Skip to content

"Адам досунун дининде болот. Ошондуктан ар кимиң ким менен дос болоруна карасын".

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

"Адам досунун дининде болот. Ошондуктан ар кимиң ким менен дос болоруна карасын".

«الرَّجُلُ عَلَى دِينِ خَلِيلِهِ، فَلْيَنْظُر أَحَدُكُم مَنْ يُخَالِل».

Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
Хасан (жакшы)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдын жүрүм-туруму, адаттары жакын досуна окшошуп каларын айткан. Достук адамдын жүрүм-турумуна, адеп-ахлагына, иш-аракеттерине таасирин тийгизет. Ошон үчүн досту жакшылап карап тандоого чакырган. Жакшы адам досунун ыйманына, туура жолдо жүрүүсүнө жана жакшы иштерди кылуусуна далил болот жана аны колдоп турат.

Хадистин пайдалары

Жакшы адамдар менен болуп, алар менен маектешип жүрүүгө буйруп, жаман адамдарга жакын болуудан тыйган.

Мында жакын тууган жөнүндө эмес, дос жөнүндө гана айтылган. Анткени, досту тандоого болот. Ал эми тууганды тандай албайсың.

Кимдир бирөөгө жоро-жолдош болуудан мурда пикир кылып, ойлонуу керек.

Ыймандуу адамдар менен бирге болуп, алар менен маектешкен адам динин бекемдейт. Ал эми фасык жана бузуку адамдар менен маектешкен адамдын дини алсыздайт.

Булактар

Сунан Абу Дауд (7/ 204) (4833).

Сунан ат-Тирмизи (4/ 187) (2378).

Муснад Ахмад (13/ 398) (8028).

Дагы (10)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 433).

تحفة الأحوذي بشرح جامع الترمذي.

للمباركفوري (7/ 51).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص250).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (6/ 166).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 341).