Skip to content

Аны үч, же беш жолу, эгер туура көрсөңөр андан да көбүрөөк суу жана сидр менен жуугула. Ал эми акыркысында кафур менен (же кафурдан бир аз кошуп) жуугала.Бүткөнүңөрдө мага кабар бергиле.

التصنيف الشرعي
الفقهالجنائزغسل الميت

Умму Атия (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:

"Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыздарынын бири каза болгондо, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чыгып мындай деди: "Аны таза жана жыттуу суу менен үч, же беш, же туура көрсөңөр андан да көбүрөөк жуугула. Акыркысына кафур – же кафурдан бир аз – кошкула. Анан жууп бүткөнүңөрдө мага кабар бергиле". Ал айтты: Биз жууп бүткөндөн кийин ага кабар бердик. Ошондо ал бизге өзүнүн белден ылдый оронгон кийимин берип: "Муну анын денесине орогула", – деди. Ал дагы айтты: Анан биз анын чачын үч өрүм кылып өрдүк".

تُوُفِّيَتْ إِحْدَى بَنَاتِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَخَرَجَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَ: «اغْسِلْنَهَا ثَلاَثًا، أَوْ خَمْسًا أَوْ أَكْثَرَ مِنْ ذَلِكَ، إِنْ رَأَيْتُنَّ بِمَاءٍ وَسِدْرٍ، وَاجْعَلْنَ فِي الآخِرَةِ كَافُورًا -أَوْ شَيْئًا مِنْ كَافُورٍ-، فَإِذَا فَرَغْتُنَّ فَآذِنَّنِي»، قَالَتْ: فَلَمَّا فَرَغْنَا آذَنَّاهُ، فَأَلْقَى إِلَيْنَا حِقْوَهُ، فَقَالَ: «أَشْعِرْنَهَا إِيَّاهُ»، وَقَالَتْ: وَجَعَلْنَا رَأْسَهَا ثَلاَثَةَ قُرُونٍ.

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кызы Зайнаб каза болду. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны жууй турган аялдардын жанына кирип, аларга минтип айтты: "Аны суу жана сидр менен так санда: үч, же беш, же эгер муктаждык болсо андан да көбүрөөк жуугула. Акыркы жууганыңарда бир аз кафур кошкула. Жууп бүткөнүңөрдө мага кабарлагыла". Аялдар аны жууп бүткөндөн кийин ага кабар беришти. Ал сөөк жууган аялдарга изарын берип: «Аны ушуга орогула жана муну анын денесине тийип тургандай кийим кылгыла» – деди. Андан кийин анын чачы үч өрүм кылып өрүлдү.

Хадистин пайдалары

Каза болгон мусулманды жууш - милдет, парз кифая.

Каза болгон аялды аялдар гана жууйт, ал эми эркекти эркектер гана жууйт. Бирок аял менен күйөөсү, ошондой эле күң менен анын кожоюну буларга кирбейт. Алар бири бири-бирин жууса болот.

Жуу үч жолу болот, эгер ал жетишсиз болсо, беш жолу, эгер ал дагы жетишсиз болсо, муктаждыкка жана зарылчылыкка жараша андан да көбөйтүлөт. Андан кийин эгер денеден кандайдыр бир нажас нерсе чыкса, ошол ыпылас нерсе чыккан жерди жаап коёт.

Жууган адам жуусун так санда токтотот: үч, беш же жети жолу.

Ас-Синди минтип айткан: Бул хадис өлүктү жууда эч кандай чектөө жок экенин, тескерисинче, талап кылынган нерсе тазалоо экендигин көрсөтөт. Бирок так санды сактоо зарыл.

Сууга сидр кошулат; анткени ал тазалайт жана өлүктүн денесин чыңдайт.

Суу жууп кетпеши үчүн мейитти акыркы жолу жууганда ага жыттуу нерсе колдонулат. Бул жыттуу нерсе каафуур болуусу керек. Анткени ал жакшы жыт берүү менен бирге денени бекемдейт, ошентип дененин бузулуусу (чирүүсү) кечеңдейт.

Денени ардактуу мүчөлөрдөн жууп баштоо керек, алар: оң тараптар жана дааратт жуула турган мүчөлөр.

Аял мейиттин чачын тарап, үч өрүм кылып өрүп, мейиттин артына коюу мустахаб.

Мейитти жууда жардамдаша берсе болот, бирок керек болгон адамдардан башка эч ким катышпашы керек.

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кийимдери сыяктуу калтырган нерселери менен табериктөө – бул анын өзүнө гана тиешелүү нерсе. Ошондуктан бул андан башка аалымдарга жана салих адамдарга өтпөйт; анткени бул нерселер шарияттын көрсөтмөсү менен гана чектелет жана сахабалар да андан башка адамдарга эч качан мындай кылышкан эмес. Ошондой эле, муну башкаларга жасоо – ширкке алып баруучу жол жана табаррук-ыйыкталган адам үчүн фитна болот.

Эгерде бул ишке татыктуу болсо, аманаткөй адамга өзүнө аманат кылынган ишти аткарууну тапшыруу уруксат.

Булактар

Сахих ал-Бухари (2/ 74) (1258 - 1259).

Сахих Муслим (2/ 646) (939).

Сахих ал-Бухари (2/ 74) (1258 - 1259).

Сахих Муслим (2/ 646) (939).

Дагы (16)

تيسير العلام.

للبسام (ص281).

تنبيه الأفهام.

لابن عثيمين (2/ 360).

الإفهام في شرح عمدة الأحكام.

لعبد العزيز بن باز (ص344).

الإلمام بشرح عمدة الأحكام.

لإسماعيل الأنصاري (1/ 227).

تيسير العلام.

للبسام (ص281).

تنبيه الأفهام.

لابن عثيمين (2/ 360).

الإفهام في شرح عمدة الأحكام.

لعبد العزيز بن باز (ص344).

الإلمام بشرح عمدة الأحكام.

لإسماعيل الأنصاري (1/ 227).