36 : 12
إِنَّا نَحۡنُ نُحۡيِ ٱلۡمَوۡتَىٰ وَنَكۡتُبُ مَا قَدَّمُواْ وَءَاثَٰرَهُمۡۚ وَكُلَّ شَيۡءٍ أَحۡصَيۡنَٰهُ فِيٓ إِمَامٖ مُّبِينٖ
Албетте Биз өлүктөрдү (кайрадан) тирилтебиз жана мурда жасаган иштерин, (өзүнөн калган) издерин жазып койобуз. Жана Биз бардык нерсени Анык Китепте (алдын ала) эсептеп койгонбуз.
Explanation & meanings · 1
- «Анык Китеп» - Лавхул Махфуз. Анда кыяматка чейинки боло турган нерселер, окуялар эң майда-чүйдөсүнө чейин жазып коюлган.