Умранын аткарылуу сыпаты (практикалык кыскача түшүндүрмө) Умраны кантип аткарасыз? (Жөнөкөйлөтүлгөн видео сабак) Бул видео умра амалдарын ихрам кийүүдөн баштап, тахаллул болгонго чейин ирети менен жөнөкөй жана түшүнүктүү түрдө баяндайт. Видеону көрүңүз жана умраңызды жеңил жана кемчиликсиз аткарууну үйрөнүңүз! Умранын аткарылуу сыпаты Умраны аткарууну каалаган адамга өзүнө белгиленген мийкаттан (орундан) ихрамга кирүү важиб болот. Мийкаттар: Бул Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллам) белгилеп айтып кеткен орундар. Ажылык же умра үчүн келген адам ошол жерден ихрамга кирүүсү керек. Ушул…
Умранын аткарылуу сыпаты (практикалык кыскача түшүндүрмө)Умраны кантип аткарасыз? (Жөнөкөйлөтүлгөн видео сабак)Бул видео умра амалдарын ихрам кийүүдөн баштап, тахаллул болгонго чейин ирети менен жөнөкөй жана түшүнүктүү түрдө баяндайт. Видеону көрүңүз жана умраңызды жеңил жана кемчиликсиз аткарууну үйрөнүңүз!Умранын аткарылуу сыпаты
Умраны аткарууну каалаган адамга өзүнө белгиленген мийкаттан (орундан) ихрамга кирүү важиб болот.
Мийкаттар: Бул Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллам) белгилеп айтып кеткен орундар.Ажылык же умра үчүн келген адам ошол жерден ихрамга кирүүсү керек.
Ушул мийкаттардын биринен ажылыкты же умраны ниет кылып өткөн адамга ошол жерден ихрамга кирүү важиб болот. Ал жерден ихрамсыз өтүп кетүүгө болбойт.
Ал эми ким бул мийкаттарга караганда Меккеге жакыныраак болсо, мисалы Жидда тургундары сыяктуу:Анда анын мийкаты өзүнүн жашаган жери, ажыга да, умрага да ошол жерден ихрамга кирет.
Ал эми Меккенин тургундары ажылык үчүн Меккедеги өз үйлөрүнөн ихрамга киришет.Ал эми умра үчүн Таниим сыяктуу Хилге (харам чегинен тышкары) чыгып, ошол жерден ихрамга киришет.
Учак менен бараткан адам мийкаттын тушуна келгенде ихрамга кирет.Мийкаттын тушуна келгенге чейин даярданып, ихрам кийимин киет.Мийкаттын тушуна келген кезде, дароо ихрамга ниет кылат.Этияттык үчүн мийкатка жеткенге чейин деле талбия айта берсе болот, анткени учак бат учуп, мийкаттан өтүп кетүү коркунучу бар.Ихрамга кирүүнү аэропортко келип түшкөнгө чейин кечиктирүүгө болбойт.
Ихрамдын сыпаты жана өкүмдөрү
Ихрамга кирүүнү каалаган адам:
1- Ага жуунуу мустахаб.
2- Эркектерге жыттуу нерселерди себинүү мустахаб.Денесине жана сакалына сүртүлөт, ихрам кийимине эмес.
3- Ихрам кийимин кийүү важиб, ал эркектер үчүн изар (астынкы кийим) жана рида (үстүнкү кийим).Алардын ак жана таза же жаңы болуусу сүннөт.
Аял киши өзү каалаган кийими менен ихрамга кире берет, бирок кийим өтө жасалгалуу болбошу керек.Бирок никаб жана колкап кийүүдөн алыс болот.Жүзүн жана эки колун булардан башка нерсе менен жабат.
4- Ихрам – бул амалдарды аткарууга киришүүгө ниет кылуу. Анда мындай деп айтат:«Оо, Аллахым! Сенин чакырыгыңа жооп берип, умра кылууга ниет кылдым»."Лаббайк-Аллахумма умратан"Эгер башка бирөө үчүн умра кылса, анда минтип айтат:«Оо, Аллахым! Сенин чакырыгыңа жооп берип, [баланчанын] атынан умра кылууга ниет кылдым»."Лаббайк-Аллахумма умратан ан фулан".
5- Эгерде ихрамга кирмекчи болгон адам амалдарын толук аткарууга кайсы бир нерсе тоскоол болорунан корксо,анда ихрамды ниет кылган учурда шарт кылып мындай деп айтса болот:«Оо Аллахым, Сенин ыраазычылыгың үчүн умра кылууга ниет кылдым. Эгерде мени бир тоскоолдук (жолдон) тосуп кала турган болсо, анда менин ихрамдан чыга турган жерим — Сен мени токтоткон жер»."Лаббайк-Аллахумма умратан, уа ин хабасани хабисун фамахилли хайсу хабастани."Эгерде ал шарт кылган болсо жана амалдарын толук аткарууга тоскоолдук жаралып калса, ал ихрамдан чыга берет, ага эч кандай жаза каралбайт.
6- Андан соң талбияны көп айтат:"Оо, Аллах! Мына мен Сенин алдыңдамын. Мына мен Сенин алдыңдамын. Сенин эч бир шеригиң жок. Албетте, мактоо, нээмат жана мүлк Сеники. Сенин шеригиң жок.""Лаббайк-Аллахумма лаббайк, лаббайка лаа шарика лака лаббайк, иннал-хамда уан-нимата лака уал-мулк ла шарика лак."Эркек киши үнүн көтөрүп айтат.Аял киши да үнүн көтөрүп айтат, эгер бөтөн эркектердин жанында болбосо.
7- Ихрамга кирген адам ихрамдан чыкканга чейин ихрамда тыюу салынган иштерден сактануусу важиб.
Ихрамда тыюу салынган иштер үчкө бөлүнөт:
Биринчи: эркектерге да, аялдарга да тыюу салынган амалдар:
Дененин кайсы гана бөлүгүнөн болбосун чачты (же түктөрдү) алуу, кыскартуу же жулуу.
Буттун же колдун тырмактарынын баарын же кээ бирлерин алуу.
Денесине жана ихрамда кийген кийимине жыттуу нерселерди сүртүү.
Кургактыктагы жан-жаныбарды өлтүрүү же өлтүрбөсө да уулоо.
Өзүнө же башка бирөө үчүн жуучулук кылуу.
Нике келишимин кылуу.
Жакындык кылбаса да, кумарлануу менен өбүү, кармалоо сыяктуу иштер.
Жыныстык катнаш кылуу.
Экинчи: Эркектерге тыюу салынган амалдар:
Башты ага жабышып турган нерсе менен жаап алуу, мисалы: топу, селде, риданы (үстүнкү кийимди) башына жаап алуу, же жабуу максатында колдонулган ушул сыяктуу башка нерселер.
Дененин формасына жараша тигилген адаттагы кийимдерди кийүү, мисалы: дене мүчөлөрүнө чакталган кийимдер, шым жана көйнөк.
Үчүнчү: Аялдарга тыюу салынган амалдар:
Никаб, паранжа же никаб сыяктуу жүздү жабуучу кийим кийүү. Ал эми жат эркектердин алдында жүзүн мындан башка нерсе менен жабуусу важиб.
Колдоруна колкап кийүү. Ал эми жат эркектердин алдында колдорун (башка нерсе менен) жабуусу важиб.
Умра кылган адам умрасын Каабаны айланып таваф кылуудан баштайт.
Каабаны айланып таваф кылуу үчүн таза, даараттуу болуу шарт.
Ихрамга кирген киши Харам мечитине киргенде оң буту менен кирүүсү сүннөт.Жана мечитке кирердеги дубаны айтат, ал мындай айтылат:«Оо, Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач»."Аллохумма-фтах лий абуааба рахматика."
Каабаны көргөндө талбия айтууну токтотот.
Таваф кылууга киришерде изтиба кылуу сүннөт.Ридасынын ортосун оң колтугунун астынан өткөрүп, эки учун сол ийнине таштайт.Тавафты бүткөн соң ридасын кайра оңдоп, эки ийинин жабат. Анткени идтибаъ кылуу тавафта гана болот.
Таваф кара таштан (хажар асвад) башталат.
Кара ташка оң колу менен барып, аны өбүүсү мустахаб.Эгер өбүүгө мүмкүн болбосо, колу менен сылап, колун өөп коёт.Эгер ага мүмкүн болбосо, жанындагы таяк же ушул сыяктуу нерсе менен тийип, анан ошол нерсени өөп коёт.Эгер ага мүмкүн болбосо, кара ташка жүздөнүп, колу менен ишара кылып коёт, колун өппөйт.Эң жакшысы — адамдарга зыян келтирип жана алардан өзү да ыза көрбөш үчүн элди түртүп-кысып кезек талашпоо.
Ташты кармаганда же ага ишаарат кылганда мындай деп айтуу мустахаб:Аллах Улук."Аллаху акбар."
Андан соң оң тарапка жүздөнүп, Каабаны сол тарабына кылат,ошентип Йемен бурчуна жеткенде колу менен сылайт, бирок өппөйт.Эгер мүмкүн болбосо, тыгын жаратпашы керек, ишаара да кылбайт.
"Оо, Раббибиз! Бизге бул дүйнөдө да, акыретте да жакшылык бер жана бизди тозок азабынан сакта!""Раббанаа аатинаа фид-дуня хасана, уа фил-аахирати хасана, уа кынаа ъазаабан-наар".
Йемен бурчу менен кара таштын ортосунда мынтип айтат:
Кара таштын тушунан ар өткөн сайын колу менен ишаарат кылып:"Аллаху Акбар"- деп айтат."Аллаху акбар".
Ал эми тавафтын башка учурларында өзү каалаган дубаларды жана зикирлерди кылып, Куран окуса болот.
Алгачкы үч айланууда гана ылдамдап басуу сүннөт, эгерде ага мүмкүнчүлүк болсо.Кадамдарды жакын коюп, желип-жортуп басуу менен.Ал эми калган төрт тавафта ылдамдап басуу жок.
Саъй (сафа менен марванын ортосунда жүгүрүү) кылуунун сыпаты
Тавафты бүтүп, эки рекет намаз окугандан кийин саъй кыла турган жерге чыгат.Сафага жакындаганда бул аятты окуйт:"Сафа менен Марва Аллахтын (дининин) белгилеринен."Анан мындай дейт:"Аллах баштаган жерден баштаймын.""Абдау бима бадааллаху бихи."
Андан кийин кыбылага, (Каабага) жүздөнүп мындай деши мустахаб:"Жалгыз Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Анын шериги да жок! Бардык мүлк жана алкыш-мактоолор Аллахка таандык! Ал бардык нерсеге кудуреттүү,Жалгыз Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Убадасын аткарды, пендесине (пайгамбарына) жардам берди, душман топторун жалгыз Өзү жеңди.""Лаа илааха иллаллаху уахдаху лаа шарика лаху, лахул мулку уа лахул хамду, уа хува ала кулли шайин кодир.Лаа илааха иллаллаху уахдаху, анжаза уаъдаху, уа насоро абдаху, уа хазамал ахзааба уахдаху."Муну үч жолу кайталайт жана анын ортосунда дуба кылат.
Андан кийин Сафадан Марвага басып жөнөйт.Жашыл белгилер турган жерге жеткенде эркектер желип-жортуп, чуркап жөнөйт.Экинчи жашыл белгиге жеткенде басат.
Марвага жеткенде, Сафада эмне кылган болсо, бул жерде да ошону аткарат.Такбир айтуу, дуба кылуу, Куран окуу жана Каабага жүздөнүү сыяктуу.
Анан Марвадан Сафага карай басып жөнөйт.Жашыл белгилер турган жерге жеткенде эркектер желип-жортуп, чуркап жөнөйт.Экинчи жашыл белгиге жеткенде басат.
Ушундайча, жети айлампаны толуктаганга чейин (улантат).Сафадан Марвага барганы бир айлампа,кайра Марвадан Сафага кайтып келгени дагы бир айлампа.Сафадан башталып, Марвада аяктайт.
Саъй кылып жүргөндө өзү каалаган дубасын, зикирин айтып, Куран окуса болот.
Чачты кырдыруунун жана кыскартуунун сыпаты:
Умра кылган адам тавафты бүтүп, саъй кылгандан кийин чачын кырдыруусу же кыскартуусу важиб.Чачты кырдыруу же кыскартуу баштын бардык бөлүгүнөн болуусу важиб.
Аял киши чачынын учунан бир бармактын муунундай өлчөмдө кыскартат.
Учак менен келген адамдын ихрамыМийкаттын тушуна келгенге чейинИхрам кийимин кийетТушуна келгендеИхрамга ниет кылатТалбия айтууну баштайтИхрамга кирүүнү аэропортко чейин кечиктирүүгө болбойт.
Ихрамдын сыпаты жана өкүмдөрү
Жуунуу
Атыр себинүү
Аялдардан тышкары, эркектер үчүн гана.ДенеСакалКийимдер
Ихрамдан чыкканга чейинИхрамда тыюу салынган иштерЭркектерге да, аялдарга да арам кылынганӨзүнө же башка бирөө үчүн жуучулук кылууНике келишимиЭркектерге арам кылынганЭркектерАялдарга арам кылынган
Тавафтын сыпатыТаваф кылуу үчүн дааратта болушу шарт кылынат.
Мечитке кирип бараткандагы дуба
Оң бут
ИдтибаИзтиба таваф учурунда ганаТаваф кара таштан башталат.
Йемен бурчу
Эки Йемен бурчу менен кара таштын ортосунда айтылуучу дуба
ЗикирДубаКуран окууРамалдын (ылдам басуунун) шариятта бар экендигиАлгачкы үч айланууда
Макам Ибрахимдин артында намаз окууЭгер мүмкүнчүлүк болсо
“Ибрахимдин ордун ибадат жайы кылып алгыла” (деп буюрдук)."
Саъй кылуунун сыпаты
МарваСафа
Үч жолуЧуркайтБасатЖашыл белгиТакбир айтууКаабага жүздөнүүЖети айлампаСафадан Марвага бир айлампаШавт (айлампа) 1Чачты кыруунун жана кыскартуунун сыпаты
Эркектерге чачты кырдыруу жана кыскартуунун важибтигиБаштын бардык бөлүгүн камтыйтАялдарга чачын кыскартуунун важибтигиАялдар
Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун. Пайгамбарыбыз Мухаммадга жана анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун. Андан кийин: Бул умра ибадатынын аткарылуу сыпаты, өкүмдөрү, жана адептерин камтыган кыскача китепче. Мында көбүнчө умра ибадатын аткарган адамга зарыл болгон маселелерди баяндоого аракет кылдык. Бул эмгегибиз калыс Аллахтын ыраазылыгы үчүн болуп, жалпы мусулмандарга пайдалуу болуусун Аллахтан суранабыз.
Сауд Аравия Королдугундагы "Туруктуу фатва берүү комитетинин" фатвалар томтомунан тандалып, абалга жараша суроолор кыскартылып даярдалган. Биринчи: Жалпы фатвалар Суроо: Атам банктан карызга алган акча менен умра амалын аткарса болобу? Жооп: Ажы же умра амалын өзү үчүн же башка бирөө үчүн аткарууну каалаган адамдын каражаты адал, таза болуусу важыб. Анткени, Аллах Таала таза, тазаны гана кабыл кылат.
Куран жана сүннөттүн негизинде ажылык, умра жана зыяраттарга тиешелүү көптөгөн маселелердин иликтөөсү жана түшүндүрмөсү.
46 тил
Куран жана сүннөттүн негизинде ажылык, умра жана зыяраттарга тиешелүү көптөгөн маселелердин иликтөөсү жана түшүндүрмөсү.
Бул китепте Куран жана Сүннөткө ылайык ажылыктын, умранын жана зыяраттардын өкүмдөрү, ажы жана умранын милдеттери, ихрам учурундагы тыюулар, пайгамбардын мечитин зыярат кылуунун адептери баяндалып, бул ибадаттарды аткаруудагы бидаат амалдар эскертилген.
Ааламдардын Раббисине алкыш-мактоолор айтылсын. Пайгамбарыбыз Мухаммадга үй-бүлөсүнө жана бардык сахабаларына Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун. Андан кийин: Бул ажы ибадаты тууралуу кыскача китепче. Мында ажылык кылган адамга билүүсү зарыл болгон маселелерге токтолууга басым жасадык. Бул эмгегибиз калыс Аллахтын ыраазылыгы үчүн болуп, жалпы мусулмандарга пайдалуу болуусун Аллахтан суранабыз. Киришүү