"Ыймандуу эркек ыймандуу аялды таштабайт. Анын кайсы бир мүнөзүн жактырбаса, башка бир мүнөзүнө ыраазы болот"
Абу Хурайранын (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Ыймандуу эркек ыймандуу аялды таштабайт. Анын кайсы бир мүнөзүн жактырбаса, башка бир мүнөзүнө ыраазы болот" же: "...башка бир мүнөзүнө" деп айткан.
«لَا يَفْرَكْ مُؤْمِنٌ مُؤْمِنَةً، إِنْ كَرِهَ مِنْهَا خُلُقًا رَضِيَ مِنْهَا آخَرَ» أَوْ قَالَ: «غَيْرَهُ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эркек кишини аялына зулум кылууга, аны таштоого же андан жүз буруп кетүүгө алып бара турган жек көрүүдөн тыйган. Анткени адам баласы кемчиликтен аруу эмес, эгер аялынан бир жаман мүнөз көрсө, анын башка жакшы мүнөзүн да көрөт. Ошол өзүнө жаккан жакшы мүнөзүнө таянып ага ыраазы болот. Өзүнө жакпаган мүнөзүнө сабыр кылат. Сабыр кылып, акыры ажырашууга алып бара турган жек көрүүнү ташташы керек.
لا يفرك: لا يبغض.
Ыймандуу адамды аялы менен болгон ар кандай талаш-тартышта адилеттүү болууга жана акылдуулук менен өкүм кылууга чакыруу. Кызуу кандуулук жана убактылуу сезимдер менен өкүм кылбоого чакыруу.
Ыймандуу адам ыймандуу аялды аны менен ажырашууга алып бара тургандай жек көрбөөсү керек. Тескерисинче, андан жек көргөн нерсесине караганда жакшы көргөн нерсесине (көбүрөөк) ыктоосу кажет.
Жубайларды бири-бирине көңүл бурууга жана жакшы мамиле кылууга үндөө.
Ыйман жакшы кулк-мүнөздө болууга чакырат. Демек, ыймандуу эркек да, ыймандуу аял да жакшы кулк-мүнөздөн куру эмес. Ыйман ал экөөнөн мактоого татыктуу сыпаттарды талап кылат.
Сахих Муслим (2/ 1091) (1469).
Дагы (9)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 359).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (3/ 122).
فتح رب البرية بتلخيص الحموية.
لابن عثيمين (ص117).
مجموع فتاوى ابن باز (25/ 246).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 282).
Китептерде келтирилген
7 КитептерДагы (7)
- الدعاء ويليه العلاج بالرقى من الكتاب والسنةالرقى من الكتاب والسنة«لا يَفْرَكْ مُؤْمِنٌ مُؤْمِنَةً، إِنْ كَرِهَ مِنْهَا خُلُقًا، رَضِيَ مِنْهَا آخَرَ»[٦٣].
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 2«لا يَفْرَكْ مُؤْمِنٌ مُؤْمِنَةً؛ إنْ كَرِهَ مِنْهَا خُلُقاً رَضيَ مِنْهَا آخَرَ» أَوْ قَالَ: «غَيْرَهُ».
- مجموعة زاد التربية الإسلامية (3)، والسيرة النبوية (3)السيرة النبوية (3)«لا يَفْرَكْ -أي: لا يُبغِضْ- مُؤْمِنٌ مُؤْمِنَةً، إِنْ كَرِهَ مِنْها خُلُقًا رَضِيَ مِنْها آخَرَ».
- مشروع منهاج زادكزادك 3 طالب نهائي«لَا يَفْرَكْ (يبغض ويَكرَهُ) مُؤْمِنٌ مُؤْمِنَةً، إِنْ كَرِهَ مِنْهَا خُلُقًا رَضِيَ مِنْهَا آخَرَ»
- مشروع منهاج زادكزادك 3 طالب نهائي«لَا يَفْرَكْ مُؤْمِنٌ مُؤْمِنَةً، إِنْ كَرِهَ مِنْهَا خُلُقًا رَضِيَ مِنْهَا آخَرَ» (رواه مسلم 1469).
- نبراس طالب (5)1«لَا يَفْرَكْ (يبغض ويَكرَهُ) مُؤْمِنٌ مُؤْمِنَةً، إِنْ كَرِهَ مِنْهَا خُلُقًا رَضِيَ مِنْهَا آخَرَ»
- نبراس طالب (5)1«لَا يَفْرَكْ مُؤْمِنٌ مُؤْمِنَةً، إِنْ كَرِهَ مِنْهَا خُلُقًا رَضِيَ مِنْهَا آخَرَ»