Аял киши үч күндөн ашуун аза күтпөйт, бир гана күйөөсү үчүн төрт ай он күн аза күтөт.
- التصنيف الشرعي
- الفقهفقه الأسرة والمجتمعالعدة
Умму Атия (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) айтты:
«Аял киши үч күндөн ашуун аза күтпөйт, бир гана күйөөсү үчүн төрт ай он күн аза күтөт. (Бул убакта) боёлгон кийимдерди кийбейт, бирок Йемендин кийимин кийсе болот. Сурма койбойт жана жыпар жыттуу нерселерди сүртүнбөйт, бир гана этек киринен тазалангандан кийин Кыст же Азфардан бир аз сүртүнүп алса болот».
«لَا تُحِدُّ امْرَأَةٌ عَلَى مَيِّتٍ فَوْقَ ثَلَاثٍ إِلَّا عَلَى زَوْجٍ أَرْبَعَةَ أَشْهُرٍ وَعَشْرًا، وَلَا تَلْبَسُ ثَوْبًا مَصْبُوغًا إِلَّا ثَوْبَ عَصْبٍ، وَلَا تَكْتَحِلُ، وَلَا تَمَسُّ طِيبًا إِلَّا إِذَا طَهُرَتْ نُبْذَةً مِنْ قُسْطٍ أَوْ أَظْفَارٍ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдарга өлгөн адамга, ал атасы, ага-иниси, уулу же башкалар болгонуна карабастан, үч күндөн ашуун аза күтүүгө, тагыраагы, жыпар жыттуу атыр, сурма, тагынчактар жана кооз кийим сыяктуу жасануучу нерселерди таштоого тыюу салган, бирок күйөөсү үчүн төрт ай он күн аза күтөт. Күйөөсүнө аза күткөн учурда кооздук үчүн боёлгон бардык кийимдерди кийбейт, бирок Йемендин кийимин (токулганга чейин боёлуучу Йемен кийимин) кийсе болот. Ошондой эле жасануу үчүн көзүнө сурма койбойт жана ар кандай жыттуу нерселерди пайдаланбайт, бирок айызынан тазаланып гусул алган учурунда Кыст же Азфардын кичинекей кесимчесинен бираз сүртүнүп алса болот. Бул экөө түтөтүлүүчү заттардын (бухурдун) белгилүү түрлөрү жана алар атыр максатында колдонулбайт. Айыздан жуунган аялга мунун уруксат берилишинин себеби — сулуулануу эмес, жагымсыз жытты кетирүү жана кандын изи калган жерди тазалоо болуп саналат.
Аза күтүүнүн мааниси: жасанууну жана никеге чакыруучу нерселерди таштоо. Ошондуктан ал бардык тагынчактардан, жыпар жыттуу атырлардан, сурмадан жана кооз кийимдерден оолак болуусу керек.
Аялдын күйөөсүнөн башка каза болгон адам үчүн үч күндөн ашуун аза күтүүсүнө тыюу салынат.
Күйөөнүн даражасын баяндоо, анткени андан башка эч ким үчүн үч күндөн ашык аза күтүлбөйт.
Жан дүйнөгө жеңилдик берүү үчүн үч күн же андан аз убакытка аза күтүүгө уруксат.
Аял кишинин күйөөсүнө төрт ай он күн аза күтүп олтуруусу важиб болот, эгер аял кош бойлуу болсо, анда төрөгөнгө чейин.
Аялдарга жасалга максатында болбогон боёлгон кийимди кийүүгө уруксат, муну аныктоонун өлчөмү – үрп-адат.
Сахих ал-Бухари (7/ 60) (5342- 5343).
Сахих Муслим (2/ 1127) (938).
Сахих ал-Бухари (7/ 60) (5342- 5343).
Сахих Муслим (2/ 1127) (938).
Дагы (8)
الإلمام بشرح عمدة الأحكام.
لإسماعيل الأنصاري (2/ 81).
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
لعبد الله البسام (ص608).
الإلمام بشرح عمدة الأحكام.
لإسماعيل الأنصاري (2/ 81).
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
لعبد الله البسام (ص608).