – аткарууда Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жолун жолдоо. Эгер ибадат бир гана Аллах үчүн калыс (ыкыластуу) болбосо, ал кабыл алынбайт. Ошондой эле, эгер ал Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көрсөтмөсүнө (сүннөтүнө) ылайык келбесе, ал да кабыл кылынбайт.
Менин бактым – Ислам динимде.
Аллах Таала айтты: «Ыймандуу болуп, жакшы амалдарды кылган эркек жана аялдарга Биз жакшы жашоо беребиз жана аларды кылган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен сыйлайбыз». (Нахл сүрөсү, 97-аят).
Мусулмандын жүрөгүнө эң чоң кубанычты, бейпилдикти жана бакытты тартуулаган нерселердин бири – анын тирүүлөрдөн, өлгөндөрдөн же буттардан эч кандай ортомчусуз өз Раббиси менен түздөн-түз байланышта болгону. Аллах Таала Өзүнүн Улуу Китебинде Өз пенделерине ар дайым жакын экенин, аларды угарын жана дубаларына жооп берерин айткан. Аллах Таала мындай дейт. «Эгерде Менин пенделерим сенден (эй, Мухаммед) Мен жөнүндө сурашса, Мен аларга жакынмын. Мага дуба кылганда, дуба кылуучунун дубасына жооп берем. Анда, алар да Менин чакырыгыма жооп беришсин (баш ийишсин) жана Мага ыйман келтиришсин. Мүмкүн, алар түз жолго түшөөр». (Бакара сүрөсү, 186-аят). Аллах Таала бизди Өзүнө дуба кылууга буйруган. Дубаны мусулманды Раббисине жакындата турган эң улуу ибадаттардан кылган. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан: "Силердин Раббиңер: «Мага дуба кылгыла силерге жооп беремин (кабыл аламын)» деди. Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко киришет". (Гафир сүрөөсү, 60-аят). Салих (жакшы) мусулман ар дайым Раббисине муктаж, дайыма Ага дуба кылат жана салих амалдар (ибадаттар) менен Ага жакындайт.
Аллах Таала бизди бул ааламга улуу бир даанышмандык менен жараткан жана жөн эле (максатсыз) жараткан эмес. Ал максат – Ага гана ибадат кылуу жана Ага эч кимди шерик кошпоо. Ал биз үчүн жашообуздун жеке жана коомдук бардык тармактарын иретке келтирип, камтыган (шамил) динди шарият кылды. Бул адилеттүү шарият аркылуу жашоонун эң зарыл баалуулуктарын (зарурат) коргоду, алар: динибиз, жаныбыз, абийирибиз, акылыбыз жана мүлкүбүз. Кимде-ким шарияттын буйруктарын аткарып, арам нерселерден алыс болуп жашаса, ал бул баалуулуктарды сактаган болот жана шексиз өз жашоосунда бактылуу, бейпил өмүр сүрөт.
Мусулмандын Раббиси менен болгон байланышы абдан терең; ал (байланыш) адамдын жан дүйнөсүнө бейпилдик жана рахат тартуулайт, тынчтык, коопсуздук жана кубаныч сезимдерин тартуулайт. Ошондой эле, Улуу Раббибиздин ар дайым биз менен бирге экенин, Анын камкордугун жана Өзүнүн момун кулуна болгон колдоосун (камкордугун) сездирген сезимди ойготот. Аллах Таала минтип айткан: "Аллах – ыйман келтирген адамдардын башчысы. Аларды караңгылыктардан (илим, ыйман сыяктуу) нурга чыгарат". (Бакара сүрөсү, 257-аят).
Бул улуу байланыш – Рахман болгон Аллахка ибадат кылуудан ырахат алууга, Ага жолугууга куштар болууга түрткү берген жана ыймандын таттуулугун сезүү менен адамдын жүрөгүн бакыт асманында канат күүлөткөн өзгөчө бир ички абал.
Ал таттуулуктун даамын ибадаттарды аткаруу жана күнөөлөрдөн алыс болуу менен аны сезип көргөн адам гана сүрөттөп бере алат. Ошол себептүү Мухаммед пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: Ким Аллахка Рабби катары, Исламга дин катары жана Мухаммедге (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбар катары ыраазы болсо, анда ал ыймандын даамын татыптыр. Муслим риваят кылган.
Ооба, эгерде адам өзүнүн Жаратканынын алдында дайыма турганын сезип, Аны эң көркөм ысымдары жана сыпаттары аркылуу тааныса, Ага Аны көрүп тургандай ибадат кылса жана бул ибадатын чын ыкластан аткарса, Аллах Тааладан башка эч бир максатты көздөбөсө, анда ал бул дүйнөдө бейпил, бактылуу өмүр сүрөт жана акыретте жакшы акыбетин көрөт.
Ал тургай, бул дүйнөдө ыймандуу адамдын башына түшкөн кырсык-кайгылардын ачуу табы да бекем ишенимдин салкындыгы, Аллах Тааланын тагдырына ыраазы болуу, тагдырдын жакшы-жаманына карабай Ага мактоо айтуу жана толук ыраазы болуу менен өчөт.
Ошондой эле, мусулман адам өзүнүн бактылуулугун жана жан дүйнө тынчтыгын арттыруу үчүн Аллах Тааланы көп зикир кылууга жана Ыйык Куранды көп окууга умтулуусу керек. Бул тууралуу Аллах Таала мындай деген: «Алар ыйман келтиргендер жана жүрөктөрү Аллахты зикир кылуу (эскерүү) менен тынчтык тапкандар. Көңүл бургула, жүрөктөр бир гана Аллахты зикир кылуу менен бейпилдик табат!» (Раъад сүрөсү, 28-аят). Мусулман адам Аллахты канчалык көп зикир кылып, Куранды канчалык көп окуса, анын Аллах Таала менен болгон байланышы ошончолук бекемделет, напсиси тазарып, ыйманы күчөйт.
Ошондой эле мусулман адам Аллах Таалага көрөгөчтүк менен ибадат кылуусу үчүн дининдеги нерселерди ишенимдүү булактардан үйрөнүүгө умтулуусу зарыл. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Илим алуу ар бир мусулманга парз". Ибн Маажа риваят кылган. Ошондой эле, ал өзүн жараткан Аллах Тааланын буйруктарына – алардын даанышмандыгын (сырын) түшүнсө да, түшүнбөсө да – толук моюн сунуп, баш ийүүсү керек. Бул тууралуу Аллах Таала Өзүнүн ыйык Китебинде мындай деген: Эгер Аллах менен Анын пайгамбары кайсы бир ишти өкүм кылса, эч бир ыймандуу эркек же ыймандуу аялга ал ишти (аткарсамбы же жокпу деген) ыктыяр калбайт. Кимде-ким (өз башымчалык кылып) Аллах жана пайгамбарына күнөөкөр болсо, демек ал анык адашыптыр! (Ахзаб сүрөсү, 36-аят).
Пайгамбарыбыз Мухаммадка, анын үй-бүлөсүнө жана жалпы сахабаларына Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун.