Skip to content

السؤال

س17: اقرأ سورة الناس وفسرها.

17-суроо: "Наас" сүрөсүн окуп, тафсирлеп бериңиз.

الجواب

ج:سورة الناس وتفسيرها:

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

﴿قُلۡ أَعُوذُ بِرَبِّ ٱلنَّاسِ 1

مَلِكِ ٱلنَّاسِ 2

إِلَٰهِ ٱلنَّاسِ 3

مِن شَرِّ ٱلۡوَسۡوَاسِ ٱلۡخَنَّاسِ 4

ٱلَّذِي يُوَسۡوِسُ فِي صُدُورِ ٱلنَّاسِ 5

مِنَ ٱلۡجِنَّةِ وَٱلنَّاسِ 6﴾

[الناس: 1-6].

التفسير:

  1. ﴿قُلۡ أَعُوذُ بِرَبِّ ٱلنَّاسِ1﴾:

قل -يا أيها الرسول-: أعتصم برب الناس، وأستجير به.

  1. ﴿مَلِكِ ٱلنَّاسِ2﴾:

يتصرف فيهم بما يشاء، لا مالك لهم غيره.

  1. ﴿إِلَٰهِ ٱلنَّاسِ3﴾:

معبودهم بحقّ، لا معبود لهم بحق غيره.

  1. ﴿مِن شَرِّ ٱلۡوَسۡوَاسِ ٱلۡخَنَّاسِ4﴾:

من شرّ الشيطان الَّذي يلقي وسوسته إلى الناس.

  1. ﴿ٱلَّذِي يُوَسۡوِسُ فِي صُدُورِ ٱلنَّاسِ5﴾:

يلقي بوسوسته إلى قلوب الناس.

  1. ﴿مِنَ ٱلۡجِنَّةِ وَٱلنَّاسِ6﴾

أي: الموسوس يكون من الإنس ويكون من الجن.

*******

Жооп: "Наас" сүрөсү жана анын тафсири:

"Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын).

"Айткын (оо, Мухаммад): «Мен инсандардын Раббисинен"

Инсандардын падышасынан...

инсандардын (сыйынууга татыктуу болгон) Кудайынан коргоо тилеймин.

(Аллахтын ысымы айтылганда) жашынып калуучунун жамандыгынан.

Ал (шайтан) адамдардын көкүрөгүнө азгырык салат.

Алар (азгыруучу шайтандар) жиндерден жана адамдардан болот".

(Нас сүрөсү, 1-6-аяттар).

Тафсир (чечмелөө):

Оо, пайгамбар! Айткын: «Адамдардын Раббиси менен коргоном жана Ага баш калкалайм.

Аларды Өзү каалагандай башкарат, алардын Андан башка Ээси жок.

Ал – алардын чыныгы кудайы. Алар үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок.

Адамдарга азгырык салган шайтандын жамандыгынан.

Ал адамдардын жүрөктөрүнө азгырык салат.

Азгыруучу адамзаттан да, жиндерден да болот.