Skip to content

Чындыгында, Аллахтын Пайгамбары (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыйынчылык учурунда мындай деп айтчу: «Лаа илааха иллаллаахул-’Азиимул-Халиим, лаа илааха иллаллааху Раббул-’Аршил-’азиим, лаа илааха иллаллааху Раббус-самаауаати уа Раббул-арды уа Раббул-’Аршил-кариим».

Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат:

«Чындыгында, Аллахтын Пайгамбары (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыйынчылык учурунда мындай деп айтчу: "Лаа илааха иллаллаахул-’Азиимул-Халиим, лаа илааха иллаллааху Раббул-’Аршил-’азиим, лаа илааха иллаллааху Раббус-самаауаати уа Раббул-арды уа Раббул-’Аршил-кариим"».

أَنَّ نَبِيَّ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ يَقُولُ عِنْدَ الْكَرْبِ: «لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ الْعَظِيمُ الْحَلِيمُ، لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ رَبُّ الْعَرْشِ الْعَظِيمِ، لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ رَبُّ السَّمَاوَاتِ وَرَبُّ الْأَرْضِ وَرَبُّ الْعَرْشِ الْكَرِيمِ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) башына катуу кыйынчылык жана кайгы-капа түшкөндө мындай деп айтчу: «Лаа илааха иллаллах» – «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок» дегенди билдирет. «Аль-Азиим» – Затында, сыпаттарында жана иштеринде кадыр-баркы улук, даражасы бийик. «Ал-Халиим» – күнөөкөргө жаза берүүгө шашпайт, тескерисинче, аны кечеңдетет жана кудурети жетип турса да кечирет. Кемчиликсиз Аллахтын бардык нерсеге кудурети жетет. «Лаа илааха иллаллааху Раббул-’Аршил-’азиим» – Улуу Арштын Жаратуучусу. «Лаа илааха иллаллааху Раббус-самаауаати уал-ард» – асмандар менен жердин Жаратуучусу, ошондой эле ал экөөнүн ичиндеги бардык нерселердин Жаратуучусу, Кожоюну, аларды иретке келтирип Оңдоочусу жана Өзү каалагандай Башкаруучусу. «Раббул-’Аршил-кариим» – ардактуу Арштын Жаратуучусу.

Хадистин пайдалары

Мусибаттар жана кыйынчылыктар башка түшкөндө, Аллахка дуба кылып кайрылуу зарыл.

Кыйынчылыкта бул зикир менен дуба кылуу жакшы.

«’Аршур-Рахмаанил-лазии-стауаа ’алайхи жалла жалаалуху хува а’лал-махлуукаати уа акбарухаа уа а’замухаа, уа кад уасафахун-Набиййу саллаллааху ’алейхи уа саллама би-аннаху ’азиимун уа би-аннаху кариим».

Асмандар менен жерди өзгөчө атап өттү, анткени бул экөө – көзгө көрүнгөн эң улуу макулуктардан болуп саналат.

Ат-Тиби минтип айткан: «Бул мактоо кайгы-кападан арылтууга ылайык келиши үчүн Раббини зикир кылуу менен башталган. Анткени бул – тарбиянын талабы. Анда тау ххххидди камтыган тахлил бар жана ал улуктукту аруулоолордун негизи болуп саналат. Ошондой эле анда толук кудуретти билдирген улуктук жана илимди билдирген жумшактык (ийкемдүүлүк) бар. Анткени наадан адамдан жумшактык менен жоомарттыкты элестетүү мүмкүн эмес. Ал эми бул экөө сый-урмат сыпаттарынын негизи болуп саналат».

Булактар

Сахих ал-Бухари (8/ 75) (6346).

Сахих Муслим (4/ 2092) (2730).

Дагы (12)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 593).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (17/ 565).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص821).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (6/ 55).

مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.

للقاري (4/ 1677).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 1021).