47 : 7
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِن تَنصُرُواْ ٱللَّهَ يَنصُرۡكُمۡ وَيُثَبِّتۡ أَقۡدَامَكُمۡ
Оо, ыйман келтирген адамдар! Эгер Аллахка (Анын динине) жардам берсеңер, Аллах дагы силерге жардам берет жана кадамыңарды бекем кылат.
Explanation & meanings · 1
- Аллахтын динине жардам берүү - бул даават-түшүндүрүү менен, дин илимин окуу-окутуу, мечит-медреселер куруу, дин жолунда иштегендерге колдоо көргөзүү жана ушул сыяктуу аракеттер менен болот. Булардын бардыгы жеңил эмес талаптар. Бирок, Аллах Өзүнө тобокел деп ташталган кадамды бекем кылат.