Skip to content

Оо, Аллах! Алсыздыктан, жалкоолуктан, коркоктуктан, сараңдыктан, карылыктын алсыздыгынан жана кабыр азабынан Өзүңдөн баш панек тилейм. Оо, Аллах! Напсиме такыбалыгын бер жана аны тазарт, Анткени аны тазалоочулардын эң жакшысы Өзүңсүң. Сен анын Ээсисиң жана Кожоюнусуң. Оо, Аллах! Пайда бербеген илимден, коркпогон жүрөктөн, тойбогон напсиден жана кабыл болбогон дубадан Өзүңдөн баш панек тилейм.

Зайд ибн Аркам (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Мен силерге Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кандай айткан болсо, ошондой гана айтам: ал минтип айтар эле:

«Оо, Аллах! Алсыздыктан, жалкоолуктан, коркоктуктан, сараңдыктан, карылыктын алсыздыгынан жана кабыр азабынан Өзүңдөн баш панек тилейм (Өзүң сакта). Оо, Аллах! Напсиме такыбалыгын бер жана аны тазарт, Анткени аны тазалоочулардын эң жакшысы Өзүңсүң. Сен анын Ээсисиң жана Кожоюнусуң. Оо, Аллах! Пайда бербеген илимден, коркпогон жүрөктөн, тойбогон напсиден жана кабыл болбогон дубадан Өзүңдөн баш панек тилейм (Өзүң сакта).» Транскрипциясы: «Аллаахумма иннии аъуузу бика минал-ъажзи вал-касали вал-жубни вал-бухли вал-харами ва ъазаабил-кабр. Аллаахумма аати нафсии такваахаа, ва заккихаа анта хойру ман заккаахаа, анта валиййухаа ва мавлаахаа. Аллаахумма иннии аъуузу бика мин ъилмин лаа янфаъ, ва мин колбин лаа яхшаъ, ва мин нафсин лаа ташбаъ, ва мин даъватин лаа юстажаабу лахаа.»

«اللهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنَ الْعَجْزِ وَالْكَسَلِ وَالْجُبْنِ وَالْبُخْلِ وَالْهَرَمِ وَعَذَابِ الْقَبْرِ، اللهُمَّ آتِ نَفْسِي تَقْوَاهَا، وَزَكِّهَا أَنْتَ خَيْرُ مَنْ زَكَّاهَا، أَنْتَ وَلِيُّهَا وَمَوْلَاهَا، اللهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنْ عِلْمٍ لَا يَنْفَعُ، وَمِنْ قَلْبٍ لَا يَخْشَعُ، وَمِنْ نَفْسٍ لَا تَشْبَعُ، وَمِنْ دَعْوَةٍ لَا يُسْتَجَابُ لَهَا».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дубаларынын бири мындай болгон: «Оо, Аллах! Өзүңдөн баш панек тилейм» жана Өзүңө баш калкалайм. «Алсыздыктан» – пайдалуу айла-амалга кудуретсиз болуудан, «жалкоолуктан» – иш-аракет кылуу эркинин жоктугунан, анткени алсыз адам айла-амал кыла албайт, ал эми жалкоо аны каалабайт. «Коркоктуктан» – аткарылышы керек болгон ишке баруудан тартынуудан, «сараңдыктан» – берилиши милдеттүү болгон нерсени бербөөдөн, «карылыктан» – дененин алсыздыгына алып келүүчү жаштын улгаюусунан, «кабыр азабынан» жана ага алып баруучу себептерден. «Оо, Аллах, напсиме бер» — ага тартуула жана аны ибадаттарды аткаруу жана күнөөдөн тыйылуу менен боло турган «такыбалыгына» багытта, «жана аны тазарт» — аны жаман сапаттардан жана жаман кулк-мүнөздөрдөн аруула, «анткени аны тазалоочулардын эң жакшысы Өзүңсүң» — аны Сенден башка тазалоочу эч ким жок, «Сен анын Ээсисиң» — анын жардамчысы жана ага кам көрүүчүсүң, «жана Кожоюнусуң» — анын иштерин башкаруучу, анын Раббиси, ага ээлик кылуучу жана ага жакшылыктарды берүүчүсүң. «Оо, Аллах! Пайда бербеген илимден Өзүңдөн баш панек тилейм» – жылдыздар илими (астрология), көзү ачыктык жана сыйкырчылык сыяктуу, же акыретте пайда бербеген нерселерден, же амал кылынбаган илимден. Сага моюн сунбаган, бейпилдик таппаган жана Сени зикир кылуу менен тынчтанбаган «(Сенден) коркпогон жүрөктөн»; Аллах берген жана ырыскы кылган адал, таза нерселерге канааттанбаган «тойбогон напсиден»; кайтарылган «жана кабыл болбогон дубадан» сактанам.

Хадистин пайдалары

Хадисте айтылган бул нерселерден паанек тилөө мустахаб.

Такыбалыкка, илим таратууга жана ага амал кылууга кызыктыруу.

Пайдалуу илим – бул напсини тазалап, анда Улук Раббисинен коркуу сезимин пайда кылган жана андан бүткүл дене мүчөлөрүнө тараган илим.

Коркуучу жүрөк – бул Аллахты эстегенде коркуп, титиреген, андан соң жумшарып, тынчтанган жүрөк.

Дүйнөгө ач көздүк кылуу жана анын ырахаттарына жана жыргалчылыктарына тойбостук айыпталат. Ошондуктан, дүйнө жыргалдарына сугалак жана ач көз болгон напси — адамдын эң башкы душманы. Мына ушундан улам, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) андан баш паанек тилеген (Аллахтан сактоосун сураган).

Пенде дубанын кайтарылуусуна жана кабыл болбой калуусуна себеп болгон иштерден алыс болуусу зарыл.

Ан-Навави айтат: Бул хадис жана башка уйкаштык менен айтылган дубалар аалымдардын айтканына далил болот: Дубадагы жактырылбаган уйкаштык – бул жасалма уйкаштык. Анткени ал хушуну, моюн сунууну жана ыкласты кетирет, ошондой эле жалбаруудан, муктаждыкты сезүүдөн жана жүрөктүн бошоп, дубага гана көңүл буруусунан алаксытат. Ал эми уйкаштык чечендиктен же ушул сыяктуу себептерден улам эч кандай жасалмалуулуксуз, кыйналып ойлонбостон эле өзүнөн-өзү пайда болсо, же жатталган дуба болсо, анда анын эч кандай зыяны жок, тескерисинче, ал жакшы.

Булактар

Сахих Муслим (4/ 2088) (2722).

Дагы (6)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 550).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (17/ 420).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 1009).