суроо: Курайш сүрөсүн окуп, тафсирлеп бериңиз.
- الباب / الفصل
- قسم التفسير
السؤال
س٩: اقرأ سورة قريش وفسرها.
9-суроо: Курайш сүрөсүн окуп, тафсирлеп бериңиз.
الجواب
ج:سورة قريش وتفسيرها:
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
﴿لِإِيلَٰفِ قُرَيۡشٍ 1
إِۦلَٰفِهِمۡ رِحۡلَةَ ٱلشِّتَآءِ وَٱلصَّيۡفِ 2
فَلۡيَعۡبُدُواْ رَبَّ هَٰذَا ٱلۡبَيۡتِ 3
ٱلَّذِيٓ أَطۡعَمَهُم مِّن جُوعٖ وَءَامَنَهُم مِّنۡ خَوۡفِۭ 4﴾
[قريش: ١-٤].
التفسير:
- ﴿لِإِيلَٰفِ قُرَيۡشٍ1﴾:
المراد بذلك ما كانوا يألفونه من الرحلة في الشتاء والصيف.
- ﴿إِۦلَٰفِهِمۡ رِحۡلَةَ ٱلشِّتَآءِ وَٱلصَّيۡفِ2﴾:
رحلةَ الشتاء إلى اليمن، ورحلة الصيف إلى الشام آمنين.
- ﴿فَلۡيَعۡبُدُواْ رَبَّ هَٰذَا ٱلۡبَيۡتِ3﴾:
فليعبدوا الله ربّ هذا البيت الحرام وحده، الذي يسَّر لهم هذه الرحلة، ولا يشركوا به أحدًا.
- ﴿ٱلَّذِيٓ أَطۡعَمَهُم مِّن جُوعٖ وَءَامَنَهُم مِّنۡ خَوۡفِۭ4﴾:
الذي أطعمهم من جوع، وآمنهم من خوف، بما وضع في قلوب العرب من تعظيم الحرم، وتعظيم سكانه.
Жооп: Курайш сүрөсү жана анын тафсири:
"Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын).
"Курайштын ынтымагы үчүн!"
"Кыш жана жай мезгилиндеги сапарында алардын ынтымак-тынчтыгы үчүн!"
"Алар ушул Үйдүн Раббисине ибадат кылышсын".
"Ал (Рабби) каатчылыкта аларды тамактандырды жана коркунучтан аман сактады!"
(Курайш сүрөсү, 1-4- аяттар).
Тафсир (чечмелөө):
Бул жерде алардын кышкысын жана жайкысын адатка айлантып алган сапарлары тууралуу айтылып жатат.
Алардын кышындагы Йеменге болгон бейпил сапары жана жайында Шамга болгон бейпил жайкы сапары үчүн.
Эми алар үчүн бул сапарды жеңил кылган ушул ыйык Үйдүн Раббиси Аллахка гана ибадат кылышсын жана Ага эч кимди шерик кылышпасын!
Ал арабдардын жүрөктөрүнө ыйык жерге жана анын жашоочуларына карата болгон сый-урматты салып, аларды ачкачылыкта тамактандырды жана коркунучтан сактады.