Skip to content

السؤال

س26: كيف يصلي المسلم؟

26-суроо: Мусулман адам намазын кандай окушу керек?

الجواب

ج:كيفية الصلاة:

  1. أن يستقبل القبلة بجميع بدنه، بدون انحراف ولا التفات.
  2. ثم ينوي الصلاة التي يريد أن يصليها بقلبه بدون نطق النية.
  3. ثم يكبر تكبيرة الإحرام فيقول: "الله أكبر"، ويرفع يديه إلى حذو منكبيه عند التكبير.
  4. ثم يضع كف يده اليمنى على ظهر كف يده اليسرى فوق صدره.
  5. ثم يستفتح فيقول:

«اللهم باعد بيني وبين خطاياي كما باعدت بين المشرق والمغرب، اللهم نقني من خطاياي كما يُنقى الثوب الأبيض من الدنس، اللهم اغسلني من خطاياي بالماء والثلج والبرد».

أو يقول:

«سبحانك اللهم وبحمدك، وتبارك اسمك، وتَعَالَىٰ جدك، ولا إله غيرك».

  1. ثم يتعوذ فيقول:

«أعوذ بالله من الشيطان الرجيم».

  1. ثم يبسمل ويقرأ الفاتحة فيقول:

﴿بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ 1

ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ 2

ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ 3

مَٰلِكِ يَوۡمِ ٱلدِّينِ 4

إِيَّاكَ نَعۡبُدُ وَإِيَّاكَ نَسۡتَعِينُ 5

ٱهۡدِنَا ٱلصِّرَٰطَ ٱلۡمُسۡتَقِيمَ 6

صِرَٰطَ ٱلَّذِينَ أَنۡعَمۡتَ عَلَيۡهِمۡ غَيۡرِ ٱلۡمَغۡضُوبِ عَلَيۡهِمۡ وَلَا ٱلضَّآلِّينَ 7﴾

[الفاتحة: 1-7].

ثم يقول: "آمين" يعني: اللهم استجب.

  1. ثم يقرأ ما تيسر من القرآن، ويطيل القراءة في صلاة الصبح.
  2. ثم يركع، أي: يحني ظهره تعظيمًا لله، ويُكبر عند ركوعه، ويرفع يديه إلى حذو منكبيه. والسُّنَّة: أن يمد ظهره، ويجعل رأسه حياله، ويضع يديه على ركبتيه مفرجتي الأصابع.
  3. ويقول في ركوعه: «سبحان ربي العظيم» ثلاث مرات، وإن زاد: «سبحانك اللهم وبحمدك، اللهم اغفر لي» فحسن.
  4. ثم يرفع رأسه من الركوع قائلاً: «سمع الله لمن حمده»، ويرفع يديه حينئذ إلى حذو منكبيه. والمأموم لا يقول: «سمع الله لمن حمده»، وإنما يقول بدلها: «ربنا ولك الحمد».
  5. ثم يقول بعد رفعه: «ربنا ولك الحمد، ملء السماوات والأرض، وملء ما شئت من شيء بعد».
  6. ثم يسجد السجدة الأولى، ويقول عند سجوده: «الله أكبر»، ويسجد على أعضائه السبعة: الجبهة والأنف، والكفين، والركبتين، وأطراف القدمين، ويجافي عضديه عن جنبيه، ولا يبسط ذراعيه على الأرض، ويستقبل برؤوس أصابعه القبلة.
  7. ويقول في سجوده: «سبحان ربي الأعلى» ثلاث مرات، وإن زاد: «سبحانك اللهم ربنا وبحمدك، اللهم اغفر لي» فحسن.
  8. ثم يرفع رأسه من السجود قائلاً: «الله أكبر».
  9. ثم يجلس بين السجدتين على قدمه اليسرى، وينصب قدمه اليمنى، ويضع يديه على فخذيه وركبتيه.
  10. ويقول في جلوسه بين السجدتين:

«رب اغفر لي، وارحمني، واهدني، وارزقني، واجبرني، وعافني».

  1. ثم يسجد السجدة الثانية كالأولى فيما يُقال ويُفعل، ويكبر عند سجوده.
  2. ثم يقوم من السجدة الثانية قائلاً: «الله أكبر» ويصلي الركعة الثانية كالأولى فيما يُقال ويفعل، إلا أنه لا يستفتح فيها.
  3. ثم يجلس بعد انتهاء الركعة الثانية قائلاً: «الله أكبر»، ويجلس كما يجلس بين السجدتين سواء.
  4. ويقرأ التشهد في هذا الجلوس، فيقول:

"التحيات لله والصلوات والطيبات، السلام عليك أيها النبي ورحمة الله وبركاته، السلام علينا وعلى عباد الله الصالحين، أشهد أن لا إله إلا الله، وأشهد أن محمداً عبده ورسوله، اللهم صلِّ على محمد وعلى آل محمد، كما صليت على إبراهيم وعلى آل إبراهيم، إنك حميد مجيد، وبارك على محمد وعلى آل محمد، كما باركت على إبراهيم وعلى آل إبراهيم، إنك حميد مجيد. أعوذ بالله من عذاب جهنم، ومن عذاب القبر، ومن فتنة المحيا والممات، ومن فتنة المسيح الدجال"،

ثم يدعو ربه بما أحب من خيري الدنيا والآخرة.

  1. ثم يسلم عن يمينه قائلاً: «السَّلام عليكم ورحمة الله»، وعن يساره كذلك.
  2. وإذا كانت الصلاة ثلاثية أو رباعية؛ وقف عند منتهى التشهد الأول، وهو: «أشهد أن لا إله إلا الله، وأشهد أن محمداً عبده ورسوله».
  3. ثم ينهض قائماً قائلاً: «الله أكبر»، ويرفع يديه إلى حذو منكبيه حينئذ.
  4. ثم يصلي ما بقي من صلاته على صفة الركعة الثانية، إلا أنه يقتصر على قراءة الفاتحة.
  5. ثم يجلس متوركًا، فينصب قدمه اليمنى، ويخرج قدمه اليسرى من تحت ساقه اليمنى، ويُمكِّن مقعدته من الأرض، ويضع يديه على فخذيه على صفة وضعها في التشهد الأول.
  6. ويقرأ في هذا الجلوس التشهد كله.
  7. ثم يسلم عن يمينه قائلاً: «السلام عليكم ورحمة الله» وعن يساره كذلك.

Жооп: Намаздын окулуу тартиби:

  1. Бүткүл денеси менен, кыйшайбастан жана жан-жагына карабастан кыбылага жүздөнүү.
  2. Андан соң, окуй турган намазын тили менен айтпастан, жүрөгү менен ниет кылат.
  3. Андан кийин "Аллаху Акбар" деп ихрам такбирин айтканда, колдорун эки ийиндин тушуна чейин көтөрөт.
  4. Анан оң колунун алаканын сол колунун сыртына коюп, көкүрөк тушуна коёт.
  5. Анан киришүү дубасын айтат:

"Аллахумма бааъид байни ва байна хотаяа камаа бааъадта байнал машрики вал магриби. Аллахумма наккинии мин хотаяа камаа юнкии ас-савбал абйаз минад-данаси. Аллахум-магсилнии мин хотояая билмааи, вас-салжи вал-барди". «О, Аллах! Мен менен менин каталарымдын арасын батыш менен чыгыштын арасын узак кылгандай узак кыла көр! О, Аллах! Ак кийим кирден таза болгондой мени да каталарымдан тазарта көр! О, Аллах! Менин каталарымды суу, кар жана мөндүр менен жууп сал!»

Же мындай деп айтат:

"Субхаанака аллахумма ва бихамдика, ва табааракасмука, ва таъаала жаддука, ва лаа илааха гойрука" «Аллахым, Сен баардык кемчиликтерден тазасың, Сага мактоолор болсун, Сенин ысымың берекелүү, Сенин улуулугуң жогору жана Сенден башка сыйынууга татыктуу зат жок».

  1. Анан шайтандан коргоосун сурап, мындай дейт:

"Ауузу биллаахи минаш-шайтоонир-рожиим". "Таш бараң (каргыш) кылынган шайтандан коргоону Аллахтан суранам".

  1. Анан бисмилланы айтып, Фатиханы окуйт. Анын мааниси:

"Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын).

"Ааламдардын Раббиси – Аллахка алкыш-мактоолор болсун!"

"Ал - Ырайымдуу, Мээримдүү".

"Кыямат Күндүн падышасы".

"Жалгыз Сага гана сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз!"

"(О, Жараткан!) Бизди туура жолго баштагын!"

"Өзүң жакшылык берген адамдардын жолуна (баштагын). Каарыңа учурагандардын жана адашкандардын жолуна эмес".

(Фатиха сүрөсү, 2-аят).

Андан кийин "Амин" дейт, мааниси: "Аллахым, кабыл кыл" дегенди билдирет.

  1. Анан Курандан дагы бир каалаган сүрөнү окуйт. Багымдат намазында болсо кыраатты узартат (узунураак сүрө окуйт).
  2. Андан соң рүкү кылат, б.а., Аллахты улуктап белин иет. Рүкүгө эңкейерде «Аллаху Акбар» деп, колдорун эки ийининин тушуна чейин көтөрөт. Ал эми сүннөт – белин түз, башын бели менен бирдей кармап, эки колунун манжаларын ачып, тизелерин чеңгелдеп туруу.
  3. Рүкүдө «Субхаана Робиял а'зиим» деп үч жолу айтат. Ага кошумча: «Субхаанакаллохумма ва бихамдика, Аллохуммаг-фир лии» деп айтса, жакшы болот.
  4. Андан кийин "Самиъа Аллаху лиман хамида" деп рүкүдөн башын көтөрөт жана ошол учурда колдорун эки ийининин тушуна чейин көтөрөт. Имамга уюган киши "Самиъа Аллаху лиман хамида" деп айтпайт, анын ордуна "Роббанаа ва лакал хамд" деп айтат.
  5. Андан кийин туруп, мындай дейт: "Роббанаа ва лакал хамду, милас-самаваати вал арзи, ва мила маа шиьта мин шайин баъду". Мааниси: "Раббибиз, Сага асмандар менен жерге жана Өзүң каалаган нерселерге толо алкыш-мактоолор болсун".
  6. Андан соң "Аллаху Акбар" деп биринчи сажданы кылат. Ал саждада жети мүчөсүн жерге тийгизет: бешене жана мурун, эки алакан, эки тизе жана эки буттун учтары. Чыканактарын капталдарынан алыс кармайт, билектерин жерге төшөбөйт жана кол манжаларынын учтарын кыбылага каратат.
  7. Саждасында үч жолу «Субхаана Роббиял а'лаа» деп айтат. Ага кошумча: «Субхаанака-Ллоохумма Роббанаа ва бихамдика, Аллоохумма-гфир лии» деп айтса, жакшы болот.
  8. Андан кийин саждадан "Аллаху Акбар" деп башын көтөрөт.
  9. Анан эки сажданын ортосунда сол бутун жайып отуруп, оң бутунун манжаларын кыбылга каратып тик кылып, колдорун сандарынын үстүнө, тизелерине жакын коёт.
  10. Эки сажданын ортосунда минтип айтат:

«Роббиг-фир-лии, вар-хамнии, вах-динии, вар-зук-нии, важ-бурнии, ва'аафинии». "О Раббим! Мени кечир, мага ырайым кыла көр! Мени туура жолго баштай көр! Мага ырыскы бер! Мени Өзүң оңдоп, мага амандык бер!"

  1. Андан кийин экинчи саждага такбир айтат жана анда биринчи саждада айтылган жана кылынган нерселерди аткарат.
  2. Андан кийин экинчи саждадан «Аллаху Акбар» деп туруп, экинчи рекетти сөздөрүндө жана амалдарында биринчи рекет сыяктуу окуйт, бирок анда киришүү дубасы айтылбайт.
  3. Анан экинчи рекет бүткөндөн кийин «Аллаху Акбар» деп, эки сажданын ортосунда отурган сыяктуу эле отурат.
  4. Бул отурушта "ташаххуд"ду окуйт. Ал мындай:

"Аттахияту лиллаахи вассолаваату ваттойибаат, асслааму алайка айюхан-набию ва рахматуллаахи ва баракатух. Ассалааму аълайнаа ва аълаа иъбаадиллахис-соолихийн, ашхаду ал-лаа илааха иллаллаху ва ашхаду анна Мухаммдан аъбдуху ва расуулух. Аллахумма солли аълаа Мухаммад, ва аълаа аали Мухаммад, камаа соллайта аълаа Ибрахима, ва аълаа аали Ибрахим, иннака Хамидум Мажиид. Ва баарик аълаа Мухаммад ва аълаа аали Мухаммад, камаа бааракта аълаа Ибрахим ва аълаа аали Ибрахим, иннака Хамидум Мажиид. Аъуузу биллаахи мин а'зааби жаханнам, ва мин а'заабил-кобр, ва мин фитнатил-махйаа вал-мамаат, ва мин фитнатил-масиихид-дажжаал". Мааниси: "Бардык саламдар, жүгүнүүлөр жана таза (дубалар) жалгыз Аллахка! О, Аллахтын пайгамбары! Сага Аллахтын саламы, мээрими жана берекеси болсун! (Ошондой эле) Бизге жана Аллахтын бардык салих (ибадат кылган) пенделерине Аллахтын саламы болсун! Мен: "Жалгыз Аллахтан башка кудай жок, Мухаммад анын кулу жана элчиси" деп күбөлүк берем. О, Аллах, Ибрахимге жана анын үй-бүлөсүнө ырайым кылган сыяктуу, Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө ырайым кыл. Албетте, Сен мактоого татыктуу, Улуу Затсың! Жана Ибрахим жана анын үй-бүлөсүн берекелүү кылган сыяктуу, Мухаммадды жана анын үй-бүлөсүн да берекелүү кыл. Албетте, Сен мактоого татыктуу, Улуу Затсың! Аллахтан тозок азабынан, кабыр азабынан, жашоо менен өлүмдүн фитнасынан жана Масих Дажжалдын фитнасынан коргоо тилейм".

Анан Раббисине дүйнө жана акыреттин жакшылыгын сурап, каалаган дубасын кылат.

  1. Андан соң оң тарабына: «Ассаламу алайкум ва рахматуллах» деп салам берет, жана сол тарабына да ошондой эле салам берет.
  2. Эгер намаз үч рекеттүү же төрт рекеттүү болсо, биринчи ташаххудду: «Ашхаду ал-лаа илааха иллаллаху, ва ашхаду анна Мухаммадан аъбдуху ва расуулух» – деп бүтүрөт.
  3. Анан «Аллаху Акбар» деп ордунан туруп, ошол эле учурда колдорун эки ийининин тушуна чейин көтөрөт.
  4. Анан намазынын калган бөлүгүн экинчи рекеттегидей окуйт, бирок анда Фатиха сүрөөсүн гана окуйт.
  5. Анан таваррүк кылып отуруп, оң бутун тик кылып, сол бутун оң бутунун астынан чыгарып, жамбашын жерге коюп, колдорун биринчи ташаххудда койгон сыяктуу сандарынын үстүнө коёт.
  6. Бул отурушта ташаххудду толугу менен окуйт.