Skip to content

Биз жаназаны ээрчүүдөн тыйылганбыз, бирок бизге катуу тыюу салынган эмес.

التصنيف الشرعي
الفقهالجنائززيارة القبور

Умму Атийя (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

"Биз жаназаны ээрчүүдөн тыйылганбыз, бирок бизге катуу тыюу салынган эмес."

نُهِينَا عَنِ اتِّبَاعِ الجَنَائِزِ، وَلَمْ يُعْزَمْ عَلَيْنَا.

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Умму Атийя аль-Ансария (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдарды мейитти ээрчип баруудан тыйганын айткан. Анткени мында аларга жана алар аркылуу фитна болуу коркунучу бар. Ошондой эле, алардын сабыры алсыз болгондугу үчүн. Андан соң ал (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул тыюуну башка тыюу салынган нерселердегидей катуу бекемдебегенин айткан.

Хадистин пайдалары

Аялдарга мейитти ээрчип барууга тыюу салынган. Бул тыюу мейит даярдала турган жана ага жаназа намазы окула турган жерге ээрчип барууга, ошондой эле ал көмүлүүчү кабырга чейин ээрчип барууга да жалпы тиешелүү.

Тыюу салуунун себеби – аялдар мындай кайгылуу көрүнүштөрдү жана оор абалдарды көтөрө алышпайт. Ошондуктан алардан милдеттүү болгон сабырга карама-каршы келген нааразылык жана чыдамсыздык сыяктуу көрүнүштөр чыгып кетиши мүмкүн.

Негизинен тыюу салуу арамдыкты билдирет. Бирок Умму Атийя (Аллах андан ыраазы болсун) ошол учурдагы абалдан улам аялдарга мейитти ээрчип барууга салынган тыюу кескин эмес экенин түшүнгөн. Бирок, мейитти ээрчип баруу маселесиндеги тыюунун дагы да катуу жана оор экенин көрсөткөн башка хадистер да келген.

Булактар

Сахих ал-Бухари (2/ 78) (1278).

Сахих Муслим (2/ 646) (938).

Сахих ал-Бухари (2/ 78) (1278).

Сахих Муслим (2/ 646) (938).

Дагы (8)

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام (ص285).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.

لابن عثيمين (2/ 366).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام (ص285).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.

لابن عثيمين (2/ 366).