Skip to content

Аял кош бойлуу болгон кезде алгачкы кезинде кырсыктан жабыркап, катуу кан кеткендиктен түйүлдүгү түшүп калган аял оозун ачса болобу же орозосун уланта береби? Эгер орозосун бузса, анда ага күнөө болобу?

السؤال

1-суроо:

Аял кош бойлуу болгон кезде алгачкы кезинде кырсыктан жабыркап, катуу кан кеткендиктен түйүлдүгү түшүп калган аял оозун ачса болобу же орозосун уланта береби? Эгер орозосун бузса, анда ага күнөө болобу?

س28: امرأةٌ أصيبت في حادثةٍ، وكانت في بداية الحمل، فأسقطت الجنين إثر نزيفٍ حادٍّ، فهل يجوز لها أن تفطر، أو تواصل الصّيام؟ وإذا أفطرت فهل عليها إثمٌ؟

الجواب

Жооп:

Биз айтабыз: "Кош бойлуу аял айыз көрбөйт. Имам Ахмад айткан: Аялдар кош бойлуулукту айызы токтошу менен гана билишет. Аалымдар айтышкан: Алла Таала айыз канды эненин курсагындагы түйүлдүктүн азыгы кылып даанышмандык менен жараткан. Ошондуктан аял кош бойлуу болсо, айызы токтойт".

Бирок, кээ бир аялдар кош бойлуу болгонго чейин айыз көргөндөй эле кош бойлуу болгондо да адатынча айызы улана берет. Бул аялдын көргөн каны айыз экенине өкүм кылынат. Анткени ал аялдын айыз каны улантып, кош бойлуулугу айыз көрүүсүнө таасир эткен эмес. Демек, бул айыз каны кош бойлуу эмес аялдын айызы тыйган нерселердин баарынан тыят, важип кылган нерселердин баарын талап кылат жана жокко чыгарган нерселердин баарын жокко чыгарат.

Жыйынтыктап айтканда кош бойлуу аялдан чыккан кан эки түрдүү болот:

Биринчи түрү: Ал кан айыз каны деп өкүм кылынат. Ал кан кош бойлуулуктун алдында кандай келсе, ошондой уланып келип жаткан кан. Мунун мааниси: кош бойлуулук ал канга таасир эткен эмес. Демек, ал кан айыз болуп эсептелет.

Ал эми экинчи түрү: Кош бойлуу кезинде келген кан. Ал кан же кырсыктан, же оор жүктү көтөргөндөн, же кулагандыктан ж.б.у.с. нерселер себептүү келген кан. Бул кан айыз каны эмес, тактап айтканда тамырдын каны.

Мына ошондуктан кош бойлуу кезинде келген кан ал аялдын намаз окуусуна жана орозо кармоосуна тоскоол болбойт. Тескерисинче, ал аял айыз көрбөгөн таза аялдардын өкүмүндө болот.

А эгер кырсыктан себептүү боюунан түйүлдук түшүп калса, анда аалымдар айткандай, «эгерде андан адамдын мүчөлөрү көрүнүп турса, анда ал түшкөндөн кийинки кан нифас каны болуп эсептелет". Ал аял намазды жана орозосун таштайт, күйөөсү аялы таза болгонго чейин жыныстык катнаш кылбайт.

Эгерде түйүлдүк дене мүчөлөрү калыптана элек кезде түшүп калса, анда кан нифас каны болуп эсептелбейт. Ал бузулган каны болот. Ал кан аялдын намаз окуусуна, орозо кармоосуна ж.б. нерсеге тоскоол болбойт.

Аалымдар мындай деп айтышкан: «Түйүлдүктүн дене мүчөлөрүнүн калыптануусу билине турган эң кыска убакыт сексен бир күн. Анткени түйүлдүк ал учурда энесинин курсагында болот.

Абдуллах ибн Масууд, радыяллаху анху, айтат: «Чындыкты айткан жана айтканы тастыкталган Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бизге мындайча баяндап берди: «Чындыгында, силердин ар бириңер энесинин ичинде кырк күн тамчы түрүндө топтолот. Андан кийин ошончо убакытта уюган кан түрүндө болот. Андан кийин ошончо убакытта бир үзүм эт түрүндө болот. Андан кийин Аллах периштени жөнөтүп ага жан салынат. Андан кийин ал периште төрт нерсени жазууга буйрулат: анын ырыскысын, ажалын, кыла турган иш-аракеттерин жана бактылуу же бактысыз болушун». (Бухари, 3208)

Сексен бир күндөн мурда дене мүчөлөрү калыптануусу мүмкүн эмес. Көпчүлүк учурда кээ бир аалымдар айткандай токсон күндөн мурда дене мүчөлөрү калыптанбайт.

ﺟ28: نقول: إن الحامل لا تحيض، كما قال الإمام أحمد:

"إنما تعرف النّساء الحمل بانقطاع الحيض".

والحيض -كما قال أهل العلم- خلقه الله تبارك وتعالى لحكمة غذاء الجنين في بطن أمّه، فإذا نشأ الحمل انقطع الحيض.

لكن بعض النّساء قد يستمرّ بها الحيض على عادته كما كان قبل الحمل، فهذه يحكم بأن حيضها حيضٌ صحيحٌ؛ لأنه استمر بها الحيض، ولم يتأثر بالحمل، فيكون هذا الحيض مانعًا لكلّ ما يمنعه حيض غير الحامل، وموجبًا لـما يوجبه، ومسقطًا لـما يسقطه.

والحاصل: أن الدم الّذي يخرج من الحامل على نوعين:

نوعٌ يحكم بأنه حيضٌ، وهو الّذي استمر بها كما كان قبل الحمل، فمعنى ذلك: أن الحمل لم يؤثّر عليه، فيكون حيضًا.

والنوع الثاني: دمٌ طرأ على الحمل طروءًا، إما بسببٍ حادثٍ، أو حمل شيءٍ، أو سقوطٍ من شيءٍ ونحوه، فهذه دمها ليس بحيضٍ، وإنما هو دم عرقٍ،

وعلى هذا فلا يمنعها من الصلاة، ولا من الصوم، بل هي في حكم الطاهرات.

ولكن إذا لزم من الحادث أن ينزل الولد أو الحمل الذي في بطنها فإنها على ما قال أهل العلم: إن خرج وقد تبين فيه خلق إنسانٍ فإن دمها بعد خروجه يعدّ نفاسًا، تترك فيه الصلاة والصوم، ويتجنبها زوجها حتى تطهر.

وإن خرج الجنين وهو غير مخلّقٍ فإنه لا يعتبر دم نفاسٍ، بل هو دم فسادٍ، لا يمنعها من الصلاة، ولا من الصّيام، ولا من غيرهما.

قال أهل العلم: وأقلّ زمنٍ يتبين فيه التخليق: واحدٌ وثمانون يومًا؛ لأن الجنين في بطن أمّه، كما قال عبد الله بن مسعودٍ رضي الله عنه: حدثنا رسول الله ﷺ وهو الصادق المصدوق، فقال:

«إِنَّ أَحَدَكُمْ يُجْمَعُ فِي بَطْنِ أُمِّهِ أَرْبَعِينَ يَوْمًا، ثُمَّ يَكُونُ عَلَقَةً مِثْلَ ذَلِكَ، ثُمَّ يَكُونُ مُضْغَةً مِثْلَ ذَلِكَ، ثُمَّ يُبْعَثُ إِلَيْهِ الْمَلَكُ، وَيُؤْمَرُ بِأَرْبَعِ كَلِمَاتٍ، فَيُكْتَبُ رِزْقُهُ، وَأَجَلُهُ، وَعَمَلُهُ، وَشَقِيٌّ أَوْ سَعِيدٌ» [1]،

ولا يمكن أن يخلق قبل ذلك، والغالب أن التخليق لا يتبين قبل تسعين يومًا، كما قال بعض أهل العلم.

[10] رواه البخاري، كتاب أحاديث الأنبياء، باب خلق آدم وذريته (3333)، ومسلم، كتاب القدر، باب كيفية خلق الآدمي في بطن أمه (1) (2643).