суроо: "Хумаза" сүрөсүн окуп, тафсир кылып бериңиз.
- الباب / الفصل
- قسم التفسير
السؤال
س٧: اقرأ سورة الهمزة وفسرها.
7-суроо: "Хумаза" сүрөсүн окуп, тафсир кылып бериңиз.
الجواب
ج:سورة الهمزة وتفسيرها:
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
﴿وَيۡلٞ لِّكُلِّ هُمَزَةٖ لُّمَزَةٍ 1
ٱلَّذِي جَمَعَ مَالٗا وَعَدَّدَهُۥ 2
يَحۡسَبُ أَنَّ مَالَهُۥٓ أَخۡلَدَهُۥ 3
كَلَّاۖ لَيُنۢبَذَنَّ فِي ٱلۡحُطَمَةِ 4
وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلۡحُطَمَةُ 5
نَارُ ٱللَّهِ ٱلۡمُوقَدَةُ 6
ٱلَّتِي تَطَّلِعُ عَلَى ٱلۡأَفۡـِٔدَةِ 7
إِنَّهَا عَلَيۡهِم مُّؤۡصَدَةٞ 8
فِي عَمَدٖ مُّمَدَّدَةِۭ 9﴾
[الهمزة: ١-٩].
التفسير:
- ﴿وَيۡلٞ لِّكُلِّ هُمَزَةٖ لُّمَزَةٍ1﴾:
وبال وشدة عذاب لكثير الاغتياب للناس، والطعن فيهم.
- ﴿ٱلَّذِي جَمَعَ مَالٗا وَعَدَّدَهُۥ2﴾:
الذي همّه جمع المال وإحصاؤه، لا همَّ له غير ذلك.
- ﴿يَحۡسَبُ أَنَّ مَالَهُۥٓ أَخۡلَدَهُۥ3﴾:
يظن أن ماله الذي جمعه سينجيه من الموت، فيبقى خالدًا في الحياة الدنيا.
- ﴿كَلَّاۖ لَيُنۢبَذَنَّ فِي ٱلۡحُطَمَةِ4﴾:
ليس الأمر كما تصوّر هذا الجاهل، ليطرحنّ في نار جهنم التي تدق وتكسر كل ما طُرِح فيها لشدة بأسها.
- ﴿وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلۡحُطَمَةُ5﴾:
وما أعلمك - أيها الرسول - ما هذه النار التي تحطم كل ما طُرِح فيها؟!
- ﴿نَارُ ٱللَّهِ ٱلۡمُوقَدَةُ6﴾:
إنها نار الله المستعرة.
- ﴿ٱلَّتِي تَطَّلِعُ عَلَى ٱلۡأَفۡـِٔدَةِ7﴾:
التي تنفذ من أجسام الناس إلى قلوبهم.
- ﴿إِنَّهَا عَلَيۡهِم مُّؤۡصَدَةٞ8﴾:
إنها على المُعَذَّبين فيها مغلقة.
- ﴿فِي عَمَدٖ مُّمَدَّدَةِۭ9﴾:
بعَمَد ممتدة طويلة حتى لا يخرجوا منها.
Жооп: "Хумаза" сүрөсү жана анын тафсири:
"Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын).
"Адамдарды кылыгы жана тили менен шылдыңдаган бардык шылдыңчыга азап-тозок болсун!"
"Ал мал-мүлктү (адал-арамына карабай) чогултту жана эсептеди".
"Дүйнө-мүлкү аны түбөлүк жашатат деп ойлойт".
"Жок! Алар (Кыяматта) сөзсүз «Хутамага» ташталат!"
"(О, Мухаммад!) Сен «Хутама» эмне экенин билбейсиң".
"(Ал) Аллахтын алоолонгон тозогу".
"(Денеден тешип өтүп) жүрөктөргө чейин жете турган!"
"Чынында, ал (тозок) алардын үстүнөн жаап коюлган".
"(Эшиктери) узун устундарда (бекемделген)".
(Хумаза сүрөсү, 1-9-аяттар).
Тафсир (чечмелөө):
Адамдарды көп ушактаган жана аларды мазактап, кемсинткендер үчүн чоң кайгы жана катуу азап болсун!
Анын бүткүл ою байлык топтоо жана аны эсептөө, андан башка анда кам-пикири жок.
Ал чогулткан байлыгы аны өлүмдөн куткарып, дүйнө жашоосунда түбөлүк калам деп ойлойт.
Абал бул наадан адам элестеткендей эмес. Ал (кылган иши үчүн) өзүнүн катуулугу жана кубаттуулугу менен ичине ташталгандын баарын талкалап, кыйратып жиберген тозок отуна сөзсүз ташталат.
О, пайгамбар! Ага ташталгандардын баарын талкалаган бул тозок эмне экенин кайдан билмек элең?
Ал — Аллахтын алоолонгон тозогу.
Ал адамдардын денесинен жүрөктөрүнө тешип кирет.
Чынында ал тозок анын ичинде азапталгандар үчүн жабык.
Алар ал жактан чыгып кетпеш үчүн эшиктери узун устундар менен тирелип, бекемделген.