суроо: «Биз Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында отурган кезде...» деген хадисти толуктап, анын кээ бир пайдаларын атап бериңиз.
- الباب / الفصل
- قسم الحديث
السؤال
س3: أكمل حديث «بينما نحن جلوس عند رسول الله صلى الله عليه وسلم ...»، واذكر بعض فوائده.
3-суроо: «Биз Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында отурган кезде...» деген хадисти толуктап, анын кээ бир пайдаларын атап бериңиз.
الجواب
ج:عن عمر بن الخطاب رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قال:
«بينما نحن جلوس عند رسول الله صلى الله عليه وسلم ذات يوم، إذ طلع علينا رجل شديد بياض الثياب، شديد سواد الشعر، لا يرى عليه أثر السفر، ولا يعرفه منا أحد، حتى جلس إلى النبي صلى الله عليه وسلم، فأسند ركبته إلى ركبتيه، ووضع كفيه على فخذيه، وقال: «يا محمد أخبرني عن الإسلام»، فقال له: «الإسلام: أن تشهد أن لا إله إلا الله، وأن محمدًا رسول الله، وتقيم الصلاة، وتؤتي الزكاة، وتصوم رمضان، وتحج البيت إن استطعت إليه سبيلًا»، قال: «صدقت»، فعجبنا له يسأله ويصدقه، قال: «أخبرني عن الإيمان» قال: «أن تؤمن بالله، وملائكته، وكتبه، ورسله، واليوم الآخر، وتؤمن بالقدر؛ خيره وشره»، قال: «صدقت»، قال: «فأخبرني عن الإحسان»، قال: «أن تعبد الله كأنك تراه، فإن لم تكن تراه، فإنه يراك»، قال: «فأخبرني عن الساعة»، قال: «ما المسؤول بأعلم من السائل»، قال: «فأخبرني عن أماراتها»، قال: «أن تلد الأمة ربتها، وأن ترى الحفاة العراة العالة رعاء الشاء، يتطاولون في البنيان» ثم انطلق فلبث مليًّا، ثم قال: «يا عمر! أتدري من السائل؟»، قلت: "الله ورسوله أعلم"، قال: «فإنه جبريل، أتاكم يعلمكم دينكم»
رواه مسلم.
فوائد من الحديث:
- ذكر أركان الإسلام الخمسة؛ وهي:
- شهادة أن لا إله إلا الله، وأن محمدا رسول الله.
- وإقام الصلاة.
- وإيتاء الزكاة.
- وصوم رمضان.
- وحج بيت الله الحرام.
- ذكر أركان الإيمان، وهي ستة:
- الإيمان بالله.
- وملائكته.
- وكتبه.
- ورسله.
- واليوم الآخر.
- والقدر خيره وشره.
- ذكر ركن الإحسان، وهو ركن واحد، وهو أن تعبد الله كأنك تراه، فإن لم تكن تراه، فإنه يراك.
- وقت قيام الساعة، لا يعلمه إلا الله تَعَالَى.
Жооп: Умар ибн Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деген:
«Күндөрдүн биринде биз Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында отурган элек. Ошол кезде жаныбызга кийими аппак, чачы капкара бир киши келди. Анын кейпинде сапардын белгиси көрүнбөйт, бирок арабыздан аны эч ким тааныбады. Ал Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанына келип, тизесин анын тизесине тийгизип, алакандарын санына коюп отурду да: – Оо, Мухаммад, мага Ислам жөнүндө айтып бер, - деди. Ага Аллахтын элчиси: – Ислам – бул, Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экенине жана Мухаммад Аллахтын элчиси экенине күбөлүк берүүң, намазды толук аткарууң, зекет берүүң, Рамазан айында орозо тутууң жана жолго күчүң жетсе, (Аллахтын) Үйүнө ажылык кылууң, - деп жооп берди. Ал киши: – Туура айттың, - деди. Биз анын суроо берип, кайра өзү тастыктап жатканына таң калдык. Ал киши: – Мага Ыйман жөнүндө айтып бер, - деди. Аллахтын элчиси: – Ыйман – бул, Аллахка, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын элчилерине, Акырет күнүнө жана тагдырдын жакшы-жаманына ишенүүң, - деп жооп берди. Ал киши: – Туура айттың, - деди да: – Эми мага Ихсан жөнүндө айтып бер, - деди. Аллахтын элчиси: – Ихсан – бул, сен Аллахты көрүp тургандай Ага ибадат кылууң. Анткени, сен Аны көрбөсөң да, Ал сени көрүп турат, - деп жооп берди. Ал киши: – Мага Кыямат жөнүндө айтып бер, - деди. Аллахтын элчиси: – Бул жөнүндө суралуучу сурап жаткандан артык билбейт, - деп жооп берди. Ал киши: – Андай болсо, мага анын белгилери туурасында айтып бер, - деди. Аллахтын элчиси: – Күңдөн өзүнүн кожоюну төрөлөт. Жылаңаяк, жылаңач, кедей койчулардын бийик-бийик имараттарды курууда бири-бири менен атаандашканын көрөсүң, - деди. Андан кийин ал киши кетип калды. Бир топ убакыт өткөндөн кийин, Аллахтын элчиси: – Эй, Умар! Суроо узаткан киши ким экенин билесиңби? - деп сурады. Мен: – Аллах жана Анын элчиси жакшы билет, - деп жооп бердим. Ошондо ал: – Ал Жебирейил периште болчу. Силерге диниңерди үйрөткөнү келген эле, - деди".
Муслим риваят кылган.
Хадистин пайдалары:
- Исламдын беш түркүгүн атоо; алар төмөнкүлөр:
- Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Мухаммед Аллахтын элчиси деп күбөлүк берүү.
- Намаз окуу.
- Зекет берүү.
- Рамазан айында орозо кармоо.
- Аллахтын үйү болгон Харам мечитине барып ажылык кылуу.
- Ыймандын негиздери атоо, алардын саны алты:
- Аллахка ыйман келтирүү.
- Анын периштелерине ыйман келтирүү.
- Анын китептерине ыйман келтирүү.
- Анын элчилерине ыйман келтирүү.
- Акырет күнүнө ыйман келтирүү.
- Тагдырдын жакшысы да, жаманы да Аллахтан экенине ыйман келтирүү.
- Ихсандын түркүгүн атоо. Анын бир түркүгү бар: Аллахты көрүп тургандай ибадат кылууң, эгер сен Аны көрбөсөң да, Ал сени көрүп турат.
- Кыяматтын убактысы, анын качан болорун Аллах Таала гана билет.