نبذة في العقيدة الإسلامية (شرح أصول الإيمان)

نبذة في العقيدة الإسلامية (شرح أصول الإيمان)

رسالة لطيفة تتناول أصول العقيدة الإسلامية بأسلوب مبسط وميسر. تبدأ بمقدمة حول أهمية علم التوحيد، كونه أشرف العلوم وأجلّها، ثم تتناول مفهوم الدين الإسلامي وأركانه الخمسة: الشهادتان، والصلاة، والزكاة، والصوم، والحج. كما يشرح الإيمان بالله، وملائكته، وكتبه، ورسله، واليوم الآخر، ويؤكد على أهمية التوحيد في بناء دين المسلم بشكل سليم. الكتاب يهدف إلى تعزيز الفهم الصحيح للعقيدة الإسلامية وتطبيقها في حياة المسلم اليومية.

Language: lang_ky
Prepared by: Мухаммад бин Салих ал-Усеймин
Version: 1.2
Translations 41
Afrikanns Bulgarian Bengali Jola +37
Attachments 7
PDF
Audio
Video
+3

Ислам акыйдасы тууралуу кыскача түшүндүрмө

Жазган урматтуу шейх

Мухаммад бин Салих ал-Усеймин

Аллах Таала анын өзүн, ата-энесин жана жалпы мусулмандарды кечирсин.

Чексиз Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен.

Киришүү:

Бардык алкыш-мактоолор Аллахка таандык. Ага мактоо айтабыз. Андан жардам сурайбыз. Андан кечирим тилейбиз жана Ага тообо кылабыз. Ошондой эле напсибиздин жана туура эмес амалдарыбыздын жамандыгынан коргоону Анын Өзүнөн суранабыз. Аллах туура жолго салган адамды адаштыруучу болбойт. Аллах адаштырган адамды туура жолго салуучу да жок. Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок, Ал жалгыз, Анын шериги да жок деп күбөлүк беремин. Дагы Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берем. Ага, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана аларга жакшылык менен ээрчигендерге Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун.

Андан кийин айтарым төмөнкүчө: Тавхид илими илимдердин эң кадырлуусу, эң улугу жана эң зарылы. Анткени, тавхид илими - Улуу Аллахты, Анын ысым-сыпаттарын жана пенделеринин үстүндөгү укуктарын билүү. Ошондой эле, ал Аллахка алып бара турган жолдун ачкычы жана Анын шариятынын негизи.

Мына ошондуктан, бардык пайгамбарлар тавхидге даават кылууда бир жол, бир пикирде болушкан. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан: "(О Мухаммад!) Сенден мурун жиберген ар бир пайгамбарга Биз: «Менден башка (ибадатка ылайык) кудай жок. Өзүмө гана сыйынгыла деп аян-кабар кылдык". (Анбия сүрөсү, 25-аят).

Аллахтын жалгыздыгына (Тавхидге) Аллах Өзү, Анын периштелери жана илим ээлеринин баары күбөлүк беришкен. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айтат: «Аллах, Анын периштелери жана илимдүү адамдар андан (Аллахтан) башка сыйынууга татыктуу кудай жок экенине, (жана Аллах өз иштеринде) адилет менен Туруучу экенине күбөлүк беришти. Анын Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок. (Ал) - Кудуреттүү, Даанышман». (Аалу Имран сүрөсү, 18-аят).

Тавхиддин даражасы ушундай улуу болгон соң ар бир мусулман, өз динин таза, ишенимдүү негизде куруу үчүн Тавхидди үйрөнүп, үйрөтүп, ага пикир кылып жана ишенип, динин таза пайдубалдын үстүнө негиздөө үчүн көңүл бөлүүсү зарыл. Мына ошондо ал Тавхиддин мөмөсүн жана натыйжаларын көрөт.

Ийгиликтин Ээси жалгыз Аллах.

Автор

Ислам дини.

Ислам дини - Улуу Аллахтын Мухаммад Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аркылуу жиберген эң акыркы дини. Аллах пенделери үчүн Исламды толук (кемчилиги жок) кылып берип, Ислам себептүү аларга нээмат-жакшылыктарынын баарын берди жана аларга Ислам гана дин болуусуна ыраазы болду. Ошондуктан, Исламдан башка дин эч кимден кабыл алынбайт. Аллах Таала минтип айткан: "(О ыймандуулар!) Мухаммад силердин араңардагы эч бир эркектин атасы эмес. Ал болгону Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысы. Аллах – ар нерсени Билүүчү". (Ахзаб сүрөсү, 40-аят).

Аллах Таала дагы мындай деген: "Мына бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылып, жакшылыктарымды бирин калтырбай берип, силерге Исламдын гана дин болушун кааладым". (Маида сүрөсү, 3-аят).

Аллах Таала дагы мындай дап айткан: «Албетте, Аллахтын алдында (кабыл боло турган) дин – бул, Ислам...». (Аалу Имран сүрөсү, 19-аят).

Аллах Таала дагы мындай деген: «Ким Исламдан башка динди кааласа, андан (ибадаттары) кабыл алынбайт жана ал Акыретте зыян тартуучулардан болот». (Аали Имран сүрөөсү, 85-аят).

"Чынында, Аллах Таала, Өзүнө Ислам дини менен гана сыйынууларын бардык адамдарга парз кылды. Ал Өз элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп кайрылган: "Айт: “О адамдар! Мен силердин баарыңарга жиберилген Аллахтын элчиси боломун! (Аллах) ушундай: Асмандар жана жер мүлкү Аныкы. Андан башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал өлтүрөт жана тирилтет. Эми, Аллахка жана Анын эч кимден сабак албаган, элчи пайгамбарына ыйман келтиргиле! Ал пайгамбар (дагы) Аллахка, Анын сөздөрүнө ыйман келтирет. Туура жолго түшүүгө үмүтүңөр болсо, ошону гана ээрчигиле". (Аараф сүрөсү, 158-аят).

Имам Муслимдин «Сахих» китебинде Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси мындай деген: «Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант болсун, жөөт болобу, христиан болобу, бул үммөттөн ким мен жөнүндө угуп, бирок мен алып келген динге ыйман келтирбей өтүп кетсе, тозоктун тургундарынан болот"[1]. (1) Муслим, Ыйман китеби, «Пайгамбарыбыздын бүткүл адамзатка болгон элчилигине ыйман келтирүүнүн жана анын дини аркылуу башка диндердин жоюлушунун важибтиги» бөлүмү, (153).

Ал эми, Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыйман келтирүү оозеки түрдө гана тастыктап коюу менен эмес, балким, ал алып келген нерсеге (динге) моюн сунуп иш (амал) жүзүндө тастыктоо менен болот. Мына ошондуктан, пайгамбардын агасы Абу Талиб Исламды: «Бул диндердин арасындагы эң жакшы дин" - деп оозеки тастыктаганы менен ыймандуу болгон эмес.

Ислам дини байыркы бардык диндердин жакшы касиеттерин бүт өз ичине камтыган дин болуу менен бир катар, бардык заман, бардык мекен жана бардык элдерге жарактуулугу менен башка диндерден айырмаланып турат. Улуу Аллах Өз элчисине кайрылып, мындай деген: «Биз сага да, өзүнөн мурдакы китептерди тастыктоочу жана аларды(н бардык артыкчылыктарын) ичине камтыган китепти Акыйкаттык менен түшүрдүк...» (Маида сүрөсү, 48-аят).

Исламдын бардык заман, бардык мекен жана бардык элдерге ылайык, жарактуу экенинин мааниси - кээ бир адамдар түшүнгөндөй, ислам замандын, мекендин жана элдердин кызыкчылыгына моюн сунат деген мааниде эмес. Тескерисинче, исламды кабыл алуу эч бир заманда, эч бир элдин пайдасына каршы келбейт деген маанини билдирет.

Ислам дини акыйкат дин. Аллах бул динди бекем тутунган кишилерге жеңиш берүүгө жана бул динди башка диндерден үстөм, жогору кылууга кепилдик берген. Аллах Таала минтип айткан: "Ал (Аллах) Өз пайгамбарын, туура жол жана акыйкат дин менен – эгер мушриктер жаман көрүшсө да – бардык диндерден үстөм, жогору кылуу үчүн жиберген". (Саф сүрөсү, 9-аят).

Аллах Таала мындай деген: "Аллах силердин араңардагы ыйман келтирген жана жакшы амалдарды аткарган адамдарды жер жүзүнө башкаруучу кылууну убада берди, мурдагы (ушундай) кишилерди башкаруучу кылганы сыяктуу. Аларга Өзү ыраазы болгон диндерин бекемдеп берүүнү, коркунучтарынан кийин (анысын) тынчтыкка алмаштырып берүүнү (да убада берди жана мындай шарт койду:) «Менин Өзүмө гана ибадат кылышат, Мага эч нерсени шерик кылышпайт». Ким ушундан кийин каапыр болсо, ошолор гана бузукулар". (Нур сүрөсү, 55-аят).

Ислам дини - акыйда жан шарияттан турат. Анын акыйдасы да, шарияты да толук, эч кандай кемчиликсиз.

1- Аллахтын жалгыздыгына (тавхидге) буюруп, Аллахка шерик кошуудан (ширктен) кайтарат.

2 - Чынчылдыкка буюруп, жалганчылыктан кайтарат.

3 - Адилеттүүлүккө буюруп, зулумдан кайтарат. Адилеттүүлүк - бул, акысы бирдей нерселердин арасында теңдик кылуу жана акысы ар башка болгон нерсердин акыларын өз жайына койуу. Ал эми, кээ бир адамдар айткандай: бардык нерселердин ортосундагы абсолюттук теңдик бул адилеттүүлүк эмес. Дагы: Ислам теңдиктин дини деп атышат. Бул туура эмес. Туурасы - Ислам адилеттүүлүктүн дини. Анткени, акысы ар башка болгон нерселердин арасында теңдик кылуу зулум болот. Ислам зулумдуктан тыят. Аны кылган кишини айыптайт.

4- Аманаткөйлүккө буйруп, кыянат кылуудан тыят.

5. Убадага бекем болууга (опалуулук) буюруп, чыккынчылыктан кайтарат.

6- Ата-энеге жакшылык кылууга буюруп, алардын көңүлүн калтыруудан (ак болуудан) кайтарат.

7- Тууганчылыкты бекемдөөгө буюруп, карым-катышты үзүүдөн кайтарат.

8- Кошунага жакшы мамиле кылууга буюруп, жаман мамиле кылуудан кайтарат.

Кыскасын айтканда, ислам дини бардык улук, изги кулк-мүнөздөргө буюруп, бардык жаман, адепсиз кылыктардан кайтарат. Ошондой эле бардык жакшы амалдарга буюруп, бардык жаман амалдардан кайтарат.

Аллах Таала минтип айткан: "Албетте, Аллах адилеттүүлүккө, жакшылыкка, тууган-уруктарга кайрымдуулук кылууга буюруп, бузукулуктан, (шариятка) терс пейилдик кылуудан жана зулум- душманчылыктан кайтарып, силерге наасат кылат. Кана эми, эсиңерге келсеңер!» (Нахл сүрөсү, 90-аят).

Исламдын негиздери.

Ислам негиздери: Ислам дини негизделген беш түркүк. Алар төмөнкүлөр: Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Ислам беш нерсеге негизделген: Аллахты жалгыздоого, бир риваятта: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын кулу жана элчиси» -деп күбөлүк берүү, намазды толук аткаруу, зекет берүү, Рамазандын орозосун кармоо жана ажыга баруу». Бирөө: "Ажылык, анан Рамазандын орозосубу?" деп сурады эле, ал: "Жок, Рамазандын орозосу, анан Ажылык" - деп жооп берди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дал ушинтип айтканын уккам[2]. (2) Имам Бухари, 8. Имам Муслим, 16.

1- "Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын кулу жана элчиси» деп күбөлүк берүү, оболу жүрөк менен ушуга ишенип, ошол ишенимди тил менен айтуудан турат. Тил менен айткандан максат, жүрөктөгү ишенимди бекемдеп коюу үчүн. Бул күбөлүк келмесинде «Аллахка» жана «Мухаммадка» деп, экөөнө күбөлүк берилип (эки сүйлөмдөн турганы менен), экөө биригип бир негиз болуп саналат.

Анткени, Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын сөздөрүн жеткирүүчү. Ошондуктан биз анын пенделигине жана элчилигине күбөлүк берсек, бул күбөлүк өз-өзүнөн «Аллахтан башка сыйынылуучу жок» деген күбөлүктү толуктап турат.

Же болбосо, анткени бул эки күбөлүк – амалдардын туура жана кабыл болушунун негизи; анткени амалдар Аллах Таалага ыклас кылуу жана Анын элчисине ээрчүү менен гана кабыл кылынат.

Аллахка ыклас кылуу менен «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок» деген күбөлүк ишке ашат. Ал эми Аллахтын Элчисине ээрчүү менен «Мухаммад Анын кулу жана элчиси» деген күбөлүк ишке ашат.

Бул улуу күбөлүк берүү келмесинин пайдаларынын бири: адамдын өзү жана жүрөгү Аллахтан башка нерселерге болгон кулчулуктан азат болот жана бул жашоодо элчилердин жолунан башка жолдорго ээрчибейт.

2- Намазды толук аткаруу - бул, намазды өз убактысында, талап кылынгандай абалда, үзгүлтүккө учуратпай толук окуу аркылуу Аллахка сыйынуу дегенди билдирет.

Анын кээ бир пайдалары: жан дүйнөнүн тынчтыгы, көздүн кубанычы жана жаман иштерден жана сөздөрдөн тыйат.

3- Зекет берүү - бул, белгиленген өлчөмгө жеткен жеке менчик байлыгынан шарият тарабынан белгиленген бир үлүшүн берүү аркылуу аткарылчу ибадат болуп саналат.

Зекет бергендин пайдасы, адам эң жаман мүнөз, сараңдыктан арылат. Анан да мусулмандардын муктаждыгын орундаткан болот.

4- Рамазан орозосу бул, Рамазан айында күндүзгү күндөрү орозону буза турган нерселерден тыйылып, Аллах Таалага ибадат кылуу.

Анын пайдаларынын бири: мусулман адам Аллахтьн ыраазычылыгы үчүн өз напсиси умтулган нерседен өзүн токтотуп, өзүн тарбиялайт.

5- Ажылык: Бул – ажылыктын амалдарын аткаруу үчүн Харам мечитине барууга ниет кылуу аркылуу Аллах Таалага ибадат кылуу.

Ажылыктын өтө зор пайдалары бар. Аллахтын ыраазылыгы үчүн денеге келген оорчулуктарды, материалдык чыгымдардын түйшүгүн көтөрүү менен өзүн ар кандай кыйынчылыкка чыдоого тарбиялайт. Ошондуктан ажылык Аллах Таала жолундагы күрөшүүнүн бир түрү болуп саналат.

Бул негиздердин биз эскерген жана эскербеген пайдалары үммөттү таза, аруу, Аллахка чыныгы дин менен ибадат кыла турган, башка элдер менен адилет, чынчыл мамиле жасай турган нукура Ислам үммөтү кылып тарбиялайт. Ислам шариятынын башка багыттарынын оңолуусу, ушул беш негиздин жакшы аткарылышына байланыштуу. Ал эми жалпы эле ислам үммөтүнүн (мусулмандардын) абалынын оңолуусу бардык шарият иштеринин оңолуусуна байланыштуу. Ошондой эле, мусулмандардын жаман абалга түшүп калуулары, дин иштерин (өкүмдөрүн) начар аткарууларына жараша болот.

Ким бул чындыкты дагы тереңирек түшүнүүнү кааласа, төмөндөгү аяттарды окусун. Аллах Таала минтип айткан: "Эгер айылдардын элдери ыйманга келип, такыба болушса, Биз аларга асмандардан жана жерден берекелерди ачып коймокпуз. Бирок, алар Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты эле, кылмыштарына жараша кармадык (азап-жаза бердик)". "Айылдардын элдери, аларга Биздин азап (аларга) түндөсү, уктап жаткан кезде келүүсүнөн аман беле?" Айылдардын элдери, аларга Биздин азап күндүзү, алар ойноп-жыргап жаткан кезде келүүсүнөн көңүлдөрү ток беле. "Алар Аллахтын айлакерлигинен бейкапар беле? Аллахтын айлакерлигинен зыян тартуучу коом гана ток көңүл болот". (Аьраф сүрөсү, 96-99-аяттар).

Өткөн адамдардын тарыхына карагылачы! Тарыхта, жүрөгү сокур эмес, акылдуу адамдар үчүн чоң үлгү, ибараттар бар! Чындыкты билүүдө Аллахтын Өзү жардамчы болсун.

Ислам акыйдасынын (ыймандын) негиздери.

Ислам дини – биз жогоруда айтып өткөндөй – акыйда (ишеним, ыйман) жана шарияттан турат. Жогоруда биз ислам шариятынын кээ бирлери жана анын негиздери жөнүндө айттык.

Эми ислам акыйдасынын негиздерине келсек, акыйданын негизи Аллахка, Анын периштелерине, китептерине, элчилерине, акырет күнүнө жана тагдырга (жакшысына да, жаманына да) ыйман келитирүүдөн турат.

Бул негиздер Аллахтын китеби Куранда жана Анын элчисинин сүннөттөрүндө көргөзүлгөн.

Аллах Таала Куранда мындай деген: "Жакшылык жүзүңөрдү Чыгыш жана Батышка бурушуңар эмес. Бирок, жакшылык – Аллахка, Акырет күнүнө, периштелерге, китепке, пайгамбарларга ыйман келтирүү ...". (Бакара сүрөсү, 177-аят). Аллах Таала тагдыр жөнүндө мындай деген: "Биз бардык нерсени тагдыр-өлчөм менен жаратканбыз". "Биздин буйругубуз көз ирмем сыяктуу бир гана («Бол!» деген сөздөн турат)". (Камар сүрөсү, 49-50-аяттар).

Ал эми, сүннөткө келсек, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Жебирейил периште ыйман тууралуу сураганда ага жооп берип мындай деген: «Ыйман - бул, сенин Аллахка, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын элчилерине, акырет күнүнө жана тагдырдын жакшы жана жаманына ишенүүң» (3). [3] (Муслим, 8. Абу Дауд, 4695)

Аллахка ыйман келтирүү.

Аллах Таалага ыйман келтирүү төрт маселени өз ичине камтыйт:

Биринчиси: Аллах Тааланын бар экенине ыйман келтирүү:

Аллахтын бар экенин шарият жана адамдын таза табияты, акыл-эси, сезимдери далилдейт.

Таза табияттын далил болушу мындай, бардык макулуктар, аларга үйрөтүп, таалим берилбесе да Аллахтын бар экендигин билүү алардын жаратылышында бар. Демек, адам жаратылыштан ыймандуу болуп төрөлөт, бирок кийинки бузук таалимдер аны ыймандан буруп жиберет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Ар бир төрөлгөн бала таза табият менен (фитратта) төрөлөт. Кийин аны ата-энеси же яхудий, же христиан, же отпарас кылып тарбиялайт»[4]. [4] Бухари: “Жаназалар” китеби, “Бала Исламды кабыл алгандан кийин каза болсо, ага жаназа окулабы жана балага Ислам сунушталабы?” деген кичи бөлүмү, 1292; Муслим: “Тагдыр” китеби, “Ар бир наристе таза табиятта төрөлөт дегендин мааниси, жана каапырлар менен мусулмандардын балдарынын өлүмүнүн өкүмү” кичи бөлүмү, 2658.

2- Аллахтын бар экенине акыл-эстин далили мындайча, байыркы жана азыркы бардык макулуктардын бир жаратуучусу болот. Анткени, алар өзүн-өзү жаратпаган жана өзүнөн-өзү жаралбаган.

Эч бир нерсе өзүн-өзү жарата албайт, себеби ал жаралганга чейин жок болчу. Демек, ал жаратуучу боло албайт.

Кокусунан болушу да мүмкүн эмес; анткени ар бир окуянын анын сөзсүз пайда кылуучусу болот, анткени анын ушундай кереметтүү тартипте, бири-бирине шайкеш келген ырааттуулукта жаралышы, себептер менен натыйжалардын жана макулуктардын бири-бири менен болгон тыгыз байланышта болушу, анын кокусунан пайда болуп калганын карандай четке кагат. Кокусунан пайда болгон нерсенин түпкү жаралышында эч кандай тартип жок болсо, анда ал кантип жашоосун улантып, өнүгүү учурунда тартиптүү болмок эле?!

Эгер макулуктар өзүн-өзү жаратпаса жана өзүнөн-өзү жаралбаса, демек аларды жараткан акылдуу, даанышман зат болушу керек. Ал ааламдардын Раббиси Аллах.

Аллах Таала бул акыл-эске таандык далилди «Тур» сүрөсүндө төмөндөгүчө баяндайт: "Же болбосо, алар эч нерсесиз (жаратуучусу жок эле) жаралып калышканбы? Же өздөрү жаратуучубу?!" (Тур сүрөсү, 35-аят). Мунун мааниси алар жаратуучусуз жаратылышпады. Өздөрүн-өздөрү да жаратпады. Ушундан улам алардын жаратуучусу Аллах экени анык болот. Ушул себептен Жубайр бин Мутъим, (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) «Тур» сүрөсүн окуп, төмөнкү аятка жеткенде: "Же болбосо, алар эч нерсесиз (жаратуучусу жок эле) жаралып калышканбы? Же өздөрү жаратуучубу?!" "Же болбосо, асмандар менен жерди алар жаратышты беле? Жок! Алар ишенбейт". "Же болбосо, Раббиңдин казына-мүлкү алардын колундабы? Же алар (ошол казына-мүлккө) кожоюнбу?!" (Тур сүрөсү, 35-37-аяттар).

Бул учурда Жубайр динге кире элек болчу, ал айтат: «Жүрөгүм кабынан чыгып кетейин деди. Бул жүрөгүмө ыйман кирген абалкы көз ирмемдер болчу» (5). (5) Имам Бухари, "Ат-Тур" сүрөсү, 4854.

Муну түшүндүрүү үчүн бир мисал келтирели: эгерде сага бир адам аны бактар курчап, арасынан дарыялар агып, ичи ар кандай төшөктөр жана керебеттер менен толтурулуп, анын көркүнө көрк кошкон ар түрдүү жасалгалар менен кооздолгон бийик сарай жөнүндө айтып берсе, Ал сизге: «Бул заңгыраган сарай өзүн-өзү курган (же өзүнөн өзү курулуп калган)» десе, сиз анын сөздөрүн маанисиз, былжырак сөздөр экенин бетине эле айтасыз. Ушундан кийин, бул кең аалам: өзүнүн жери, асманы, планеталары жана укмуштуудай кынтыксыз тартиби менен, өзүн-өзү жараттыбы, же Жаратуучусуз кокустан эле пайда болуп калышы мүмкүнбү?!

3- Шарияттын Аллах Тааланын бар экендигине далили: бардык асмандан түшкөн ыйык китептер Анын бар экенин баяндайт, жана алардагы элдердин жашоо-турмушун оңдогон теңдешсиз өкүмдөр – ал китептердин, Өз пенделеринин эмнеге муктаж экенин билген илимдүү жана Даанышман Рабби тарабынан келгенине далил болот. Ал алып келген жана болмуштун өзү алардын чындыгына күбө болгон ааламдык кабарлар – анын, Өзү кабар берген нерселерди пайда кылууга Кудуреттүү Раббиден экенине далил.

4- Аллахтын бар экенине сезимдерден келген далил эки тараптуу болот:

Биринчиси: биз дуба кылуучулардын дубалары кабыл болгонун жана кыйынчылыкка кабылгандарга жардам берилгенин угуп, көрүп жатабыз, бул Анын бар экенине кескин далил. Аллах Таала айткан: "Жана Нухту (эскер). Мурун ал (Бизге бийик добуш менен) дуба кылды эле, Биз аны кабыл алдык...". (Анбия сүрөсү, 76-аят). Аллах Таала мындай деген: "Силер Раббиңерге жалбарып, дуба кылганда, Ал силерге жооп берет...". (Анфал сүрөсү, 9-аят).

Имам Бухарийдин «Сахих» китебинде Анас бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деген: «Жума күнү Аллахтын элчиси кутпа окуп турган мезгилде бир бедуин араб кирип келди дагы: «Эй, Аллахтын элчиси, малдар кыйрап, бала-чака ачка калды. Аллахка дуба кыл» - деди. Аллахтын элчиси колун көтөрүп дуба кылды эле, тоо сыяктуу булуттар асманда заматта козголду. Аллахтын элчиси минбарда турган кезинде эле сакалынан ылдый жамгырдын тамчылап жатканын көрдүм»[6]. (6) Имам Бухари: Жума китеби, «Жума кутпасындагы истиска» кичи бөлүмү, 891-хадис.

Келерки жума ошол бедуин же башка бирөө ордунан туруп: «Эй, Аллахтын элчиси, (жамгыр көп жаагандан улам) үйлөр урап, мал-жан өлүп жатат. Аллахка дуба кыл, бизден бул кыйынчылыкты көтөрсүн» - деди. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) колун көтөрүп, мындай деди: «О, Аллах! Бизге эмес, айланабызга» Кайсы тарапка ишарат кылса, ошол тараптагы булут тарап кетти (7). (7) Имам Бухари: «Жума» китеби, «Жума күнү хутбада истиска кылуу» кичи бөлүмү, 891-хадис; Имам Муслим: «Истиска намазы» китеби, «Истискада дуба кылуу» кичи бөлүмү, 897-хадис.

Азыркы күнгө чейин Аллах Таалага ыклас, берилгендик менен жалбарып, дуба кылуу шарттарын толук аткарып дуба кылган адамдардын дубаларынын кабыл болгонун көрүп билип турабыз.

Экинчиден, пайгамбарлардын муъжиза деп аталган аят-белгилерин адамдар өз көздөрү менен көрүп, же кулактары менен угушкан. Мына ошол муъжизалар аларды жиберген Аллах Тааланын бар экенине кескин далил болот. Анткени, алар инсандын күч-кудуретинен тышкаркы нерселер. Аларды Аллах Таала Өз элчилерин колдоо жана аларга жеңиш берүү үчүн ишке ашырат.

Маселен, Муса пайгамбардын аса таягы. Аллах Таала Мусага таягы менен деңизди урууну буюрду. Муса муну аткарды эле, деңизден он эки жол ачылып, араларында суулар тоо сыяктуу болуп бөлүнүп турду. Аллах Таала муну төмөнкүдөй баяндаган: "Анан Биз Мусага: «Таягың менен деңизди чап!» - деп вахий кылдык. (Буйрукту аткарганда) деңиз (он эки жол болуп) жарылды жана ар бир бөлүгү чоң тоо сыяктуу болуп калды". (Шуара сүрөсү, 63-аят).

Дагы бир мисал, Иса пайгамбардын Аллахтын уруксаты менен өлүк денелерди тирилтип, мүрзөлөрдөн чыгарган муъжизасы. Аллах Таала (Иса Пайгамбардын тили менен) минтип айткан: "... өлүктөрдү тирилтем, Аллахтын уруксаты менен...". (Аалу Имран сүрөсү, 49-аят). Дагы мындай деп айткан: "...Менин уруксатым менен өлүктөрдү (тирилтип, мүрзөлөрүнөн) чыгаргансың...". (Маида сүрөсү, 110-аят).

Үчүнчү мисал: Меккедеги Курайш каапырларынын суроосу менен Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) колу менен айга ишарат кылганда айдын экиге бөлүнүү муъжизасы. Аны адамдар көрүшкөн. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан: "Кыямат жакындашты жана Ай (экиге) бөлүндү. Эгерде алар бир белги көрүшсө, алар четке кагышат жана "бул туруктуу сыйкыр" дешет". (Камар, 1-2-аяттар).

Көз менен көрүлгөн жана кулак менен угулган ушул муъжизаларды Аллах элчилерди колдоо, аларды жеңишке жеткирүү үчүн жасаган жана ушул нерселер да Аллахтын бар экенине далил болот.

Аллах Тааланын Рубубиятына ыйман келтирүү (б.а. Аллах Тааланы шериги, жардамчысы жок болгон Кожоюн деп ишенүү)

Рабб – бул жаратуу, падышалык жана буйрук Ага таандык болгон Зат. Аллахтан башка Жаратуучу жок, Андан башка падыша жок жана буйрук жалгыз Ага гана таандык. Аллах Таала айтты: "... Уккула: жаратуу жана буюруу Өзүнө гана таандык...". (Аараф сүрөсү, 54-аят). Дагы мындай деп айткан: "... Ушул Аллах – Раббиңер. (Бардык) мүлк жеке Өзүнүн колунда. (Оо, мушриктер!) Андан башка силер дуба кылып жаткан «кудайларыңар» чел кабыктай нерсеге да ээ эмес". (Фатир сүрөсү, 13-аят).

Адамдардын ичинен Аллах Тааланын рубубиятын (жаратуучу жана башкарып туруучу экенин) эч ким четке каккан эмес. Четке какса да, алар Фараон сыяктуу, өз айтканына ишенбей, текеберликтен улам гана четке кагышкан. Фараон коомуна минтип айткан: «Мен силердин эң жогорку Раббиңер боломун» деди". (Наазиат сүрөсү, 24-аят). Дагы мындай деген: "... эй, төбөлдөр! Мен силер үчүн Өзүмдөн башка кудай бар экенин билбеймин...". (Касас сүрөсү, 38-аят). Бирок бул бекем ишеним менен айтылган сөз эмес. Аллах Таала минтип айткан: "Өздөрү (чындык экенин) билип турса да, зулумдук, текебердик менен четке кагып коюшту...". (Намл сурөсү, 14-аят). Куранда баяндалган Муса пайгамбардын сөзүнө кулак салалы: "(Сен мына бул (муъжиза)ларды асмандар жана жердин Раббиси (Аллах пенделерине Өз кудуретинен) көз көрүнөө белги кылып түшүргөнүн билип элс турасың. Демек, мен сени, эй, Фараон, кыйрагандардан болоорсуң деп айта аламын". (Исра сүрөсү, 102-аят). Ошондуктан мушриктер улухиятта Аллахка шерик кылуу менен бирге, Анын рубубиятын моюнга алышчу. Аллах Таала минтип айткан: "Айткын (о Мухаммад:) «Жер жана андагылар кимдики, айткылачы, эгер билсеңер?» Алар айтышат: «Аллахтыкы». Айткын: «Эмне үчүн эстебейсиңер?» Айткын: «Жети асмандын жана улуу Арштын Рабби ким?» Алар айтышат: «Аллахтыкы». Айткын: «Эмне үчүн коркпойсуңар?» Айткын: «Кимдин колунда бардык нерсенин падышачылыгы жана ал коргойт, бирок ага каршы эч ким коргой албайт, эгер билсеңер?» Алар айтышат: «Аллахтыкы». Айткын: «Эмне үчүн сыйкырланасыңар?» (Муминун, 84-89-аяттар).

Аллах Таала дагы минтип айткан: "Эгер сен алардан «Асмандар менен жерди ким жараткан?» деп сурасаң, «Кудуреттүү, Илимдүү (Аллах) жараткан» дешет". (Зухруф сүрөсү, 9-аят).

Аллах Таала дагы минтип айткан: "Эгер сен алардан: «Силерди ким жараткан?» – деп сурасаң, «Аллах», дешет. Дагы кайда баратасыңар?!" (Зухруф сүрөсү, 87-аят).

Аллахтын буйругу (өкүмдарлыгы) Жаратылышка кандай өтүмдүү болсо, инсаниятка да ошондой өтүмдүү. Аллах Өз даанышмандыгы менен жаратылыш иштерин кандай башкарса, инсаният жашоосун да ошондой эле башкаруу үчүн Өзү мыйзам-шарият түзүп берген. Ал Өзүнүн даанышмандыгы менен инсаниятка мамиле өкүмдөрүн жана ибадат эрежелерин түзүп берди. Ал эми, ким ибадатта же мамилелерде Аллахка башка эреже түзүп берүүчү өкүмдарды шерик кылса, ыйманы туура эмес ыйман, өзү Аллахка шерик кошкон болот.

Үчүнчүдөн: Аллах Тааланын улухиятына (жалгыз илах-кудай экенине) ыйман келтирүү. «Илах» деген сөздүн мааниси «сүйүү жана улуулоо менен сыйынылган Кудай» дегенди билдирет.

Аллах Таала айткан: "Силердин кудайыңар – жалгыз Кудай. Эч бир (сыйынууга татыктуу) кудай жок, жалгыз Ал – Ырайымдуу жана Мээримдүү (болгон Аллах) гана бар!" (Бакара сүрөсү, 163-аят). Аллах Таала мындай деген: «Аллах, Анын периштелери жана илимдүү адамдар андан (Аллахтан) башка сыйынууга татыктуу кудай жок экенине, (жана Аллах өз иштеринде) адилет менен Туруучу экенине күбөлүк беришти. Анын Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок. (Ал) - Кудуреттүү, Даанышман». (Аали Имран сүрөсү, 18-аят). Аллахтан башка, адамдар сыйынып жаткан бардык нерселердин сыйынылуучу экени жалган. Аллах Таала айткан: "Анткени, Аллах – Ак. Андан башка (мушриктер) дуба кылып жаткан «кудайлар» - жалган. Чынында Аллах эң Бийик, эң Улук! (Хаж сүрөсү, 62-аят). Адамдар (адашуудан улам) сыйынып келген нерселерди илах деп атоо аларды чыныгы сыйынылуучу даражасына көтөрбөйт. Аллах Таала мушрик арабдар сыйынган Лат, Манат жана Узза деген буттардын ысымдары жөнүндө мындай деген: "Ал өзүңөр жана ата-бабаңар (оюнан чыгарып) атап алган ысымдардан башка эмес. Аллах аларга далил түшүрбөгөн". (Нажм сүрөсү, 23-аят).

Аллах Таала Худ пайгамбар тууралуу ал өз коомуна мындай деп кайрылганын айтат: "Кудай экенине Аллах эч бир далил түшүрбөгөн, силер жана ата-бабаңар (“кудай” деп) атап алган ысымдар жөнүндө мени менен талашып жатасыңарбы?!" (Аараф сүрөсү, 71-аят).

Юсуф пайгамбар жөнүндө мындай деген: "О, менин зындандагы шериктерим! Бир нече бытыранды “кудайлар” жакшыбы, же жалгыз, Жеңүүчү Аллахпы? Силер Аны таштап, атаңар жана өзүңөр койгон ысымдардан башка нерселерге сыйынбайсыңар. Аллах аларга эч кандай далил түшүргөн эмес...". (Юсуф сүрөсү, 39-40-аяттар).

Мына ошондуктан бардык пайгамбарлар өз коомдоруна минтип даават кылган: "Аллахка гана ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок!" (Аараф сүрөсү, 59-аят). Мушриктер бул чакырууга ынабай, Аллахтан башка макулуктарды өздөрүнө сыйына турган кылып алып, ошолорго сыйынышты жана алардан жардам сурашты.

Аллах алардын бул жоругун эки далил менен жокко чыгарган.

Биринчиси: Алардын кудай деп кабыл алышкан бул кудайларында эч кандай кудайлык касиеттер жок. Алар өздөрү жаралган, башканы жарата алышпайт. Өзүнө сыйынып жаткандарга эч бир пайда бере албайт, алардан кайсы бир зыянды тосо да албайт. Алар үчүн жашоого да, өлүмгө да ээлик кылышпайт. Алар жер-асмандагы эч бир нерсеге эгедер кожоюн да эмес, кожоюндукта шерик да эмес.

Аллах Таала минтип айткан: "(Мушриктер болсо) Андан (Аллах Тааладан) башка, эч нерсени жарата албай турган, өздөрү жаратылган, өздөрүнө пайда дагы, зыян дагы жеткире албаган, не өлтүрүү, не тирилтүү, не (өлгөндөргө) кайра жан берүү колунан келбей турган нерселерди кудай тутуп алышты!" (Фуркан сүрөсү, 3-аят).

Аллах Таала мындай деген: "(О Мухаммад! Мушриктерге) айткын: «Аллахтан башка өзүңөр (кудай деп) ойлогон нерселериңерди чакыргылачы?! (Жок!) алар асмандардагы жана Жердеги кыпындай нерсеге да Ээ эмес! Алар үчүн асмандар менен Жерде (кыпындай) шериктик да жок жардамчылык да жок! (Бардыгын жалгыз Аллахтын Өзү жараткан). Анын алдында шапаат да пайда бербейт, Ал уруксат бергенден башкасына...". (Саба сүрөсү, 22-23-аяттар). Аллах Таала дагы минтип айткан: «Эч нерсени жаратпаган, тескерисинче, жаратылган нерселерди Аллахга шерик кылышабы?! Аларга жардам берүүгө да, өздөрүнө жардам берүүгө да күчү жетпейт». (Аараф, 191-192-аяттар).

Мушриктердин буттары, сыйынган нерселери ушундай абалда болгон соң, демек аларды кудай кылып алуу жеткен акылсыздык, болбогур жорук экен.

Экинчиси: Мушриктер Аллах Тааланын жалгыз Рабби, Жаратуучу экенин, бүт нерсенин падышалыгы Анын колунда экенин, Ал Өзү коргоп, бирок Ага каршы эч ким коргой албастыгын моюнга алышчу. Демек, алар Аллахты рубубиятта жалгыз деп тааныган сыяктуу, улухиятта да жалгыз деп таанышы зарыл болчу. Аллах Таала минтип айткан: "О адамдар! Силерди жана силерден алдыңкыларды жараткан Раббиңерге ибадат кылгыла, ошону менен такыбалуу болорсуңар. Ал силер үчүн жерди төшөк, асманды курулуш кылды жана асмандан суу түшүрүп, анын менен силерге ырыскы катары мөмөлөрдү чыгарды. Андыктан, силер билип туруп, Аллахка теңдештерди жасабагыла". (Бакара сүрөсү, 21-22-аят).

Аллах Таала мындай деген: "Эгер сен алардан: «Силерди ким жараткан?» – деп сурасаң, «Аллах», дешет. Дагы кайда баратасыңар?!" (Зухруф сүрөсү, 87-аят).

Аллах Таала мындай деген: "(О Мухаммад, мушриктерге) айт: “Силерге асмандардан жана жерден ким ырыскы берет? Же болбосо, кулактардын, көздөрдүн ээси ким? (Ким ал экөөнү жаратып, угуу, көрүү касиетин берди?) Ким өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгара алат? (Ааламдагы) иштерди ким башкарат?” Алар дароо: “Аллах” – деп жооп беришет. Анда сен айткын: (Ошол Аллахтан) коркпойсуңарбы?” Ошол Аллах – силердин чыныгы Раббиңер. Чындыкка каршы адашуудан башка эмне бар? Анда кайда бурулуп жатасыңар?" (Юнус сүрөсү, 31-32-аяттар).

Төртүнчү: Аллах Тааланын ысым-сыпаттарына ыйман келтирүү.

Мунун мааниси: Аллах Тааланын Өз китебинде же пайгамбарынын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтүндө Аллахка бекемдеген ысым-сыпаттарына, Ага гана ылайык болгон абалда, бурмалабастан, маанилерин жокко чыгарбастан, элестетпестен жана окшотпостон ыйман келтирүү. Аллах Таала айткан: "Аллахтын эң сонун ысымдары бар. Ага ошолор менен дуба кылгыла! Аллахтын ысымдарында (бузуктукка) оогон адамдарды таштагыла! Алар тез арада кылмышына жараша жазаланышат". (Аараф сүрөсү, 180-аят). Аллах Таала мындай деген: "... асмандардагы жана жердеги эң жогорку сыпаттоолор Өзүнө гана таандык. Ал Кудуреттүү, Даанышман". (Рум сүрөсү, 27-аят). Аллах Таала мындай деген: "Эч нерсе окшобойт. Ал – Угуучу, Көрүүчү!" (Шура сүрөсү, 11-аят).

Ыймандын бул маселесинде эки тайпа адамдар адашып кетишкен.

Биринчи тайпа: Муьаттилалар «Аллахка ысым-сыпаттарды же алардын кээ бирлерин дайын кылуунун кереги жок. Эгер Аллахка (көрүү, угуу, кол, жүз сыяктуу) ысым-сыпаттар дайын (исбат) кылынса, анда Аллахты башка макулуктарга окшотуу болуп калат» дешет. Бул ой бир канча тараптан туура эмес.

Биринчиден: Бул Аллах Тааланын сөздөрүндөгү карама-каршылык сыяктуу негизсиз жыйынтыктарга алып келет, анткени Аллах Таала Өзүнө ысым-сыпаттарды бекемдеп, Ага окшош нерсе бар экенин четке каккан. Эгерде ысым-сыпаттарды бекемдөө Ага окшоштукту талап кылса, анда Аллахтын сөзү өзүнө-өзү каршы келип, бирин экинчиси жалганга чыгармак.

Экинчи: Эки нерсенин ысымы же сыпатынын (сөздүктө) окшош келиши ал эки нерсенин өздөрүнүн окшош экенин билдирбейт. Маселен, эки адамга карасаңыз, экөө тең угат, көрөт, сүйлөйт. Бирок мунун мааниси алардын угуусу, көрүүсү, сүйлөөсү жана адамкерчилиги бир кыл дегенди түшүндүрбөйт.

Айбанаттардын колу, буту, көзү бар, бирок бул алардын колдору, буттары жана көздөрү оп-окшош дегени эмес.

Мына, макулуктарда ушунча айырма болгон соң, жаратуучу менен макулуктар арасында андан бийик, жогору айырма болушу анык.

Экинчи адашкан тайпа Мушаббихалар (окшотуучулар) Аллахтын ысым-сыпаттарын макулуктардын ысым-сыпаттарына окшотушту. Жана айтышты «Аллах пенделерим түшүнүшсүн деп, Куранда Өзүнүн ысым-сыпаттарын пенделеринин ысым-сыпаттарына оп-окшош кылып атады. Демек, (Куран айткан соң) Аллахтын ысым-сыпаттары пенденин ысым-сыпаттарына окшош болот» -дешти. Бул дагы өтө орой каталык.

Биринчи: Аллах Тааланын Өзү жараткан макулугуна окшош болушу акылга жана шариятка да туура келбеген ката пикир. Куран жана сүннөттүн тексттеринин мааниси батыл болушу мүмкүн эмес.

Экинчиси: Эгер Аллах Куранда Өзүнүн кээ бир ысым-сыпатын пенделердикине окшош сөздөр менен атаган болсо, бул сөздөгү гана окшоштук. Ал эми, негизги, түпкү маанисинде тап-такыр окшоштук жок, анын чыныгы абалы кандай экени кайып илиминде эч кимге кабар берилген эмес.

Маселен, Аллах Куранда Өзүнө «Самиь» (угуучу) деген ысым-сыпатты дайын (исбат) кылган болсо, бул Аллахтын угуусу пенденин угуусуна оп-окшош болот дегени эмес. Аллах кандай угат, мунун абалы бизге белгисиз. Угуу сезими макулуктарда деле өз ара айырмаланат (окшош болбойт). Ал эми Жаратуучу менен макулуктардын арасындагы айырма салыштыргыс болушу анык эмеспи.

Эгер Аллах Өзүнүн Аршка көтөрүлүүсү тууралуу баян кылган болсо, бул жерде «көтөрүлүү» сөзүнүн мааниси түшүнүктүү, бирок, кандай көтөрүлгөнү (түпкү мааниси) маалым эмес. Көтөрүлүүнүн кандайлыгы (айырмасы) макулуктардын арасында деле окшош эмес. Кыймылсыз турган үстөлгө көтөрүлүү менен ойноктогон чарс төөнүн үстүндөгү ээрге көтөрүлүүнү эч салыштырып (окшотуп) болбойт. Мына, макулуктарда ушунча айырма болгон соң, жаратуучу менен макулуктар арасында андан бийик, жогору айырма болушу анык.

Жогоруда баяндагандай Аллахка ыйман келтирүүнүн чоң пайдалары бар:

Биринчи: Жалгыз Аллахка сыйынууну (тавхидти) жакшы жана толук орундатып, киши Аллахтан башкадан үмүт кылбайт, коркпойт, Андан башкага сыйынбайт.

Экинчиси: Аллахты ысым-сыпаттары менен туура тааныган адамдын Аллахка болгон сүйүүсү жана урматтоосу көбөйөт.

Үчүнчүсү: Анын буйруктарын аткарып, кайтарган нерселеринен кайтып, таза-толук, кемчиликсиз ибадат кылуу.

*

Периштелерге ыйман келтирүү.

Периштелер кайып (көрүнбөгөн) ааламы болуп, Аллахка ибадат кылуучу макулуктар. Аларда Аллахка гана тийиштүү болгон жаратуу, ырыскы берүү, ааламга кожоюндук кылуу, сыйынылууга татыктуу болуу сыпаттары жок. Бийик Аллах периштелерди нурдан жаратып, Өзү буюрган иштерди аткаруу үчүн аларга күч-кудурет берген. Аллах Таала айткан: "Аллахтын алдындагылар (периштелер) Ага ибадат-кулчулук кылуудан текеберленишпейт жана чарчашпайт, түнү-күнү тынымсыз тасбих айтышат". (Анбия сүрөсү, 19-20-аяттар).

Периштелердин саны аябай көп. Санагын жалгыз гана Аллах билет. Имам Бухарий жана Имам Муслимдин «Сахих» китептеринде, Анас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын элчиси асманга көтөрүлгөн кечеде, ага «Байтул Маъмур» көрсөтүлгөн, ал жерде ар күнү жетимиш миң периште намаз окуйт жана ал периштелер ал жерден чыкканда, кайра кайтып кирүүгө кезек жетпейт.

Периштелерге ыйман келтирүү төрт маселени өз ичине алат:

Биринчи: Алардын бар экендигине ишенүү.

Экинчиси: Ысымдары бизге белгилүү болгондоруна аты менен ыйман келтирүү (мисалы: Жебирейил), ал эми ысымдары белгисиз болгондоруна жалпысынан ыйман келтирүү.

Үчүнчүсү: Периштелердин бизге билдирилген сыпаттарына ыйман келтирүү. Мисалы, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Жебирейил периштени жаралган турпатында, алты жүз канаты менен мейкиндикти тосуп турганын көргөнүн кабарлаган.

Кээ бир учурда периштелер Аллахтын буйругу менен адам сүрөтүндө көрүнөт. Аллах Таала Жебирейилди Марямга жибергенде, ал ага кадыресе адам сүрөтүндө көрүнгөн. Ошондой эле, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары менен отурганда, ага кийими аппак, чачы капкара, үстүндө сапардын белгиси жок жана сахабаларынын эч кимиси тааныбаган бир киши келген. Ал Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанына отуруп, тизесин анын тизесине тийгизип, эки колун сандарынын үстүнө койуп, Пайгамбарыбыздан Ислам, Ыйман, Ихсан, Кыямат жана анын белгилери жөнүндө сураган. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага жооп берген соң, ал кетет. Андан кийин Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: «Бул – Жебирейил периште болчу. Силерге диниңерди үйрөткөнү келген эле»[8]. (8) Имам Муслим: "Ыйман китеби, Ыйман, Ислам, Ихсанды баяндоо жана Аллах Тааланын тагдырын тастыктоо менен ыйман келтирүүнүн важибдиги" кичи бөлүмү, 8.

Ошондой эле, Аллах Таала Ибрахим жана Лут пайгамбарга да адам сүрөтүндөгү периштелерди жиберген.

Төртүнчү: Аллахтын буйругу менен периштелердин аткарган иштерине ыйман келтирүү. Ал иштерден кээ бирлерин бизге билдирген. Маселен, периштелер күнү-түнү эч бир чарчап талыкпай Аллахтын буйругун аткарып, тасбих айтып ибадатта болушат.

Кээ бир периштелердин өзүнө гана тиешелүү милдеттери бар.

Маселен, Жебирейил алейхи салам Аллах менен пайгамбарлар арасында элчилик милдетин аткарып, пайгамбарларга кабар алып келген.

Маселен, Микаил периште жамгыр менен өсүмдүктөргө өкүм кылат.

Исрафил периштесине Кыямат болордун астынан жана кайра тирилүүнүн астынан «Сур» деген кернейди тартуу милдети жүктөлгөн.

Өлүм периштеси өлүм убагында жандарды алууга өкүл кылынган.

Маалик деген периште тозокту көзөмөлдөйт.

Мисалы, энелердин курсагындагы түйүлдүккө өкүм кылынган периштелер бар. Түйүлдүк төрт айлык болгон кезинде, Аллахтын буйругу менен бир периште келип, баланын ырыскысы, ажалы, амал-иштери, бактылуу же бактысыз болушун жазат.

Адамдардын жасаган иштерин жазып, сактоого өкүл кылынган периштелер бар. Ар бир адам үчүн эки периште дайындалган, бири оң, экинчиси сол тарабында болот.

Адам кабырына коюлганда, аны суракка алуучу периштелер бар. Ага эки периште келип, анын Раббиси, дини жана пайгамбары жөнүндө сурашат.

Периштелерге ыйман келтирүүнүн чоң пайдалары бар. Алардын кээ бири төмөнкүлөр:

Биринчиси: Аллахтын Улуулугун, кудурет –султандыгын билүү. Анткени, жаратылган заттын чоңдугу жаратуучунун улуулугун билгизет.

Экинчиси: Адамдарга кылган камкордугу үчүн Аллахка шүгүр кылуу. Анткени, Аллах инсандарга, аларды коргой турган, амал–иштерин жаза турган жана мындан башка пайдалары үчүн периштелерди дайындаган.

Үчүнчүсү: Аллахка ибадат кылгандыгы үчүн периштелерди жакшы көрүү.

Кээ бир адашкан коомдор периштелердин тело экенин жокко чыгарып: «периштелер – жаныбарлардын ичинде жашынган жакшылык күчү» -дешет. Бул пикир Ыйык Куранга, пайгамбарыбыздын хадистерине жана ижъмага каршы келет.

Аллах Таала минтип айткан: "Бардык мактоо-даңазалар асмандар жана жердин жаратуучусу Аллахка таандык. (Ал) периштелерди эки, үч, төрт канаттуу элчилер кылып жаратты...". (Фатир сүрөсү, 1-аят).

Аллах Таала мындай деген: "(О Мухаммад) Эгер сен, периштелер каапырларга беттерине, көчүктөрүнө чаап, өлтүрүп жатканын көрсөң эле!" (Анфал сүрөсү, 50-аят).

Аллах Таала дагы мындай деген: "...Сен ошол залымдардын өлүм алдында жаткан учурун жана периштелер аларга колун созуп : “Жаныңарды чыгаргыла! ... дегенин бир көрсөң..." (Анаам сүрөсү, 93-аят).

Аллах Таала мындай деген: "Качан гана алардын (периштелердин) жүрөктөрүнөн коркунуч алынган соң, «Раббиңер эмне деди?» – дешет. «Акыйкатты (айтты)» – дешет алар. Жана Ал – эң Жогору, Улук!" (Саба сүрөсү, 23-аят).

Бейиш тургундары жөнүндө минтип айткан: "Периштелер аларга ар кайсы эшиктерден кирип: «Силерге салам болсун, сабыр кылганыңар үчүн! Бул үйдүн сонун акыры!» (Раад сүрөсү, 23-24-аяттар).

Имам Бухарий «Сахих» китебинде Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз мындай деген: «Эгер Аллах пендени жакшы көрсө, Жебирейилге: «Аллах баланчаны жакшы көрдү, сен да аны жакшы көр» деп айтат, аны Жебирейил да жакшы көрөт. Анан Жебирейил асмандагыларга: «Аллах баланчаны жакшы көрөт, силер да аны жакшы көргүлө» деп айтат. Аны асмандагылар да жакшы көрөт, анан аны жерде да кабыл кылууга түшүрөт»[9]. (9) Имам Бухари, 3037. Имам Муслим, 2637.

Ошол эле китепте дагы Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Жума күнүндө периштелер мечиттин бардык эшиктеринде туруп алып, намазга биринчи келгендерди жазып, каттап турушат. Имам (минбарга) отурган соң алар барактарды жаап, кутпаны угуу үчүн келишет»[10]. (10) Имам Бухари, «Жума» китеби, «Хутбаны угуу» бөлүмү, 887; Имам Муслим, «Жума» китеби, «Жума күнү эрте баруунун пазилети» бөлүмү, 850.

Мына ушул далилдер кээ бир адашкан адамдар айткандай периштелер моралдык (рухий гана) күч эмес. Телосу болгон реалдуу макулуктар экенин анык көргөзөт. Бул маселеге бардык мусулман аалымдары ушул далилдердин негизинде бир ооздон макул болушкан.

*

Китептерге ыйман келтирүү.

Китептер - китеп сөзүнүн көптүк түрү, жазылган деген маанини туюнтат.

Бул жерде «китептер» деген сөздөн, Аллах Өз пайгамбарлары аркылуу, эки дүйнөдө бактылуу өмүр сүрүүлөрү үчүн, пенделерине ырайым жана туура жол кылып жиберген китептери жөнүндө түшүнүк алынат.

Китептерге ыйман келтирүү төрт нерсени өз ичине алат:

Биринчиси: Алардын түшүрүлүүсү акыйкатта Аллах Тааладан экенине ыйман келтирүү.

Экинчиси: Алардын ичинен аты бизге белгилүү болгондоруна аты менен ыйман келтирүү: Мухаммад пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшүрүлгөн Куран жана Муса алейхи саламга түшүрүлгөн Тоорат сыяктуу. Иса пайгамбарга түшүрүлгөн Инжилге. жана Даудга (ага Аллахтын саламы болсун) түшүрүлгөн Забурга, ал эми аты аталбагандарына жалпылай ыйман келтиребиз.

Үчүнчүсү: Курандагы бардык кабарларга ишенебиз. Ал эми, андан мурдагы китептердеги туура бурмаланбай, өзгөрүлбөй келген кабарларга гана ишенүү.

Төртүнчүсү: Анын бекер кылынбаган өкүмдөрүнө амал кылуу, сырын түшүнсөк да, түшүнбөсөк да ага ыраазы болуп, моюн сунуу. Абалкы китептердин баары Улуу Куран аркылуу өкүмү жокко чыгарылган. Аллах Таала минтип айткан: «Биз сага да, өзүнөн мурдакы китептерди тастыктоочу жана аларды(н баардык артыкчылыктарын) ичине камтыган китепти Акыйкаттык менен түшүрдүк...» (Маида сүрөсү, 48-аят). Башкача айтканда: өткөн китептердин үстүнөн өкүмдарлык кылуучу

Мына ушул аяттын өкүмү менен абалкы китептердин бардык өкүмдөрүнө амал кылуу токтотулган. Бир гана Куран өкүмдөрүнө дал келгендерине гана амал кылса болот.

Китептерге ыйман келтирүү төмөндөгүчө пайдаларды берет:

Биринчи: Бийик Аллахтын Өз пенделерине болгон камкордугун билүү. Анткени, Аллах бардык элдерге туура жолду көргөзгөн китептерин түшүргөн.

Экинчиси: Аллахтын өкүмдөрүндөгү (шариятындагы) сырлары билинет. Анткени, Аллах ар бир элдин өз абал-шарттарына жараша шариаттарды жиберген. Аллах Таала минтип айткан: "Биз силердин баарыңар үчүн өз алдынча шарият жана жол-жөрөлгөлөрдү кылдык". (Маида сүрөсү, 48-аят).

Үчүнчүсү: Ошол нээмат үчүн Аллахка шүгүр кылуу.

*

Пайгамбарларга ыйман келтирүү.

«Русул» расул сөзүнүн көптүк түрү. Расулдун мааниси «жиберилген» бир нерсени жеткирүү үчүн жиберилген дегенди билдирет.

Мындан максат: Расул деген бул - ага шарият жиберилип жана аны жеткирүүгө буйрулган инсан.

Расулдардын эң биринчиси Нух (ага Аллахтын тынчтыгы болсун), эң акыркысы Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун).

Аллах Таала минтип айткан: "Биз Нухка жана андан кийинки пайгамбарларга аян-кабар түшүргөнүбүз сыяктуу сага да аян-кабар түшүрдүк...". (Ниса сүрөсү, 163-аят).

Имам Бухарийдин «Сахих» китебинде Анас Ибн Маликтен (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылынган шапаат жөнүндөгү хадисте Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун)мындай деген: «Адамдар шапаат (коргоочулук) кылышын суранып Адам (ата) алейхи саламга келишет. Ал адамдарга бир себеп айтып: «Силер Аллах эң биринчи элчи кылып жиберген Нухка баргыла» -дейт [11]. (11) Имам Бухари, 7410; Имам Муслим, 193.

Аллах Таала Куранда Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жөнүндө минтип айткан: "(О ыймандуулар!) Мухаммад силердин араңардагы эч бир эркектин атасы эмес. Ал болгону Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысы". (Ахзаб сүрөсү, 14-аят).

Аллах ар бир элге атайын, өз алдынча шарият же болбосо, абалкы пайгамбар алып келген шариятты толуктаган шарият менен Пайгамбар жиберип турган. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан: "Биз ар бир элге «Аллахка гана ибадат кылгыла, (башка) “кудайлардан” алыс болгула (деп айта турган) пайгамбарларды жибергенбиз...". (Нахл сүрөсү, 36-аят).

Аллах Таала мындай деген: "(Тарыхтагы) бардык эл-үммөттүн ичинде бир эскертүүчү (пайгамбар) өткөн". (Фатир сүрөсү, 24-аят).

Аллах Таала мындай деген: "Биз (Муса пайгамбарга) ичинде Нур жана туура жол болгон Тооратты түшүрдүк. Аны менен яхудилерге, Аллахка моюн сунган пайгамбарлар...". (Маида сүрөсү, 44-аят).

Пайгамбарлар да инсан болушат. Аларда Аллах Таалага тийиштүү болгон жаратуу, бүткүл ааламды башкаруу, ырыскы берүү, сыйынылуучу зат болуу сыпаттары жок. Анткени, Бийик Аллах Өзүнүн алдында эң урматтуу жана бардык пайгамбарлардын улугу болгон Мухаммад жөнүндө мындай деген: "Айткын: “Мен өзүмө Аллах каалагандан башка пайда да, зыян да жеткире албаймын. Эгер кайыпты билгенимде, (өзүмө) жакшылыктарды көбөйтүп алмакмын жана мага эч кандай жамандык болмок эмес. Мен болгону, ыймандуу адамдарды (азап) менен эскертүүчү жана (сооп-сыйлык) менен сүйүнтүүчү пайгамбармын". (Аараф сүрөсү, 188-аят). .

Аллах Таала мындай деген: "Айт: “Силерге зыян жеткирүү да, пайда келтирүү да менин колуман келбейт”. Айт: “Аллахтан мени эч ким коргой албайт жана мен Анын сыртында баш калкалоочу таба албайм”. (Жин сүрөсү, 21-22-аяттар).

Пайгамбарлар башка инсандар сыяктуу эле, жеп-ичет, бир нерсеге муктаж болот ооруйт жана өлөт. Төмөнкү аятта Ибрахим алейхис салам өз Раббисин кандай сыпаттаганын Аллах Таала мындай баяндаган: "Жана Ал мени жедирет жана ичирет. Жана качан ооруп калсам, Ал мени айыктырат. Жана Ал мени өлтүрөт, анан кайра тирилтет". (Шуара сүрөсү, 79-81-аяттар).

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Мен деле силер сыяктуу инсанмын жана силер сыяктуу эле унутамын. Эгер бир нерсени унутуп койсом, эскертип тургула»[12]. (12) Имам Бухари, 392. Имам Муслим, 572.

Аллах Таала пайгамбарларды «ибадатты толук аткарышат» деп сыпаттаган. Аллах Таала Нух пайгамбар жөнүндө минтип айткан: "Чынында, ал абдан шүгүр кылуучу пенде болгон". (Исра сүрөсү, 3-аят). Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жөнүндө минтип айкан: "Ааламдарга (инсан жана жин ааламына) эскертүүчү болсун деп, пендесине (Мухаммадга, чындык менен жалганды) Ажыратуучуну (Куранды) түшүргөн Аллах Улук-Берекеттүү!" (Фуркан сүрөсү, 1-аят).

Ибрахим, Исхак, Якуб (аларга Аллахтын саламы болсун) пайгамбарлар жөнүндө мындай деген: "Сен (о Мухаммад!) Биздин пенделерибиз, (дин ишинде) кайраттуу жана акылы зирек болгон Ибрахим, Исхак жана Яькубдарды да эстегин. Биз аларды акыретти эстөө менен таза кылдык. Алар Биздин алдыбызда тандалган жана жакшы адамдардан эле". (Сод сүрөсү, 45-47-аяттар).

Иса пайгамбар жөнүндө мындай деген: "Ал (Иса) болгону Биз (пайгамбарчылыкты) жакшылык кылып берген кул(убуз). Биз аны Исраил урпактары үчүн (Өз кудуретибизден) мисал кылып (атасыз) жаратканбыз". (Зухруф сүрөсү, 59-аят).

Пайгамбарларга ыйман келтирүү төрт нерсени өз ичине алат:

Биринчиси: Алардын пайгамбарчылыгы Аллах тарабынан келген чындык экенине ыйман келтирүү, ким алардын бирөөсүнө гана ыйман келтирбесе, баарына ыйман келтирбеген (каапыр болгон) болот. Аллах Таала минтип айткан: "Нухтун коому дагы пайгамбарларды жалганчыга чыгарды". (Шуара сүрөсү, 105-аят). Алар аны «жалганчы» дешкен кезде андан башка пайгамбар болбосо да, Аллах аларды бардык пайгамбарларды жалганга чыгарган деп айткан. Ушул негизге таянып айтсак болот: Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарчылыгын жалган деген христиандар Исанын пайгамбарчылыгын да жалган деген жана ага ээрчибеген болушат. Анткени, Иса алейхи салам Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгы жөнүндө алдын ала кабар берген болчу. Кабар берүүнүн мааниси: Мухаммад пайгамбар мурдагы жана келерки бардык кооомдорду адашуудан чыгарып, туура жолго баштоо үчүн аны Аллах Таала жибергендигин түшүндүрөт.

Экинчиси: Алардын арасынан бизге аты белгилүү болгондоруна ошол аты менен ыйман келтирүү. Мисалы: Мухаммад, Ибрахим, Муса, Иса жана Нух (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун). Бул бешөө – элчилердин арасындагы «улул-азм» сабырдуу пайгамбарлар. Аллах Таала аларды Курандын эки жеринде мындай деп эскерген: "Бир кезде Биз бардык пайгамбарлардан убадаларын алганбыз: Сенден, Нухтан, Ибрахимден, Мусадан, Марямдын уулу Исадан. Биз алардан бекем убада алганбыз". (Ахзаб сүрөсү, 7-аят). Дагы мындай деген: "Ал силерге Нухка осуят кылган динди Шарият кылып берди. Биз сага вахий кылган динди(н дал өзүн) Ибрахимге, Мусага жана Исага: «Динди толук тургузгула (аткаргыла) жана анда бөлүнүп кетпегиле» – деп вахий кылганбыз. Силер даават кылган нерсе (тавхид ишеними) мушриктерге оор келди. Аллах ал нерсеге Өзү каалаган пендесин тандап, (Өзүнө) умтулган пендесин ага жолдойт". (Шура сүрөсү, 13-аят).

Ал эми, ысымы маалым болбогон пайгамбарларга жалпысынан ыйман келтиребиз. Аллах Таала Мухаммад пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайрылып мындай деген: "Биз сага чейин (көп) пайгамбарларды жибердик. Алардын арасынан сага (Куранда) баяндап бергенибиз да бар, баян кылып бербегенибиз да бар...". (Гафир сүрөсү, 78-аят).

Үчүнчүсү: Пайгамбарлардан риваят кылынган, ишеничтүү жол менен келген кабарларды тастыктоо.

Төртүнчүсү: Бүткүл адамзатка жөнөтүлгөн эң акыркы пайгамбар Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген ислам шарияты менен жашап, амал кылуу. Аллах Таала айткан: «Жок, Раббиңе ант, (Оо Мухаммад) алар өз ара талаш-тартышууларына сени өкүмдар кылмайынча жана сенин өкүмүңө, жүрөктөрүндө нааразылык калбай, толук моюн сунмайынча (толук) ыймандуу боло алышпайт». (Ниса сүрөсү, 65-аят).

Пайгамбарларга ыйман келтирүүнүн чоң пайдалары бар. Алардын кээ бирлери төмөнкүлөр:

Биринчи: Аллах Тааланын Өз пенделерине болгон ырайымын жана камкордугун билүү. Анткени, пайгамбарлар адамдарды Аллахтын Туура Жолуна багыттоо жана Ага ибадат кылууну үйрөтүү үчүн пайгамбарларды жиберген. Ансыз адам акылы бул нерселерди биле албайт болчу.

Экинчи: Аллахтын ушул чоң нээматына шүгүрчүлүк келтирүү.

Үчүнчү: Пайгамбарларды сүйүү жана аларды ылайык болгон даражада урматтоо жана мактоо. Себеби, алар Аллахка ибадат кылышты, Анын динин элдерге жеткирип, насаат айтышты.

«Пайгамбарлар инсан насилинен эмес» деп күмөн кылган кежир адамдар, өз пайгамбарын жалганчыга чыгарышкан. Аллах Таала бул дооматты эскерип, аны төмөнкү Сөзү менен жокко чыгарган: «Аларга Хидаят (туура жол) келгенде, адамдардын ыйман келтиришине «Аллах адамды пайгамбар кылып жиберет бекен?!» деген сөздөрү гана тоскоол болду. Эгерде жер бетинде бейкапар басып жүргөн периштелер болгондо, аларга асмандан периште пайгамбар жиберген болот элек». (Исра сүрөсү, 94-95-аяттар).

Алардын "элчи периште болушу керек" деген ойлорун Аллах жокко чыгарды. Анткени элчи жиберилип жаткан коом жердегилер, тагыраагы, адамдар, аларга жиберилген элчи да адам болуусу керек. А эгер жерде периштелер жашаганда, анда Аллах аларга элчи кылып периштелерди жибермек. Ошондой эле Аллах Таала пайгамбарларды жалганга чыгаруучулар жөнүндө баяндап, мындай деген: "(Алар): «Силер пайгамбар эмес, биз сыяктуу эле (жөнөкөй) адамсыңар. (Дагы) бизди ата-бабаларыбыз сыйынып келген нерселерден тосууну каалап жатасыңар! (Эгер сөзүңөр чын болсо) бизге анык далилдерди (моожизаларды) келтиргиле!» - дегенде, пайгамбарлары аларга: «Биз да силер сыяктуу эле (жөнөкөй) адамбыз, бирок Аллах Өзүнүн кулдарынан каалаганына ырайым кылат. Биз силерге анык далилдерди (моожизаларды) Аллахтын уруксатысыз алып келүүчү эмеспиз". (Ибрахим сүрөсү, 10-11-аяттар).

*

Акырет күнүнө ыйман келтирүү.

Акырет – адамдардын бул дүйнөдөгү жашоосуна эсеп берүүлөрү жана жаза (азап же ырахат) алуулары үчүн кайра тириле турган кыямат күндүн аталышы.

Акырет (акыркы күн) деп аталып калуусунун себеби, ал күн - бул дүйнө күндөрүнүн акыркысы болот. Ал күнү Бейиш тургундары Бейиштен, Тозокко ылайык болгондор Тозоктон орун алышат.

Акыретке ыйман келтирүү үч маселени өз ичине алат:

Биринчиси: Кайра тирилүүгө ишенүү: Бул – өлгөндөрдүн кайра тирилүүсү. Исраил периште «Сур» деп аталган кернейди экинчи жолу тартканда, адамдар ааламдардын Раббисинин алдында жылаңайлак, жылаңач жана сүннөткө отургузулбаган абалда чогулушат. Аллах Таала айткан: «(Калк-калайыкты) абалкы жолу жараткан калыбына кайтарабыз. Бул (кайра жаратуу) Биздин милдетибиздеги убада. Биз аны аткарабыз». (Анбия сүрөсү, 104-аят).

Кайра тирилүү анык чындык. Ал Куран, Сүннөт жана жалпы мусулмандардын бир ооздон макулдугу менен далилденген.

Аллах Таала айткан: "Кийин ушундан соң силер (туулуп, жер бетинде жашап, дагы) өлөсүңөр. Анан Кыямат күнү кайра тирилтилесиңер". (Муминун сүрөсү, 15-16-аяттар).

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Адамдар кыямат күнүндө жылаңайлак, жылаңач, энеден төрөлгөндөй (сүннөткө отургузулбаган) абалда чогулушат»[13]. Бухарий жана Муслим риваят кылган. (13) Имам Муслим, «Бейиш, анын нээматтары жана ээлеринин сыпаты» китеби, «Дүйнөнүн жок болушу жана Кыямат күнүндөгү жыйылуунун баяны» бөлүмү, 2859.

Мусулмандар кайра тирилүүнүн чындык экенине бир пикирде. Кайра тирилүү Аллахтын даанышмандыгынын талабы: Аллах Таала Өзүнүн жараткан инсандарына пайгамбарларды жиберип, аларды кээ бир ибадаттарга буюрган болчу. Эми ошол ибадаттарды кандай деңгээлде аткарганына жооп берүү үчүн, аткаргандарына сооп-сыйлык, аткарбагандарына жазаларын алуусу үчүн Аллахтын алдына кайтуулары зарыл. Аллах Таала айткан: «Оюңарда Биз силерди максатсыз (жөн эле) жаратыптырбызбы жана Бизге (сурак бергени) кайтып келбейт бекенсиңер?». (Муминун сүрөсү, 115-аят). Аллах Таала пайгамбарына (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "(О Мухаммад!) Чынында, сага Куранды түшүрүп, (аны жеткирүүнү, буйруктарын аткарууну парз кылган Зат сени эч шексиз кайтчу жерге (дүйнөдө Меккеге жеңиш менен, акыретте бейишке) кайтарат". (Касас сүрөсү, 85-аят).

Экинчи: Эсеп жана жазага ишенүү. Пенде өзү жасаган бардык иштери үчүн эсеп берип, сыйлыгын же жазасын алат. Буга Курандан, Сүннөттөн жана Ижмаадан (мусулмандардын каршылыксыз макулдугунан) далилдер бар.

Аллах Таала минтип айткан: "Чынында алар (өлгөндөн соң) Бизге кайтышат. Анан алардын эсебин алуу Бизге таандык". (Гашия сүрөсү, 25-26-аяттар). Аллах Таала мындай деген: "Ким (Акыретке) бир жакшылык алып келсе, ага (кеминде) он эсе көбөйтүп берилет. Ал эми, ким бир жамандык алып келсе, ошол жамандыгына барабар (бир) гана жаза берилет. Аларга эч зулумдук кылынбайт". (Анаам сүрөсү, 160-аят). Аллах Таала мындай деген: «Биз кыямат күн үчүн адилет таразаларды орнотобуз. Эч бир жан(га) зулумдук кылынбайт. (Сообунан кемитилбейт). Эгер (сообу же күнөөсү) сары кычы данынчалык болсо да, аны алып келебиз. Биз жетиштүү эсепчибиз». (Анбия сүрөсү, 47-аят).

Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Аллах ыймандуу кишини Өзүнө жакындаштырып, аны Өз коргоосуна алып, жашырат да: Баландай, түкүндөй күнөөлөрүңдү билесиңби?» - деп сурайт. Пенде: «Ооба, эй Раббим» - деп жооп берет. (Ошентип) Аллах аны бардык күнөөлөрүн мойнуна алдыртып, пенде «эми өлдүм» деп калганда, Аллах: «Мен сенин (бул) күнөөлөрүңдү дүйнөдө жашырган болчумун. Бүгүн сен үчүн аларды кечиремин» - дейт. Анан пендеге жакшылык баракчасы берилет. Ал эми, каапыр жана мунафыктарды (эки жүздүүлөрдү) бардык калайыктын алдында ашкере кылып: «Мына булар Раббилерине жалган сүйлөшкөн. Билип койгула, Залимдерге Аллахтын наалаты болот!» деп айтылат»[14] Бухарий жана Муслим риваят кылган. (14) Имам Бухари, «Зулумдуктар» китеби, «Аллах Тааланын: "Көңүл бургула, Аллахтын каргышы заалымдарга болсун!" – деген сөзү» кичи бөлүмү, 2309; Имам Муслим, «Тообо» китеби, «Канча көп адам өлтүрсө дагы, киши өлтүргөн адамдын тообосунун кабыл болушу» кичи бөлүмү, 2768.

Пайгамбар айткан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ишенимдүү хадисте айтылат: «Ким жакшылыкты ниет кылып, аны аткарса, Аллах Өзүндө ага он эседен жети жүз эсеге чейин, бир канча эселетип жазат. Ал эми ким жамандыкты ниет кылып, аны аткарса, Аллах ага бир гана жамандык жазат»[15]. (15) Муслим: «Ыйман» китеби, «Пенде жакшылыкты ниет кылса жазылат, жамандыкты ниет кылса жазылбайт» кичи бөлүмү, 131-хадис.

Чынында, мусулмандар эсеп-кысаптын болоруна жана амалына жараша жаза аларына баары бир ооздон келишишкен. Бул даанышмандуулукка ылайык келет: Анткени, Аллах китептерди түшүрдү, элчилерди жиберди, пенделерге элчилер алып келген динди кабыл кылууну, аткарууга буйрулгандарын аткарууну буйруду. Мындан баш тарткандарга каршы турууну важиб кылды. Алардын каны-жанын, урпактарын, аялдарын жана мал-мүлкүн адал кылды. Эгерде эсеп-кысап, жаза же сыйлык болбогондо, бул таптакыр акылга сыйбаган нерсе болмок, Даанышман Аллах мындайдан Аруу. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан: "Биз албетте, пайгамбарлар жиберилген (эл)дерди да, пайгамбарлардын өзүн да суракка тартабыз. Биз аларга билим менен баян кылабыз. Биз эч качан жок болгон эмеспиз". (Аараф сүрөсү, 6-7 аяттар).

Үчүнчү: Бейиш жана Тозокко ишенүү, бул экөө калайыктын келечектеги түбөлүктүү орду болуп эсептелет.

Бейиш – Аллах Таала ыйман келтирүүнү парз кылган нерселерге ишенип, Аллахка ыклас кылып, Анын пайгамбарын ээрчип, Ага жана Анын пайгамбарына таат-ибадат кылган такыба ыймандуу пенделери үчүн даярдап койгон ырахаттуу жай. Анда нээмат-жакшылыктардын түрлөрү бар. «Адам баласынын көзү көрбөгөн, кулагы укпаган, оюна келбеген»[16], Аллах Таала минтип айткан: "Ал эми ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдар... алар – жаратылгандардын эң жакшысы. Алардын сыйлыгы Раббилеринин алдында, түбөлүккө калуучу, астынан дарыялар агып турган Адн бейиштери. Аллах алардан ыраазы болду жана алар да Андан ыраазы болушту. Бул – Раббисинен корккон адам үчүн". (Баййина сүрөсү, 7-8-аяттар). Аллах Таала мындай деген: "Эч бир (ыймандуу) жан, жасаган (жакшы) иштери үчүн сыйлык катары (бейиште) жашыруун даярдап коюлган, көздөрүн кубантуучу кандай гана нерселер бар экенин билбейт". (Сажда сүрөсү, 17-аят). [16] Бухари, Тафсир китеби, «Эч бир (ыймандуу) жан, жасаган (жакшы) иштери үчүн сыйлык катары (бейиште) жашыруун даярдап коюлган, көздөрүн кубантуучу кандай гана нерселер бар экенин билбейт» деген аят тууралуу кичи бөлүм, 4501; Муслим, "Бейиш, анын нээматтарынын жана элинин сыпаты китеби", 2824.

Ал эми, Тозок Аллахка ыйман келтирбеген жана Анын элчилерине каршы чыккан адамдар үчүн Аллах Таала даярдап койгон, инсандын оюна келбеген ар түрлүү азаптар бериле турган жайдын аталышы. Аллах Таала минтип айткан: "Жана каапырлар үчүн даярдап коюлган тозоктон корккула!" (Аалу Имран сүрөсү, 131-аят). Аллах Таала мындай деген: "Айт: «(Мен алып келген Дин) Раббиңер тарабынан келген Акыйкат. Эми, ким кааласа – момун болсун, ким кааласа – каапыр болсун! Биз залымдарга жалын-дубалдары аларды курчап ала турган тозокту даярдап койдук! Эгер суусап, суу сурашса, эриген коргошун сыяктуу, (табы) жүздөрдү куйкалап жиберчү суу ичирилет! Кандай жаман «суусундук», кандай жаман орун!» (Кахф сүрөсү, 29-аят). Аллах Таала дагы мындай деген: "Аллах каапырларга наалат айтты жана аларга тозокту даярдап койду! Алар анда түбөлүккө калышат, аларга жардамчы да, колдоочу да табылбайт. Алардын жүздөрү отко айланганда, алар: "Кана, биз Аллахка жана элчиге баш ийгенде!" деп айтышат". (Ахзаб сүрөсү, 64-66-аяттар).

Акырет күнүнө ыйман келтирүүнүн чоң пайдалары бар, алардын кээ бири төмөнкүлөр:

Биринчиси: Ал күндүн сообун үмүт кылып, ибадат кылууга кызыгып ага умтулуу.

Экинчи: Ал күндүн азабынан коркуп, күнөө кылуудан жана күнөөгө ыраазы болуудан коркуу.

Үчүнчү: Бул дүйнөдө жете албаган жыргалдын ордуна акырет жыргалын жана сообун үмүт кылуу менен ыймандуу адамдын көңүлүн сооротуу.

Каапырлар «мүмкүн эмес» деп, кайра тирилүүнү четке кагышты.

Бул күмөндүн негизсиз экенине шарият, сезимдер жана акыл-эс далилдерди келтирет.

Шарияттын далилдери: Аллах Таала минтип айткан: "Каапырлар «биз эч качан кайра тирилбейбиз» деп ойлошту. Айткын: «жок, андай эмес! Раббиме ант ичип айтамын: силер шексиз (Аллахтын кудурети менен) кайра тирилесиңер жана албетте, силерге жасаган ишиңердин кабары берилет. Бул Аллах үчүн жеңил". (Тагаабун сүрөсү, 7-аят). Асмандан түшкөн китептердин баары кайра тирилүүнүн чындык экенин бир добуштан айтышкан.

Сезимдердин далили: Аллах ушул эле дүйнөдө өлүктөрдү кайра тирилтүүсүн көргөзгөн. «Бакара» сүрөсүндө буга беш мисал бар.

Биринчи мисал: Мусага (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) коому айтышты: "Биз Аллахты айкын көрмөйүнчө, сага ыйман келтирбейбиз" (Бакара, 55-аят). Аллах алардын (өздөрүн) өлтүрдү жана кайра тирилтти, Бул окуя жөнүндө Аллах Исраил урпактарына кайрылып, мындай деди: "Бир кезде силер айттыңар: «О, Муса, биз Аллахты айкын көрмөйүнчө, сага ыйман келтирбейбиз». Андан кийин силерди (бири-бириңерге) карап турган абалыңарда чагылган урду. Анан өлгөндөн кийин силерди кайра тирилттик, балким, шүгүр кылып каларсыңар". (Бакара сүрөсү, 55-56-аяттар).

Экинчи мисал: Исраил урпактары талашып-тартышкан өлүк кишинин окуясында, Аллах аларга, ал өзүн ким өлтүргөнүн айтып бериши үчүн, бир уйду союп, анын бир бөлүгү менен өлүктү урууга буйруган. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан: "(Эй, Исраил урпактары!) Эстегиле, силер бир жанды өлтүрүп, ал жөнүндө (аны ким өлтүргөнү жөнүндө) талашып калдыңар, Аллах болсо, жашырган нерсеңерди ачыкка чыгаруучу. Анан Биз: "Анын бир бөлүгү менен аны уруп көргүлө" дедик. Аллах өлгөндөрдү ушундай тирилтет жана Өзүнүн аяттарын силерге көрсөтөт, балким, акыл калчарсыңар". (Бакара сүрөсү, 72-73-аяттар).

Үчүнчү мисал: Аллах, өз мекендериндеги өлүмдөн качкан миңдеген адамдарды өлтүрүп, кайра тирилткен окуя баяны. Бул жөнүндө Аллах Таала минтип айткан: "(О Мухаммад!) Өлүмдөн качып, журттарынан чыккан миңдеген адамдарды(н икаясын) укпадың беле? Аллах аларга: "Өлгүлө!" - деди. (Алар өлүштү). Анан, аларды кайра тирилтти. Албетте, Аллах адамдарга пазилеттүү. Бирок, көпчүлүк адамдар шүгүр кылышпайт". (Бакара сүрөсү, 243-аят).

Төртүнчү мисал: Кыйраган айылдын жанынан өтүп бара жатып, ушул өлүктөрдү Аллах кантип тирилтет деп ойлогон адам жөнүндө. Аллах аны өлтүрүп, жүз жылдан соң кайра тирилткен. Бул жөнүндө Аллах Таала минтип айткан: "Же болбосо (оо, Мухаммад) пайдубалдарына чейин ойрон болгон айылдан өткөн киши(нин окуясы) сыяктуу (кабар укпадыңбы?) Ал киши: (ойрон болгон айылдан өтүп бара жатып) "Аллах ушуну(н элдерин) өлгөндөн соң кантип (кайра) тирилте алат?!" деди. Аллах анын өзүн жүз жылга өлтүрүп койду да, кийин кайра тирилтип: "Канча убак жаттың?" – деди. "Бир күн же бир күндүн бир аз бөлүгүнчөлүк" деп жооп берди. (Аллах) айтты: "Жок, жүз жыл (өлүп) жаттың. Тамак-ашыңды, суусундуктарыңды карачы – бузулган эмес. Жана эшегиңе (чирип кеткен сөөктөрүнө) да кара. Биз сени адамдарга (Өз кудуретибизден) аян - белги кылуу үчүн (ушундай) кылдык. Жана сөөктөргө кара: Биз аларды кантип чогултуп, кийин аларга эт каптайбыз. (Өз көзүң менен көрүп ал!). Анан бардыгы ага (көз алдында) анык билингенде: "Мен (эми) Аллахтын ар кандай нерсеге Кудуреттүү экенин билемин!" – деди". (Бакара сүрөсү, 259-аят).

Бешинчи мисал: Ибрахимдин окуясы. Ал Аллах Тааладан өлүктөрдү кантип тирилтээрин көргөзүүсүн сурады. Ошондо Аллах Таала ага төрт кушту союп, алардын бөлүктөрүн айланасындагы тоолорго таратып, анан аларды чакырууга буйруду. Ошондо ал бөлүктөр бири-бирине куралып, Ибрахимдин алдына ылдам учуп келишти. Бул окуяны Аллах мындай баяндаган: "Эстегин, Ибрахим: "Оо, Раббим! Мага өлүктөрдү кандай тирилтээриңди көргөз" дегенде, (Аллах): "Ишенбей жатасыңбы?" деди. Ибрахим айтты: "Жок, андай эмес, бирок жүрөгүм бейпил болушу үчүн (сурап жатамын)". (Аллах) айтты: "Куштан төрттү карма дагы, аларды өзүңө жакындатып (союп, жиликтеп,) ар бир тоого алардын бөлүктөрүн (чачып) ташта. Анан аларды (өз аттары менен) чакыр – сага тез (учуп) келишет. Жана билип койгун, Аллах – Кудуреттүү, Даанышман". (Бакара сүрөсү, 260-аят).

Мына ушул болгон, көз көргөн окуялар өлүктөрдү тирилтүү мүмкүндүгүн көргөзүп турат. Жогоруда, Аллахтын уруксаты менен Иса пайгамбарга өлүктөрдү кайра тирилтүү жана мүрзөлөрүнөн чыгаруу муъжизасы берилгендиги жөнүндө айтылып өттү.

Кайра тирилтүүнүн чындык экенине акыл-эстин далили эки тараптуу:

Биринчиси: Аллах Таала асмандар, жер жана алардагы нерселерди алгачкысынан баштап баарын Өзү жараткан, демек кайра дагы жаратууга да кудуреттүү. Аллах Таала минтип айткан: "Ал дүйнө-ааламды жоктон бар кылган жана (акыретте экинчи жолу) кайрадан жарата турган Кудай. Бул Ага абдан жеңил". (Рум сүрөсү, 27-аят). Аллах Таала мындай деген: «(Калк-калайыкты) абалкы жолу жараткан калыбына кайтарабыз. Бул (кайра жаратуу) Биздин милдетибиздеги убада. Биз аны аткарабыз». (Анбия сүрөсү, 104-аят). Чирип калган сөөктү кайра тирилтүүгө ишенбегендерге жооп кылып мындай деген: "Айткын: «Аны биринчи ирет (оболу топурактан, анан бел суудан) жараткан Кудай (кайра дагы ошол топурактан) тирилтет. Ал ар бир макулукту (кандай жаратаарын жакшы) билет". (Йасин сүрөсү, 79-аят).

Экинчиси: не бир шибер, не бир дарак болбогон тап-такыр боз жер жамгыр жаашы менен арекетке келип, көк чөп чыгып, көгөрүп тирилип адамдарды кубанычка бөлөйт. Ушул өлүк жерди ушинтип кайра тирилткен Зат, өлүк денелерди да кайра тирилтүүгө шексиз кудуреттүү. Аллах Таала айткан: "Аллахтын (кудуретинин) белгилеринен дагы бири, сен жерди куп-кургак (өлүк сыяктуу кунарсыз) абалда көрөсүң. Анан Биз ага (асмандан) суу түшүрсөк козголуп, көөп чыгат (жана ар түрдүү өсүмдүктөрдү өндүрө баштайт). Жерди (ушинтип) тирилткен Кудай өлүктөрдү да тирилте алат. Ал ар кандай нерсеге Кудуреттүү!" (Фуссилат сүрөсү, 39-аят). Аллах Таала мындай деген: "Жана Биз асмандан берекелүү суу түшүрүп, аны менен бак-дарактарды, жыйнап алынуучу дандарды жана бийик пальмаларды өстүрдүк, аларда катар-катар мөмөлөр бар. Бул кулдар үчүн ырыскы. Биз ошол суу менен өлгөн жерди тирилттик. Мына ушундайча тирилүү болот". (Каф сүрөсү, 9-11-аяттар).

Акырет күнүнө ыйман келтирүүнүн катарына өлүмдөн соң болчу бардык нерселерге ыйман келтирүү да кирет, мисалы:

а) Кабыр (мүрзө) сыноосу: Бул – маркумду жерге бергенден кийин анын Раббиси, дини жана пайгамбары тууралуу суралуусу. Аллах ыймандууларды туруктуу сөз менен бекемдейт, ошондо ал мындай дейт: «Раббим – Аллах, диним – Ислам, пайгамбарым – Мухаммад». Аллах зулумдук кылгандарды адаштырат, ошондо каапыр: «Ий, ий, мен билбейм», – дейт. Ал эми эки жүздүү же күмөн санаган адам: «Мен билбейм, элдин бир нерсе деп айтканын угуп, ошону айткам», – дейт.

б) Кабырдагы азап жана ырахат: Кабыр азабы каапырлар, эки жүздүүлөрдөн болгон залимдер үчүн даярдап коюлган. Аллах Таала минтип айткан: "Сен ошол залымдардын өлүм алдында жаткан учурун жана периштелер аларга колун созуп : “Жаныңарды чыгаргыла! Бүгүн силер Аллахтын аяттарынан текеберлене жүз үйрүп, Аллахтын атына жалган-жалааларды айтканыңар себептүү кордук азабы менен жазаланасыңар” дегенин бир көрсөң...". (Анаам сүрөсү, 93-аят).

Аллах Таала Фараондун үй-бүлөсү жөнүндө мындай деген: "Аларга (Фараон менен элине) эртели-кеч тозок көргөзүлүп турулат. Ал эми, Кыямат болгондо, (бир добуш): «Фараон элин эң катуу азапка киргизгиле!» (дейт.)" (Гафир сүрөсү, 46-аят).

Имам Муслимдин «Сахих» китебинде Зайд ибн Сабит (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте «Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Эгер силер бири-бириңерди көмүүчү болбогонуңарда, (көмбөй койбогонуңарда) мен өзүм уккан кээ бир кабыр азабын силерге да угузуусун сурап Аллахка дуба кылмакмын". Андан кийин (ага) жүзүн буруп мындай деди: «Тозок азабынан Аллахтан коргоо тилегиле». Сахабалар: «Тозок азабынан Аллахтан коргоо сурайбыз» - дешти. Ал дагы: "Кабыр азабынан Аллахтан коргоо тилегиле" - деди. «Кабыр азабынан Аллахтан коргоо тилейбиз» - дешти. Ал: «Көрүнгөн жана көрүнбөгөн жамандык, сыноолордон Аллахтан коргоо тилегиле» - деди. «Көрүнгөн жана көрүнбөгөн жамандык, сыноолордон Аллах сактасын» - дешти сахабалар. Ал: «Дажжалдын жамандыгынан, азгыруусунан коргоону Аллахтан тилегиле» - деди. Алар: "Дажжалдын жамандыгынан, азгыруусунан коргоо тилейбиз" - дешти (17). (17) Имам Муслим, «Бейиш, анын ырахаты жана тургундарынын сыпаты» китеби, «Маркумга анын бейиштеги же тозоктогу ордунун көрсөтүлүшү, кабыр азабын ырастоо жана андан паана тилөө» кичи бөлүмү, 2867.

Ал эми кабырдын ырахаты чынчыл, ыйманы бекем мусулмандар үчүн даярдалган. Аллах Таала минтип айткан: «Раббим – Аллах» деп, андан соң (дин-ибадаттарында) түз болгон адамдарга периштелер түшүп келип: «(Келечектен) коркпогула, (өткөн ишке) өкүнбөгүлө! Өзүңөргө убада берилген бейиш менен сүйүнгүлө! дешет". (Фуссилат сүрөсү, 30-аят).

Аллах Таала мындай деген: "(Эгер бир жакыныңардын) жан(ы) алкымга келсе, силер ошол учурда карап турсаңар, Биз силерден да жакын болсок да, силер көрбөйсүңөр. Эгер силер жазаланбай турган болсоңор, аны кайтарып көргүлө, эгер чындыкты айтсаңар. Ал эми эгер ал жакындардан болсо, анда ага бейпилдик, жыпар жыт жана бейиштин ырахаты бар". (Вакиа сүрөсү, 83-89-аяттар).

Аль-Бара ибн Аазиб (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабырында эки периштенин суроолоруна жооп берген ыймандуу адам жөнүндө мындай деген: «Асмандан үн угулуп: «Пендем туура сүйлөдү, анын ордун Бейиштен даярдап, ага Бейиш кийимдерин кийгизгиле жана Бейиш тарапка эшик ачкыла» - деп айтат. Натыйжада, ага Бейиштин ырахаты жана жыпар жыты келет. Анын кабыры көз нуру жеткен жерге чейин кеңейтилет». Имам Ахмад жана Абу Дауд узун хадисте риваят кылган[18]. [18] Абу Дауд: Китаб ас-Сунна, (4753). Ахмад: Муснад аль-Куфийин, (18534).

Ыйманында адашкандар «мүмкүн эмес» деп, кабыр азабын жана ырахатын четке кагышкан. Алар: Реалдуулукка каршы келгендиктен мүмкүн эмес "Эгер кабырды кайра казсак, аны мурда кандай болсо, ошондой эле турат, кеңейбейт да, тарыбайт" деп айтышат.

Бул күмөн шарият, сезимдер жана акылдын негизинде жокко чыгат.

Шарияттын далилдери: Кабыр азабы жана жыргалы жөнүндө өтө көп кабарлар жогоруда айтылып өттү.

Имам Бухаринин «Сахих» жыйнагында Ибн Аббастан (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) риваят кылынган хадисте, ал мындай дейт: "Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, жана мактоосу болсун) Мединанын курма бактарынын биринен чыгып бара жатып, кабырында азапталып жаткан эки адамдын добушун укту" деп, хадистин уландысын баяндаган. Анда мындай деп айтылат: "Экөөнүн бири заарадан сактанчу эмес". Башка риваятта: «Өзүнүн заарасынан» «Ал эми экинчиси ушак таратып жүргөн», Муслимдин риваятында: «Заарадан сактанбайт». [19] (19) Имам Бухари, 215.

Ал эми сезимдердин далили: уктап жаткан адам түшүндө кенен, кооз жерде ырахат алып, же тескерисинче тар, коркунучтуу, кыйналган орунга түшүп калып, азап тартат, кээде ошол абалында ойгонуп кетет, Анткен менен ал өз бөлмөсүндө, өз төшөгүндө ошол эле калыбында жаткан болот. Уйку өлүмдүн бир тууганы. Ошондуктан Аллах уйкуну "өлүм" деп атаган. Аллах Таала айтты: "Аллах жандарды өлүм убактысында алат. Өлбөгөндөрдүкүн уйкусунда алат. Анан ага (өлүмдү) өкүм кылган жандарды кармап калат жана башкаларын белгилүү убакытка (ажалы жеткенге) чейин (денелерине кайра) коюп жиберет...". (Зумар сүрөсү, 42-аят).

Ал эми акылга келсек: Адам уйкусунда чындыкка дал келген түштөрдү көрөт, кээде пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кээ бир сыпаттары менен көрөт. Ким аны сыпаттары менен көрсө, демек, чындап көргөн болот. Төшөгүндө жатып алып өтө алыстагы нерселерди көрүүсү мүмкүн. Мына ушундай абалдар ушул дүйнөдө болуп жаткан сон, акыретте кантип болбосун?!

Ал эми алардын кабырды кайра ачканда анда эч кандай өзгөрүү болбоду го деген күмөндөрүнө төмөндө бир канча жооп бар:

Биринчи: Негизсиз күмөндөр менен шариятта келген кабарларга каршы чыгууга болбойт. Эгерде ошол шариятка каршы болуп жаткан киши акыйкат менен ойлонуп көрсө, бул күмөндөрдө эч бир чындык жок экендигин билмек. Мындай сөз бар:

Туура сөздү айыптаган канчалаган адамдар бар.

Анын кемчилиги - туура эмес түшүнүк.

Экинчиси: Кабыр жашоосу сезимден сырткары болуучу кайып ааламга кирет. Эгер сезиле турган иш болгондо, анда кайыпка ишенүүнүн пайдасы жок болмок жана кайыпка ишенген ыймандуу менен аны жокко чыгарган ыймансыздын айырмасы болбой калмак.

Үчүнчү: Кабырдын азабы жана жыргалы, кеңдиги жана тардыгы өлүктүн өзүнө гана билинет. Бул уктап жаткан адамдын тар, коркунучтуу жерде же кенен, кооз жерде жерде жүргөнүн көргөнү сыяктуу эле. Анын жанындагы тигинин кыйналганын да, жыргаганын да сезбейт. Чындыгында, Пайгамбарга сахабаларынын арасында болгон кезде да вахий түшчү. Ал вахийди укканы менен, сахабалар аны угушчу эмес. Кээде ага периште адам кейпинде көрүнүп, аны менен сүйлөшчү, ал эми сахабалар аны көрүшчү да, угушчу да эмес.

Төртүнчү: Макулуктардын акылы чектелүү. Аллах берген, чектеген мүмкүнчүлүктө гана биле, түшүнө алат. Бардык нерсеге акылы жете берүү эч качан мүмкүн эмес. Жети кабат асман жана жер, андагы бардык макулуктар Аллахка тасбих, мактоо айтышат. Аны Аллах каалаганына кээде угузат. Ага карабастан Ал бизден тосулган, бул жөнүндө Аллах Таала мындай дейт: "Аллахка жети асман, жер жана алардагы бардык (жандуу-жансыз) нерселер мактоо менен тасбих айтышат. Бирок, алардын тасбихтерин силер түшүнбөйсүңөр...". (Исра сүрөсү, 44-аят). Шайтандар жана жиндер жер бетинде заматта ары-бери барып келишет. Чынында жиндер Аллахтын элчисине келип, анын Куран окуганын тынчтанып, угуп анан коомдоруна эскертип кетишкен. Ага карабастан алар бизден тосулган. Бул тууралуу Аллах Таала мындай дейт: "О Адам урпактары! Шайтан Ата-Энеңерди бейиштен чыгарып, уяттуу жерлери көрүнүп калуусу үчүн кийимдерин сыйрып алганы сыяктуу, силерди да азгырып койбосун! Ал жана ага окшогондор (жиндер) силерди, силер көрбөгөн тараптан көрүп турушат. Чынында, Биз шайтандарды ыйман келтирбеген адамдар үчүн дос-башчы кылып койдук". (Аараф сүрөсү, 27-аят). Инсандар жана башка макулуктар бардык эле нерсени көрө албагандан кийин, кайыптан бекемделген өздөрү көрө албаган нерселерди кайтаруусу туура эмес.

*

Тагдырга ыйман келтирүү.

Кадар (тагдыр) – Аллах Тааланын эзелки илими жана даанышмандыгы боюнча коюлган барлыктын өлчөмү.

Тагдырга ыйман келтирүү төрт маселени өз ичине алат:

Биринчиси: Аллах Тааланын бардык нерсени – мейли, ал Өзүнүн амалдарына тиешелүү болсун, же пенделеринин амалдарына тиешелүү болсун – жалпылай да, кеңири да, эзелтеден жана ар дайым билээрине ыйман келтирүү.

Экинчиси: Аллах Таала бардык нерселердин тагдырын «Лавхул Махфузга" жазып койгонуна ишенүү. Бул экөөсү тууралуу Аллах Таала мындай деген: "(О Мухаммад!) Билбейсиңби, Аллах асмандагы жана жердеги (бардык) нерселерди билет. (Себеби) ал нерселер Китепте (Лавхул-Махфузда) бар. Бул Аллахка жеңил". (Хаж сүрөсү, 70-аят).

Имам Муслимди «Сахих» китебинде Абдуллах ибн Амр ибн Аас (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, ал: «Мен Аллахтын элчисинин минтип айтканын уктум дейт: «Аллах макулуктардын тагдырын асмандар менен жерди жаратардан элүү миң жыл мурда жазып койгон»[20]. (20) Имам Муслим: «Тагдыр» китеби, «Адам ата менен Муса пайгамбардын талашы» кичи бөлүмү, 2653.

Үчүнчүсү: Бардык нерселер - мейли, ал Аллахтын амалдарына тиешелүү болсун, же пенделеринин амалдарына тиешелүү болсун Анын каалоосу менен гана болоруна ыйман келтирүү. Аллах Таала Өзүнүн амалдарына тиешелүү нерсе тууралуу минтип айткан: "Сенин Раббиң Өзү каалаган нерсени жаратат жана ыктыяр кылат...". (Касас сүрөсү, 68-аят) Дагы мындай деп айткан: "... Аллах каалаган нерсесин жасайт". (Ибрахим сүрөсү, 27-аят). Дагы мындай деген: "Ал силерди (энеңердин) жатындар(ын)да Өзү каалаган кейипке киргизет...". (Аалу Имран сүрөсү, 6-аят). Жаратылгандардын кылган нерселери жөнүндө Аллах Таала мындай деген: "... эгер Аллах кааласа аларды силерден жогору кылып, силерге каршы согушкан болоор эле...". (Ниса сүрөсү, 90-аят). Аллах Таала дагы мындай деген: "... эгер, Раббиң кааласа андай кылмак эмес. Эми, аларды жалгандан чыгарган жалаалары менен (бирге) таштап сал". (Анаам сүрөсү, 112-аят).

Төртүнчү: Бардык нерселер өз заты, сыпаты жана аракеттери менен Аллах Таала тарабынан жаратылганына ыйман келтирүү. Аллах Таала минтип айткан: "Аллах – бардык нерселердин Жаратуучусу! Ал – бардык нерсенин Коргоочу-Сактоочусу!" (Зумар сүрөсү, 62-аят). Аллах Таала дагы минтип айткан: "... жана ар бир нерсени эң назик ченем-өлчөм менен жараткан". (Фуркан сүрөсү, 2-аят). Аллах Куранда, Ибрахим (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) өз коомуна мындай деп кайрылганын баяндаган: "Силерди да, силердин ишиңерди да Аллах жараткан!" (Саффат сүрөсү, 96-аят).

Биз жогоруда айткандай тагдырга ыйман келтирүү, пендеге өз ишине ылайык ыктыяр жана кудурет берилгендигине каршы келбейт. Буга шарияттан жана реалдуу жашоодон далилдер бар.

Шарияттын далилдери: Аллах Таала инсандын каалоо-ыктыяры жөнүндө мындай деген: "Ал эми, ким кааласа (жакшы амалдарды кылат жана) Раббисине (ошол амалдар менен) кайтууну(н жолдорун бекем) кармайт". (Наба сүрөсү, 39-аят). Дагы мындай деп айткан: "... өзүңөрдүн эгин талааңарга каалаган тарабыңардан келе бергиле...". (Бакара сүрөсү, 223-аят). Ал эми, инсандын кудурети жөнүндө мындай деген: "Аллахка алыңар жеткенче такыба болгула жана (пайгамбардын өкүм-насааттарын) угуп, моюн сунгула...". (Тагабун сүрөсү, 16-аят). Дагы мындай деп айткан: "Аллах эч бир жанды кудурети жетпеген нерсеге буюрбайт (ар кимдин) пайдасы да өз иши(нен), зыяны да өз иши(нен)...". (Бакара сүрөсү, 286-аят).

Иш жүзүндө болсо, албетте, ар бир инсан өзүнүн каалоосу жана кудурети бар экенин билет, ошол каалоо-кудурети менен каалаган ишин жасайт, каалабаганын таштайт. Өз каалоосу менен болгон басуу сыяктуу иштерди, каалоосунан тышкары болгон титирөө сыяктуу иштерден айырмалайт. Бирок пенденин каалоосу жана кудурети Аллах Тааланын каалоосу жана кудурети менен гана болот. Аллах Таала айткан: "Силердин араңардан оңолууну каалгандар үчүн (эскертүү бар!) Бирок силер каалабайсыңар, эгерде Аллах, ааламдардын Рабби каалабаса". (Таквир сүрөсү, 28-29-аяттар). Анткени, бардык ааламдар жалгыз Аллахтын мүлкү. Анын жеке менчик мүлкүндө Анын каалоосу жана илимисиз эч бир нерсе болбойт.

Биз жогоруда айткандай тагдырга ыйман келтирүү, пендеге милдеттерин аткарбоого же күнөө иштерди кылууга шылтоо болбойт. Ошондуктан, анын ага негизделген аргументи бир нече себептерден улам жараксыз:

Биринчиден: Аллах Таала минтип айткан: "Мушриктер сага: “Эгер Аллах каалаганда биз деле, ата-бабаларыбыз деле мушрик болбойт элек жана эч нерсени (өзүбүзчө) арам кылып албайт элек” - дешет. Алардан мурунку (мушриктер) деле ушинтип Биздин азаптын даамын татканга чейин (пайгамбарды) “жалганчы” дешкен. Айткын: “Силерде илим бар беле, аны бизге чыгаргыдай?! Силер күмөнгө гана ээрчип жатасыңар! Силер жалгандан башканы сүйлөбөй жатасыңар!" (Анаам сүрөсү, 148-аят). Эгер мушриктердин тагдырга шилтегени туура болгондо, Аллах аларга азабын жибербейт эле.

Экинчиден: Аллах Таала минтип айткан: «(Кыяматта) адамдардын колунда Аллахка каршы далил болуп калбаш үчүн (Биз) (ыйман келтиргендерге) бейиштен сүйүнчү кабар берүүчү жана (каапыр болгондорду) тозок менен коркутуучу пайгамбарларды (бардык элдерге жибергенбиз). Аллах Кудуреттүү, Даанышман». (Ниса сүрөсү, 165-аят). Эгер тагдыр талашып-тартышкандар үчүн далил болгондо, анда элчилерди жөнөтүү менен ал жокко чыгарылмак эмес, анткени алар жөнөтүлгөндөн кийинки талаш-тартыштар дагы эле Аллахтын тагдыры менен болуп жатат.

Үчүнчүдөн: Бухарий жана Муслимдин - тексти Бухарийге таандык - Али ибн Абу Талиптен (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадиси, анда Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: «Ар бириңердин Бейиштеги же тозоктогу ордуңар (тагдырда) жазылган». Эл арасынан бирөөсү: «Андай болсо, ошол тагдырга таянып эле койбойлубу? О Аллахтын элчиси» - деп сураганда, ал мындай дейт: «Жок. Амал кылгыла. Ар бир кишиге (эмнеге жаратылган болсо, ошого) жеңилдетилген». Андан кийин төмөнкү аятты окуду: "Ким (садака) берсе жана такыбалык кылса..." (Лайл сүрөсү, 5-аят). Ал эми Муслимдин риваятында: «Ар бир кишиге эмнеге жаратылган болсо, ошого жеңилдетилген»[21] Пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун ) амал кылууга буюруп, тагдырга шылтап коюууга тыюу салган. (21) Имам Бухари, 6605; Имам Муслим, 2647.

Төртүнчүдөн: Аллах Таала пендесин кээ бир нерселерге буюруп, кээ бир нерселерден кайтарган, ага күчү жетпей турган жүктү жүктөгөн эмес. Аллах Таала айтты: "Аллахтан алыңар жеткенче такыба кылгыла жана (пайгамбардын өкүм-насааттарын) угуп, моюн сунгула...". (Тагабун сүрөсү, 16-аят). Дагы мындай деп айткан: "Аллах эч бир жанды кудурети жетпеген нерсеге буюрбайт...". (Бакара сүрөсү, 286-аят). Эгреде пенде өзүнүн кылган ишинде ыктыяры жок мажбур болгондо, анда пендеге кудурети жетпеген нерсе жүктөлгөн болуп калмак. Албетте бул туура эмес. Ошондуктан пенде атайлабастан, чын эле унутуп же мажбурланып же билбей калып күнөө жасаса, шарият бул абалдарда андай адамды үзүрлүү катары карайт. Ага күнөө жазылбайт.

Бешинчиден: Аллахтын тагдыры - бул катылган сыр. Кайсы бир нерсе болгондон кийин гана тагдырда бар экенин билебиз. Пенденин каалоосу ишинен алдын болот. Демек, анын бир ишти каалаганы, ошол иш анын тагдырында бар экенин билгенине негизделбейт. Ошондой болгон соң анын тагдырга негизделген далили жараксыз, анткени адамдын билбеген нерсеси жөнүндө далили болушу мүмкүн эмес.

Алтынчыдан: Биз жакшы билебиз: инсан дүйнө иштеринде өзүнө ылайыктуу нерсеге жеткенче ага умтулат. Ылайыктуусун таштап, ылайыксызына барбайт жана бул ишин тагдырга шилтебейт. Ал эми дин иштеринде болсо, өзүнө пайдалуу жолдон зыяндуу жолго бурулуп кетет да, анан «тагдыр ушул экен» -деп тагдырга шилтейт. Эмне үчүн? Бул эки маселе бирдей эле эмеспи?!

Муну түшүндүрүү үчүн мисал келтиребиз:

Бир адамдын алдында эки жол бар. Биринчиси, адам өлтүрүү, талап-тоноо, бузукулук, коркунуч жана ачарчылык өкүм сүргөн жаман шаарга алып барат. Экинчиси: тартип, тынчтык, береке өкүм сүргөн, адамдын өмүрү, ар-намысы жана мал-мүлкү урматталган жакшы шаарга алып барат. Эми акылдуу адам кайсыл жолду тандайт?

Ал, албетте, тартип жана тынчтык өкүм сүргөн шаарга алып баруучу экинчи жолду тандайт. Акылы бар адам эч качан коркунуч жана тартипсиздик өкүм сүргөн жолду тандап, тагдырга шылтабайт. Анда эмне үчүн ал акырет ишинде Бейиштин ордуна Тозок жолун тандап, «тагдырым ушул экен» деп тагдырга шылтайт?

Дагы бир мисал: ооруган адам даарыгер дайындаган дарыларды каалабаса да ичет жана даарыгер тыюу салган тамактарды – напси каалап турса да – жебейт. Мунун баары шыпаа жана саламаттыкка жетүү үчүн. Белгилүү болгондой, инсан пайдалуу болгон дарыдан баш тартып, же зыян берген тамакты жеп, бул кылыгын тагдырга шылтабайт. Анда эмне үчүн инсан Аллах жана Анын Элчиси буюрган нерсени таштап, же Алар тыюу салган ишти жасап, анан тагдырга шылтайт?

Жетинчиден: Тагдырга шылтап, парздарды таштаган же күнөө иштерди жасаган адамга, бирөө кол салып, мал-мүлкүн тартып алса, же абийирине шек келтирсе, анан тагдырды шылтоолоп: «Мени жемелебе, анткени менин зомбулугум Аллахтын тагдыры менен болду», - деп айтса, анын шылтоосун кабыл кылбайт. Кантип ал башка бирөөнүн ага жасаган зомбулугунда тагдырга шылтоону кабыл албайт да, өзү Аллах Тааланын укугун бузганда ошону тагдырга шылтайт?

Риваят кылынышынча халифа Умар ибн Хаттаптын (Аллах андан ыраазы болсун) алдына бир ууруну алып келишти. Момундардын эмири анын колун кесүүгө өкүм кылды. Анда ууру: «Эй момундардын эмири, шашылба! Мен Аллахтын тагдыры менен уурулук кылгам!" - дегенде халиф «Биз дагы Аллахтын тагдыры менен колуңду кесебиз» - деп жооп берген экен.

Тагдырга ыйман келтирүүнүн чоң пайдалары бар, кээ бирлери төмөнкүлөр:

Биринчи: Себептерди аткарууда себептерге эмес, Аллах Таалага таянуу, анткени, бардык иш Аллахтын тагдыры менен болот.

Экинчиден, адам өз максатына жеткенде менменсинбейт, анткени анын ишке ашуусу – Аллах Таала тарабынан тагдыр кылынган жакшылык жана ийгилик себептери менен болгон нээмат. Ал эми менменсинүү – бул нээмат үчүн шүгүр кылууну унуттурат.

Үчүнчүсү: Тагдырга ишенген адамдын көңүлү бейпил болот. Ал сүйгөн нерсеси болбой калса же жактырбаган иши болуп кетсе «өз майына куурулбайт». Анткени, ал «бардыгы Аллахтын каалоосу – тагдыры менен экен, ушундай болмок жана болду» -деп ишенет. Аллах Таала минтип айткан: Жердеги жана өзүңөрдөгү ар бир апаат-кырсык, Биз аны болтурганыбызга чейин эле (Лавхул-Махфуз деген) китепте жазылып калган. Бул Аллах үчүн жеңил. Ошондуктан, колуңардан кеткен нерсеге кайгырбагыла жана Аллах берген нерсеге кубанбагыла. Аллах ар бир текебер, мактанчаакты жакшы көрбөйт. (Хадид сүрөсү, 22-23 аяттар) Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Момундун ишине таң каламын. Анын бардык иши жакшылык. Мындай момун үчүн гана болот. Эгер ага кубаныч болсо, ага шүгүр кылат. Бул ал үчүн жакшы. Эгер ага зыян болсо, ага сабыр кылат. Бул да ал үчүн жакшы»[22]. [22] (Муслим, «Зухд жана ракаик» китеби, «Момундун бардык иши жакшылык» кичи бөлүмү, 2999).

Тагдырга ыйман келтирүүдө эки тайпа адамдар адашып кетишкен.

Биринчи тайпа: Жабрия жамааты. Алар: «Инсан өз ишине мажбурланат, ал иште анын эч кандай ыктыяры да, кудурети да жок» дешет.

Экинчиси: Кадария, алар мындай деген: Пенде өз иш-аракеттеринде ыктыяр жана кудурет жагынан көз карандысыз, ал эми Аллах Тааланын каалоосу жана кудурети ага эч кандай таасир этпейт.

Биз жабрия тайпасына төмөндө шарият жана реалдуулук далилдери менен жооп беребиз:

Шарияттын далилдери: Аллах пендеге каалоо эркиндигин берип, амал кылууга да кудуреттүү экендигин баяндаган. Аллах Таала айткан: "... силерден кээ бирөөлөр дүйнөнү (олжону), кээ бирөөлөр Акыретти каалайт...". (Аалу Имран, 152-аят). Аллах Таала мындай деген: "Айт: «(Мен алып келген Дин) Раббиңер тарабынан келген Акыйкат. Эми, ким кааласа – момун болсун, ким кааласа – каапыр болсун! Биз залымдарга жалын-дубалдары аларды курчап ала турган тозокту даярдап койдук...". (Кахф сүрөсү, 29-аят). Аллах Таала мындай деген: "Ким жакшы иш жасаса өзүнө пайда. Ким күнөө иш жасаса өзүнө зыян! Сенин Раббиң пенделерге зулум кылуучу эмес". (Фуссилат сүрөсү, 46-аят).

Ал эми реалдуулуктун далили: Ар бир адам өз ыктыяры менен болчу жеп-ичүү, уктап-туруу, соода-сатык сыяктуу иштери менен ыктыярынан сырттагы ысытма болгондо калтыроо, чатырдан кулап кетүү сыяктуу иштердин арасын ажырата алат. Ал биринчи абалда ыктыярдуу, экинчисинде ыктыярсыз.

Кадарияларга да шарият жана акыл-эстен жооп айтып, далил келтиребиз.

Шарияттын далилдери: Аллах бардык нерселердин Жаратуучусу. Бардык нерсе Анын каалоосу менен гана жаралат. Аллах Таала Өз китебинде пенделердин амал-иштери Өзүнүн (Аллахтын) каалоосу менен гана болушун айткан: "... эгер Аллах кааласа, алардан кийинкилер өздөрүнө анык далилдер келген соң өз ара согушпайт болчу. Бирок, каршылашып калышты: алардан ким бирөөсү ыйман келтирди, дагы бирөөлөрү каапыр болду. Эгер Аллах кааласа согушпайт эле. А бирок, Аллах каалаганын жасайт". (Бакара сүрөсү, 253-аят). Аллах Таала мындай деген: "Эгер Биз кааласак, ар бир жанга өз хидаятын (туура жолун) бере алмакпыз. Бирок, Менин: «Бардык (каапыр) инсандар жана (каапыр) жиндер менен тозокту толтурамын!» - деген сөзүм акыйкат (өкүм) болуп калган". (Сажда сүрөсү, 13-аят).

Ал эми акылга келсек: Бүтүн барлык Аллахтын мүлкү. Инсан ушул барлыктын бир гана бөлүгү. Демек, ал дагы Аллахтын мүлкү. Мүлк (кул) кожоюндун уруксаты жана каалоосу менен гана иш аткарат.

*

Ислам ишениминин максаттары.

"Максат" сөзүнүн (араб тилинде) бир нече мааниси бар. Алардын бири: (ок атуу үчүн орнотулган бута).

Ислам акыйдасынын улуу максаттары - аны бекем кармануудан турат. Алар көп түрдүү. Кээ бирөөлөрү төмөндөгүлөр:

Биринчи: Ниет жана ибадатты Аллахтын Өзү үчүн ыклас менен кылуу. Анткени, Аллах шериксиз Жаратуучу. Демек, максат жана ибадат Анын өзү үчүн гана болуш керек.

Экинчи: Акыл жана пикирди ыймансыздыктан келүүчү бей-баш ойлордон тазалоо. Анткени, ишеним-ыймансыз бош жүрөк сезилген, көрүнгөн нерселерге гана сыйынат же ар кандай жалган ишенимдердин жана адашуучулуктардын сазына батып калат.

Үчүнчү: Жан дүйнөлүк жана ой-пикирдик бейпилдик. Жан-дүйнөдө тынчсыздануу жана ой-пикирде баш аламандык болбойт. Анткени, ыйман мусулман кишини өз Раббиси менен байланыштырат. Натыйжада ыймандуу адам Бийик Аллахты, жашоону эрежелештирүүчү кожоюн жана мыйзам түзүп берүүчү Аким деп ыраазы болот. Жүрөгү Аллахтын тагдырынан канаттанат жана ислам динине кенен ачылат. Ал андан башканы каалабайт.

Төртүнчү: Аллах Таалага сыйынууда же адамдар менен мамиле кылууда ниеттин жана амалдын тууралыгы; анткени анын негиздеринин бири - элчилерге ишенүү, бул ниетте жана амалда алардын туура жолун ээрчүүнү камтыйт.

Бешинчи: Иштерде бекемдик жана олуттуулук, ошондо ал сооп үмүт кылгандыктан жакшы иштерди жасоо мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт жана жазадан корккондуктан күнөөлөрдөн алыстайт. Анткени анын негиздеринин бири - кайра тирилүүгө жана амалдар үчүн жаза же сыйлык болоруна ишенет.

Аллах Таала минтип айткан: "Ар бир адамга өзүнүн иштерине жараша даражалар бар. Сенин Раббиң алардын (пенделердин) иштеринен бейкапар эмес". (Анаам сүрөсү, 132-аят). Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) момундарды өз максаттарына жетүүгө төмөнкү сөздөрү менен шыктандырган: «Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллахка жакшыраак жана сүйүктүүрөөк. Алардын экөөсүндө тең жакшылык бар. Өзүңө пайдалуу болгон нерсеге умтул, Аллахтан жардам сура, жана алсыз болбо. Эгер сага бир кайгы-капа жетсе: «Эгер тигиндей кылсам, мындай болоор эле» - деп айтпа». Аллах тагдыр кылыптыр. Ал Өз каалаганын жасайт -дегиле. Анткени, «Эгер» деген сөз шайтандын амалдарына жол ачат». Муслимдин риваяты[23] (23) Имам Муслим: «Тагдыр» китеби, «Күчтүү болууга буйрук, алсыздыкты таштоо, Аллахтан жардам суроо жана тагдырды Аллахка тапшыруу» кичи бөлүмү, 2664.

Алтынчы: Канчалык баалуу же маанисиз болбосун, динин колдоодо жана пайдубалын бекемдөөдө эч бир күчүн аябаган ана ушул жолдо жеткен ар кандай кыйынчылык-зыяндарга көңүл бурбаган күчтүү үммөттү түзүү. Бул тууралуу Аллах Таала мындай деген: "Албетте, Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирип, андан (өз ыйманынан) шек санабаган жана Аллахтын жолунда малдары, жандары менен жихад кылган адамдар гана (ыйманында) чынчыл кишилер". (Хужурат сүрөсү, 15-аят).

Жетинчи: Адамдарды жана жамааттарды оңдоо аркылуу бул дүйнөдө жана акыретте бакытка жетүү, соопторго жана урмат-сыйга ээ болуу. Бул тууралуу Аллах Таала мындай дейт: «Ыймандуу болуп, жакшы амалдарды кылган эркек жана аялдарга Биз жакшы жашоо беребиз жана аларды кылган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен сыйлайбыз». (Нахл сүрөсү, 97-аят).

Булар ислам акыйдасынын максаттарынын айрымдары. Биз Аллах Тааладан аларды бизге жана бардык мусулмандарга насип кылышын тилейбиз. Ал Берешен жана Мээримдүү, ал эми мактоолор ааламдардын Раббисине гана таандык.

Пайгамбарыбыз Мухаммадка, анын үй-бүлөсүнө жана жалпы сахабаларына Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун.

Автордун калеми менен соңуна чыкты.

Ал Мухаммад Салих Усеймин.