Skip to content
الفَاتِحة /

Аят 5

1 : 5
الفَاتِحة Аяттар 7
1 : 5

إِيَّاكَ نَعۡبُدُ وَإِيَّاكَ نَسۡتَعِينُ

Жалгыз Сага гана сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз!

Explanation & meanings · 1
  1. Аллах таала «Фатиха» сүрөсүнүн ушул аятынан баштап, сүрөнүн акырына чейин момун мусулмандардын атынан сүйлөйт. Мусулман адамдар күнүмдүк беш убак намаздарында «Фатиха» сүрөсүн 32 жолу кайталап окушат. Демек, алар Аллахка күнүнө 32 ирет «Жалгыз Сага гана сыйынабыз, Сенден гана жардам сурайбыз» деп ант беришет.