"Аллахым, Сенден дүйнө жана акыреттин амандыгын (жакшылыгын) сураймын.
Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эртең менен да кечинде да бул дубаны калтырбай, дайыма айтчу: "Аллахым, Сенден дүйнө жана акыреттин амандыгын (жакшылыгын) сураймын. Аллахым, Сенден динимде, дүйнө жашоомдо, үй-бүлөмдө жана мал-мүлкүмдө кечирим жана амандык (жакшылык) сураймын. Аллахым, менин кемчилик-айыбымды (бардык айып-кемчилигимди) жашыр жана жүрөгүмдү тынч кыл. Аллахым, мени бет алдымдан келүүчү, артымдан келүүчү, оң жак, сол жагымдан келүүчү, үстүмдөн келүүчү жамандыктардан сакта. Мен Сенин улуулугуң менен астымдан келе турган жамандыктан (кайдыгер өлүмдөн) сактанам".
لَمْ يَكُنْ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَدَعُ هَؤُلَاءِ الدَّعَوَاتِ، حِينَ يُمْسِي وَحِينَ يُصْبِحُ: «اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ الْعَافِيَةَ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ، اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ الْعَفْوَ وَالْعَافِيَةَ فِي دِينِي وَدُنْيَايَ وَأَهْلِي وَمَالِي، اللَّهُمَّ اسْتُرْ عَوْرَتِي -أَو: عَوْرَاتِي- وَآمِنْ رَوْعَاتِي، اللَّهُمَّ احْفَظْنِي مِنْ بَيْنِ يَدَيَّ، وَمِنْ خَلْفِي، وَعَنْ يَمِينِي، وَعَنْ شِمَالِي، وَمِنْ فَوْقِي، وَأَعُوذُ بِعَظَمَتِكَ أَنْ أُغْتَالَ مِنْ تَحْتِي».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эртең менен жана кечинде ушул дубаларды калтырбай, такай айтып жүргөн: (Аллахым, мен Сенден аманчылык тилейм) оорулардан, балээлерден, дүнүйөлүк кыйынчылыктардан, диний фитна жана азгырыктардан (Дүйнө жана акыретте), убактылуу жана түбөлүктүү жашоодо. (Аллахым, Сенден кечирим сурайм) жана күнөөлөрдүн өчүрүлүшүн жана алардын кечирилишин, (жана жакшылыкты сурайм) айып-кемчиликтен таза болууну, (динимде) ширктен, бидаттан жана күнөөкөр болуудан, (дүйнө жашоомдо) кыйынчылыктан, кырсыктан, зыяндуу жамандыктардан, (үй-бүлөмдө) аялым, балдарым жана туугандарыма, (мал-мүлкүмдө) байлыгыма жана иштериме (жакшылык сурайм). (Аллахым, менин айып-кемчиликтеримди жап) мендеги айыптарды, кемчиликтерди жашырып, күнөөлөрүмдү кечир. (жана жүрөгүмдү тынч кыл) чочулоодон, коркуудан сакта. (Аллахым мени сакта) мага келе турган балээ-кырсыктарды менден кетир, (бет алдымдан келүүчү, артымдан келүүчү, оң жак, сол жагымдан келүүчү, үстүмдөн келүүчү) жамандыктардан сакта деп, туш тарабынан келүүчү жамандактардан сактоону Аллахтан суранган. Анткени, балээ-кырсыктар адамдарга ушул айтылган тараптардын бирөөсүнөн келип калышы мүмкүн. (Мен Сенин улуулугуң менен) капылет келип, жок кылуучу (астымдан) келүүчү жамандыктан сактанам.
Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ээрчип ушул дубаларды ар дайым айтып жүрүү керек.
Инсан Аллах Тааладан динине жакшылык суроого буйрулгандай, дүйнөсүнө жакшылык суроого да буйрулган.
Ат-Тайиби минтип айткан: алты тарап дегени, апаат-балээлер ушул тараптардан болот. Асты (ылдый) тарабына басым жасап айтканы, апааттын оору ушул тараптан болот.
Эртең менен зикир айта турган эң жакшы учур: Таң аткандан тартып, күн чыкканга чейинки убак. Кечкиси: дигерден тартып, Күн батканга чейин. Эгер бул убактардан кийин айтып калса, б.а. эртең менен чашкеден өткөндө же бешимден кийин айтып калса деле жарайт. Кечинде деле Күн баткандан кийин айтса жарай берет. Зикрдин убактысы ушундай.
Ал эми "Бакара" сүрөсүнүн акыркы эки аятын окуу сыяктуу атайын түн ичине дайындалган зикирлер болсо, андай зикирлерди Күн баткандан кийин гана айтыш керек.
Сунан Абу Дауд (7/ 408) (5074).
Сунан ан-Насааи (8/ 282) (5529).
Сунан Ибн Маажа (5/ 37) (3871).
Муснад Ахмад (8/ 403) (4785).
Дагы (8)
توضيح الأحكام من بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (7/ 565).
منحة العلام في شرح بلوغ المرام.
لعبد الله الفوزان (10/ 441).
فتح ذي الجلال والإكرام.
لابن عثيمين (6/ 491).
سبل السلام بشرح بلوغ المرام.
لمحمد الصنعاني (2/ 711).
Китептерде келтирилген
11 КитептерДагы (11)
- أدعية جامعةاللَّهمَّ إني أسألُكَ العَافِيَةَ في الدنيا والآخِرةِ.
- أدعية جامعةأدعية جامعة (للحرمين)24. «اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ الْعَافِيَةَ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ».
- الدعاء ويليه العلاج بالرقى من الكتاب والسنةالدعاء من الكتاب والسنة71- «اللَّهُمَّ إنِّي أسْألُكَ الْعَافِيَةَ فِي الدُّنْيَا وَالآخِرَةِ»[33].
- الذكر والدعاء والعلاج بالرقي من الكتاب والسنة"اللهم إني أسألك العافية في الدنيا والآخرة، اللهم إني أسألك العفو والعافية في دِيني، ودنياي، وأهلي ومالي، اللهم استر عوراتي وآمن روعاتي، اللهم احفظني من بين يدي، ومن خلفي، وعن يميني، وعن شمالي ومن فوقي وأعوذ بعظمتك أن أُغتال من تحتي".
- المختصر في آداب السفر وصفة الحج والعمرة وآداب الزيارة والأدعية الجامعة مع ملحق بالفتاوى والمخالفات4- أدعية جامعة (للحرمين)«اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ الْعَافِيَةَ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ».
- تحفة الأخيار تحفة الأخيار (ببيان جملة نافعة مما ورد في الكتاب والسنة من الأدعية والأذكار)«اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ الْعَافِيَةَ فِي الدُّنْيَا وَالآْخِرَةِ، اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ الْعَفْوَ وَالْعَافِيَةَ فِي دِينِي وَدُنْيَايَ وَأَهْلِي وَمَالِي، اللَّهُمَّ اسْتُرْ عَوْرَاتِي وَآمِنْ رَوْعَاتِي، اللَّهُمَّ احْفَظْنِي
- تطبيق القرآن والأذكارأذكار الصباح والمساء((اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ الْعَفْوَ وَالْعَافِيَةَ فِي الدُّنْيَا وَالآخِرَةِ، اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ الْعَفْوَ وَالْعَافِيَةَ: فِي دِينِي وَدُنْيَايَ وَأَهْلِي، وَمَالِي، اللَّهُمَّ اسْتُرْ عَوْرَاتِي، وَآمِنْ رَوْعَاتِي، اللَّه
- تطبيق القرآن والأذكارأدعية النبي صلى الله عليه وسلم 71- ((اللَّهُمَّ إنِّي أسْألُكَ الْعَافِيَةَ فِي الدُّنْيَا وَالآخِرَةِ))[85].
- حصن المسلم من أذكار الكتاب والسنةحصن المسلم«اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ العَفْوَ وَالعَافِيَةَ فِي الدُّنْيَا وَالآخِرَةِ، اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ العَفْوَ وَالعَافِيَةَ: فِي دِينِي وَدُنْيَايَ وَأَهْلِي، وَمَالِي، اللَّهُمَّ اسْتُرْ عَوْرَاتِي، وَآمِنْ رَوْعَاتِي، اللَّهُمَّ
- حصن المسلم من أذكار الكتاب والسنةحصن المسلماللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ العَفْوَ وَالعَافِيَةَ فِي الدُّنْيَا وَالآخِرَةِ، اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ العَفْوَ وَالعَافِيَةَ: فِي دِينِي وَدُنْيَايَ وَأَهْلِي، وَمَالِي، اللَّهُمَّ اسْتُرْ عَوْرَاتِي، وَآمِنْ رَوْعَاتِي، اللَّهُمَّ ا
- رسالة في الأذكار1«اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ الْعَافِيَةَ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ، اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ الْعَفْوَ وَالْعَافِيَةَ فِي دِينِي وَدُنْيَايَ وَأَهْلِي وَمَالِي، اللَّهُمَّ اسْتُرْ عَوْرَاتِي، وَآمِنْ رَوْعَاتِي، اللَّهُمَّ احْفَظْنِ