Skip to content

Адам балдарынын баарынын жүрөгү Мээримдүү Аллахтын (Рахмандын) манжаларынан эки манжанын ортосунда бир гана жүрөк сыяктуу турат. Ал аны каалагандай багыттайт (өзгөртөт).

Абдуллах ибн Амр ибн Аль-Аас (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте ал Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дегенин укту:

«Адам балдарынын баарынын жүрөгү Мээримдүү Аллахтын (Рахмандын) эки манжасынын ортосунда бир гана жүрөк сыяктуу турат. Ал аны каалагандай багыттайт (өзгөртөт)». Андан соң Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Оо, жүрөктөрдү багытоочу Аллахым! Биздин жүрөктөрүбүздү Өзүңө моюн сунуп, ибадат кылууга бур!» – деп дуба кылды.

«إِنَّ قُلُوبَ بَنِي آدَمَ كُلَّهَا بَيْنَ إِصْبَعَيْنِ مِنْ أَصَابِعِ الرَّحْمَنِ، كَقَلْبٍ وَاحِدٍ، يُصَرِّفُهُ حَيْثُ يَشَاءُ» ثُمَّ قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «اللهُمَّ مُصَرِّفَ الْقُلُوبِ صَرِّفْ قُلُوبَنَا عَلَى طَاعَتِكَ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп кабар берген: «Адам балдарынын баарынын жүрөгү Мээримдүү Аллахтын (Рахмандын) эки манжасынын ортосунда бир гана жүрөк сыяктуу турат. Ал аны каалагандай багыттайт. Эгер кааласа аны акыйкатта бекем кылат, ал эми кааласа акыйкаттан бурат. Анын бардык жүрөктөрдү багытоосу бир гана жүрөктү бургандай эле жеңил, анткени Аллах Тааланы бир иш экинчи бир иштен эч качан алаксытпайт». Андан соң Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип дуба кылган: «Оо, жүрөктөрдү багытоочу Аллахым! Сен жүрөктөрдү бирде ибадатка, бирде күнөөгө, бирде зикирге, бирде кайдыгерликке бурасың. Биздин жүрөктөрүбүздү Өзүңө моюн сунуп, ибадат кылууга бур!»

Хадистин пайдалары

Тагдырдын (кадардын) бар экени хак (акыйкат). Чындыгында, Аллах Таала пенделеринин жүрөктөрүн алар үчүн алдын ала жазылган тагдыр боюнча багыттайт.

Мусулман адам Раббисинен акыйкатта жана туура жолдо бекем кылуусун дайыма дуба кылып сурануусу зарыл.

Аллахтан коркуу жана Ага шерик кошпой, жалгыз Өзүнө гана байлануу зарыл.

Имам Аджурри мындай деген: «Чындыгында, акыйкат ээлери Кудуреттүү жана Улук Аллахты Өзү Өзүн сыпаттаган, Анын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) сыпаттаган сыпаттар менен гана сыпатташат. Бул — динге жаңылык (бидат) киргизбестен, изгилерди ээрчиген аалымдардын жолу». (Имамдын сөзү аяктады). Ошондуктан ахлус-сунна өкүлдөрү Аллах Таала Өзүнө таандык кылган ысым-сыпаттарды бурмалабастан (тахриф), маанилерин жокко чыгарбастан (татил), кандайдыр бир формада элестетпестен (такйиф) жана макулуктарга окшотпостон (ташбих) кабыл алышат. Алар Аллах Өзүнөн четке каккан кемчиликтерди Андан узак тутушат. Ал эми диний булактарда четке кагылгандыгы же бекемделгендиги тууралуу эч кандай далил келбеген сөздөрдөн өздөрүн тыйышат (унчугушпайт). Аллах Таала бул тууралуу мындай деген: «Ага окшош эч нерсе жок. Ал — Угуучу, Көрүүчү» (Шура сүрөсү, 11-аят).

Булактар

Сахих Муслим (4/ 2045) (2654).

Дагы (4)

المنهاج شرح صحيح مسلم بن الحجاج.

للنووي (16/ 204).

فيض القدير شرح الجامع الصغير.

للمناوي (2/ 379).