18 : 110
قُلۡ إِنَّمَآ أَنَا۠ بَشَرٞ مِّثۡلُكُمۡ يُوحَىٰٓ إِلَيَّ أَنَّمَآ إِلَٰهُكُمۡ إِلَٰهٞ وَٰحِدٞۖ فَمَن كَانَ يَرۡجُواْ لِقَآءَ رَبِّهِۦ فَلۡيَعۡمَلۡ عَمَلٗا صَٰلِحٗا وَلَا يُشۡرِكۡ بِعِبَادَةِ رَبِّهِۦٓ أَحَدَۢا
Айткын: «Мен силер сыяктуу эле кишимин. (Болгон айырмачылыгыбыз) мага (Раббимден мындай деген) аян-кабар жиберилет: «Силердин кудайыңар – Жалгыз Кудай. Ким Раббисине (бактылуу абалда) жолугууну кааласа, (Аллахтын шариятына ылайык) жакшы амал кылып, Раббисине ибадат кылганда (Ага) эч кандай шерик кошпосун!»
Explanation & meanings · 1
- Мусулман пенде ибадат кылганда рия (эл көрсүн) жана сумьа (эл уксун) үчүн жасаса кичинекей ширк болот. Рия жана сумьа аралашпаган, Аллахтын гана ыразылыгын көздөп жасалган ибадаттарга «ыклас менен жасалган ибадат» деп аталат. Дал ушундай ибадаттар гана өз ээсин Акыретте бактылуу кылат.