Тазалыктан кийин кызгылтым жана саргыч суу келсе, аны айыз деп эсептечү эмеспиз.
Умму Атия (ага Аллах ыраазы болсун), пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) убада-келишим берген аял, ал минтип айтат:
Тазалыктан кийин кызгылтым жана саргыч суу келсе, аны айыз деп эсептечү эмеспиз.
كُنَّا لا نَعُدّ الكُدرَةَ والصُّفْرَةَ بعدَ الطُّهرِ شيئًا.
Сахаба аялдардын бири Умму Атия (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) заманында айыз көрүп бүткөндөн кийин келген өңү кызгылтым жана саргыч сууга айыз деп маани беришпегенин, ал үчүн намазды да, орозону да калтырышпаганын айткан.
الْكُدْرَةُ: هو الماء الذي تراه المرأة كالماء الوسخ الكدر.
الصُّفْرَةَ: هو الماء الذي تراه المرأة كالصديد يعلوه اصفرار.
Аял киши айыз көрүп бүткөндөн кийин келген өңү кызгылт же сары сууга этибар кылынбайт.
Кызгылтым же сары түстөгү кан айыз учурунда же айыз деп саналган адатында келсе, анда айыз деп эсептелет. Анткени, ал өз убагында суу аралашып келген кан болуп эсептелет.
Тазалыктан кийин келген кызгылтым жана сары суу үчүн аялдар намазды да, орозону да токтотпойт, даарат алып намазын окуй берет.
Сахих ал-Бухари (1/ 72) (326).
Сунан Абу Дауд (1/ 226) (307).
Дагы (4)
توضيح الأحكام.
للبسام (1/ 450).
سُبل السلام.
للصنعاني (1/ 153).