Skip to content

Аллах Таала айтты: «Мен салих пенделерим үчүн эч бир көз көрбөгөн, эч бир кулак укпаган жана адам баласынын жүрөгү туйбаган нерселерди даярдап койдум».

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

«Улуу Аллах Таала айтты: «Мен салих пенделерим үчүн эч бир көз көрбөгөн, эч бир кулак укпаган жана адам баласынын жүрөгү туйбаган нерселерди даярдап койдум». Абу Хурайра айтты: Эгер кааласаңар окугула: «Эч бир (ыймандуу) жан, жасаган (жакшы) иштери үчүн сыйлык катары (бейиште) жашыруун даярдап коюлган, көздөрүн кубантуучу кандай гана нерселер бар экенин билбейт». (Сажда сүрөөсү, 17-аят].

«قَالَ اللَّهُ تَبَارَكَ وَتَعَالَى: أَعْدَدْتُ لِعِبَادِي الصَّالِحِينَ، مَا لاَ عَيْنٌ رَأَتْ، وَلاَ أُذُنٌ سَمِعَتْ، وَلاَ خَطَرَ عَلَى قَلْبِ بَشَرٍ» قَالَ أَبُو هُرَيْرَةَ: اقْرَؤُوا إِنْ شِئْتُمْ: {فَلاَ تَعْلَمُ نَفْسٌ مَا أُخْفِيَ لَهُمْ مِنْ قُرَّةِ أَعْيُنٍ} [السجدة: 17].

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын мынтип айтканын кабарлайт: Мен салих пенделерим үчүн Бейиште сый катары көз көрбөгөн, кулак укпаган, эч бир инсандын кыялына келбеген нерселерди даярдап койдум. Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Эгер кааласаңар окугула: «Эч бир (ыймандуу) жан, жасаган (жакшы) иштери үчүн сыйлык катары (бейиште) жашыруун даярдап коюлган, көздөрүн кубантуучу кандай гана нерселер бар экенин билбейт». (Сажда сүрөөсү, 17-аят).

Хадистин пайдалары

Бул хадис Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисинен риваят кылган хадистердин бири. Мындай хадистер хадис кудсий же илахий хадис деп аталат. Анын айтылышы жана мааниси Аллахтан, бирок хадис кудсий Курандын башкалардан айырмаланып турган өзгөчөлүктөрүнө ээ эмес. Мисалы, Куранды окуу ибадат экендиги, аны даарат менен кармоо, андайды эч ким жаза албастыгы, мужизалыгы ж.б.

Аллах Өзүнүн жакшы пенделери үчүн даярдаган сыйлыктарга жетүү үчүн, буйруктарды аткарууга жана жаман иштерди таштоого кызыктыруу.

Аллах Таала Өзүнүн китебинде жана элчисинин сүннөтүндө бейиштеги бардык нерселерди бизге билдирген жок. Чындыгында биз билбеген нерселер биз билген нерселерден аябай көп.

Бейиштеги жыргалчылыктын толуктугун жана анын жашоочулары эч кандай булганыч же кайгы-капа аралашпаган ырахаттарга жетишерин баяндоо.

Дүйнөнүн нерселери убактылуу, ал эми Акырет (жашоосу) жакшы жана түбөлүк.

Булактар

Сахих ал-Бухари (6/ 115) (4779).

Сахих Муслим (4/ 2174) (2824).

Сахих ал-Бухари (6/ 115) (4779).

Сахих Муслим (4/ 2174) (2824).

Дагы (12)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (3/ 342).

التنوير شرح الجامع الصغير.

لمحمد الصنعاني (7/ 587).

تيسير الكريم الرحمن في تفسير كلام المنان.

عبد الرحمن آل سعدي (ص187).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (3/ 342).

التنوير شرح الجامع الصغير.

لمحمد الصنعاني (7/ 587).

تيسير الكريم الرحمن في تفسير كلام المنان.

عبد الرحمن آل سعدي (ص187).