Skip to content

Бир суроо берген аял мындай дейт: Орозо кармоо парз болгондон бери, ал Рамазан орозосун кармап келе жатат. Бирок айызы келген себептен жана канча күн орозо тутпаганын билбегендиктен, орозо кармабай калган күндөрүнүн казасын кармаган эмес. Ал аял азыр эмне кылуу керектиги боюнча жол көрсөтүүнү сурап жатат.

السؤال

1-суроо:

س30: سائلةٌ تقول: إنها منذ وجب عليها الصّيام وهي تصوم رمضان، ولكنها لا تقضي صيام الأيام التي تفطرها بسبب الدورة الشهرية، ولجهلها بعدد الأيام التي أفطرتها، فهي تطلب إرشادها إلى ما يجب عليها فعله الآن.

الجواب

Жооп:

Ыймандуу аялдар арасында ушундай көрүнүш болуп жатканына өкүнөбүз. Албетте ал аялга парз болгон орозонун казасын кармабай таштап коюу – бул наадандыктан же шалаакылыктын себебинен болот. Булардын экөө тең чоң балээ. Анткени наадандыктын даарысы – бул билим жана суроо.

Ал эми кайдыгерликке келсек, анын даарысы – бул Алла Таалага такыбалык кылуу, Анын көзөмөлдөп туруусун эстөө, Анын азабынан коркуу жана Ал ыраазы болгон нерселерди кылууга шашуу.

Демек бул аял кылганына тообо кылып, Алладан кечирим сурап, колдон келишинче калтырып койгон күндөрүн изилдеп жана алардын казасын тутуп берүүсү керек. Муну менен ал өз мойнундагы карызынан кутулат. Биз Алла Таала анын тообосун кабыл алат деп үмүт кылабыз.

ﺟ30: يؤسفنا أن يقع مثل هذا بين نساء المؤمنين، فإن هذا الترك -أعني: ترك قضاء ما يجب عليها من الصّيام- إما أن يكون جهلًا، وإما أن يكون تهاونًا، وكلاهما مصيبةٌ؛ لأن الجهل دواؤه العلم والسّؤال،

وأما التهاون فإن دواءه تقوى الله عز وجل، ومراقبته، والخوف من عقابه، والمبادرة إلى ما فيه رضاه.

فعلى هذه المرأة أن تتوب إلى الله مما صنعت، وأن تستغفر، وأن تتحرى الأيام التي تركتها بقدر استطاعتها فتقضيها، وبهذا تبرأ ذمتها، ونرجو أن يقبل الله توبتها.