Skip to content
الأنبيَاء /

Аят 76

21 : 76

Аят 76 of الأنبيَاء (21 : 76). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

الأنبيَاء Аяттар 112
21 : 76

وَنُوحًا إِذۡ نَادَىٰ مِن قَبۡلُ فَٱسۡتَجَبۡنَا لَهُۥ فَنَجَّيۡنَٰهُ وَأَهۡلَهُۥ مِنَ ٱلۡكَرۡبِ ٱلۡعَظِيمِ

Жана Нухту (эскер). Мурун ал (Бизге бийик добуш менен) дуба кылды эле, Биз аны кабыл алдык. Анан Биз аны менен үй-бүлөсүн улук кайгыдан (топон суудан) куткарып калдык.

Explanation & meanings · 1
  1. Нух пайгамбар каапыр элин тогуз жүз элүү жыл жалгыз Аллахка сыйынууга чакырса да, таш жүрөк коому кабылдоонун ордуна шылдыңдоо менен жооп беришти. Сабыр чөйчөгү толгон Нух алейхис-салам: «Оо, Раббим! Жер бетинде бир дагы каапырдын үй-жайын койбогун!» деп дуба кылды эле, дубасы кабыл болуп, топон суу каптап кирди.