Көркөм кулк-мүнөздөр
Бул китепчеде Аллахка жана адамдарга болгон мамиледеги жакшы кулк-мүнөз жөнүндө, Аллахтын кабарларын жана өкүмдөрүн ыраазычылык менен кабыл алуунун, ошондой эле Анын тагдырына сабыр кылуунун зарылдыгы айтылат. Ошондой эле, китепчеде пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көркөм өмүр баянынан алынган мисалдар менен бирге, эч кимге зыян тийгизбөө, берешендик, жарык маанай сыяктуу башкалар менен мамиле кылуудагы жакшы кулк-мүнөздүн түрлөрү баяндалат.
This PDF is generated automatically from the book's text; its layout may differ from the printed edition.
Көркөм кулк-мүнөздөр
Урматтуу аалым, шейх
Мухаммад ибн Салих ал-Усеймин
Аллах Таала аны, анын ата-энесин жана жалпы мусулмандарды кечирсин.
Чексиз Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын).
Аллах Таала аны бардык диндерден жогору кылуу үчүн туура жол жана акыйкат дин менен жиберди. Аллах Таала аны Кыяматтын алдында (бейишти) сүйүнчүлөөчү жана (тозокту) эскертүүчү, Аллахтын каалоосу менен Ага (Аллахка) чакыруучу жана нур чачуучу чырак кылып жиберди. Ал элчиликти жеткирди, аманатты аткарды, үммөткө насаат кылды жана ага өлүм келгенге чейин Аллахтын жолунда күрөштү. Аллах Өз пенделеринен каалаганына ийгилик берип, алар анын чакырыгына жооп беришти жана анын туура жолу менен жүрүштү. Ал эми Аллах Өз даанышмандыгы менен пенделеринен каалаганын жардамсыз калтырды, натыйжада алар Ага баш ийүүдөн текеберленишти, анын кабарын жалганга чыгарышты жана анын буйругуна каршы чыгышты. Ошентип, алар зыянга жана терең адашууга дуушар болушту. Чынында, бардык мактоолор Аллахка таандык. Биз Аны мактайбыз, Андан жардам сурайбыз, Андан кечирим тилейбиз жана Ага тообо кылабыз. Напсибиздин жамандыктарынан жана жаман амалдарыбыздан сакта деп Аллахтан паана тилейбиз. Аллах кимди туура жолго баштаса, аны эч ким адаштыра албайт, ал эми кимди адаштырса, аны эч ким туура жолго баштай албайт. Мен Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Ал Жалгыз жана Анын шериги жок экендигине жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк берем.
Андан соң айтарым: Бул жолугушууда [1] жакшы кулк-мүнөз тууралуу сөз кылууну эп көрдүм. [1] Бул жолугушуу "Унайза" илимий институтунун жайкы борборунда болгон.
Аалымдар айткандай, кулк-мүнөз – бул адамдын ички келбети. Адамда эки келбети болот:
Сырткы келбет: бул – Аллах Таала жараткан дененин сырткы жаралыш турпаты. Баарыбыз билебиз, бул сырткы келбеттин сулуу, келишимдүүлөрү бар, көрксүз жамандары да бар. Ошондой эле бул эки сыпаттоого тең кирбеген орточолору да бар.
Ошол сыяктуу ички келбет да жакшы жана жаман болуп бөлүнөт. Бул кулк-мүнөз деп аталат. Демек, кулк-мүнөз – бул, адамдын табиятында жаралган ички келбети.
Кулк-мүнөз тубаса болобу же кийин калыптанабы?
Жооп: Кулк-мүнөздүн тубасасы да жана кийин калыптанганы да болору шексиз. Кулк-мүнөз табигый болгону сыяктуу эле, ал кийин калыптанышы да мүмкүн. Башкача айтканда, адам табиятынан жакшы, көркөм кулк-мүнөз менен жаратылгандай эле, ал кулк-мүнөзгө аракет кылуу жана көнүгүү жолу менен да жетише алат. Ошондуктан пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Абдулкайс уруусундагы Ашажга: «Сенде Аллах жакшы көргөн эки касиет бар: жумшактык жана оор басырыктуулук» дегенде, ал: "Оо Аллахтын элчиси! Мен бул экөөнү өзүмдө калыптандырдымбы же Аллах мени ушул эки касиет менен жараттыбы?" - деп сурады. Аллахтын элчиси: «Жок, Аллах сени ушул эки касиет менен жаратты» - дегенде, ал: "Мени Аллах жана Анын элчиси жакшы көргөн эки касиет менен жараткан Аллахка алкыш-мактоолор болсун!" - деп мактоо айткан [2]. [2] Абу Дауд, «Адеп» китеби, «Кишинин уруусу жөнүндөгү» бап, 5225, Абдулкайс өкүлдөрүнүн курамында болгон Заариънин (ага Аллах ыраазы болсун) хадисинен; Тирмизи, «Жакшылык жана туугандык байланыш» баптары, «Сабырдуулук жана шашылыштык" жөнүндө келген бап, 2011, Ибн Аббастын (аларга Аллах ыраазы болсун) хадисинен
Бул хадис мактоого татырлык, артыкчылыктуу жакшы кулк-мүнөздүн тубаса да, кийин аракет аркылуу да өздөштүрүлгөн болоруна далил. Бирок шек-күмөнсүз, тубаса мүнөз кийин өздөштүрүлгөн мүнөзгө караганда жакшыраак. Анткени, кулк-мүнөз табигый болсо, ал адамдын ажырагыс касиетине жана табиятына айланып, аны амалга ашырууда мээнетке да, жасалмалуулукка да муктаждык жаралбайт. Бирок бул – Аллахтын берешендиги, аны Ал Өзү каалаган пендесине берет. Ал эми ким мындан куру калса – башкача айтканда, тубаса берилген кулк-мүнөздөн куру калса – анда ал ага аракет кылып, өздөштүрүү жолу менен жетише алат. Бул машыгуу жана дайыма амалга ашыруу аркылуу ишке ашат, бул тууралуу, Аллах Таала кааласа, кийинчерээк баяндайбыз.
Бул жерде мындай маселе бар: табиятынан жакшы кулк-мүнөздүү болуп жаратылган киши жакшыбы, же жакшы мүнөздүү болуу үчүн напсиси менен күрөшкөн кишиби? Экөөнүн кимисинин даражасы жогору жана сообу көбүрөөк?
Бул маселеге жооп катары айтарыбыз: Эч шексиз, табиятынан жакшы кулк-мүнөзгө ээ болгон адам, адеп-ахлакты өзүнө сиңирүүсү же анда бул кулк-мүнөздүн бар болуусу жагынан толугураак болуп эсептелет. Анткени ал эч кандай мээнетке жана кыйынчылыкка муктаж болбойт, ошондой эле кээ бир жагдайларда жана орундарда жакшы кулк-мүнөзүнөн ажырап калбайт. Себеби андагы жакшы кулк-мүнөз – бул тубаса касиет жана табият. Ошондуктан, аны кайсы убакта, кайсы жерде, кандай абалада жолуктурбагын, анын кулк-мүнөзү жакшы экенин көрөсүң. Демек, бул жагынан ал эч шексиз толук болуп саналат.
Ал эми адатка айландыруу, аракет кылуу, машыгуу же көнүгүү аркылуу калыптанган кулк-мүнөзгө келсек, инсан напси менен күрөшкөнү үчүн соопко ээ болот, бирок кулк-мүнөздүн кемелдүүлүгү жагынан ал биринчи бөлүккө караганда алда канча кем болот.
Эгерде адамга эки кулк-мүнөз тең тубаса жактан да, кийин калыптанган жактан да насип кылынса, бул мүнөздүн эң толугу болот. Мүнөзгө байланыштуу адамдарды төрт түргө бөлсөк болот:
1 - Жакшы кулк-мүнөздөн куру калган адам.
2 - Табиятынан берилип, бирок ошол табияты менен гана чектелген адам.
3 - Жакшы мүнөз тубаса берилип, аны өз аракети менен арттырган адам.
4 - Табиятынан жакшы мүнөз берилген эмес, бирок ага мээнет менен жеткен адам.
Жыйынтыктап айтканда: жакшы кулк-мүнөзгө карата айтсак, кимге ал табиятынан берилген болсо, ал толугураак болот. Ал эми жакшы кулк-мүнөзгө жетүүдөгү машакат жана оорчулукка келсек, ким ага аракет кылуу жолу менен жетсе, ага күрөшкөндүгү үчүн сооп бар.
Бул жерде бир маселе бар: Куранда жана сүннөттө айтылбаган адеп-ахлактар барбы жана аларды билүүнүн жолу кандай?
Жооп: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Чындыгында мен жакшы кулк-мүнөздөрдү толуктоо үчүн жиберилгенмин». [3] Анткени, Аллах пенделерге жиберген мурдагы шарияттардын баары жакшы кулк-мүнөзгө үндөйт. Ошондуктан илим ээлери жакшы кулк-мүнөз – бул бардык шарияттар талап кылууда бир пикирде болгон нерсе экендигин айтышкан. Ал эми пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул кемчиликсиз толук шариятта жакшы кулк-мүнөздү толугу менен алып келген. [3] Ахмад, 2/381; Байхаки, Сунан ал-Кубра, 10/233, сөзү ага таандык, Абу Хурайранын (ага Аллах ыраазы болсун) хадисинен.
Ушул нерсеге өч алуу маселеси аркылуу бир мисал келтирели: тактап айтканда, эгерде бирөө экинчи бирөөгө карата кылмыш кылса, андан өч алынабы же жокпу? Жөөттөрдүн шариятында өч алуу сөзсүз милдеттүү жана андан баш тартууга болбойт. Ошондой эле анда жапа чеккен адам үчүн эч кандай тандоо жок. Ал эми христиандардын шариятында тескерисинче, башкача айтканда, кечирип жиберүү милдеттүү. Биздин, мусулмандардын шариятында эки жагынан тең толук (ортолукта) болуп келди: анда өч алуу да, кечирип жиберүү да бар. Анткени, кылмышкерди кылмышы үчүн жазалоодо чечкиндүүлүк жана жамандыкты тыюу бар. Ал эми аны кечирип жиберүүдө болсо, сен кечирген адамга карата жакшылык, көркөм мамиле жана кайрымдуулук кылуу бар. Ошентип, биздин шариятыбыз – Аллахка мактоолор болсун – жеткилең болуп келип, укук ээсине кечирип жиберүү менен өч алуунун ортосунда тандоо берди; кечире турган орунда кечирип жиберүүсү үчүн, ал эми өч ала турган орунда өч алуусу үчүн.
*
Жакшы кулк-мүнөздүн орундары
Көптөгөн адамдардын түшүнүгүндө жакшы кулк-мүнөз Жаратканга болгон мамилеге эмес, пенделерге болгон мамилеге гана тиешелүү деп ойлошот. Бирок бул түшүнүк кыска түшүнүк. Анткени, жакшы кулк-мүнөз пенделер менен болгон мамиледе да, Жараткан менен болгон мамиледе да болот.
Демек, жакшы кулк-мүнөздүн орду – бул Улуу, Кудуреттүү Жаратуучуга жана Анын пенделерине мамиле кылуу. Жана мына бул маселеге тереңирээк көңүл буруу зарыл.
Биринчи: Жаратуучу Аллах Таала менен болгон мамиледеги жакшы кулк-мүнөз:
Жаратуучу менен болгон мамиледеги кулк-мүнөз өз ичине үч нерсени камтыйт:
1 - Аллах Тааланын кабарларына ишенип, тастыктоо.
2 - Анын өкүмдөрүн аткарып, ишке ашыруу менен кабыл кылуу.
3 - Анын (жакшы-жана жаман) тагдырларын сабыр жана ыраазылык менен кабыл алуу.
Мына ушул үч нерседе Аллах Таалага карата болгон жакшы кулк-мүнөздүн негизи жатат.
1 - Анын кабарларына ишенүү жана тастыктоо менен кабыл алуу. Мында Аллах Тааланын кабарын тастыктоодо адамда эч кандай шектенүү же экиленүү болбошу керек; анткени Аллах Тааланын кабары илимге негизделген жана Ал айтуучулардын эң чынчылы. Аллах Таала Өзү жөнүндө минтип айткан: "Аллахтан туура сүйлөгөн ким бар...?" (Ниса сүрөсү, 87-аят).
Аллахтын кабарларын тастыктоо үчүн инсан аларга бекем ишенип, аларды коргоп, алар үчун күрөшүүсү зарыл. Бул Аллах Тааланын жана Анын элчисинин кабарларына карата эч кандай күмөн же шектенүү кирбей тургандай даражада болушу керек.
Эгерде пенде ушул кулк-мүнөз менен калыптанса, ал мейли Аллахтын динине анда жок нерсени ойлоп тапкан бидаатчы мусулмандар тарабынан болобу, же мусулмандардын жүрөгүнө түрдүү күмөндү киргизген динсиздер тарабынан болобу, айтор Аллахтын жана Анын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарларына каршы жүз үйрүгөндөр тарабынан келтирилген ар бир күмөндү четке кага алат.
Буга бир мисал: Имам Бухаринин «Сахих ал-Бухари» китебинде, Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадисте пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: «Эгер бирөөңөрдүн суусунуна чымын түшүп калса, аны дагы бир жолу малып, андан соң алып таштасын. Анткени, анын бир канатында оору, ал эми экинчисинде шыпаа бар»[4]. [4] Бухари, «Жаратуунун башталышы» китеби, «Эгер бирөөңөрдүн суусунуна чымын түшүп калса, аны дагы бир жолу малып, андан соң алып таштасын. Анткени, анын бир канатында оору, ал эми экинчисинде шыпаа бар» аттуу бап, 3320, Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадис.
Бул, пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге берген кабары жана бул кайып иштерден. Чынында, ал өз оюнан сүйлөбөйт, Аллах Таала ага аян-кабар берип билдирген нерсени гана айтат. Анткени ал пенде, ал эми пенде кайыпты билбейт. Ошон үчүн Аллах Таала ага мындай деген: "(Мухаммад) айткын: “Мен силерге “Менин алдымда Аллахтын казыналары бар” дебеймин. Дагы мен кайыпты да билбеймин, жана мен силерге “Мен - периштемин” деп да айтпаймын. Мен өзүмө аян-кабар кылынган нерселерди гана ээрчиймин”. (Анаам сүрөсү, 50-аят).
Демек, бул кабарды биз жакшы кулк-мүнөзүбүз менен кабыл алууга милдеттүүбүз. Бул кабарга карата көрсөтүлүүчү жакшы кулк-мүнөз – аны толук кабыл алуу жана ага кимдир-бирөө каршы чыкса да, пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадисте айткандары ак жана чындык экенине бекем ишенүү. Биз Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ишенимдүү түрдө жеткен кабарга тескери келгендин баары жалган экенин анык билебиз. Анткени Аллах Таала мындай деген: "Чындыктан кийин адашуучулуктан башка нерсе келбейт. Кайда бурулуп бара жатасыңар?!" (Юнус сүрөсү, 32-аят).
Дагы башка мисал келтирели: Кыямат күнүнүн кабарларына тиешелүү:
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип кабар берген: «Чынында, Кыямат күнү Күн калайыктын (адамдардын) үстүнө бир милдей жакын келет» [5]. Бул жерде айтылган "мил" сурма койгучтун мили (таякчасы) болобу, же аралыкты өлчөгөн мил болобу, айырмасы жок, Күн менен адамдардын ортосундагы бул аралык абдан кыска экени маалым. Ушуга карабастан, адамдар анын аптабына күйүп кетпейт. Эгер бул дүйнөдө Күн бизге бир эле муун өлчөмүндө жакындаса, жер шары күйүп кетет. [5] Муслим, «Бейиш» китеби, «Кыямат күнүнүн сыпаты» жөнүндө бап, 2864, Микдад ибн аль-Асваддын (ага Аллах ыраазы болсун) хадиси.
Кимдир бирөө минтип айтышы мүмкүн: «Кыямат күнү Күн калайыктын башына ушунчалык жакындаса, адамдар бир көз ирмем да күйүп кетпей аман калабы?!»
Эми бул хадиске карата жакшы кулк-мүнөз кандай болушу керек?
Бул хадиске карата жакшы кулк-мүнөз – бул биздин аны кабыл алуубуз жана тастыктообуз. Көөдөнүбүздө ага экиленүү, кысылуу, кыжаалатчылык болбоосу. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул тууралуу айткандары акыйкат экенин билүүбүз.
Ушундай чоң айырмачылык болгон үчүн, Акырет абалдарын дүйнө абалдары менен салыштыруу мүмкүн эмес. Биз билебиз Кыямат күнү адамдар элүү миң жыл күтүп турушат. Ал эми дүйнөдөгү өлчөм менен алып карасак, кимдир бирөөнүн элүү миң жыл тура алышы мүмкүнбү?
Жооп: Жок, (андай убакыт тура албайт). Демек, айырма чоң экен. Мындай болгон соң, ыймандуу адам буга окшош кабарларды кенен жүрөгү менен беймарал кабыл алат. Ага түшүнүгү кеңейип, жүрөгү ачылат.
2 - Аллахтын өкүмдөрүн кабыл алуу, аткаруу жана амал кылуу: Аллахтын өкүмдөрүнөн эч бирин четке какпоо керек. Эгер Аллахтын өкүмдөрүнөн бирин эле четке какса, анда Аллах Таалага карата жаман мүнөз кылганы. Анын өкүмүн жокко чыгарып четке кагабы, же ага амал кылуудан текеберленип четке кагабы, же амал кылууга кайдыгерлик кылып четке кагабы айырмасы жок. Анткени, бул Аллах Таалага карата болчу жакшы кулк-мүнөзгө карама-каршы келет.
Буга бир мисал келтирели: Рамазан айында биз аткарып жүргөн, напсиге оор сооптуу амалдар. Шексиз, орозо кармоо – напсиге оор. Анткени, адам өзү көнүп калган тамагын, суусундугун жана жыныстык жакындыгын таштайт. Бул – адам үчүн оор. Бирок Аллах Таалага карата кулк-мүнөзү жакшы ыймандуу адам бул милдетти кабыл алат, тагыраак айтканда, бул сыймыкты кабыл алат. Бул – Аллах Тааланын нээматы, аны ал чын дилинен, бейпилдик менен кабыл алат жана буга анын жан дүйнөсү кенен ачылат. Ошентип, анын узун, ысык күндөрү да ыраазы болуп, чын дилинен орозо кармаганын көрөсүң. Анткени ал өзүнүн Раббисине карата жакшы кулк-мүнөздө мамиле кылат. Ал эми Аллахка карата кулк-мүнөзү жаман адам мындай ибадатка нааразы болуп жана жактырбай мамиле кылат. Эгерде ал аягы жакшылык менен бүтпөй турган нерседен коркпогондо (азаптан), орозо кармоого моюн сунмак эмес.
Дагы бир мисал: Намаз. Намаз дагы кээ бир адамдар үчүн оор, айрыкча ал мунафыктар үчүн да оор экени шексиз. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан: «Мунафыктар үчүн эң оор намаз – куптан жана багымдат намаздары» [6]. [6]. Бухари, «Азан» китеби, «Куптан намазын жамаат менен окуунун артыкчлыгы» бабы, 657-хадис; Муслим: «Мечиттер» китеби, «Жамаат намазынын артыкчылыгы» бабы, 651-хадис, Абу Хурайранын (ага Аллах ыраазы болсун) хадисинен.
Бирок намаз ыймандуу пенде үчүн оор эмес. Аллах Таала мындай деген: "Сабыр жана намаздан жардам (кубат) алгыла. Албетте, ал (намаз) оор. Бирок, (Аллахка) кичипейил кишилерге оор эмес". "Алар «Биз Раббибизге жолугабыз жана Өзүнө кайтып барабыз» деп ишенишет". (Бакара сүрөсү, 45-46-аяттар). Намаз мусулмандар үчүн оор эмес, тескерисинче, өтө жеңил. Ошондуктан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Менин көзүмдүн кубанычы намазда кылынды» [7]. [7] Имам Ахмад, 3/128; Насаи: «Аялдар менен мамиле кылуу» китеби, «Аялдарды жакшы көрүү» бабы, 3940, Анастын (ага Аллах ыраазы болсун) хадисинен.
Намазга байланыштуу Аллах Таалага карата көркөм мүнөз – бул намазды жүрөгүң кенен, бейпилдүүлүк менен жана көзүң кубанычта болуп аткарууң. Намазда турганыңда кубанасың, ал эми анын убактысы жакындаганда аны күтөсүң. Эгер багымдат намазын окусаң, бешим намазын окууга умтуласың. Бешим намазын окусаң, дигер намазын окууга умтуласың. Дигер намазын окусаң, шам намазын окууга умтуласың. Шам намазын окусаң, куптан намазын окууга умтуласың. Куптан намазын окусаң, багымдат намазын окууга умтуласың. Ошентип, сенин жүрөгүң дайыма ушул ибадаттарга байланган болот. Шек-күмөнсүз, мунун өзү Аллах Таалага карата болгон көркөм мүнөз болуп эсептелет.
Мамилелердеги үчүнчү мисал: сүткордуктун арамдыгы. Аллах Таала бизге Куранда сүткордукту ачык-айкын арам кылган, бул тууралуу Аллах Таала мындай деген: "Аллах сооданы адал, сүткорлукту арам кылган". Ал жөнүндө дагы мындай деп айткан: "Ал эми, кимге Раббиси тарабынан насаат-баян келсе жана ал токтосо – өткөндөгүсү өзүнө жана иштери Аллахка тапшырылат. Жана ким (сүткорлукка) кайтса – ошолор гана тозокулар жана алар анда түбөлүк калышат!" (Бакара сүрөсү, 275-аят). Ошентип, насаат келип, өкүмдү билгенден кийин ким сүткордукка кайтса, ага тозокто түбөлүк калууну убада кылган. Аллах мындан өзү сактасын!
Ыймандуу адам бул өкүмдү чын көңүлдөн, ыраазылык менен моюн сунуп кабыл алат. А, ыймансыз адам аны кабыл албайт, андан көкүрөгү кысылат. Балким, ар кандай айла-амалдар менен андан айланып өтүүгө аракет кылат. Анткени, биз сүткорлукта анык пайда бар экенин жана анда эч кандай тобокелчилик жок экенин билебиз. Бирок чындыгында, бул бир адам үчүн пайда алып келсе, башкасы үчүн зулумдук болуп саналат. Ошол себептен Аллах Таала мындай деген: "... жана эгер тообо кылсаңар (пайда кошулбаган) акча-мүлкүңөр өзүңөргө. (Ошондо бирөөгө да) зулум кылбайсыңар, силерге да зулум кылынбайт". (Бакара сүрөсү, 279-аят).
3 - Аллах Тааланын тагдыр-өкүмдөрүн ыраазы болуу жана сабыр кылуу менен кабыл алуу: Бул – Аллахка карата болгон көркөм кулк-мүнөздүн үчүнчүсү. Аллах Тааланын макулуктарына тиешелүү тагдырларынын баары эле макулуктарга жага бербестигин баарыбыз билебиз. Анда, Аллах бизге тагдыр кылган иштин баары эле биздин көңүлүбүзгө туура келеби? Башкача айтканда, напсибиз ага ыктап, аны менен макул болобу? Психологиялык (ички) жактан алгандачы? Чынында: Жок.
Мисалы, оору инсанга жакпайт, анткени инсан ден-соолугу чың болушун каалайт.
Ошондой эле жакырлык адам баласына жакпайт. Анткени адам бай болууну жакшы көрөт. Ошондой эле сабатсыздык да адам баласына жакпайт. Анткени адам билимдүү болууну жакшы көрөт. Бирок Аллах Тааланын тагдыры Анын даанышмандыгы менен ар түрдүү болот. Алардын арасында адамга туура келип, табиятына жараша өзүн жайлуу сезгендери бар, андай болбогондору да бар. Демек, Аллах Тааланын тагдырына карата Анын алдында жакшы мүнөздө болуу кандай болушу керек?
Аллахтын тагдырларына карата Аллахка болгон көркөм мүнөз – бул Аллах сага тагдыр кылган нерсеге ыраазы болуу, ага көңүлүңдүн тынч алуусу жана Аллах Таала аны бир даанышмандык жана мактоого татырлык максат үчүн гана тагдыр кылганын, ошондой эле Ал ушул үчүн мактоого жана шүгүр айтууга татыктуу экенин билүү.
Ушундан улам, Аллахка жана Анын жазылган тагдырына карата жакшы мүнөздө болуу – бул адам баласынын ыраазы болуп, Аллахка моюн сунуп жана көңүлү тынч болуусу. Ошондуктан Аллах сабырдууларды мактап минтип айткан: "Сабыр кылуучуларга (бейиштен) сүйүнүчтүү кабарды угуз". "(Аллах тарабынан) бир кырсык (бактысыздык) жеткенде: “Бардыгыбыз Аллахтын мүлкү болобуз жана Анын Өзүнө кайтып барабыз” деген адамдарга…". (Бакара сүрөсү, 155-156-аяттар).
Экинчи: Адамдарга мамиле кылуудагы жакшы кулк-мүнөз:
Ал эми адамдарга карата жакшы кулк-мүнөзгө кээ бирөөлөр аныктама берген, алардын бири Хасан ал-Басри (Аллах ага ырайым кылсын) мындай деп аныктама берген: "Эч кимге зыян бербөө, жакшылык кылуу жана жарык маанайда болуу" [8]. [8]. Ихья улум ад-дин, 3/52-53.
Биринчи: Эч кимге зыян бербөөнүн мааниси – адамдын башкаларга зыян берүүдөн тыйылуусу, мейли бул зыян мал-мүлкүнө, мейли адамдын жанына же ар-намысына тиешелүү болсун. Кимде-ким адамдарга зыян берүүсүн токтотпосо, ал жакшы кулк-мүнөздүү эмес, тескерисинче, жаман мүнөздүү болуп саналат.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтү менен чогулган эң чоң жыйында (коштошуу ажылыгында) мунун арам экендигин жарыя кылып, мындай деген: «Чынында, силердин каныңар, мал-мүлкүңөр, абийириңер бири-бириңерге ушул күнүңөр, ушул айыңар жана ушул шаарыңар сыяктуу ыйык (арам) кылынды» [9]. [9] Бухари, «Ажылык» китеби, «Мина күндөрүндөгү кутпа» бабы, 1741; Муслим, «Ант ичүү» китеби, «Кан төгүүнүн арамдыгынын катаалдыгы» бабы, 1679, Абу Бакранын (ага Аллах ыраазы болсун) хадисинен.
Эгерде адам бирөөлөрдүн мал-мүлкүн тартып алуу менен зыян тийгизсе, же алдап зыян тийгизсе, же кыянаттык кылып зыян тийгизсе, же уруу жана кылмыш кылуу менен зыян тийгизсе, же сөгүү жана гыйбат кылуу менен зыян тийгизсе, анда бул – адамдар менен болгон жакшы кулк-мүнөзгө жатпайт; анткени ал аларга зыян тийгизүүдөн тыйылган жок. Бул иш сага акылуураак болгон адамга карата болсо, күнөөсү да оорлой берет.
Мисалы, ата-энеге жаман мамиле кылуу башкаларга жаман мамиле кылуудан оор. Туугандарга жаман мамиле кылуу бөтөндөргө жаман мамиле кылуудан оор. Кошуналарга жаман мамиле кылуу кошуна болбогондорго жаман мамиле кылуудан оор. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Аллахка ант болсун, ыймандуу боло албайт, Аллахка ант болсун, ыймандуу боло албайт, Аллахка ант болсун, ыймандуу боло албайт» – деген. Сахабалар: «Оо, Аллахтын элчиси, кимди айтып жатасыз?» – деп сурашты. Ал: «Кошунасы анын жамандыгынан аман болбогон адам», – деди [10]. [10]. Бухари, «Адеп» китеби, «Кошунасы анын жамандыгынан аман болбогон адамдын күнөөсү» бабы, 6016, Абу Шурайхтын (ага Аллах ыраазы болсун) хадисинен.
Экинчи: Жакшылык кылуунун мааниси: Арапчадагы «Нада» деген сөз – бул берешендик, жоомарттык, башкача айтканда, берешен болуу жана жоомарттык кылуу. Кээ бир адамдар ойлогондой берешендик мал-мүлк берүү гана эмес. Берешендик – бул, жанды арноодо, кадыр-баркты жумшоодо жана мал-мүлктү берүүдө болот.
Эгерде биз адамдардын муктаждыктарын өтөгөн, аларга жардам берген, алардын иштери боюнча өздөрү жете албагандарга кайрылган, адамдар арасында илимин тараткан жана мал-мүлкүн адамдар арасында сарптаган кишини көрсөк, анда биз аны жакшы кулк-мүнөздүү деп сыпаттайбыз; анткени ал жакшылык кылды. Мына ошондуктан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айткан: «Кайда болсоң да, Аллахка такыба бол! Күнөө иш кылсаң артынан жакшы иш жаса, ал күнөөнү жууп кетет. Адамдарга жакшы кулк-мүнөзүң менен мамиле кыл!» [11]. [11]. Тирмизи, «Жакшылык жана тууганчылык» баптары, «Адамдар менен мамиле кылуу» жөнүндөгү бап, 1987, Абу Заррдын (ага Аллах ыраазы болсун) хадисинен.
Башкаларга жакшы кулк-мүнөз менен мамиле кылуунун дагы бири – эгерде сага зыянын тийгизсе, же жамандык жасаса, аны кечирүүң жана айкөлдүк кылууң. Аллах Таала адамдарды кечиргендерди мактап, Бейиш ээлери жөнүндө мындай деген: "(Такыба кишилер) жокчулук жана бардарчылык мезгилдеринде (бирдей) садака-эхсан кылышат. Ачууларын жутушат жана адамдарга кечиримдүү болушат. Аллах жакшылык кылуучуларды сүйөт". (Аалу Имран сүрөсү, 134-аят).
Аллах Таала дагы мындай деген: "...кечип жиберишиңер такыбага жакыныраак (иш)...". (Бакара сүрөсү, 237-аят).
Аллах Таала дагы мындай деген: "... (аларды) кечирсин жана (жамандыгына) жакшылык менен жооп берсин...". (Нур сүрөсү, 22-аят).
Аллах Таала дагы мындай деген: "Ал эми кимде-ким кечирип, (араны) оңдоп койсо анын сообун Аллах берет". (Шура сүрөсү, 40-аят).
Көпчүлүккө аралашкан ар бир адам, сөзсүз түрдө алардан кандайдыр бир жамандык көрөт. Мындай жамандыкка карата анын мамилеси – аны кечирип коюу жана кечиримдүү болуу. Ал муну билип алуусу зарыл: кечиримдүү болуп, жакшылык менен жооп кайтаруусу аны менен мусулман бир тууганынын ортосундагы душмандыкты достукка айлантат. Аллах Таала минтип айткан: "Жакшылык менен жамандык эч качан тең болбойт! (Сага орой тийгендерге) сылык мамиле менен жооп бер. Ошондо сени менен анын арасында душманчылык бар киши боорукер дос сыяктуу болуп калат". (Фуссилат сүрөсү, 34-аят).
Араб тилин билгендер, (аятта) натыйжа кокус болорун билдирген (إِذَا) колдонулганына маани бергиле. Капыстан болгонду билдирген (إِذَا) анын натыйжасынын дароо жүзөгө ашуусун билдирет. "Ошондо сени менен араңарда душманчылык бар киши (капыстан) боорукер дос сыяктуу болуп калат" (деп жатат). Бирок буга ар кимге эле мүмкүнчүлүк (топук) бериле бербейт, Аллах Таала минтип айткан: "Муну өтө сабырдуу адамдар гана жасай алат. Бул (адептүүлүктөн) чоң үлүш алган адамдын гана колунан келет". (Фуссилат сүрөсү, 35-аят).
Ушундан улам биз, зыян келтирген кишини кечирип жиберүү ар дайым мактоого татыктуу жана буйрук кылынган иш деп түшүнөбүзбү? Бул аяттан ушундай түшүнүлүшү мүмкүн, бирок муну ачыктап койолу: кечирүү жакшыраак болгондо гана кечирип коюу мактоого татыйт. Ал эми жазалоо жакшыраак болсо, анда жазалоо абзелирээк. Ошондуктан Аллах Таала мындай деген: "Ал эми кимде-ким кечирип, (араны) оңдоп койсо анын сообун Аллах берет". (Шура сүрөсү, 40-аят). (Аллах Таала) кечирүүнү оңдоо менен байланыштырып жатат.
Кечирүү оңолууга алып барбай калышы да мүмкүн. Анткени сага зыян берген жана сага каршы чектен чыккан адам, жамандыгы жана бузукулугу менен таанылган киши болушу ыктымал. Эгерде аны кечирип койсоң, ал өзүнүн жамандыгын жана бузукулугун уланта берет. Ошондуктан, мындай абалда жакшысы – аны кылмышына жараша жазалоо. Анткени мында оңдоп-түзөө бар. Шейхул-Ислам Ибн Таймия (Аллах аны ырайымына алсын) мындай деген: «Оңдоп-түзөө – важиб, ал эми кечирүү – мустахаб. Эгерде кечирүү оңдоп-түзөөнү колдон чыгарса, анда мунун мааниси – биз мустахабды важибтен алдыга койгон болобуз. Ал эми шарият мындайга жол бербейт». Ал (Аллах ага ырайым кылсын) туура сөздү айткан.
Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, көптөгөн адамдар жакшылык кылуу максатында жасаган дагы бир маселеге көңүл бурдурайын. Бир адамдын айынан кырсык болуп, анын кесепетинен башка бир адам каза табат да, каза болгон адамдын жакындары келип, кырсык кылган бул күнөөлүүдөн кунду (дияны) кечип жиберишет. Алардын кунду кечип жиберүүсү мактоого татыктуубу жана ал жакшы кулк-мүнөздөн болуп эсептелеби, же мында дагы кеңири түшүндүрмө барбы?
Бул маселеде төмөнкүдөй чоо-жайлар бар: биз бул кырсыкка себепкер болгон адамдын абалын терең ойлонуп, карап чыгуубуз зарыл. Ал шашкалактыгы жана кайдыгерлиги менен таанылган адамдарданбы? Же – Аллах сактасын – «кунун (диясын) төлөп бере алам» деп, бирөөнү сүзүп кетүүгө да кайдыгер караган адамдардын түрүнөнбү? Же сактык жана толук этияттык кылганына карабастан ушул кырсыкка кабылып, бирок бул нерсе Аллах Тааланын ар бир нерсеге белгилеп койгон тагдырына (өлчөмүнө) ылайык болду дейбизби?
Эгерде ал экинчи түргө кирсе, анда кечирип жиберүү жакшыраак. Бирок кечирип жиберүүдөн мурун, ал тургай экинчи түрдө болсо да, төмөнкүгө көңүл буруубуз кажет: маркумдун карызы барбы? Эгерде маркумдун карызы болуп, аны төлөөгө кундан башка эч нерсеси калбаса, анда кечирип жиберүүгө болбойт. Анткени карыз мурастан мурда турат. Эгер биз кечирип жиберген күндө да, кечиргенибиз эсепке алынбайт. Бул маселеге көптөгөн адамдар көңүл бурбай калышы мүмкүн. Биздин муну айтып жатканыбыздын себеби: мураскорлор бул кун алуу укугуна кырсыкка кабылган маркумдан улам ээ болушат жана алардын акысы карыз төлөнгөндөн кийин гана берилет. Ошондуктан Аллах Таала мурас жөнүндө айтканда мындай деген: "(Ушул бөлүштүрүүлөр) маркум тарабынан айтылган осуят-керээзден кийин же болбосо маркумдун карыздарын төлөгөндөн кийин гана аткарылат". (Ниса сүрөсү, 11-аят).
Жыйынтыктап айтканда, адамдарга кечиримдүү болуу – жакшы кулк-мүнөздөн болуп саналат. Ал айкөлдүк кылуунун катарына кирет; анткени айкөлдүк кылуу – бул же берүү, же кечип жиберүү, ал эми кечиримдүүлүк болсо кечип жиберүүдөн болот.
Үчүнчү: Жарык маанай: адамдын жарык маанайда болуусу. Мунун каршысы кабагын бүркөө. Ошондуктан пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан: «Эч бир жакшылыкты кем санаба, эгерде мусулман бир тууганыңа жолуксаң ага жылмаюу менен жүз көрүшүп болсо да (жакшылык кыл)» [12]. [12]. Муслим, «Жакшылык кылуу жана туугандык байланыш» китеби, «Жолугушканда жылмаюу менен жүз көрүшүүнүн мустахабтыгы» бабы, 2626, Абу Заррдын (ага Аллах ыраазы болсун) хадисинен.
Жарык маанай сен жолуккан жана сага кайрылган адамга сүйүнүч тартуулайт. Сүйүү жана махабат алып келет. Ошондой эле сенин да, сен жолуккан адамдын да көңүлүн ачат. Аткарып көр, буга өз көзүң менен күбө болосуң.
Эгер кабагың бүркөө, түнт болсоң, анда адамдар сенден алысташат. Сени менен чогуу отуруудан да, сүйлөшүүдөн да көңүлдөрү ачылбайт. Атүгүл, кан басымы деп аталган коркунучтуу дартка чалдыгып калууң да мүмкүн. Чынында, жүрөктүн тынчтыгы жана жарык маанай – бул дарттын алдын алуучу эң натыйжалуу дарылардан болуп саналат. Ошондуктан дарыгерлер бул ооруга чалдыккандарга ачуусун келтирип, кыжырданткан нерселерден алыс болууну насаат кылышат. Анткени, ал ооруну ого бетер күчөтөт. Ал эми жарык маанай бул ооруну жок кылат. Себеби, адам ушунун аркасы менен жүрөгү тынчтыкка бөлөнүп, элге сүйкүмдүү болот.
Мына ушулар – адамдарга мамиле кылуудагы жакшы кулк-мүнөздүн өзөгүн түзгөн үч негиз.
Адамдар менен болгон жакшы кулк-мүнөздүн катарына достор, туугандар жана үй-бүлө менен жакшы мамиледе болуу да кирет. Аларга тарыбайт жана аларды да кысымга албайт, тескерисинче, Аллахтын шариятынын чегинде мүмкүн болушунча аларга кубаныч тартуулайт. Жана бул шарт сөзсүз эске алынышы зарыл; анткени, адамдардын арасында Аллахка күнөө болгон иштер менен гана сүйүнгөндөр бар, Аллах сактасын. Бул нерседе биз аларга макул болбойбуз, бирок, сени менен мамиледе болгон үй-бүлөңө, досторуңа жана туугандарыңа шарият чегинде кубаныч тартуулоо – жакшы кулк-мүнөзгө кирет. Ошондуктан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Силердин эң жакшыңар — өз үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиле кылганыңар. Ал эми мен — силердин араңарда үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиле кылганыңармын» [13]. [13]. Тирмизи, «Манакиб» китеби, «Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдарынын артыкчылыгы» бабы, 3895, Айша энебиздин (ага Аллах ыраазы болсун) хадиси; Ибн Мажа, «Нике» китеби, «Аялдарга жакшы мамиле кылуу» бабы, 1977, Ибн Аббастын (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) хадиси.
Тилекке каршы, көптөгөн адамдар башкаларга жакшы кулк-мүнөзүн көрсөтөт, бирок өзүнүн үй-бүлөсүнө жакшы кулк-мүнөз менен мамиле кылбайт. Бул ката жана акыйкатты бурмалоо. Кантип эле сен бөтөн адамдарга жакшы кулк-мүнөз көрсөтүп, ал эми жакындарыңа жаман кулк-мүнөз көрсөтөсүң?! Мүмкүн: «Мен жакындарым менен ортобуздагы тартынууну жана жасалма сылыктыкты алып салууда эч кандай ыңгайсыздык көрбөйм, ошондуктан аларга жаман кулк-мүнөзүмдү көрсөтө берем», - дейт. Анда биз: «Бул туура эмес. Себеби жакындарың – адамдардын ичинен сенин аларга эң жакшы мамиле кылып, жакшы шерик болууңа эң акылуу адамдар», - деп жооп беребиз. Ошондуктан, бир киши пайгамбардан: Оо, Аллахтын элчиси, адамдардан менин жакшы мамилеме акылуусу ким? - деп сураганда, ал: «Энең» - деп жооп берген. Андан кийинчи? - деди тиги. Ал дагы: «Энең» - деп кайталады. Андан кийинчи? - деп дагы сурады тиги. Ал дагы: «Энең» - деди. Андан кийинчи? - деди. Ал: "Атаң" - деди [14]. [14]. Бухари, «Адеп» китеби, «Адамдардын ичинен жакшы мамиле кылууга ким акылуу» бабы, 5971; Муслим, «Жакшылык кылуу, тууганчылыкты чыңдоо жана адептер» китеби, «Ата-энеге жакшылык кылуу жана алардын эң татыктуу экендиги» бабы, 2548, Абу Хурайранын (ага Аллах ыраазы болсун) хадиси.
Кээ бир адамдарда абал тескерисинче, энесине жаман мамиле жасап, аялына жакшы мамиле кылганын көрөсүң. Ошентип, ал аялына жакшы мамиле кылууну энесине жакшылык кылуудан жогору койот.
Жыйынтыктап айтканда: Үй-бүлөгө, досторго жана жакындарга жакшы мамиле кылуунун баары жакшы кулк-мүнөздөн болуп саналат.
Биз бул жайкы борборлордогу жаштардын катышуусун пайдаланып, аларды жакшы адеп-ахлакка көнүктүрүп, үйрөтүшүбүз зарыл. Бул – аталган борбордун окутуу жана тарбиялоо борборуна айланышы үчүн маанилүү. Анткени тарбиясыз илимдин пайдасына караганда зыяны көбүрөөк болушу мүмкүн. Ал эми илим тарбия менен айкалышканда гана өзүнүн көздөлгөн натыйжасын берет. Ошол себептен Аллах Таала мындай деген: "Аллах Китеп, өкүм жана пайгамбарлык бергенден кийин ал адам элдерге карап: “Аллахты таштап, мага кул болгула” деп айтуусу мүмкүн эмес. Бирок, ал: “Силер китептен таалим бергениңер жана дарс кылып окуганыңар боюнча, жалгыз Рабби - Аллахка ибадат кылуучу болгула!” деп буюрат". (Аалу Имран сүрөсү, 79-аят).
Илимдин пайдасы мына ушунда: адам кудайчыл болот, башкача айтканда, Аллахтын пенделерин Аллахтын шариятына ылайык тарбиялаган инсанга айланат. Ошондуктан, биз бул борборлорду башкарып жаткандардан аларды көркөм адеп-ахлакта, анын ичинде жакшы мүнөздө жарыша турган майданга айлантуусун үмүт кылабыз.
Биз башында жакшы кулк-мүнөз тубаса жана аракет менен калыптанарын, ошондой эле тубаса жакшы кулк-мүнөз аракет менен калыптанган жакшы кулк-мүнөзгө караганда толугураак болорун айтып өткөнбүз. Буга далил да келтиргенбиз, ал – пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ашаж Абдулкайска айткан сөзү болчу: «Жок, Аллах сени ушундай табиятта жараткан» [15]. [15]. Абу Дауд, «Адеп» китеби, «Кишинин уруусу» бабы, 5225; Абдулкайс өкүлдөрүнүн курамында болгон Заариьнин (ага Аллах ыраазы болсун) хадиси; Тирмизи, «Жакшылык жана туугандык байланыш» баптары, «Сабырдуулук жана шашылыштык жөнүндө» бап, 2011, Ибн Аббастын (ага Аллах ыраазы болсун) хадиси.
Анткени тубаса жакшы кулк-мүнөз адамдан жоголбойт, ал эми аракет менен калыптанган жакшы кулк-мүнөз көп учурда кайра жок болуп кетиши мүмкүн. Себеби ал тынымсыз көнүгүүгө, күч-аракетке жана адамдын ачуусун келтирген ар бир кырдаалда аны эске түшүрүп турууга муктаж болот. Бир киши Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: «Оо, Аллахтын элчиси, мага насаат бериңиз» - дейт. Ал: «Ачууланба» - дейт. Андан кийин кайра-кайра сураганда пайгамбарыбыз: «Ачууланба» - деп кайталады. [16]. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Күрөштө жеңген адам күчтүү эмес. Ачууланганда өзүн кармай билген адам күчтүү» [17]. [16]. Бухари, «Адеп» китеби, «Ачуулануудан сактануу» бөлүмү, 6116, Абу Хурайранын (ага Аллах ыраазы болсун) хадиси. [17]. Бухари, «Адеп» китеби, «Ачуулануудан сактануу» бабы, 6114; Муслим, «Жакшылык кылуу, тууганчылыкты чыңдоо жана адептер» китеби, «Ачуусу келгенде өзүн кармай билген адамдын артыкчылыгы» бабы, 2609, Абу Хурайранын (ага Аллах ыраазы болсун) хадиси.
(Хадистеги сөздүн араб тилинде чечмелениши) Ал эми «суроа» (күрөшүүчү): ал адамдарды күрөшүп жыккан адам, «хумаза» жана «лумаза» (вазны) сыяктуу. «Хумаза» адамдарды шылдыңдаган адам, ал эми «лумаза» адамдардын айыптарын чукуган адам. Демек, күчтүү адам бирөөлөрдү күрөштөн жыгып, жеңген адам эмес. «Ачууланганда өзүн кармай билген күчтүү». [18] Ачууланганда напсисин жеңип, өзүн кармай билген адам чыныгы күчтүү. Ал эми ачууланганда адамдын өзүн кармануусу жакшы кулк-мүнөздөн болуп эсептелет. [18] Бухари, «Адеп» китеби, «Ачуулануудан сактануу» бабы, 6114; Муслим, «Жакшылык кылуу, тууганчылыкты чыңдоо жана адептер» китеби, «Ачуусу келгенде өзүн кармай билген адамдын артыкчылыгы» бабы, 2609, Абу Хурайранын (ага Аллах ыраазы болсун) хадиси.
Ачууң келгенде, ачууңду сыртка чыгарба, каргышка калган шайтандан сакта деп Аллахтан паана тиле. Эгер тике турган болсоң, отура кал. Эгер отурган болсоң, жатып ал. Эгер ачууң күчөсө, туруп даарат ал, ошентип ачууң тарайт.
Жыйынтыктап айтканда: Тубаса жакшы кулк-мүнөз, аракет менен калыптанган жакшы кулк-мүнөзгө караганда артык; анткени, ал адамдын табигый мүнөзү болот жана бардык жагдайда ага оңой болот. Ал эми аракет менен калыптанган мүнөз кээ бир жагдайларда аткарылбай калышы мүмкүн.
Ошондой эле дагы айтарыбыз: жакшы кулк-мүнөз аракет кылуу менен калыптанат, башкача айтканда, адам өзүн көндүрүп тарбиялайт. Ошентип адам бир катар иштер аркылуу жакшы кулк-мүнөздүү болот, алардын айрымдары булар:
Биринчи: Аллахтын китебине жана Анын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтүнө кароосу зарыл. Мында көркөм кулк-мүнөздү мактаганга далил болгон аят-хадистерге көңүл бурат. Эгерде ыймандуу пенде кайсы бир кулк-мүнөздү же иш-аракеттерди мактаган аят-хадистерди көрсө, анда ал аны аткарат.
Экинчи: Жакшы кулк-мүнөзү менен белгилүү болгон адамдар менен дос болуу керек. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сөзүндө буга ишаарат кылып айткан: «Жакшы жана жаман адам менен отуруунун (шерик болуунун) мисалы – атыр саткан жана көөрүк үйлөгөн (темир устанын көөрүгүн үйлөгөн) адам менен отуруу сыяктуу. Атыр саткан адам же сага атырынан белек кылат, же сен андан сатып аласың, же андан жагымдуу жыпар жыт сезесиң. Көөрүк үйлөгөн адам сенин кийимиңди күйгүзөт, же андан жагымсыз жытты табасың» [19]. [19] Бухари, «Союу жана аңчылык» китеби, «Миск» бабы, 5534; Муслим, «Жакшылык жана тууганчылык» китеби, «Салихтер менен бирге отуруунун мустахаптыгы» бабы, 2628, Абу Муса ал-Ашариден (ага Аллах ыраазы болсун) келген хадис.
Бардык жаштар жакшы кулк-мүнөзү менен таанылган адамдарга аралаш жүрүүсү керек. Ошондой эле жаман мүнөздөн жана төмөн иш-аракеттерден алыс болуулары зарыл. Ошентип, алар бул бирге болуудан жакшы кулк-мүнөзгө ээ болууда өздөрүнө жардам бере турган сабакты алышат.
Үчүнчү: Инсандын жаман кулк-мүнөздөн эмне келип чыгарына ой жүгүртүүсү; жаман кулк-мүнөздүү адам жек көрүндү болот. Жаман кулк-мүнөздүү адам элден четтетилет. Жаман кулк-мүнөздүү адам жаман сыпат менен эскерилет. Эгерде инсан жаман кулк-мүнөз аны ушуга алып барарын билсе, анда ал андан оолак болот.
*
Аллахтын элчиси (ага Аллах ыраазы болсун) мыкты өрнөк
Биз үчүн Аллахтын элчисинде сонун үлгүлөр бар. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жаратылгандардын ичинен кулк-мүнөзү эң жакшысы. Аллах Таала ал жөнүндө мындай деген: "Сен мыкты кулк-мүнөздүн ээсисиң". (Калам сүрөсү, 4-аят). Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) доорунда болуп өткөн окуялар анын жакшы кулк-мүнөзүнө далил болот. Атүгүл, ал жаш балдарга да жакшы кулк-мүнөздүү болчу; аларга мээрим төгүп, алар менен ойночу жана жаш балдардын бирине мындай деген: «Оо Абу Умайр, эмне болду Нугайр?» [20] Абу Умайр – кичинекей баланын лакап аты. Анын "нугайр" деген, таранчыга окшогон кичинекей чымчыгы бар эле. Ошол "нугайр" өлүп калып, бала ага кайгырып, отурганда пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны эркелетип (уйкаштырып): «Оо Абу Умайр, эмне болду Нугайр?» – деди. [20] Бухари, «Адеп» китеби, «Адамдарга ачык-айрым болуу» бабы, 6129; Муслим: «Адептер» китеби, «Жаңы төрөлгөн наристеге тахник кылуунун мустахабдыгы» бабы, 2150, Анастын (ага Аллах ыраазы болсун) хадиси.
Чөлдүк бир киши келип, мечитке заара кыла баштады. Бул кылыгы адамдарга катуу тийип, аны жекирип, кыйкыра башташты эле, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларды тынчтандырды. Тиги заара кылып бүткөн соң, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир чака суу алып келип, аны зааранын үстүнө куюуну буйруду. Андан соң чөлдүк кишини чакырып, ага мындай деди: «Чындыгында, бул мечиттерге ыпластык же кир нерселердин эч бири жарашпайт (жарабайт). Алар намаз окуу жана Куран окуу үчүн гана [курулган]» [21]. Же пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткандай. [21]. Бухари, «Даарат» китеби, «Зааранын үстүнө суу куюу» бабы, 221; Муслим, «Тазалык» китеби, «Заараны жууштуктун милдеттүүлүгү» бабы, 285, Анастан (ага Аллах ыраазы болсун) келген хадис.
Бул окуяда жакшы кулк-мүнөздүн белгиси ачык көрүнүп турат. Ал бул чөлдүктү жемелеген жок жана аны урууга буйрук берген жок. Тескерисинче, ал заара ушатып бүткөнгө чейин аны тек койду. Андан соң ага мечиттер ал кылган ишке жарабай тургандыгын, мечит намаз окуу, зикир кылуу жана Куран окуу үчүн экенин түшүндүрдү.
Рамазан айында ага бир адам келип: «Оо Аллахтын элчиси, мен өлдүм!» - деп калды. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: «Сага эмне болду?» - деди. Тиги: «Рамазанда орозо учурумда, (күндүзү) аялыма жакындап койдум» - деди. Ошондо аны жемелеген да, урушкан да жок, тескерисинче ага: «Азат кылууга бир кул таба аласыңбы?» - деди. Ал: «Жок» - деди. (Пайгамбар) «Удаасы менен эки ай орозо кармай аласыңбы?» - деди. Тиги: «Жок» - деди. (Пайгамбар) «Алтымыш жардыны тойгузууга бир нерсе таба аласыңбы?» - деди. Тиги: «Жок» - деди. Бир азга отургандан кийин, пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир себет курма алып келишти. Аны тиги кишиге берип: «Муну садака кылып жибер» - деди. Тиги киши: «Бизден да жардыраак адамгабы?! Бул эки кара таштуу тоонун ортосунда бизден өткөн муктажыраак эч ким жок!» - деди. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) азуу тиштери көрүнгөнчө күлдү да, анан: «Баргын да, муну менен өз үй-бүлөңдү тойгуз» - деди [22]. [22] Бухари, «Орозо» китеби, «Рамазанда жыныстык катнашка барып, эч нерсеси жок адамга садака берилсе, кафарат кылсын» бабы, 1936; Муслим, «Орозо» китеби, «Орозо кармаган адамга Рамазандын күндүзүндө жыныстык катнашка баруунун катуу арам кылынгандыгы» бабы, 1111, Абу Хурайранын (ага Аллах ыраазы болсун) хадиси.
Бул окуяда пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакшы кулк-мүнөзү ачык-айкын көрүнүп турат. Анткени ал бул адамды урушпады, сөкпөдү жана жемелебеди. Бул анын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кичипейилдүүлүгүнөн жана даанышмандыгынан болду. Себеби ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул адамдын өкүнүп, тообо кылып жана коркуп келгенин көрүп, аны жемелөөгө татыксыз деп билди, тескерисинче, ага чындыкты түшүндүрүп, жумшактык менен мамиле кылууну туура көрдү.
Маселе: Көптөгөн адамдар батыш элинин өз ара мамилелеринде жана соода-сатыгында кулк-мүнөзү жакшыраак экенин айтышат. Ал эми биздин, мусулмандардын катарында алдамчылыкты, жалганчылыкты жана жалган ант ичүү менен буюм сатууну кезиктиресиң. Мунун себеби эмнеде? Алардын өнөр жай цивилизациясынын кулк-мүнөздүн калыптанышына таасири барбы?
Жооп: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Эгерде адамдарга доомат артканы бериле берсе, анда адамдар башкалардын кан-жанын, мал-мүлкүн доомат менен талап кыла бермек. Андыктан, доомат кылган киши күбө-далил алып келиши керек» [23]. Адамдардын арасында батыштагылардын мамилесинде жакшы кулк-мүнөз бар деп таралган пикир туура эмес. Анткени алардын жаман мамилесин аларга барган, ошондой эле аларга улуктоо жана суктануу көзү менен эмес, адилеттүүлүк жана калыстык көзү менен карагандар билет. Бир акын мындай деген: "Ыраазычылык көз кемчиликти көрбөй калат *** Нааразычылык көз жамандыкты ачык кылат [24]. [24]. ал-Хайаван лил-Жаахиз, 3/226; Уюн ал-Ахбар, 3/16; ал-Икд ал-Фарид, 2/194 [23] Бухари, «Куран тафсири» китеби, «Ал эми, Аллахка берген убадаларын жана анттарын арзыбаган баага сатып жиберген кишилер үчүн насип жок...» [Аали Имран: 77] деген аят тууралуу бап, 4552; Муслим, «Сот өкүмдөрү» китеби, «Доо коюлган адамдын ант ичүүсү» бабы, 1711, Ибн Аббастын (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) хадиси.
Батышка барып келген көптөгөн жаштар мага эң жаман кулк-мүнөзгө жаткан иш-аракеттер жөнүндө айтып беришти. Алар соода-сатыкта насыйкат кылууга тийиштүү нерселерде насыйкат менен мамиле кылышса, бул алардын жакшы кулк-мүнөздө болгону үчүн эмес, алардын материалдык байлыктын кулу болгону үчүн. Адам бул иштердеги өз ара мамилелеринде канчалык насыйкат, жумшактык менен мамиле кылса, адамдар ага ошончолук көп тартылып, товарын сатып алуу жана өткөрүү ошончолук тез болот.
Демек, алар муну кулк-мүнөздөрү толук болгондугу үчүн жасашпайт, тескерисинче, алар материалдык пайда көздөгөн адамдар. Алар бул иштери кабыл болушу үчун, өздөрүнүн мал-мүлктөрүн көбөйтүү үчүн адамдарга жакшы мамиле кылууну эң чоң жарнама (үгүт) деп билишет. Антпесе, алар Улуу жана Кудуреттүү Аллах Өз сөзүндө сыпаттагандай эле: "Китеп элдери жана мушриктерден болгон каапырлар тозок отунун ичинде! Ал жерде түбөлүк калышат! Алар (чындыкты билип туруп жүз бурганы себептүү) жаратылгандардын эң жаманы!" (Баййина, 6-аят). Аллах Тааланыннын каапырларды сыпаттаганынан өткөн чынчыл сыпаттоону эч ким бере албайт деп ишенем; алар – жаратылгандардын эң жаманы. Аллах аларды жаратылгандардын эң жаманы деп сыпаттап жатса, анан кантип ал коомдон чыныгы жакшылыкты үмүт кылууга болот? Мындай нерсе эч качан болбойт деп ишенем. Бирок, алардын бул мамилелеринде байкалган чынчылдык, ачыктык жана насааттуулук – алар үчүн башка максатты көздөйт. Ал максат – атак-даңкка жана пайдага жетүү. Антпесе, кимде-ким алардын көптөгөн учурларда макулуктарга, адамдарга кылган зулумдугун, зомбулугун жана чектен чыгуусун көрсө, Аллах Тааланын төмөнкү сөзүнүн акыйкаттыгын түшүнөт: "Аллар жаратылгандардын эң жаманы!"
Ал эми көптөгөн мусулмандардын өз ара мамилелеринде орун алган алдамчылык, калп айтуу жана кыянат кылуусуна келсек, булардын Исламы жана ыйманы ушул нерселерди шариятка канчалык каршы кылганына жараша кемий берет.
Кээ бир мусулмандардын ушул сыяктуу иштерде шариятка каршы келип, анын алкагынан чыгып кетүүсү шарияттагы кемчилик дегенди билдирбейт. Анткени, шарият – кемчиликсиз, толук. Булар баарынан мурда өздөрүнө, андан соң Ислам шариятына, андан кийин мусулман бир туугандарына, ошондой эле өздөрү мамиле кылган мусулман эместерге доо кетирген адамдар. Чынында, алар өздөрүнө гана зыян тийгизишти. Акылдуу адам амал кылуучунун кемчилигин ал адам өзү таандык болгон шарияттын кемчилиги деп эсептебейт.
Ошондуктан, мен бардык мусулмандардан Ислам туура көрбөгөн жалганчылык, кыянаттык, көз боёмочулук, алдамчылык жана ушул сыяктуу иштерге каршы күчтүү күрөш жүргүзүүсүн үмүт кылам.
Маселе: Кайсынысы жакшыраак: дини кемчил, бирок кулк-мүнөзү жакшы адамбы, же шариятты дээрлик толук карманган, бирок кулк-мүнөзү начар адамбы? Мунун пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү сөзү менен кандай байланышы бар: «Жакшы кулк-мүнөз бул дүйнөнүн жана акыреттин жакшылыгын алып кетти» [25]. Жана анын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Умму Саламага берген жообунда кандай байланышы бар? [25]. Абд ибн Хумайд, Муснадында, 1210; Хараити, Макаарим ал-Ахлак, 50; Табарани, Ал-Кабиир, 23/223, Анастан (ага Аллах ыраазы болсун) келген хадис
Жооп: Кулк-мүнөздүн толук болуусу диндин толук болуусунан экенинде шек жок. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Момундардын ыйманы толугу – кулк-мүнөзү жакшысы» [26]. [26]. Абу Дауд, «Ас-сунна» китеби, «Ыймандын көбөйүшүнө жана азайышына далил» бабы, 4682; Тирмизи: «Эмизүү» китеби, «Аялдын күйөөсүндөгү акысы тууралуу» бабы, 1162; Абу Хурайранын (ага Аллах ыраазы болсун) хадиси
Демек, кимдин кулк-мүнөзү кемчиликтүү болсо, анын дини да кемчиликтүү болот, анткени диндин толуктугу кулк-мүнөздүн толуктугу менен. Биз баяндагандай, жакшы кулк-мүнөз Жаратуучуга жана Анын пенделерине болгон мамиледе көрүнөт. Ушундан улам, кулк-мүнөздүн толуктугу диндин толуктугу менен болору айкын көрүнүп турат. Ошондуктан, кулк-мүнөзү толук адамдын башкаларды Исламга жана динге алып келүүдөгү таасири диндар, бирок жаман кулк-мүнөздүү адамдын таасиринен чоңураак болот. Эгерде ибадатка бекем адамга жакшы кулк-мүнөздүү болуу насип этилсе, бул эң толук даража. Ал эми жеке ибадатында бекем, бирок жаман кулк-мүнөздүү артыкчылыгын баалоо – бул так өлчөөгө мүмкүн болбогон иш.
Аллахтан бизди жашыруун жана ашкере иштерибизде Анын китебин жана Анын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтүн кармануучулардан кылуусун, ошол абалда жаныбызды алуусун, дүйнөдө жана акыретте бизди Өз камкордугуна алуусун, бизди туура жолго салгандан кийин жүрөктөрүбүздү андан бурбоосун жана Өзү тараптан бизге ырайым тартуулоосун сурайбыз. Албетте, Ал – эч нерсени аябаган Берешен.
*
Related books
All books
Ислам - Аллахтын бардык пайгамбарларынын дини.85 тилИслам - Аллахтын бардык пайгамбарларынын дини.
Ислам бул - бүт жаратылышты жаратып, башкарып турган Аллахка өзүн багыштоо. Аны жакшы көрүү жана урматтоо менен баш ийүү. Исламдын негизи - Аллахка ыйман келтирүү. Ал бардык нерсенин Жаратуучусу, башкалардын баары жаратылгандар. Ал жалгыз Өзү, теңдеши жана шериги жок ибадатка татыктуу. Ибадатка татыктуу Анын Өзүнөн башка сыйыныла турган нерсе жок. Анын көркөм ысымдары жана бийик сыпаттары бар. Ал бардык жагынан толук, Анда кемчилик болбойт. Ал тууган да, туулган да эмес, ага теңдеш да, окшош да жок. Өзү жараткан нерселердин биринин да ичине кирбейт жана анын сүрөтүндө да болбойт. Ислам дини…
الإسلام دين رب العالمين
Пайгамбардын ﷺ намазынын баяны79 тилПайгамбардын ﷺ намазынын баяны
Ардактуу шейх Абдулазиз ибн Баз, Аллах аны ырайымына алсын, "Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, намазынын баяны" аттуу китебинде Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, намазынын сыпатын, мусулманга намаз окуусунда жол көрсөткүч болуусу үчүн, сахих далилдерге таянып, жеңил жана так ыкма менен кыскача баяндаган. Ал өз китебинде намазга даарат алуудан баштап салам берүүгө чейинки түркүктөрүн, сүннөттөрүн жана сыпаттарын баяндап, далил менен түшүндүрмөнү айкалыштырып, эң улуу ибадатта Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, толук ээрчүүгө чакырат.
الشهادتين78 тилالشهادتين
Эгер Исламга кирүүнү кааласаңыз, төмөнкү күбөлүк келмесин угула тургандай үн менен айтууңуз зарыл: Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине күбөлүк берем! Ашхаду ал-лаа илааха иллаллах Мухаммад Аллахтын элчиси экендигине күбөлүк беремин,