Skip to content

«Ким Аллахка ширк келтирбестен жолукса, анда ал бейишке кирет. Ал эми ким Ага ширк кылган абалда жолукса, анда тозокко кирет».

Жабир Ибн Абдуллах, радыяллаху анхума, айтты: «Мен Аллахтын Элчисин, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум:

«Ким Аллахка ширк келтирбестен жолукса, анда ал бейишке кирет. Ал эми ким Ага ширк кылган абалда жолукса, анда тозокко кирет».

«مَنْ لَقِيَ اللهَ لَا يُشْرِكُ بِهِ شَيْئًا دَخَلَ الْجَنَّةَ، وَمَنْ لَقِيَهُ يُشْرِكُ بِهِ دَخَلَ النَّارَ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бул хадисте ким ширк кылбаган абалда өлсө, ал кээ бир күнөөсү үчүн тозокто азапталса да анын бара турган жайы бейиш экендигин жана ким ширк кылган абалда өлсө, тозокто түбөлүктүү калаарын кабарлап жатат.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Таухидтин пазилети жана ал тозокто түбөлүк калуудан сактайт.

Бейиш жана тозок пендеге жакын. Аны менен пенденин ортосун өлүм гана тосуп турат.

Ширктин көбүнөн да азынан да эскертүү. Анткени тозоктон аман калуу ширктен алыс болууда турат.

Иш-аракеттердин эң акыркы аткарылганы эске алынат.

Булактар

Сахих Муслим (1/ 94) (93).

Дагы (4)

الملخص في شرح كتاب التوحيد.

لصالح الفوزان (ص49).

الجديد في شرح كتاب التوحيد.

لمحمد القرعاوي (ص60).