Skip to content

السؤال

س٨: اقرأ سورة الفيل وفسرها.

8-суроо: "Фил" сүрөсүн окуп, тафсир кылып бериңиз.

الجواب

ج:سورة الفيل وتفسيرها:

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

﴿أَلَمۡ تَرَ كَيۡفَ فَعَلَ رَبُّكَ بِأَصۡحَٰبِ ٱلۡفِيلِ 1

أَلَمۡ يَجۡعَلۡ كَيۡدَهُمۡ فِي تَضۡلِيلٖ 2

وَأَرۡسَلَ عَلَيۡهِمۡ طَيۡرًا أَبَابِيلَ 3

تَرۡمِيهِم بِحِجَارَةٖ مِّن سِجِّيلٖ 4

فَجَعَلَهُمۡ كَعَصۡفٖ مَّأۡكُولِۭ 5﴾

[الفيل: ١-٥].

التفسير:

  1. ﴿أَلَمۡ تَرَ كَيۡفَ فَعَلَ رَبُّكَ بِأَصۡحَٰبِ ٱلۡفِيلِ1﴾:

ألم تعلم - أيها الرسول - كيف فعل ربك بأبْرَهَة وأصحابه أصحاب الفيل حين أرادوا هدم الكعبة؟!

  1. ﴿أَلَمۡ يَجۡعَلۡ كَيۡدَهُمۡ فِي تَضۡلِيلٖ2﴾:

لقد جعل الله تدبيرهم السيئ لهدمها في ضياع، فما نالوا ما تمنّوه من صرف الناس عن الكعبة، وما نالوا منها شيئًا.

  1. ﴿وَأَرۡسَلَ عَلَيۡهِمۡ طَيۡرًا أَبَابِيلَ3﴾:

وبَعَث عليهم طيرًا أتتهم جماعاتٍ جماعاتٍ.

  1. ﴿تَرۡمِيهِم بِحِجَارَةٖ مِّن سِجِّيلٖ4﴾:

ترميهم بحجارة من طين مُتَحَجِّر.

  1. ﴿فَجَعَلَهُمۡ كَعَصۡفٖ مَّأۡكُولِۭ5﴾:

فجعلهم الله كورق زرعٍ أكلته الدوابّ وداسته.

Жооп: "Фил" сүрөсү жана анын тафсири:

"Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын).

"(О, Мухаммад!) Раббиң пил ээлерин эмне кылганын билбедиңби!"

"(Раббиң) алардын (Каабаны бузуп салуу үчүн ойлогон) айла-амалдарын текке кетирбедиби?"

"... жана аларга каршы топ-топ куштарды жиберди".

"(Куштар чеңгелиндеги) чопо-таштар менен аларды ташбараңга алышты".

"(Аллах) аларды мойсолгон жалбырактай кылып койду!"

(Фил сүрөсү, 1-5-аяттар).

Тафсир (чечмелөө):

О, пайгамбар! Пил ээлери болгон Абраха жана анын жан жөкөрлөрү Каабаны талкалоону каалаганда Раббиң аларды эмне кылганын билбедиңби?

Аллах алардын Каабаны бузуу үчүн кылган жаман айла-амалдарын текке кетирди . Алар адамдарды Каабадан башка жакка буруу боюнча өздөрү каалаган максатына жете алышкан жок жана Каабага эч кандай зыян келтире алышпады.

Аларга топ-тобу менен келген канаттууларды жиберди.

Аларга катып калган чоподон жасалган таштарды ыргытышты.

Аллах аларды малдар тебелеп тепсеп жеген эгин жалбырактарындай калбырын чыгарып койду.