Адамдар кыямат күнүндө жылаңайлак, жылаңач, сүннөткө отургузулбаган абалда чогултулушат.
- التصنيف الشرعي
- العقيدةالإيمان باليوم الآخرالحياة الآخرة
Момундардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум:
«Адамдар кыямат күнүндө жылаңайлак, жылаңач, сүннөткө отургузулбаган абалда чогултулушат». Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Аялдар менен эркектердин бардыгы бири-бирин карашабы?» - деп айттым. Ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Оо, Айша, (ал күнү) абал алардын бири-бирин кароосунан да өтө оор (коркунучтуу) болот», - деп айтты.
«يُحْشَرُ النَّاسُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ حُفَاةً عُرَاةً غُرْلًا» قُلْتُ: يَا رَسُولَ اللهِ النِّسَاءُ وَالرِّجَالُ جَمِيعًا يَنْظُرُ بَعْضُهُمْ إِلَى بَعْضٍ؟ قَالَ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «يَا عَائِشَةُ، الْأَمْرُ أَشَدُّ مِنْ أَنْ يَنْظُرَ بَعْضُهُمْ إِلَى بَعْضٍ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Кыямат күнүндөгү айрым нерселерди сыпаттап, адамдар кабырларынан тирилтилгенден кийин сурак үчүн чогултуларын жана алардын абалы бут кийимсиз жылаңайлак, кийимсиз жана эч жабынсыз денелери жылаңач, энеден төрөлгөндөй (сүннөткө отургузулбаган) абалда болорун баяндады. Муну уккан момундардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) таң калып, мындай деди: Оо, Аллахтын Элчиси, аялдар жана эркектер баары бири-бирине карашабы?! Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага өлүмдөн кайра тирилгенден кийин махшарга жыйналуу жана туруу абалында адамдардын көңүлүн жана көздөрүн уяттуу жерлерге кароодон алаксытып коё турган коркунучтар болорун баяндады.
Кыямат күнүнүн коркунучтары жана ал күнү инсанды өз эсеп-кысабынан жана амалдарынан эч нерсе алаксыта албастыгын баяндоо.
Инсандын бейкапарлык абалында гана күнөөгө батарын тастыктоо; анткени, эгерде ал өзү каршы чыккан Заттын улуктугун же Анын азабын эстегенде, көз ирмемге да Аны эстөөдөн, Ага шүгүр кылуудан жана мыкты ибадат кылуудан бейкапар болмок эмес. Ошондуктан махшардагы адамдардын бири-бирин карабай, ар кимиси өз жаны менен убара болгонун көрөсүң.
Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) доорунда аялдардын уяттуулугу өтө жогору болгон. Ошондуктан Айша (Аллах андан ыраазы болсун) адамдардын, эркектердин жана аялдардын жылаңач чогултуларын укканда уялуу менен сураган.
Ас-Синдий мындай деген: Ар бири өз иши менен алек болуп, бир тууганынын акыбалын билбей калат. Аллах Таала мындай деген: {Ошол күнү алардын ар биринин өзүнө жетиштүү иши болот} [Абаса: 37]. Ошондуктан эч ким башканын авратына карабайт.
Сүннөткө отургузуу: бул балдардын жыныс мүчөсүнүн баш жагын жаап турган терисин, ал эми кыздардын жыныс мүчөсүнүн кынынан жогору жагындагы короздун таажысына окшогон терини кесип алуу.
Сахих ал-Бухари (8/ 109) (6527).
Сахих Муслим (4/ 2194) (2859).
(2/ 651).
Дагы (7)
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 373).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (3/ 302).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 483).
المعجم الوسيط.